• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
05 Июнь

Ош шаарында балдарды коргоо күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:28 Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарында балдарды коргоо күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы жана тиешелүү мекеме-ишканаларынын демилгеси менен уюштурулган майрамдык иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Түрдүү багыттагы майрамдык иш чараларга Ош шаарындагы социалдык обьектилеринде тарбияланып жаткан балдар, мектеп жана мектепке чейинки мекемелеринин окуучулары жана жалпы шаар тургундары катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө «Бактылуу балалык» сүрөт көргөзмөсү, «Шамдагай балдар» спорт оюндары жана таланттуу балдардын концерттик программалары шаар тургундарына тартууланды.

Майрамдык иш чарага катышкан Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, төраганын орун басары Б.Каналиев, шаардык Кеңешинин депутаты Ашим Осмонов балдарга ак дилден каалоо-тилектерин билдиришип, кең келечек жана бактылуу балалык каалашты. Өткөрүлгөн иш чараларга активдүү катышкан таланттуу балдар баалуу белектер менен сыйланышты.

Мындан тышкары социалдык обьектилерде тарбияланып жатышкан балдарга жеринде көңүл буруп, куттуктоо максатында төрага Жапарбек Ормонов жана шаардык Кеңешинин депутаты Элмира Өмүралиева «Алтын уя» балдардын үй-интернатына барышып, баалуу белектерин тапшырышып, куттуктоолорун айтышты.

Майрамдык иш чара «Алымбек датка» этнографиялык эс алуу борборунун аянтында жана Бабур атындагы музыкалык академиялык театрынын алдында уюштурулуп, төрага Жапарбек Ормонов менен бирге Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, Д.Атабаев, С.Мирзаев, Т.Эркебаев жана И.Кубатбеков шаардыктарды жана балдарды майрамы менен куттукташып, шириндик белектерин тартуулашты.

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Калаа башчы аюу-сайлыктардан кабар алды

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:24 Жарыяланган категория Макалалар
Калаа башчы аюу-сайлыктардан кабар алды

Мындан бир ай мурун  тилсиз жоонун кесепетинен 24 мекендешибиз көчкү алдында калган эле. Бир заматта жакындарынан, үй-короосунан айрылган Аюу-Сай айылынын жашоочуларынан Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кабар алып, жабыр тарткандарга 200 миң сомдук азык-түлүктү гуманитардык жардам иретинде тапшырды.  Шаар башчысы менен бирге мэриянын аппарат жетекчиси А. Осмонов, Ош шаарынын казысы У. Сарыбаев жана шаар жетекчилигинен өкүлдөр барышты. Жолугушуу учурунда айыл тургундары мэрге суранычтарын айтканга үлгүрүштү.

 

Гапур Мадалбеков, Аюу-Сай айылынын айыл башчысы:

«Коопсуз болсо ушул жерде эле калганыбыз жакшы эле»

-Урматтуу Айтмамат Тентибаевич! Алгач жалпы айыл тургундарынын атынан сизге жана Ошшаарынын элине ыраазычылык билдирип кетем. Ыйык орозо күнүндө бизди эстеп, кабар алганыңыздар биз үчүн чоң жардам. Мындан сырткары жашоочулардын бир суранычы бар эле. Азыркы орун алып турган жерибизди ӨКМ башынан текшерүүдөн өткөрүп беришсе. Эгер коопсуз болсо, ушул жерде эле көчпөй калганыбыз жакшы. Ата-бабабыз жашап өткөн жер. Жерлерибиз бар, алар менен дыйканчылык кылып тиричилигибизди өткөрөбүз. Көчкү кайра кайталанышын биз да каалабайбыз. Ошол үчүн ӨКМ кайрадан келип, жакшылап текшерүүдөн өткөрүп беришсе деген өтүнүч.

А. Кадырбаев:

 «Тынчтыктан өткөн бакыт жок»

     - Мындай кырсыктардан эми Жараткан өзү сактасын, сабыр кылыңыздар, мамлекет азыр сиздер үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Сиздер белди бекем бууп, алдыга карай умтулуп жашаңыздар.  Мына улуу рамазан айында турабыз. Жакшы нерселерди ниет кылып, Жараткандан тынччылык тилейли. Тынчтыктан өткөн бакыт жок. Сиздердин өтүнүчүңүздөрдү сөзсүз эске алабыз.  -деди мэр Айтмамат Кадырбаев.

Эскерте кетсек,  Ош шаарынын мэриясына караштуу бардык мекеме-ишканалар табигый кырсыктан жабыр тарткан Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун тургундарына бир күндүк эмгек акысын которуп берген.

Биздин чыгармачылык топ барганда, көчкүдөн жабыркаган тургундар жаңыдан берилген мобилдүү үйлөргө көчүп жатышкан экен.  Айрым жашоочуларды кепке тартып, ал-абалын сурадык.

Алтынай Мырзакметова, жолдошунан, жалгыз кызынан айрылган эне:

«Жамгыр жааса эле коркуп Кудайлап калдык»

- Ошол күндөгү көчкүдөн мурун да  көчкү болуп, алты адамды басып калбады беле. Ошол окуядан кийин биз да коркуп, ӨКМ кызматкерлеринен эмне кыларыбызды сураганбыз. Алар бизге көчкү тууралуу эч нерсе айтышкан эмес. Бизде коркунуч жок экен да, болсо айтышса керек эле деп тынчтанып калганбыз. Мен кичүү баламды алып Москвага жөнөп кеткен элем. Самолетко акчабыз жок, унаа менен кеткенбиз. Кызым Өзгөндөгү окуу айлардын биринде окуйт. Аны «атаңдын жанында болуп тур» деп чакырып алдым эле. Москвага жетип-жетпей көчкү болгонун уктум. Дароо эле оюма кызым келди. Yч уул, бир кызым бар эле. Жалгыз кызымды алаканыма салып чоңойтком. Эгер көчкү коркунучу бар экенин билгенимде кызымды бир-эки ай келбей тур дебейт белем. Жолдошумду башка жакка барып тур демекмин. Айылыма жетип келип эле жолдошум менен кызымды таппай калдым. Кызым зирек, көңүлү ачык кыз эле. Мээримдүү, өтө күйүмдүү кыз болчу. Бешенеси экен, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кете берди. Быйыл окуусун бүтмөк.

  Ошол күндөгү окуядан кийин коркуп деле калдык. Жамгыр жааса, шамал болсо эле коркуп Кудайлап калабыз. Элге рахмат, кең пейил, кайрымдуу эл экенибизди ушундай күндө байкайт экенсиң. Москвага алып кеткен кийимдеримден башка эч нерсем калган эмес. Баары көчкү астында калып кетти. Кайрымдуулукка деп бөлүнгөн акча карыздарымдан ашкан жок. Мындан ары ден соолугубузду берсе, башкасы акырындык менен  болор. Башка жакка көчүү туурасында оюбуз деле жок. Бар байлыгыбыз ушул жер үлүшүбүз калды. Ошол менен дыйканчылык кылып тиричилигибизди уланталы деген тилек. Эл эмне деп чечсе мен да ошолмун. 

Тажы Каримова, айыл тургуну. Көчкү коркунучу болгондуктан үйүнөн чатырга көчүрүлгөн:

«Бизден кабар алган Ош шаарынын мэрине рахмат»

- Көчкүдөн кимдер гана жабыр тартпады дейсиң. Москвада, бөтөн жерде ден соолугунан ажырап иштеп жүрүп салган үйлөр азыр жараксызга айланды. Өзүмдүн 10 балам бар. Жолдошум 15 жылдан бери баса албай калган. 200 000 миң сом насыя алып, жаңыдан үй тургузган элем. Эми ал үйүм да жараксыз абалда калды. Карызымды кантип төлөр экем деп турам. Эки уулумду үйлөндүрүп-жайландыргам. Аларды да үйлөрүнөн көчүрүшкөн. 25 неберем бар, алардын жарымын таене-таяталарына берсем, жарымы менин колумда. Чатырда жашап жаттык эле, эки күн болду мобилдүү үйлөргө көчүрүштү. Жылуу, жашоо шартыбыз бир аз оңоло түштү. Ош шаарынын мэрине рахмат, бизди унутпай жардам берип, кабар алгандыгы үчүн. Азыркы убакта кимдир бирөөнүн жылмайып караганы да дем-күч берип турган учур. Эң негизгиси элге рахмат, ар кайсы аймактардан келип кабар алып кетишүүдө.

«Башка жакка көчпөйбүз…»

- 60 жылдан бери ушул жерде жашап келе жатабыз. Карып калганда кайда бармак элек. Азыркы коопсуз  жер деп көчүрүлгөн жерибизден жай беришсе, мындан аркы жашообузду ушул жерден улантсак жакшы болот эле. ӨКМ кызматкерлери  келип кайрадан текшерип беришсе. Эл эч кайда көчпөйбүз деп жатат. Алардын да ойлорун угуп көрүү зарыл. Кырсык каш-кабактын ортосунда экенин баарыбыз жон-терибиз менен сезип турган учурубуз. Элге да бул жер кооптуу болуп калды. Бирок, башка жерге барып кантип күн кечирмек элек?  Эгин эгүүгө жерибиз жок, мал багууга малыбыз жок. Азыр өкмөттөн жалгыз суранарыбыз ушул.  Көпчүлүгүбүз дыйканчылык менен жан багабыз. Аларды да ойлошубуз керек.

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Фото: Сыдык Токонов

Подробнее ...
05 Июнь

Айтмамат Кадырбаев: «Ата-энем – турмуштук энциклопедиям»

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:21 Жарыяланган категория Макалалар
Айтмамат Кадырбаев: «Ата-энем – турмуштук энциклопедиям»

Бул жолу айылга катты Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жазды. Ал бала кезде атасын кумир тутуп мугалим болгусу келгенин, бапестеп баккан апасын ар дайым эстээрин, мектепте окуп жүрүп, боюн кантип өжөрлүк менен узартканын айтып берди.

«Биздин балалык мээнет менен өткөн»

 

Балалык кезим Кара-Суунун Савай айылында өткөн. Мал багып, кой кайтарган Өр-Дөбөгө качан барсам да бир жолу чыгып, таза абасынан кере-кере жутуп алгым келет. Биздин балалык мээнет менен өткөн. Анткени айылыбыздан 10 чакырым нары аралыкта Советабад шаары жана 10 чакырым тигил жакта Кара-Суу шаары турат. Бадыраң, помидор эгип ошол шаарга алып барып сатчубуз. Сентябрдын алгачкы күндөрүнөн баштап эле пахта теримге чыгып кетип, ошону менен тээ кыш башталганга чейин талаада иштечүбүз. Биздин район республикадагы эң ири район болгондуктан, айыл чарба продукциясы да ошончолук кенен өстүрүлгөн. Ойлоп көрсөм, ошол бала кездеги мээнет бизди чыйралтып, турмуштук сыноолорго чыдамкай кылган экен. Албетте, чогуу өскөн досторум, классташтарым менен азыр да урмат-сыйда болуп, тез-тез катташып турабыз. Арасында кыяматтык досторум да бар.

Бала кыял кимди гана ар тарапка жетелеген эмес, чоңойсом атама окшоп, бала окутуп мугалим болом дечүмүн, кээде космонавт, кээде милиционер болсом деп да кыялданаар элем. Атам 35 жылдан ашык мугалимдик кесипти аркалады. Кошуна айылдагы мектепке жумушка барып келиши үчүн жети чакырым аралыкты басып келээр эле, мен болсо атамды көчөгө чыгып күтө берчүмүн, күтө берчүмүн…

 Апам аябай сөздү таап сүйлөгөн, чечен аял эле. Ошол мезгил жашоомдогу эң таттуу күндөр экен, анткени ата-энеме эркелеп, алардын тарбиясын алып, маңдай тер менен тапкан нанын жеп чоңойдум. Атам акча менен эмес, акыл менен тарбиялады. Аттиң, бүгүн ата-энемдин көзү тирүү болгондо аларга кызмат көрсөтүп, бапестейт элем деп өксүй берем. Жайлары жаннаттан болсун, экөө тең дүйнө салышкан. Бирок алар менин турмуштук энциклопедиям болуп кала берет.

 

«Боюмду узартам деп спортко ыктагам»

 

Чагымда, 4-класста болсо керек. Классташ балдардын ичинен, ал тургай кээ бир кыздардан да боюм кичинекей эле. Ошондон уламбы, ким менин боюма асылса сазайын берчүмүн. Беттегенин бербеген мүнөзүм ошондон калган окшойт. Жаш баламын да, боюмдун кичинекейлигине нааразы болуп дене тарбиядан берген Акматали агайыма "боюмду кантип узартам?" деп ыйлаганым эсимде. Акматали агай бир аз ойлонду, балким, жубатыш үчүнбү, "спорт менен машык, турникке көп-көп тартыл, чурка, сабиз жесең анан боюң өсөт" деди. Ошол ошол болду, а мен спортко ыктай баштадым. Максат — бойду узартуу эле. Күндө 10 чакырым жүгүрүп, 2-3 саат турникке тартылчумун. Азыр ойлосом, боюмдун узун болушун эмнеге мынча кааладым экен дейм да. Бирок ошол өжөрлүктүн жыйынтыгыбы, балким Кудайдан болдубу, бир жылда боюм 10 сантиметрге узарган. Учурдан пайдаланып бардык эжеке-агайларыма ысык салам жолдоп кетем, арасынан тиги дүйнөгө кеткендери да бар, алардын арты кайырлуу болсун.

 

«Балалыгым Ош менен тыгыз байланышта»

 

Мен туулган Кара-Суу району Ош шаарына жакын болгондуктан, балалыгым Ош менен тыгыз байланышып, жүрөгүмө жакын. Оштон алыстаган жокмун, балалыктын учкундары азыркыга чейин көз алдымда. Ордолуу Ош Кудай берген берекелүү жер. Шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясы, так ортодо орун алган Сулайман-Тоосу, элимдин меймандостугу, мээнеткечтиги менен сыймыктанам.

Мени дагы бир кубанткан нерсе — туулган айылым, үйүм, туугандарым, досторум, иштеген кызматым — баары бир эле аймакта. Сезген кишиге мындан өткөн бакыт болбосо керек…

Нургүл Максутова,

 sputnik.kg

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

«Чыгармачылыктын экинчи баскычына эми бут койдум»

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:18 Жарыяланган категория Маданият
«Чыгармачылыктын экинчи баскычына эми бут койдум»

Эл арасында аткарылып жүргөн Түмөнбай Колдошовдун обонуна жазылган «Досторго», «Жыйырма жаш» аттуу ырлардын автору Улукбек Омокеев жакында «Ата-Сүйүү» деген китебин жарыкка чыгарды. Негизи эле Улукту кай жерден көрбө, артынан 5-6 студентин ээрчитип алып чуркап жүргөн болот, анан «аа Улук дагы бир ыр жандуу балдарды үйрөтүп жүргөн тура» деп каласың. ОшМУнун окутуучусу, «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун жетекчиси Улукбек бизде мейманда.

-Алгач эле адат, салт болуп калса да өзүң тууралуу окурмандарга кыскача айтып өтпөсөң болбос.

- Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулгам. Жаш кезде ашкере шок болчумун. Апамды далай какшатып, далай сыздаттым. Апам байкуш жалынып да, алдап да, уруп да тарбиялады. Окууну бүтүп ОшМУга тапшырдым. Баары «филологияга тапшыр, жазуучу болосуң» деп кеңеш беришти. Ошентип мугалимдикти аркалап жүрөм. Учурда ОшМУда студенттерге да, окуучуларга да сабак берип жатам. Апам «отузга чыгып калдың, дале жаш баладайсың» деп урушканына 4 жыл болду. Дале чыга элекмин. Быйыл 29-күздү күтүп алам буюрса. Күз айында төрөлгөн үчүн күздүн муңдуу кечтерин жакшы көрөм.

-Акындык, дегеле чыгармачылык өнөр кайсы учурда ойгонду эле? Же мектеп курагыңдан эле калем шилтеп, кагаз чиймелеп калчу белең?

-Чыгармачылык өнөр бала кезден эле ойгонсо керек. Жамактатып сүйлөп, бир нерсени ырга кошуп жибермей адатым тээ бала кезден эле бар. Бирок чыгармачылыкка студент кезден баштап астейдил кириштим. 4-курста алакан отундай китебим чыкты. Ошол апамдын туткучунча китебиме азыр ыраазы болом. Мени чыгармачылыктан алыстатпай намыстантып келе жатат.

-Коомдогу ар бир окуя акындын жүрөгүнөн өтөт дейт, кайсы бир окуяга жүрөгүң тилинип, чыгарма жараткан учурлар көп эле болуп турса керек.

-Ооба, коомдогу ар кайсы көрүнүшкө чыгармачыл адам реакция жасайт. Мисалы "Бекитсең" деген ырды кайсы бир эл аралык спорттук мелдеште мекендешибиз жеңгенде таасир алып жазгам. 2010-жылы практикада жүргөндө өлкөдө болгон башаламандыкта окуучулардын маанайын, тилегин көрүп жүрөгүм тилинген. Ошондо "Ата журт оорубасынчы" деген эссе жазган элем. Сиздердин гезитке да чыккан. Коомдогу көрүнүштөргө кайдыгер карай албайм.

-Айрым ырларыңа обондор жаралып жүрөт. Обончулар менен көп иштешесиңби? Негизи эле өзүңдүн оюңда ушул ырыма обон жаралса аябай жакшы чыкмак деген кыялдар болобу?

-Мен обонго ылайык ыр жазууда чебер эмес экемин. Далай обончулар кайрылышат. Чымырканып, башты мыкчып отуруп араң жазам. Кээ бир ырларымды обончулар алып, обонго салып жүрүшөт. Жакшы чыккандары да бар. Көбүнчө Түмөнбай Колдошов менен отурганда жакшы ырлар жаралып калат.

-  Түмөнбай Колдошовдун обонуна жазылган «Достор» аттуу ырыңдын тарыхына токтоло кетсең. Негизи эле достукка кандай карайсың?

-2009-жылы ушул "Досторго» деген ырым жазылды. Жарым жыл мурда "Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар, Өзүңөр ушул бойдон калгылачы" деген эки сапты көргөзгөм. Окуу жылы аяктаганча сүдүрөп жүрдүм. Бир күнү Эмил деген жакын санаалаш аке менен Түмөкенин үйүнө конокко барып, студенттик дасторконго отуруп толук бүтүрдүк. Эмил аке ыйман деген сөз кошчу деп өтүндү. Ошентип «досторум, ыйманга жол салгылачы…» деп көпчүлүккө жаккан, жакшы ыр жаралып калды. Жакшы деп айтканым, тойлордо, жакшылыктарда мени тааныбаган, мен тааныбаган балдар ырдап калышат. Алгач Айпери Кулбаева менен бирге Түмөнбай Колдошов өзү ырдаган. Кийин Самара Сабирова, Венера Назаралиева, Акмарал Жоробаева ырдашты. Эл да жакшы кабыл алды. Достукка бекем адамдан жакшы обон, жакшы ыр чыкса керек (күлүп). Ошентип Түмөнбай Колдошов экөөбүздүн достугубуздан (ага дос, чыгармачыл дос) жаралган ыр болуп калды. Учурда биздин достордун гимни. Досторум көп, «Жигер» чыгармачылык борборунун балдарын да досумдай көрөм.

-Чыгармачыл адамдарда илхам деген нерсе болот эмеспи. Сенде илхам кандай учурда жаралат? Дегеним оюңа кайрыктар келгенде жаныңда кагаз, калем жок учурда кайрыктарым кетти деп кайгырбайсыңбы?

-Илхам деген өтө күтүүсүз конок. Кикбокс боюнча тарбиялаган машыктыруучум айтып калаар эле. «Атаандашты нокаутка түшүрөм деп далбас кылба. Нокаут өзү келет. Аны жамоого аракет кылсаң өзүң түшүп калышың мүмкүн» деп. Ыр да ушул сыяктуу. Жакшы ыр жазам деп аракет кылсаң чыкпайт. Илхам өзү келет. Азыр техника өнүккөн заман эмеспи. Телефонго, ноутбукка жаза коем. Оюма топтоп жүрүп, үйгө, ишке барганда компьютерге түшүргөн учурлар да болот.

-Чыгармачылык чегинүү деген болуп турабы?

-Чыгармачылыкта өргүү болот. Чегинген адам, демек, чыгармачылыкка кирген эмес. Көбү чыгармачыл адам назик болот дешет го. Жок, алар кашкөй, өжөр, эч качан аркага чегинбеген болууга тийиш. Бирок, бир топ мезгил жазбай тыным алган учурлар болот. Ал убакта адам өзүнө энергия, азык топтоп жаткан болушу мүмкүн.

-Жакында жакшы бир китеп чыгарып, жентегин берүү алдында турасың. Китептин аталышы да өзгөчө экен. Эмне себептен «Ата-Сүйүү» деп атадың?

-Китепке "Ата – Сүйүү" аталышындагы поэма кирди. Атанын балага болгон сүйүүсү. Аны сезбей, билбей кеткен уул тууралуу. Жаштар арасында поэмага тиш салган бирден бир калемгер катары атын ушул чыгарманын негизинде койдум.

Чыгармачылыгымдын экинчи баскычына эми бут койдум деп ойлойм. Алдыда дагы көп тепкичтер, белестер, ашуулар бар. Жараткан өмүр, күч, ден соолук берсе поэзия, прозада эл күткөн ийгиликтерди жаратам деген дымагым бар. Алсыз көрүнгүм келбейт. Бирок өзүмө сын көз менен да карай алам. Ооба, ырларымда, кара сөздө алешемдиктер бар. Чыгарбай тырышып отура берсем болчудай эмес. Эл арасында жашай берсин деп китепке тапканымды киргиздим.

-Кара сөз түрүндө жазылган тексттерде студенттик курак, достук, тууган-урук  көбүрөөк эскерилгендей. Издеп жаткан Нурбек досуң табылдыбы?

-Кара сөздү бүт болгон окуяларды негиз кылып жазгам. Айрымдары буга чейин «Азаттыктын» сайтына да чыккан. Чыгармадагы Нурбек досум ошол качырбай үйлөнөм деген тилегине жетип, ошол окуянын каарманына үйлөндү. Бир уулду тарбиялап, бактылуу жашап жатышат. Магатаарынып да жүрдү, «сенин чыгармачылыкта алган алкышың үчүн биз курмандык болушубуз керекпи» деп (күлүп).

Китеп бир топ көлөмдүү болуп, миң нуска менен жарык көрдү. ОшМУнун ректору Каныбек агай бир бөлүгүнө демөөрчү болуп, дем берип турду. Калемдешим, үзөңгүлөш, жүгөндөш жигит, «Жигердин» активдүү мүчөсү Бекмурат китепти жасалгалап, өзү редактор болду. Масимкан эже менен Асия кызыбыз баштан аяк каталарын текшерип басмага даярдашты. Ар тараптан мени колдогон асыл инсандарга мүмкүнчүлүктөн пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.

Элира Чынтемир кызы

 

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

«Орозоңуздар кабыл болсун»

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:16 Жарыяланган категория Макалалар
«Орозоңуздар кабыл болсун»

Рамазан айында кармалуучу орозо, анын касиети, пайдасы жана айрым маселелер тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бизге кенен маалымат берди.

-Бисмиллахир рахманир рахиим! Касиеттүү рамазан айы менен жалпы момун мусулмандарды Ош шаардык казыятынын атынан куттуктап кетем. Туткан орозоңуздарды Алла таала кабыл кылсын.

Орозо тутуу - намаз, зекет берүү жана ажылык сыяктуу Алла таала буюрган парз ибадаттардын бири. Анын сообун Жараткан Алла өзү гана берет. Тактап айтканда, сооп жазуучу периштелер анын сооп өлчөмдөрүн билбейт. Анткени орозо тутуу мусулмандын Жаратуучусу менен болгон терең ички байланышынын белгиси. Орозо - адам баласына тиешелүү бир топ кемчиликтерден убактылуу алыстоонун, жеп-ичүүдөн жана көңүлгө жаккан нерселерден тыйылып, напсини ооздуктап тарбиялоонун, бул дүйнөгө таандык тушоолордон арылып, Жаратканга жакындоонун жышааны. Орозо тутуу менен адамдар бул дүйнөгө эмне максат менен келгендигин туюп-сезүүгө аракет кылышат.

 Орозо баш тарткыс ибадат

    Ислам тарыхында Аз.Пайгамбар  (с.а.в.) жана мусулмандар эң алгач ашура орозосун кармашкан. Кийин рамазан айындагы орозо мусулмандарга парз болгондугу тууралуу аят түшкөндөн кийин ашура орозосун кармоо адамдардын өз ыктыярына калтырылган.

 «…Араңардан ким рамазан айына күбө болсо, орозо кармасын!» деген аяттын түшүүсү менен орозо ибадаты рамазан айына күбө болгон ар бир мусулман үчүн парз кылынган. Демек, рамазан айындагы орозо башка убактарда кармалуучу орозолордон айырмаланып, ар бир мусулман адамга парз.

  Рамазан орозосу кимдерге парз?

Орозо тутуу үчүн мусулман болуу, акыл-эси жайында болуу жана эрезеге жетүүсү шарт. Эрезеге жетүү - балакатка жетүү дегендик. Орто Азия чөлкөмүндө, анын ичинде биздин өлкөдө кыздар 12 жаштан, эркек балдар 15 жаштан жетилет деп эсептесе болот. Жашы жете электерге, акыл-эси жайында болбогон адамдарга парз эмес.

Кимдерге кечиримдүү?

•     Оорулуулар: эгерде дарыгерлер бейтаптын ач калуусу ден соолугуна зыян келтирет деп айтып, уруксат беришпесе кармабаса болот. Анткени Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ден соолугуңарга кам көргүлө, ооруп калсаңар дарылангыла деп айткан. Бирок бейтап сакайган соң каза болгон ар бир күнү үчүн орозо тутушу керек. Ал эми сакайбай турган, такай дарыланууга муктаж болгон оорулуулар фидя беришет. Фидя менен битирдин өлчөмү бирдей болот. Фидя рамазан айынын башында берилет. Айдын ортосунда, акырында берсе да болот. Бирок башында берген жакшыраак.

•     Жолоочулар: рамазан айында 90 км.ден узак аралыктагы сапарга чыккан адам орозосун ачса болот. Эгер эрки жетсе, орозосун бузбай кармай бергени оң, көп соопко ээ болот. Кыйналып кетсе оозун ачат, бирок казасын кийин кармап берет.

•     Кош бойлуулар жана бала эмизген энелер кармабаса болот. Кош бойлуу аялдын саламаттыгы жакшы болсо кармай берсе болот. Эгерде өзүнө жана наристеге зыян келе турган болсо тутпаганы оң. Бала эмизген эненин өз ыктыяры. Өзүн жакшы сезсе, бала кошумча тамак жей алса кармай беришет.

•     Карылык жана алсыздык: жашы өтүп калган карыларга уруксат. Алар рамазандан кийин да тута алышпагандыктары үчүн фидя (кун) беришет.  Фидя менен битирдин өлчөмү бирдей болот, бирок фидя рамазандын башында берилет. Шарты туура келбесе ортосунда, акырында берсе да болот. Фидя берүүгө күчү жетпеген адам Алладан кечирим сурап дуба кылат. Рамазан айынын касиеттүүлүгү ушунда - бул айда бардык жакшы дубалар кабыл алынат. Анткени рамазан - Алланын пенделерине ырайымы төгүлгөн ай.

Ачка калуунун пайдалуулугу

Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) ашыкча семиргенди, курсак чыгарып жүргөндү, ашыкча тоюп жегенди жактырган эмес. Хадистерде айтылгандай өзү көп убакта ачка жүргөн. Тамак болгон убакта да тоюп жеген эмес. Тамакка сугалактык кылып, кара курсагын гана ойлогон, напсисин тыя албаган пенде руханий жактан эч качан тазалана албастыгын көп ирет эскерткен. «Курсакты 3 бөлүккө бөлгүлө. Бир бөлүгү тамак, бир бөлүгү суу, ал эми бир бөлүгү абага калсын» дегени тууралуу баяндар бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эртең менен Айша энебизден «жегенге бир нерсе барбы» деп сурачу. Эгер бар болсо жечү, жок болсо, анда мен орозомун деп орозо тутчу. Кээде ачкалыгын билдирбөө үчүн ичине жалпак таш байлап алчу. Намаз окуп жатканда ачкалыгынан ордунан тура албай калган күндөрү да болгон. Андай учурда намазын отуруп окучу. Көрдүңүзбү, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай сабырдуу болгон. Анткени Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) бүткүл адамзатка эң жогорку адеп-ахлактын өрнөгүн көрсөтүү үчүн жиберилген. Демек ашыкча тоюп алуу, курсакты чыгарып жүрүү туура эмес. Орозо тутуп ачка калган адам, ачка калган адамдын акыбалын түшүнөт, ток жүргөндүн кадырына жетет, натыйжада ысырапкерчилик кылуу туура эместигин сезип, үнөмчүлдүккө үйрөнөт. Айлана-тегерегиндеги ачка жүргөн адамдардын абалын түшүнүп, кайрымдуу болгусу келет. Орозо бир гана жыл бою тынбай иштеген ашказанды эс алдырбай, руханий жактан тазалануу, кайрымдуулук, боорукерлик сезимдерин ойготуп, денени да, рухту да эс алдырат. Ошон үчүн орозо кармоо ашказанга эле эмес, көзгө, кулакка, жүрөккө, ой-кыялга жана башка бардык органдарга орозо карматканда гана толук жүзөгө ашат.

Орозо качан бузулат?

Орозо быйыл да ысык мезгилдерге туш келип, 17 саат кармоого туш келүүдө. Ага карабастан шаарыбызда орозо туткандар арбын. Бул да болсо сабырдуу болууга умтулуунун белгиси, башта айтып өткөндөй Жаратканга жакындоонун жышааны. Эми бир эки маселеге токтолуп өтсөк, көптөр орозо туткан адам оозу бек учурда жуунса болобу, оозун чайкаса болобу деп сурап жатышат. Албетте жуунса болот, оозун чайкаса да болот, бирок «гаргара» кылып чайкаса болбойт. Бул учурда оозу ачылып калышы мүмкүн. Ал эми тиш пастасын колдонгонго болбойт. Оозун ачкандан кийин жууганы оң. Же болбосо мисвак колдонсо да дурус болот. Котур (кычышкак), тиш оору, манжалардын оорусу сыяктуу орозо кармоого кедергиси жок сырткы майда оорулардан улам орозону бузууга болбойт. Мурунга же кулактын ичине дары куюу да орозону бузат. Бирок кулакка кирген суу, көзгө дары тамызуу, гүл жана атырды жыттоо, тиш алдыруу орозону бузбайт. Тиш алдырганда кан же дары сыяктууларды жутпаш керек. Чылым жана  насбай чегүү орозону бузат.

«Кант кесели менен жабыркагандар орозо кармаганга болбойт»

     Ош шаарынын башкы эндокринологу Гүлсүн Эсенкулова кант кесели барлар орозо тутса, кандагы канттын өлчөмү нормадан көтөрүлүп кетерин айтат:

-Кант кесели менен жабыркап, эмканаларда каттоодо турган бейтаптарга орозо кармаса болбойт. Анткени, бейтап такай дары ичет же инсулин сайынып турат. Аз-аздан, тез-тез тамактанып туруштары керек, ачка калганга болбойт. Узак убакыт ачка калса кандагы канттын деңгээлин түшүрүп туруучу дары ичип же инсулин кабыл алып тургандыктан, кант түшүп кетет. Же тескерисинче ачка жүргөндүктөн кант көтөрүлүп кетсе, оорунун татаалданып кетишине алып барат. Бул ооруда дары, инсулин менен тамактануу чогуу, бирге каралгандыктан, бирөөн токтотуп коюуга такыр мүмкүн эмес.

Масим Турсунбекова

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Расул Мырзагулов: «Троллейбусттук экинчи каттамды даярдап жатабыз»

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:13 Жарыяланган категория Макалалар
Расул Мырзагулов: «Троллейбусттук экинчи каттамды даярдап жатабыз»

Коомдук транспортту жолго коюуда Ош шаардык мэриясы алгылыктуу иштерди жасоодо. Бул жаатта өткөн жылы Орусия мамлекетинен жаңы 30 автобус алып келинсе, быйыл 24-майда 23 троллейбус  Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын айдоочуларына тапшырылды. Аталган ишкананын жетекчиси Расул Мырзагулов жаңы келген троллейбустардын ыңгайлуулугу жөнүндө айтып берди.

«20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус сатып алдык»

- Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 2014-жылы 25-декабрда келишим түзүлгөн эле. Ошол келишимдин негизинде аталган банктан 9600 млн.евро бөлүнгөн. Анын 5,7 млн. евросу насыя, ал эми 3,1 млн.евросу грант катары берилген эле. Ал каражаттарга 20 троллейбус, 24 автобус алуу боюнча келишим түзүлгөн. 2016-жылы троллейбус алуу боюнча тендер өткөрүлүп, аны «Тролза-Марке» жоопкерчилиги чектелген коому утуп, 20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус алып келинди.

«Троллейбустар эки каттамда айланып каттайт»

- Учурда троллейбустарды эки каттамга койдук. Биринчи каттамга 15 троллейбус каттап жатат. Алар Манас-Ата аймактык кеңешинен Курманжан датка кичи району аркылуу Түштүк-Чыгыш кичи районуна каттап жатат. Калган троллейбустарды мурдагы троллейбустан кошуп 15 ке жеткирип экинчи каттамга даярдап жатабыз. Экинчи каттамдагы электр чубалгыларынын кубаттуулугу жетпей жаткандыктан, адистерди чакырганбыз. Электр боюнча тендерден утуп алган компания - «Аламүдүн энергия» компаниясы электр чубалгыларын чыңаса, экинчи каттам Курманжан датка көчөсү менен Түштүк-Чыгыш кичи районуна Араван кичи району аркылуу каттайт.

«Августта билет менен жол акы тейлөө ишке ашат»

- Жаңы келген троллейбустар заманбап, узундугу 12 м. ди түзүп, 27 орундуу. Салондун ичинде видео көзөмөл жайгашкан. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус да кызмат көрсөтөт. Энергияны аз үнөмдөп, канча энергия иштеткендигин троллейбустагы эсептегич системалары өзү эсептеп турат. Троллейбуста жүргүнчүлөр үчүн «wifi» интернет кызматы каралган. Мындан сырткары аялдамаларды айтып туруучу система да иштеп турат. Кудай буюрса, август айынын аягына чейин билет менен жол акыны төлөө системасы ишке ашырылат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен келишимдик негизде (гендердик теңсиздикти жоюу) 14 аялды окутуп, айдоочулук кызматка орноштурабыз. Буюрса, 3-4 айдан соң аялдар окуп бүткөндөн кийин жумушка орношот. Азыр бир гана аял иштеп жатат.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Балдар - биздин бактыбыз

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:07 Жарыяланган категория Макалалар
Балдар - биздин бактыбыз

Бейкапар балалык кезин кимдер сагынбайт. Мүмкүнчүлүгү болсо балалыктын айылына барып келсек дешет. 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдар күнү катары белгиленип келет. Бул майрамды утурлай Ош шаарындагы аты таанымал инсандарды балдары менен кошо кепке тарттык.

Асылбек Топчубаев, Ош шаарынын вице-мэри:

«Ата-энемдин тарбиясын балдарыма колдоном»

«Беш баланын атасымын»

-Алгач биздин келечегибиз болгон балдарды 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктап кетейин. Келечекти куруучу наристелердин майрамы кут болсун! Эми өзүмдүн балдарым тууралуу айтсам, мен 5 баланын атасымын. Эки кыз, үч уулум бар. Улуу кызым Жасмина 6-классты, андан кийинки балам Байел 5-классты, анан уулум Байтумар 1-классты аяктап жатат. Нурел аттуу балам 3 жашта, бала бакчага барат, эң кенже кызыбыз Аэлина эки айга толду.

«Балам балалуу болгондо билесиң »дейт го, элибизде. Бала деген бардык нерсени билип турат экен. Сенин эркелеткениңди да, тилдегениңди да, алдаганыңды да билет, бирок ошого көнөт. Жеке өзүмдүн тажырыйбамда бала тарбиялоодо перзент балакатка жеткенге чейин апасына калтырам. Чоңоюп акыл токтотуп калганда өзүм тарбиялайм дейм. Себеби, мен өзүм ошол нерсени башымдан өткөргөм. Анткени, атам өкмөттүн ишинде иштеп, бизди көбүнчө апам тарбиялаган. Азыр өзүмдө да ошол көрүнүш.

Иш менен болуп, үйгө кечинде барам. Кээде мен барган учурда балдар уктап калган болот. Бир жумада бир ирет дем алыш күндөрү балдар менен чогуу болгонго шарт түзүлүп калган учурда жай олтуруп сүйлөшүп калабыз. Ошондо балдарым кимге эмне керек экенин айтышат. Спорт менен машыгайын дедим эле, мага спорттук кийим  керек, же мына китебим жетпей атат деген сыяктуу каалоолорун аткарып берем.

«Оюнчук алууда пайдалуу жагына көңүл бөлөм»

-Бир ирет балалык кылып шоктук кылсам керек. Атам жумуштан келгенде апам тентектигимди айткан. Ошондо атам катуу урушкан. Кийин ошол нерсени кайталабадым. Мен өзүм да балдарыма азыр ушундай карайм. Кечке урушуп, тилдей берсең бала ошого көнүп, адатка айланып калат. Орчундуу бир иш кылганда гана катуу урушуп тилдебесем, ар дайым эле балага катуу тие бербейм. Себеби, ата-энем мени ошондой тарбиялашыптыр. Күн сайын эле бир нерсени кайталай берсең ошол нерсе баланын аң-сезимине сиңип калат да, анан «атам айта берет да, дей берет» деп калат.

Оюнчукту негизинен көп деле сатып бербейм. Бала деген бала, көзүнө көрүнгөндү алам дей берет. Сатып алууда көбүнчө балага пайдалуу жагына көңүл бөлөм. Кандайдыр бир конструкция же болбосо шахмат сыяктуу баланын акыл-эсин өстүрө турган пайдалуу оюнчук болсо сатып берем. Мындан сырткары, велосипед алып берип турам. Анткени, ал баланын физикалык жактан тарбиялайт, өсүп келе жаткан өспүрүм үчүн пайдалуу. Биздин балалык кез союз мезгилине туш болгон. Ал кезде азыркыдай оюнчуктун түрү деле болгон эмес. Ошого азыркы балдар менен мен өзүмдүн балалыгымды салыштыра албайм.

Байтумар Аманов, 6 жашта:

«Милиционер болгум келет»

-Алгач өзүңдү тааныштырып кетесиңби, аты-жөнүң ким?

-Мен Аманов Байтумар, Ломоносов атындагы мектепте 1-классты аяктадым. 6 жаштамын.

-Келечекте ким болгуң келет?

-Милиционер болгум келет.

-Ата-энеңе үйдө жардам бересиңби?

-Ооба, идиш жууйм, пол жууйм, үй шыпырам.

-Бир туугандарың менен урушасыңбы?

-Кичине эле урушам.

-Атаң эмне кылганыңда азаматсың дейт?

-Мектептен жакшы баа алып келсем, жакшы жүргөнүмдө азаматсың дейт.

 

Эмил Туленбаев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

«Кээде баланын каалоосуна да каршы туруу керек»

«Уулдарымдын улуусу дарыгер, кичүүсү юрист болсо дейбиз»

-Эки баланын атасымын. Балдарымын улуусу 6 жашта, аты - Адилет, кичинекейибиз Даниел 4 жашта. Экөө тең балдар бакчасына барат. Балдар азыр кичине болгондуктан бала бакчадан келгенден кийин сыртта таза абада ойноп, андан соң тамактанып анан мультфильм көрүшөт. Бош убактыларында, дем алыш күндөрү краска, түстүү кагаздарды, пластилиндерди алып келип койгомун. Анткени баланын оюна койсоң кеч киргенге чейин да ойноп жүрө беришет эмеспи. Анан апасы экөөбүздү «көзүңөрдү жумгула» деп сюрприз кылып жасагандарын алып келип көрсөтүшөт. Туура эмес жасаган жерин үйрөтөбүз, жакшы жасагандарын мактайбыз.

Адилет ырдаганды жакшы көрөт. Бала бакчадагы эжелери да айтып калат, «кабыл алуусу жакшы, ыр берсек да биринчи Адилет жаттайт» деп. Албетте, балдардын өз каалоосу. Кесип тандоодо аларга тоскоол болгубуз келбейт. Бирок ошентсе да улуусун дарыгер болсо, кичүүсүн чоң атасынын жолун жолдоп укук коргоо жаатын тандаса деп калабыз. Анткен менен, баланын өз каалоосу менен эле болобуз го дейм.

«Балдарым тентектик кылса бурчка тургузуп коем»

-Ар бир бала өзгөчө. Тентектик кылганда катуу жазалайм деп айтпайм. Бирок, тартипке чакырам. Мени таенем баккан. Шоктук кылып бир нерселерди ашыкча жасап же туура эмес кылган иштерим үчүн мени бурчка тургузуп койчу. Азыр ошол ыкманы өз балдарыма колдоном. Yйдө тентектик кылышса бурчка тургузуп коем. Таттууларды бербейм, мультфильм да көрбөйт. Анан бир убакта «кечирип коюңуз, экинчи кайталанбайт» деп кечирим сурап келишет. Баланын каалоосуна да каршы туруу керек. Баарын орундата берсе болбойт.

 

Айпери Кулбаева, ырчы:

«Балдарым радиодон ырым жаңырса дароо таанышат»

«Балдарым мультфильмдеги ырларды жаттап алышат»

-Биздин эки уулубуз бар. Чоң уулубуздун аты Алман, кичинекейибиз Акдил. Бала чоңойгон сайын өзүнүн кылыктары чыгып ата-энени кубантып калат экен. Чоң уулум бир жашка чыкканга чейин эле куудулданып, бизди туурап, сүйлөсөк окшоштуруп туурап күлдүрө берчү. Ошол адаты азыр деле бар. Кичинекей уулум кичине экенине карабай аябай өжөр. Кылам дегенин кылат, отурам десе отурат, турам десе турат, кием дегенин кийип, кийбейм дегенин чечип салат.

Алман жакында 4кө толот. Экөө тең эркек балдар болгондуктан кыз балага караганда шогураак болот экен. Кечке шоктонуп, оюнчук талашып, улуусу кичинесин ыйлатып жаткан болот. Баары бир баланын тили бал деп коет эмеспи. Эмне кылса да баарын кубануу менен кабыл алабыз. Экөөнүн тең угуу, кабыл алуу жөндөмү жакшы экен. Элибизде мындайларды «куйма кулак» деп коет го. Мультфильм көрсө андагы ырларды жаттап, ырдап жүрө беришет. Бакчадан келээри менен экөө тең мультфильм көргөнгө шашышат. Чоң уулум мобилдүү телефондон, кичинеси компьютерден көрөт. Алман «менин телефонум кана» деп келет бакчадан келгенде (күлүп).

«Эки жашында эле мени теледен таанып алчу»

-Алман упчуну көп соргондуктан тили кечирээк чыккан. Сөздүгүндө өтө көп деле сөз жок. Ошентсе да чоң ата, чоң энесин, таене, таятасын, кайнагамын, кайнежемин балдарын жакшы таанып, аттарын жатка айтып, ошолор тууралуу көбүрөөк сүйлөшөбүз. Улуусу кыргыз, орус, англис тилдеринде онго чейин санап калды. Түстөрдү да ушул тилдерде ажыратат. Кызылды орусча «кнасый» деп коет.

Чоң уулум менин ырдаганымы билет. 2 жаштан өткөндө эле теледен көрүп калса апам деп мени таанып калчу. Азыр апаң ким десе Айпейи Кубайка деп коет. Апаң эмне кылат десе «аа-аа-аа» дейт деп менин ырдаганымы туурап калат. Теледен эмес, радиондон же машинага отурганда ырларды коюп калсак үнүмөн дароо тааныйт окшойт, апа ырдап атат деп калат. Баланын кылыктарын кечке айтып отурса да апалар түгөтө албаса керек. Жараткан ушунусун кут кылсын.

Элира Чынтемир кызы

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Ош шаарында 71 миңден ашуун унаа каттоого алынган

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 09:01 Жарыяланган категория Макалалар
Ош шаарында 71 миңден ашуун унаа каттоого алынган

Ош шаарында канча унаа бар, айдоочулук күбөлүктү кантип алат, ушул жана башка суроолорго Ош шаарындагы мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкы адиси  Куттубек Заировдон жооп алдык.

«Жаңы системада өлкө боюнча унаалардын каттоосун көрүүгө болот»

- Алгач биздин департамент эмне кызмат аткаруусун айта кетейин. Биздин негизги максатыбыз Ош шаарындагы автоунааларды каттоого алуу, мамлекеттик номурларды берүү, айдоочулук күбөлүк алуучуларга экзамен өткөрүп, аларды каттоо болуп саналат. Иш-аракеттерди жеңилдетүүчү каражаттар пайдаланыла баштады. Мисалга мурун автоунаанын ээси унаа сатып аларда, сатканда көп көйгөйлөргө дуушар болчу. Азыр онлайн режиминдеги программа чыгып калган.  Жаңы системада Кыргызстандын кайсыл гана аймагы болбосун унаалардын каттоосун бизден көрүүгө болот.

«Теориялык экзамен онлайн түрүндө болот»

- Мурунку эски система боюнча айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү каралган эмес. Анын мөөнөтү жок. Жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып бир кыйла көйгөйлөргө туш болгондуктан, айдоочулук күбөлүккө мөөнөт кое баштаганбыз. Ал эми мурун мөөнөтү жок айдоочулук күбөлүк алган айдоочулар Кыргызстандын ичинде жүрө берсе болот. Бул жаатта аларга эч кандай көйгөй жаралбайт. Айдоочулар 3-4 айлык авто мектептен  айдоочулук укукту, айдоочулук тартипти, жол эрежелерин, жолдо жүрүүнүн маданиятын окуп, окуу жайдан окугандыгы тууралуу күбөлүк же сертификат алып келсе, биздин базадан бардык Ош шаары боюнча айдоочулук күбөлүк алам дегендер эки түрдө экзамен тапшырышат. Биринчиси - теориялык, экинчиси - практикалык экзамен. Айдоочулардан экзамен алуу үчүн бизде бүт шарттар түзүлгөн. Теориялык экзамен онлайн түрүндө болот. Суроолор түздөн-түз Бишкектен келет. Эч качан суроолор бири-бирине окшош болбойт. Базада канча айдоочу экзамен тапшырып жаткандыгын Бишкектен күзөтүп турушат. Ал эми практикалык экзаменде айдоочулар ар кандай салмактагы унааларды айдап экзамен тапшырышат. Оор жүк көтөрүүчү унаа, жеңил унаа жана башкалар менен экзамен тапшыра алышат.

«Жаңы номурлар эл аралык стандартка жооп берет»

- Ош шаарынын ичинде ар кандай типтеги айдоочулар болуп калышы мүмкүн. Кээ бири банктан насыя акча алыш үчүн унаасынын документтерин күрөөгө коет. Ошол учурда кайсыл банкка койбосун, банк бизге бүт маалыматты жөнөтөт. Дагы бир айтып өтүүчү жагдай, Ош шаарындагы кайсыл гана жаран болбосун анын авто унаасы бизде каттоодо турат. Унаасын кайсыл жактан алып келген, мурунку ээси ким болгон, андан мурун ким эле деген маалыматтар бизде камтылган. Мындан сырткары, Кыргызстанга кирген унаалар жөнүндөгү маалыматтарды да бизден табууга болот. Учурда жаңы унаалар үчүн, аймактар үчүн, шаарлар үчүн жаңы номурлар чыккан.  Бул жаңы номурлар эл аралык стандартка жооп берет. Жаңы номурлардын алкагында ар бир облуска, шаарга номур коюлган. Ош шаарынын номуру 02 саны аркылуу башталат.

«Жол эреже бүт дүйнөгө бирдей»

- Айдоочулук күбөлүк аларда айдоочуларга жолдо жүрүү маданиятын оозеки түрдө айтабыз. Билесиңер, азыр унаа көп. Жол тыгыны тынымсыз болуп турат. Бул дагы айрым жарандарыбыздын жол эрежесин сактабагандыктан, жолдо жүрүү маданиятын билбегендиктен ушул абал келип чыгууда. Жол эрежеси бүтүндөй дүйнө жүзүндө бирдей. Азыр айрыкча аял кишилердин унаа айдаганы көбөйдү. Аялбы, эркекпи жолдо жүрүү маданиятын сактаса болгону.

«Жаңы система көйгөйдү жеңилдетет»

- Жаңы система боюнча дагы бир ирет айта кетейин. Жаңы системада авто унаалардын бардыгы катталган дебедимби. Эгер патрулдук милиция жолдо эреже бузган айдоочуну токтотуп, номурун жазса авто унаа тууралуу маалымат дароо чыгат. Мурун бул жаатта көп көйгөйлөр болчу. Патрулдук милиция жарандардын айдоочулук күбөлүгүн алып койсо, бизге келет эле. Биз патрулдук милициядан тактама алып кел деп кайра жөнөтчүбүз. Азыр андай тактама сурабай эле жаңы системадагы маалыматтар боюнча айдоочулук күбөлүгүн беребиз.

«Айдоочулук күбөлүктү окуп анан аласыздар»

-Учурда Ош шаарында унаа тынымсыз көбөйүүдө. 2017-жылдын алгачкы 3 айлыгындагы маалыматтарды айта турган болсом , Ош шаарында жалпы 71030 авто унаа катталган.  Мындан сырткары айрым түшүнбөстүктөрдү айта кетейин. Кээ бир жарандарыбыз келип, айдоочулук күбөлүктү окубастан туруп акчага сатып алууну каалашат. Бир мисал келтирейин. Өткөн күнү бир жаран, атын атабай эле коеюн, «атама айдоочулук күбөлүк алып берейин дедим эле, сүйлөшпөйлүбү?» дейт. Андайда ал жаранга жакшы түшүндүрүп, айдоочулук күбөлүктү окуп гана алыш керектигин айтабыз.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Рамазанда соопчулук издеген айдоочулар

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 08:56 Жарыяланган категория Макалалар
Рамазанда соопчулук издеген айдоочулар

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен жакшы жаңылык. Yстүбүздөгү орозо айынын урматына, элден бата алуу, сооп иш жасоо максатында 4 маршруттук каттамдардын 2 ден кичи автобустары элди акысыз ташый баштады.  Бул боюнча  аталган агенттиктин директору Равшанбек Марифов төмөнкүлөргө токтолду.

«Айдоочулар орозо ичи бекер ташууну өздөрү сунушташты»

- Рамазан айынын башында айдоочулар менен бригадирлерден ушундай бир жакшы сунуш түшкөн. Бир маршруттук каттамда 60 кичи автобус болсо, 30 күн орозо ичинде күнүнө экиден кичи автобустар элди акысыз ташыйт деген. Орозо айында элден бата алалы деп жакшы ишке кол сунушту. Азыркы учурда 138, 117, 107, 145- маршруттук каттамдарда акысыз ташый турган кичи автобустар бар. Эң негизгиси бул демилгени эл жакшы кабыл алды. Көбүнчө 107-маршруттук каттамда эл көп болот. Себеби, базар ичинде каттайт, андан ары аэропортко чейин барат. Бул үчүн ыраазы болгон жүргүнчүлөрүбүз көп. Мындан ары да акысыз ташуучу кичи автобустар чыгышы мүмкүн. Орозонун биринчи 10 күндүгү, экинчи 10 күндүгү  анан үчүнчү 10 күндүгү бар эмеспи. Ошол убакыт аралыгында акысыз каттамдардын дагы саны көбөйөт.

Эл ыраазычылыгына татыган 107-каттамдын бригадири Матраим Асанов:

«Элдин рахматы баарынан бийик болот экен»

-Рамазан айында сооп иш аткаруу максатында акысыз кичи автобустарды күн сайын каттамга коюу өзүбүздүн көтөрүп чыккан демилгебиз болду. Орозо айында жакшылык кылып, элдин батасын алуу да керек. Мусулман калкы үчүн ыйык болгон рамазан айында жарандарды көздөгөн жерине акысыз жеткирүү чоң сооп болсо керек. Каттамыбызда 60 кичи автобус болсо, алар күн сайын экиден алмашып, жүргүнчүлөрдү акысыз ташууда. Айдын аягына чейин бардык айдоочулар бул жакшылык ишти жасашат. Эң негизгиси элдин рахматын көп угуп жатабыз. Чынында элдин рахматын угуу, алардын батасын алуу баарынан жогору турат экен. Түшүп баратып жүздөрүндө жылмаюу менен ыраазы экендигин айтып түшүшөт. Бул айдоочуларыбызды кубандырбай койбойт. Жалпы элибизде тынччылык болсун. Калкыбыздын туткан орозолору кабыл болсун! 

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

 

Подробнее ...
05 Июнь

Иглоукалывание

Автор Назгүл Понедельник, 05 Июнь 2017 08:54 Жарыяланган категория Жаңылыктар
Иглоукалывание

В 2010 году, одним из благотворительных фондов Южной Кореи,  был открыт центр, где пациентам предоставляется бесплатное иглоукалывание. Перед терапией  пациенты проходят консультацию у мануального иглотерапевта Ким Хен Кына, который проходил обучение в Канаде. Он спрашивает у пациентов,  какие болезни их беспокоят,  в случае если иглотерапия может помочь,  больному  назначается лечение.

Одина Акбарова почти полгода посещает  вышеуказанный центр,  у нее полиартрит, проблемы с ногами, желудком, сердцем и давление. Постоянно принимала лекарства и получала уколы,  от которых образовались абсцессы.  Через несколько курсов посещения почувствовала себя лучше. Буду ходит на иглотерапию до полного выздоровления,- говорит О.Акбарова.  

История иглотерапии

 Иглотерапия состоит в том, что в биологически активную точку вводится специальная медицинская игла. В результате создается мощный рефлекторный ответ, который позволяет напрямую воздействовать как на внутренние органы, так и на регулирующие системы организма.

Иглоукалывание возникло более 2,5 тысяч лет назад в Китае во времена императора Фу-Си. Однако есть сведения о более древнем происхождении иглоукалывания. В частности о том, что им владели врачи древних ариев, пришедших в Гималаи с Севера в доисторические времена.

В давние века укалывание грубыми каменными иглами практиковалось,  в основном,  для облегчения болей:  головной, зубной, боли в мышцах, суставах и т.д. Со временем иглы совершенствовались, и одновременно расширялся спектр применения иглотерапии. На сегодняшний день иглотерапия – это мощное оружие врача тибетской медицины в борьбе с болезнями, позволяющее улучшить работу всех внутренних органов и обменные процессы в организме.

В тибетской медицине иглоукалывание является составляющей практически всех лечебных комплексных сеансов и программ.

Лечение иглоукалыванием

 В отличие от медикаментов, иглоукалывание активизирует собственные защитные функции организма и выработку особых веществ, повышающих его защитные свойства и мобилизующие организм на борьбу с болезнью. Вот почему этот метод не имеет побочных эффектов и устраняет не только симптомы, но и причину заболеваний.

Иглоукалывание проводят при снятии спазмированности мышц, устранении болей (очень эффективно иглоукалывание при остеохондрозе).

Как правило, игла вводится под углом. Величина наклона иглы также может быть различной в зависимости от необходимого эффекта – вертикально, под углом, почти горизонтально. Все будет зависеть от того, какой эффект необходимо получить и при каком заболевании.

Введение иглы сопровождается ее вращением для достижения необходимого эффекта по возбуждающему или седативному типу.

Лечение иглоукалыванием совершенно безболезненно: при введении иглы и ее вращении пациент ощущает приятный прилив тепла в точке воздействия и не ощущает ни малейшего дискомфорта.

Постановка иглы может сопровождаться ее нагреванием или постановкой сверху   медицинской банки: вакуум вызывает прилив крови к области воздействия, что усиливает терапевтический эффект.

Эффективность иглоукалывания

Иглорефлексотерапия - самый эффективный метод воздействия на биологически активные точки. Его применение  дает прекрасные результаты при лечении множества заболеваний, в том числе хронических патологий.

Иглоукалывание:

•нормализует работу нервной системы (при неврозах, бессоннице, мигрени и других заболеваниях);

•снимает невралгические боли (при остеохондрозе,  межпозвонковой грыже, ишиасе, люмбаго, радикулите, протрузии);

•повышает сопротивляемость организма к инфекциям и вирусам (повышает иммунитет);

•улучшает циркуляцию крови и обмен веществ;

•улучшает состояние суставов (при подагре, артрите, артрозе);

•препятствует воспалительным процессам (при панкреатите, холецистите, бронхите, цистите, простатите );

•благоприятно сказывается на состоянии мышечной ткани и кожных покровов (атопический дерматит).

 

 

Подробнее ...

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Академия келечектин мыкты футболчуларын тарбиялайт
Академия келечектин мыкты футболчуларын тарбиялайт
А.Момунов атындагы футбол академиясы А.Момунов атындагы футбол академиясынын курулуш иштери…

Маданият

200дөй обондун автору Маматибраим Бостонкулов
200дөй обондун автору Маматибраим Бостонкулов
Композитор, акын, жазуучу, драматург, жазуучулар, композиторлор кеӊешинин ардактуу мүчөсү, 40…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Нуржигит Кадырбеков, Президенттин аппаратына караштуу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: «Маданият ар бир элдин өзүнө аманат»
Нуржигит Кадырбеков, Президенттин аппаратына караштуу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: «Маданият ар бир элдин өзүнө аманат»
Понедельник, 05 Февраль 2018
-Нуржигит Кадырбекович, диний сабаттуулук тууралуу сөз баштайлы… -Динди билүү бул - диний сабаттуулук. Тек гана намаз окуп, орозо тутуп, зекет…
  • Ош шаарынын прокурору Айгуль Момбекова: “Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук актуалдуу болууда”
    Ош шаарынын прокурору Айгуль Момбекова: “Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук актуалдуу болууда”
    Понедельник, 05 Февраль 2018
  • Шүкүрали Мадаминов, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы: «Эмгекти сүйгөн адаммын»
    Понедельник, 21 Август 2017

Архив

« Июнь 2017 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Тарых жана маданият жылы: маани-маңызы, маареке-чаралары
    Тарых жана маданият жылы: маани-маңызы, маареке-чаралары
    Понедельник, 08 Февраль 2016
  • Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Ооган согушу: кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш…
    Понедельник, 15 Февраль 2016
  • «Юрфакты бүтүп, ишсиз калдым деген абсурд»
    «Юрфакты бүтүп, ишсиз калдым деген абсурд»
    Понедельник, 28 Март 2016
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • нуриза
    Эн соонун кенештер жазылган экен мен 11кл бутуруучумун мен да олку солку ойлор менен жургон убагым ...

    Толугу менен...

     
  • нуриза
    Мен бутуруучумун учурда дал ушундай олку-солку ойноп менен ойлонуп дагы да башым катып жургон убагы озум ...

    Толугу менен...

     
  • Уланбек
    сарыкты узиде коруу мумкунбу айтайн дегеним боорду

    Толугу менен...

     
  • Акбермет
    Мен фармацевтикага тапшырайын дегем .Биток негизги тест старых биология ны гана тандагам .Эми кандай ...

    Толугу менен...

     
  • Санатбек
    Суранчы аяшатама чын-ден соолук, узуун өмүр, чыгармачылык ийгилик каалаймын.

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved