• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
01 Окт

Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXII сессиясы болуп өттү

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:18 Жарыяланган категория Макалалар
Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXII сессиясы болуп өттү

Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXII сессиясына 45 депутаттын ичинен 38и катышып, Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов өзү алып барды.

Төрага сессиянын жүрүшүндө шаарыбыздагы жетишкендиктер жана ийгиликтер жөнүндө айтып, “Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып” элибизге жакшы шарттарды түзүүгө баарыбыз биргеликте аракет кылууга чакырам деп белгиледи. Ошондой эле депутаттык курамда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Абдырахманов Оенбек Эмиловичтин ордуна Раимов Эмилбек Жеӊишбековичке мандат берилгендигин билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Сессиянын жүрүшүнө бир топ өзгөрүүлөр киргени маалым болду. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата ар бир эл өкүлүнө чип тапшырылган. Депутат ал чипсиз сессияга келсе микрафону жанбайт жана добуш берүү укугу берилбейт. Добуш берүү системасы да автоматташтырылып, компьютердин негизинде жүргүзүлөт. Андан сырткары сессия өтүүчү залга эки видео-байкоо орнотулганын төрага маалымдады.

Сессиянын күн тартибинде 9 маселе каралды

1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык, экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

2. 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык, экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө.

3. Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине карата даярдыгын кароо.

4. Ош шаардык саламаттык сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматынын натыйжалуулугу жөнүндө.

5. Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө.

6. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» №248 токтомуна өзгөртүү киргизүү.

7. Ош шаарынын айрым аймактарынын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө.

8. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө.

9. Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №129 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө маселелер каралды.

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маанилүү 9 маселенин ичинен 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету, жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы, Ош шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматынын натыйжалуулугу жөнүндөгү маселелер эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууланды. Күн тартибине шаардык ипотека боюнча маселени киргизүү сунушу түшүп, бирок аны кийинки сессияда кароого калтырышты.

Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов:

“Ипотека боюнча кийинки сессияда каралат”

- Ош шаарынын кезектеги XXII сессиясында негизги маселе Ош шаарынын мэринин отчету, кышкы даярдык жана медицина тармагынын бүгүнкү абалы. Өзүӊүздөр күбө болгондой ипотекага тийиштүү маселени күн тартибине кошууну сунушташты, бирок аны кийинки кароого калтырдык. Себеби бул жөнөкөй тема эмес, эл менен бирге талкуулап анан сессияда карообуз керек. Биз азыр бул теманы талкуулай турган болсок бир чечимге келип токтом кабыл алуубуз керек болот. Элдин пикирин укпай туруп андай кылганыбыз туура эмес болгондуктан, кийинки сессияга калтырууну чечтик. Ипотеканы берүү боюнча өзүнчө жобо бар, ал бүгүнкү күндө иштелип жатат. Созулуп жаткан маселе жердин жоктугу болуп жатат. Алдыда жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, жерин алып биргеликте иш алып баруубуз мүмкүн деген маселелер болууда. Мамлекеттик орган болгондон кийин жеке ишкерлердин ипотекалык багытынан төмөн жасап берүүбүз керек. Ушундай максатта коомчулук менен чогуу талкуулап чечим чыгаруубуз керек.

Дагы бир көпчүлүктү кызыктырган маселе кышка даярдык боюнча өкмөттөр аралык комиссия келип түштүк аймагынын кышка даярдыгын текшерип кетишти. Алардын жыйынтыгы боюнча Ош шаары жогорку баага ээ болду. Бул маселени биздин туруктуу комиссия да карап чыкты, айрым кемчиликтер бар бирок аларды кышка чейин туураласа болот.

Бардык маселелер эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууга алынып, шаарда аткарылып жаткан иштер боюнча тийиштүү мекеме-ишканаларга сындар да, мактоолор да айтылды. Шаар мэринин, жолдор башкармалыгынын иштерине жогорку баа берген эл өкүлдөрү болду. Аткаруу бийлигине сунуштар берилип, милдеттенмелер жүктөлдү.

Уулбү Каныбекова

 

Подробнее ...
01 Окт

“Жалындуу жаштык” долбоору уланууда

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:16 Жарыяланган категория Макалалар
“Жалындуу жаштык” долбоору уланууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майында чыгарылган “Балдарга жана жаштарга ыӊгайлуу шаар” сынагы боюнча №206 токтомун ишке ашыруу максатында “Жалындуу жаштык” аттуу үч айлык иш чара старт алган. Аталган долбоордун алкагында май айынан бери жаштар үчүн бир топ масштабдуу иш чаралар уюштурулуп, келечек муундарга стимул берилүүдө. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жаштар менен иштөөнү күчөтүүнү колго алган.

Yч айдын ар жумасы уюштурулат

Иш чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, маданият башкармалыгы, дене тарбия жана спорт комитети, жогорку жана атайын орто окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылууда. Ар жума болуп өтүп, үч ай бою болот. “Дени сак жаштар - өлкө  келечеги”, “ Жаштардын маданий кечеси” , ”Интеллектуалдуу муун”, “Жаштар таза коом, таза шаар үчүн” деген төрт багытта уюштурулууда.

Буга чейин иш чара Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп өттү.

1. “Дени сак жаштар - өлкө  келечеги” бөлүгүндө спорттун теннис, футбол, волейбол түрү боюнча оюндар уюштурулуп, жаштардан түзүлгөн командалар активдүү катышып,  жеӊүүчүлөр аныкталууда.

2. “Жаштардын маданий кечеси” бөлүгүндө жогорку окуу жайлар тарабынан концерттик программалар даярдалып жаштарга тартууланып, бий кечеси уюштурулууда.

3. “Интеллектуалдуу муун” бөлүгүндө жаштар Т.Сатылганов эс алуу багында китептерди окуп, тренинг  жана ар кандай интеллектуалдык иш-чаралар өткөрүлүп, активдүү катышууда.

4. “Жаштар таза коом, таза шаар” үчүн бөлүгүндө жаштар Ак-Бууранын жээгин, Курманжан датка кичи шаарчасын тазалап чыгышты.

Ош шаары балдарга жана жаштарга ыӊгайлуу шаар

“Балдарга жана жаштарга ыӊгайлуу шаар” сынагынын алкагында Ош шаарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студент жаштары менен жолугушуу болуп өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы И.Берхмаматов жаштар комитетинин аткарып жаткан иштери жана алдыда аткарылатурган иштер боюнча маалымат берип, жаштарды өлкөбүздү, шаарыбызды сүйүүгө, тазалыкка, окууга үндөп, коомдук уюштуруу иш-чараларына активдүү катышууга чакырып кеттүүдө. Жаштар тарабынан бир топ суроолор, сунуштар айтылып, жолугушуулар жемиштүү болууда.

Эске сала кетсек, "Жалындуу жаштык" иш чарасы "Балдарга жана жаштарга ыӊгайлуу шаар" сынагынын алкагында уюштурула баштаган. Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалынын студент жаштары менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты жаштарды ар тараптан колдоо, алдыга сүрөө жана ар дайым жаштар үчүн жаралган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен коомго өз таасирин тийгизүү болуп саналат.

Аталган жолугушууда Иззат Берхмаматов өзүнүн жылдык планы менен тааныштырып, түзүлгөн пландар жаштардын катышуусу жана алардын салымы менен ишке ашаарын баса белгиледи. Ошондой эле учурда Ош шаарында жаштар үчүн кандай шарттар түзүлгөн, кандай багытта иштер болуп жатат жана кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги тууралуу кенен баяндады.

Мектеп президенттери менен жолугушуу

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззат Берхмаматов шаардагы мектеп президенттери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда И.Берхмаматов шаар бийлиги тарабынан жаштар үчүн түзүлүп жаткан шарттар боюнча маалымат берип, жаштарды шаарыбызды таза кармоого, мыкты окууга, коомдук уюштуруу иштерине активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле мектеп президенттери тарабынан бир топ сунуштар айтылып, шаардык жаштар комитети тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылуусу белгиленди.

«Жаш улан-кыздарды чечим кабыл алуу процесстерине тартуу: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр»

Ушул жылдын сентябрь айынан «Изилдөө жана өнүгүү» коомдук фонду тарабынан «Коомдогу гендердик ролдорду кайра ойлонуп чыгуу: гендердик нормаларга чакырык» аттуу маалыматтык компания ишке ашырылып жатат.

Бул демилгенин негизги максаты элдин арасында калыптанып калган эркектердин жана аялдардын теӊ укуктуулук боюнча ой-пикирлерди өзгөртүүгө көмөктөшүү болуп, Ош шаарынын коомдук иштерине жарандардын теӊ катышуу идеяларын көтөрмөкчү.

Маалыматтык компаниянын алкагында 14-сентябрь күнү жергиликтүү ТВда «Жаш улан-кыздарды чечим кабыл алуу процесстерине тартуу: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу ток-шоу тартылып, эфирге чыгарылды. Ток-шоуга эксперт катары эксперт-юрист С.Усенов, Ош шаарынын жаштар комитетинин төрагасы И.Берхмаматов, жарандык активист А.Аскарбекова жана «Агат» корпорациясынын башчысы С.Ноорузбаев чакырылды. Ток-шоу коноктору мамлекет жана коом тарабынан ар бир жаран үчүн өнүгүүгө жана коомдук процесстерде теӊ укуктуу катышууга тиешелүү шарттар түзүлгөндүгүн айтып өтүштү. Ошону менен бирге катышуучулардын көпчүлүгү жаш улан-кыздарга атайын көӊүл бурууга чакырып, бир гана билим алуу менен эмес, кошумча түрдүү коомдук иш-чара жана чечим кабыл алуу процесстерине тартуу аркылуу алардын потенциалын жогорулатса болот экенин белгилешти. Жаштар дагы өз тарабынан аталган иштерде, шаардык деӊгээлде активдүүлүгүн көрсөтүүсү чоӊ мааниге ээ экендигин айтылды. Демилгенин кийинки кадамы «Эркек жана аялга карата коомдогу стереотиптер: мыйзамдык жана коомдук көз караш» аттуу ток-шоусун өткөрүү. Жалпысынан, маалыматтык кампания

Акысыз тил үйрөтүү курсу

Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун тапшырмасы менен Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан демилгеленип уюштурулуп жаткан

"Акысыз тил курстары" орус жана англис тилдери боюнча атайын улантууучу, базалык билими бар катышуучуларга иштелип чыккан, лексика, грамматика, окуу, жазуу багытында окутулат.

Катышуучуларды тандоо тартиби:

1. Ош шаарында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелүү 14жаштан 28 жашка чейинки жаран болуусу зарыл;

2. Катышуучулар 2019-жылдын 10- октябрына чейин катталууга тийиш;

3. Керектүү документтер:

- Паспорттун көчүрмөсү;

- 4х6 өлчөмүнлөгү 2 сүрөт;

- резюме ;

Акысыз тил курстарынын максаттары жана милдеттери - активдүү жаштарга тил үйрөтүүнү жолго коюу, аларга акысыз тил курстарын уюштуруу болуп саналат.Заман талабына ылайык аларды башка тилдерди өздөштүрүп, тил үйрөнүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн арттыруу менен биргеликте төмөнкүлөрдү көздөйт.

1. Жөндөмү бар тил үйрөнүүгө кызыккан жаштарга шык берип, башка тилдерди академиялык деӊгээлде сүйлөп калуусуна шарт түзүүнү;

2. Аларды бөтөн тилдерди өздөштүрүүгө болгон позициясын калыптандырууну;

3. Жаштардын сабаттуулугун жогорулатууну;

4. Билим алууга болгон кызыгуусун арттырууну көздөйт.

Подробнее ...
01 Окт

Мектеп камкорчулар кеӊешине муктажбы?

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:15 Жарыяланган категория Макалалар
Мектеп камкорчулар кеӊешине муктажбы?

Учурда билим берүү мекемелеринде  ата-энелерден акча чогултуунун түрдүүчө жолдору пайда болуп, кайсы бир мектепте «Ата-энелер комитети», кайсы биринде «Камкорчулар кеӊеши», «Мектеп копилкасы» жана башка көптөгөн аталыштар менен аталып жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү министри да маселени жоюуга аракеттерибиз астейдил башталат деп маектеринин биринде маалымат булактарына берген. Ал эми чынында мектептер жогорудагы жардамга муктажбы же жокпу билүү үчүн Ош шаарындагы мектептердин айрымдарына баш бактык.

Авазбек Асанов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси:

«Ата-энелер өздөрү макул болсо гана акча берсе болот»

-Бүгүнкү күндө элдин бүйүрүн кызытып, талкуу жаратып жаткан маселе ушул болуп калды. Бул жерде көп мыйзамсыз көрүнүштөр бар. Себеби дайыма бул туурасында мугалимдер күнөөлүү болуп калат. Андай эмес экендигин далилдеген эч ким жок, кыскасы, башаламан маселе. Бул тууралуу 2014-жылы «Билим берүү мекемелериндеги камкорчулар кеӊеши жөнүндө» мыйзам чыккан. Ошол мыйзамда бала-бакчалардан тартып, университеттерге чейин ата-энелердин жардамын уюштуруу жагы каралган. Анда кандай иштеши да көрсөтүлгөн.  Ош шаарынын билим берүү мекемелерине караган мектептерде «камкорчулар кеӊеши» иштейт. Анда да ата-энелер макул болсо гана, ар ким өзүнүн чама-чаркына карап өзү каалагандай өлчөмдө акча берсе болот. Камкорчулар кеӊеши директорго баш ийбей, мектепке жардам керек болгон учурда жардам сурап кайрылышы керек. Мамлекет тарабынан бир окуучуга бир жылда 360 сом өлчөмүндө акча бөлүнүшү керек, бирок быйылкы жылга бир окуучуга 81 сом бөлүндү. Жеке пикиримде мектептерде акча топтолбошу керек. Бирок, директор, мугалим, мектеп тарабынан топтолбосун, ата-энелер тарабынан каалагандай жардам беришсе болот.

Кадырова Зулфия, №4 М.Горький атындагы мектеп гимназиясынын директору:

«Камкордук кеӊеши жоюлсун деген буйрук азырынча келе элек»

-Азырынча  ата-энелер камкордук кеӊеши жоюлсун деген буйрук бизге келген эмес. Бирок, камкордук кеӊеши боюнча мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде жыл сайын конференция болуп ата-энелер өздөрүнүн каалоосу менен жардам берип жатышат. Банкта өздөрүнүн эсеп номерлери бар. Ар ким өзүнүн шартына жараша банкка акча салса болот. Ушул жардамдардын негизинде мектеп үчүн аябай көп иштерди жасадык. Мектепте окуучулардын саны 1900гө чамалап калгандыгы үчүн эмеректер дээрлик жетишпейт. ГорОНОго кайра-кайра жазсак эле алып берип койбойт да, себеби Ош шаарында 52 мектеп бар. Баарына кезеги менен көӊүл бурганда да каражат маселесинде тартыштык жаралат. Андыктан, камкорчулар кеӊешине муктажбыз. Мисалы, шаардын ортосунда болсок да бизде спорт залы жок. Мектептин капталында бир чоӊ кампабыз бар эле, мына ошол жерге спорттук зал жасап беришти.  Мындан сырткары мектептин эскилиги жеткендиктен пластик эшик-терезелерди орнотуп, видеобайкоолорду, класстарды компьютер менен камсыздап беришти. Менимче алардын жардамы болбосо мектебибиз жакырланып кетсе керек. Дайыма жумуштук зарылчылыктар пайда болгон учурда, камкорчулар кеӊешине билдирүү жазып, алардын макулдугу менен акча бөлдүртүп алабыз. Эгер бул нерсе жоюла турган болсо, мамлекет өзү ар бир арыз-муӊубузду угушуна туура келип калат. Бул учурда мамлекет да ар бир билим берүү мекемелерине көӊүл бурууга жетишпей калса керек.

Мавлюда Абулфазиева, №4 М. Горький атындагы мектеп гимназиясынын камкорчулар кеӊешинин төрайымы:

«Эч ким кыйнап чогулбайт, өз каалоосу менен берет»

-Неберем ушул мектепте 4 жылдан бери окуйт. Ошондон бери камкорчулар кеӊешинин жетекчисимин. Бул жерде ар бир ата-эне өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап, банктагы эсебибизге акча которуп койсо болот. Ал эми ата-энелердин  балдарынын үчөө мектеп курагында болсо, алардан эч кандай төлөм алынбайт. Шарты начар үй-бүлөлөр же жөн эле бергиси келбегендер да бербейт, эч ким аларды кыйнап чогултпайт. Күмөндүү ой жаралбашы үчүн ар бир айда мектептин кире беришине кайсы класс үчүн канча акча чогултулду да, канчасы эмнеге коротулгандыгы жөнүндө маалымат тактайчасы чыгып турат.

Бакирова Миргүл, Олимп мектеп-гимназиясынын директору:

“Демөөрчү болом деген ата-энелер арбын”

-Ата-энелер менен чогулуш болгондо бул тууралуу кенен  сүйлөшкөнбүз. Албетте, мамлекеттик мектеп болгондуктан, жардамга муктаж. Негизи билим берүү мекемелеринде акча чогултулбашы керек. Бирок, зарылчылыктар болгон учурда мектептеги камкорчулар кеӊешине кайрылам. Алардын жумушуна администрация эч кийлигишпейт. Мектебибизде  жылына ар бир окуучудан 2500 сомдон, ал эми жаӊы келген окуучулардан 5000 сом өлчөмүндө акча чогултуп алынат да, коротулган сумма боюнча отчеттор мектепте илинип турат. Алардан эч ким ашыкча акча сурабайт, тескерисинче, демөөрчү болуп жардам берүүгө кызыктар ата-энелердин саны арбын.

Темирова Ыкыбал, №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынын камкорчулар кеӊешинин жетекчиси:

“Баары балдарыбыз үчүн”

-Навои мектебинде камкорчулар кеӊеши 2018-жылдын апрель айынан баштап иштей баштаган. Бул кеӊеш Ошто 9 мектепте жок болуп, башка мектептерде 2014-жылы башталган экен. Кийин өзүбүздүн устав, мөөрүбүзгө чейин иштеп чыктык. Ар бир класстын ата-энелер комитетин дайындап, алар менен тыгыз иш алып барабыз. Бул жерде бизди эч ким кармап турган жери жок, баарыбыз балдарыбыздын жакшы шартта билим алуусуна шарт түзүп беребиз деп жүрөбүз. Мектепти караган кароолчу да дайындаганбыз, коопсуздукту сактоо максатында. Керек болсо мектеп администрациясы кароолчуга канча сом өлчөмүндө акча төлөнүп берилерин да билбейт. Ушул учурга чейин бир да ата-эненин нааразы болуп келгенин көрө элекмин. 

Бурулай

 Камчы кызы

Подробнее ...
01 Окт

Айгүл Абдуллаева, жеке ишкер: «Аялга колдоо болсо ал баарын жасай алат»

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:13 Жарыяланган категория Макалалар
Айгүл Абдуллаева, жеке ишкер: «Аялга колдоо болсо ал баарын жасай алат»

- Мен бизнесимди алгач баштаганда балдарым менен үйдө отурчумун. Жумушка чыгууга шартым жок эле. Аракет, эмгек кылып отуруп аялдар кийимдерин саткан дүкөн ачтым. Мен негизи кесибим боюнча медицина кызматкеримин. Алгач түрк компаниясында иштечүмүн. Ал жерде саркеч кийинүүнү талап кылышчу. Бирок оюбуздагыдай кийимди Оштон таба алчу эмеспиз. Бир жолу Түркиянын Стамбул шаарын көрүп келүү үчүн барып калдым. Өзүмө жаккан кийимдерди алып келип чогуу иштеген кыздарга көрсөттүм. Баарын  сатып алып коюшту. Мезгил алмашканда ошол учурга ылайыктуу кийим алып келчи деген сунуштар түштү. Кийинки сапарымда дагы алып келдим. Ал жумушта иш аябай көп,бош убактыбыз болбойт эле. Ага карабай аракет кылып «Айым» деген дүкөн ачтым. Эки жумушту бир алып кетейин деп бир топ аракет кылдым, акырында бирөөсүн тандоого туура келди. Ал кезде 25 жашта элем, бизнес жолун тандап, айымдарды кийиндире баштаганда.

Жашоонун өйдө-ылдыйында апам түрткү болуп, колдоо көрсөтүп келди. Ишим болбой калса «Азыр болбосо дагы аракет кыл кийинки ирет болот. Жеӊилип калба, сынба» деп сүйөп, таяп турду. Буга чейин эмнелерге жетишкен болсом анын аркасында апам жана жолдошум турат. Быйыл дүкөндүн ачылганына 10 жыл болот. Буюрса, жакында Бишкекке филиал ачалы деп турабыз.

«Шаарга күйгөн жетекчилердин башы бирикти»

- Шаарга дүкөн ачып, тиричилик кылып жаткандан кийин мыйзамды сыйлап, салыкты убагынан эрте төлөөгө аракет кылабыз. Буга чейин мыкты ишкер катары сыйлоого ар тараптан сунуштар түшкөн. Баары эле «взнос» сураганда мен «эмгекке карап бааланса барам, мыктылыкты сатып албайм» деп баш тартып келгем. Бул ирет Ош шаардык Кеӊешинен телефон чалышып, эч кандай каражат сурабастан «сыйлыгыбыз бар эле келип кетиӊиз» дешсе аябай кубандым. Азыр шаар үчүн таза иштеген, шаардын өнүгүүсү үчүн ишкерлерге мыкты колдоо көрсөткөн, шаар үчүн күйгөн жетекчилердин башы биригип иштеп жатышат. Сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип кетем.

 Уулбү Каныбекова

 

Подробнее ...
01 Окт

Мукарамхан Меӊдибаева, жеке ишкер: «19 жашымда ишкерликти баштагам»

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:12 Жарыяланган категория Макалалар
Мукарамхан Меӊдибаева, жеке ишкер: «19 жашымда ишкерликти баштагам»

- Ийгиликке жетүү ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Мен эс тарта электе атам каза болгон экен, алты жашка чыкканда апамдан айрылдык. 7 бир тууган жетим калдык. Мен 6 жашта болсом, менден кийин бир сиӊдим, бир иним бөбөк боюнча кала берди. Турмуштун оор күндөрүн башыбыздан өткөрдүк. 6 жашка чейин апам жакшы тарбия берген экен. Эмнегедир мага аябай ишенчү. Бир жакка жумшаарда да менден чоӊ эжелеримди калтырып «Мира кызым аткарып келет» деп жиберчү. Мага ишенип тапшырган ишин ушунчалык жоопкерчилик менен жыйынтыгын апам көрүп кубансын, мага дагы жакшы кебин айтсын деп майын чыгара кылып келчүмүн. Апам мени чечкиндүүлүккө, өзүмө, күчүмө, аракетиме ишенген кыз кылып тарбиялаптыр. Совхоздо, райОНОдо иштедим. Айлык аз, жетиштире албай 19 жашымда 1 сом акчам жок бир жеӊемди ээрчип Казакстанга коммерция кылганы кеттим. Алгачкы 7-8 айда 29 000 теӊге каражат топтоп, кубанганым али да эсимден кетпейт.

«Жакшы адамдарга туш кылган жашоомо ыраазымын»

- 16 жыл Астанада жашадым. Бул жылдар бөтөн өлкөдө, бизнес жолунда оӊой күндөр болгон жок. Жаштайымдан адамдардын тилин таба билүүгө, аракетчилдикке, чоӊ маселелерди чечүүгө, кандай адам болбосун мамиле түзүп кетүүгө үйрөнгөндүктөн 16 жыл чоочун элде жашап, бутума турдум десем жаӊылышпайм. Ошол учурдагы өз жеримди, бир туугандай элимди сагынганымды азыр эстегим келбейт. Ушул күнүмдү куруу үчүн кыйынчылыктын баарына чыдаш керек болду. Турмуш куруп бир уулдун энеси болдум. Ошко келип бизнесимди уланта баштадым. Аял киши болгондуктан кооздоп кийингенди жакшы көрөт эмеспизби, хобби катары кийим дүкөнүн ачтым. Мындан сырткары ар тармакта соода иштерин жүргүзөм.

Жашоомдо жакшы адамдарга туш болуп келе жатам. Санаалаш дос, курдаштарга, туура жол көрсөткөн, бизнестин жолун жакшы билген «Жаш ишкерлер ассоциациясынын» мүчөлөрү болгон ага-инилерге, ыйман, адалдык, кайрымдуулук жагынан жана турмуштак сабактарды өтүп турган ыймандуу эже-сиӊдилерге жашоомдо бар экенине ыраазы болом. Менин личност катары өзүмдү өстүрүүмө көп себепчи болгон ушул инсандар десем жаӊылышпайм.

«Базарчы аялдар митайым болот деген сөз мени ардантат»

- Базарчы аялдар митайым болот деген сөз мени ардантат. Бул тармакка 19 жашымдан бери аралашып келе жатсам да менин мүнөзүм такыр өзгөрбөдү. Жашыкмын, боорукермин, ажылдаган адамдарды көрсөм сүйлөшүүнү токтотом. Бул мүнөзүмдү билгендер ар кандай жалгандарды айтып алдап көрүштү, алдап көргөнгө аракет да кылышты. Жаш кезимден жалгыз кыйынчылык көргөн үчүн кыйналып турган адамды карап турганга жүрөгүм чыдабайт. Бизнестин жолунда ар кандай адамдарды көрүп, ар кандай кырдаалга туш болосуӊ. Негизгиси эмгегиӊди баалап, мамлекеттик жетекчилер сыйлап жатса кубанат экенсиӊ. Мен сыяктуу аялдар шаарыбызда көп, бул ирет ошолордун арасынан мени тандап алганы үчүн Ош шаардык Кеӊешинин жамаатына жана «Жаш ишкерлер ассоциациясына» ыраазычылык билдирем.

 

Подробнее ...
01 Окт

Ош шаарынын ардактуу атуулу, жеке ишкер Абдиманап Алдаяров: «Бизнесте калп айтуу деген болбойт»

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:10 Жарыяланган категория Макалалар
Ош шаарынын ардактуу атуулу, жеке ишкер Абдиманап Алдаяров: «Бизнесте калп айтуу деген болбойт»

Алдаяров Абдиманап Мирзаевич калаадагы кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан соопчул, эмгекчил меценат. Шаардын өнүгүшүнө салымын кошкон жоопкерчиликтүү ишкер жана шаардын ардактуу атуулу. Шаарда кандай иш чара болбосун активдүү катышып, балдар күнү, карылар күнүн калтырбай колунан келген жардамын берип келет. Көрөгөчтүгүн, аракетчилдигин, менценанттыгын жана шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы туурасында баяндайбыз.

«АлБОНур» деген аталыш уулдарымдын атынан куралган»

Жамандыкты ойлобой, жасаган иштериӊ так болсо көӊүлүӊ да ток болуп кайгы, тынчсыздануу менен эмес, жадыраган маанай менен жүрөсүӊ. Абдиманап Алдаяров ар бир ишине так болгондуктан айрым ишкерлерге окшоп «нервный», каардуу мүнөзгө  ээ болгон эмес. «Банкрот» болом деп ойлобойм. Бир ирет жаӊылышкам, бирок түздөп кеткенбиз» дейт. Жакшы адамды ар дайым жакшы ойлор, жакшылык иштер, жакшы адамдар жана ийгиликтер коштоп жүрөт.

- Бизнесте калп айтуу болбойт. Мен эч качан калп айтпайм, бирөөнү алдабайм. Жашоону чиелештирип, татаалдаштырган бул – жалкоолук менен калпычылык. Булардан арылсаӊ ийгиликке бат жетесиӊ. 1996-жылы «Ошко иш баштаганы жатабыз» деп түрктөр келип, убактылуу жашоого батир издеп жатышыптыр. Ал кезде ар иштин башын баштап жаткан жаныбыз батир алып, аны оӊдоп- түзөп кайра сатып да иштеп жүргөн элек. Орусияга барып, европалык стилде жасалган үйлөрдү көрүп биз да бир батирибизди европа стилинде оӊдоп, жасалгалап койдук. Ишкер түрктөргө биздин ошол батир жагып калып, жашап калышты. Түптөп жаткан филиалыбызга эсепчи керек деп жубайымды жумушка алышкан. Ал кезде мен ПМКнын жетекчиси болуп 700 сом айлык алсам, келинчегим алардын фирмасына киргенде менин айлыгымдан эки эсе көп акча сунушташкан. Азыркыдай таксилер жок болгондуктан келинчегим «түрк ишкерлерди эки жакка ташып турбайсызбы, күнүнө 50 доллардан төлөп берет экен» деп калды. Макул деп кызматтык Волга унаам менен ташып жүрдүм. Бирок мен алардын эсепчи кызматкеринин жолдошу экенимди билишпейт. Алар «Коко-Кола» компаниясынын президенти менен дагы бир кызматкери экен. Мен жактырып калып «Кайда иштейсиӊ, канча маяна аласыӊ?» деп сурап калды. Уялганымдан 1500 сом алам дедим. «Анда биздин компанияда иште, 3000 сомдон төлөп беребиз» деди. Алардын шарты боюнча бир үй-бүлөдөн эки киши иштөөгө болбойт болчу. Анан «силердин эсепчиӊердин жолдошу болом» дедим. «Силер үчүн ушул системаны бузайын, экөөӊөр болсоӊор да иштеп бергиле» деди. Ошентип Кокололанын филиалын курдук. Жалпы түштүк аймагына «коко-кола» менен «фанта» суусундуктары биздин филиалдан таркатылчу. Филиал чакан ишкана болгондуктан акчанын баары Бишкекке кетчү. Yй-бүлөбүз менен ойлонуп «өзүбүз фирма ачалы, финансы жагы өзүбүздөн чечилип, шаарга да салык төлөйбүз» деп 1999-жылы Ал-Алдаяров деген фамилянын башкы эки тамгасы. Б-Болот, О-Өмүрбек, Нур-Нурбек, Нурсултан аттуу уулдарымдын аттарынын үзүндүлөрүнөн курап «АлБОНур» деген аталышта фирма ачтык. Алгач түштүк аймагын тейлеп жаткан учурда шаарга жылына 20 миллион сомго жакын салык төлөчүбүз. «Коко-кола» фирмасы кеӊейип ар бир аймакка фирмасын ачкандан бери биз Ош шаарын гана тейлеп шаарга жылына 10 миллион сомдой салык төгөбүз. Бизден суусундук алабыз деп келишим түзгөнү келген ар бир адамдан патентин талап кылам. Патенти жок болсо жаӊы ачтырам, алар да шаарга салык төгө башташат. Ош шаарынын бюджетине салык төгүүдөн качпайм.

«Кесибим боюнча инженер-куруучумун»

- Ататегим Кара-Кулжанын 1-Май айылынан болот. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу Ильичовский деп аталган Өзбекстанга караштуу айылда төрөлгөм. Союз мезгилинде Кара-Суу деп аталчу. Атам ал жакта фермада иштеген экен. Мен 1-класска барганда Өзгөнгө көчүп кеттик. Балалык кезим Өзгөн районунун Чымбай айылында өттү. Мектепти бүтүп 1974-жылдан 76-жылга чейин Новочеркасский деген шаарда аскердик кызмат өтөдүм. Анын алты айын Монголияда өткөрдүк. Армиядан келген соӊ бир жыл жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдоо курсунда окудум. 1977-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун курулуш факультетине кабыл алындым. 82-жылы жогорку окуу жайды аяктап, инженер куруучу деген кесипке ээ болдум.

- Курулушчу катары шаардагы курулуштарга кандай баа бересиз?

- Каерде курулуш тынбай жүрүп жатса ал жердин экономикасы өсүп жатыптыр деген баа берилет. Ош шаары да ошол жакшы пикирдин ээси болуп келүүдө. Шаардын ирети, көркү, курулуштардын, болгондо да мыйзамдуу курулуштардын жүрүшү боюнча калаа башчысы жакшы иштеп жатат. Бирок мени жеке ишкерлер салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тездик менен бүтүп жатканы көп ойлондурат. Себеби мурда биз 4 кабаттуу үйдү 1 жылдан ашык убакытта араӊ бүтчүбүз. Ар бир материал лабораторияга тапшырылып, ар бир ишибиздин үстүнөн эки-үч топтогу комиссия келип текшерип турчу. Андан сырткары капсула салынгандан кийин бир канча күн кургашын күтүп, анан үстүнө бир канча катар кирпич коюлуп, ал кургагыча дагы бир топ убакыт күтө туруп көп убакытта куруп бүтүрчүбүз. А азыр андай болбой жатат.

 «Жашоодогу эӊ чоӊ ийгилигим өмүрлүк жубайым»

Кыргыздар бардык нерсени бат кабыл алып, өздөштүрүп кеткен калкпыз. Жоктон баштап, азыр чоӊ фирма, анын офистик имаратын куруп, суусундуктарды сактоочу чоӊ кампа, суусундук ташуучу атайын фирмалык авто унааларды алып, куруп чоӊ ийгиликтерге жетишишти. Бул ишти Абдиманап Мирзаевич жубайы жана уулдары менен биргеликте ынтымакта өнүктүрүп келе жатышат. Албетте, эр жигитти ийгиликке түрткөн анын жубайы болот. Жумушка ээрчишип келип, үйгө ээрчишип кеткен бул ынтымактуу жубайларды достору «эгиз козулар» деп атап коюшат. Турмуш кургандан бери жолдошу менен бирге ишкердикти өнүктүрүп, ага катар 5 уулду төрөп, тарбиялап, сырттагы жумушту да, үйдөгү тиричиликти да жүргүзүүгө чоӊ салым кошуп келе жаткан каарманымдын жубайы Жаннат Гаипова жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт.

- 1980-жылы жездем Кара-Суу районуна инструктор болуп келип калды. Ал жерде жубайымдын тайкеси заворготдел экен. Жубайым жездеме жагып калып, кесиптешине «жээниӊди менин кайним менен тааныштырсак окшойт» дептир. Ал кезде учактар Ош-Фрунзеге күнүнө 12-13 рейс каттачу. Жездем келип кал деп чакырды. Бир үйгө апарып, «бир кыз келип чай коет, ошону карап көр» деди. Отурам, кичинекей кыздар эле жүрөт, башка эч ким келбейт. Ошентип Фрунзеге кайра учуп кеттим. Эртеси жездем чалып «эмне болду, жактыбы» дейт. «Эч кандай кыз келген жок, кичинекей эки кыз эле жүрдү» десем. Ошол эки кыздын узунураагы болчу дейт. Көрсө үй кийимчен жүрсө мага жаш кыздай көрүнүптүр. Келинчегим болсо тагасына мени керкейген неме экен дептир. Жездем «эртеӊ учуп кел» деди. Келсем дасторкон жасап алып отурушуптур. Ошондо таанышып, сүйлөшүп калып, 1981-жылы турмуш курдук. 4 уулду татыктуу тарбиялап, үйлөндүрүп жайладык. Неберелерибиздин кучагында бактылуу чоӊ ата, чоӊ эне болуп өмүр сүрүүдөбүз. Менин жашоодогу эӊ чоӊ ийгилигим акылдуу, сабырдуу, билимдүү жубайга туш болгонум. 38 жылдан бери чогуу жашап, чогуу иштеп, кайда барсак бирге жүрүп бир жан болуп калдык десем жаӊылышпайм.

Уулбү Каныбеова

 

Подробнее ...
01 Окт

«Карылар материалдык эмес, моралдык колдоого муктаж»

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:07 Жарыяланган категория Макалалар
«Карылар материалдык эмес, моралдык колдоого муктаж»

БУУнун баш катчылыгы 1990-жылы 1-октябрь күнүн карылар күнү деп белгилеп, расмий майрамдардын катарына киргизген. 29 жылдан бери жыл сайын бул күнү карыларга өзгөчө көӊүл бурулуп, бийлик өкүлдөрү өз белектерин арнап келишет. Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатында 30дан ашуун карылар жашайт. Сырттан барган адамга эле алаканын жайып, батасын берип, алкышын аябайган карылардан кабар алып кайттык. Башкы редакторубуз Бурул  Исмаилова менен бирге Ош шаарынын ардактуу атуулу Абдиманап Алдаяров белектери менен кошо барып, улгайгандардын батасын алды. 

Yмүттүү көз караштар, аруу тилектер…

«Боорукердик» үй - интернаты 2004-жылы январь айында ачылып, шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат. 60 адамга ылайыкташкан интернатта 30 улгайгандар, 30 жаш балдар үчүн орундуктар каралган. Карылар менен балдарды бир үйдө кароо да жөн жеринен эмес. Балалуу болбой жашы өткөндө кароого эч кимиси калбаган аксакал, байбичелер менен ата-энесиз калган балдарды бириктирүү негизги максат. Экөө бири-биринин көӊүлүндөгү кемтигин жамап, эш болор деген чолок тилек. Анткен менен, басууга дарман таппай, бирөөдөн мээрим күткөн карыларыбызга камкордуктан башка эмне керек эле деген ой келет.

 Учурда 30 кары-картаӊ жана 5 жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны 17. Карылар үчүн күнүнө үч маал тамак берилсе, балдарга 4 маал берилет. Такыр тура албай төшөктө жатып калган карылар да бар. Аларды медайымдар тынымсыз кароого алып, дары-дармегин убагында берип турушат. Мамлекет багып, кам көрүп атканы менен мээримге муктаж, назик жандарды сырттан кирип эле байкайсыз. Yмүттүү көз караштар менен карап, аярлуу катмар экенин сездирет. Абдыманап Алдаяровдун белектерин сунуп жатканыбызда эле алакандарын жайып батасын берип кирген карыларды көрүп жүрөк эзилет. «Бактылуу болгула, ата-энеӊер күнүӊөрдү көрүшсүн» дешет.

Рахаткан Абжалова, 66 жашта:

«Бир тууганыӊ  деле карабайт»

- Жаш өйдөлөгөн сайын бирөөнүн колун карап калат экен. Бирөөгө муктаж болуп, колумдан кармаса экен, бир аз жетелесе экен деп. Боюмда жети айлык болгондо түшүп калды. Эгиз балдар эле, андан кийин төрөбөдүм. Жолдошум күчтүү мергенчи эле, ал каза болгондон кийин көчөдө калдым. Yй-жай бар дегеним менен жалгыз башымда жашай албадым. Акыры тааныштар аркылуу ушул жакка келдим. Күн келсе бир тууганыӊ да карабайт экен. Алардын өзүнүн тиричилиги, бала чакасы бар дегендей. Төрт кийимимди салып алып ар тууганымдын үйүнө бара бериш да болбоду. Кара-Суу райондук социалдык фонддо иштеген бир бала «эне, ушинтип ар тууганыӊыздын үйүндө жашап, жаман көрүнбөй карылар үйүнө барыӊыз, ал жерде жакшы карашат, кийимиӊиз бүтүн, курсагыӊыз ток» деп кеӊешин айтты. 2013-жылы «Боорукердик» үйүнө келдим. Жети жылдан бери бир да жолу өкүнгөнүм жок. Тамагыбыз убагында берилет, кийимибиз жуулуп, таза турат. Улуу аксакалдарыбыз, кеп-кеӊешин айтып турушат. Беш убак намазыбызды окуп, орозобузду кармап отурабыз. Карыганда мындан өткөн нерсенин кереги жок. Мамлекетке рахмат, кароосуз калтырбай багып келүүдө. Силердин кабар алып келгениӊерге рахмат, жылмайып тиктеп, абалыбызды сураганыӊар чоӊ дем берет.

Какей Ажыкулова, 82 жашта:

«Өзгө өзүӊдүкү боло албайт экен»

- Өмүр бою мугалим болуп эмгектендим. Кыргыз тил, адабиятынан сабак берчүмүн. Балалуу боло албай ушул күнгө тушуктум. Балам боюмдан түшкөндөн кийин төрөбөс болуп калгам. Бирок, аябай көп жетим балдарды бактым. Тилекке каршы, бирөөсү да боор тартпады. Абалымды сурап койгонго жарашпайт. Ага караганда өзүм окуткан окуучуларым тынбай келип кабар алып турушат. Бул жерге келгениме эки ай болду. Эки ай мурун өзүм багып чоӊойткон өгөй кызым үйдөн кууп чыкты. Чебер элем, үй-тирчилигиме керектелүүчү буюмдарымды бүт өзүм камдам алчумун. Азыр ошол өзүм тиккен төшөк-жууркандарымды ошол үйдөн кууп чыккан өгөй кызым колдонууда. Өзгө өзүӊдүкү боло албайт экен. Качан алдан тайып, үйдүн алдындагы тепкичтен түшө албай, тайсалдап калганымда кууп чыкты. Бир туугандарымдын каршы болгонуна карабай ушул жерге келе бердим. Карылар үйүнө барсам мынчалык кор болбойм деп өзүмө ишеничтүү үйдөн чыгып кеттим. Сезимдерим мени алдабаптыр. Оюмдагыдай эле жашап жатам. Окуучуларым келип турат. Батамды берип, алкышымды айтып отурам.

Зулфия Байвалиева, медайым:

«Көӊүлдөрү назик, ыйлак болуп калышат»

- Аярлуу катмар болгону үчүн көбүнчө камкордукка муктаж болушат экен. Материалдык эмес, моралдык камкордук көбүрөөк керек буларга. Анткени, баладай эле болуп калышат. Yнүӊ өктөм чыгып кетсе да капа болушат. Мүмкүн болушунча аяр мамиле жасап, көӊүлдөрүн алганга аракет кылабыз.Көӊүлдөрү назик болуп, ыйлак болуп калышат. Такыр төшөктө жатып калгандар бар. Убактылуу эле жашагандар анан такай жашагандар болот. 2004-жылдан бери ушул жерде жашаган картаӊыбыз бар. Балдарыбыз мектепке барып келишет. Бир үйдө жатып, тарбияланып калышканга аябай ынтымактуу болуп калышат. Бири-биринен ажырабай жүрүшөт.

Интернатта бардык шарттар түзүлгөн. Тамак-ашы, кийим кечеси бүт баары камдалган. Yч маал тамагын берип, ден соолугун тынымсыз көзөмөлдөп турабыз. Жашы өйдөлөп калган инсандын эӊ алгач ден соолугуна көӊүл бурабыз. Дары-дармектери убагында берилип турат. Балдар эӊ назик тема. Ата-эне мээрими эмне экенин билбей өсүшүүдө. Учурда жети жаштагы бир кызыбыз бар. Аты-жөнү тактала элек, ата-энеси бар же жок экени белгисиз. Мындайда алты ай убакытка камкордугубузга алабыз. Бул аралыкта ата-энеси чыкса кайтарылат, чыкпаса мөөнөтү узартылат.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Подробнее ...
01 Окт

Таланттуу балдарды таптаган “Келечек” балдар борборунда

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:04 Жарыяланган категория Макалалар
Таланттуу балдарды таптаган “Келечек” балдар борборунда

“Келечек” балдардын чыгармачылык борбору мамлекеттик билим борбору болуп эсептелинет. СССР учурунда “Пионерлер үйү” аталган болсо, 1996-жылы “Келечек” деп аталып, 2008-жылдын сентябрь айынан баштап өз алдынча мекеме статусун алып, Ош шаардык мэриясына караштуу жалгыз чыгармачылык борбор. 42 мугалим эмгектенет. Алардын бири маданиятка эмгек сиӊирген ишмер, үчөө маданияттын мыкты кызматкери, ал эми он мугалим билим берүүнүн мыктылары. 3-17 жашка чейинки 1 400 бала тарбияланат.

-Жакыпбаева Аида, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун директору:

“ЮНЕСКОго клуб болуп катталганбыз”

-Мен  ушул жылдын июнь айынан баштап директорлук кызматта болсом, 9 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иштедим. Ош шаарындагы 52 мектептин окуучуларынын баары бизге келип окушат. Биздин борбордон бүтүп, бүгүн кайра эле өзүбүз менен кесиптеш болуп иштеп жаткан, шаарга таанымал, комузчу, ырчы, бийчилерибиз арбын.

Акыркы учурларда аябай көп ийгиликтерге жетиштик. Мисалы, шаар боюнча биринчи Сулайман Тообуз ЮНЕСКОго кирген. А биз экинчиден болуп, 2015-жылы кандидат болсок, 2016-жылы шаардагы жалгыз биз ЮНЕСКОго клуб болуп катталганбыз. Бул биздин башкалардан артыкчылыгыбыз.

Бизде жалпы 17 ийрим бар. Алардын баары акысыз. Бирок, баарыбыз билгендей айлык акы төмөн болгондуктан, ар бир ийримдеги балдардын ата-энелери менен чогуу келишим түзүп, белгилүү бир суммада акча чогултуп, кайра өздөрү ийрим өткөн каананы оӊдоп түзөө иштерин жүргүзөбүз. Ушул учурда гана акысы алынат. 

Биз шаардагы мектептен тышкаркы билим борборубуз. Бардык иш чараларга катышабыз. Бул дагы өз убагында, жетиштүү тарбия берилип жаткандыгынын белгиси.  Себеби шаардагы чоӊ-чоӊ иш-чараларга катышуу үчүн окуу процесси жакшы болуп, сабактар кечиктирилбөөсү кажет. Ошондо гана жыйынтык болот эмеспи. Мекемебиздин ишин дагы алдыга жылдыруу максатында 3 жылдан бери салтка айланып калгандай балдардын ата-энелерине кварталына бир жолу отчеттук концерт уюштурабыз.  Ошол жерден ар бир ата-эне өзүнүн балдарынын талантына күбө боло алат. Ал эми жалпы элге жылды жыйынтыктоочу иш чарабыз катары Ош улуттук драма театрында 2 күн 3-4 сааттык концерт коебуз. Акыркы учурда биздин чыгармачылык борбордун ийгиликтери арбын.

Элдин чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күчөп, ата-энелер балдарын ар түрдүү ийримдерге алып барып жатат. Замандын талабына ылайык чыгармачылык борбордогу ийримдердин саны өсүүдө. Мисалга аталган чыгармачылык борбордо быйылкы жылдын эсебинен

- Гүл өстүрүү

- Авиамодель

- Лепка сыяктуу ийримдер жаӊыдан ачылып, кызыккан окуучулар арбын.

Жылдагыдан өзгөчө болуп быйыл бизде июнь айында жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 50 балага ылайыкташкан 10 күндүк лагерь уюштурдук. Лагердин аягында балдардын ушунчалык ачылганын байкадык.

 ШахматтобунунжетекчисиАшировЖусуп:

“Шахматойжүгүртүүнүөстүрөт”

-Бул жерде иштегениме 3-4 жыл болуп калды. Жети жаштан жогорку балдар келип үйрөнүшөт. Шахмат баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Өзүӊөр көруп тургандай ар бир группада толуп окушат. Азыркы убакта менде 45 окуучу бар. Оюндун өзүнүн методу, теориясы бар ошого карап, жүрүү жолдорун, фигуранын аталышын, кыскасы бардык ыкманы үйрөтөбүз. Атайын китептерибиз, көрсөтмө куралдар бар ошолорду окушат. Yй тапшырмаларын беребиз. Жумасына 3 жолу келип, окушат. Бул окуу бир-эки ай деп чектелбейт, бир жыл деле окуй берсе болот. Окуучуларым ийгиликтерди багындырып келатышат, шаар ичинде болгон турнирлерге  катышып, байгелүү орундарды алып чемпион болгон уул-кыздарыбыз бар. Мен сыймыктанам.

Балдар чыгармачылык тобундагы ийримдер:

- Англис-тили (башталгыч жана улантуучу курстар менен иштөө)

- Информатика (өздөштүрүү, электрондук почта менен иштөө, интернет,башталгыч жана улантуучу курстар менен иштөө )

- Комуз ( жекече, дуэт жана ансамбль менен иштөө)

- “Заманбап” бий тобу

- “Таэлия” бий тобу

- “Виват” бий тобу

- “Арууке” бий тобу

- “Нур” бий тобу

- “Роза” бий тобу

- Кол өнөрчүлүк (сайма саюу, улуттук буюмдарды жасоо, токуу ж.б.)

- Куурчак театры (балдар чыгармаларын жана жомоктордон каармандар менен иштөө)

- Драма театры (алып баруучулукка даярдоо, монологдор, акындардын поэзиясын окуу)

- Вокал, эстрада ( мекен, табият, ата-эне жана патриоттук темадагы ырларды үйрөтүү)

- Каратэ-до (ден соолукту чыӊдоо)

- Авиамодель эркек балдар үчүн

- Гүл өстүрүү

- Шахмат

- Мектепке даярдоо, башталгыч билим берүү

- Сүрөт

- Лепка

 Умарова Макарам, костюмер:

 -Негизи иш убактысы саат 10:00дөн баштап, 17:00гө чейин. Концерт болгон учурларда түнгө чейин калган учурлар болот. Дем алыш күндөрү костюмдар керек болсо алып берем.

Бурулай Камчы кызы

 

Подробнее ...
01 Окт

Икрам Юлдашев, шоумен: “Мугалим болуп окуучуларды тарбияласам дейм”

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:02 Жарыяланган категория Маданият
Икрам Юлдашев, шоумен: “Мугалим болуп окуучуларды тарбияласам дейм”

Сахнада шайыр, жайдары мүнөз, ал эми жашоодо өзүн олуттуу  кармап, токтоо жүргөн “No name” командасынын оюнчусу Икрам Юлдашевдин шоу чөйрөдө жүргөнүнө 10 жылга жакын убакыт болуптур.

-Саламатсызбы, алгач өзүӊүз боюнча кеп сала кетсеӊиз...

-Саламатчылык. Мен Юлдашев Икрам Акрамович 1988-жылы 12-июнда Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында төрөлгөнмүн. Мектепти бүткөн соӊ Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине окууга тапшырганмын. Университетте жыл сайын күз айларында “Шайыр тапкычтар клубу” деп оюн болчу. Биздин факультетте бизден мурун деле “Универсал” деген команда ойногон экен, кайра эле ошол ат менен чыгып, биринчи оюнда эле финалга чыкканбыз. Ошол жылы университеттин чемпиону болдук. Кийин ректордун кубогу ойнотулуп, аябай күчтүү командалардын ичинен жеӊүүчү аталдык. Бирок, ошол кезде “Noname” командасы Бишкекке барып ойноп калган кез эле. Алар “Тамашоунун” филиалын Ошто ачкандан кийин биз балдар менен Бишкекте ойнолуучу оюндан жогорку лигага өтүп, Оштун командаларында күч экиге бөлүнбөсүн деп, биздин балдардын арасынан дагы тандалып отуруп, “Nonameге” Динара Багышбаева экөөбүз кошулдук. Бишкектеги оюндун төртүнчү сезонунун финалында кошулган болсок, ошондон бери биргебиз. Кадыр Жарматов, Мурат Жалиев, Эмил Токтошев биздин устаттарыбыз болот. 

- Жакында эле уулду болупсуз, куттуктайбыз! Дегеле, үйдө кандай атасыз? Балдарга кандай тарбия берүүнү башка ата-энелерге да сунуштайт элеӊиз?

-Рахмат. Бир кыз, эки уулум бар. Чындыгында, алардын тарбиясына көбүрөөк апасы кам көрөт. Менин аларга жакындыгым билинеби, айтор мага көп эркелешет. Бирок, кандай ата экенимди балдардан сураш керек экен, өзүмө-өзүм баа бере албайм да. А тарбия жаатында баланын көбүнчө динден маалыматы болуп чоӊойсо дейм. Кийин кыйналбастан алып кетиши үчүн жөнөкөйүнөн татаалына карап үйрөтүп барабыз. Анан дагы балага мүмкүн болушунча шарт түзүп берүүгө аркеттенишибиз керек. Себеби көӊүлү ток чоӊоет, конокко барганда да башка балдардан буюм же тамак талашып, тынчыӊыз кетпейт. Келинчегим да теология факультетин бүтүп, докторантурасын  Түркиядан окуп келген. Анын илими жогору болгондуктан, балдардын тарбиясы маселесинде ага ишенем.

-Дин деп калдык, дин тыюу салган нерселерге баш иесизби?

-Ар бир адам ката кетирүүчү да, катасыз бир Жараткан. Майда-чүйдө күнөөлөрүбүз көп, бирок, дайыма көзүбүзгө көрүнүп турган тыюулардан качканга аракеттенем.

-Теологияда окуган болсоӊуз түрк тилинде сүйлөй алсаӊыз керек, канча тилди билесиз?

-Теология факультетинде окуганда бир жыл Түркияда окуганбыз. Андан кийин келинчегимдин докторантурасы себеп болуп, 5 жыл жашап да калдык. Ошондуктан өзбекче, кыргызча, түрк тилинде эркин сүйлөй алам. Казакча, орусчаны билип калдым. Тажик тилин Россияда жүрүп үйрөнгөнмүн. Ал эми араб тилин 40% билем десем да болот.

-Ар кесиптин ээлери бакытты ар кандайча түшүнөт да, сиз үчүн бакыт деген эмне?

-Байбы, кедейби, ден соолугу чыӊбы же жокпу, айырмасыз, эӊ негизгиси Алла Таала буюрганды жасап, тыюуларынан тыйылып жашаган адамдарды бактылуу деп эсептейм. Ушул бир эле нерсени айта алам.

-Эл адамдарынын жашоосу баары бир кызык болсо керек. Кызыктуу же ыӊгайсыздык жараткан, унутулгус окуялардан бөлүшсөӊүз?

-Суроо берген учурда эстөө аябай кыйынга турат. Бирок, дайыма достор менен отурганда эстеп, күлүп отурмай адатыбыз бар. Ар бир нерсенин күӊгөй-тескейи болгондой эле кыйынчылык жараткан учурлар да көп болот. Мисалы, кечээ Ала-Букага тойго барып, жолдо келатып бир аз уктап келдик. Кайра эле бүгүн инибиз үйлөнүп, анын жакшылыгында кызматтабыз. Мына ушул сыяктуу жолдо өмүр өтүп кетет. Yйгө келсеӊ балдарыӊ уктап жаткан болот, а эрте менен сен уктап жатканда балдарыӊ мектепке кетишет.Yй-бүлөӊ сени аз көрөт, бул тарабы албетте, жаман.

-Жумуштан тажап, мамлекеттик жумушка орношсом деген учурлар болобу?

-Билим берүү министрибиз Каныбек Исаков жаӊы дайындалбадыбы. Кудай буюруп мектептерге “дин таануу” деген сабакты киргизип калса, мектептеги балдарга алган билимимди пайдаланып иштейт элем. Себеби жаштар менен иштешкенди жакшы көрөм.

-Учурда тамашоучулар кино жаатына ыктап баратышат. А сизди дээрлик көрбөйбүз, киного сунуштар болобу?

-Киного тартылууга сунуш бир эле жолу болуп, “1+1=3”  деген киного тартылганмын. Азыр тамашоунун балдары биригип, чет жактарга чыгалы деп пландап жатабыз. Казакстан, Өзбекстанга барып келдик. Эми мындан ары кыргыз юморун башка өлкөлөргө да тартуулагыбыз келип жүрөт.

-Алгач Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулуп, андан соӊ коӊшу өлкөлөргө да чыгып келдиӊиздер. Сиздин баамыӊызда кайсы мамлекеттин оюнчулары алдыда?

-Ким укпасын, баары бир өзүнүн командасын мактап жатат деп ойлойт. Бирок, биздин балдар чындыгында мыкты оюн көрсөттү. Себеби, биз Казакстанда казак тилинде, Өзбекстанда өзбек тилинде ойноп, элди таӊ калтырдык. Тил жагынан  алардан ат чабым алдыда экенбиз.

-Эгер сизде кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү болсо кандай адам болмоксуз?

- Эгер ошондой мүмкүнчүлүк болуп калса, шаардын сыртында, мал багып айылда жашаган адам болмокмун. Тынч, сөздөн алыс, интернеттен алыс болуп, үй-бүлөм менен тиричилик кылып, эч кимге таанылбай жыргап жашамакмын. 

-Адам баары бир өзүн таразалай билет эмеспи. Мисалы, сиз өзүӊүздүн кызыӊызга өзүӊүздөй жолдошту ыраа көрөт белеӊиз?

-Мен миӊ жаман адам болсом да, үй-бүлөмө Кудайым мээр берип койгон. Аялымды, ата-энемди сыйлап турам. Жадакалса менин көзүм өтүп кетсе булар кантет деп да чочулап турам. Ошондуктан, мага окшогон күйөө балам болсо жакшы, бирок, чачы болсун (күлүп).

-Жаштарда патриоттуулукту кантип күчөтсөк болот?

-Бизде “президент Кыргызстанды өнүктүрүш керек, депутаттар жашообузду өзгөртүп жибериш керек” деген ой сиӊип калган да. Ар бирибиз алгач өзүбүздөн баштасак. Өнүгүүгө  аракет кылсак, эл башчыбыз деле, эл өкүлдөрү деле өнүктүрүүгө аракеттенишет, иштешет. Өлкөбүздө баары бар. Суу, тоо, кен байлыктар, жер. Ошону пайдалана алышыбыз керек. Биздин өнүгүүбүз үчүн 10 же 20 жыл керек эмес. Биз 1 жыл ичинде өнүгө алабыз. Эгер паракорчулукту жоюп, таза иштеп, ынтымактуу болсок.

- Кыргызстан үчүн кандай пайда келтиргиӊиз келет?

- Азыркы учурда өлкөбүздү башка элдерге КВН аркылуу таанытып жатабыз. Каржы жагынан пайдам тийбейт, аны билем (күлүп). Жаштар менен көп ишетерди жасап, мектепте мугалим болуп, мекенчил окуучуларды тарбияласам дейм.

-Рахмат. Ишиӊизге ийгилик каалайбыз.

Бурулай Камчы кызы

Подробнее ...
01 Окт

ӨЗГӨРYY ЖАНА ӨНYГYY ӨӉYТТӨРY

Автор Бекмурат Вторник, 01 Октябрь 2019 05:01 Жарыяланган категория Саресеп
ӨЗГӨРYY ЖАНА ӨНYГYY ӨӉYТТӨРY

Мурдагы президент  Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы Кыргызстандын соӊку жылдарындагы гана эмес, жалпы эле чейрек кылымдан ашуун убакыттан берки  эгемендик доорундагы коомдук-саясий турмушубуздун урунттуу окуясы, мурда болуп көрбөгөндөй жаӊы бурулушу катары карап-багылаары шексиз.

Муну азыр  көптөгөн талдоочулар тири укмуштай жегич-коррупционер жетекчилердин, байлыкка эптеп жетүү үчүн бардык кылмыштарга барууга даяр туруп,  баарын сатуудан ныпым кайра кайтпагандардын өлкөсүнө айланып бараткан Кыргызстаныбыз жараткан жалгап жакшы жолго  бурула баштагандыгынын айкын белгиси катары  карап жатышканы бекеринен эмес . Кандай болгондо да, өлкөбүз өнүксүн десек, өзүбүз да өзгөрүшүбүз керектигин унутпайлы. Өнүгүүнүн диалектикасы дал ушуну талап кылаары белгилүү.

ОРДУНАН ЖЫЛБАГАН ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ ЖОК

Ооба, өзгөрүү жана ага жараша өнүгүүдө эч тыным жок. Кыргызстандагы саясий тилкедеги чоӊ-кичине кыймылдар, өзгөрүүлөр бир жарым жылдан бери мурдагы президент Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин жосунсуз кылык- жоруктарына жараша бааланып келгени ырас. Бирок.  муну аягына чыкты деп айтууга али алда канча эрте. Алдыда Атамбаевди мыйзамдын чегинде сот жоопкерчилигине тартуу иши турганы маалым. Бул бир кыйла убакытты талап кылуучу процесс экендигин айтып олтуруунун кажети жок. Мында кеп мурдагы президентке карата тагылып жаткан айыптоолордун  саны менен сапатында эле жатпагандыгын да эске алуу зарыл. Атамбаев азыркы учурда тергөө жана соттук териштирүү мыйзамсыз болуп жатат деген принципти кармануудан  кайта элек жана  кайтаарынан үмүт кылууга негиз бербей келүүдө.  Мыйзамды тааныбоо же мыйзам жоболорун билбей калуу мыйзамдык жоопкерчиликтен бошотпойт деген норма бар. Атамбаев аны эсепке алабы-албайбы, белгисиз. Ал буга чейин сот жоопкерчилигинен азыркы бийликке каршы элди көтөрүү жолу менен кутулуп кетүүдөн үмүттөнүп келгенин болжоого мүмкүн болсо, мындан арычы?  Атамбаев албетте Эл аралык сотко кайрылуудан да кайра тартпайт дегендерге ишенип туруу ашыкчалык кылбайт.Ага азыр убакытты кандай гана жолдор менен болсо да мүмкүн болушунча созуп олтуруудан өтөөр ынгайлуу жол калбагансып турганын болжоо кыйын эмес. Андыктан, биздин өлкөнүн бүгүнкү сот системасы Атамбаевдин ишин кароодо кылдан болсо да кыйкым издеп көрүүгө эч кандай  жол калтырбоого милдетүү. Сот системасы ошол аракеттери аркылуу гана Атамбаевдин тушунда ого бетер түшүп кеткен абийирин кайсыл бир даражада кайра тикелеп алганга мүмкүнчүлүгү бар экенин эстен чыгарбасак.  

«АК» ЖЕ «КӨК» ДЕБЕГЕН АКСАКАЛДАР, ИЧИМ ТАП ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ

«Акыркы кездерде Атамбаев эч кимди көзүнө илбей, өзүн кудай сезип, бийликти теӊине албай, мыйзамдуулукка ээ-жаа бербей, бийликти да тоготпой, өз билгенин жасап келди. Бир көчөнүн жиндиси болсо деле, айылдын аксакалдары тыйып койчу эле. Биздин  Кыргыз Республикасынын Баатырлары, «Манас» орденин алган атактуу адамдарыбыз, биздин интеллигенциябыз Атамбаев Кой-Ташта жатып алып, элибизди түндүк-түштүк кылып, экиге бөлүп жатканда, ныпым сөз айта албай коюшту. Биздин коркок, мажирөө интеллигенциябыз Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин дооорунан бери страустай кумга баштарын катып, мындай терс көрүнүштөргө өз пикирлерин айтпай, мококтугун көрсөтүп келишет, Интеллигенциябыз тап душманынан да жаман болуп кетти. Мамлекеттин тагдыры кылдын учунда турган кезде, башын көтөргөн илим-билимдүүсү элге кайрылып үн катып, Атамбаевге окшогон журт бузарларды тыйып койгонго да жарашпады. Кыргыз эллине башы көрүнгөн бирөөсү  элдин арасынан суурулуп,» Алмаз Шаршенович, элди экиге бөлүп туура эмес иш кылып жатасыз! Элди бөлгөндү токтотуӊуз!» деп бет маӊдайынан оро-пара чыгып чындыкты айткан кашкөй бирөө чыга албады. Улутубуздагы эӊ жаман сапат, бул кайдыгерлик! Биздин элибиздин трагедиясы мына ушул жерде жатат. Атамбаев кайрадан бийликке келип калат дешип, ага сын айтып, сүйлөгөндөн коркушту» деп  баса белгиледи жакында  белгилүү публицист Бекен Назаралиев «Жаӊы ордо» гезитиндеги макаласында.  Аксакал-көксакалдарынан мындай ачык пикир чыкпагандыгы, алардын тымпыйып, унчукпаган пейил күткөнү Атамбаевди башынан бери эле шердентип-күүлөнтүп келгенин байкоо анча деле кыйынга турбайт. «Унчукпоо-макул болуунун белгиси» деп орустар туура айтышат.

БИЙЛИК ОППОНЕНТИ БИЛИНЕБИ?

Азыр бийликкке билек түрө сес көрсөтөөр күчкө ээ деп эсептелген оппозиция деле жоктой туюлганын жашырууга болбойт.Расмий бийлик менен  кырчылдаша  күрөшүүгө тийиш  болгон радикалдык күчтөрдүн катары биздин өлкөдөн да акырындап суюлуп жана четке сүрүлүп баштагансыйт.Ушунун өзү биздин өлкөдө да бийлик талашуунун белгилүү бир даража-деӊгээлдеги саясий маданияты калыптана баштаганынан кабар бергенсийт.

 Расмий бийликке карата оппоненттердин радикалдашуу градусу чындап келгенде дал ушул Атамбаевдин доорунда чыӊалганын айтпай кеткенге мүмкүн эмес.  Кызыгы, Атамбаевдин алгач премьер-министр, андан кийин президенттик мезгилинде да анын  башкы бийлик оппонентинин ролун Өмүрбек Текебаев ойногондугу  маалым. Алгачкы ажо Аскар Акаев төӊкөрүштүк толкундун айынан өлкөдөн качып чыкканда, ошол кездеги ЖК спикери катары убактылуу болсо да президенттин  милдетин аткарууга тийиш деп эсептелген Өмүрбек Текебаев Акаевдин артынан Москвага чейин учуп жетип, Акаевдин президенттик кызматтан  чегингени туурасындагы арызын алып келгендигине карабастан, президенттик пост Бакиевге тийип, Текебаевдин жогорку бийликке жетүү планы бырын-чырыны чыгып талкаланганына баары күбө өткөн. Президент болсом деген кыялдануусу  Өмүрбек Чиркешовичти 2010-жылкы бийлик төӊкөрүшүндө да ээ-жаа бербей ээлеп алганын болжоого мүмкүн.Бул ирет да президент болом дегендер өтө көп эле. Текебаев республиканы парламенттик башкаруу формасына формалдуу ганатейде өткөргөн Баш мыйзамды ошондой кырдаалда жазууга аргасыз болду.

Убактылуу Өкумөттүн ошол кездеги бир эсебине ылайык, президент болуунун Атамбаевден кийинки нөөмөтү Текебаевге тиймек.Ал нөөмөттү Атамбаев кантип бузганы жана ошол себептен Текебаевдин кантип камалганы азыр баарына белгилүү. Президенттик кызмат учурда Текебаевди кызыктырабы же кызыктырбай калдыбы, айтуу кыйын. Бирок, Атамбаевдин президенттик мезгилинде  азыр «сасий туткундар» деп аталып жүргөн саясатчылардын арабөк тагдырларындагы кээ бир кырларына Текебаев кошкон салымдар да аз эмес экендигин калыстык үчүн белгилеп кетүүгө туура келет.

ТИЛ АЗАБЫ: БАБАНОВ ЖАНА МАДУМАРОВ

Кызууланып алган айрым бир учурларда алды-артын ойлонуп-ойлонбой  сүйлөп алгандын азабын тарткандардан мурдагы президент Атамбаев жалгыз эмес.  Саясатта  көбүнчө тил безегендиги менен гана атагы таш жарып жүргөнсүгөн Адахан Мадумаровду  билбедик, бирок өткөнкү президенттик жарышта  талапкер Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабавнов тилдин азабын куп тартып калганын баары билет.Тилде сөөк жок деп коет кыргызда, абайлап сүйлөө керектигин ар бир эле саясатчы эске тута жүргөнү эп. Мындай калыс эле эскертмелерге  Адахан Мадумаров деле кулак түрө жүргөнү  эч бир зыян алып келбейт. Ачуу тилдин  азабын тартуунун анча-мынча мисалын Адахан Кимсанбаевич тээ Акаевдик мезгилде эле көрүп баштаганын белгилөөгө болот.  Танаев шайлоолордун биринин алдындагы жашыруунжыйында: "Абайлагыла, эгерде дакен короздой болгон Мадумаровду бийликке өткөрүп жибере турган болсок, анда ал баарыбызды электр мамысына…  аялуу бир жерибизден асып чыгат!" деп күйпөлөктөнө айтып алганы бар. Андан бери канча заман алмашты, бирок Мадумаровдун расмий бийликке карата  чачыла турган ачуу заары күнү бүгүнкүдөй сакталып келаткансыйт. Бирок, бүгүнкү реалийлер улам жана ылдам өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын байкоо да кыйын эмес. Кыргыз сясатынан  кырк эмчек салу, убадаларга кекиртегинен тойгузуу сыяктуу жапайы демократиянын жалпак ыкмалары  кетип бүтөйүн  деп калганын  эске ала жүрүү эч кимге ашыкчалык кылбайт.  Келерки парламенттик шайлоодо да  «Бүтүн Кыргызстан» партиясы лидеринин күйдүргү тилинин кесепетинен гана парламентке өтпөй калды» деген жаман сөзгө калбоосу керек.  Мадумаровдун азыркы парламентке да, президкетке да карата  айтып жүргөн ачуу сындарынын кесири бүткүл партияга тийбеши лаазым.

Абдираим  МАМЫТОВ.

 

Подробнее ...

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Октябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved