• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
23 Сен

Жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:35 Жарыяланган категория Макалалар
Жаштар жана өспүрүмдөр спорт  мектебинде

Ош шаардык дене тарбия жана спорт  комитетинин Айбек Камалов жетектеген жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектеби бар. Акжол Махмудовдой болгон чыгаан спорт чеберлерин чыгарган мектеп спорт комитетинини карамагына 2004-жылы өткөн. Жыл сайын тандоо турун өткөрүп, биринчиликке жетишкен балдарды акысыз турнирлерге алып барышат. Мекенчил, патриот жигиттерди тарбиялаган спорт мектептин босогосун аттап, пландары, ийгиликтери менен таанышып кайттык.

Айбек Камалов, мектеп жетекчиси:

«Спорттун тогуз түрү менен машыктырабыз»

- №2 жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун тогуз түрү  боюнча машыгуу болот. Грек-рим күрөшү, эркин күнөш, самбо, дзюдо, каратэ, таэквондо, тогуз коргоол, ордо жана улуттук күрөш. Булар дагы өз-өзүнчө бөлүнөт. Мисалы, эркин күрөштө кыздардын да тайпасы бар. Самбо спорттук самбо жана күжүрмөн самбо деп экиге бөлүп машыктырылат. Дзюдодо, каратэде, ордодо да экиден тайпа бар. Жалпысынан 61 машыктыруучу эмгектенет. Ал эми спортчулардын саны 1318. Атайын кызматтык штат жок. Бирок, агайларыбызды суранабыз, спортко кызыккан жаштарды машыктырып бериӊиз деп.

«Бардык спорттун түрүнөн чемпиондорубуз бар»

- Быйылкы жылдын акыркы алты айындагы эле жыйынтыкты айтып берейин. Негизи, биздеги спорттун бардык түрүнөн чепиондорубуз чыгууда. Мисалга алсак, грек-рим күрөшү боюнча Нурлан Нуранов башкы машыктыруучубуз менен кошо 11 машыктыруучу бар. Жыл башында чоӊдор арасында КРнын биринчилиги өтүп, Ош шаарынын курама командасынын мүчөсү Эрбол Базиев 3-орунду ээлесе, Талас шаарында өткөн эл аралык мелдеште Жантөрө Мырзалиев 48 кг.салмак арасында биринчи орунду алган. Апрель айында Душанбеде өткөн турнирде үч спортчубуз үчүндү орунду ээлеп келген. Эркин күрөш боюнча 9 машыктыруучу эмгектенет. Башкы машыктыруучусу Канат Сатаров. Апрель айында Түркияда өткөн турнирде И. Хажымуратов аттуу спортчубуз биринчи орунду алып келди. Самбо боюнча 5 машыктыруучу эмгектенет. Башкы машыктыруучубуз Акжол Анарбаев. Бул спорттун түрү боюнча да республикалык жана эл аралык турнирлерде биринчи орунду багындырган спортчулар көп.

«Тогуз коргоолдо ийгилик жараткан жаштар»

- Негизинен, спорттун кайсы түрү болбосун балада кызыгуу болсо алып кете алат. Маанилүүсү - баланын кызыгуусу болуусу шарт. Тогуз коргоол боюнча ийгилик жараткан жаштар көп. Башкы машыктыруучу Азизбек Дүйшөнкул уулу. Ушул жылдын март айында Талас шаарында мектеп окуучулар  арасында эл аралык мелдеш болуп өттү. Биздин мектептен курама командасынан Айдайкан Токтогул кызы, Азема Эсеналиева жана Изатуллах Арапов биринчи орунда алса, Афтандил Атаканов деген балабыз 3-орунду ээлеп келишти. Бул балдар биздин сыймыгыбыз. Менин эӊ негизги максатым жаштарды спортко тартуу. Тагыраагы, шаардагы спорт залдарды толтуруу. Дегеним, жаштар бүгүнкү күндө бекер жүрбөшү керек. Спорт – эӊ пайдалуу жана керектүү нерсе.

 «Машыктыруучуга ишенгенде гана ийгилик жаралат»

- Биздин мектептин өзүндө 11 спорттун мыктысы болгон машыктыруучулар эмгектенет. Машыктыруучуга өзгөчө көӊүл бурулуусу керек. Анткени, спортчу өзүнүн машыктыруучусуна ишенмейин спортчу боло албайт. Ишенип, айтканын аткарганда гана ийгиликке жетет. Мисалы, кээ бир балдарын спортко тарткан ата-энелер кандай кырдаал болбосун баласы үчүн чечим чыгарууда машыктыруучусу менен кеӊешет. Менин практикамда да көп болгон. Кыймыл аракети өзгөрүп бара жатса же болбосо жөнөкөй кесип тандоодо мени менен кеӊешкен ата-энелер бар. Бул нерсе мени кубандырат. Анткени, спортчу бала өзүнүн тренерине ишенет. Спортчулардын машыктыруучусуна окшоп калуусу ошондон.

«Спортту жөнөкөй бала тандабайт»

- Спорт бул өзүнчө бир идеология. Бала аны жаштайынан кабыл алып, өздөштүрүп кетиши жакшы. Төрт-беш жашынан баштап эле спорттун бир түрүн тандаган балдар бар. Спортту жөнөкөй бала тандабайт. Сөзсүз кайсы бир нерсеге жөндөмдүү, табиятынан спорт сүйүүчү болот. Мени кубандырганы бүгүнкү күндө ата-энелер өздөрү балдарын спортко тартып, жаштайынан беришет. Себеби, баланы учурда терс жактардан алагды кылып алып калуу кыйынга туруп калды. Ошондуктан спортко жаштарды көбүрөөк тартуу заман талабы.

«Мектепке кабыл алуу жыл бою жүрөт»

- Балдарды спортко тартуу башкы максатым болгондой эле балдарды мектепке кабыл алуу жыл бою жүрөт. Белгилүү бир убакыт коюлган эмес. Спорттун түрүнө, жаш өзгөчөлүгүн карап кабыл ала беребиз. Баланын ден соолугуна сөзсүз көӊүл бурулат. Кээде спортко кызуугусу күч, бирок ден соолугу начар балдар келет. Аларга акырындан машыгууларды жазып жатып, ден соолугу калыбына келишин күтөбүз. Бала даяр болгондо машыгууну баштайбыз. Шаардагы 9 спорт залы менен ишетешебиз. Аларга биздин жогоруда айткан 1318 спортчубуз барып машыгат. Мындан сырткары, машыктыруучуларыбызда кошумча машыккан балдар бар.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
23 Сен

Орусиялык конок мугалимдер: “Ош шаары, Оштун эли жакты бизге”

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:33 Жарыяланган категория Макалалар
Орусиялык конок мугалимдер: “Ош шаары, Оштун эли жакты бизге”

Август айынын соӊунда Россия Федерациясынан 17 мугалим Ош шаарынын мектептерине тажрыйба алмашуу максатында келишкен. Алардын басымдуу бөлүгү орус тили, математика жана башталгыч класстардын мугалимдери. Конок мугалимдер жыл аягына чейин Оштун мектептеринде сабак беришет.

 Авазбек Асанов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы:

 “Конок мугалимдердин чыгымын депутат Азамат Арапбаев каржылоодо”

-Учурда Ош шаарындагы мектептерде Россиянын түрдүү аймактарынан келген 17 мугалим атайын бир жылдык келишимдин негизинде эмгектенип жатат. Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Президенттеринин жолугушуусунда бул маселе каралып, эки мамлекеттин Билим берүү министрлигине тапшырма берилген. Негизинен 30 мугалимдин келүүсүнө сураныч кат берген элек, тилекке каршы, 17 гана мугалим келди. Ал эми мугалимдердин келүүсүн “ИнтерДом” коомдук фонду уюштуруп берди. Алардын келип, кайра кетүү жол акыларын, жашаган батирлерин ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев каржылап жатат.

Иштин максаты: Биринчиден, мугалимдердин жетишпестиги, айрыкча окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде. Ал эми экинчи максатыбыз - Россиянын билим берүүсүндө өзүбүзгө өрнөк ала турган тараптары болсо, аны жайылтуу. Баса белгилеп кетүүчү нерсе мугалимдер жаштар эмес, баары тажрыйбалуу, көп жылдардан бери иштеп, дасыккан мыкты адистер.

Зифа Нургалиева, орус тили мугалими:

“Кыйынчылыкты сездирбей жардам берип жаткан жамаатка ыраазычылык”

- Ош шаарына Россиянын ар кайсы аймагынан чогулган мугалимдер гуманитардык долбоордун негизинде келдик. Бизди билим берүү кызматкерлери тосуп алып, эӊ сонун шарты бар батирлер менен камсыздашты. Азыр №19 Т.Г.Шевченко атындагы өзбек тилдүү мектепте иштеп жатам. Мектеп кооз, барганыӊда эле бак-дарактарды, көп түрдүү гүлдөрдү көрүп суктанасыӊ. Учурда класс жетекчилик милдетин аркалап жаткандыгым үчүн журналдарды толтуруу менен иш кызуу. Кыйынчылыкты сездирбестен мага жардам берип жаткан жамаатка, мектеп директору Сабохон Каримжановна, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Насиба Исраиловага ыраазычылыгымды айтам.

“Бул жагдай мени таӊ калтырды”

-      Мектепте ар күнү эрте менен окуучуларга чогулуш өтүлөт да, колдорун көкүрөктөрүнө алып, мамлекеттин гимнин ырдап, ирээти менен тизилип киришет. Нөөмөтчү болгон мугалим 3-саатта ар бир класска кирип, окуучулардын тазалыгын, формасын, катышуусун текшерет. Албетте, бул жагдай мени таӊ калтырды.

“Оштун аба ырайы да, жүрөгү да жылуу шаар экен”

-Эми шаар жөнүндө  айта кетпесем болбос. Оштун аба ырайы да, жүрөгү да жылуу шаар экен. Адамдары меймандос, мамилеге бекем, анан сулуу болушат тура. Айтор, сезимдер өзгөчө, негизгиси бул жер мага абдан жакты. Мындан ары да кыргыз үчүн эмнелер кызык болсо, алар тууралуу билүүгө аракет жасайм. 

 Разия Фазлетдинова, башталгыч класстардын мугалими:

“Башкыр балдар менен кыргыз балдарынын айырмасын көргөн жокмун”

-Биздин келгенибизге бир айга жакын убакыт болду. Азырынча эч кандай кыйынчылык туула элек. Себеби, жашоочулар дайыма ачык маанайда жүрүп, конокторго жардам берүүдөн баш тартышпайт экен. Окуу жылы башталарда шаардагы №17 Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясына бөлүндүм. Баары бизди кубануу менен тосуп алышты. Мектептеги окуучуларым болсо, аябай кичинекей, жүрөгү таптаза балдар. Азыр мен аларга, алар мага көнүп жаткан учурубуз. Бала-бакчаны жаӊы эле бүтүрүп келишкендиктен орусча эркин сүйлөшөт. Башкыр элинин балдары менен кыргыз балдарынын айырмасын көргөн жокмун. Кыргыз балдары менен иштешүү мага өзгөчө жагып жатат.

Альфия Шарипова, математика мугалими:

“Ошто экендигибиз мени кубандырат”

-Башкортостандан келип, окуучуларга математика сабагынан билим берип жатам. Өзүмдүн кесибимди, ага кошумча саякаттоону жактырам. Чет жактарга чыгууну кыялданып жүргөнүмдө ушул долбоорго катышып калдым. Бул жакка келүүмдү хоббим менен алектенип жатам десем да болот. Болгондо да Орто Азиядагы эӊ байыркы шаарлардын бири Ошто экендигибиз мени кубандырат. Себеби климаты жагымдуу экен.

“Азыр биз жөн гана келдик, эми жыйынтык көргөзөбүз”

-Учурда Оштогу М.Горький атындагы мектеп-гимназиясында иштеп жатам. Дайыма сабактан кийин окуучуларым: “Сабак үчүн рахмат”деп чыгып кетишсе, абдан толкунданып кетем. Азыр биз жөн гана келдик, эми жыйынтык көргөзөбүз.

Гульшат Исмагилова,  орус тили мугалими:

“Орус тилинде эркин сүйлөй алгандар арбын”

-Биз Ош жана Россиянын Иванов шаарларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде келдик. Бул долбоордун аталышы “Россотрудничество”. Тагыраагы, эӊ мыкты 17 мугалимди тандоонун негизинде алды десем да болот. Келгенден кийин №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясына бөлүндүм. Орус тили жана орус адабияты сабактарынан билим берип жатам. Кыргыз тилдүү, мусулман өлкөсү болгону менен орус тилинде кенен сүйлөй алгандар арбын. Албетте, арасында такыр сүйлөй албагандары да бар. Окуучулардын ар биринин өзүнө жараша деӊгээли болот деп өзүмдү даярдап келгенмин. Ошондуктан, эч нерсе таӊ калыштуу эмес, окуучулар баары бир окуучу да.

“Дагы бир жылга калмакмын”

-Келгенге чейин Кыргызстанды билчү эмесмин. Мугалимдер тандоо турунан өткөн соӊ интернет аркылуу бул шаар менен тааныштым. Кыргыз эли ачык-айрым, өзгөчө таӊ калтырганы эч качан шашылбай жүрүшөт экен. Негизгиси Ош мага аябай жакты. Эгер ден соолугубуз болуп, жамаатка көрсөткөн жыйынтыгым менен жагып калсам, албетте, дагы бир жылга калмакмын.

 (Тактоо: Гезитибиздин №27 санындагы “Мугалимдердин август кеӊешмеси өттү” деген макаладагы “Ош шаары республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 3-орунда” деген сүйлөмдү “Ош шаары өлкө боюнча 2-орунга ээ болгон деп түзөтөбүз).

Бурулай

Камчы кызы

Подробнее ...
23 Сен

Ош шаары кышка толугу менен даяр

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:31 Жарыяланган категория Ош шаары
Ош шаары кышка толугу менен даяр

Дагы эки айдан соӊ кычыраган кыш. Өлкө боюнча кышка камылга көрүлүп жаткан учур. Ош шаарынын кышка даярдыгы тууралуу вице-мэр Асылбек Топчубаев кеӊири маек куруп берди.

- Асылбек Аманович,  алгач бүгүнкү күндө Оштун кышка даярдыгы кандай деген суроодон баштайын.

- Негизинен, кышка даярдануу жыл бою жүрөт. Бул токтотулбайт. Алсак, көмүр ташуу иштерин 100% биз аткарбайбыз. Ар бир кварталда бизге керектүү көмүр алабыз да, калган бөлүгү турат. Калганын кийинки кварталда ташытабыз. Ошондой цикл айлана берет да, жыл бою кышка даярдык жүрөт дегеним ушундан. Мисалы, «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында бир сезонго жалпысынан 13 миӊ тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күндө биздин кампага дээрлик 12 миӊ тонна көмүр түшүрүлдү. Калган миӊ тонна көмүрдү атайын түшүрбөй турабыз. Себеби, сезондо кыш жеӊил болсо бизге ал миӊ тоннанын кереги жок болуп калышы мүмкүн. Кийинки жылга калтырып коебуз. Январь, декабрь айларында эле көмүрдүн жетер-жетпеси билинип калат. Эгер 100% даярданып алсак, кыш жеӊил болуп калса анда миӊ тонна көмүрдү кайра кайтарууга туура келет. Себеби, жайында турса көмүр күйүп калып  сапатын жоготот. Кышка 90% даярбыз дегенибиз ушул. Негизи бүгүнкү күндө Ош шаары толугу менен даяр. Атүгүл атайын түзүлгөн комиссиясынын текшерүүсүндө түштүк аймагы боюнча Ош шаары биринчиликти алып, мактоого татыды.

- Калк ичинде кышка даярдык кандай?

- Бизде муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы бар. Жылуулук электр борбору же «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы күмөндүү болгон көп кабаттуу үйдү текшерүүнү аталган ишканага тапшырышат. Корутундуга ылайык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы өткөргөн ремонт иштерине кеткен чыгымдарынын 50%ын жашоочулар төлөшү керек. Мисалы, жер төлөдөгү элеватор бузулуп калган болсо жана дагы башка иштер. Бүгүнкү күндө бузулган жылыткычтар толугу менен оӊдолууда. Шаардагы ар бир көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсү текшерүүгө алынат. Yстүбүздөгү айдын онунан баштап гидравликалык сыноо жүргүзүлүп башталды. Шаар боюнча үч-төрт жерде суу атып чыгып кетип, учурда оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Сыноо учурунда суудагы басымды эки эсе көбөйтүп беришет. Себеби, жараксыз, чирип калган жерлерди суу жарып чыгып кетиши керек. Анан ал жери кайра оӊдоп-түзөлөт. Учурдан пайдаланып шаар жашоочуларына кайрылып кетким келет. Гидравликалык сыноо жүргүзүү боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берилген. Андыктан ошол аралыкта үйдө болуп турууӊуздарды өтүнөбүз. Анткени, радиатордун чирип кеткен жерлеринен суу жарып чыгып кеткенде бизге кабар берип, оӊдотуп алышыӊыздар керек.

- Көмүр таӊкыстыгы болбойбу жана көмүр кайсыл жактан алынып келинет, баасы канча болот?

- Көмүр өндүрүүчүлөрдүн баары облуста жайгашкан. Ошондуктан көмүр камдоодо биз облуска көз карандыбыз. Шаарда көмүр казчу кенибиз жок. Андыктан облуска тапшырма берилген. КРнын биринчи вице- премьер министрдин катышуусунда штаб өткөрүлдү. Штабда монополияга каршы агенттигине, көмүр өндүрүүчүлөргө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, губернаторго быйылкы жылга келишим түзгүлө деген  тапшырма берилген. Мисалы, 5 сомдон же болбосо килограммы эки сомдон деп түзүлсүн, ошол боюнча көтөрүлбөсүн деген. Эми бул тапшырма канчалык деӊгээлде аткарылары көмүр өндүрүүчүлөр менен жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигинде. Бирок, жогоруда айтканымдай, бүгүнкү күндө кампабызда 12 миӊ тонна көмүр түшүрүлдү. Буюрса, кыш ичи «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында көмүр боюнча маселе болбойт. Мындан сырктары, Жылуулук электр борбору мазут менен иш алып барышат. Ал боюнча да тийиштүү келишим түзүлгөн. Мындан сырткары, элге көмүр даярдоо боюнча бүгүнкү күндө  15 көмүр сатуу пункту ачылган. 4 сомдон баштап 5 жарым сомго чейин сатыла баштады. Көмүрдүн таӊкыстыгы азырынча жок. Антимонополия жана көмүр өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетишин сөзсүз алдын алабыз.

- Оорукана, билим берүү мекемелеринде жылуулук берүү системдери кандай жана быйыл жылуулук качан берилет?

- Жогоруда аты аталган эки ишкана оорукана, билим берүү мекемелерине жылуулукту берет. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 6 мекемени гана жылуулук менен камсыздайт. Ага болгону 270 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө ошол 6 мекемеге көмүр ташуу иштерин жүргүзүп жатышат. Калган 90 мекемени биздин ишканалар камсыздайт. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагында жалпысынан 31 мекеме бар, анын алтоосун өздөрү камсыздашат. Буга 10 тонна көмүр керектелет. Жылуулук системине туташа элек мекеме-ишканалар да бар. Көпчүлүк ишканаларда ички туташтыруучу түтүкчөлөрү жок. Аны биз орнотуп бере албайбыз. Жылуулук берүүчү ишкана мекеме, турак-жайдын жер төлөсүнө чейин гана алып берет. Калганын өздөрү орнотушу керек. Бирок, алар өздөрү демилге көтөрүп чыгышы зарыл. Ошондо гана биз туташтырып бере алабыз. Быйыл Ош шаарында 25ке жакын көп кабаттуу үй жылуулукка туташкан эмес. Алар бүгүнкү күнгө чейин ички системин жасатышкан жок. Себеби, ал жерде жашоочулардын көпчүлүгү ижарага алып жашашат. Ал эми ички системин жасатуу үчүн ар бир үйдөн 30, 40 миӊ сомдой акча кетип калат. Аны ижарага жашагандар төлөшпөйт. Ошондон улам туташпай турушат.  Ал эми жылуулук быйыл аба ырайынын өзгөрүшүнө карап беребиз. Аба-ырайы кескин өзгөрүп, суук түшкөн күндөн баштап берилет. Норма боюнча эгер орточо температура 8 градустан төмөн түшүп, суук беш күн кармалса жылуулук берилет деген атайын көрсөтмө бар.

-Маегиӊизге чоӊ рахмат. 

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
23 Сен

Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы өттү

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:28 Жарыяланган категория Макалалар

Быйыл Ош шаары – түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору аталып, өзүнүн тарыхын, маданиятын, салтын дүйнөгө таанытууда. Мунун алкагында Ошко түрк актерлору жана режиссерлору келип, бир жума бою акысыз кино коюп беришти. «Ош чакан шаар болгону менен тарыхы тереӊ, улуу калаа экен» дешкен боордошторубуз биздин редакцияда конокто болушту.

Назима Алмазбекова, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси:

«Жалпысынан 18 адам келди» 

- Ош шаары – түрк дүйнөсүнүнүн маданий борбору иш чарасынын алкагында «Түрк кино күндөрү» жумалыгы өтүүдө. Түркиядан жалпысынан 18 адам келди. Делегациянын башында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгис Камил Фрат жана Түркия парламентинин депутаты Метин Гүндолу мырза дагы бар. Анын ичинде ТYРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астындагы кинематография  департаментинин башчысы Мукталы Бектеналиев бар. Андан сырткары, режиссер Өнер Пулат өзү координатор жана кино актер, актирасалар келишти. Биринчи күнү шаардагы «Семетей» кинотеатрында расмий ачылышын өткөрдүк. Уюштуруу иштерин Ош шаардык мэриясы бүт мойнуна алган. Вице-мэрлер күндө уюштурулуп жаткан иш чараларына катышып жатат. 

«Түрк тилдүү үч кино коюлуп жатат»

- Түрк тараптан жалпы үч кино келген. Алардын бирөөсү атайын балдар үчүн анимациялык кино болсо, калган экөө мелодрама жанрдагы аралашкан кинолор. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алып жатышат. Анткени, буга чейин шаардагы 6 МАБ аркылуу жашоочуларга, студенттерге алдын- ала маалымат берилген. Ошол үчүн киного келгендердин саны аябай көп болууда. Иш чара жакшы өтүүдө. Киного кирүү акысыз. Түркиядан келген делегация күндүзү шаар кыдыруу менен алек болушууда. Сулайман Тоого чыгышты, музейге кирип таанышышты. ОшМУнун искусство факультетинде болушуп, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Андан сырткары кино тармагына кызыккан жаштар менен атайын жолугушуп, маектешүүлөр болууда. Телеге, радио, гезиттерге тынымсыз чакыруулар түшүп, бош убактылары болбой жатат. Ош шаарын мактап «каныбыз бир» деп сыймыктануу менен шаар кыдырышууда. Бул жумалыкты Кыргызстандын башка шаарларында да уюштурууну пландадык.

Өнер Пулат, режиссер:

«Ошко биринчи жолу келишим, дагы келем»

- 1992-жылдары Кыргызстандын түндүк тарабын кыдырганмын. 9 ай жүрүп, документалдык кино тартканбыз. Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында болгом. Ар жылы апрель айында Бишкекке түрк киносунун жумалыгын өткөрүп турам. Мен өзүм көбүнчө документалдык кино тартам. Ошондуктан түрк тилдүү мамлекеттерди көп кыдырам. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө көп болдум. Абасы таза, талаасы кеӊ өлкөлөрдү жакшы көрөм. Мен бир эле Түркиянын эмес, түрк тилдүү мамлекеттердин уулумун. Анткени, ата-бабабыз бир, жашап өткөн тарыхыбыз бир. Бизди Советтер Союзу бөлгөн деп көп айтып калам. Бир эненин балдарын бөлүп, чачыратты. Бирок, ага карабай кайрадан мамилебиз бекемделип, кызматташтык күч алганы кубандырат. Мен Ош шаарына биринчи жолу келишим, таза шаар экен. Дагы келем, көп пландарым пайда болду.

«Ошту тааныбай дагы бир топ жүрмөк экенбиз»

- Кыргыз тилин жакшы түшүнөм. Болгону алфавитибиз башка, ошол үчүн эркин сүйлөшүү бир аз оор. Ош -тарыхы тереӊ шаар. Ошол тарыхын таануу үчүн келип отурабыз. Таанышып жүрүп жакшы эле Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон экен дедим. Себеби, Ошту тааныбай дагы бир топ жүрмөк экенбиз. Сулайман Тоого чыктык, чоӊ атам, чоӊ атамдын атасынын колу тийген таштар экен. Ошол ыйык таштарга менин да колум тийип, көрүп жатканыма аябай кубандым. Ата-бабаларыбыз баскан издерди көрбөсөк да сезип, туюп турганыбыздын өзү мени бактылуу кылды. Ысык-Көлдө жүргөнүмдө бир киши «биз бир атадан тараган урпакпыз, биз бир колбуз.  Колду үзүп кетишкени менен далыбыз турат. Биз бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөгөнүбүз менен, жүрөгүбүздөн күмөнсүз түшүнөбүз» деп айтты эле. Азыркы күнгө чейин ал кишинин айтканы оюмдан кетпейт.

Сезгин Эрдемир, актер:

«Ошту сүйдүм, таза шаар экен»

- Буга чейин Бишкек шаарына келген элем. Ошко биринчи жолу келишим. Кооз шаар экен, чакан гана, таза шаарды сүйдүм. Көп кыдырууга шартыбыз болбоду. Убактым болгондо дагы көбүрөөк жүрмөкмүн. Сулайман Тоого чыктык, кооз жай экен. Тарыхы узун шаар экенин далилдеди. Yч кинобузду көрсөтүп жатабыз. Кызыккан жаштар көп экени кубандырды. Тилибизди котормочусуз түшүнүп жаттык. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы эки элдин ынтымагын гана бекемдеди десем болот. Мындан ары да кызматташуубуз көп болсун. Кино жаатында болобу, башка тармактан болобу тажрыйба алмашып турууга даярбыз.

Ешим Кожаман, менеджер:

«Түркияга Оштун өрүк кагын ала барам»

- Чынында келгениме өкүнбөдүм. Кызык жайларды көрдүк. Тамактары ширин, калкы мейман дос экен. Негизи эле түрк элдери мартабалуу, берешен келет эмеспизби. Андыктан Оштун эли да чыныгы кыргыз экенин далилдешти. Түркияга Оштун өрүк кагын ала барам. Аябай жакты, тааныштарыма даам таттыргым келди. Киного кызыккандар көп экен. Кечинде кинотеатрдан адамдын көптүгүн көрүп дагы келсекпи деген планыбыз пайда болду. Буюрса, мындан ары кызматташтыгыбыз артат деген ишеничтебиз.

 Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Подробнее ...
23 Сен

«Тоо койнуна кысылган кыштагыма» кат…

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:24 Жарыяланган категория Макалалар
«Тоо койнуна кысылган кыштагыма»  кат…

 «Көӊүлүм тынч, жайбаракат эс алып олтурганда же ыр жаза калам же чиймелеп өткөн күндөргө саресеп салып, өзүм менен өзүм сүйлөшө калмай адатым бар. Агам экөөбүз чоӊ энем, чоӊ атамдар менен жайлоого чыккан күндөрдү көп сагынам» деп башталат Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Салман Назылбековдун өзү туулуп-өскөн Өзгөн районунун Көлдүк айылына жазган катында.

-Азыр айыл такыр башка. Суз болуп кетип жатат. Мурун айылда маданият үйлөрүндө бир жумада бир-экиден кино, концерттер болуп турар эле. Айылымдын элин жакшы көрөм. Көлдүк айылынын калкы башкача. Жакшылыктарда чогулуп отурганда жыргайм. Сүйлөшүүдөн эс алам. Юморго жакын калк, бир сөздөн эмнени сүйлөгүӊ келгенин түшүнүшөбүз. Илгертен келаткан уруулардын өздөрүнүн аттары болот, бөлүнүп алып бири-бирибизге тамаша айтып отуруп убакыттын өткөнүн байкабай калабыз. Эӊ жакшы жери 70 жыл союздун идеологиясынан Көлдүк деген аты өзгөрбөй калып кеткени. Канчалаган айылдардын өзүнүн тарыхый кыргызча аттары өзгөрүп кетти. Агаларым Бишкекте окуп жүргөндө «каяктан болосуӊ» деп сурашса Оштон деп, Оштун кайсы жери дешсе Өзгөндөн дебей эле дароо Көлдүктөн десек билишчү деп калышар эле. 

«Элди жегенге үйрөтүп кетти, эми жегендер түгөнбөйт»

-Салижан Жигитовдун «Шуулдаба теректеримдеги»

«Тоо койнунда кысылган кыштагымда,

Там-ташы бар түзөӊдүн төш жагында

Турар эле шуулдап миӊ түп терек,

Тигип койгон атакем жаш чагында» деген саптары айылдын жаратылышын баяндайт.  Айылда түз жер жок. Айылдын ортосунда дарыя агып өтөт. Дарыянын эки четинде кыркаларда үйлөр жээктеп кете берген. С. Жигитовдун алгач «Күн тууду» деген китеби чыккан. Ошол китебин мектепте окуп жүргөнүмдө колума алгам. Чоӊ атамдын жанында отуруп окуп калсам, китептеги каармандарды даана таанычу да. Көрсө, жазуучу айылдын каармандарынын аттарын өзгөртпөй ошол бойдон берген экен. Салижан Жигитовдой киши Көлдүккө эле эмес, Кыргызстанга жаралса 100 жылда бир жаралат. «Салижан Жигитовдун сабактары» деген китеби чыккан, автору Алым Токтомушев. Ошондогу С. Жигитовдун бир сөзү такыр эсимден кетпейт. 2005-жылы элдик революция болуп, А. Акаев качкан учурда аянтта С. Жигитов башын чайкап, ары-бери басып жүрүптүр. Анан бирөө барып «Акаев жеп-ичип, элди тоноп качып кетти» деп кейип калса «эми ажобуз жесе, жегендир, түгөнбөс акча болбойт, түгөнөт. Эӊ жаман жери эмне билесиӊби, элди жегенге үйрөтүп кетти, эми жегендер түгөнбөйт. Мен ошого кыжаалатмын» деген экен.  Көлдүктө таланттуу адамдар көп. Ыр жазган кишилер көп. Алар жөнүндө чоӊ китеп жазсак да жарашат.

«Ээнсиретип дагы бизди таштап кетпейсиӊерби?..»

- Ата-энемден эрте ажырадым. Атам мен экинчи класста окуп жүргөндө каза болсо, апам студент болуп жүргөнүмдө көз жумду. Аттиӊ, неберелеринин чоӊойгонун, уулдарынын жакшылыктарын көрбөй кетишти деп өкүнөм. Беш бир тууганбыз, 4 уул, бир кыз. Баары азыр шаарда турат. Эки агам борбордо. Айылдагы ата-энемден калган жерлерди көзүбүздүн карегиндей сактап отурабыз. Эки-үч жыл мурун эски үйдү бузуп, жаӊы тургуздук. Ошондо эски үйүбүздү бузуп жатып, короо-жайларыбыз, малканаларыбыз бизди эркелеп күтүп турган, ээсин сагынган, шыйпаӊдап, сүйүнгөнүнөн «борс-борс» этип  үрүп, секирип асылып ойногусу келген күчүктөй «ээнсиретип дагы бизди таштап кетпейсиӊерби?» деп муӊайып тиктегендей сезилген. 20 жылдан ашыптыр, ушул биз туулуп өскөн, чоӊ ата, чоӊ энелерибиз менен чогуу жашаган үйүбүз ээн калганына. Эми мына өзүм очор-бачар болуп калдым. Чыӊгыз иним экөөбүз келип «тарак-турак» эттирип, усталар менен эскирген үйлөрдү бузуп, жаӊы үй салып баштадык. Эски үйдүн ар бир устуну, жыгачы, тереги, алмасы баары Жигитовдун ырындагыдай өткөн күндүн өчүӊкү элестерин өмүрүмдүн өкүттүү белестерин эске салат. Ушинтип бирде сүйүнсөм, бирде ыйлагым келип кейип отурам. Ыраматылык атам менен апамдын ушул күндөрдү көрбөй эрте көз жумуп кеткендерине кайгырып…

Yйдү тургузгандан кийин тынбай барууга аракет кылам. Атайын барып турушум үчүн талаага эгин эгип коем. Балдарым окуусунан каникулдап келгенде айылга жөнөтүп жиберем. Күнү-түнү карайсыӊар, түнү адырда жатып каласыӊар дейм. «Жүгөрүгө күнүм калган жок, ансыз да тирилигим өтө берет. Болгону силерди көрсүн, эмгек менен чоӊойсун дейм. Мен азыр эмнени айткым келгенин кийин түшүнөсүӊөр» деп турам. Айылдагы үйгө бир туугандар тынбай барып турабыз, баарыбыз ошол үйдө чогулабыз. Ата-энемдин жоктугун билдирбей айылдагы карым-катнашты үзбөй келебиз. 

«Атамдын токмогун азыркыга чейин эӊсейм»

- Атамды тааныган кишилер аз калды. Атам каза болгондо экинчи класста окуган бала элем. Достору «атаӊ доско жакын,  шайыр мүнөз, барпаӊдаган киши эле» деп көп айтышат. Yй-бүлөгө бекем киши болгон. Аке деп чоӊоюп калдык, чоӊ атабыз тирүү болгону үчүн. Эӊ чоӊ өксүгүм досторум «атам мени малканага камап алып урду», «таяк менен урду эле, таяк сынып кетти» дешсе мага катуу тийчү. Мени да атам ушинтип урса жакшы болот эле деп куса болчумун. Ушул убакка чейин эле досторум «айылдан атам келиптир» же болбосо «айылга апамдарга жардам берип келейин» деп жөнөп калганда бир өксүп алам. Көрсө, баланын эне-атага болгон өксүгү өмүр бою калып кетет экен. Балдарыма «мен силерди урсам сүйүнгүлө, мен атамдын урганын, урушканын азыркыга чейин эӊсейм. Азыр болсо азыр да жонумду тосуп бермекмин» деп көп айтып калам.

«Уулум  кандай болуп чоӊойсо да урушпайм деп тилек кылган экен»

- Апам мен бешинчи курста окуп жүргөнүмдө капыстан эле ооруп калып көзү өтүп кетти. Беш баласын теӊ өксүтпөй, эч нерседен кем кылбай чоӊойтту. Жогорку окуу жайга окутту. Апам айылда эл сыйлаган, абройлуу аял эле. Аткаруу бийлигинде иштегендиктен дем алыш күндөрү да үйгө чейин апамды издеп келип алышчу. Жок дебестен эринбей жумушуна барып бүтүрүп берчү. Апам сөзгө чечен киши болгон, чучукка жеткире сүйлөчү. Ачуусу келгенде таяктан да катуу сөз айтчу да. Тескери карап, каяша сүйлөбөдүм. Студент убагымда дем алыш күндөрү сөзсүз апамдын жанына барчумун, жумуштан келгенче үйдөгү иштерин бүтүрүп, күтүп отурар элем. Апам келип тооктун төшүнөн аш демдеп берчү. Мени өтө жакшы көрчү, жаштыгымда көп ооруп калгам. Ошондо апам «ушул балам жакшы болуп кетсин, кандай болуп чоӊойсо да урушпайм деп» тилек кылган экен. Катуу сөз айтып, такыр урушчу эмес. Эрке чоӊойдум.

«Жамгыр жааган күндөрү мектепке барбай койчубуз»

- Мектепте жакшы окучумун, бирок, башка балдар сыяктуу эле тогузунчу класска келгенде таштап койдум. Жетинчи классымда ооруп борбордо жүрүп калдым. Сегизинчи, тогузунчу класска барганда мектепке топ ойнош үчүн эле барчубуз. Жамгыр жааган күндөрү «топ ойной албайбыз да» деп мектепке барбай койчубуз. Химия сабагынан берген Бектурсун деген агайыбыз бар эле, ал дагы спортко жакын болчу. Сабак учурунда баарыбызды карап отуруп «сайга жөнөгүлө, түшөсүӊөрбү» деп кубалап жиберчү. Оюбуз орудубузда эмес экенин, башыбызга эч нерсе кирбешин сезгенинен ошентчи экен, көрсө. Топ үчүн мектептен качкан күндөрүбүз болду. Ал үчүн мугалимдерден канча токмок жедик. Мектептен айдайбыз деп коркутушчу. Кийин шаарга келип окууга тапшырганымда мектепте канчалык деӊгээлде билим алганымды билдим.

«Капар абанын бычагынан коркуп…»

- Менден улуу агам экөөбүз окуу жылы бүтүп-бүтпөй чоӊ энем, чоӊ атам менен жайлоого чыгып кетчүбүз. Мен кичинекей баламын, жамгыр жаап, күн күркүрөсө эле коркуп ыйлай берчүмүн. Коӊшу турган Капар аба андайда «кулагыӊды кесип коем» деп бычагын көтөрүп жөнөсө, басылып калчумун. Бакир аба бар эле, беш убак намаз окуса, беш убак азан айтчу да. Ошол кишинин азан айтканын угуп жүрүп, кулагыма сиӊип калган экен. Ошол жылдары орозо айы жай мезгилине туш болгон экен. Эсимде, чоӊ энелерибиз кичинекей балдарды чогултуп эшекти мингизип, куржунду артып берип жарамазан айтып келгиле деп жөнөтүшчү. Ар бир чатырга эринбей  кирип айтып чыгар элек. Алар курут, май, нанын салып берет. Ал убактагы жарамазандын сөзүн азыр эстей албайм. Бээлерди желеге тосуп келчүбүз, энем уй сааганда торпок тартып берер элем. Чоӊ энем кымызды жакшы кылчу. Бүгүнкү күнгө чейин чоӊ энемдей кымыз даярдаган кишини жолуктура элекмин. Даамы дагы эле оозумда калып кеткен. Чоӊ атам күчтүү улакчы болгон, 78 жашында да улак чапчу. Атты жакшы таптачу, бизге үйрөтүүгө аракет кылды бирок, эч кимибиз кызыкпадык. Чоӊ атамдын ат таптоо сырлары өзү менен кошо кетти…

 «Өзүмө кат…»

- 1988-жылы мектепти аяктап жаткан кезимде апам ыраматылык биринчи жолу келип «кайсы окуу жайга тапшырасыӊ?» деп сураган. Мен «искусство институтуна тапшырам, актер болом» десем, апам «койчу балам, артисттик да оокатпы» деп койду. Болгону ошол сөзү менен ал темага кайра кайтпадым. Апамдын ооз учунда, эӊ жөнөкөй айтылган сөзү азыркы жашоомо чыйыр салган экен. «Салман, ошондо апамдыӊ сөзүн эӊ туура колдонгонсуӊ» деп өзүмө көп айтам. Эгер өзүмдүн жаштыгыма кайрылып, кат жазсам рахмат эле айтмакмын. Туура жол менен келе жатам деп эсептейм. Максатым, балдарым да туура жол менен жүрсө экен, алар да жашоодо адашпаса экен дейм.

Бактыгүл

 Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
23 Сен

Мырзамидин Пазылов, мушкер: «Ата журтумдун желегин желбиретүү сыймык»

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:21 Жарыяланган категория Спорт
Мырзамидин Пазылов, мушкер:  «Ата журтумдун желегин желбиретүү сыймык»

Мырзамидин Пазылов кыргыздын намыска жарачу азаматтарынын бири. Ата журттун желегин дүйнөгө тааныткан жана дагы да тааныта турган спортчу.

Каарман тууралуу

Мырзамидин Пазылов FICHТER.KG спорт клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров.

Каймана аты — Skorpion.

Спорттогу жетишкендиктери:

Грэпплингдин ADCC версиясы боюнча спорт чебери;

2014 –жылы Россияда өткөн универсалдуу уруш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль;

2015-2016 -жылдары Грэпплингдин ADCC версиясы боюнча эл аралык турнирдин үч жолку чемпиону;

2016-жылда Аралаш мушташ боюнча WEFProfFight 12, WEFProfFight 7, WEFSelection 2 турнирлерин уткан;

2016-2017-жылдары КРнын грэпплинг боюнча эки, панкратион боюнча дагы эки жолку чемпиону;

2017-2019-жылда Аралаш мушташ боюнча WEFGlobal 10, WEFProfFight 14, WEFSelection 11, WEFSelection 9, WEFGlobal 16 турнирлерин уткан;

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 9-2-0 (жеӊиш, утулуу, теӊ чыгуу ).

 

-Мырзамидин, Ошто өткөн WEFGlobal 16 турнирде атааӊдашыӊды жеӊип, чемпиондук куруӊду сактап калдыӊ. Куттуктайбыз!

-Чоӊ рахмат. Бул жеӊиш бир эле меники эмес, бүткүл Кыргызстандын, кыргыз элимдин, жакын санаалаштарымдын жеӊиши.

-Кеп башын өзүӊ тууралуу баштасак…

 -Мен 1995-жылы 28-октябрда Ош облусунун Чоӊ-Алай районунда туулгам. Атам милиция кызматында иштеген, азыр пенсияга чыгып, ардактуу эс алууда, апам экөө алтообузду тарбиялап чоӊойтушту. Эки эжем, эки иним, карындашым бар. Бала кезим Чоӊ-Алайда өттү. Абасы таза, жаратылышы сонун райондо тоо койнунда ат минип, кой кайтарып, картошка эгип, дыйканчылык кылган кадимки карапайым баламын. Окуучулук кезим айылдагы мектепте өтсө, студенттик доорду борбор калаада сүрдүм. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктагам, кесибим – экономист, азырынча кесибим аркылуу иштей элекмин, спорттон бошой албай жатам чынында.

-Спортко сени ким жетелеп келди, ким түрткү болду дегендей?

-Спортко 2013-жылы келдим. Тагыраагы студент кезде.  Жердеш агам спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун ээрчип спортзалга барганмын. Бир тууганымдай болуп калган Бусурманкул агайым Кенжебек Чекиров менен тааныштырып, ошондон бери агайдын колунда «FICHТER.KG» спорт клубунда машыгып келем. Ага-инилик карым-катнашыбыз бар. Негизинен бала чагымдан  эле кызыкчумун, спортко жакын өстүм. Бел боо күрөшү боюнча машыгып, кызыгуум күч болгондуктан райондогу спортчу агалардан мотивация алып, спортко болгон сүйүүм окуучу кезден эле ойгонду.

-Атаандашты жеӊгенде кандай сезимдер курчайт сени?

-Атаандашты утканда берилген тапшырманы аткара алдым деген гана сезим болот. Эми кийинки беттешке даярданышым керек деген ойлор курчайт.

-Кыргыз желеги жеӊиштен көтөрүлгөндө толкундоо болсо керек?

-Кыргыз жеримдин кыргыз туусу жүрөгүбүз болгондуктан айтып бере алгыс, башкача толкундоо, сыймыктуу сезимдер болот.

-Жеӊиштин даамы спортто кандай болот?

-Жеӊиштин даамы аябай таттуу болот. Сөз менен айтып бере албаган бир өзгөчө туюм-сезим да. Сенин колуӊду октагондо көтөргөндө, Кыргызстандын желеги көтөрүлгөндө ички дүйнөӊдөгү сезимди, эмоцияны сөз менен жеткирүү кыйын.

-Бизде  кээ бир түшүнүктөр бар. Спортчу десе «аа булар муштум менен маселе чечет» деген.  Бул туура эмес десек кээде ушундай окуялар коштолуп кеткен да учур болуп калууда…

-Бул сурооӊузга мындай деп жооп бермекмин. Адамдар ар түрдүү да. Туура айтасыз, жеке түшүнүгүм боюнча, кээ бир спортчуларыбыз бар, 5-10 күн спортзалда машыгып алып, көчөгө чыгып алсыздарды сабап, туура эмес жол менен бараткандар. Алардан айырмаланып океандын ары жагына чейин барып желегибизди желбиретип, накта кыргыздын эр, азаматы экенин далилдеген спортчулар көбүрөөк деп ойлойм. Бирок акырындык менен элибиз да спортчу кандай болорун билип калышты окшойт.

-Грэпплинг, ММА булар эрежесиз эр мушташ да. Адатта апалар каршы болушчу эле, силерде кандай?

-Негизи грэпплингде кайруу, муунтуу сыяктуу ыкмалар көп колдонулат. ММАда көбүнчө түз эфир болгондуктан апам көрө албайт. Yйгө кирип-чыгып кыжаалат болуп жатып күйөрмандык кылат экен. Мелдеш бүткөн соӊ инилерим бүттү, жеӊди деп көрсөтүшөт. 

-Спорттогу каймана атыӊ Скорпион экен. Бул ат кантип ыйгарылып калган? Балким, машыктыруучуӊ экөөӊдүн идеяӊбы же чаяндай ыкма колдоносуӊбу?

-Башында айтканымдай, Бусурманкул агам менен залда деле, үйдө деле машыгып күрөшө берчүбүз. Чаяндай эле жабышчумун да ага. Ал да «чаяндай эле жабышасыӊ, чаян элесиӊ» дей берчү. Ошентип жүрүп агайга айтты «агай, Мырзанын атын скорпион коелу, чаяндай жабышат» деп. 2013-жылы Алматыда өткөн профессионалдык беттеште ушул лакап ат менен чыгып, ошондон бери чаянмын (күлүп).

-Спортчунун ийгилигинин артында күчтүү машыктыруучу турат эмеспи. Тренериӊ спорттон сырткары турмуштук кеӊештерин да берсе керек.

-Менин спортто бир аз болсо да жараткан ийгилигимдин артында машыктыруучум Кенжебек агайдын мээнети абдан чоӊ. Ал киши бир эле спорт тармагында эмес, жашоодо кантип жашаш керек экенинен, кантип өз элиӊе татыктуу уул болуш керек экенин, баарын үйрөтүп акыл-насаатын айтып келет. Атамдан кийинки эле атамдай болуп калган киши.

-Жакында өткөн таймашта стадион толо эл сүрөөнгө алып турду. Атаандашыӊ тууралуу маалымат топтоп, мелдешке абдан даярдандыӊбы?

-Борбордо машыгам, Ошко келгениме 4 ай болду. Оштогу мелдеште өз жеримде, өз элимде утулуп калбасам экен деген ой бир аз болуп жатты. Атаандашым Субхон Абдуллоев тажикстандык күчтүү мушкерлердин бири. Бул мелдешке агай экөөбүз атаандашка жараша план түзүп алып даярдандык. Александр Воинов, Кылычбек Саркарбаев агаларыбыз да насааттарын айтып турушту.

-Карьераӊда утулуу ызасы болгонбу, спортчу үчүн жеӊилүү оор болсо керек?

-Карьерамда официалдуу түрдө дүйнөлүк Sherdog порталына 11 беттешим кирген. Ал порталда 9 жолу жеӊип, 2 жолу утулуу ызасын тартканым жазылуу. Спортто бирде утуласыӊ, бирде утасыӊ, туура эле түшүнөм. Ошентсе да утулбаганга колуӊдан келген аракетиӊди жасашыӊ керек.

-Yй-бүлөдө уулдардын улуусу болсоӊ, ата-энеӊди келиндүү кылгандырсыӊ.

-Ооба, Кудайга шүгүр, үй-бүлөм бар, бир уулдун атасымын. Өзүбүздүн оокат-тиричилигибизди өткөрүп жашап жатабыз.

- Кантип эс алып, канти чер жазасыӊ?

-Кичине эле бош убакыт тапсам Чоӊ-Алайга барып суусунан балыктарды  кармап жегим келет. Атамды ээрчип балык уулап, жайлоого чыгып кымыз-айран ичип, таза абадан дем алып эс алабыз. Тоодо чоӊойгондуктан негедир тоолорго тарта берет, тоодо эс алам.

-«Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуӊ чагылганга…» деп ырда сүрөттөлөсүӊөр. Мекендин желегин желбиретип жүргөн жигитсиӊ. Ата Мекениӊ үчүн эмнеге даярсыӊ?

-Ата мекен үчүн ар бир кыргыз уулу, ар бир кыргызстандык жанын берүүгө даяр болушу керек. Мен да даярмын.

-Спорттон бизде байлык топтой албасак керек, чет өлкөдөгүдөй кайда?

-Бизде спорт аркылуу байлык топтой албайсыӊ. Спорт аркылуу карьера кылып жашайм десеӊ, дүйнөлүк чоӊ уюмдарда мелдештерге катышсаӊ балким, жетишерсиӊ.

-Дарыланып жатканыӊа карабай маектешкениӊ үчүн рахмат. Кыргызстандын атын чыгарып жүрө бер. Ден соолукта бол.

-Бурул эже, сиздерге рахмат. Биздин сүйүнүчтү эл менен бөлүшүүдө көпүрө болгонуӊаздар үчүн ыраазычылык.

Подробнее ...
23 Сен

Нурчолпон, ырчы: “Дүйнө кыдырып, дербиш болуп кетишим да мүмкүн”

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:19 Жарыяланган категория Маданият
Нурчолпон, ырчы: “Дүйнө кыдырып, дербиш болуп кетишим да мүмкүн”

Өзүнүн ачык мүнөз, табигый сулуулугу, ага жарашкан табигый үнү менен ыр ышкыбоздорунун көӊүлүн өзүнө бурган Нурчолпон биздин конок төрүбүздө.

- Нурчолпон, “Келечек” балдар чыгармачыл борбору сендей таланттуу кызды чыгардык деп сыймыктанышат...

- Ооба, мен  Ош шаарында төрөлүп, Ош шаарында чоӊойдум. Ар кандай себептерге байланыштуу 4-5 мектепте окуганмын. Эӊ акыркысы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназияда 9-классты аяктадым. Ошол эле учурда П.И. Чайковский атындагы искусство мектебинде скрипкада ойноо үчүн 5 жыл окуп, аны бүтүргөнмүн. Андан сырткары Г.Айтиев атындагы балдар сүрөт мектебинде 8-классты аяктап, толук кандуу диплом алууга бир жыл убакыт калганда борбор калаага М.Күрөӊкеев атындагы  музыкалык окуу жайга тапшырдым.

Мектепте аябай сергек кыз болчумун. Айрыкча көп нерсеге кызыккандыгым бар. Кийинчерээк «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда вокалдан, Мамат Мусабакиров агайдан гитараны үйрөнүп, улуттук бий ийримдерине да барып жүрдүм. Дегеле кандай мүмкүнчүлүк болсо, ошонун баарын пайдаланууга аракет жасачумун. Ошол кезде үйрөнгөндөрүм азыр мага аябай чоӊ жардам берип жатат.

- Демек, универсалдуулукка басым жасайсыӊ?

- Мен эле эмес, негизи бүт эле чыгармачыл инсандарга универсалдуулук керек. Өзүӊдүн багытыӊда канчалык күчтүү адис болбо, бир тараптуу болуу менимче аздык кылат. Эмнеге дегенде конкуренция көп, күчтүү. Сен канча көп өнөрдү билсеӊ, сөзсүз түрдө пайдасы болбой койбойт. Мисалга, ушул убакка чейин үйрөнгөндөрүмдү  практикамда пайдаланууга аракет жасайм.

- Беш мектепте окусаӊ, эми көндүм дегенде башка тарапка которулуп кетип, дос арттыруу оор болгон жокпу?

- Туура айтасыз, чындыгында бир мектепте көп дегенде 1-1,5 жыл окуганмын да. Мындай учурдун оӊ да, терс да тараптары болот экен. Пайдалуу тарабы ар чөйрөгө аралаша берип, адамдар менен бат тил табышып кеткенди, жакшы сүйлөшкөндү, каалаган адамыӊа тартынбай оюӊдагыны айтып, үйрөнүп калат экенсиӊ. Публикага бат чыгып, элге таанылуума балким, ушул нерсе себеп болгондур. Ал эми терс тарабы мектеп курагында чогуу болгон досторумдан эч ким менен учурда байланышым жок. Болсо да тыгыз мамиледе эмеспиз. Белгилеп айткым келет, М.Күрөӊкеев атындагы окуу жайда көп дос арттырдым. Ушул убакка чейин топтогон досторум – эӊ жакын адамдарым.

- Чыгармачылык көп учурда билим алууга тоскоол болот эмеспи. Сенде бул кырдаал кандай болгон?

- Кичинекей кезимден ата-энем билим алуума шарт түзүп берди. Эч качан тоскоол болгон учур боло элек. Себеби ички дүйнөӊ канчалык билимге, сүйүүгө, мээримге, жаӊы энергияга толуп турса, ошондо гана өзүӊдүн аткаруучулук өнөрүӊ менен элге ичиӊдегини бере аласыӊ. Эгерде аткаруучунун билим деӊгээли төмөн болсо, бир жанып, кайра өчөт. Бир ыры хит болгону менен кийинки чыгармаларын жаратууга ичи көӊдөй болуп калат. Билим даражасы ордунда болгон чыгармачыл инсан өмүрүнүн аягына чейин белгилүү бойдон калса болот. Азыр музыканы изилдөө жана опера ырдоо кесиби боюнча эки кызыл дипломдун ээсимин. Учурда улуттук консерваторияда жалаӊ бешке окуйм, башка стипендиант студенттердей мамлекеттик стипендия аламын.

- Башка тилдеги чыгармаларды аткарууда кыйынчылык жаралбайбы? Же ал тилдерди билесиӊби?

- Ар кайсы тилде ырдаганды жактырам. Анткени башка элдин ырын аткарсаӊ, жаӊы элди, жаӊы тилди түшүнгөндөй болосуӊ да. Бир жагынан музыканы угуу үчүн тилди билүүнүн деле кереги жок. Мисалы, ушул жылдын башында «CaddelerdeRuzgar” деген ырымды аткарып чыгуудан мурун муну деӊгээлине жеткире аткаруу үчүн үч ай түрк тилине каттап окудум.

- Өзүмдүн жолумду таптым деп ойлойсуӊбу?  “Жолуӊду тап”, “жолуӊдан адашпа” деген кеӊештерди көп угуп жүрсөӊ  керек. Негизи “жол” дегенде эмнени түшүнөсүӊ?

- Мен үчүн жашоо бул –  жол, ал эми жол бул - жашоо. Жолуӊ кандай болорун өзүӊ гана чечесиӊ. Ал жол таштак болобу же жайыттай таза болобу баары сенин колуӊда. Эмгегиӊе, каалооӊо, оюӊа барабар. Ички дүйнөӊ таза болсо, алдыга койгон максатыӊ канчалык бекем болсо, өзүӊө ишенсеӊ жол да ошого жараша тар же кеӊ болот деп билем. Чыгармачылык бул  – менин жолум экен. Албетте, көп жол баса элекмин, азырга чейин менин жолумда чоӊ тоскоолдуктар жарала элек. Бирок, мен өзүмдүн жолумду таптым. Бул жолду жаӊыдан баштап жатсам дагы мага дем-күч берип турган өзүмдүн угармандарымды таптым. Ошондуктан өзүмдү эӊ бактылуу адамдардын катарында сеземин.

-Сага байланышуу аябай оор болду. Адамдарга көп ишене бербейт экенсиӊ. Алданып калган учур болду беле?

- Адамдарга ишенем, болгону бул менин тактыгым. Ар бир адам өзүнүн кесибин мыкты деӊгээлде билиши керек деп ойлойм. Мен өз жумушумду канчалык мыкты деӊгээлде аткарсам, башка адамдардын да мага болгон мамилеси ошондой профессионалдуу жана жоопкерчиликтүү болсо дейм. Ошондуктан бардык нерсени тактап, тастыктоону зарыл көрөм.

-Азыркы жаш, өжөр Нурчолпон келечекте...

- Өзүмдү чектегенди жактырбайм. Ал эми музыка жаатында болсо учурда изденүү жолундамын. Мен али өзүмдүн жанрымды таптым деп айта албаймын. Ошол эле учурда операдан баштап, битбокс, рэпке чейин эксперименттерди жүргүзүп жүрөм. Жакынкы 5-10 жылда чыгармачылыкта гана болсом, балким, кийин саясатчы деле болуп кетишим мүмкүн. Балким, дүйнө кыдырып дербиш болуп кетишим мүмкүн (күлүп), Тибеттин монахтарындай болуп... Балким, баарына үлгүрөрмүн, ал үчүн Жараткандан узун өмүрдү тилейм.

-Чыгармачылыгыӊ мындан да өркүндөй берсин.

Бурулай Камчы кызы

 

Подробнее ...
23 Сен

УЛУТТУК ТИЛ ЖАНА ДYЙНӨЛYК АЛФАВИТТЕР

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:16 Жарыяланган категория Саресеп
УЛУТТУК ТИЛ ЖАНА ДYЙНӨЛYК АЛФАВИТТЕР

Дүйнөдөгү бардык тил сүйлөө жана жазуунун белгилүү бир эрежелерине, жол-жоболоруна муктаж болуп, анда башкы ролду ошол тилдин алфавити ойноору талашсыз. Тилди мазмун десек, алфавитти форма катары кабылдоого туура келет.Тилдин өзүнөн айырмаланып алфавит өзгөрүлмөлүүлүк укугуна көбүрөөк эгедер экени да белгилүү.

ЛАТЫНАЛФАВИТИЛИДЕРБИ?

Дүйнөдөүчирижазма- графикабарэкенибелгилүү: латынча, кириллче, кытайча. Аларөзаражарышыпжаткансыганазыркытаптаайрымталдоочуларлатынчаныбүтдүйнөлүкортокграфикагаайланыпбаратканжазуукатарысанапжүрүшөт. 

Латыналфавити (латынча  жазуужелатыница)   учурдагыдүйнөнүнкөпэлдерининжазматилиүчүннегизболупкызматкылыпкележатканымаалым. Алөзүнө 26 тамганыкамтып, алтамгалардүйнөнүнарбашкажериндеартүрдүүчөайтылышымүмкүн. Жазуунун негизи катары латын алфавити тилдердин балтикалык, кельттик, германдык, романдык жана ошондой эле айрым ирандык, семиттик, түрктүк, фино-угордук, славяндык топтору, баск, албан тилдери үчүн кызмат кылат. Мындай манера менен жазууну Индокытай наречиелеринде, анын ичинде Вьетнамда, Филиппинде, Африкада, Океания, Австралия, Түндүк жана Түштүк Америкада кездештирүүгө болот. Латын алфавити эл аралык байланыштын бир маанилүү булагы катары каралат.

Латын алфавитинин дүйнө жүзүнө кеӊири тарап кетишинин тарыхый өбөлгөсүн Рим империясы жаратканы белгилүү. Европа цивилизациясы Рим империясынын тегерегинде түзүлгөн. Андан кийин маданияттын жана сабаттуулуктун борбору катары белгилүү бир мезгилге чейин христиан чиркөөсү кызмат кылган. Бирок, христиан чиркөөсү Батыштык жана Чыгыштык болуп экиге бөлүнүп кеткендиги тарыхтан белгилүү. Латынь Батыштык чиркөөнүн тили болгон. Герман элдериндеги рунн жазуулары менен латын алфавитинин келип чыгуусундагы жалпылык (түндүк этрусстук) жана айрым тамгалардын жазылуусундагы окшоштуктар германдардын латын алфавитине өтүүсүн бир кыйла тездеткен. Католик чиркөөсү чыӊдалган аймактарда батыштык маданият басымдуулук кылып баштаган. Бул жагдай батыш славяндарда да латын жазмасы артыкчылыктарга ээ болушун шарттаган. Ал эми чыгыш жана айрым түштүк славяндарда накта славяндык, башкача айтканда, кириллицалык алфавит( Кирилл жана Мефодийдин алфавити)  менен жазуу өнүгө баштаган, анткени алар католиктик чиркөөнүн эмес, православдык чиркөөнүн таасиринде болушканы маалым.

 КИРИЛЛИЦА – КИЙИНКИ, ДЕМЕК ЫӉГАЙЛУУ АЛФАВИТПИ?

 Дүйнөлүк алфавиттерди изилдөөчүлөрдүн  эсебинде кирилл жазмасынын келечеги анча деле кеӊ эмес, анткени ошол эле орустар менен бир тууган славян элдери да Европа аймагында латын арибин колдонуп жүрүшөт. Мындай салыштыруулардын ыргагы СССР кулагандан кийин да өзгөчө өскөндүгүн белгилөөгө болот.

 Маалым болгондой, Советтер Союзу кулагандан кийин мурдагы бир катар союздук республикаларда жана түзүлүштөрдө буга чейин колдонулган кириллица ариптеринен баш тартуу процесси жүргөн. Мындай процесстен ал өлкөлөр кандай мааниде жана канчалык өлчөмдө пайда тапканын эсептөө кыйын, бирок финансылык жактан олуттуу эле зыян тартылганын болжоого мүмкүн. Анан калса, арип алмаштыруу жараяны материалдык чыгымдан башка он жылдарга созулуп кетүү мүмкүнчүлүгүнө эгедер болгон белгилүү бир убакыт бирдигин да талап кылат.

 Негизинен алганда азыркы түрк тилдүү мамлекеттерде латын арибин колдонуу жыйырманчы кылымдын ар кандай мезгилдерине туш келгендигине тарых өзү күбө: түрктөр 1928-жылдан,  азербайжан жана өзбектер 1991-жылдан, түркмөндөр 1993-жылдан тартып латын арибине өтүшкөн. Латын арибине өтүү ар кайсыл өлкөдө ар түрдүү мөөнөттү талап кылгандыгы да маалым. Алсак, түрк тилин латын алфавитине толук өткөрүү  1928-жылдын 3-ноябрынан баштап эсептегенде алты айлык гана кубакытты алган экен. Мында албетте, айтылуу Ататүрктүн «парта жана мылтык» деп аталган эрктүү саясаты өтө чоӊ роль ойногондугу баса белгиленет. Азербайжандарда да  латын арибине өтүү өзүнчө жол менен ишке ашырылган. Тактап айтканда, 1991-жылдын  25-декабрында Азербайжан Республикасынын өкмөтү «Латын графикасына негизделген  азербайжан алфавитин калыбына келтирүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Сөз 1940-жылга чейин колдонулуп келген алфавитти калыбына келтирүү жагдайында жүрүп, Азербайжан Республикасы латын алфавитине өтүүнү он жылда ишке ашырды.  1990-жылы Түркмөн алфавити да экинчи ирет латындаштырылган. Азыр казак тилинин алфавитин латын графикасына өткөрүүгө карата чоӊ даярдыктар көрүлүп жатат.

Канткен менен, дүйнөлүк алфавиттердин кимисине тарыхый артыкчылыктар көбүрөөк таандык  экендиги жагдайындагы талаш али бүтө элек. Ааламдашуу доорунда мындай талаш-тартыш  дагы жаӊы баскычка көтөрүлөөрү шексиз. Латын алфавити да сын- пикирлерден кур калбай келе жатканын жашырууга болбойт. Алсак, батыш европалык мамлекеттердин баары колдонуп жүргөн латын  алфавити ал тилдердин белги эквиваленттерин фонетикалык түзүлүш жагынан толук камсыз кыла албайт, себеби ал бир учурда байыркы дүйнөнүн бир мамлекетинде, али жетиштүү лингвистикалык тажрыйба топтоло элек кезде жана өз тилинин фонетикалык түзүлүшүн жетиштүү иликтебей туруп пайда болгон. Англис жана немис тилдеринде эки же үч тамга  биригип бир тыбышты билдирип калган учурлар аз эмес кездешет. Айрым тамгалар сөз башында же үндүү же үнсүз тыбыштардан мурда же кийин келген шартына жараша түрдүүчө окулары да белгилүү. Тыбыш жана тамгалык окшоштуктар менен айырмачылыктар да бир катар көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, англис тилиндеги 40 фонетикалык бирдиктерди алфавиттеги 27 тамга менен сыйыштыруу эле канча машакат.

  Кирилл менен Мефодий өз алфавиттерин римдиктерден кыйла кийин, түзүшкөндүктөн филологиялык базасы жетиштүүдөй даражада жана фонетикалык түзүлүш жактан бир кыйла ыӊгайлуу болгонун лингвисттер белгилеп келишет.

АРИП АТТОО –«АРЫК АТОО» ЭМЕС

Союз кулагандан кийин кыргыздарда да эгемендүүлүктүн эйфориясы астында  кириллицадан латын арибине өтүү зарылдыгы жагдайында анча-мынча кеп-сөз болгону эсибизде. Кириллицаны таштап латын арибине өтөлү деген демилгелер кайра дагы көтөрүлө баштады окшойт. Бул биринчиси эмес, акыркысы да болбосо керек. Бир ариптен экинчи арипке өтүү толугу менен бир жазма маданиятты, канчалаган илимий, адабий, экономикалык, кызматтык иш кагаздарын архивге калтырып, баарын жаӊыдан баштоо керек экендигин түшүнүп туруп айтканы да бар, түшүнбөй эле  «эл дарбыса, эшек кошо дарбыптыр» болгону да бар.

Коммунисттер бийликке келген тээ өткөн кылымдын 17 -жылынан кийин кыргыздар жазмасын алгач араб ариби менен баштаган. Анан латын,  кийин кирилл арибине өтүлгөн. Экономикалык жактан болобу, маданий, илимий жагынанбы, сөз жок күчтүү өнүккөн коммунисттик доордо да алгачкы араб, андан кийин латын ариби менген жазылган  нечендеген чыгармалар, илимий эмгектер. Баалуу иш кагаздары ошол араб жана латын арибинен кириллицага толук которулбаган бойдон ушул күнгө чейин архивде жатканын өз көзү менен көргөндөр белгилешет. Канчалаган баалуу кол жазмаларды арап же латын тамгасын өздөштүргөндөр эле окубаса, массалык түрдө окуй албагандыктан  каралбай жатат. Кимдердин, эмне деген аталыштардагы чыгармалары бар бейкабарбыз. Акылга салсак, 1917-жылдан 1934-жылга чейин 17 жыл өткөн. Ал кезде өтө көп чыгарма жазгандар же илимий эмгек жактагандар болгон эмес. Ошону да толук кириллицага которуп, кайра чыгарууга мүмкүн болгон эмес. Андан берки дээрлик 100 жылга чукул убакытта кириллица ариби менен эмне деген гана илимий эмгектер, адабий чыгармалар, экономикалык трактаттар, кызматтык иш кагаздар жазылбады. Алардын баарын кайра латын арибине салып которуп жазуу иши канчалаган эмгекти, чыгымды жана убакытты талап кылаарын эсмептеген жан барбы?

Насилинде, кеп бир  ариптен экинчисине өтүүдө жатпагандыгы түшүнүктүү. Маселенин баары латын арибине эмне максатта өтүүгө тийишпиз деген суроого барып такалаарында шек жок. «Элден калбоо» деген жүйөө мындайда таптакыр орунсуз.  Кириллицаны сактап калуу менен бирге эле латын арибин да толук билип алганга неге болбосун?  Кеп латын тилин эмес, латын алфавитин гана өздөштүрүп алуу жагында жатпайбы!

Абдираим Мамытов

 

Подробнее ...
23 Сен

Интернет технологиялары жана жаӊы муундагы экономисттерди даярдоо

Автор Бекмурат Понедельник, 23 Сентябрь 2019 05:14 Жарыяланган категория Жаңылыктар
Интернет технологиялары жана жаӊы муундагы экономисттерди даярдоо

Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы санариптештирүү, илим, техника жана технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан азыркы шарттарда приоритеттүү, суроо-талап абдан жогору болгон бухгалтер жана аудитор адистерди даярдоону негизги багыт катары тандап алды. Учурда тез өзгөрүлүп жаткан интернет технологиялар жөндөмдөрүнө (компетенттүү) ээ болуу бүгүнкү бухгалтерлер менен аудиторлорго, финансисттер менен  жалпы эле экономисттерге эмгек рыногунда олуттуу артыкчылык берет жана аларды даярдоо маалымат технологиялардын эӊ акыркы үлгүлөрүнүн негизинде алып барылуусу зарыл. 

Санариптик экономиканын күч алышы электрондук бизнестин өркүндөшү жана маалымат акыркы мезгилде технологияларынын тез өзгөрүүсү учурдагы жогорку кесиптик адистерди даярдоого жаӊы талаптарды койду. Натыйжада 2018-жылдан  тарта  ОшТУда интернет технологиялар жана башкаруу багыты боюнча бакалаврларды даярдоо колго алынган. Аталган багыт боюнча Ж.Баласагын атындагы КМУнун окуу-методикалык бирикмесине официалдуу кайрылып  жаӊы “Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет технологиялары жана башкаруу” профилин кийирүү боюнча макулдугун алган жана ошол эле жылы лицензиясы алынган.  2017-жылы КР ББжИМ тарабынан кабыл алынган билим берүү стандарттарынын негизинде ОшТУда  «Интернет технологиялар жана башкаруу»   билим берүү программасы иштелип чыгарылган.  Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы Билим берүү программасынын негизинде сунушталган профиль боюнча окуу планынын үлгүсүн иштеп чыккан. Азыркы учурда аталган багыт боюнча студенттер билим алып, билим берүүнүн традициялык ыкмасын өзгөртүү жана заманбап интерактивдүү методдорду окуу процессинде колдонуу окутуучулар тарабынан колго алынган.  

“Интернет технологиялар жана башкаруу» (профили: Эсептеги, анализдеги жана аудиттеги интернет технологиялары жана башкаруу)  багыты боюнча   билим берүүнүн жана адистерди даярдоонун  сапатын көтөрүү максатында университеттин  БЭжА кафедрасы  Бишкектеги “Neobis” клубу менен ОшТУда студенттерге жана окутуучуларга “Интернет технологияларынын учурдагы өнүгүү тенденциялары” аттуу 3 күндүк семинар-курсту өткөрдү. Анын алкагында  ОшТУнун студенттерине  жана окутуучуларына  3 күн бою мастер-класстар (“Мобилдик түзүүчү”, “Вебсайт түзүүчү” жана “Маалымат анализдөө”) өткөрүлдү жана бул багытта студенттер арасында чоӊ кызыгууну жаратты. Студенттер жаӊы маалымат эле албастан өздөрү иштеп келечекке чоӊ мотивация алышты.

 “Neobis” клубунун максаты:  Кыргызстанда билим берүү секторун колдоо  жана өлкөнүн бардык региондорунда сапаттуу кадрларды даярдоонун жардамы менен маалыматтык технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү. Жаш кадрларга  интернет - технологиялар чөйрөсүндө татыктуу жумуш табууга көмөк көрсөтүү.

“Neobis” клубу -  бул маалыматтык технологиялар, инновациялар жана билим берүү чөйрөсүндө Кыргызстандын өнүгүүсүн алдыга койгон жаштардын коммерциялык эмес уюму. Клуб  маалымат технологиялардын чөйрөсүн өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүшүндө чоӊ секирик жасап, экономиканы жогорулатып, инновациялык өлкө болууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна ишендирет жана жаштарга IT жаатында көмөк көрсөтөт жана бул багытта конференцияларды, митаптарды, мастер-класстарды жана хакатондорду өткөзүшөт.

Семинар–тренингдин жыйынтыгында “Neobis” клубу активдүү катышуучуларга сертификаттарды беришти.   “Neobis” клубунун менторлору ОшТУнун ректору проф. А.О. Абидов менен жолугушуп, аталган клубдун өкүлчүлүгүн университетте ачуу боюнча макулдашууга жетишти.  Биз университеттер менен жаӊы маалымат технологиялар багытындагы жаш адистердин өз ара байланышта иштөөсү жаӊы заманбап адистерди даярдоону камсыз кылат деп ишенебиз.

ОшТУнун  экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит  кафедрасынын башчысы э.и.д., профессор Узенбаев Расул Ашырбекович.

 

Подробнее ...

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Сентябрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved