• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
27 Янв

Шаардын туруктуу калкынын саны 6 миӊ адамга көбөйдү

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:12 Жарыяланган категория Жаңылыктар
Шаардын туруктуу калкынын саны 6 миӊ адамга көбөйдү

Ош шаардык статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча Ош шаарынын 2019–жылдагы социалдык-экономикалык абалынын айрым урунтуу учурларына токтолобуз. Өнөр жай ишканалары тарабынан 2019-жылы 4 677 249,9 миӊ сомдук продукция өндүрүлдү. Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшү текстиль жана тигүү өндүрүшү, электрондук жабдууларды өндүрүү, өндүрүштүн башка тармактары, машина жана жабдууну оӊдоо жана орнотуунун эсебинен шартталды.

Айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун продукциясынын дүӊ чыгарылышы 2019-жылы 1013,2 млн. сом өлчөмүндө түзүлдү.

Курулуштун дүӊ продукциясынын жалпы көлөмү 8 635 825,4 миӊ сомду түздү. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деӊгээли 1,9 пайызга көбөйүп (салыштырмалуу баада) жана 5 572 673,0 миӊ сомду түздү. Автомобиль транспорту менен ташылган жүктүн көлөмү 20,8 миӊ тоннага көбөйдү. Автомобиль транспорту менен жүк ташуунун жүгүртүүсү 1773,5 миӊ тонна-километрге көбөйдү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 1622,2 миӊ адамга өстү. Транспорттун бардык түрү менен жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүү көлөмү 11 699,9 миӊ жүргүнчү-километрге өстү. Шаардын чарба жүргүзүүчү субьектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 64 919,5 млн. сомду түздү.

2019-жылы ноябрь айында иштеген жумушчулардын орточо саны 35466 адамды түздү, ноябрь айында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15 199,2 сомду түздү.

2019-жылды январь-ноябрында 12 605 бала төрөлгөн, 1474 адам өлгөн. Калктын өлүмүнүн негизги себептери болуп - кан айлануу системасынын оорулары (бардык өлгөндөрдүн 38,8 пайызы), дем алуу органдарынын оорулары (3,8), жаракат алуу, уулануу жана башка сырттан таасир эткен айрым себептер (4,5), шишик оорулары (11,2 пайызы) эсептелет. Шаардын калкынын табигый өсүшү 11 131 адамды түзгөн. 2019-жылдын январь-ноябрында шаардын туруктуу калкынын саны 6 миӊ адамга же 2 пайызга көбөйдү жана 2019-жылдын 1-декабрына 305,5 миӊ адамды түзгөн.  

Подробнее ...
27 Янв

Миграция: Балдарды камкордукка алуу учур талабы

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:06 Жарыяланган категория Макалалар
Миграция: Балдарды камкордукка алуу учур талабы

Мигранттын ата-эне мээримин көрбөгөн балдарын учурда мамлекет кандай камкордукка алууда? Өспүрүм балдар кимдердин колунда калып, кандай тарбия алышууда? Бул маселеге кызыгып, Ош шаарындагы мигрант балдардын абалын билүүгө аракет кылдык. Статистикага таянсак, учурда өлкө боюнча эмгек мигранттарынын балдарынын саны              87 миӊден ашкан.

«Апамдын жанын алган Орусияны жек көрөм»

Жетинчи класстын окуучусу Асел (аты өзгөртүлдү) менталдык арифметикадан облуста биринчи орунду алган. Мүнөзү түнт, бирөө менен ачылып сүйлөшө бербеген  өспүрүм менен кокусунан бет келип калдык. Жеӊиши менен куттуктап «азаматсыӊ, жеӊишиӊди кимге арнайсыӊ?» деп суроо узаттым. Ойлонбой туруп апама деди. Эне дегенде баарыбыз элжиреп кубанат эмеспизби?! Ал аӊгыча сөзүн улады:

- Мен төрт жашымда апам каза болгон экен. Мен баарын көрүп-туюп турсам да таенемдер болуп жаткан окуяны жаап-жашырып, эч шек билдиришчү эмес. Апамдын атынан агенттен почта ачып, виртуалдуу мени менен таежем сүйлөшчү. Аны билсем да билмексен, сезмексен болууга үйрөндүм. Ошол үчүн да адамдар менен көп сүйлөшө бербейм. Биринчи класска барганымда теӊтуш кыздардан «сенин апаӊ Москвадан өлүп келген го, билбейсиӊби?» деген суроону уккам. Өзүм билсем да биринчи жолу угуп жатканымдай таенеме келип ыйлап сураганым эсимде. Ошондо таятам астына отургузуп алып «ооба, кызым, апаӊ экөөӊө үй алам, машине алам деп Орусияга иштеп кетип, бирок жол кырсыктан каза болуп келди. Сен анда кичинекей кыз элеӊ, айта алган эмеспиз. Эми чоӊойдуӊ, сен турмуштун сыноолоруна туруштук берчү жашка келдиӊ. Бул дүйнөгө эч ким түркүк болуп, түбөлүк калбайт. Бир күн баарыбыз кетебиз. Кимдир бирөө эрте кетет, кимдир бирөө кечирээк…» деп түшүндүрдү. Апамдын жанын алган Орусияны жек көрөм. Ичерге суум, жегенге нандын ушагы калбай калса да мен жакындарымды таштап Орусияга кетпейм деп ошондо өзүмө өзүм сөз бергем. 

«Мага үй, машине эмес, апа керек эле…»

- Таене-таятамдын колунда чоӊойдум. Апам атам менен мен бир жашка чыга электе ажырашкан экен. Атам колунда жок, орто үй-бүлөдөн болгону үчүн апам чыдай албаптыр. Мени алып үйдөн чыгып кеткен экен. Мага үй, машинанын кереги жок эле. Кепеде болсо да жашамакмын. Апам жанымда болсо жетмек. Айылда мага окшогон мигрант балдары толтура. Мектепке барганыбызда ата-энеси менен телефондо эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн айтып калышат. Баары келип эле баягы акчага такалат. «Балам, эртеӊ чоӊ апаӊа акча салам, балмуздак алып жегин, мен иштеп көп акча тапканымдан кийин барам…» Бала акчанын эмнесин билмек эле?

Ошто 3800дөн ашуун мигранттын балдары бар

Жумушсуздуктун айынан күчөгөн миграциядан көбүрөөк балдар жабыркаганын жогорудагы каарманым тастыктайт. Ош шаарында 3800дөн ашуун бала ата-энесин чет жакка жиберип, таята-таенесинин, чоӊ ата, чоӊ энесинин же дагы башка туугандарынын колунда тарбияланат. Өткөн жылда өкмөт атайын токтом чыгарып, анын негизинде тиешелүү мекеме-ишканаларга мигранттын балдарына камкордукту күчөтүүнү тапшырган эле. Аталган тиешелүү мекеме-ишкананын бири эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы. Социалдык кызматкер Салима Исмаилова учурда жаш ата-энелер балдарын таштоодон мурун каттоого тургузуп, камкордукка алган тараптын жоопкерчилигин кошо дайындап жатканын айтат:

- Акыркы эки жылда өзүӊүздөр билесиздер, балдарга карата зордук-зомбулук күчөп, мындан көз жумган балдардын саны өскөн. Мунун башкы себеби миграция. Ата-эне балдарын турмуштун жетишсиздигинен улам өз туугандарына таштап, чет жакка иштеп кетишет. Таштап кеткен балдарды көк-ала кылып сабап, эс-учун жоготкон атүгүл, катуу токмоктоп өмүрүн алганга чейинки окуяга туш болдук. Мындан улам былтыркы жылы Өкмөт тарабынан жалпы өлкө боюнча мигранттын балдарын каттоого алууну, алардын санын тактоо максатында атайын жобо иштелип чыккан. Жобонун негизинде шаардагы бардык МАБдарга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ички иштер башкармалыктарына жана биздин мекемеге үймө-үй кыдырып, шаарда канча мигранттын балдары бар экенин, аларды кимдерге таштап кетишкенин аныктоо тапшырылган. Ош шаарында жалпысынан 60 миӊдей кожолук болсо, анын 57 миӊине үймө-үй кыдыруу иши жүргүзүлдү. Алардын 6 миӊге жакын бала оор турмушта жашары аныкталса, 3 800дөн ашуун баланын ата-энеси мигрант экени такталган. Мунун ичинен 173 бала энеси тарабынан атасына ташталса, 991 бала апасында калган. Ал эми 2 200 бала чоӊ эне, чоӊ атасында, таята, таенсине же дагы башка туугандарынын колунда калган. Булардын жаш өзгөчөлүктөрүн айта кетсем 7 жашка чейинки мигранттын балдарынын саны 982 болсо, 7 жаштан 14 жашка чейинкилер 2 миӊге жакын. Ал эми 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын саны 900дөй.

«Чет жакка чыгарда камкорчулукка бирөөнү жооптуу кылуу керек»

- Аталган жобого ылайык, мигранттын балдарынын санын тактап эле тим болбостон алардын саламаттыгын, тарбия алуусун, жакшы шартта жашоосун камсыздоону көзөмөлдөө да биздин милдет. Ата-эне баласын таштап чет жакка чыгарда, камкорчулукка кимдир бирөөнү жоптуу кылуу керек. Мисалы, ата-эне алгач бизге арыз менен кайрылышы керек. Кимге таштап бара жатат жана кандай үй-бүлөгө. Биз арызды кабыл алгандан кийин камкорчулукка  алып  калып жаткан тууганынын үйүн барып текшеребиз. Кандай шартта жашайт, окууга же бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү барбы, багып калып аткан адамдын өзүнүн психологиялык, физикалык абалын карайбыз. Алардын жашаган жеринен, өзүнүн ден соолугу тууралуу аныктамалар топтолгондон кийин атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен убактылуу камкорчулукка өткөрүлөт.

Камкорчулукка кимдерди сунуштоого болот?

Баланын таята-таенеси, чоӊ ата, чоӊ энеси же дагы башка туугандарына. Бир туугандарга же тагаларына сунуштагандар бар. Алар да жогоруда айтылган документтер топтолуп, атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана комкорчу боло алат. Камкорчулукка баланын ата-энеси өздөрү ишенген бирөөнү сунуштоого толук укугу бар. Мөөнөтү алты айдан бир жылга чейин. Андан кийин дагы узартам десе, ата-эненин өз ыктыяры. Бул аралыкта биздин соцкызматкерлер тарабынан ар алты айда барып текшерип, баланын абалынан кабар алып турабыз. Жогоруда айтканымдай, Ош шаарында 3800 мигранттын балдары болсо, алардын 50сү гана камкорчулукка алынган. Бизде түшүнүк башкачараак эмеспи, ата-энесин алып келип, атайын жоопкерчиликти  мойнуна иле берүү кыйын болгону үчүн көпчүлүгү кабыл ала элек. Учурда ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Подробнее ...
27 Янв

З. Божонов: “Мыкты окутуучулук курамды түзүү үчүн сапаттуу кадрларды ишке алышыбыз зарыл”

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:04 Жарыяланган категория Билим берүү
З. Божонов:  “Мыкты окутуучулук курамды түзүү үчүн сапаттуу кадрларды ишке алышыбыз зарыл”

Жогорку окуу жай бул – келечек ээлерин даярдоочу мектеп. Андан эмнени өздөштүрүп, үйрөнө алсаӊ келечектеги сенин куралыӊ ошол. Сөз Кыргызстандагы эӊ мыкты университеттердин катарын толуктаган, нечендеген кадрларды даярдап, миӊдеген студенттердин экинчи үйүнө айланган Ош мамлекеттик университети жөнүндө болмокчу.  Университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов билим берүү сапатын жакшыртууда аткарылып жаткан иштерге токтолду.

- Замирбек Сабиржанович, ОшМУ 2024-жылга чейин өнүгүү стратегиясында билим берүүнүн сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыктоо каралган болчу. Бул жаатта кандай иш аракеттер аткарылууда?

-Ош мамлекеттик университети окутууда бир топ сапаттуулукка өтүүдө. Бул боюнча бир катар иштерди аткардык. Анын бири катары кадрлардын резервин түзүүнү айтсак болот. Апрель айында ОшМУнун ички кадрлар резерви боюнча жобону бекиттик. Резервдик кадр деген эмне? Сапаттуу билим бериш үчүн эӊ оболу сапаттуу окутуучулук курам болушу кажет. Мыкты окутуучулук курамды түзүү үчүн сапаттуу кадрларды ишке алышыбыз зарыл. Анткени биздин толук кандуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Башка окуу жайларга салыштырмалуу айлык маяна жогору төлөнөт. Ырас жогору болгондон кийин ошого ылайык окутуучуларды тандап алышыбыз керек. “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын профессордук окутуучулук курамынын кызматтарын ээлөөнүн тартиби” деген жобо бар. Анда да окутуучуларды жумушка алуу конкурстун негизинде өтүүсү керектиги көрсөтүлгөн. Конкурста акыйкаттуулук менен билимдүү кадрларды тандап алабыз. Өлкөбүздөгү окуу жайларда бир эле адистик боюнча канчалаган студент окуп, дипломго ээ болушууда. Бир орунга жүзгө жакын жаран кайрылышы толук мүмкүн. Буга чейин конкурсу жок эле, кайсы бир кафедра же проректорлор тарабынан жолдомо берилип, мугалимдикке кабыл алынып келген. Резервдик кадрды түзүүнүн негизинде жердешчилик, тааныштык же башка бир жолдор менен ишке алынып калбашы үчүн ачык конкурс кылалы деп чечтик.

“Алгачкы тесттен 50 пайызы кулап калды”

-Конкурс кандай өткөрүлөт? Берилчү сынак тапшырмалары кантип түзүлөт?

-Резервдик кадрларды тандоону жылына эки жолу жарыялап турабыз. Окутуучуларды тандоо үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи этапта окута турган предметинен тест тапшырат. Тестте 100 суроо болот. Эгер жүз суроонун жетимишине туура жооп берсе предметтик тесттен экинчи турга өттү деп эсептелет. Буга чейин үч жолу конкурс өткөрүлүп, 110 талапкер катышты. Алгачкы сынак болгон предметтик тесттен 50 пайыздан ашыгы кулап калды. Эгер конкурстун негизинде ишке албаганда кулап калган жарандар таанышы аркылуу ишке орношуп алышы мүмкүн эле. Биз ошондой болбосун, бардык жумуш издеген жарандарга бирдей укук түзөлү, билими менен гана ишке алынсын деген ойдо конкурсту өткөрүүдөбүз. Экинчи турда педагогика жана психология боюнча да 100 суроо болот. “Эмне үчүн педагогика жана психология” деген суроо болушу мүмкүн. Биз жогорку окуу жайбыз, билим беребиз. Мисалы, медициналык факультетине күчтүү хирург келип мугалим болом деши мүмкүн. Бирок алар факультетке келип операция жасабайт, окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзөт. Окутуучулук ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн педагогиканы, адамдын психологиясын билүүсү керек. Ошондуктан муну киргизгенбиз. Ал эми үчүнчү турда окутуучуну практикалык жактан карайбыз. Сабак өтүү жөндөмү кандай? Студенттерге жеткире түшүндүрө алабы? Бул суроолорго сапат департаменти түздөн-түз сабагына катышып же видео байкоо аркылуу жыйынтык чыгарышат. Жогорудагы үч баскычтан өткөндөн кийин гана резервдик кадрга кошулат. Университеттеги кайсы кафедрада бош орун болсо, конкурста жогорку балл алган окутуучу ишке орношо берет. Түштүк регионундагы эӊ мыкты окутуучулар курамын түзүү үчүн ушундай иштер жүрүүдө. Албетте, бул баарына эле жага бербейт. Проректор катары мен да өз тааныштарымы киргизе албайм. Баары конкурстун негизинде жүргүзүлөт.

-Окутуучулук ишмердүүлүккө көзөмөл бир топ жакшырыптыр...

-Ооба, дагы бир баса белгилеп айта кетчү иштердин бири аудиторияларга камераларды орноттук. Бүгүнкү күндө 200 камера факультеттердин аудиторияларына коюлган. Максаты – коопсуздукту сактоо жана окутуучунун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү. Студенттердин катышуусу, сабактардын убагында болуусун байкап турабыз. Эгер кандайдыр бир туура эмес көрүнүштөр, сабакты үзгүлтүккө учуратуу болсо, анда ал видеону жаздырып алып кафедрасына дидактикалык жана педагогикалык анализ берүүсүн табыштаган кызматтык кат жөнөтөбүз. Кафедра башчы өзү карап чыгып, мугалимдин артыкчылыктарын, кемчиликтерин белгилеп жазуу түрүндө анализ жазат. Андан соӊ окутуучуга берилип, ал өзүн баалап, кемчиликтерин көрөт.

“Эми видео байкоо менен мугалимдин ар бир сабагын көрүп турабыз”

-Видео жазууну кандай кабыл алышууда?

-Видео жазуу дегенде бир эле терс жагын ойлобош керек. Мисалы, эӊ мыкты лекторлор, окутуучулар бар. Алардын өткөн сабактарын алтын фондго сактап койсок болот. Кийинки муундар, жаш окутуучулар аларды көрүп үлгү алышат. Буга чейин кээде ачык сабактар өткөрүлүп, кафедра башчылары көзөмөлдөп келишсе, эми видео байкоо менен мугалимдин ар бир сабагын көрүп турабыз.

Ошондой эле семестрдин жыйынтыгында “Мугалимдер студенттин көзү менен” деген сурамжылоо жүргүзөбүз. Жогоруда кеп кылган видео байкоо аркылуу жетекчилик окутуучуларга баа берсе, сурамжылоодо студенттер баалашат. Мугалимге 1 ден 5 ке чейинки баада 12 критерийдин негизинде коюлат. Сурамжылоонун жыйынтыгында жаштар комитети жана студенттик акыйкатчы аппараты биргеликте кошмо жыйын өткөрүп, арыз же терс пикир көп түшкөн мугалимдин кафедра башчысына кат жазабыз. Муну менен студенттердин үнүн угууну ишке ашыруудабыз. Себеби 96 пайыз студент келишимдик негизде билим алат. Демек студенттердин үнүн угуу биринчи орунда турушу керек. Университетте сапат болушу үчүн эки нерсени жакшыртуубуз абзел. Биринчиси, окутуу ишмердүүлүгүн, экинчиси, окуу ишмердүүлүгүн.

Сапатты жакшыртуу боюнча буга чейин студенттер предметтерди тандап окуп келсе, алдыӊкы окуу жылдарында мугалимдерди да тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү максат кылуудабыз.

-Студенттерге болгон талаптар, шарттар жөнүндө да айта кетсеӊиз?

-“Бир эле окутуучуларды жакшырткан менен сапат оӊолуп кетпейт” деген сөздөр болушу мүмкүн. Туура, студенттердин да сапатын, билим деӊгээлин жакшыртуубуз зарыл. Муну эске алып жакынкы жылдары тышкы экзаменаторга өтүү каралууда. Азыр мугалимдер окутуп, кайра сессияда өзүнүн ишмердүүлүгүн өзү баалайт. Эгер тышкы экзаменаторго өтсөк, анда экзаменди башка бир окутуучу алып, билимдин канчалык деӊгээлде жукканына баа берет. Программада кандай темалар өтүлгөн болсо, ошолордон суроолор түзүлүп компьютерге киргизилет.  Окутуучу да, студент да экзаменди ким аларын билбейт. Ошондо гана айласыздан окууга туура келет. Окуу китептери менен камсыз кылуу да акырындан жылууда. Аз сандагы китептерди сканер робот аркылуу электрондоштуруп, жүктөөдөбүз. Окуйм дегендер үчүн маалыматтар, шарттар жетишээрлик деп айта алам.

Жумагүл

Кочкорбай кызы

Подробнее ...
27 Янв

Дөөлөтбек Көкөчөров: «Сууну кор кылбай, кадырлап жашайлы»

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:03 Жарыяланган категория Ош шаары
Дөөлөтбек Көкөчөров: «Сууну кор кылбай, кадырлап жашайлы»

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келгенден бери калаа тургундары үчүн жакшы шарттар түзүлүп, жол, эс алуучу жайлар, үйлөрдүн жылуулугу, газ, суу, электр энергиясы сыяктуу маанилүү болгон тармактардын баарына көӊүл бурулуп жатканы талашсыз. Мына ошолордун катарын таза суу маселеси да толуктап турат. Суу кампалардын курулушу, шаардын четиндеги аймактарга таза суунун жеткирилип жатышы кылымдык жакшы иштерден десек жаӊылбайбыз. Шаардагы таза суу боюнча жана суучарба ишканасынын аткарып жаткан иштери, пландары тууралуу Ош шаардык суучарба ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөров айтып берди.

«Президенттин башкы планы айылдарга таза суу жеткирүү болду»

- Президент Сооронбай Шарипович өзүнүн 2024-жылга чейинки  президенттик мөөнөтүндө  башкы иштери катары аймактарды өнүктүрүүнү чоӊ план кылып, анын ичине ар бир айылды таза суу менен камсыздайм деди. Бул эӊ туура чечим деп эсептейм. Себеби таза суу бул ар бир адамга ар кайсыл убак болбосун эӊ керектүү нерсе. Жолдорду укмуш кылып оӊдогонубуз менен авто кырсыктар көбөйүп жатат. Анын ордуна ар бир айылды таза суу менен камсыздасак пайдалуураак болот деп эсептейм. Таза суу бул ден соолук да. Кыргыздар көӊүлүбүзгө толгон жакшы адам менен бет келип калсак «таза суу ичкен жердин баласы экен» деп баа беребиз. Ошол себептен эӊ жөнөкөй, бекер жана эӊ керектүү болгон таза суу маселесин биринчилерден болуп чечишибиз керек. Президент план койгондон кийин министр, губернатор, аким, айыл башчылар баары таза сууга маани берип, айылдарга жеткирүүгө киришип калышты. Ош шаарынын мэри Таалайбек Насирбекович да келери менен 6 миӊ кубдук суу кампанын курулушун баштаган. Буюрса, ал да аягына жетип, ачылышы болот. Өзүӊөр күбө болгондой жакында эле Төлөйкөн айылына насос станция, суу кампа курулуп азыр айылдын 2000ге жакын тургуну таза суу ичип калышты.

«Суу кампалары боюнча терс пикир болсо эле мени сөгө беришет, биздин тиешебиз жок»

- Таза суу программасынын негизинде Жапалак айыл аймагы толук таза суу менен камсыздалып жатат. Учурда 6000дик резервуар курулуп жатат, дагы 1000дик резервуардан экөө курулуу планында турат. Буюрса, курулуш иштери аяктаса суу жиберүү иштерин биздин ишкана колго алабыз. Таза суу боюнча маселе көтөрүп келген тургундар көп.  Суу боюнча иштеген үчүнбү, айтор, таза суу маселеси күндөн күнгө чечилип баратканы кубандырат. Көп адамдар суу кампалар боюнча терс пикир болуп калса эле мени сөгө беришет экен. Суу кампалардын курулушуна делген каражаттар капиталдык курулуш башкармалыгына бөлүнөт. Биздин суучарба ишканабыз суу кампалардын курулушуна буюртма берүүчү да, куруучу да эмеспиз. Бизден ага комиссиянын мүчөсү болууга гана кошулушубуз мүмкүн, бирок ал иштерге аралаша албайбыз. Суу кампалар качан курулуп бүтүп, бир жыл сыноодон өткөндөн кийин гана бизге иштетүүгө өткөрүлүп берилет. Биздин жумуш даяр түтүктөргө суу жиберебиз, бузулган жерди жамайбыз. Курулуш иштеринин баары башка ишканага таандык болот.

«Суу эсептегич орнотуп бергиле деп кайрылгандар көбөйдү»

- Суу эсептегичтер орнотулгандан бери суу калкка кеӊири жетип калды. Мисалы, Туран жакта жер үйлөр багына агызып коюп, көп кабаттуу үйлөргө суу чыкпай калчу. Суу эсептегич койгондон бери суу элдин баарына толук жетип жатат. Эсептегичти жаӊы коюп баштаганда нааразы болгондор көп болчу. Азыр эми өздөрү коюп бергиле деп кайрылышууда. Себеби суу эсептегичтен мурдагыга караганда аз сумма төгүшөт. Мурда бир айда 120 сомдон төлөшсө азыр бир куб суу 5 сом 31 тыйындан болуп айына 30-40 сомдой гана төлөп жатышат. Биз коммерциялык ишкана эмеспиз, биздин негизги максат элге суу берүү. Суу эсептегичтерди орноткондон кийин каражат жагынан 20% артка кеттик, бирок суу экономдолуп, элге бирдей жетип калды. Бизде суу бекер, сууга деп топтолгон каражат суунун өзүнө кеткен эксплуатацияга жумшалат. Мисалы, сууну, түтүктү  тазалаганга, сууну жеткирип иштеген персоналга.  Ал эми түтүк менен агып бараткан сууга бир тыйын алынбайт.

Мэр жаӊы техника алып берип, жардам берип жатат. Насостук жабдууларыбызды жаӊылап жатабыз. Озгурдагы лабораторияны оӊдоп- түзөөдөн өткөрдүк эле азыр фильтирлөө бөлүмүн оӊдоп жатабыз. Аэропортто тазалоо станциябыз бар, ал да оӊдоодон өттү.

«Азыр тажрыйба топтобой туруп жетекчи болом дегендер көп»

- Кадр маселеси ар бир жетекчини ойлонтот. Мисалы, бизде бир сантехникти даярдаш үчүн эки жыл убактыбыз кетет. Баарын үйрөтүп койгондон кийин эгер маяна аз болсо Орусияга кетип калышы мүмкүн. Жаштардын баары эле билимине, тажрыйбасына, басып өткөн тармагына карабай жетекчи болгулары келет. Катардагы кызматкер бул жакта турсун көп жетекчилер сабатсыз. Шаардагы жетекчилердин көпчүлүгүн топтоп башкасын коюп өмүр баян жаздырсаӊ орус тилде да, кыргыз тилде да көпчүлүгү ката менен жазышат. Азыркы жаӊы өсүп келе жаткан жаш кадрлар ушул адамдан тажрыйба топтоп алайын деп эч качан ашыкпайт. Бизди 30-35 жашыбызда «азыр жетекчиликке жашсыӊ» деп эле бетиӊе айтышат эле. Биз туура түшүнчүбүз. Азыр ишкананын бир да тепкичин баспай туруп жетекчи болсо боло берет, ошол үчүн кээ бир жетекчинин катардагы кызматкерден да деӊгээли төмөн болууда. Мен ушул инженердик тармакта окудум, иштедим 44 жашымда директор болсом, 56 жашымда президенттин грамотасын алдым. Грамотаны башкы инженерибиз Ормош акеден мурун алганыма аябай уялып жүрдүм. Азыр 30га чыга элек балдар мамлекеттик сыйлыкка аракет кылып, 40 жашында Кыргыз эл баатыры болгусу келгендерди көрүп эле жүрөм. Менин аларга ичим тарыбайт, өздөрү уялыш керек. Кудай да ар бир нерсени ченеп берген да, аларга шашпай жеткен жакшы болсо керек. Азыркы жаштар 40ка жетпей жанталашып жашап, байып, алчуну алып, кызматка шашылыш отуруп кайда шашат билбейм. Жаш кезде билимди өстүрүп, тажрыйбаны топтоп, башы бышып калганда анан жетекчи болсо болот да. Мындай ишканалар «5 жыл иштедиӊ, эми бул иштесин» деп кезектеше турган ишкана эмес. Атабыздан калган да менчигибиз эмес, бирок ар бирибиз кылган ишибизге, кызматыбызга татыктуу болушубуз керек. Мыкты билим алган, жакшы кадр келсе биз да кубанып кабыл алып, кызматыбызды тапшырабыз да. Өзү юрист же экономикалык билим алып, техникалык ишканаларга жетекчи болгусу келет. Техникалык ишкананы башкаргыӊ келеби, чыдап техникалык билим алыш керек. А бул оӊой эмес.

«Суу менен абаны эч качан жасай албайбыз»

- Мени кызматкерлеримдин пикири көбүрөөк кызыктырат. Аларды капа кылбоого аракет кылам. Себеби бизде аябай жакшы адамдар иштейт. Кээде кабинетте айнектен ким эмне кылып жатканын карап отуруп калам. Кылган иштери, бири-бирине кылган мамилелери, жүзүндөгү аруулугу, авария болуп түн жарымда чакырсаӊ да кабагым-кашым дебей келип иштерди аткарышат. Кайра ал үчүн эсептешип, ишке келбей койбойт. Кызматкерлердин мындай аракеттери мени ар дайым ыраазы кылат. Жамандар жок эмес, 90% жакшы адамдар иштесе 10% мага окшогон жамандары да бар. Жөнөкөй, бардык адамга керек болгон сууну элге жеткирип берген ишканада жакшы адамдар менен иштеп калганыма ыраазымын. Сууда иштеп жүрүп сууну бардык нерседен жогору баалайм. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар суунун кадырын билбей жатабыз. Суу менен абаны эч качан жасай албайбыз. А башка нерсенин баарын жасаса болот. Ошол себептен сууну биринчи орунга коюп, сактап, убал кылбай туура колдонуп, шарылдатып агызып койбой орду менен иштетип, кадырлап жашайлы. Бала төрөлгөндө таза суу менен жуулат, адам өлгөндө да таза суу менен тазалап жууп анан кепиндейт. Суунун баркы канчалык бийик экенин мына ушулардан да билсек болот.

Уулбү Каныбекова

 

Подробнее ...
27 Янв

Каныбек Дайырбек уулу, ырчы: «Апамдан өткөн өнөр көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты»

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:02 Жарыяланган категория Маданият
Каныбек Дайырбек уулу, ырчы: «Апамдан өткөн өнөр көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты»

Аккордеон менен ырды майына чыгара аткарып, көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаш ырчы Каныбек Дайырбек уулу бүгүн биздин конок төрдө. Токтоо мүнөз, аз сүйлөгөн таланттуу ырчы мырза балалыгы, устаты, студенттик күндөрүнөн кеп салып отурду.

«Ырдаганга да, көчө чаӊытканга да жетишчүмүн…»

- Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында  1993-жылы 26-августта туулгам. Жөнөкөй, дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияландым. Балалыгым башкалардыкындай эле чаӊ көчөдө, адырларда өттү. Кичинекейимден ырга жакын чоӊойдум. Мектепке барган жашымдан баштап эле музыкага кызуугумду билчүмүн. Ар кандай конкурстарга катышып, атүгүл маданий сектору болуп да жүргөм. Бардык коомдук иштерге активдүү катышып, сөзсүз ырдайт элем. Ырдаганга да, балдар менен көчө чаӊытканга да жетишчүмүн. Негизи ырдоо таланты мага апамдан, тага журтумдан өткөн. Апам да ырга жакын, айылдагы ыр кеселерди калтырбайт. Yнүн жакшы көрүшүп, айыл эли баары апамды ырдатканга ашыгышат. Тагаларымдан да жакшы ырдагандар аябай көп.

«Кесип тандоодо Кутман Султанов жол көрсөткөн»

- Орто мектепти аяктап жаткан учурда кесип тандоодо баарыбыз эле тайсалдайт эмеспизби. Бизге окшоп айылда чоӊойгондор үчүн шаардагы мүмкүнчүлүктөр караӊгы да. Ошол учурда айылга Кутман Султанов барып калды. Музыкага кызыккан жаным барып өзүнө жолуктум. «Мен ырга кызыгам, кайда тапшырсам болот?» деп сурасам, ырдап берүүмдү суранды. Анда аккордеон ойной албайт элем. Арзыбек Бедияровдун «Түшүмө кирдиӊ түндө сен» деген ырын ырдадым. Yнүмдү угуп, аябай жактырды. «ОшМУда искусство факультети бар, мен сага жардам берем, ошол жакка тапшыр» деп калды. Ошко келгенимде Кутман Султанов өзү факультетке ээрчитип келип, устатым Эгемберди Талиповдун колуна тапшырып кеткен.

«Студенттик күндөр аккордеонсуз кызыксыз болмок»

- Музыкалык факультетте окуганым үчүн студенттик күндөр эӊ бактылуу көз ирмемдерди тартуулады. Кайда барбайлы музыкалык аспаптарыбыз жаныбызда, жүргөн жерибиз ыр, бий болду. Аккордеонсуз ал күндөр кызыксыз болуп калмак. Студенттик күндөрдө билим менен кошо жашоонун эӊ бактылуу күндөрүн алыппыз. Бир багытка бет алып, бир таланты тарбиялап билим алдык. Сүйгөн аспаптарыбызды үйрөндүк. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдарыбыз да студенттик күндөрдө ташталды. Өнөрүбүздүн артынан көп эшиктер ачылды. Апамдан өткөн бул өнөрдүн артынан мага көп мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кайда барбайын ата-энемдин батасын алып, жолго чыгам.

«Устаттан жолдуу болдум»

- Эгемберди Талиповдун колунда кимдер гана тарбия алган эмес. Көптөгөн таланттарды таптап учурду. Ошолордун катарын мен да толуктаганым үчүн жолдуу болсом керек деп калам. Агайдан көп нерсени үйрөндүм. Экинчи атамдай болуп тарбия берди. Аккордеондо ойноону да агайдан үйрөндүм. Окуучуларынын ар бир ийгилигине кубанып, колдоп турат. Кечээ жакында эле агай Эмгек сиӊирген артист наамын алды. Ошондо аккордеон белек кылсам кубанып, батасын берди. Таланттуу, өз ишин мыкты билген, ага кошо жакшы инсандын колунда тарбияланып, сабак алганыма кубанам . Талантты баалоону, дайым эл менен болууну, ийгиликти да, кыйынчылыкты да көтөрө билүүнү үйрөттү. Агайдын колунда жүрүп турмуштук да, чыгармачылык да сабак алдым. Агай такшалткан өнөрдүн артынан учурда өз тиричилигимди кылып жүрөм. Анын себепкери да, мугалими да агайым болуп калды.

«Бардык ырчылардай эле көбүрөөк тойдо кызмат көрсөтөм»

- Чыгармачыл инсандын тиричилиги, жашоосу элге кызмат көрсөтүү менен өтөт эмеспи. Бүгүнкү күндө ырчынын баары тойдо, бийде. Биз да ошол жолдо баратабыз. Элге көбүрөөк тойдо кызмат көрсөтүп калдык. Бара-бара жандуу үнгө басым жасагандар көп. Мени көпчүлүгү аккордеонум менен кошо чакырышат. Казакстандын бир топ шаарларына, Москвага, Питерге чакыруулар көп келет. Тойлорго, туулган күндөргө барып, талантыбызды тартуулап келүүдөбүз. Чыгармачылыкта талант элдин баалоосу, алкышы менен өлчөнөт. Элдерден жылуу пикирди уккан сайын чыгармачылыкка болгон эргүү пайда болот. Мага да элдин жылуу пикири күч берет. Учурда социалдык тармактар аркылуу эле элдин сага болгон кызыгуусун билүүгө болот. Ютубда өзүмдүн жеке баракчам бар. Ал жакка тынбай видеолорумду жүктөп турам. Эӊ биринчи кезекте пикирлерге көӊүл бурам. Андагы пикирлердин дээрлик баары жакшы ойлор. Ийгиликтерди каалап, дагы ырдап бериӊиз, көбүрөөк ыр жүктөӊүзчү деп турушат. Мына ушул пикирлер эле илхам жаратып, ырга болгон шыкты ойготот. Эргүү талантка өнөктөш болот да мыкты чыгармалар жаралат. Ата-эне, сүйүү темасындагы ырларга көбүрөөк басым жасайм. Анткени, ал тематикадагы ырлардын сөздөрү өтө маанилүү келет. Жөнөкөй эмес, салмактуу, басымдуу болот. Ошондуктан мындай ырлардын угуучулары да көп болот.

«Эч ким ырдай элек ырларды ырдачы дешет»

- Чыгармачылыктагы жолумду өмүрүм канча болсо, ошол убакытка чейин алып кетүү негизги максаттарымдын бири. Анткени, өзүм кызыккан тармак, кесип кылып өзүмө тандаган жол. Ошондуктан, ырчылыкка болгон кадамдарымдын башталышы азыркы жолум. Акыркы учурда эстрадага басым жасай баштадым. Эки ыр жаздырып, элге тартууладым. Дагы ырлар жазылып жатат. Көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрдүн «эч ким ырдай элек ырларды ырдап чыкчы» деген сунушту угам. Ошондуктан өзгөчөлүккө көӊүл бура баштадым. Эл көзүндө жүргөн адам үчүн элдин талабы, пикири негизги роль ойнойт.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды

Подробнее ...
27 Янв

Нурбек Исмаилов, «Ош-Тазалыктын» жетекчиси: «Калаанын тазалыгы үчүн 24 саат бою кызматтабыз»

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 04:00 Жарыяланган категория Ош шаары
Нурбек Исмаилов, «Ош-Тазалыктын» жетекчиси:  «Калаанын тазалыгы үчүн  24 саат бою кызматтабыз»

 «Ош-Тазалык» ишканасы калаадагы жалгыз тазалыкты камсыздоочу тармак. Калк тынч уктап жаткан мезгилде шаардын тазалыгына кам көргөн кызматкерлерге алкыш. Кычыраган кыштын суугуна, жайдын аптаптуу ысыгына карабай калаага кызмат көрсөтүшөт. Аталган ишкана былтыркы жылы жаӊы техникалар менен толукталып, кызмат көрсөтүү бир топ жакшырган эле. Жаӊы башталган жылга кандай пландар бар, эмне иштер аткарылат мекеме жетекчиси менен маектештик.

-Нурбек Даткабаевич, 2019-жыл ишкана үчүн кандай жыл болду? 

- Өткөн жыл ишкана үчүн ийгиликтүү жыл болду десем жарашат. Жакшы жыйынтыктар, чоӊ өзгөрүүлөр болду. Жаӊы техникаларга ээ болдук. Шаар ичиндеги таштанды урналарын алмаштырдык. Айланасын тосмолор менен тосуп, ыӊгайлуу шарттар түзүлдү. Мунун баарын кошуп жыл жыйынтыгына келгенде бир топ жылыштар болгонун аӊдадык. 10 жыл аралыгында «Ош-Тазалык» ишканасына жаӊы техника келе элек болчу, былтыркы жылы мэр Таалайбек Насирбековичтин колдоосу менен ишке ашырылды. 36 миллион сом бюджетибизди 6 миллонго түшүрүп, үнөмдөлгөн акчага техникалар келди. Мунун натыйжасында гаражды 20, 30 пайыз жаӊылап алдык. Мындан сырткары, жыл башында абоненттерибиздин саны 208 миӊ болсо, жыл аягында 228 миӊге көбөйдү. Бул дегенибиз былтыркы жылы абоненттерибиздин санын 20 миӊге жогорулаттык. 2018-жылда жылдык планды 102 миллион сом менен жапсак, былтыркы жылда жылдык план 112 ,5 миллион сом менен жабылды. Бул ишкана үчүн жакшы жыйынтык. Бир жылда бюджетибизди 10 миллион сомго көтөрдүк. 

- Кызматкерлерге муктаждык дайым болуп турат. 6 миллион сом каражат менен кыйынчылыктар жаралган жокпу?

- Негизи жумуш оор, маяна аз. Мындан улам, ооба кызматкерлерге муктаждык дайым болот. Кышында жумуш оорлошот. Албетте, бюджетибиз кыскаргандан кийин кызматкерлерге жеткиликтүү маяна төлөнбөй, кыйынчылыктар жаралды. Ага карабай ишкананын абалын түшүнүү менен кабыл алып, кызмат көрсөтүп берген жумушчуларга ыраазымын. Мындан сырткары, социалдык фонддон карыз болдук. Буюрса, быйылкы жылкы бюджетибизди үнөмдөп, кызматкерлерге шартты жакшыртабыз.

- Бюджетиӊиздер кандай чечилди?

- Жыл башынан бир жылдык план түзүлүп, ошого жараша иштер аткарылат. Жылды жакшы баштадык. Бир топ өзгөртүүлөр киргизилди. Атасам, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын бир топ функциялары толугу менен биздин ишканага өткөрүлдү. Жолго эрте менен суу себүү, туз себүү иштерин мындан ары биздин кызматкерлер аткарышат. Жолдогу таштанды урналарды жаӊылоо, айланасын корукка алуу иши быйыл да кызуу жүрөт. Буюрса, 300дөн ашуун чоӊ-чоӊ таштанды урналары жаӊыланат. Мындан сырткары, Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, гранттык жана кредиттик негизде 21 жаӊы техника алынат. Анын экөө келген, учурда пайдаланууга берилди. Калган 19 техника февраль айынын аягында келип калат деген пландар бар. Ал эми бюджетибиз быйыл 23 миллион сомду түздү. Жогоруда айтканымдай, ишкананын карызын эске алып, кызматкерлердердин маянасын турукташтыруу максатында мэрге кайрылып, бюджетти көтөрдүк. Мындан тышкары быйыл таштанды полигонун жылдыруу планы да киргизилди. Жер маселеси чечилип калса жаӊы полигон ачылат.

- Жолдорго туз себүү иштери кандай учурда жүргүзүлөт жана канча туз керектелет?

- Биздин ишкана шаардагы 24 саат иштеген муниципалдык жалгыз мекеме. Элдер уктап жатканда биздин жумушчулар эки, үч кезметте иш алып барышат. Таӊкы саат төрттө жол шыпыруучулар жумушун башташат. Сууктагы кыйынчылыктарга карабай өз жумуштарын аткарып жаткан кызматкерлерибизге алкыш айтам. Мындан сырткары туз себүү иштери каралган. Атайын белгиленген көчөлөр бар, аларга кар жааган мезгилде тузун сээп, карын күрөйбүз. Керектелген туздун так көлөмүн айтуу кыйын. Аткени, аба-ырайына карап иш тутабыз. Мисалы, кар токтобой жааган күндөрү 20 тоннага чейин туз кетип калат. Учурда кар көбүнчө түнкүсүн жаап жатат. Ага ылайык, биздин жумушчулар да түнкүсүн иштеп жатышат. Бизде атайын туз себүүчү техника жок болгону үчүн бардык жумушту кол менен жасашат. Кечки саат 10дон баштап таӊкы саат төрткө чейин шаар ичиндеги жолдорго туз сээп чыгышат.

- Шаардык Кеӊештин депутаттарынын токтомунун негизинде таштанды чыгарууда атайын бекитилген тариф боюнча айта кетсеӊиз…

- Ош шаардык Кеӊешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы №56 токтомунун негизинде жашоочулардан, мекеме-уюмдардан таштанды чыгарууда атайын тариф бекитилген. Мында, көп кабаттуу үйдө жашагандар үчүн бир адамга айына 25 сом болсо, жеке менчик секторлордо жашагандар үчүн адам башына айына 30 сом. Ал эми чарбадагы турмуш тиричиликтерин ташып чыгарууга айына 1 метр кубуна 350 сом каралган. Бара-бара элдер түшүнүү менен кабыл алып, абоненттик төлөмгө жакшы көӊүл бура башташты. Элдин жардамы менен былтыркы жылы биз техникалуу болдук. Мындан сырткары төлөмдөрдү кабыл алууда электрондук система киргизгенбиз. Бардык электрондук төлөм кабыл алуулар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул боюнча жыйноочуларыбыз тарабынан жашоочуларга маалымат тынымсыз жеткирилип жатат.

- Таштанды үчүн төлөм төлөөгө жоопкерчиликтүү карагандар аз болсо керек. Жыйноочулардын жумушу да жеӊил эмес да…

- Ооба, алардын да эмгеги чоӊ. Бирок, акыркы убактарда жашоочулар өздөрү ишканага чейин издеп келип, карызын төлөп кеткендер көп. Ишканага болгон ишеним күчөдү десем туура болот. Себеби, абоненттик төлөмдөр убагында түшкөнү үчүн ишкана өзүн-өзү камсыздап жатат. 100 жашоочудан эки-үчөө эле чыгат. Андай учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Юридикалык жактан жардам алып, карызды өндүрүүгө аракет кылып жатабыз. 

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Подробнее ...
27 Янв

РОССИЯНЫН БАШ МЫЙЗАМЫНА ТYЗӨТYYЛӨР КИРГИЗИЛЕТ

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 03:58 Жарыяланган категория Саресеп
РОССИЯНЫН БАШ МЫЙЗАМЫНА ТYЗӨТYYЛӨР КИРГИЗИЛЕТ

Yстүбүздөгү жылдын саясий турмушу Россияда да активдешүүсү күтүлүүдө. Путин Россия Федерациясынын Баш мыйзамына айрым оӊдоолорду киргизип, мамлекеттик кеӊештин макамын бекитип, президенттин өкмөт түзүү боюнча айрым ыйгарым укуктарын мамлекеттик Думага өткөрүп берүүнү сунуштады. Россия Федерациясынын өкмөтү премьер-министри баш болуп толук курамы менен отставкага кетип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу дайындалды.

КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРБӨЙТ, КОРРЕКТИРОВКАЛАНАТ

Россия президентинин айтымында, өлкөнүн жаӊы Конституциясын кабыл алганга зарылдык жок, анткени азыркысынын мүмкүнчүлүктөрү али түгөнө элек. Бирок, бул ага айрым өзгөртүүлөрдү кийирүүгө мүмкүндүк бербейт дегенди билдирбейт. «Конституциялык түзүлүштүн, адамдын укук жана эркиндигинин фундаменталдык негиздери дагы он жылдар бою россиялык коомчулук үчүн бекем жана бүтүн  база бойдон кала берет»,- деп билдирди Путин РИА «Новостиге» берген маегинде.

Путин ошону менен бирге парламент министрлер менен премьер-министрди дайындай алгандай кылып, мындан тышкары вертикалдуу бийликти мындан ары да күчтөндүрүүнү -шаар калкы шайлаган мэрлерди губернаторлорго баш ийдирүү керектигин белгиледи жана Конституциялык сот мыйзамдарды президентке чейин жактырышын туура көрөөрүн айтты.

Азырынча Россиянын коомчулугунда Конституциялык реформаларга карата бир жактуу ой-пикирлер калыптанып бүтө электиги турган иш. Өлкөдө аракетенип жаткан Баш мыйзам өткөн кылымдын 93-жылында референдум аркылуу кабыл алынган. Андан бери анча-мынча оӊдоп-түзөтүүлөр киргизилип жатканы менен, жалпы алганда кординалдуу өзгөрүүлөргө учурай электиги чындык. Эми минтип Путиндин президенттик мөөнөтүнүн аякташынан дээрлик беш жыл мурда Конституцияга олуттуу дегидей мүнөздөгү оӊдоп-түзөтүүлөрдү кийирүү пландаштырылып жатат.

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН ОЮ ЭМНЕДЕ?

Бир катар саясат талдоочулар Путин Конституцияга мамлекеттик кеӊеш тууралуу мыйзам кабыл алып, анын ыйгарым укуктары менен милдеттерин каалагандай ылайыктоо менен президенттик ордундагы бийликти жаӊы кызматка ооштуруп, өкмөт, парламент, коопсуздук кеӊешине бирдей таасир эте ала турган «орун камдап жатат» деп болжоп турушат.

Саясат таануучу Екатерина Шульман муну бийлик ооштуруунун «казакча амалы» катары түшүндүрүүгө аракеттенүүдө: «Бул жалпысынан саясат иликтөөчүлөр айткандай,  бийлик ооштуруунун «казакча амалы». Президенттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдарга бөлүштүрүп коюп, өзү кандайдыр бир салмактуу макамды алып, кадр дайындоого таасир этүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу аракетин көрдү. Бизде мындай салмактуу орун мамлекеттик кеӊештеги жетекчилик болуп калчудай. Бул азыркы Казакстандагыдай түзүлүш».

Ал эми журналист Константин Эггерт жаӊы мамлекеттик кеӊештеги жогорку кызмат Путинге бир гана «Беларусту Россияга кошулууга көндүрүү, Донбасс, Ливия, Сирия, Батыш сыяктуу аны чындап кызыктырган маселелер менен алек болууга шарт түзөт» деп эсептейт. « Президент мөөнөтүнүн аягына чейин кызматта отурат. Ага чейин анын администрациясы жаӊы схема ойлоп табат. Мисалы, мамлекеттик кеӊештин башчысынын ордун башкы кызмат орду кылып, ага убактылуу жетекчини дайындап коет. Мамлекеттик кеӊешке атайын макам бекитип, мыйзамдаштыруу сунушу жөн жерден чыккан эмес. Бул орун Путинди тажатып жиберген милдеттеринен чабал экономика, калкты социалдык жактан камсыздандыруу сыяктуу маселелерден толук бошотот. Коомчулуктун нааразылыгы эми премьер-министр менен депутаттарга жүктөлөт»,- деп жазды журналист.

Саясат таануучу Дмитрий Орешкин Путин премьер-министрликке баратат деген ойдо. «Ар ким ар кандай моделди күткөн. Бирок чечимди Владимир Владимирович эле кабыл алат. Ал алдын ала өзүнө ыӊгайлуу орун даярдап койду. Премьер эми  министрлерди дайындап, өз саясатын жүргүзүп, президентке кылчактабай калат. Президент болсо ишеним жоготту деп министрди кызматтан кетире алат, бирок парламент тандаган премьер-министрге колу жетпейт. Бул премьер таасирдүү болуп калаарын түшүндүрөт. Мен  ушундан улам Путин кызматка барат деп ойлоп турам. Ошол эле кезде бийлик алмашуунун башка жолдорун да эстен чыгарбоо керек. Лукашенкого басым жасап, жаӊы мамлекет  түзүп коюшу да мүмкүн. Биз акырындап Баш мыйзамды өзгөртүүгө баратабыз»,- дейт ал.

Канткен менен айрым саясат талдоочулар Путин акыры бийликтен кетээрин, азыр сунушталып жаткан өзгөртүү, түзөтүүлөр менен бийликти бөлүштүрүү демилгелери келерки президентти  көзөмөлдөө механизмдери катары кабыл алынып жатканын белгилешет.

«Кайрылуудагы сунуштардын топтому «казакча бийлик ооштуруунун» жаӊыланган түрү деп айтса болот. Албетте, эч кандай «элбасы» же кош бийлик болбойт. Бирок жогорку кызматтарга, ошол эле мамлекеттик кеӊешке, конституциялык сотко айрым милдеттерди жүктөө менен Путиндин мураскерине «көз салып турган аянтчалар» түзүлөт. Путин өзү кайсы аянтчаны ээлеши мүмкүн? Кайрылуусун ар кандай талкуулашы ыктымал. Мамлекеттик кеӊешке же күчтөндүрүлгөн парламентке барышы мүмкүн. Кыскача айтканда, Россияда 2024-жылы жаӊы президент болот, бирок ал «көз салып туруучулардын» көзөмөлүндө калат» дейт саясат талдоочу Александр Кынев «Ведомости» басылмасына берген маегинде.

Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү кийирүү маселеси талкууланган Федералдык жыйында Путин кийинки президенттике аттангандарга талаптарды катаалдаштырууга чакырды. Анын сунушу боюнча,  келечектеги орус президенти өлкөдө кеминде 25 жыл жашашы керек жана эч качан чет өлкөнүн жарандыгын же ал жакта туруктуу жашоого уруксат кагазын албаган адам болушу зарыл.

Буга кошумча, президент тууралуу мыйзамдагы «бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат» деген жердеги «катары менен» сөздү алып салууну талкуулоо керектигин белгиледи. Путин өзү дал ушул «катары менен» деген сөздү эптүү пайдалануу аркылуу гана баш-аягы болуп төртүнчү ирет президенттикке шайланганын көӊүлгө тутуу ашыкчалык кылбайт.

Ал эми келечектеги орус президенти өлкөдө кеминде 25 жыл жашашы керек жана эч качан чет өлкөнүн жарандыгын  же ал жакта туруктуу жаоого уруксат кагазын албаган адам болушу зарыл деген сунуш Баш мыйзамга кабыл алына турган болсо, анда 2010-жылы Йель университетинде окуп, окуусуна байланыштуу Россияда туруктуу 25 жыл жашабаган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный  президенттикке талапкерлигин көрсөтө албай калат. Мындай чектөөлөр Путиндин саясатын сынга алып, мунун айынан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгон бир катар оппозициячыл лидерлердин президенттикке талапкер болушуна да чекит коет.

Бардык  оӊдоп-түзөтүүлөрдү Путин жарандардын добушуна коюуну сунуштады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен гана акыркы чечим кабыл алынаарын билдирди. Добуш берүүнүн бирдиктүү күнү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

YШ КЕТИРЭЭР YЧ ФАКТОР

Путиндин «катары менен» деген сөздү алып таштоо сунушун эксперттер түрдүүчө талкуулашууда. Айрымдар аны болочок президенттин бийлик мөөнөттөрүн так аныктоо кадамы катары карашса, калгандары президенттикке мураскер катары Медведев үчүн  жасалып жаткан  ишарат деп да белгилешет. Бирок, Путин президенттик мөөнөтү бүтүшүнөн беш жыл мурун эле өзүнө мураскер тандап алат дегенге эч ким ишене бербөөсү да турган иш. Андыктан, Путин өзүнүн келечеги жагдайында  азырынча эч кандай жыйынтыкка келе элек болуш керек деп болжогондорго кошулууга болот. Бирок,  анын келечекти тандоосу үчүн каала-каалаба, баары бир таасир бере турган үч «бирок» бар экенин эксперттер белгилешүүдө.

Биринчиден, парламенттик республика жөнүндө сөз болушу мүмкүн да эмес, анткени Путин өз өлкөсүндө эч качан көз карандысыз күчтүү парламент болушун жактырган эмес жана Россияны  Мамдумада пайда боло калчу ар кандай саясий коньюктурщиктерге көз каранды кылууга эч качан барбайт.

Экинчиден, 2024-жылы Путин 72 жашка чыгат жана ал өлкөнү башкаруусун ушул куракта, интеллектуалдык жактан өчүүнүн  белги-шарттары сезилип баштаган убакта девальвациялоону каалабайт болуш керек.

Yчүнчүдөн, Путин «өзүнүн керт башына сыйынуу доорунун»  кокусунан эле бүтүп калышынан  кабатырлануусу керек. Бул Россия үчүн адаттагыдай эле иш. Башканы кой, Медведевдин төрт жылдык президенттик башкаруусу эле  көп нерселер бийликтин пайда жагына оой бербей турган кырдаалдарды жаратып коерун көрсөткөн. Демек, 2024-жылкы болжолдуу тандем ар кандай ыӊгайсыздыктары менен кооптуу экендиги эске алынууга тийиш.

Абдираим Мамытов

 

Подробнее ...
27 Янв

Союздан калган ардактуу адис

Автор Бекмурат Понедельник, 27 Январь 2020 03:56 Жарыяланган категория Макалалар
Союздан калган ардактуу адис

Узак жылдар бир орунда иштеген мыкты дарыгерлер бар. Тажрыйбалуу, көптү билген адистерибизди, тактап айтканда, союздун кишилерин барктап калуубуз керек. Биздин бүгүнкү ардактуу коногубуз 37 жылдан бери Ош облустук стоматологиясында врач- ортопед болуп иштеген тиш салуу бөлүмүнүн башчысы Анарбай Акматов болмокчу.

«Yч жыл аракет кылып жүрүп окууга араӊ өткөм»

- Мен окууну 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунан азыркы медициналык академиясынан аяктагам. Ал кезде окууга өтүү аябай кыйын эле. Мен өзү атама окшоп токойчу болгум келген. Университетке тапшырып өтпөй калып анан медфакка баргам. Алгач 1974-жылы биринчи ирет тапшырып экзаменден кулап калдым. Ал жылы курста окуп, кийинки жылы дагы тапшырдым, анда да кулап фармацевтикага жөнөтүштү, ага барбай коюп кийинки жылы дагы тапшырдым. Ошондо баллым же жогору эмес, же төмөн эмес ортодо болуп калды. Анан стоматологияга балдар толбой, бизди ушул тармакка жиберишкен. Ал кезде бир группага 12ден ашык студент алчу эмес. Ошол себептен окууга өтүү аябай кыйын эле. Yч жыл кыйналып жүрүп тапшыргандан кийин китепканадан чыкпай, жакшы окуп бүтүрүү биринчи максатыбыз болчу. Бишкек медициналык билим берүү боюнча Орто Азияда алдыӊкы орунда турчу. Мугалимдерибиздин да 70-80%ы еврейлер эле. Ошол үчүн да ал кезде жакшы билимге ээ болгон окшойбуз. Ординатураны да Бишкектен аяктап, 1982 жылы Ошко келгем. Ал кезде кайда барып иштөөбүздү мамлекет чеччү. Мени Лейлекке ФАПка башкы дарыгер кылып жөнөтүштү. Жубайым гинеколог, мен стоматолог болуп бардык. Азыраак убакыт иштеп, үй жок болгондон кийин алыс жерде болбойт экен, 1983-жылы Ошко кайра келгенбиз. Мына ошол жылдан бери ушул Ош облустук стоматологиясынын тиш салуу бөлүмүндө ортопед болуп иштеп келем. 2003-жылдан бери тиш салуу бөлүмүнүн башчысымын.

«Мурун хирург, терапевт, ортопеддин ишин бир адис кылууга туура келген»

- Институтта тиш жасоону да окуткан. Союз мезгилинде дарыгерлер жетишсиз болгондуктан ортопед болгонубуз менен стоматологго тийиштүү иштердин баарын билүүбүз керек болчу. Себеби бизди алыскы стоматолог жок айылдарга бир техник, бир медайымды кошуп жиберет эле. Ал жерге барганда хирургдун да, ортопеддин да, терапевттин да ишин жалгыз өзүбүз кылчубуз. Айлык маяна болсо 90 сом. Батирде жашагандыктан ал айлык эч нерсеге жетпей калчу. Кыйынчылыктан улам кошумча тиш жасап да иштегем. Барган сайын тиш салуунун көп түрлөрү чыгып жатат. Медицинада күн санап өнүгүүнүн үстүндө. Биз союз мезгилинде окуганбыз деп отура бербейбиз. Жаш кезде Түркия, Азербайжан, Армения, Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө барып окуп келип турчубуз. Азыр жаш өткөнгө байланыштуу окутуучу адистерди Ошко чакырып, жаӊы нерселерди үйрөнүп, таанышып турабыз.

«Тиш жулунган соӊ кайра башка салуу зарыл»

- Тиштин керамика, фарфор, алтын, металл сыяктуу бардык түрүн салабыз. Илгери фарфорду салуу өтө оор болчу. «Фарфорду Усубалиев менен ата-энеӊе гана саласыӊ, башка эч кимге сала албайсыӊ» деген сөз бар эле. Себеби жабдыктары Москвада гана бар болчу. Мына азыр мезгил өтүп, техника өнүгүп, андан да татаалдары оӊой жолдор менен салынып жатат. Тиш ооруса, аны жулуш керек болсо хирург жулат. Жулунгандан кийин бир ай жүрүү керек. Себеби жулунган жер толук сакайып бүтүүсү зарыл. Анан тиш салуу үчүн бизге келет, өзү каалаган металлдан тишинин өлчөмүн чыгарып, тиш жасайбыз да салып беребиз. Эгер тиш жулунгандан кийин кайра тиш салдырбаса тиштердин аралыгы жылып, түзүлүү формасы бузулат.

«Биздин деле тишибиз ооруйт»

- «Катуудан тиш оорубасын, жумшактан ич оорубасын» деген кеп бар. Бул эӊ туура айтылган. Тиштин ичинде каналга нерв жайгашкан. Суук тийип, нервге жеткенде ал оруксунуп, шиший баштайт. Бир аз шишип катуу тишке жеткенде кысылып оору күчөйт. Эгер тиш жумшак болуп, кыспай шиший берсе анчалык катуу оорумак эмес. Тишти убагында жууп, убагында тазалап кам көрүп турабыз. Бирок оорубады деп айта албайм. Дарыгер болсок деле биздин тиштер да ооруйт. Убагында алтын тиштер мода болуп, мен да алтын салдыргам. Тишке кам көрүү да мезгил алмашкан сайын жаӊыланып, өзгөрүп жатат. Мурда түнү жатаарда, эртеӊ менен турганда ары бери жышып жууш керек деген эреже бар эле. Азыр щётканы ары-бери эмес, астына, үстүнө кылып жышып жууш керек. Эртеӊ менен турар замат эмес, тамактанып бүткөндөн кийин жууш керек. Сагыз бир күн кечке чайнаш үчүн эмес, тамактангандан кийин тишти тазалоо үчүн чыгарылган. Тиш тазалоочу таякча же атайын жипче менен тазалап туруп 10 мүнөт сагыз чайнап койсо тиш жуугандай болуп тазарып калат.

«Тиш дарылаганда куралдардын баары стерилденет»

- Тиш дарылагандан жугуштуу оору жугуп калып жатат дегенден алысмын. Бир тишти жуугандан кийин ар бир курал бир канча градус кайнак сууда бир саатка жакын кайнатылып, лабораторияга өткөрүлөт. Ал жерден стерилденгени аныкталган соӊ дарыгерге келет. Анан кантип жугуштуу оору жугуп калуусу мүмкүн? Жугуштуу оору жукса дарыгер «стоматологдо болдуӊузбу» дейт ооба десе ошол жерден жуктурупсуз деп коем. Жугуштуу оорунун жугуу этаптары да болот да. Ал нерсеге маани бербей эле сүйлөп койгон адамдар бар.

«Балдарыбыз биздин жолду жолдободу»

- Мен тиш жасаганда кичүү кызым жанымда отура берчү. Ошондо анын кызыгуусу пайда болгон экен. Стоматолог болом дегенде контрагын ойлоп окута албай калсамчы деп коркком. Чоӊ уулум экономист. Атам экономист болгонду жакшы көрүп, небересине эсепчи болосуӊ деп жүрүп ошол тармакка кетти. Азыр илимдин кандидаты, докторлугун жактаганга аракет кылып жүрөт. Андан кийинки кызым тигүүчү болду. Кичүү кызым стоматолог болом дегенине каршы чыкканыбыздан кийин агасынын жолун жолдоп финансист болуп, азыр Москвада иштеп жатат. Балдарыбыз биздин жолубузду жолдоп медик болбосо да өз кесиптерин таап, жакшы иштеп жүрүшөт.

 «Азыр да өтө күчтүү адистер даярдалып чыгууда»

- Дарыгерлик кадырлуу кесип. Илгертен дарыгерлерди эл жакшы кабыл алып, сыйлап келишет. Заман өнүккөн сайын кадрлар начарлап жатат деген ойго кошулбайм. Азыр да ишин мыкты билген, өтө күчтүү балдар бар. мындай балдар дарыгерлердин жакшы атын сактап калышат деп ойлойм. Сабатсыз адистердин чыгуусун университеттеги студенттин көптүгүнөн деп ойлой берем. Себеби бир группада 30дан ашык бала бар. Мугалим алардын ар биринен сурап, ар бирине түшүндүрүп бере албайт да. Ар бир бала ар кандай кабыл алып, кээ бири жакшы адис болуп чыкса, кээ бири сабатсыз болуп жатышат.

Уулбү Каныбекова

 

Подробнее ...

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved