Пандемиянын кесепетинен билим берүү онлайн жүрүүдө. Окуучулар үч айлык каникулду кошпогондо беш айдан бери мектеп босогосун аттай элек. Балдарынын билим деӊгээли төмөндөп бара жатканын, онлайн окутуудан эч нерсе үйрөнбөй, кайра билгендерин унута баштаганын айткан ата-энелер көп кездешүүдө. Ата-энелер мектептин ачылуусун, мурдагыдай балдары мектепке барып билим алуусун каалайт. Бирок, эпидемиологиялык абал муну создуктурууда. Бүгүнкү күндөгү онлайн билим берүүгө ата-энелер кандай баа берет? Окуучулар татыктуу билим алып жатабы? Сабактар максатына жетүүдөбү? Бул жана башка суроолорго жооп издейбиз.
Аралыктан билим берүү купулга толборун, мугалим канчалык аракет кылбасын балдар көӊүл бурбай, убагында сабакка катышпай жатканын айткан айткан Бермет Сайпидинова балдардын билим сапаты күндөн-күнгө төмөндөп жатат деген пикирде.
-Онлайн аралыктан билим берүү биздин жаш өсүп келе жаткан муундун билим деӊгээлин төмөндөттү. Анткени мындай шартта буга чейин окуп көрбөгөнгө балдардын кабыл алуусу начар болууда. Колуна уюлдук телефонду карматып, сабагыӊды оку деген менен аларды 24 саат бою көзөмөлдөй албайсыӊ да. Бала деген бала экен кээде башка эле бир нерселерди көрүп, сабагын унутуп койгонун көрөсүӊ. Эскертесиӊ. Бирок баары бир сабакка толук кандуу көӊүл бурбайт. Балдар жалкоо да болуп кетишти. Кечинде саат 11-12ге чейин телефон кармашат. Кеч жаткан балдар анан эрте менен кантип сабакка катышат. Тааныштардан “балам сабагына уктап катышпай калат, эрте менен уйкудан тургузуу кыйын болууда” дегенди көп угам. Байкашымча бир класста 25-30 бала болсо анын 10у эле онлайн сабакка катышууда. А калган балдар каякта? Алар эмне менен алек? Баштагыдай китеп, дептерин жайып сабак карап, тапшырма аткарган окуучуларды кездештирбей калдым. Китептерди көтөрүп, ыр жаттап калышчу эле. Азыр “мугалим телефондон карап турат беле” деп эптеп эжей-агайынын көзүн боегонго өтүштү. Мен да балдарымдан өткөн темалары боюнча ар бир предметинен сурап, суроолорду берип турам. Бирок, мурункудай жооп бере албайт. Демек, балдар аралыктан жеткиликтүү деӊгээлде сабакты түшүнүшпөйт. Мугалимдер деле түшүндүрө берип тажашты. Эртерээк баары жайына түшүп, салттуу билим берүүгө кайтсак абдан жакшы болор эле.
Окуу жылы аралыктан билим берүүгө өткөндөн тарта балдардын телефон, телевизор менен камсыз болуусу айтылып келет. Жергиликтүү бийлик тарабынан, мектеп, атайын уюшулган фонддор тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына шарт түзүп берүү демилгеленип, ишке ашырылууда. Анткен менен баары тегиз камсыз болуп кеткен жок. Арасында бир телефонду талашып, кезектешип окугандар же атайын насыяга телефон алып, кыйын учурда кыйналып акча тапкан үй-бүлөлөр деле кездешет. Алардын бири жалгыз бой эне Жаӊыл айым. Эки баласы мектепке барат.
-Аралыктан окутуу онлайн жүрүп баштаганда менин телефонумдан экөө кезектешип окушчу. Жагдай ошондой болуп калбадыбы. Бирок бир телефондон окуу ыӊгайлуу болгон жок. Кайтарым байланыш болгон мезгилде же башка күндөрү сааттар алмашканда экөө талашып калышат. Телефон эскиргендиктен группаларды көтөрө албай катып калат, көп эле сабакты үзгүлтүккө учуратышты. Аларды көрүп чыдабайт экенсиӊ. Мектеп ачылабы деп күтсөк, жакын арада болчудай эмес. Андыктан насыяга болсо да телефон алып бердим. Өзүм жалгыз бой энемин. Үйдө иштеген жалгыз адам болгондуктан батир акысына, күнүмдүк тамак-ашка да каражат табуум керек. Мен сыяктуу канча ата-энелер бар.
Туура, телефонду алып берип эле балдар билим алып, жакшы окуп кетишти дегенден алысмын. Кандай шарт үйдө түзүлбөсүн окуучу мектепте сабакты түшүнгөндөй үйдөн түшүнбөйт.
Ошондой эле “Балдардын сабакка катышуусу барган сайын начарлоодо. Мектепке келип окуучулар бири-бири менен көрүшүп, мугалимдерге түшүнбөгөн суроосун берип, жүзмө-жүз отуруп жооп алган өзүнчө чоӊ бакыт экени сезилди” деген пикирин Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясынын мугалими Аида Тагаева билдирди.
-Бүгүнкү күндө коронавирус пандемиясына байланыштуу биринчи чейректи онлайн окушууда. Албетте, мындай окутуу ыкмасы ата-энелерге, окуучуларга жаӊылык дагы, түйшүк дагы жаратты десек болот. Бир жагынан алганда санариптештирүү жылында онлайн окутуудагы керектелүүчү тиркемелерди, программаларды окуп, үйрөнүп санариптештик. Терс жагын айта кетсек, ата-энелерге, мугалимдерге, окуучуларга да кыйынчылыктарды жаратты. Ата-энелер балдарын керектелүүчү техникалык каражаттар менен жабдып бере алышпайт экен. Балдар көзөмөлсүз калып, сабактарга катышпай койгон учурлар болууда. Сабакка кызыгуу начарлоодо. Мектепке келип окуучулар бири-бири менен көрүшүп, мугалимдерге түшүнбөгөн суроосун берип, жүзмө-жүз отуруп жооп алган өзүнчө чоӊ бакыт экени сезилди. Окуучулардын билим деӊгээли чынында төмөндөп баратат десек жаӊылышпайбыз. Себеби кээ бир окуучулар шарт туура келбей окуй албай калышууда. Интернет да көп учурда жеткиликсиз болуп калат. Бул да болсо онлайн окутуудагы тоскоолдуктар. Сабакка катышуу барган сайын начарлоодо. Анткени балдар телефондон тажап калышты.
Ал эми 6-октябрда 2-6-класстарга салттуу окутууга кайтууга уруксат берилген. Бирок, тилекке каршы, өлкөдөгү абал курчуп кеткендиктен кайра мектептер жабылган.
Бектурсун Көкөнов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары:
-Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп кеткендигине байланыштуу 14-октябрда шаардык штаб онлайн окутууну улантуу жөнүндө чечим чыгарган. Учурда 1-класстар да онлайн билим алышууда. Эпидемиологиялык абал туруктуу убагында мектептерге 6-класска чейин мамлекеттик, жеке менчик мектептерге уруксат берилген. 6-октябрдан жеке менчик мектептер 2-6-класстарды кабыл алышты. Бир күн мектепке баргандан кийин өлкөдөгү саясий абалдан улам кайра токтотуу тапшырмасы келди. Ошентип бардык билим берүү мекемелери аралыктан онлайн билим берүүгө өтүп калышты. Мектепке чейинки билим берүү мекемелери, бала бакчалар да менчик түрүнө карабастан ишин онлайн улантышууда. Мугалимдердин да мектепке келүүсүнө тыюу салынды. Башкармалыктын кызматкерлери да аралыктан иш алып баруудабыз.
Окуучулардын билим деӊгээли октябрь айынын аягында биринчи чейректин жыйынтыгында билинет. Билим берүү боюнча көзөмөл жүрүүдө. Мугалимдердин сабактарына катышып, атайын текшерүү жүргүзүүдөбүз.
Бирок шаардагы айрым жеке менчик бала бакчалар, мектептер окутууну, балдарды кабыл алууну кадимкидей жүргүзүп жатат. Алсак, Фрунзе кичи районундагы жеке менчик мектеп, бала бакчалар. Бул боюнча мэриядан сураганыбызда “эгер токтомго баш ийбей ишин жүргүзүп жатса, анда аларга айып пул салынарын” шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.
-Бардык билим берүү мекемелер, мектеп, бала бакча менчик түрүнө карабастан аралыктан иштесин деген токтом чыгып, шаардык билим берүү башкармалыгына жөнөтүлгөн. Токтомду эске албай, ишин жүргүзүп жаткан мекемелерге айып пул салынат.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Бүгүнкү күндө өлкөдө абал турукташты. Мамлекеттик органдар толук кандуу иштеп жатат. Өкмөт ишкердиктин коопсуздугун, кепилдигин жана корголушун толук камсыздоо үчүн бардык иш аракеттерди көрүүнү убадалап жатат. Бирок, экономикалык абалдын жакшы эместигин серепчилер байма-бай айтып келишүүдө.
Эрлан Камалов, серепчи:
- Бүгүн мамлекет башынан аябай оор күндөрдү өткөрүп жатат десем туура болчудай. Анткени, үстүбүздөгү жылдын башында, 2019-жылдын аягында экономикада жакшы жыйынтыктар болгон. 2020-жылда экономикабыз 5%га өсөт деген жакшы план да бар эле. Бюджеттин киреше бөлүгү 163 миллиард сом, ал эми чыгаша бөлүгү 173 миллиард сом болот деп бекитилген. Бул жылды өнүгүүнүн, бир аз болсо мурунку жылга салыштырмалуу стабилдүүлүктүн жылы болот деген ниет менен баштаган элек. Тилекке каршы, биз ойлогон пландарга шайкеш келбеди. Пандемия – экономика үчүн пландалбаган чыгымдарды алып келди. Улуттук экономикабызга чоӊ залакасын тийгизди, толугу менен аксады. Жумушчу күчүнүн кыймылы токтоду, капиталдын кыймылына чектөө киргизген учурлар болду, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр дагы кандайдыр бир убакыттарда чектөөлөргө учурап, анын негизинде алыскы жана жакынкы өнөктөштөрүбүз менен болгон байланыш бир кыйла зыянга учурады. Негизи, экономиканы жөнгө салуу үчүн мамлекет үч түрдүү саясатты жүргүзөт: биринчиси акча-кредит саясаты же болбосо манитардык саясат деп атайбыз. Бул саясат улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. Экинчиси – салык- бюджет саясаты же болбосо фискалдык саясат деп айтылат. Мындай саясатты Өкмөт тарабынан анын ичинде Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми экономиканы жөнгө салуучу үчүнчү саясат - социалдык саясат аталып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Өлкө экономиканы ар түрдүү кырдаалдарга жөнгө салып, аны көзөмөлдөп туруу үчүн ушул үч саясат эффективдүү, натыйжалуу болушу керек. Бирок, кечээги пандемия учурунда жалгыз эле кыргыз экономикасы жабыркады дегенден алыс болушубуз керек. Пандемиянын кесепеттерин дүйнөлүк экономика да сезди. Эл аралык валюта фондунун белгилөөсү боюнча, дүйнөлүк экономика 4 пайыздан 6 пайызга чейин артка кеткен. Учурда бул көрсөткүч дагы өзгөрдү. Мындан улам дүйнөлүк серепчилер бул дүйнөлүк экономикалык кризисти «улуу карантин» (великий карантин) деп аташты. Ушул «улуу карантиндин» шартында Кыргызстандын экономикасы жогоруда аталган үч саясатты ишке ашырууда өтө чоӊ жоготууларга учурады.
- Ишкерликте, орто жана чакан, ири бизнеске ар түрдүү чектөөлөрдүн болгондугуна байланыштуу Банк системасы өзүнүн насыя берген жактарынан убагында насыяны төлөтүп алууга мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Өзүӊүздөр билесиздер, Улуттук банк тарабынан көрсөтмөлөр берилип, ошол насыялардын пайызын төлөө убактысын жылдыруу, аларга пения, айып пулдарды төлөттүрбөө боюнча чечимдер кабыл алынды. Натыйжада бул процесс банк системасынын иштөөсүнө түздөн-түз кедергисин тийгизди. Экинчи багытта, ишкерлердин ишмердүүлүгүндө бир кыйла чектөөлөрдүн киргизилиши фискалдык- салык бюджет саясатына терс таасирин тийгизди. Себеби, ишкерлердин дээрлик көпчүлүгү жумушка чыга албады. Ал эми иштебей турган ишкана эч качан салык төлөгөн эмес. Ошондуктан салык бюджет саясатыбыз дагы ошол пандемиянын кесепеттерин тартты, салык төлөө кескин төмөндөдү, соода экономикалык байланыштарыбыз кыскарды, анын натыйжасында бажы төлөмдөрү да мамлекетке түшпөй калды. Мындан улам Өкмөт кризистин кесепеттерин жумшартуу, бюджетти колдоо максатында эл аралык донорлорго, финансы- кредиттик уюмдарга кайрылып жардамдарды алып жатты. Ал жардамдардын кандайдыр бир бөлүгү грант түрүндө, бир бөлүгү насыя, кредит түрүндө берилди. Дээрлик жарым миллиард долларга жакын каражат сырттан алынды. Ошол каражаттын бардыгы, тилекке каршы, өнүгүүгө алып келген экономикалык долбоорлорго жумшалбай, социалдык төлөмдөргө, пандемия учурунда элди тамак-аш менен камсыздоо үчүн гуманитардык жардамга, дарыгерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсация катары төлөөгө иштетилип кетти. Ошондуктан учурда коомдо «карыздарды алып эле жатабыз, бирок анын натыйжасы жок го» деген түшүнбөстүк пикирлер жаралууда.
- Пандемиядан кийинки август, сентябрь айларында кайрадан жандантып келе жаткан ишкерликти акыркы учурдагы саясий туруксуздук кайрадан оор абалга кептеди. Бул саясий толкундоолордон улам биздин экономика 8 миллиард сомдон ашык зыянга учурады. Саясий туруксуздуктан, талап-тоноодон чочулап көптөгөн ишкерлирдин иши токтоп калышы, тоо-кен тармагынын тонолушу, ал жердеги инвесторлорду коркутуп, үркүтүүсү, жарандар тарабынан жеке мүлктөрдү тартып алууга аракет кылуусу экономиканы бир топ артка тартты.
- Экономиканын абалын турукташырууда азыркы шарт бизден эӊ биринчи кезекте саясий туруктуулуктуу, экинчиден, мыйзамдуулукту, үчүнчүдөн, инвесторлорго болгон өзгөчө коргоону талап кылат. Учурда бул шарттарды түзбөй турган болсок, инвестициялык жагымдуу климатты шарттабасак экономиканы жандантуу, кайра калыбына келтирүү тууралуу сөз кылбай эле коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө Өкмөт биринчи кезекте, экономикалык блоктогу бардык министрликтер, ведомстволор менен ишти жандантып, инвесторлордун, экономикалык субьектилердин, анын ичинде элдин Өкмөткө болгон ишенимин кайтаруусу зарыл. Экономиканы өнүктүрүүдө төрт тармакка артыкчылыктуу баа берилген. Алар өнөр жай, айыл чарба, курулуш жана туризм тармагы. Ушул төрт тармакты өнүктүрүү жолу менен экономикабызды 5 пайызга көтөрөбүз деген пландар бар эле. Тилекке каршы, быйыл аталган төрт тармакта теӊ кризистик абал болду. Туризм тармагында дээрлик 80-90 пайыз туристтик ишканалар иштеген жок.
- Экономикалык кризистин эки чоӊ себеби болот, биринчиси инфляция, экинчиси жумушсуздук. Биздин мамлекет импортко көз каранды болуп калган. Бардык баалар көбүнчө доллардын кунуна байланып калган. Учурда доллардын курсу 80 сомдон ашты. Сомдун куну өтө тездик менен түшүүдө. Сырттан келген товарларды доллар менен алганыбызга байланыштуу алардын баасы да көтөрүлүүдө. Жумушсуздуктун көбөйүшү өтө көп социалдык көйгөйлөрдү жаратат. Учурда бизде болуп жаткан саясий толкундоолор дагы ошол жумушсуздуктун айынан болуп жатат. Пандемия учурунда сыртта жүргөн 50 миӊге жакын мекендештерибиз кайтып келди. Алар Кыргызстанда жумушсуз жүрүшөт. Жумушсуздук жаратчу дагы бир чоӊ көйгөй – экономикада «Оукен закону» деген мыйзам бар, эгер жумушсуздардын саны бир пайызга өскөн болсо, ички дүӊ өндүрүм 2,5-3, керек болсо бизге окшогон мамлекеттерде 5 пайызга чейин артка кетет деп эсептесек болот. Бул теория эмес, биздин практикабызда болуп жаткан нерселер. Ошондуктан аталган көйгөйлөрдү чечүүдө бардык тармактар менен комплекстүү иш алып барып, кесепеттерин жоюу, алардын себептери менен күрөшүүбүз абзел.
Мирланбек Убайдуллаев, серепчи:
- Өлкөбүздө акыркы болуп өткөн окуялар, пандемия мамлекеттин экономикасында олуттуу залакасын тийгизди. Официалдуу маалыматка таянсак, 4-октябрга чейин бюджетке түшө турчу 8 миллиард сом акча каражатынан айрылдык. Бул дегенибиз 100 миллион доллардын тегерегиндеги каражат. Экинчиден, экономиканын секторунда иш-аракеттери реалдуу жанданбай жатат. Экономикада стагнация этабы деген түшүнүк бар, же алдыга жылуу же артка кетүү деген нерсе жок. Ордунда туруп калат. Кээ бир тармактар, мисалы, айыл чарба тармагы бир аз болсо да өзүн жөнгө салып алды. Бирок, экономикада айыл чарба тармагы пайдалуу сектор катары эсептелинбейт. Бул дотацияда отурган сектор болуп саналат. Кызмат көрсөтүү сектору өзүнүн бир топ мүмкүнчүлүктөрүн жоготту, соода- сатык, өтө чоӊ кыйроого учурады. Бюджет бир канча каражатын топтой албады. Жыл акырында сөзсүз түрдө өзүнүн терс таасирин көрсөтөт.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Таажылуу вирус күн сайын кайрадан баш көтөрүп, өзүнүн каардуулугун көрсөтүүдө. Аны менен күрөшүүгө бүтүндөй ак халатчандар, ыктыярчылар, илимпоздор тартылып, дабасын издеп келишет. Азырга дейре анын официалдуу кабыл алынган вакцинасы жок. Адамдар карантиндик чаралар жеӊилдегенден тарта санитардык эреже дегенди жадынан чыгарды. Өлкөбүздү пандемия эле эмес, катаал саясий кырдаал да каптады. Парламенттик шайлоону өткөрдүк. Анын артынан эле миӊдеген адамдар чогулган толкундар болуп өттү. Эч ким санитардык норманы сактаган жок. Адамдар ортосунда байланыштар күчөдү. Той-аштар тынымсыз болуп, адамдар топтошуп жүрөт. Мындай жагдайда вирус да өз кулачын жайып, күнүнө жүздөгөн адамдарды торуна илүүдө. Дене табы көтөрүлүп, ооруканага бара албай калган жарандарды тейлөөнү атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топ учурда ишке ашырууда.
Ырысбек Алдашукуров, үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары:
-Ош шаарында учурда үч мобилдик группа иш алып барууда. Ал үй-бүлөлүк медицина борборунда түзүлгөн. Топтун жатаканасы, тамак-ашы мэрия тарабынан каржыланууда. Айлык маянасы республикалык эпидемиологиялык фонддон төлөнөт. Мобилдик топ 24 саат жарандарды тейлейт. Топтун курамында 1 координатор, 1 эпидемиолог, инструктаж, санитарка иш алып барат. Ар бир группада бирден дарыгер, бирден медайым жана айдоочулар бар. Мобилдик топ 14 күн иштейт. Андан кийин 7 күн обочолонот. Эгер үй шартында обочолонууга мүмкүнчүлүгү болсо, үйүнө жиберүүгө уруксат бере алабыз. Мүмкүнчүлүгү жок болсо, жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсү менен теология факультетинин жатаканасы берилген, ошол жерге жайгаштырылат. Ал жерде бардык шарттар каралган. Санитардык тазалоо жүргүзүүгө дагы мүмкүнчүлүк бар. Бир апта мурун мобилдик топтор алмашты. Алмашууга үч күн калганда коронавируска атайын тест тапшырышат.
Мобилдик топтор үй карантинде болгондорду да барып текшерүүдөн өткөрүп турушат. Себеби алардын анализи алгач тапшырганда вирус бар болуп чыккан. Ошондуктан алар үй карантинге киргизилген. 12 күндөн кийин барып кайрадан тест алып, таза болсо карантинден чыгарылат.
Жарандарды текшерүүдө, тест алууда медкызматкерлер, орто медкызматкерлер атайын окуудан өткөрүлүп, сертификаттар берилген. Бишкектен инфекциялык көзөмөлдөн келип, окутуп, жардам берип кетишти.
-Дарыгерлер чалуулар болгон жерге барып, бейтаптын сатурациясын, абалын аныктайт. Кан басымын, дене табын өлчөшөт. Эгер сатурациясы түшүп кетип, абалы оор болсо, анда стационарга жаткырууга туура келет. “Жок, үйдө дарыланам” десе шарты туура келсе, обочолонтуп, ордунан жардам беришет.
Июнь-июль айларында абал өтө оор болгондуктан, күнү-түнү кабыл алчу үч группадан сырткары эрте мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштеген 12 группа түзүлгөн. Шаардагы ар бир филиалыбызда бирден мобилдик топ иш алып барган. Кайсы аймактан чалуу түшсө, ошол аймактагы топ тейлеп жаткан. Бүгүнкү күндө 70-80 чалуу түшүүдө. Буга азырынча үч мобилдик топ үлгүрүүдө. Кээде жол тыгынынан же аралыктын алыстыгынан узагыраак убакытта жетишип калууда. Калган бригадаларды да ишке чыгарууга эртерээк. Баары даяр. Эгерде оору күчөп, мобилдик топтор жетишпей баратса, дагы кошумча группалар тейлөөгө чыгышат. 118 кызматынан сырткары үй карантинде болгон жарандардан ошол аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору онлайн түрдө кабар алып турушат. Эгер мобилдик топтун жардамы керек болсо, борбордогу дарыгерлердин билдирүүсү менен бейтапка барышат. Мындан сырткары үймө-үй кыдыруу күчөтүлдү. Үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө 7-8 миӊге чейин адамдардан кабар алып, абалын билишүүдө.
-Чакыруу түшкөн даректи таап барууда бир топ көйгөйлөр болууда. Кээде телефондоруна жооп бербей калышат. Ички миграция да бир аз татаалдаштырып коет экен. Себеби учурда үй-бүлөлүк медициналык борборубузда 343 800 киши электрондук базабызда турат. Бул жерден отуруп эле бейтаптын кайсы дарыгерге барганын, кандай диагноз коюлганын көрсө болот. Кырдаалга байланыштуу аралыктан консультациялар берилүүдө. Өнөкөт оорулары барлар башта жумасына бир жолу келип, көзөмөлдөн өтүп турса, азыр аралыктан гана кабар алуудабыз. Төртүнчү клиникалык протокол боюнча өнөкөт оорулуулардын 2-3 айлык дарысы менен камсыздап, мүмкүн болушунча абал турукташканга чейин байланышты азайтууну айтып жатабыз.
Айнура Абдуллаева, мобилдик топтун координатору:
-Мобилдик топтун негизги жумушу 118 номеринен түшкөн чакырууларга барат. Оорулуунун абалы жеӊил болсо, консультация берип, оор болсо, стационарга жеткиребиз. Ошондой эле шаар боюнча ПЦР анализди мобилдик топ алат. Жарандарды тейлөө, тест алуу баары акысыз жүргүзүлөт. Учурда күндөн-күнгө абал оорлошуп, чалуулар көбөйүүдө. Күнүнө 45-60-75 чалуулар болот. Мурдагы абалга салыштырмалуу адамдар азыр бир топ маалыматтарга ээ. Чакыруулар боюнча барсаӊ, алар өздөрү эле керектүү дарыларды алып алган болот. Кичине эле кандайдыр бир белги билинсе, дары ичип, алдын алып калышыптыр. Бир тарабынан жакшы көрүнүш болсо, экинчи тарабынан туура эмес. Кээде ашыкча дарыларды алып алышат. Ызы-чууга алдырып койгон жагдайлар болууда. Биринчи толкунда оорунун бар экенине ишенбеген адамдар да болбодубу. Миӊден ашык адам каза тапты. А экинчи толкунда адамдардан коркууну байкадым. Башында симптомсуз катталса, бүгүн симптомдору байкалат.
Адина Апазова, мобилдик топтун дарыгери:
-Түрдүү чакыруулар түшөт. Бизди “өтө оор, шашылыш келип калгыла” деп чакырышат. Бирок, биз барган учурда андай эмес болот. Баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Ооруну оор кабыл алышууда. Адамдар өз алдынча дары-дармектерди колдонууга аракет кылып жатышат. Аларга үй-бүлөлүк дарыгерлердин кеӊеши менен ичүүнү сунуштоодобуз.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Сүрөт: Бекмамат Айдаркулов
Бул жаныбардын Камбар-Атасы, сыӊар туяктуу жаныбар. Анын жаӊы туулганы кулун (ургаачы, эркеги), бир жаштагысы тай, ургаачысы тай байтал, эки жашары кунан, кунан байтал, бышты, бышты байтал деп аталат. Жылкынын быштысында айгыр салынат. Адатта, мал быштысында тууйт. Байтал бээ (1 – тууйт) бышты бээ делет. Жылкы асый, бир асый, эки асый, үч асый деп кетет да, ат тогуз асыйында толот. Сары таман ат, сары таман бээ деп жылкынын көп жашоолорун аныктайт.
Жылкылар «басыктуу, жорго, койжорго, таскактуу» деп бөлүнүшөт. Жылкы баланы боюна бодо малындай мөөнөттө көтөрөт. Жылкы күлүгү тулпар, дулдул деп аталат. Эгиз кулун тууганды, кунан байтал кезинде тууп койгондорду анчалык жакшы эместей көрүшөт. Жылкынын сүтү убакыт өткөн сайын демейт (көбөйөт). Кымыз жасалат. «Кымыздын ийи бишкекте» (Манас). Ал бышылып, ачытылат.
Жылкынын териси, кылы, сөөгү турмуш-тиричиликке керектелет. Жылкы баласы кулунун кишенеп чакырат, жоктойт. Айгыр, азанап үйүрүн жоктойт. Бизде кыргыз жылкылары англиялык таза кандуулар менен аргындашкан жана кыргыз жылкыларынын жаӊы тукуму асыралууда. Мыкты күлүктү жүк жүктөөгө шартташкан. Ат минүү - көрк, ата салтында аттан ат тандалат. Жылкы таптоо өнөрүн саяпкерчилик деп аташат. Анын ээр токумдары ат жабдыктары же ат жасалгалары. Жылкынын негизги оту бетеге тулаӊ, доӊуз өӊдүү тоолуу жайыттардын чөбү аларга күлазыктай туюлат.
Ат минүү жаш өзгөчөлүктөрүбүздү аныктайт. Элибиздин каада-салтында, үрп-адатында жылкылардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата мамиле болгон. Алсак, кулун желеде байланып, тайында үйрөтүлүп, кичинекейлер (5-10 жаштагылар) минип, ошого карата ээр-токумдары жасалган. Кунан – тестиерлерге таандык мингич. Быштыны уландар, жаш жигиттер минип, мында малдын да адамдын да мүчөсү чыгып, келбети келип, болукшуп, бой тартып турган кези. Жылкыда үйүргө айгыр салууга мүмкүнчүлүк туулат. Жылкынын сөөгү курч, мал узак жашайт. («Манаста» алтымыш асыйында «Ат чабышта» Тай тору чыккандыгы айтылат). Жылкы быштысынан тартып чабыштарга кошулуп чабылат. Деген менен төрт түлүктүн Камбар-Атасы жоого бир барган, жоону сайса бир сайган, адамзаттын жан жолдошу, душманга алдырбаган, айталаада ээсин калтырбаган, ээр качкылык кылбаган, ээсин маанектеген, душманды сезген, окуранып ойготкон, айрым жерлерде коендон жапыз, үстүндөгүсүн кыргыйдай илгич кылган жарыктык жылкы эмеспи. «Тоолуу жерде токой бар, токой бар жерде жылкы бар, жылкы бар жерде кыргыз бар, кыргыз бар жерде кымыз бар. Кымыз кыргыздын каны, эти кыргыздын жаны» деген уламыштар атам замынан бери айтылууда. Арийне, ушундай касиеттер менен кереметтерди ичине камтыган кайран мал кор кармалып баратат жана анчалык маани берилбегенсийт. Муну атактуу акын Мидин мындайча таасын сүрөттөйт:
«Күлүк арка, кулун сын,
Кулпунган жибек жалы бар.
Кулжа шыйрак, аркар көз,
Куп келишкен жаныбар.
Куйган болот төрт туяк,
Куш жетпес жерге барышар.
Куюшкан үзүп жол таштап,
Куюндар менен жарышаар.
Кутулуп качса жеткирбей,
Кууганына жабышар.
Кум өргө чапса чарчабас,
Куюндай учкан жаныбар.
Кыраандар менен жарышкан,
Кыргыздын кымбат малы бар».
Кыргыздын каада-салтында бирөөлөргө үйүрүнөн ажыратып, аянычтуу азанатып, алдына айгыр тарткан эмес, сай күлүктөрүбүз белектенип баратат. Туура, ардактуу меймандарга аркалуу ат тарткан, үстүнө чепкен же ичик жапкан. Жорго миӊгизген. Акыйкатта, күлүк жалпы элдик. Ал калдайган калыӊ журтчулуктун намысына жараган.
Күлүк менен жорго бирдей бааланбайт. «Күндүк өмүрүӊ болсо, түштүгүнө жорго мин» деп, эр-азаматтын алдындагы жанга тынч, жагымдуу унаа болуп эсептелет. Бизде азыр бирөөлөргө асыл тукум айгырларды, жоо жарган күлүктөрдү жетелетүү обу жок адатка айланууда. Арийне, аш-тойлорубуз көбөйдү. Айрымдар тирүүсүндө тоюн ашка айлантууда. «Ашка барсаӊ ачка бар, тойго барсаӊ тоюп бар» дейт. Бычагыбыз курч, жүздөгөн жылкыларды мууздап жатабыз. Союп жатат эмес, карандай эле кырып жатабыз. Эчен күлүктөрүбүз, жорголорубуз, асыл тукумдарыбыз көз көрүнө байкоосуздан той-ашка союлууда. Мал тандообуз, барктообуз жок. Ал эми шарияттын жолу башкача. Илгеркилер малдын айыбын табуучу, мал болуп жашоодо кемчилигин бетине коюучу. Анан муздоочу. Мында малдын аксак-тексектери, көзү сокурлары, кулагы чунактары, туубастары, сүтү суюкпу, коюубу, анын майлуулугу, малдын кыял-жоругу жана башка мүчүлүктөрү демек, союуга ыктымал дегендиги эске алынбай баратат. Ушундан улам жыл өткөн сайын жылкынын саны азайып, бүгүн мал кор болуп баратышы кашкайган чындык катары айтсак болчудай.
Кыбыланы баштатып бата тилетип, абалы алдыӊкы эки бутун тушап, арткы эки бутун илмектеп моюн сыйыртмагы аркылуу тартып, малды жыгат. Мууздап алган соӊ буттарын чечип, жандыктыкындай төрт бут, төрт санын жирейт. (Жылкынын шыйрактары бакайдан жирелет). Бир тарабына кеспей оодарып этияттык терисин сыйра баштайт. Балта, таш жана башкалар менен ургулап да сыйрышат. Анан малдын экинчи капталына өтүшөт. Жылкынын союудагы бир бөтөнчөлүк – казысын чыгаруу. (Ал төштүн майы). Андыктан төштүн алкымынан ылдый бычакты тик алып, чатты карай жирей тилет. Семизинин казы майы эшилип, булайып чыга түшөт. Анын эки капталын кесип, чалкасынан таштайт. (Бул тоборсугунда иреттүү тилип, чучук кылууга шартталат). Эгер семиз жылкынын казысынан кабырга чучук жасалса анда тыштуу, кыртыштуу карчыганын кабыргалары кошо тилинип алынат. Төштүн тактасы өзүнчө кесилет. Кол жиликтеринин, сан жиликтеринин этин бири-бирине оодарбай, өз- өзүнчө алынат. (Ичеги-карын, өпкө, боорлорун казысын чыгаргандан кийин алса да болот). Кабырга – боконолору адатта экиден бир алынат. Он эки мүчөсүнүн артында эки жамбаштын теӊ ортосундагы куйрук түбүн (чычаӊ түбүн) уча чыгарат. Уча чыгаруу – жамбаш жаясынан оодук кылбай теӊ кылып бөлүп алуу. Жылкынын кыр аркаларын, моюн аркаларын, моюн омурткаларын бирден оморуу керек. (Мында бөлүүгө балта, оморууга оӊтойлуу темир казык колдонулат). Моюн арка, моюн омурткаларын оморуудан мурун жылкынын башы кесилет. Терисине туз жалатып, күнгө жайып коет. Жылкынын ич эти, казы, карта, карын, жал, уча, тыштуу кабырга, жая, жамбаш болуп эсептелет. Мындан башка бодолордой кыр арка, моюн арка аксакал устукан делинет. Ал анча сүрсүбөйт.
1-Баш,
2-моюн омурткалары,
3-жетим арка, сээр,
4-омуртка, бел омурткалары (карчыга),
5-уча,
6- чычаӊ омурткалары,
7- далы,
8- күӊ жилик,
9- кар жилик,
10-шыйрактар,
11-кабыргалары,
12-төш,
13- жамбаш,
14- кашка жилик,
15- жото жилик,
16-томук.
Сыдык Токонов, КРнын журналисттер
кошунунун мүчөсү
Жараткан пенделерин түрдүү сыноо берип сынайт. Бирөөлөргө байлык, бийлик, мансап берип сынаса, бирөөлөрдү жан чыдагыс оору берип, азапка салат. Сыноолорду кабыл алып, оор жолдорду басып өтүү баарынын эле колунан келе бербейт. Ал үчүн күчтүү эрк, кайрат керек. 21-октябрь Бүткүл дүйнөлүк көкүрөк безинин рагына каршы күрөшүү күнү. Аталган илдетке чалдыккан аялдар дүйнө жүзүндө миӊден ашат. Статистикадагы сандар жыл санап көбөйүп, ооруну байкабай өтүштүрүп алып, жарык дүйнөдөн кош айтышып кете бергендердин саны да көп.
Ош облусттар аралык онкология борборунун директорунун орун басары, дарыгер Гүлзат Гапырова ар бир эле бейтап ооруну өтө оор кабыл аларын билдирип, облустагы абал боюнча токтолду:
-Ош облусу боюнча жылына 87-90 оорулуу катталат. Алар алгачкы жолу аныкталган сүт безинин рагы болуп эсептелет. Көбүнчө бизге экинчи даража менен келишет. 2-даражада каттоодо тургандар 35 пайызды түзөт. Ал эми 4-даражада 10 пайыз аялдар келип консультация алышат. Оорунун алдын алуу үчүн 45 жаштан өткөн аялдар жылына бир жолу маммологго кайрылуусу кажет.
Илдет турмушка чыга элек кыздарда сейрек кездешет. Көбүрөөк 25 жаштан кийинкилер чалдыгат. Эгер аялда өнөкөт мастит оорулары болсо же сүт безинде кандайдыр бир шишик аныкталып калса, анда онкология борборуна келип текшерилүүсү зарыл.
Рак илдетине чалдыкканын уккан адам кандай гана болбосун оор кабылдайт. Кандай себептерден улам пайда болгонун билгилери келет. Төрөсө болобу же болбойбу деген суроолорду көп беришет.
15 жаштан жогорку жаштагы кыздарда залалсыз шишиктер пайда болот. Кээ бир кыздарда бир жак көкүрөгүндө эле болсо, айрымдарда экөөндө теӊ кездешкен учурлар бар. Бир эле эмес 5-6 без да болушу мүмкүн. Алар хирургиялык жол менен алынат. Безди сөзсүз алдыруу кажет. Эгер алдырбаса эртеби-кеч рак илдетине өтүп кетиши ыктымал. Андан сырткары бала эмизүү убагында да тоскоолдук жаратат.
Ошондой эле фиброзно-кистозная мастопатия деп коет. Бул илдет 17-18 жаштан баштап 60-70 жашка чейинки аялдарда кездешет. Аны биз дарылоо жолу менен гана чектелебиз. Себеби бул мезгилде аялдын көкүрөгүндө майда-майда кисталар пайда болот. Алар 2-3 ммден 7 ммге чейин жетет. Бейтаптын диагнозуна рак илдети коюлса, ошондо эмчек толугу менен алынат. Мында да даражасына көӊүл бурулат. Эгер 2-даражасы болсо булчуӊдар сакталат. 3-даража болсо көкүрөк булчуӊун да кошуп алганга туура келет. Себеби анын түбүндөгү бездерди, колтук, акырек бездерин, далы тараптагы бездер, майда лимфа бездери тазаланып алынат.
“Көпчүлүк жарандар өзүнүн диагнозун так билген учурда да ишенгиси келбейт. Дарылоодон өтүшөт. Алар рактын алдын алуу үчүн гана дарыланып жатканын айтышат” деген химия-терапевт Зейнеп Сулейманова бейтаптарга психологиялык колдоо баарынан маанилүү экенине токтолду.
-Статистикага кайрылсак, рак илдети Кыргызстанда өкүнүчтүүсү көп кездешет. Аялдардын арасынан алып карай турган болсок, биринчи орунда көкүрөк безинин рагы турат. Көкүрөк безинин рагы залалдуу илдет болуп эсептелет. Эгер жарандар көкүрөк безинин 1-2-даражасында кайрыла турган болсо, анда ал операция жолу менен алынып салынат. 3-даражада келсе, эгер жанында жайгашкан бездерге тамырлаган болсо аны химия терапия аркылуу алгач дарылоо жүргүзүп, оӊ жыйынтыктарды көрсөтсө хирургиялык жол менен дарылайбыз. Бизге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү 3-даражадагылар. Биринчи даражада кайрылгандарды мен кездештире элекмин. 2-даражада да өтө аз кайрылышат. 3-4-даражада көп. Өткөн жылга карап айта турган болсок, көкүрөк бези боюнча 235 аял кайрылган. Анын ичинен 48и биринчи жолу кайрылгандар: 3-даражадагылар 35, 4-даражада 13 адам илдетке чалдыккан.
-Рак илдетине кабылгандар чын эле бул оору менен ооруп калганына ишенишпейт. “Мындай оору болушу мүмкүн эмес, мен рак менен оорубайм” деп кыжаалат болуп кетип калышат. Кээ бири оору тууралуу маалыматы бар, өзүнүн өмүрүнө кайдыгер карабаган адамдар “мен жашашым керек, дарыланып, айыгам. Албетте, жакшы болуп кетем” деген принципти карманышат, бирок көпчүлүк учурда өзүнүн дарты тууралуу интернеттен маалымат алып, “дарылаганга болбойт, айыкпайт” деген сыяктуу маалыматтардын натыйжасында айрым бейтаптар оору менен күрөшүүнү токтотушат. Айрымдар дарыланып, калтырбай дарылоо курстарынан өтүп, баштагы иштерин улантып, үй-бүлөсү, тууган-уругу менен сырттан караганда эч кайсы жери оорубагандай өздөрүн алып жүрүшөт. Ошондой адамдарга алкыш айтыш керек. Чынында алар абдан күчтүү айымдар.
Илдетке чалдыккандар алгач депрессияга түшөт. Кантип айыгып, оорудан кутулууга болорун караштырып, интернет булактарынан издеп, тааныштардан сураштырып, тынчсызданышат. Салттуу жана салттуу эмес медицинаны, табыптарга барууну, окутуп, кыргызчылык кылууну деги эле дарылоонун ар түрүн ойлонуп көрүшөт. Же дагы башка дарыгерлерге барып, кайрадан текшерилип, анализ тапшырышат. Анан толук маалымат алып бүткөндөн кийин дарылоого даяр болуп калышат. Илдетке кабылгандардын саналуу пайызы молдолорго окутууга кетишет. “Дары-дармек ичпейбиз, чөп-чарды ичебиз” деп чыгышат. Ошондой болсо да кийинчерээк оорусу өтүшүп кеткенде баары бир бизге кайрылышат.
-Жакында эле бир бейтап дарыланып чыкты. Орто жашта. Бир кыздын энеси. Кызы мектепте окуйт. Ал бейтапка шишик пайда болгонуна 3 жыл болуптур. Сол көкүрөгүндөгү шишиги чоӊоюп, жарылып, канап, жагымсыз жыттар чыга баштаган экен. Келип текшерилгенде башка органдарында да метастаздар болгон экен. Ошол келген учурда 2 курс дарылоодон өтүп, жакшы эффект болгондуктан операция жасалган. Андан кийин төрт курс алып, кийин байкоодо жүрдү. Шишик далыларына, боорго, бездерге таркаган. Бирок, бейтап ага карабастан ооруга каршы туруп, убагында дарылоодон өтүп, жакшы жүрөт. Дагы бир Жалал-Абаддан эки жаш баласы бар жаран кайрылган. Анын илдетке кабылганын укканда күйөөсү таштап кеткен. Бизге 4-даражада кайрылган. Оорусу өтүшүп кетиптир. Бирок, ал эже да балдары үчүн жашайм деп аракет кылууда. Ошондой эле Ала-Букадан улуу жаштагы эже жылда кайрылып турат. Ал 19 жыл мурун көкүрөгүнөн операция болгон. 4 курс химия терапия алган. Жылда атайын текшерүүдөн өтүп турат. 19 жылдан бери ооруну жеӊип жакшынакай жашап келүүдө.
Бейтаптар тиричиликтин айынан 3-4 курс дарылоодон өтүп, оору бир аз басаӊдагандан кийин дарылоого келбей коюшат. Кызуу турмушка азгырылып, бала-бакыра деп жүрүп ден соолугу жөнүндө унутушат.
Айрым убакта бейтап өзүнүн абалын түшүнүп, оорусу тууралуу билип, сезип турса да ага “сиз дарыланып айыгасыз” деп психологиялык жактан колдоо көрсөтүп турабыз.
Аталган ооруга чалдыкканына жарым жылдан ашып, бир көкүрөгүн хирургиялык жол менен алдырган каарманыбыз учурда химия-терапия алууда. Ага дарыгерлер рактын 3-даражасы деген диагноз коюшкан. Ал кандай гана оор кырдаал болбосун, үмүттү эч нерседен үзбөө керектигин белгиледи.
-Бул ооруга туш келгениме алты ай болду. Алты ай ичинде операция болуп, көкүрөгүмдү алдырдым. Алгач билгенде абдан корктум. Кийинчерээк берилген сыноого сынбастан, күрөшүүнү чечтим. Бүгүнкү күндө химия-терапия алып жатам. Дарыгерлер жакшы карашууда. Мындай илдетке чалдыккандарга “коркпогула” дейт элем. Кудайдын берген мээнети экен. Өзүӊөрдү карап, көкүрөгүӊөрдү текшерип тургула. Үмүтүнөрдү эч нерседен үзбөгүлө. Жараткан күч-кубат берсе, оорудан сакайып кетебиз.
Жашы элүүгө таяп калган төмөндөгү каарманыбыз көкүрөгүндөгү шишикти мончодо байкаган. “Тиричилик деп жүрүп адамдар ден соолукту такыр ойлобойт экенбиз” дейт Анара апа:
-Аты жаман ооруга чалдыгам деп эч качан ойлогон эмесмин. Көрсө адамдар көр-оокат деп жүрүп өзүбүздүн колдогу байлыгыбыз ден соолукту унутат экенбиз. Качан гана ден соолугубузду жоготкондо булардын баары бекер экенин түшүнөсүӊ. Бирок анда кеч болот. Ар бир күндү, тартуулаган жашоосун ыраазы болуу менен өткөрүп, өмүрдүн кадырын билсек кандай жакшы болор эле.
Өзүн Элмира деп атаган айым 25 жашта, бойдок. Өз максаттарын ишке ашырууга болгон күчүн жумшап жүргөн учурунда көкүрөгүндө шишик бар экенин билет. Ал ооруга чалдыккандагы абалын көз алдына тартып сүрөттөп берди.
-Кээде көкүрөгүм сайышып ооругансып калчу. Көп деле жаман ойлочу эмесмин. Маани да бербегем. Бир күнү дарыгерлерге текшертүүнү каалап, онкология борборуна бардым. Мени УЗИге жөнөтүштү. Андай деле терс маанайда, пикирде болбодум. УЗИге кезекке тургандар көп экен. Кезегим келип, мен да кирдим. Дарыгер аппарат аркылуу көрүп, сол көкүрөгүмдө шишик бар экенин, хирургиялык жол менен алып салуу керектигин, болбосо өтүшүп кетерин билдирди. Ошол жерден бүткөн боюм муздак суу куйгандай болуп титиреп, бүгүн эле ичер суум түгөнгөндөй болдум. Буга чейинки кыялданып максат коюп келген келечек тууралуу ойлорум саналуу секундда жок болуп, өлүмдөн башканы элестете албай туруп калдым. Ыйладым. Дарыгер убагында келгенимди, коркунучтуу эмес экенин айтып мени сооротту. Канткен менен да өткөн жашоомду бир көз алдымдан өткөрүп, ар бир күнүмдүн, керек болсо мүнөттүн баркын билүү керектигин түшүндүм. Эч бир аялзатына, дегеле эч бир жанга каалабайм. Учурда абалым жакшы. Айымдарды ден соолугуна кайдыгер карабоого чакырам. Баарына өз убагында көӊүл буруу маанилүү.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Сүрөт: Бекмамат Айдаркулов
2020-жылдын 25-августунда Ош шаарында 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталган эле. Бүгүнкү күндө курулуш иши дээрлик аяктап, ноябрь айынын башында колдонууга берүү пландалууда. Коронавирус менен күрөшүүгө ачылган фондго келип түшкөн каражаттан курулуп жаткан оорукана менен таанышып кайттык. Заман талабына ылайыкташкан оорукана үч блоктон турат.
Жалпы аянты 2627 чарчы метрди түзгөн жаӊы ооруканада лаборатория, реанимация жана жугуштуу ооруларды аныктоочу, дарылоочу бөлүмдөрү каралган. Ал эми курулуш иштери тез курулуучу конструкциядан тургузулуп, аны кыска убакыттын ичинде бүткөрүү пландалган.
Бакай Акматов, оорукананын башкы дарыгери:
«Бейтап дарыгерлерден башка эч ким менен контакт болбойт»
- Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты 1959-жылдары курулуп, былтыркы жылга чейин капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйылкы жылы аталган имараттар толугу менен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ага кошумча 100 орундуу инфекциялык оорукана курулууда. Эки ай мурун башталган эле, учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. 100 керебетке эсептелип, үч индивидуалдуу корпустан турат. Медицинада «боксированный корпус» деп атап коебуз. Ар бир палатада өзүнчө ванна, даараткана, экиден эшик каралат. Бир эшиктен дарыгерлер коридорго кирип-чыкса, экинчи эшиги түз сыртка чыгып кетүүчү бейтаптар үчүн коюлган. Мурун мындай шарттарды камтыган бир гана облустук оорукана болчу. Быйылкы жыл билесиздер, пандемия менен коштолду. Вирус менен күрөшүүдө медициналык шарттарды түзүү үчүн экс-президенттин демилгеси болгон. Заман талабына жооп берген, мыкты сапатта курулуп жатат. Жугуштуу оору менен келген бейтап кызыл зонада иштеген дарыгерден башка эч ким менен контакт болбойт. Мындан сырткары, дарыгерлердин ишинде да жашыл зона, кызыл зоналар да каралган.
«Кислороддук станция кошо курулууда»
- Медициналык жабдыктар алынып келе баштады. Жасалма дем алдыруучу аппараттар жайгаштырылууда. Мындан сырткары кислороддук концентраторлор да толугу менен келген. 100 койканын ичинен биринчи бөлүмүндө 42 керебет каралган. Экинчи бөлүмүндө 30 керебетке ылайыкталса, үчүнчү реанимация, интенсивдүү терапия бөлүмүндө 28 керебет бар. Анын 8 койкасы реанимация болсо, 20 койкасы интенсивдүү палаталар. Мындан сырткары, кислороддук станция курулууда. Кечээги пандемия учурунда концентраторго чуркагандай бул жерде чуркабайбыз. Ар бир палатага станция аркылуу суюк кычкылтек кирип турат. Коронавирус менен күрөшүүдө бейтаптарга кычкылтек жеткире албай көп кыйналган элек. Бир оорулууга үч концентратор улап, убара болгонбуз. Буюрса, оорукана ишке кирсе мындай кыйынчылыктар жоюлат. Дарыгерлердин да иштөөсүнө жеӊилдик түзүлөт.
«Кошумча 180 койка»
- Мурунку иштеген стационарда 180 орундук бар болчу. Бирок, шарттары начар болгондуктан толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Дээрлик баары жаӊыланды. Чатыры, ичиндеги жабдыктар, ар бир палатага душ, даараткана коюлду. Бул да заманбап, бардык шарттары менен пайдаланууга берилет. Ошол 180 койка кошулуп жалпысынан Ош шаарында 280 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайда болот. Кубандырганы дарыгерлердин жумушун жеӊилдеткени. Анткени, шарт начар болсо иштөө ошончолук кыйын болот. Медицина тармагын өнүктүрүүдө дарыгерлер эле эмес, оорукана, жабдыктар да заман талабына жооп бериши керек. Мындай талаптарды эске алып, буюрса шарттар жакшырып келе жатат. Вирус менен күрөшүүдө бир топ тажрыйба топтой алдык.
«Коммуникация жолдору да бүт жаӊыланды»
- Куруучулар ноябрь айынын башында бүтүрүп, тапшырабыз деп жатышат. Саясий толкундоодо эки жума курулуш иши токтоп калган эле. Азыр кайрадан жанданып, курулуш иши кызуу. Ички жумуштар дээрлик баары бүттү. Негизги жумушу сыртта калды. Учурда коммуникация жолдорун туташтырып жатышат. Жылуулук системи, канализация, муздак суу, электр энергиясынын линиясын бүт жаӊылап жатышат. Мындан сырткары, электр жарыгы өчкөн учурда ишибиз үзгүлтүккө учурабашы үчүн генератор орнотулууда. Оорукананын өзүнүн трансформатору жок экен, аны да жаӊы коюшту. Буюрса, заманбап оорукана болот. Шаардыктар үчүн жакшы шарттар түзүлөт.
«Чоӊдор үчүн да, балдар үчүн да талаптарга жооп берет»
- Оорукананы ишке киргизип алсак, күндүзгү, түнкү стационарлардын иши жеӊилдейт. Анткени, бардык талаптар, шарттар эске алынганы үчүн жугуштуу оорулардын бардык түрүн кабыл алып, дарылайбыз. Жаӊы курулуп жаткан 100 койка чоӊдор үчүн ылайыкташууда. Оорукананын куруу максатын - коронавирус менен эффективдүү күрөшүү, анын катаалдыгына туруштук берип, бейтаптар үчүн шарттарды жакшыртуу болгон. Буюрса, пандемиядан чыккандан кийин оорукананы чоӊдор да, балдарда дарылануучу жугуштуу оорулар ооруканасына айланат.
«Дарыгерлерибиз кызыл зонада иштеп жатышат»
- Курулуш иши башталгандан бери оорукана убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон. Жарандар азырынча облустук балдар ооруканасына кайрылышууда. Ал эми дарыгерлерибиз баары кызыл зонада иштеп жатышат. Анткени, бизде көпчүлүк адистер инфекционист болгону үчүн вирус менен күрөшүүдө ошолор чакырылды. Андан сырткары, үч дарыгерибиз колл центрде иштеп жатышат. 118 номерине келген чалууларга, кайрылууларга жооп берип, консультация беришүүдө. Мурунку биринчи толкунда «Каныкей» тойканасында ачылган стационарда иштешкен эле. Учурда №52 мектепте, ОГПИде ачылган стационарда, шаардык ооруканада иштеп жатышат. 100 орундуу оорукана ишке кирсе кайра өз жумуш ордуларына келип ишин башташат. Кошумча кадр меселеси да чечилген. Эгер дарыгерлер жетишсиз болсо шаардык ооруканадан да келип иштешет.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Фото: Бекмамат Айдаркулов
Кылычын алып кыш дагы жакындап келүүдө. Кыштын ызгаар суугунда жылуу үйдө ысык мештин жанында отурууну ким гана жактырбасын. Бирок, канчалык мешке отундан алоолонто, көмүрдү күркүрөтө жакпаӊыз, алгач үйүӊүздү жылууламайын жылыбасы анык. Андыктан үйдүн ичин суук кыла турчу жагдайларга көӊүл буруӊуз. Кантип үйдөгү жылуулукту узакка кармоо керектиги тууралуу төмөнкү кеӊештерди сунуштайбыз.
Үйдү жылуу кармоо үчүн турак-жай салынып жаткан убакта эле көӊүл буруп, эске алуу зарыл. Дубалы канчалык калыӊ курган менен төбөсүн жылуулабасаӊыз мээнетиӊиз текке кетет. Үйдү жылуулоо технологиясына токтолсок, учурда заман талабына ылайык жаӊы ыкмалар сунушталууда. Дээрлик бардык эле адистер үйдү сыртынан жылуулоону туура деп эсептешет. Ичинен жылуулоо айла жоктон болорун белгилешет.
Эгерде үй төмөнкү материалдардан курулган болсо, анда аны курчап турган заттарды жылуулуктан коргоо талап кылынат:
-кыш
-дарак
-каркас жана панель
-монолиттүү блоктор
- ламинатталган жыгач
Жогоруда саналган материалдардан жасалган имараттар жана курулмалар жылуулукту олуттуу жоготууга учуратат. Сырткы дубалдардан 30-45% га чейин, ал эми 10-15% гана терезе жана эшиктин тешиктери аркылуу жылуулук чыгышы мүмкүн.
Эмне үчүн турак-жайды сыртынан жылуулоо керек?
Аталган тармактагы адистер нормага ылайык жылуулоону сыртынан жасашат. Турак-жайдын ичин жылуулоо бул – өзгөчө учурларда гана болору айтылат. Мисалы, сырткы долбоору өзгөчө, фасады оӊдоого мүмкүндүк бербеген учурларда ичтен жылууланат.
Бул ыкма үйдөгү температуранын кескин өзгөрүшүнөн сактайт. Сырттан жылуулоонун артыкчылыктарынын бири үйдүн жашоочуларынын кадимки жашоо образын бузбайт. Бөлмөлөрдөн эмеректерди алып чыгып, жалпы тазалоо жүргүзүүнүн кажети жок. Мындан тышкары, бөлмөнүн аянты сакталып калат. Эгерде үйдүн ичинен жылуулоону кааласак, анда бөлмөнүн көлөмү кичирейет. Натыйжада бөлмөнүн баштапкы аянты менен бөлмөнү ичтен жылыткандан кийин пайда болгон аянттын айырмасы олуттуу болушу мүмкүн.
Имараттын фасады үчүн материалды тандоодо төмөнкүлөргө көӊүл буруу керек:
- Климаттык өзгөчөлүк. Аймакта жаан-чачындын деӊгээлин, минималдык температураны, шамалдын максималдуу күчүн эске алуу зарыл.
- Дубалдын абалы. Жарака, боштуктар, металл элементтеринин болушу - мунун бардыгы жылуулоо бүткөндөн кийин да дубалдын жылуулук топтоо жөндөмүн төмөндөтүшү мүмкүн.
- Бөлмөлөр. Үйдү, гаражды жана мончону жылуулоо талабы ар башка. Турак үйдү, уктоочу жана кийинүүчү бөлмөлөрдү жылуулоо бир эле нерсе эмес экендигин эске алуу керек.
Турак-жайды ичтен жылуулоо
Үйдү ичинен жылуулоо практикада көп кездешчү ыкма. Адатта эски имараттарды же тарыхый мааниге ээ имараттарды жылуулоодо колдонулат. Жогоруда белгилеп өткөндөй, фасады сыртынан жылуулоого жол бербеген учурда колдонулат.
Турак-жайды ичтен жылуулоонун артыкчылыгы кайсы мезгил болбосун ишке ашырууга болот. Сыртта кандай гана аба-ырайы болсо да, технология өзгөрүүсүз калат. Ошондой эле эӊ башкысы ичтен жылуулоодо эч кандай оор техника талап кылынбайт. Өз колуӊуз менен жасай аласыз жана буга керектүү материалдардын баасы да арзан, капчыкка ылайыктуу. Бирок, мында материалдарды тандоодо кылдаттык мамиле талап кылынат. Анткени сырттан жылуулоого керектүү материалдарга салыштырмалуу бул түрүндө бир аз татаалыраак.
Андан сырткары, кыш мезгили босогобузда турганда эшик-терезелердеги тешиктерди, суук өткөрчү көздөрүн толтуруу үйдү жылуулоодогу эӊ биринчи кадам десек болот. Кандай ыкмаларды колдонсо болоруна көз чаптырып көрүӊүз.
Терезелерди жылуулоо
“Шведдик” ыкма
Учурда жылуулоонун бул ыкмасы абдан популярдуу. Ал ысымын жылуулоо үчүн колдонулган EuroStrip материалынан алган. Бул материалды шведдик адистер иштеп чыгышкан.
Каралып жаткан ыкманын негизги артыкчылыгы, терезелерди жарым-жартылай реконструкциялоого мүмкүнчүлүк берет. Терезелерди желимдөөнүн кажети жок, ошондуктан кыш мезгилинде да аларды желдетүү үчүн ачса болот. Иштөө мөөнөтү болжол менен 15-20 жыл.
Бир гана кемчилиги - наркы жогору. Ошондой эле орнотуу учурунда белгилүү бир кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Себеби ушундай эле жылуулоо пахта, кагаз жана пенопласт резинасына караганда бир кыйла татаал схема боюнча төшөлөт. Материалды сатып алып, көрсөтмөсүнө ылайык терезелериӊизди жылуулоо үчүн колдонуӊуз.
Мом жана герметиктерди жылуулоо боюнча колдонмо
Кичинекей боштуктарды толтуруу үчүн силикон герметик сатып алсаӊыз болот. Терезелерди алдын ала жууп, толугу менен кургаганга чейин күтүү керек. Мындай жылуулоону абанын температурасы +5 градустан төмөндөй электе жасоо зарыл. Герметикти атайын иштелип чыккан курулуш мылтыгынын жардамы менен колдонууга абдан ыӊгайлуу жана оӊой. Ашыкча материалды кургаганга чейин токтоосуз алып салыӊыз.
Жылуулук өткөрбөөчү пленка
Дагы бир заманбап жана натыйжалуу ыкма. Технология атайын иштелип чыккан жылуулукту үнөмдөөчү пленкаларды колдонууну болжолдойт. Мында күндүн нуру бөлмөгө кирет, бирок бөлмөдөн жылуулук чыкпайт.
Эшикти жылуулоо
Эшиктерди жылуулоо – үйдөгү температураны сактоодо абдан маанилүү. Кээ бир үлгүдөгү эшиктерде суук өткөрбөө шарттары каралган, кээ биринде жок. Андыктан суук түшкөнгө чейин жылуулоо ыкмаларына көӊүл буруӊуз.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар жылуулоого минералдык пахтаны, полистиролду же пенапилостиролду колдонушат.
Эшиктердин басымдуу бөлүгү металлдан жасалууда. Темир пластиналардын ортосунда жылуулоочу катмар, тиешелүү заттар жетиштүү өлчөмдө болбойт. Ошол жерлерден жылуулук чыгып, ным, бубак болуп турат. Мында эшиктин сыртынан жука жыгач каптоо пайдалуу. Ал суукту өткөрбөйт.
Ошондой эле эшиктин чекелериндеги боштуктарды толтуруу үчүн атайын резина колдонсоӊуз болот. Бул аз да болсо, жылуулукту кармоого жардам берет.
Эгер бөлмөгө ишенимдүү жылуулукту камсыздоону каалсаӊыз, атайын суук өткөрбөөчү кошумча эшик койдуруп алсаӊыз болот. Кошумча эшик коопсуздук үчүн эмес, жылуулук үчүн абдан туура чечим.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Смартфон сүйүүчүлөр үчүн сентябрь айынан өткөн ай жок. Себеби, сентябрь айында ар жылы көпчүлүк смартфондордун жаӊы моделдери чыгып, коомчулукка официалдуу жарыяланат. Мунун катарында албетте, Apple компаниясы да бар. Аталган компания жакында эле жаӊы iPhone 12 чыгарганын жарыялап, сатыкка берди.
Samsung компаниясы акыркы моделдеринин бир GalaxyM51. Аталган моделди Индияда 10-сентябрда сатыкка чыгарды. Смартфон бир нече күн мурун Германияда 360 евродо сатыла баштады. Анын негизги өзөгөчөлүгү - 7000 мАч кубаттуу ири батареясы. Мындай кубаттагы батарея Samsung телефондорунда алгачкы жолу колдонулууда. GalaxyM51 64 Мп квадраттык камера, супер AMOLED дисплей жана Snapdragon 730 чипсет 6 ГБ оперативдүү эс тутум жана 128 ГБ кеӊейтилген сактагыч менен өзгөчөлөнөт.
Мотороланын бүктөлүүчү телефону 10-сентябрда Кытайда сатыкка чыккан. Мында Snapdragon 765G мобилдик платформасында 5G колдоп, 8 ГБ оперативдүү эс тутумду жана 256 ГБ сактагычы менен өзгөчөлөнөт. 2,633mAh батарейка менен иштейт жана ички бүктөлүүчү дисплейге, сырткы мини-дисплейге ээ.
Yстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Huawei компаниясы смартфон иштеп чыгуучулардын конференциясында HuaweiMate 40 жаӊы сериясын презентациялаган. Конференциянын жүрүшүндө Huawei компаниясы Android 11дин негизинде EMUI 11 моделин настройкалоо мүмкүн экенидиги тууралуу да жарыялаган. HuaweiMate 40 компаниянын Kirin микросхемасы менен жабдылган акыркы смартфон сериясы болот. Анткени, АКШ чипсет иштеп чыгууга тыюу салган. Ал эми жаӊы иштелип чыккан моделде линия SoCKirin 9000 болот да, саналуу гана санда сатыкка чыгат. Себеби, Huawei менен TSMC (кирин чипсетин чыгарган компания) ортосундагы өнөктөштүк 15-сентябрда аяктаган. HuaweiMate 40 сериясына 90 Гц, QuadHD + чейинки жана дисплейдин көлөмү 6,78 дюймга чейинки телефондор кирет деп айтышкан.
Realme 7i – Индонезияда 17-сентябрда сатыкка чыккан Realme 7 сериясынын үчүнчү телефону. Телефондо HD + 720x1600 пиксель менен тешилген LCD дисплей бар. Realme 7 сыяктуу эле 90Hz жаӊыртуу ылдамдыгын колдойт. Бирок HelioG95 микросхемасынын ордуна Snapdragon 662 SoC 8 ГБ оперативдүү эс тутум жана 128 ГБ ички сактагычы менен. Арткы камерасы 64 МП, негизги камера 8 МП ультра-кеӊ сенсор жана 2 Мп линзалар менен жабдылган. Ал эми алдыӊкы бөлүгүндө 16 МП сельфи камерасы жайгашкан. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, 18W бат кубаттоочу 5000mAh батареясы бар.
Сентябрь айында жаӊы модель сунуштаган дагы бир компания Sony компаниясы. 17-сентябрда расмий түрдө жаӊы Xperia 5 II тааныштырылып, анын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жарнамалык ролик тартышкан. Мында 120Гц жаӊыртуу ылдамдыгы, 240Гц сенсордук тандоо ылдамдыгы жана алдыӊкы эки стерео динамиги бар. Мындан сырткары, 4K жай кыймылдуу видеону жаздырууга мүмкүнчүлүк болот.
Майкрософттун жаӊыланган бүктөлмө телефону 10-сентябрда АКШдагы дүкөндөрдө сатыкка чыккан. Аталган компания алдын-ала буйрутмаларды алганын да эскерткен. Телефондо эки дисплей жана форма фактору үчүн оптималдаштырылган Android 10. версиясы бар. Ал Snapdragon 855 чипсети аркылуу иштейт.
IPhone 12 линиясынын расмий презентациясы 2020-жылдын 13-октябрында өттү. Компания төрт модели менен тааныштырды. Коомчулук күткөндөй эле смартфон акыркы iPadPro жана iPhone 4, 6,1 дюймдук OLED-дисплей, жаӊы камералар жана 5G модеми менен толук кандуу кайрадан иштеп чыгышкан.
Дизайн
Компания акыркы үч жылдын ичинде биринчи жолу смартфондун сырткы көрүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. Жаӊы iPhone жаӊыланган "курч" дизайны менен мактана алды. Гаджеттин рамкасы мурункусундай тегерек формада болгон эмес. Бурчтары түз жана мурунку моделге караганда жука жана жеӊилдиги менен айырмаланат.
Камерасы
iPhone 11де камералар үчөө болсо, мунусунда экөө. IPhone 12нин негизги камерасы эки тараптуу - анда кеӊ жана өтө кеӊ бурчтуу линзалар колдонулат. Экөө теӊ 12MP. Оптикалык турукташтыруу бар. Көрүү бурчу 120 градус. Ошондой эле iPhone 12 секундуна 60 кадр менен 4K видео тарта алат.
Дисплей
2020-жылда чыккан бардык Apple смартфондоруна OLED Super Retina XDR экрандары коюлган. Ал эми IPhone 12 6,1 дюймга ээ. Жаӊылануу ылдамдыгы 60Гц гана. Буга чейинки айтылган 120 Гц жөнүндө имиштер тастыкталган жок. IPhone 12 флагманы 5nm Apple A14 Bionic чипсети менен иштейт. A14 Bionicте 11,8 миллиард транзистор бар. Процессордо 6, графикалык тутумда 4, ал эми Neural Engine машинасын үйрөнүү тутумунда 16 (A13 үчүн 8 ядронун ордуна) бар.
Сактагычтын көлөмү (память) iPhone 11 сыяктуу эле өзгөргөн жок, 64, 128 же 256 ГБ көлөмдөрдү камтыйт.
Батарея
Apple компаниясы адаттагыдай батарейканын кубаттуулугун сыр бойдон калтырган. Бирок, инсайдерлердин айтымында, iPhone 12де 2775 мАч батарея бар. Бул iPhone 11ден дагы аз.
Батареянын иштөө мөөнөтү - 17 саатка чейин видеону ойнотуу, 11 саат агым, 65 саат аудио угууга жетет.
Байланыш
iPhone 12 5G модем менен келет. Бирок биздин өлкө үчүн, тилекке каршы, бул актуалдуу эмес.
IPhone 12 баасы:
АКШда iPhone 12нин баасы 799 доллардан башталат.
Ал эми IPhone 12нин Орусиядагы баасы
64 ГБ флэш-эс тутуму бар iPhone 12 - 79 990 рубль;
128 ГБ флэш-эстутуму бар iPhone 12 - 84 990 рубль;
256 ГБ флэш эстутуму бар iPhone 12 - 94 990 рубль.
Бүгүнкү күндө уюлдук телефондор күнүмдүк турмушубузда абдан маанилүү курал болгондуктан эӊ мыкты телефонду тандоого муктаж болобуз. Адистер SamsungGalaxyNote 10 же AppleiPhone 11 смартфондорду бүгүнкү күндөгү алдыӊкы орунда тургандыгын эскертишет.
Android же iPhoneбу?Android телефондору сизге баа, көлөм жана инновациялык дизайн жагынан көбүрөөк тандоо берет. Ал эми iPhone программалык камсыздоону бат жаӊыртып, оюндарды жана колдонмолорду тез жакшыртып, коопсуздукту, купуялуулукту кепилдейт.
Экран көлөмү: эгер чоӊ телефон издесеӊиз анда 6 дюйм жана андан жогоркуларды тандоо зарыл. Эӊ чоӊ телефондор 6,5тен 6,8 дюймга чейин барат. Ал эми бир колуӊуз менен оӊой колдоно турган смартфон кааласаӊыз, экраны 6 дюймдан ашпаган чакан телефондорду тандаганыӊыз оӊ.
Камералар: Мегапикселдердин саналышына көӊүл бурбаӊыз. Тескерисинче, түнкү режим сыяктуу өзгөчө функцияларына маани берүү зарыл. Эгер сүрөт сапаттуу чыксын десеӊиз жарык жерде камерасын иштетип көрүӊүз. Мындайда камеранын сапатын аныктай аласыз. Эгер караӊгы жерде да сапаттуу сүрөт тарта алса мегапикселдин санына маани бербей эле сатып ала бергениӊиз жакшы.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Коомдук турмушта байлык менен бийликтин орду өлчөөсүз чоӊ жана ойногон ролу ченемсиз маанилүү экендиги талашсыз. Бүтүндөй адамзаттын бүкүлү тарых-таржымалы, алыс-жакын келечеги да ушул эки негизги категория менен тыгыз жана бекем чырмалышып калгандыгын танууга мүмкүн эмес. Ар кандай эле чоӊ-кичине каршылашуулар менен кагылышуулардын артында ушул эле түшүнүктөр жатаары маалым.
Айтылгандарды Кыргызстанда буга чейин болуп өткөн эки жолку мамлекеттик бийлик төӊкөрүштөрү далилдеп келип, ага анча ынана бербегендерге эми үчүнчүсү күбөлөндүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз.
Азыр баарыбыз баш катырып жаткан базар экономикасы деген түшүнүккө сэр Уинстон Черчилль: «Базар экономикасы барып турган ыймансыз экономика, бирок мындан ыймандуусун адамзат али таба элек» деп табалагандай эле аныктама бергенин айтышат. Бийлик менен байлык түшүнүгү базар экономикасынын ошондой балекет-мээнеттери менен чырмалышып турган доордо ар кандай эле төӊкөрүштүн максат-мүдөөсүн аӊдап-баалоо кыйын маселе эмес. Андайда алгач көзгө ар кандай эле бийликтин кадр саясаты урунаары белгилүү. Мамлекеттик бийлик органдарында салыштырмалуу бир топ мезгил иштеп, калктын көзүнө түшүп, көӊүл назарына илинип калган кадрларды республикадан табуу барган сайын кыйындап баратканын өкүнүү менен белгилөөгө болот. Кадрлардын андай жоон тобу Кыргызстандын алгачкы ажосу Аскар Акаевдин тушунда пайда болгондой таасир калган. Муну балким, ошол кездеги шарт-кырдаал, атап айтканда эгемендүүлүктүн эӊ алгачкы күчтүү эпкини, экинчи жактан Союздук кадр саясатынын али жүзүн жогото элек таасири деп да түшүнүү керектир. Бакиевдик доор кадр даярдоого үлгүргөн жок, убакыт беришпеди. Андан бери саясатчылар, саясий ишмерлер жана саясий лидерлер деп аталгандардын катары өссө өскөндүр, бирок мамлекеттик кызматтардын чыгаандары дегидей кадрдык резерв боппош тургансыйт.
Ар кандай эле бийликтин ийгиликтүү же ийгиликсиздигинин негизги көрсөткүчү көп жагынан кадрдык саясатка жараша болоору белгилүү.Союздук мамлекет кезибизде Сталиндин «кадрлар баарын чечет!» деген учкул сөзү бар эле. Анда албетте, кадрларга көп учурда Сталин өзү тыкыр көз салып турганын унутууга болбойт. Кадр саясаты бийликтин абдан талуу жери деп саналат. Бүгүнкү кыргыз бийлигининин алдында да кадр маселесине абайлап көӊүл бөлүү милдети турат. Учурда республикада жаӊы өкмөттүн жаӊы кызматтык дайындоолору коомчулукта дароо эле сынга алынууда. Жалал-Абад облусуна өкмөттүн өкүлү болуп жаӊы дайындалган Абсатар Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени, ал эми Ошко дайындалган өкмөт өкүлү Жарасул Абдураимоадун жашы өйдөлөп калганы коомдук сайттарда кызуу талкууланууда.
Садыр Жапаров бийликке келгени кыргыз өкмөтүнүн курамы 70 пайызга жаӊыланды. Күн сайын олуттуу кадрдык дайындоолор жүрүп, алардын айрымдары коомчулукта суроолорду жаратууда.
«Кадрлар барын чечет!» деген улуу сөз бүгүнкүдөй бийлик, мансап талашуунун жапайычылыктай шартында «Кадрларды баары чечет! маанисине өтүп кетпегендей кырдаалды кармануу зарылчылыгы бар экендигин унутпаш шарт.
Айрым талдоочулар соӊку кадрдык дайындоолор компромисс менен жүрүп жаткандай болуп жатат дешүүдө.
«Эски бийликтен, моралдык укугу жоктор, Садыр Жапаровду сүрөгөн топтор жана популисттер келип жатат. Нуржигит Кадырбеков маданият министри болду, ал «Ыйман» фондунан келбеди беле. Жупуну тил менен айтканда, бул адам дааватчы да. Маданият тармагында маданиятты түшүнгөн кесипкөй адам жок. калдыбы деген суроо жаралат» дейт саясат талдоочу Нурбек Муктар.
Өкмөт башчы эле эмес, президенттин да ыйгарым укуктарына ээ болгон Садыр Жапаров кадрдык саясат жүргүзүүдө биринчи кезекте кесипкөйлүккө басым жасаарын минтип айткан эле:
«Президенттик аппаратка жаӊы команданы алып келбейм, арасынан ишин тарта албай жаткан кадрларды гана алмаштырам, эгер кесипкөй кадрлар болсо калганын калтырам.Тигинин же мунун кадры деген бизде болбошу керек.Бул мамлекеттик иш. Ошондой мамиле кылуубуз керек. Жеке менчик ишканадай карабашыбыз керек. Туура, люстрация болушу керек. Аны жасайбыз».
«Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолорун байкасак, мурункулардан өтө деле айырмаланчу жери жок. Баягы, эски элитанын эле оюндары, ыкмалары байкалып жаткандай. Ошол эле кадрлардан туруп жатат. Элдин жаш, иш билги,билимдүү, жаӊы технологияларды билген адамдарды мамлекеттик кызматка алып келсек деген үмүтү бар болчу.Азыркы кадрдык дайындоолордон өз кландарын, командасын бекемдөө максатында эле иш алып барып жатканы көрүнүп жатат. Мурунку тырмоочту кайра-кайра басып жатабыз. Люстрация реалдуу нерсе, бирок ага аткаруучулар даяр эмес го» дейт жаш саясатчы Ренат Самудинов.
Ошентип президенттик жана өкмөт башчылык милдетти бир колго алган Садыр Жапаров кыска мөөнөттүн ичинде көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин алмаштырды. Бирок, коомчулукта жаӊы дайындалгандарга карата «эскилер» жана «тажрыйбасыздар» келди» жана «жек-жаат топтолду» деген айыптар жаӊырууда.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев жаӊы кадрлар кандай критерий менен тандалып жатканын мындайча түшүндүрдү:
«Коюлган кадрлардын баары азыр биротоло коюлган жок. Алар белгилүү бир сыноо мөөнөтү менен дайындалып жатат. Жыйынтык чыгарса чыгарды, чыгара албаса мурдагыдай көп убакыт берилбейт. Аларга көп талап бар. Эгер аларды аткара албаса, кайра кызматтан алынат». Жаӊы дайындалгандарга карата коюлуп жаткан «көп талаптын» башкыларынын бири дал ушул шайлоолорго байланыштуу болушу мүмкүн дешет талдоочулар.
Президентин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жакында «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде кадр маселеси боюнча мына буларга токтолду:
«Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге жана ушундай кирешелүү тармактарга кызматтарга койгондо акча менен коюп калган экен. 30 жылдан бери ушуга көнүп алышкан. Ар бир кызматтын «ставкасы» бар экен. Мисалга, кызматта турганыма он күн боло элек, менин жакындарыма, маселен уулума чыгып туруп, «үч жүз миӊ долларды бере коелу, мени баланча жерге кое кой», « 50 миӊ доллар берели, түкүнчө кызматка алып бар» деп чыгып жаткандар көп болуп жатат. Алардын бардыгын биз жок кылып, таза мамлекетке айлантабыз деп жатабыз. Булар ойлоп жатат окшойт, жакындары аркылуу акчаны берип, мурдагыдай жумушка турабыз деп.Мындан ары андай болбойт»,-деди Садыр Жапаров.
Эгемендик жылдарында Кыргызстандын ырааттуу кадрдык саясаты калыптанбаганын талдоочулар баса белгилеп келишет. Yч жолу ыӊкылап жолу менен бийлик алмашса дагы, кадрдык саясат ошол бойдон калып, улам бир өкмөт келип-кеткени менен, анын курамы мурункулардан эле туруп жатат.
«Перспектива» аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев буга чейин өткөн талкуулардын биринде кадр саясатын аныктоодо Кыргызстанга мүнөздүү төрт факторду белгилеген эле. Алар: регионалдык-кландык, саясий, кесипкөйлүк жана квоталык.
Өлкөдө 2010-жылга чейин кадрдык саясатта регионалдык-кландык фактор негизги ролду ойноп, бирок ал Атамбаевдин тушунда бир аз күчүн жоготкондой болду. Бирок, соӊку кездерде кадрларды дайындоодо саясий соодалашуу фактору алдыга чыгып,
кесипкөйлүк дагы деле негизги фактор боло албай жаткандыгы байкалат. Кадр саясатындагы мындай абалдын туура нукка бурулушу үчүн дагы канча убакыт же мезгил талап кылынат, канчалык кааласа да, муну жаӊы бийлик да айта албоосу ачык болуп баратат. Бул үчүн үчүн аны айыптоонун пайдасы жок.
Абдираим Мамытов
2020-жылдын 16-октябрында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде экономика илимдеринин доктору, профессор, билим берүүнүн мыктысы, маркум Узенбаев Расулбек Аширбековичтин 60 жылдык мааракесине арналган "Санариптештирүү шартында бухгалтердик эсеп, анализ жана аудиттин абалы: көйгөйлөр жана өнүгүүсүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясынын пленардык отуруму жана секциялык иштери болуп өттү.
Конференциянын уюштуруучулары катары М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Борбордук Азия өлкөлөрунун бухгалтер жана аудиторлорунун Ысык-Көл форуму жана Ош мамлекеттик университети.
Конференциянын ишине Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын белгилүү экономист-окумуштуулары, жаш аспиранттар, магистранттар, докторанттар, окуу жайлардын ректорлору, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы, Мамлекеттик финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышышты.
Пленардык отурумда модератор катары Ош ТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, э.и.к.. доц.Абдиев Мурат Журатович алып барды. Конференцияны негизги уюштуруучусу Ош ТУдан,ректор, т.и.д, проф.Абидов Абдыкадыр Омарович жана уюштуруучу- «Борбордук азия өлкөлөрунун бухгалтер жана аудиторлорунун Ыссык-Көл форуму» коомдук бирикмесинин директорунун атынан, жооптуу кызматкери э.и.к., доц.Султаналиева Бегайым Абдыбековна сөз сүйлөшүп, конференцияны жемиштүү өткөрүүгө жана катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Пленардык отурумдун жүрүшүндө э.и.д, проф. Низомов С.Ф "Башкаруу системасында башкаруучулук көзөмөлдүн теориялык жолдору жана концептуалдык чек аралары» менен э.и.д., проф. Маткеримова А.М «Башкаруу эсеби системасында башкаруучулук көзөмөлдүн элементтерин калыптандыруу» деген темада баяндама жасашты.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык отуруму аяктаган соӊжыйындын катышуучулары Ош ТУнун башкы имараттын 4-кабатында жайгашкан "э.и.д, проф. Узенбаев Расулбек Аширбекович атындагы инновациялык изилдөөлөр борбордун" ачылыш аземине күбө болушту.
Аталган борбордо Ош ТУнун ректору, проректорлор, факультеттин деканы, устаттары, шакирттери жана бир туугандары сөз сүйлөп, аны эскеришип, бул борбордун алкагында жыл сайын салттуу түрдө иш чараларды өткөрүп турууну белгилеп кетишти.
Расулбек Аширбековичтин жаркын элесине арналган Абдиев М.Ж. тарабынан даярдалган “Күмүш куржун (ата мурас)” китептин бет ачары болду жана агайдын ой толгоолору, ырлары жөнүндө сөз болду.
Белгилеп кетсек, Р.А.Узенбаев 6 аспиранттын жана 2 докторанттын илимий иштерине жетекчилик кылуу менен анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана Б.Ельцин атындагы КРСУнун астындагы диссертациялык кеӊеште ийгиликтүү корголуп, 2 кандидаттык диссертация коргоо алдында турат.
Илимий педагогикалык ишмердүүлүгүндө 3 монография, 60тан ашуун илимий макалалары, 30дан ашуун окуу-методикалык иштери басылып чыккан. Илимий макалалары АКШ, Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүндө жана жергиликтүү басылмалардан жарык көргөн.
Расул Аширбекович ОшТУда кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалоо менен материалдык-техникалык базаны, окуу адабияттары менен камсыз кылуу, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу, илимий потенциалык көтөрүү, сырткы байланыштарды күчөтүү, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тыгыз иш алып баруу боюнча чоӊ жумуштарды жасаган.
Өлкөбүздүн экономика багыты, анын ичинде бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча илимий изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, окуу жайлар аралык байланыштарды күчөтүү боюнча зор салым кошкон.
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...