• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
26 Нояб

“Оорунун шартында жашаганга үйрөнүшүбүз керек, оору кетпейт”

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:11 Жарыяланган категория Макалалар
“Оорунун шартында жашаганга үйрөнүшүбүз керек, оору кетпейт”

Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумда социалдык тармактын мекемелеринин аткарып жаткан ишмердүүлүктөрү, токтомдордун аткарылуусу талкууга алынып, жетекчилер тарабынан берилген маалыматтарга ылайык суроолор берилип, депутаттардан сын-пикирлер айтылып, айрым маселелерди шаардык Кеӊештин сессиясынын кароосуна киргизүү сунуштары берилди. Отурумга төрага Ж. Ормонов, комиссиянын төрагасы А. Осмонов, мүчөлөрү Г.Б.Эсенбаева, Т.А. Жунусов, А.Ш. Мадаминов, С.А. Курбаназаров, С. Нуркамилова, вице-мэр Э. Шадыханов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Пандемияга байланыштуу маданий иш чаралар аткарылбай калды

Отурумдун башында шаардык Кеӊештин төрагасы Жапар Ормонов сөз сүйлөп, күн тартибиндеги маселелер абдан олуттуу экенин белгилеп өттү.  Андан соӊ алгачкы болуп шаардык маданият башкармалыгынын жана шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын аткарган иштери боюнча маалымат угулду. Маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов өз сөзүндө 2020-жылы каралган иш пландарынын 70 пайызы аткарылганын, бирок, пандемияга байланыштуу негизги иш чаралар аткарылбай калганын билдирди:

“Бул жылдын алкагында каралган иш пландарыбыздын дээрлик 70 пайызын аткардык десем жаӊылышпайм. Көптөгөн иш чараларыбыздын негизгилерин аткара албай калдык. Бюджеттен бизге музыкалык аппаратурага деп бөлүнүп берилген 10 млн. сом акча каражаты кайра кайтарылды. “Түрксойго” баруу үчүн бөлүнгөн 400 миӊ сом каражат да шартка байланыштуу кайра кайтарылды. Андан тышкары комузчулар, оркестр тобун ачуу үчүн бөлүнгөн каражаттар жумшалып, топтор түзүлдү. Ар бир даталуу күндөрдө онлайн болобу же чакан чөйрөдө болобу майрамдык маанай тартуулаганга аракет кылып жатабыз”.

Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Ашым Осмонов бюджет комитетинин депутаттары колдоп, атайын аппаратурага деп кошумча каражат бөлүп бергенден кийин жаӊы аспаптарды алуу керектигин белгилеп кетти. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү башкармалыктын отчетунда катачылыктар көп экенин айтып, сынга алышты. Депутаттар тарабынан берилген суроолордун жообу канааттандырбаганын, маданий иш чараларды уюштуруу жакшы болбой жатканын айтышты. Ал эми К. Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Салима Токтомаметова шаардык Кеӊеш тарабынан чыгарылган токтомдор аткарылып жатканын маалымдады.

25 миӊ китеп электрондук вариантка өткөрүлдү

“Санариптештирүү жылына карата 2019-жылы чыккан китептерди электрондук вариантка өткөрүү боюнча токтомго ылайык, китептер электрондоштурулду. Бүгүнкү күнгө жалпы фондубуз 270 миӊден ашык болсо, 25 миӊи электрондук вариантка өткөрүлдү. Шаарда 12 филиалыбыз бар. Четинен автоматташтырып келе жатабыз. Учурда төрт филиалыбызга жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулду. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланып, үч филиалыбызды капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Ичине керектүү жабдыктар алынды” ,- деп билдирди Токтомаметова.

Андан сырткары ал “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бир жак четинде балдар китепканасынын орду талаштуу болуп жатканын, китепканага атайын каражат бөлүнүп, түстүү китептер коюлуп, заманбап шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Аталган маселе боюнча комиссия мүчөлөрү тактоо жүргүзүп, дарыгерлер, медайымдарга да поликлиникада орун жетишсиз болуп жатканын эске алып, китепкана үчүн башка жай таап берүүнү вице-мэрге сунуштап, жай табылса, оӊдоп-түзөө үчүн каражатты бюджеттен бөлүп берүүнү колдоп беришерин билдиришти.

“Кызыл зонада иштеген дарыгерге 70 миӊ сомго чейин компенсация төлөнүүдө ”

Кийинки маселе КРнын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө болду. Аталган тармактагы пандемия учурундагы акыркы аткарылган иштер, бөлүнгөн акча каражаттары боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу ММКФнын Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Максымбек Омокеев маалымат берди.

-Шаарда каралган он айлык акча каражатынын баары толук каржыланды. Каржыланган бир жылдык бюджет 447 млн 394 миӊ сом, ал эми такталган бюджетибиз 517 млн 600 сомду түздү. Такталган бюджетке эмнелер кошулду? Анда жеке коргонуу каражаттарын сатып алганга 12 млн 381 миӊ сом кошумча каражат бөлүп бердик. Анын ичинен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 4 млн 229 миӊ, шаардык ооруканага  5 млн 373 миӊ жана “Тез жардам” кызматына 2 млн 778 миӊ сом бюджеттен сырткары кошумча бөлүнүп берилди. Андан сырткары 40 млн 686 миӊ сом ооруканалар өздөрү сатып алган дары-дармектин карызын төлөө үчүн жумшалды. Мындан №1 поликлиникага 4 млн 722 миӊ, шаардык ооруканага 35 млн 964 миӊ кошумча каражат каралган. Ошондой эле мурунтан келе жаткан медайымдардын айлык маянасын жогорулатууга 16 млн. сом жумшалды. Ал эми кызыл зонада иштеген дарыгерлерге Саламаттыкты сактоо министрлиги март айындагы кошумча төлөмүн төлөп берди. Апрель айынан тарта өзүбүз төлөп жатабыз. Бүгүнкү күндө октябрь айына да толук төлөндү. Октябрь айында 478 медициналык кызматкер ишке тартылып, алардын кошумча төлөмдөрү 12 млн 781миӊ сомду түздү. Эӊ көп июлда бир эле шаардык ооруканага кошумча төлөмү үчүн 26 млн каражат жумшалган. Кызыл зонада 14 күн иштеген дарыгер 70 миӊ сомго чейин компенсация алууда.

Жумшалган акча каражаттарынан сырткары пандемияда дары-дармектердин жетишсиздиги боюнча да сөз козголду. Омокеевдин билдирүүсүндө баштапкыга салыштырмалуу учурда вируска каршы дарылардын баары бар, жетиштүү.

Жетекчиге комиссия тарабынан бир канча суроолор берилип, жооптор алынды. Кийинки жылдын бюджетинен шаарга бир компьютердик томограф алуу сунушу берилди.  

Отурумдагы каралуучу төртүнчү маселе пандемия учурунда калктын саламаттыгын камсыздоо жана социалдык коргоо тармагында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө болду. Шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыял Ташполотов эпидемиологиялык абалга токтолду. Күндөн-күнгө эпидемиологиялык абал турукташып, жаӊы катталгандардын саны азайып баратканын билдирди. 

“Шаардагы ооруканалардагы көрсөткүчтөр күндөн-күнгө азаюуда”

-Азыркы күндө шаардагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратат. Бүгүнкү күнгө чейин лабораториялык жактан тастыкталган ковид илдетине чалдыккан жарандардын саны 3160ка чыкты. Сутка ичинде жаӊы 6 учур катталды. Бул лабораториядан тастыкталган. Алар менен байланышта 20 адам болгон. Ал эми пневмония илдетине чалдыккан 16 учур катталды. Шаардагы ооруканалардагы көрсөткүчтөр күндөн-күнгө азаюуда.

Депутаттар ыктыярчыларды ишке тартуу, аларга айлык акы төлөп берүү, жабдыктар, токтомдордун аткарылышы боюнча суроолорун беришти.

Ошондой эле Кыял Ташполотов анализинен коронавирус чыкпай эле эки, үч жолу кайрадан пневмонияга чалдыккандар кездешип жатканын кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө “Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет” мекемесинин, шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, шаардык фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын аткарылып жаткан иштери боюнча маалыматтар уктурулуп, талкууланды.

Учурдун негизги көйгөйлөрүнүн бири билим берүүдөгү онлайн окутуу маселеси да каралды. Комиссиянын төрагасы Ашым Осмонов качан мектептерди ачса болоруна кызыкты. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Юсупова атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлүп жатканын, абал турукташып бараткандыгына байланыштуу этап-этабы менен мектептерди ачса болорун билдирди. Бирок, көп окуучусу бар мектеп, класстарда коркунуч бар экенине токтолду. Ал эми депутат Сейиткасым Курбаназаров окуучулардын билим деӊгээли төмөндөп баратканын айтып, ковиддин кетишин күтүп, мектепти жаап отура берүү туура эмес деген оюн кошумчалады:

-Биз оорунун кетишин күтпөшүбүз керек. Оору келди, кетпейт. Оорунун шартында жашаганга, окуганга көнүшүбүз, үйрөнүшүбүз зарыл. Ошон үчүн алгоритмдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, эрежелерге толуктоолорду киргизүүнү сунуштоо менен этап-этабы менен билим берүү мекемелерин ачуубуз кажет.

Мектептерди ачууда жетекчилер жоопкерчиликтен качып, кайдыгер мамиле кылып жатканын депутат Г. Эсенбаева айтып, жоопкерчиликке чакырды.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун жыйынтыгында, токтомдун негизинде аталган маселелерди 2020-жылдын жыйынтыгы менен шаардык Кеӊешинин сессиясында кароо чечими кабыл алынды. Ашым Осмонов вице-мэр Эмил Шадыхановго жетекчилердин отчету канааттандырарлык болбогонун, токтомдордун аткарылышы солгун жүрүп жатканын, анын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып, кийинки жыйынга чейин кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...
26 Нояб

«Шаарда эпидемиологиялык абал турукташа баштады»

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:09 Жарыяланган категория Макалалар
«Шаарда эпидемиологиялык абал турукташа баштады»

Коронавирус пандемиясы менен күрөшүп келе жатканыбызга 9 ай болуптур. Дүйнө жүзү күрөшкөн илдет жалпысынан 1 362 424 адамдын өмүрүн алды. Ал эми вирусту жуктургандардын саны 57 миллиондон ашат. Кыргызстанда оору жуктургандардын саны 68 миӊден ашса, каза болгондордун саны 1 223кө жеткен. Тилекке каршы, бул жоготуулар эстен чыгып, көчөдө санитардык нормаларды сактаган жаранды кезиктирүү кыйын.

Сутка ичинде 386 адам вирус жуктурса, 6 адам каза болду (20.11.2020)

Республикалык штабдын билдирүүсү боюнча, 20-ноябрга карата сутка ичинде өлкөдө 386 жаран вирус жуктурса, 6 адам каза болгон. Учурда стационарда 3137 бейтап дарыланып жатат. Мындан сырткары, бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер оору жуктурган. Жыл башынан бери 3787 дарыгер вирус жуктуруп, анын 3525и айыгып чыккан.  

Кыял Ташболотов, саламаттык сактоонун Ош шаары боюнча координатору:

«Күндүзгү стационарлар жабылууда»

- Азыркы күндө шаардагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратат. Бүгүнкү күнгө чейин лабораториялык жактан тастыкталган ковид илдетине чалдыккан жарандардын саны 3160ка чыкты. Сутка ичинде жаӊы 6 учур катталды. Бул лабораториядан тастыкталган. Алар менен байланышта 20 адам болгон. Ал эми пневмония илдетине чалдыккан 16 учур катталды. Шаардагы ооруканадагы көрсөткүчтөр күндөн-күнгө азаюуда. №52 мектепти 100 орунга ылайыктап терапия-реанимация деп ачканбыз. Учурда аны жаптык. Азыркы мезгилде жарандарыбыз эски шаардык ооруканада дарыланууда. Ал жерде да 100 орун бар болчу. Бүгүнкү күндө 69 жаран жатат. Анын ичинен өтө оор абалда 7, 26сы оор, 27си орто абалда. Аларды кароого 16 дарыгер, 22 медайым, 18 санитардык кызматкер тартылган. Ооруканада жалпы 406 концентратор бар, анын 250сүн министрлик сатып берген, өзүбүздө 20 концентратор бар болчу. Калган 136сы элдин жардамында келген концентраторлор. №52 мектепте ачылган стационарыбыз күнү-түнү иштеп шаарга кызмат көрсөтүп жатат. Ал жакка жөнөткөн жарандардын саламаттыгы үчүн күрөшүп жаткан биздин жогорку даражалуу 8 дарыгерлерибиз да бар. Алар түшкөн чалууларга жеринде жардам көрсөтөт же абалы оор болсо ооруканага алып барышат. Бүгүнкү күндө 16 автоунаа тез жардам бекетинде иштеп жатат.

Ош шаарында 1-класстын окуучулары мектепке бара баштайт

20-ноябрда Ош шаардык мэриясында атайын штабдын отуруму өтүп, анда мектептерди ачуу боюнча маселе талкууланды. Штабга вице-мэр Эмил Шадыханов саламаттыкты сактоонун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташболотов, билим берүү башкармалыгынын жана санэпидемиологиянын кызматкери катышты. Отурумдун жүрүшүндө координатордун шаардагы эпидемиологиялык абалы тууралуу маалыматы уктурулуп, мектептерди ачуу кеӊири талкууланды. Натыйжада, шаарда 30-ноябрдан баштап 1-класстын окучуулары мектепке барып, билим алуусуна уруксат берилди.

Исламбек Тойтонов, инфекционист:

«Ооруканага кайрылгандардын санын эске алганда абалды турукташты деп айтууга эрте»

- Учурда аба-ырайы суук болуп, жөнөкөй сасык тумоо менен ооругандар да көп. Ал эми вирустун симптомдору менен сасык тумоонун симптомдору бирдей болгону үчүн эл арасында «дарыгер» болгондор көбөйүп кетти. Адистер «өз алдынча дарыланбагыла» деп байма-бай эскерткенибизге карабай дарыканадан өзү билген дарыны алып ичкендер көп. Натыйжада, ооруну өрчүтүп кайрылгандар арбын. Учурда ооруканага кайрылгандардын санын эске алганда абал турукташты деп айтууга эрте. Облустук оорукананын стационарында 30га жакын жаран вирустан дарыланууда.  Кайсы оору болбосун, симптомдору билинер замат эч болбосо үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, консультация алып коюусу керек. Анан албетте, санитардык – гигиеналык эрежелерди сактоону унутпашыбыз зарыл. Азыр коомдук транспортко чыксаӊыз бир да беткап тагынган жаран жок. Аралыкты сактабайбыз. Мунун арты оор болушу мүмкүн. Биз ооруну жеӊдик деп  бейкапар болууга акыбыз жок. Жөнөкөй эле аралыкты сактоо, беткап тагуу, колдуу тынымсыз жууп туруу сыяктуу эрежелер сизди оорудан сактарын билүүбүз абзел.

Коронавирустун пандемиясынан кийин да сакталып кала турган санитардык эрежелер

1.     Колду бат-баттан жууп туруу. Кыргызстанда «кир колдун оорусу»  деп аталган илдеттер абдан көп. Мисалы, гепатит А (сарык), ротавирустук инфекция сыяктуу өзгөчө кичинекей балдарда кездешчү оорулар.

2.     Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө ооз-мурунду жабуу. Инфекциянын басымдуу бөлүгү аба-тамчы бөлүгү аркылуу таркайт. Чөнтөгүӊүзгө бат аарчы сала жүрүү анчалык деле оорчулукту жаратпайт. Бирок, ага карабастан, көпчүлүгү буга кайдыгер карашат. Коомдук жайларды, транспортто мурдун жаппай эле чүчкүрүп, жөтөлүп, жолго түкүрүп, какырганды нормалдуу эле көрүнүш катары көргөндөр жок эмес. Бирок, бул жеке гигиенанын жана маданияттуулуктун негизи, ошондуктан пандемиядан кийин деле жаныӊызга бет аарчы же салфетка салып жүрүүнү адатка айландырып алыӊыз.

3.     Кол менен бетти кармабоо. «Кир колдун оорусу» деп аталган илдеттерден сактоочу дагы бир алтын эреже – колду самындап жуумайынча бетти, мурунду, оозду кармабоо зарыл.

4.     Күндө бөлмөнү дезинфекциялап туруу. Күнүгө үйдү, бөлмөнү, көп адамды кабыл алуучу мекемелерди дезинфекциялап туруу санитардык стандарт болуп саналат. Коомдук транспортту хлор менен «обработка» кылуу катардагы иш чара болууга тийиш.

5.     Бөлмөнү күндө желдетүү. Көп балалуу үй-бүлөлөр жана балдарды кабыл алуучу мекеме-ишканалар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени, бөлмөнүү желдетүү да санитардык стандарт болуп саналат. Жөн гана желдетүү жетишсиз. Нымдуулуктун деӊгээли 40-50%га, ал эми бөлмөнүн температурасы 18 градуста болуусу шарт.

6.     Иш орундукту күндө сүртүп туруу. Офисти тазалоочу санитардык кызматкерлер столду, оргтехникаларды тазалашпайт. Кээ бир учурда пол столдун үстүнөн таза болушу мүмкүн. Себеби, пол күнүгө нымдуу материал менен сүртүлөт. Ошондуктан эрте менен жумушка келер замат столдун үстүн аарчууну адатка айландырыӊыз.

Бактыгүл Калдарбай кызы 

 

Подробнее ...
26 Нояб

Кыймылсыз мүлккө укуктарды кантип каттайбыз?

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:07 Жарыяланган категория Макалалар
Кыймылсыз мүлккө укуктарды кантип каттайбыз?

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кыймылсыз мүлк алууда же сатууда кандай документтер зарыл экенин билүүсү шарт. Тилекке каршы, муну бардык эле жаран биле бербейт. «Yйүмдүн мамлекеттик акты бар бирок, кызыл китеби жок» деген сөздү үй же жер сатып алууда уккан чыгарсыз. Мындай кырдаалда сатылып жаткан кыймылсыз мүлктү алуу керекпи, жокпу ? Кыймылсыз мүлккө укуктарды кантип каттайбыз?  Ушул суроолорго адистен жооп алдык.

Абдималик Турдуев, Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси:

Кыймылсыз мүлк деген эмне?

- Кыймылсыз мүлк бирдиги -  жер жана жер менен байланышкан үйлөр, турак-жай анын ичинде көп кабаттуу үйлөр болуп саналат. Алсак, шаардын чектелген өзүнүн чек арасы болот. Ошол чектин ичиндеги жердин баары шаардагы аймактык башкармалыктын көзөмөлүндө болот. Менчиктин үч түрү болот: жеке менчик, муниципалдык, мамлекеттик. Шаардын аймагында үч жылдан кем эмес жашаган ар бир шаар тургунуна жер берилет. Бул үчүн шаардык мэриядан атайын токтом чыгуусу керек. Аталган токтом колуна тийгенден кийин архитектуралык башкармалыкка барат. Ал жерден тийиштүү адис жер берилген жаран менен кошо токтомдо каралган дарекке барып канча жер берилгенин, кимдер менен коӊшу болорун, кандай чекте берилди, баарын тактап берет. Архитектура башкармалыгы чыгарып берген бүтүмү менен мамлекеттик каттоо кызматына кайрылат. Биздин кызмат аталган кыймылсыз мүлккө мамлекеттик акт берет.

Мамлекеттик акт кандай тартипте берилет?

- Жаран алгач биздин кызматка келип төрт арыз жазат. Биринчиси бирдиктүү даректи ыйгаруу жөнүндө. Алгач сизге берилген жерге дарек берилүүсү абзел. Эгер көчөнүн аты жок болсо бизге сан аркылуу жерге ат берүү укугу ыйгарылган. Мисалы, 1-көчө, 2-көчө деген сыяктуу. Андан сырткары, жаран алган жердин чек арасын тактоо. Узуну 30 метр, туурасы 20 метр жер берилет. Атайын бекитилген токтомдо 6 сотыхка чейин жер алуу укугу бекитилген. Биздин кызматкерге жаран өзү барып жердин чегин көрсөтүп берүүсү керек. Чек араны тактоодо да атайын тартип бар. Алалы, жерди берип жатканда архитектуранын кызматкери казык кагып, белгилеп берет. Ошол белгиленген жерди да жаран коӊшусу менен тактоосу зарыл. Казык туура эле кагылганбы, анын жерине өтүп кеткен эмеспи суроо керек. Коӊшулар макулдашууга биздин кызматкердин катышуусунда кол коюп бериши зарыл. Ал макулдашууну биздин кызматтын жерге жайгаштыруу жана кадастр бөлүмү даярдап берет. Макулдашууга толук кол коюлгандан кийин каттоо бөлүмүнө өткөрүп беришет. Мында, документтерди каттоо  «Түндүк» системасы боюнча баары электрондук форматта жүргүзүлөт. Кадастр бөлүмү түзүп берген келишим эки нускада болуп, бирөөсүн жарандын колуна, экинчисин архивге тиркейбиз. Мына ушулардын негизинде жаранга жеринин мамлекеттик актын беребиз. Документтер архивде кагаз түрүндө жана электрондук форматта сакталат.

Техникалык паспорт деген эмне?

- Жаран жерди алып, бизге келип мамлекеттик актын, архитектурадан типтүү келишимди алгандан кийин ошол жерге үй тургузушу мүмкүн. Курулуш иши аяктагандан кийин жаран кайрадан биздин ишканага келет. Эгерде жаран жерди сатып алып, үй тургузуп жүргөн аралыкта башында биз коюп берген көчөнүн аты өзгөрүп кетсе, биз кайрадан жаранга бирдиктүү дарек ыйгаруубуз керек болот. Жаран арыз жазбаган күндө да биз өзгөргөн даректи каттайбыз. Yй салынгандан кийин жаранга техникалык паспорт даярдалат. Техникалык паспорт – кыймылсыз мүлк бирдигине берилет. Жаран жашаган чекте кыймылсыз мүлк бирдигинин кайсы түрү болбосун техникалык паспортто белгиленет. Техникалык паспорттун биринчи барагында идентификациялык коду, дареги  жана үй ээсинин толук аты-жөнү жазылат. Экинчи бетинде ошол үйдүн техникалык параметри жазылат. Мисалы, төрт бөлмөлүү үйдүн бирөөсү ашкана, бирөөсү уктоочу бөлмө деген сыяктуу. Анын ар бир чарчы метри эсептеп чыгылат. Yчүнчү бетинде жарандын ички планы, кайсы жерден кирет, кайсы жерден чыгат баары жазылат. Эӊ акыркы бетинде ошол чекте курулган курулуштун аталыштары жазылат. Кадастр бөлүмүнүн кызматкерлери кол коюшат, андан кийин каттоо бөлүмүнө өткөрүп беришет. Техникалык паспорт катталбайт бирок, анын ичиндеги үй катталат. Көпчүлүгү «менин техникалык паспортум катталбай калды» деп келе беришет. Жарандын укугу жерге катталат. Бизге болгону курулуштун талаптарга жооп бергендиги тууралуу билдирүүнү гана алып келиши керек.

Көп кабаттуу үйгө мамлекеттик акт кандай берилет?

- Шаарда жер кодекси күчүнө киргенден бери көп кабаттуу үйлөрдө да жер талашуу маселелери жарала баштаган. Көп кабаттуу үйдүн курулушун баштаган компаниянын менчигинин түрүнө карабай архитектура башкармалыгы белгилеп берген жерге гана үй тургузууга милдеттүү. Аталган башкармалыктын атайын талаптары бар. Бир көп кабаттуу үйдүн айланасында баланча чарчы метр жер болушу керек деген. Ошол жерди тактап, төрт бурчуна казык кагып белгилеп беришет. Белгиленген жерге шаардык мэриядан атайын токтом чыгарылат. Мисалы, бир көп кабаттуу үйгө 18 сотых жер бөлүнгөн болсо, ошол жерге башка жарандар, жашоочулары эч кандай мыйзамсыз курулуш курбоого милдеттендирилет. Мэриянын токтомун, архитектуранын документин алгандан кийин ал көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын бирөөсү же домкому паспорту менен аймактык башкармалыкка барат. Алар домкомго ушул көп кабаттуу үйдүн өкүлү деген аныктама беришет. Аныктама менен мамлекеттик каттоо кызматына кайрылат. Жогоруда жеке жаранга мамлекеттик акт даярдалгандай эле домкомго да мамлекеттик акт беребиз. Ошол мамлекеттик актын ичине «жалпы үлүштөгү көп кабаттуу (дареги жазылат) үйдүн жашоочуларына» деп жазылат. Мамлекеттик акт домкомдо болот. Эгер домком үйүн сатып башка жакка көчүп кете турган болсо ордуна бирөөнү дайындап, мамлекеттик акты ошол адамдын атына өткөрүп бериши керек.

Батирлерге кандай документтер берилет?

- Батирлерге да техникалык паспорт берилет. Жер үй сыяктуу эле идентификациялык коду берилет. Ал код эки түрдүү болот. Беш орундуу жана жети орундуу. Жети орундуу идентификациялык код көп кабаттуу үйдүн батирине берилсе, беш орундуу код жер үйлөргө берилет. Коммуналдык кызматтарды улоодо тийиштүү кызматтар  үйдүн техникалык паспортун сурайт. Yйүӊүзгө кандай кызматты киргизбеӊиз алгач техникалык паспорт талап кылынат. Көп кабаттуу үйдө мамлекеттик акт жалпы үлүштөгү деп бирөө эле берилет. Мында эч кимдин аты-жөнү көрсөтүлбөйт. Ал эми техникалык паспорт ар бир батир ээлерине берилет. Мисалы, бир көп кабаттуу үйдө 48 батир болсо ар биринде техникалык паспорт болууга тийиш.

Кыймылсыз мүлктү сатып алууда жана сатууда кандай документтер болуусу шарт?

- Кээде «үйүмдүн мамлекеттик акты бар, бирок, кызыл китеби жок» дегендерди угуп калсаӊыз керек. Кызыл китеп менен мамлекеттик акт бир эле документ. Болгону биз мамлекеттик акт даяр болгондон кийин аны сырты кызыл болгон корочкага салып беребиз. Кээде корочка бергенге жетишпей калган учурлар болот. Ошондон улам элдер кызыл китеп башка, мамлекеттик акт башка деп түшүнүп алышат. Жерге укук тастыктоочу  - токтом, укук далилдөөчү - мамлекеттик акт болуп саналат. Мамлекеттик акт жерге берилсе, техникалык паспорт үйгө, курулушка берилет. Кыймылсыз мүлктү сатып алууда же сатууда мамлекеттик каттоо кызматында каттоодо турганын далилдеши керек. Бул үчүн жердин мамлекеттик акты жана үйдүн техникалык паспорту болушу керек. Бирок, ага да ишенбесе сатып жаткан адамды же сатып алып аткан жаранды мамлекеттик каттоо кызматына ээрчитип келип, маалыматтык бөлүмүнө кайрылып консультация алышы керек болот. Бизде консультация акысыз. Көп учурда жарандар такташтырып, маалымат албай эле акчасын төлөп койгон учурлар катталат. Балким, ал үй банкта күрөөдө тургандыр, башка бирөөнүн үйүн сатып жибериши мүмкүн. Же болбосо карызы көп болуп, мамлекеттик сатыкка коюлуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн сатып алардан мурун шашылбастан мамлекеттик каттоо кызматына келип кеӊири маалымат алган оӊ.

Бактыгүл  Калдарбай кызы

Подробнее ...
26 Нояб

ЖАӉЫ БАШ МЫЙЗАМ: Демилгесинен танган демилгечи депутаттар

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:04 Жарыяланган категория Макалалар
ЖАӉЫ БАШ МЫЙЗАМ:  Демилгесинен танган демилгечи депутаттар

17-ноябрь күнү жаӊы конституциянын долбоору парламенттин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Анда өкмөттү толугу менен президент өзү башкарат. Ошондой эле учурдагы конституциядагы алты жылдык мөөнөт менен бир гана жолу шайлануучу президент, жаӊы конституцияда 5 жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат. Аталган долбоор парламентте талкууланып, аны 80 депутат жактырып, макулдугун берген. Бирок, долбоор коомдук талкууга коюлгандан тарта, талаштуу пикирлер жаралып, колдогон эл өкүлдөрүнө карата терс пикирлер да айтылды. Айрым депутаттар макулдугун бербегенин айтып актанганга да үлгүрүштү. Андан сырткары “авторитардык башкарууга баратабыз” дегендер да жок эмес.

Текебаев: “120 депутат да жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт”

Коомдук талкууга коюлган жаӊы Конституциялык долбоордун негизинде конституциялык референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлөт. Буга байланыштуу бир топ саясатчылар, серепчилер каршы пикирлерин билдирип, конституциялык референдумга баруу кадамын туура эмес деп айтышууда.

“Конституциянын атасы” деп айтылып келген “Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча пикирин билдирди. Ал өз сөзүндө конституцияга өзгөртүү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутатка таандык экенин, бирок, жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилгени 120 депутат да көтөрүп чыга албасын белгилеген:

“Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүү киргизүү укугу 80ден кем болбогон депутатка таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе албайт. Ошол 80 депутат өзгөртүү гана киргизе алат. А сиздер өзгөртүүнү эмес, жаӊы Баш мыйзамды сунуштап жатасыздар. Керек болсо 120 депутат да жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт. Өзгөртүү гана киргизе алат. Экинчиден, өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда Конституциялык палатадан: “Биздин демилгебиз конституциялык нормалар менен жүрүп жатабы, бирдемени бузуп албадыкпы?” деп сурашыӊар керек. Сурадыӊарбы? Жок. Анткени Конституциялык палатада азыр кворум жок. Жакынкы бир айда алар иштебейт. Эгер ал жакка берсе, булар 10-январга үлгүрбөй калышат. Ошондуктан, мыйзамды бузуп, Конституциялык палатага кайрылбастан, зордук менен, алдамчылык менен парламенттен алып өтүп кетебиз деп жатышат. Булар коомдук талкууда өзгөртүү киргизебиз дешүүдө. Бирок, талкуу убагында өзгөртүү киргизе алышпайт. Өтөт же өтпөйт”.

Конституциянын 114-беренесине ылайык, Конституцияга өзгөртүү мыйзам долбоорун ЖКнын 80ден кем эмес депутаты колдоп, референдумга чыгарышы керек. 

Телеберүүгө Текебаев менен биргеликте президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев да катышкан. Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева “Бакиевдин юристи” делген Зулпуев Конституциянын жаӊы долбоорун жазып жатканын айткан. Бирок, Зулпуев телеберүүдө жаӊы долбоорду ЖКнын депутаттары демилгелеп жазганын билдирген. Мындан тышкары, ал 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде кемчиликтер бар экенин, анда бир гана өзгөртүү тартиби каралып, жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу же толуктоо тартиби эске алынбай калганын кошумчалаган.

Жаӊы мыйзамга автор экенин билбегендер чыкты

Ал ортодо демилгелеген 80 депутаттын ичинде тизмеси бар эл өкүлү Эмил Токтошев жаӊы сунушталган Баш мыйзамга автор экенин соцтармактар аркылуу билгенин Facebook баракчасынан билдирди. Ошондой эле долбоорго кол койбогонун баса белгилеген:

“Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү, процессти ичинен көрүү үчүн, парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн демилгелүү топко кирүүгө кол койгом. Кечээ сурасам даяр долбоорду көрсөтүшкөн. Мен ошол эле жерден каршылыгымды билдирип чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм”,- деген Токтошев. Ошондой эле депутаттар Айгерим Бешимбаева демилгечи топко катышпаганын, Иса Өмүркулов долбоорду такыр көрбөгөнүн маалымдаган.

Андан тышкары депутат Тазабек Икрамов долбоор менен үстүртөн гана тааныш болгонун, демилгечилер башка экенин айткан. Жакында эле спикерлик милдет жүктөлүп, бирок, көпкө узабай тизгинди кайра өткөрүп берген, президенттикке талапкер Канатбек Исаев басма сөз жыйын куруп, анда жаӊы долбоор демократиялык стандарттарга каршы келерин айтты:

“Эгер ачык айтсак – автору Садыр Жапаров. Мыйзам долбоору президенттик аппаратта даярдалган. Депутаттар аны окуган эмес, автору болуп эсептелбейт”,-дейт Исаев.

“Бизде качан парламенттик башкаруу болду эле?”

“Авторитардык башкарууга баратабыз”, “бийлик бир колго өтүп калат”, “парламент укуктарын жоготот” жана башка ушул сыяктуу пикирлер көп. Президенттик башкаруу мамлекетти тар жолго алып барарын, он жыл артка кетерин айткандар да кездешет. Бирок, жаӊы мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Улукбек Ормонов буга чейин деле “парламенттик башкаруу” деген жазуусу болгону менен иш жүзүндө башка болгонун билдирген:

“Ооба, мен колдоп жатам. Бизде качан парламенттик башкаруу болду эле? Биринчи ушуга жооп береличи. Жазуусу бир, аткарылышы башка болуп келди да. Чындыкты ачык айтып иштейли, өкмөттүн да жоопкерчилигин толугу менен моюнума алам деп жатпайбы президент. Андыктан, биз өзүбүздү өзүбүз алдабай, бир башкарууга өтүшүбүз керек”. 

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеӊешме түзүлгөнүн коомчулукка маалымдады.

"Мен мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары тийиштүү жарлыкка кол койдум. Кеӊешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди. Конституциялык жыйындын иши максималдуу түрдө ачык-айкын жүргүзүлөт. Ар бир жарандын пикири эске алынып, өлкөнүн бардык элин бириктирүүчү факторду, республиканын мындан аркы өнүгүүсүнүн кепилдиги боло турган Баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгабыз деп ишенемин" .

Кызуу талкуу жараткан жаӊы Баш мыйзам тууралуу билүү үчүн юридика илимдеринин кандидаты, доцент Марат Татеновго байланышып, маалымат алдык. Ал конституциядагы өзгөртүүлөргө токтолду:

«Президент аткаруу бийлигин башкарат»

-Азыркы сунушталып жаткан жаӊы конституция саны боюнча үчүнчү болуп эсептелет. Биринчиси 1993-жылы 5-майда, экинчиси 2010-жылы 27-июнда референдум аркылуу кабыл алынган. Андан тышкары экөөнө теӊ өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген. Биринчи өзгөртүү 1994-жылы октябрь айында референдум аркылуу ишке ашкан. Анда бир палаталуу парламентти кош палаталуу кылып өзгөртүү жана башка ушул сыяктуу толуктоолор болгон. Мындан тышкары 1996-жылы, 1998-жылы, 2001-жылы, 2003-жылы, 2006-жылы, 2007-жылы 15-январда жана 23-октябрда өзгөртүү киргизилген. Учурда иштеп жаткан конституция 2010-жылы кабыл алынып, ага дагы 2016-жылдын декабрь айында өзгөртүүлөр киргизилген. Азыр да кезектеги конституциялык реформаны күтүүдөбүз.

Кандай өзгөрүүлөр болот?

Тактап айтсак, 7-беренеде элдик курултай тууралуу айтылат. Учурдагы конституциянын 52-бересинде да курултай жөнүндө жазылган. Жарандар курултайга катыша алышат жана мамлекеттик маселелер боюнча курултай өткөрүүгө укуктуу. Курултайдын чечимдери сунуш катары эсептелет деп жазылган. Жаӊы долбоордун 7-беренесинде элдик курултайдын укуктары кеӊейтилип, деталдаштырылып каралган. Мисалы, маанилүү мамлекеттик, коомдук, улут аралык, диний маселелер боюнча, улуттук маданият, тил, адамдын жарандык укуктары жана эркиндиктери жөнүндө чечимдерди чыгарат.

Андан сырткары президентке ички жана тышкы саясат боюнча сунуштарды берүү, кээ бир мамлекеттик муниципалдык органдарга айрым кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды берүү укугу бар.

Ошол эле жерде "элдик курултайдын чечимдери, сунуштары рекомендациялык мүнөзгө ээ" деп да жазылган. Бул деген курултай сунушту берет, ал эми мамлекеттик орган аны ишке ашырабы, жокпу аны өзү чечет.

Иштеп жаткан конституцияда президент бир жолу 6 жылга шайланса, жаӊы мыйзамда 5 жылдан эки мөөнөткө шайланса болот. Ошондой эле 56-беренеде президент аткаруу бийлигин башкарат, өкмөттү жетектейт деп жазылат. Муну Американын конституциясынан үлгү кылып алышууда.

“Жаӊы Баш мыйзамда 5 бөлүм, 105 берене бар”

-Президенттин да укуктарына өзгөртүүлөр кирди. Президент мамлекеттик администрациялардын башчыларын кызматка дайындайт жана бошото алат. Бүгүнкү күнгө дейре муну өкмөт башчы ишке ашырып келет. Президенттин алдындагы аппараты администрация болуп өзгөрүп, ал бир эле учурда өкмөттүн дагы администрациясы болуп эсептелет. Дагы бир жаӊылык президент мыйзам долбоорлорун ЖКга сунуштайт. Мындай укук мурда эле Акаев, Бакиев убагында бар болчу. Кийин 2010-жылы алынып салынган. Бул дагы талаш-тартыштуу укук. Мисалы, чоӊ держава болгон Американын президенти да мыйзам чыгаруу демилгесине ээ эмес.

Конституциялык палата конституциялык сот болуп кайра түзүлөт. 2010-жылга чейин конституциялык сот болчу. Кийин палата деп өзгөргөн.

Президент ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө толук кандуу укук алат.

«Депутаттардын саны 90го азаят»

 2007-жылдагы конституцияда ушундай болчу. Мындай кадам бюджетти үнөмдөө максатында жасалууда.

Мыйзам чыгаруу демилгеси конституциялык сотко жана жогорку сотко берилүүдө. Акаев мезгилинде арбитраждык соттордо укук бар эле.

Иштеп жаткан конституцияда 9 бөлүм, 114 берене болсо, жаӊы Баш мыйзамда 5 бөлүм, 105 берене бар. Негизги 5 бөлүм:

1. Конституциялык түзүлүштүн негиздери

2. Жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери

3. Мамлекеттик бийликтин органдары

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

5. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

Ар бир бөлүмдө да майда бөлүмдөр бар.

Талкууга коюлган долбоордо юридикалык техникалык жактан кээ бир катачылыктар бар. Аларды оӊдосо болот. Мисалы, 21-берене менен 55-беренеде балдарга кам көрүү, балдар ата-энесине кам көрүү тууралуу кайталанып калган. Саламаттыкты сактоо боюнча 42-44-беренелерде кайталанат. Буларды иретке келтириш керек. Коомдук талкууда бир айга созулат.

Марат Татеновдун айтуусу боюнча жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу же албоо туурасында конституцияда так жобо жок. Болгону өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тартиби жазылган. Анда толук жаӊы Баш мыйзамды кабыл алууга тыюу жок. "Анткени жашоо көрсөтүп жатат, жаӊы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга зарылчылык пайда болууда" дейт юрист.

“Өзгөртүүлөрдөн кооптонууга негиз жок”

-"Ар бир буржуазиялык демократиялык революция бул конституция менен бекитилген жыйынтык" деп Ленин айткан. Тарыхты карасак кайсы жерде революция болсо, андан кийин коомдогу мамилелер өзгөрүп, жаӊы Баш мыйзамды кабыл алууга зарылчылык пайда болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер бир адам кандайдыр бир реформа жасайм десе, ага кээ бир укуктар зарыл болушу мүмкүн. Борбор Азияда Кыргызстанды демократиянын жана эркиндиктин аралчасы деп айтышат. Позициябыздан кайтпайбыз деп ойлойм. Эл да, парламент да мамлекеттик деӊгээлдеги маселелерде активдүү катышат. Башка өлкөлөрдөгүдөй авторитардык башкарууга барбайбыз. Андыктан өзгөрүүлөрдөн кооптонууга негиз жок. Өткөн окуялар сабак болуш керек.

Долбоорду жазууда парламенттин регламенти бузулганын айтып сындагандар бир жээк. Чынында жаӊы Баш мыйзамды демилгелөөдө нормалар сакталдыбы деген сурообузга юридика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Айтбаева жооп берди. 

“Талкууланып жаткан долбоор Конституциялык палатада каралган эмес”

-Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча атайын тартип каралган. Бул Конституциянын 114-беренесинде берилген. Аталган беренеге ылайык, Жогорку Кеӊеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамды кароого киргизилгенден тартып алты айдан кечиктирилбестен кабыл алышы керек. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам ЖК тарабынан окуулардын ортосунда эки ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп берилген. Бул жерден биз көрүп жатабыз, ага убакыт жетпейт. Жаӊы мыйзамды президенттик шайлоо менен бирге өткөрүүнү көздөп жатышат. КРнын ЖКнын регламенти жөнүндөгү мыйзамында так, даана көрсөтүлүп турат. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору корутунду берүү үчүн Жогорку соттун Конституциялык палатасына жиберилүүгө жатат. Палата терс корутунду чыгарган учурда долбоор каралбайт. А талкууланып жаткан долбоор Конституциялык палатага барган эмес. Бул дагы чоӊ одоно мыйзам бузуу. Анткени регламентте ушул процедура атайын көргөзүлгөн.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...
26 Нояб

Мал этин устукандоо жана табак тартуу

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:02 Жарыяланган категория Макалалар
Мал этин устукандоо жана табак тартуу

Койду устукандоо

Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казанды түбүнө биринчи моюнду, боконону жана колдун этин салышат, анан калганын салуу кажет. Казанда бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюш керек. Этти оодаруунун негизги себеби эт эзилбей, устукан ажырабай жакшы бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда  сорпонун үстүӊкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ ыӊгайлуу болот. Эттин бышканын сорпосунун даамы аркылуу билсек болот. Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында этти чоӊ мискейлерге салып газга бышырышат. Газдын жакшы жери оттун табын өзгөртүп турууга ыӊгайлуулугу, бирок мискейде эт жакшы бышпайт. Ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл. Эт бышкандан кийин казандан депкир, сузгучтун жардамы менен өзүнчө чарага салынат. Устукандарды ар бир табакка бөлүү устукан табак деп аталат. Табак коноктун санына карап, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт-беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку(улуу) табак, ортончу(экинчи), же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат.

Кыргызда этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт. Жумшак эттүү, майлуу устукандар аксакалдарга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда-сөөк) тартылат. Мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик улууларга гана арналат. Арка моюн, далы, кары жилик жаштарга тартылат. Эӊ улуу устукан –жамбаш эсептелет, андан кийин кашка жилик,жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми койдун куймулчагы аялдардын улуусуна тиет. Баш - улуу устукандарга кирет. Ысык-Көл, Нарын аймактарында кары жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күӊ жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо кабыргаларга  бөлүнүп башка устукандар менен бирге тартылат. Башты тартаарда бир кулагы кесилип коюлат. Табак тартуудан мурун үй ээсине ооз тийгизилет.  Ар бир табакта отургандын кичүүсү эттүүсүнөн  беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулата жолуна карап тартат. Беш бармакка деп алынып коюлган этти майда туурашат. Эт чыгарылып табак тартылар убакта коноктордун колуна суу куюлат. Беш бармак жеп бүткөн соӊ да колго суу куюлат. Кашка жиликтен томук, жото жиликтен чүкө чыгарылат. Алар мүлжүп-тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат.

Бодонун этин бузуу

Бодо (кара) малга төө, жылкы, уй, топоз кирет. Союлган малдын этин жиликтөө карчыга, кара кабыргаларын, омуртка, боконолорун, төш өӊдүү сөөктөрүн бөлүп чабууда анчалык айырмачылыктар билинбейт. Казанга салууга шарттоо үчүн төөнүн жилигин төрткө, берки бодолордукун экиге, төөнүн кабыргасын 3-4кө, бодо малдыкын 2-3кө бөлүүгө болот.  Моюн жана кыр аркалар улуу устукан болгондуктан бузулбайт, жамбаш сөөгү төрт бөлүккө чейин чабылат. Мында малдын чоӊ-кичинеси эске алынат. Бодонун этинин бөтөнчөлүктөрү тайлактын, музоонун, кулундун, мамалактын жиликтеринин эттери кесиминин кичинесине карабай өзүнчө алынат. Кесими ыӊгайына карай чоӊ бодолордун сулп эттерин алты, сегиз бөлүктөргө, бодонун төш такталары төрт-алтыга бөлүнөт. Төш, чурайлары да бир нече кесимдерден турат. Жылкынын этин аш-тойлордо бышырууда сөөгүн өзүнчө, ич этин (карта, карын, чучук, сары жүрмө) сулп этин өзүнчө бышырып алат.  Эттин бышканы саат аркылуу эмес, сорпосу аркылуу аныкталат. Анткени жергиликтүү климатка да байланышат. Тоолуу жердин этинин калориясын ойдуӊ өрөөндүн эти менен салыштырып болбойт.  Шибер, өлөӊдө оттогон мал менен сырт жайлоолордун, бетеге-тулаӊын оттогон төрт түлүгүнүн эти бири-бири менен айырмаланат. Даамдуу эттин сорпосу саргыч, даамсыз эттин сорпосу көк каш болуп турат. Жылуу алкак менен салкын алкактын малынын семириши да бирдей эмес. Учанын этин бышырууда адатта андагы эт бышырылып алынгандан кийин экинчи казанга уча кайрадан салынат. Уча эки эт бышканда ойдогудай бышат.

Уйдун, топоздун этин жасап тартуу

Уяттуу табакты жасоодо төөнүн, жылкынын этиндей мында да кырарка, моюн аркалары, карчыганын тыштуу кабыргалары уяттуу устукан болуп саналат да, аларды улуулата алуу тартибинде айырмачылыктар анча болбойт. Устукандар алынгандан  кийин уйдун, топоздун ички эттери адемиси саржүрмө сугунгандай кылып, чыныдагы чыкка кесилип, улууланта иреттүү желет. Баса, бодо малдын да кол жиликтеринин булчуӊ эттери аксакал табактарга түшпөйт. Сандын сорунун сулп, майлуу эттери туураганга ылайыкташат. Табак тартууда кыя кесип жешке, тууроого уйдун, топоздун кол эти, керчөө эти сөзсүз эске алынат. Жылкы этин жасап тарткандай мында да жилик баштары, моюн омурткалары берки жетим арка табактарга тартылат. Нарктуу жилик катары жамбаштын, кашка жиликтин баштары эсептелип койдуку сыяктуу эле бөлүнгөнүнө карабастан өз ирети менен кете берет. Кабыргалары үчкө бөлүнөт. 

Сыдык Токонов

 

Подробнее ...
26 Нояб

«Ошту курулуш тармагынан өнүктүрүү негизги миссиябыз»

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 06:01 Жарыяланган категория Макалалар
«Ошту курулуш тармагынан өнүктүрүү негизги миссиябыз»

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жыл башында элден түшкөн арыз, суроо-талаптардын негизинде шаарга курулуучу курулуштардын жылдык планын түзүшөт. Ошол пландын негизинде жылына шаарга түрдүү курулуштар курулуп, шаар элинин батасын алат. Быйылкы жылы Ош шаарында 5 бала бакча курулуп пайдаланууга берилсе, Р. Абдыкадыров көчөсү толугу менен реконструкцияланды. «Бул башталышы гана, алдыда шаарда мындан да жакшы өзгөрүүлөр болот» дейт капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шүкүрали Мадаминов.

«Бюджетибиз 200 миллионго чейин көтөрүлдү»

- Быйылкы жылга жергиликтүү бюджеттен 200 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, бир топ курулуш иштери аяктап калды. Ал эми республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүндү. Бул каражатка 4 мектептин курулушу башталган. Кудай буюрса, декабрь айынын башында курулуп жаткан мектептердин бирөөсү пайдаланууга берилет. Ал эми жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка быйылкы жылы Ак-Бууранын жээги толугу менен реконструкцияланат. Бүгүнкү күндө аталган долбоорго 60 миллион сом акча сарпталды. Ак-Тилек кичи районунда 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Ага 41 миллион сом бөлүнсө, тендердик баасы 23 миллион сомго бүткөрүлүп жатат. Бул да декабрь айында колдонууга берилет. Мындан сырткары, Арек айылында да бала бакча салынып жатат, ага азырынча 16 миллион сом бөлүндү. Туран аймактык башкармалыгында 120 орундуу бала бакчага 42 миллион сом каралган. Тендердин баасы 25 миллион сомго бааланган. Шаардагы Момунов көчөсүнөн баштап Ак-Буура дарыясына чейин канализацияга түтүк тартуу жумушу аткарылууда. Буга да жергиликтүү бюджеттен 11 миллион сом жумшалды.

«218 -кварталдагы  жашоочуларга таза суу жеткирилди»

- Шаар жашоочуларынын негизги талаптарынын бири балдар ойноочу аянтчалар болууда. Көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн алдында балдар ойноочу аянт жок. Болсо да эскилиги жетип, колдонууга мүмкүн болбой калган. Ошондуктан шаар мэри Таалайбек Насырбековичтин жеке тапшырмасы менен биринчи кезекте балдардын ойноосуна мыкты шарттарды түзө баштадык. Бюджетибизден үнөмдөлгөн акчага беш балдар ойноочу аянтча куруп бердик. Мындан сырткары, 218-кварталдын жашоочуларынын өтүнүчү менен таза суу маселесин чечип, бүгүнкү күндө аталган кварталдын бардык жашоочулары таза суу менен камсыз болушту. Акыркы жумуштары аткарылып жатат.

«Жаӊы жылга жаӊы, ири долбоорлор сунушталат»

- Тендер жарыялоодо чыгымы аз компаниянын тандоо негизги максатыбыз эмес. Негизги талаптарыбыз, утушу керек болгон компаниянын иш тажрыйбасы, аткарган жумушунун сапаттуулугуна карайбыз. Ошондо гана сапаттуу курулуш курулат. Жыл башында шаардык Кеӊеш бекитип берген иш планыбыз болот. План эмненин негизинде түзүлөт? Бир жыл ичине биздин башкармалыкка кайрылган арыз, суроо-талаптардын негизинде түзүлөт. Мисалы, жашоочулар «бизге мектеп жетишсиз, бала бакча жок, таза суу тартыш же болбосо балдар ойноочу аянтча куруп бергиле» деген таризде арыздар түшөт. Биз аны каттоого алып, эӊ зарыл, муктаждык жогору болгон курулуштарды тизмектеп шаардык Кеӊештин отурумунда сунуштайбыз. Депутаттар өз ара талкуулап, жараксыз, жарамдуу деп бекитип берген соӊ Ош шаардык мэриясы токтом чыгарып берет. Ошонун негизинде бюджет бөлүнүп, жумуштар аткарылат. Мурунку жылдары бюджетибиз 19, 20 миллион болсо, быйыл 200 миллион сомду түздү. Шаар мэринин курулуштарга өзгөчө көӊүл буруп жатканы шаар тургундарын кубандырбай койгон жок. Мектеп, бала бакча, эскилиги жеткен эс алуучу жайлардын оӊдолушу шаарды көрккө бөлөп жатканы талашсыз. Буюрса, быйылкы жылы бизге келип түшкөн арыз, сунуштардын негизинде жаӊы жана ири долбоорлор иштелип чыгууда.

«Салиева көчөсү түп тамыры менен өзгөрөт»

- Р. Абдыкадыров көчөсүн оӊдоп-түзөөнү баштаганыбызда ошол жердеги жашоочулардын көпчүлүгү нааразы болушкан. Кечээ бүткөрүп, пайдаланууга бергенде ыраазы болуп, батасын беришти. Башталган иш бүткөрүлүп калат экен. Быйыл Таалайбек Насырбекович тарыхта айтылып калчу жумушту баштады. Бул Ак-Буура жээгинин оӊдоп-түздөлүшү. Так ортосун дарыя кесип өткөн шаарлар дүйнөдө саналуу эле. Алардын бири Ош шаары. Оштун символу болгон Ак-Буура дарыясын көрккө чыгаруу, жашылдандыруу, эс алуучу жайга айландыруу чынында чоӊ иш. Буга эрки жеткен адам гана батынып жасай алат. Бюджеттин тартыштыгына карабай баштап алдык эле, акырындан бүткөрүлүүдө. Курулуш иштерин баштаган компания жетекчиси да ыймандуу, ынсаптуу адам экен, 60 миллион сом гана бөлүнгөнүнө карабастан курулуш ишин токтоткон жок. Өзүнүн каражатынан улантып жатат. Бул аракетине кубандык. 2021-жылда биринчи кезекте ушул долбоорго көӊүл бурулуп, каражат бөлүнөт деген ниеттебиз. Жалпы долбоордун баасы 200 миллиондон ашкан. Аны бир эле жергиликтүү бюджеттен эмес, республикалык бюджеттин эсебинен да куруу пландалган эле. Экс-президент жергиликтүү бюджеттен 100 миллион дал ушул Ак-Буура жээгине бөлмөк болгон. Азырынча бул планыбыз күчүнө кире элек. Мындан сырткары, жаӊы жылда Салиева көчөсүн оӊдоп-түзөө иши турат. Келе жаткан жылды Манас-Ата кичи шаарчасына өзгөчө көӊүл буруларын шаар мэри баса белгиледи. Абдыкадыров көчөсү сыяктуу Салиева көчөсү да түп тамыры менен өзгөрөт.

«Кызматкерлерибиз тажрыйбалуу»

- Биздин башкармалык курулушту көзөмөлдөөчү кызматын аткарабыз. Себеби, шаарда башталган курулуштарга буюртмачыбыз. Аны долбоорлоо ишинен баштап курулуш иши толук аяктап колдонууга берилген күнгө чейин көзөмөлдөп, сапаттуулугуна баа берип туруу биздин милдет. Башкармалыкта жалпысынан 17 кызматкер эмгектенет.  Кызматкерлерибиздин баары жогорку билимдүү, тажрыйбалуу. Негизги миссиябыз Ошту курулуш тармагынан өнүктүрүү. Сапаттуу жана кооз курулуштар түшүүсүн көзөмөлдөө.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Подробнее ...
26 Нояб

Дан азыктарынын пайдасы

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 05:58 Жарыяланган категория Макалалар
Дан азыктарынын  пайдасы

Жүгөрү

Жүгөрү - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк, баалуу азык-түлүк жана тоют болуп эсептелет. Данынын түзүлүшү жана өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал канттуу жана башка. Жөгүрү Борбордук Азиядан жана Түштүк Америкадан тараган. Европага 15-кылымдын аягында алып келишкен. Россияда 17-кылымдан баштап эгилген. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерлерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кавказ, Орто Азияда анын ичинде Кыргызстанда да өстүрүлөт. Бир үйлүү, айрым жыныстуу, топ гүлдүү,түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги50-80 смден 5-6 метрге чейин, чачы тамыры жыш100-150 см чейин кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке, кезектешип жайгашат. Аталык гүл чачы сабактын кыл учунда, энелиги сото байлайт.

Мөмөсү - дан, 1000 данынын салмагы көбүнчө 100-400 грамм. Данында 9-17% белок, 4-6% май (түйүлдүгүндө 40%), 64-70% көмүртек, А провитамини болот.  Вегетация мезгили 90-150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде  жакшы өсөт. Которушуптуруп эгүүдө эгиндери көп жылдык чөп, отомо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып бир гектар жүгөрү аянтына 90-180 кг азот, 45-190 кг фосфор, калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак,ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк башынан силос, көк тоют, сабагынан кагаз, линолеум, вискоза жана башкалар даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору жана гибриддери Краснодар 5 ТВ,Чүй 466,Чүй 62 ТВ, Чүй 47, Вир 42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт жана башка.  Илдети: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу болот.

Жүгөрү жүрөк кан тамыр системасын калыптадыгай иштөөсүнө зарыл болгон К витаминине бай. Жүгөрүнүн чачы боор менен өттүн иштөөсүн жөнгө салчу касиети бар болгондуктан, чачын чай кылып ичүүгө болот. Диетологияда да колдонулат, анткени жүгөрү майы тамакка болгон табитти төмөндөтөт.

Күрүч

Күрүч –дан өсүмдүктөрүнүн тукумундагы өсүмдүк. 20дан көбүрөөк түрү негизинен Түштүк- Чыгыш Азияда, Америкада, Африканын тропик, субтропик жана мелүүн климаттуу аймактарында өсөт. Эгилме бир жылдык өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 60-150 см. Жалбырагы ичке, узундугу 20-25 см, топ гүлү машакча. Даны кабыктуу, тоголок жана сүйрү. Вегетация мезгили 90-165 күн. 22-27 градус температурада жакшы өсүп, мол түшүм берет. Эгилме шалы нымдуулукту көп талап кылгандыктан жаан-чачындуу, сугат жерлерде эгилет. Кытай, Япония, Индия, Индонезия жана башка өлкөлөрдө негизги азык түлүк продуктусу катары эсептелет. Курамында крахмал, белок, май, суу бар. Шалынын саманынан мыкты кагаз, жип, калпак, бут кийим жана башкалар жасалат. Улпагынан малга тоют даярдалат. Данынан медицинада колдонулуучу сапаттуу май алынат. Кытайда биздин заманга чейинки 5 миӊ жыл мурда, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында, (Кавказ менен Орто Азияда) биздин заманга чейинки 2-3-кылымда айдала баштаган. Азыр шалы Түндүк Кавказ, Төмөнкү Волга, Казакстан жана Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүндө, Украинада эгилет. Күрүч ашканада гана баалуу азык болбостон медицинада, косметологияда кеӊири колдонулат. Медицинада ич өткөктө колдонулса, диетологияда арыктоодо, косметологияда чач,бет үчүн кеӊири колдонулат.

Сулу

Сулу (овес) пайдасы. Сулунун мекени Монголия жана Түндүк-Чыгыш Кытай. Сулу акшагында клетчатка, витаминдерден А, Е, И, В1,В2, В3,В6, В7,В9, эфир майы, көмүртек, калий, фосфор, темир хром, күкүрт, цинк, фтор, кремний жана башка пайдалуу минералдар көп. Сулунун курамындагы аминокислоталары булчуӊ белокторуна окшош, андыктан спорт менен машыккандар үчүн табылгыс азык. Косметикада бардык беттер үчүн тазалоочу каражат.

Бир стакан сулу үлпүлдөгүн эт тарткычтан өткөрүп, майдалап алуу керек. Ага суу куюлуп ботко абалына келтирилет. Эми бир аш кашык боткону бетке акырындап сүртүү керек. Муну ботко качан эркин сүртүлө баштаганда токтотуу кажет. 1 ай кайталаса бет таптаза жана назик болуп чыга келет.

Безетки баскан беттер үчүн да пайдалуу каражат. 1 аш кашык сулу акшагына  суу(эгер бет кургак болсо сүт) кошуп ботко даярдап алуу керек. Ботко безетки көп жерлерге бир нече мүнөт сүртүлөт. Андан соӊ жылуу суу менен жууп, лосьон менен сүртүп, 30 мүнөттөн соӊ азыктандыруучу крем жабыш керек.

Сепкилдүү бет үчүн маска: Бир аш кашык сулу акшагына ысык сүт кошуп ботко даярдап алабыз. Бетке жаап 30 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салыӊыз.

Майлуу бет үчүн маска. Майлуу жана тери шишикчелери чоӊ бет үчүн масканы жасоо да оӊой. 1 аш кашык сулу талканына айран кошулуп ботко жасалат. Боткону 2 кат дакинин бетине жаап, бетке 15-50 мүнөт коюу керек. Муздак суу менен жууп салынат. Шамалга тотуккан бет үчүн кайнатма 2 аш кашык сулунун үлпүлдөгүнүн үстүнө 1 литр суу куюлуп, 5-10 мүнөт кайнатылат. Андан соӊ муздатылып, сүзүлөт. Мындай кайнатма бырыштарды жазып, бетти абдан жакшы жумшартат.

Кулинарияда сулунун акшагынан сулу уну, сулу үлпүлдөгү (майдаланып, жумшартылган сулу, хлопья) мюсли жасалат. Ошондой эле сулудан ботко, суюк тамак, токоч, куймак даярдалат.

 Сулу боткосу.  Идишке тазаланып, жуулган 1 стакан сулу салып, ага 1 стакан сүт кошуп аралаштырып духовкага бышканча коебуз. Боткого майдаланган жаӊгак, бал, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма кошуп койсо болот. Мындай боткодо өзгөчө балдар жана карылардын организми үчүн керектүү заттар болгондуктан табылгыс азык.

Сулу үлүлдөгүнөн токоч. Керектелүүчү азыктар: 100 грамм каймак май, 2 жумуртка, 2 стакан сулу үлпүлдөгү, 2 аш кашык ун, 3 аш кашык кумшекер. Даярдоо: Эритилген каймак майга кумшекерди кошуп чалып алабыз. Эми сулу үлпүлдөгүн, унду, тузду кошуп аралаштырсак камыр даяр болот. Камырдан токоч жасап, духовкада 170 градус ысыкта 10-15 мүнөт бышырсак токоч даяр. Каалоого жараша токочтун курамына бал, ванилин же мейиз кошуп койсо да болот.

Элдик медицинада дары суусундук. Муну дамамат колдонсо кандагы холестеринди азайтып, ашказан, ичегинин сезгенүүсүн кетирет. Артрит оорусунан айыгууда жардамы чоӊ.  Чачтын түшүүсүн токтотуп, боордун, калкан сымал бездин жана уйку бездин иштөөсү жакшыртат.  Мээ катуу чарчаганда, уйку бузулганда, бөйрөк ооруганда, тамакка табит тартпаганда, картайгандагы алсыздыкта да колдонулат. Даярдоо:  термостогу  1 стакан сулунун үстүнө 1литр кайнаган суу куюп, 12 саат коюп коюу керек. Анан сүзүп алып 1 күндө 3-4 маал 50 граммдан ичсе болот.

Арыктатуучу диета. Бул диета 10 күнгө эсептелген. 5 килограммга чейин арыктоого болот. Эртеӊки менен нанүштө:  2 аш кашык сулу үлпүлдөгүнө 1 стакан айран кошуп жумшарыш үчүн 10 мүнөттөй коюш керек. Тамак даяр. Муну менен кошо кантсыз чай же сүт менен кофе ичсе болот. Түшкү тамак:  суюк тамак ичүү сунушталбайт.  Семиз эмес этти кайнатып алып үстүнө жашылча кошуу керек (картошка болбойт). Кечки тамакка да эртеӊ мененкидей тамак сунушталат. Чайга 1 кашык бал кошууга болот. Диета учурунда суусундукту (чай, көк чай же чөп чай) көп ичүү керек. Эскертүү:бул диетаны диетологдун же терапевттин кеӊешисиз кармоо сунушталбайт.

Сулу сүтү. Бул суук тийгенде же жөтөлдө колдонуучу каражат. Керектүү азыктар: 1 литр сүт, 1 стакан тазаланган сулу, 1-2 аш кашык кумшекер. Дардоо: кайнаган сүткө сулуну салып кайнап чыкканда капкагын жаап, жай отто 2 саттай коебуз. Кумшекер кошуп жылуу кезинде сүзүп алса даамдуу дары даяр.

Сыдык Токонов

 

Подробнее ...
26 Нояб

«Жубайым каза болуп, жети балам менен калып кеттим»

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 05:53 Жарыяланган категория Макалалар
«Жубайым каза болуп, жети балам менен калып кеттим»

Адам өз жашоосунун автору дешет. Бирок, кээде тагдыр сыноолору ойлобогон нерселерди жашап өтүүгө мажбур кылат. «Бейне» рубрикабыздын бул жолку коногу Курсант Матиев. Каарманым Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмүн жетектейт. Кыска бирок, сооптуу жумушу, эмгек жолу, үй-бүлөсү тууралуу маек курдук.

Каарман тууралуу…

Курсант Матиев 1974-жылдын 20-мартында Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тегерек Сай айылында төрөлгөн. Балалыгы, окуучулук күндөрү аталган айылда өткөн. 1992-жылы Ош технологиялык колледжине тапшырып, 1995-жылы аяктаган. Кийинчерээк Ош технологиялык университетинин инженер-экономикалык факультетине тапшырып,  финансы жана кредит адистигин аяктаган.  Эмгек жолу 2020-жылы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн улук салыкчысы болуп иштөөдөн башталган. Бара-бара экономист, жаштар комитетинин башкы адиси болуп иштеп,  2013-жылдан 2017-жылга чейин Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. Мындан сырткары, аталган айыл өкмөттүн эки жолку депутаты жана айылдык кеӊештин төрагасы болуп да иштеген. 2019-жылдын 1-октябрынан тартып Ош шаарынын муниципалдык менчик башкаралыгынын жарнак жана дизайн бөлүмүн жетектеп келет.

«Кичинекейимден китеп окуганды жакшы көрөм»

- Балалыгым тоолуу айылда өттү. Айыл жашоосу, эли керемет эмеспи. Азыр ошол айыл жашоосун сагынам. Yй-бүлөдө кенже уул болгондуктан атам «бизди ушул уулум багат, ушул бала колубузда калат» деп сыймыктанып калышат эле. Эрте турмуш курдум. Жубайым менен таанышкандан кийин ал мектепти бүткүчө бир жыл күткөнмүн. Кичинекейимден китеп окуганды жактырам. Колума тийген китепти окумайынча текчеге койбойм. Ошондуктан да алгачкы эмгек жорлуп китепканада иштөөдөн башталган. Айылдын китепканасында эки жылдай эмгектендим. Эки жыл аралыгында китепканадагы бардык китепти окуп, таанышып чыкканмын. Ошол жерден эл менен иштешүүнү үйрөндүм. Айыл өкмөткө өттүм, жаштар комитетинин төрагасы болуп иштедим.  97-жылдары башкалар сыяктуу эле Орусияга барып иштеп келдим.

«Арис» мага көп нерсени үйрөттү»

- Орусиядн келип кайра эле айыл өкмөттө иштеп баштадым. Мында салык кызматынан баштап айыл өкмөт башчылыгына чейин көтөрүлдүм.  Албетте, жооптуу кызматта жооптуу иштейсиӊ. Эл деп күйүп-бышып иштеп, бир топ пайдалуу иштерди бүтүрдүк. Муну айыл жашоочулары да билет. Айрыкча «Арис» менен иштешкен убактарда көп нерсе үйрөндүм. Эл менен кантип иштешүү керек, элдин муктаждыктарын баарын үйрөнүп, жол, жарыктандыруу,  спорт зал, мектептердин курулушун жакшырттык. Мен көбүнчө долбоорлор менен иштештим. Эл аралык уюмдар менен иштешүүдө көп жумуштар аткарылды.

«Yч айылга суу жеткирилди»

- 98-жылдары биздин айыл өкмөткө караган үч айылга суу жеткирдик. Мындан сырткары, үч айылга спорт зал курулду. Бир айылга эки кабат мектеп куруп, спорт залы менен пайдаланууга берилди. Бул иштердин баарын бир чакырылышта эле аткардык. Арабдардын көп долбоорлорун ишке ашырдык. Заманбап талапка ылайык чоӊ ФАП курдурдук. Айыл чарба багытында жайыт комитети, ӨКМ менен биргеликте чоӊ көпүрө салынды. Тогуз- Булак айылында Олжотай каналы тазаланып, айланасы бекемделди. Аябай көп бак-дарактар эгилди. Ар бир айылга миӊден ашуун дарак тиктик. Албетте, бул иштерди аткаруума чет элдик долбоорлор чоӊ жардамын тийгизди. Айыл өкмөт башчы болуп иштеген төрт жылымда көп эле иштерди аткардык. Муну мамлекет да баалап, сыйлыктарын берди. Экинчи чакырылышта шайлоого катышканым менен өтпөй калдым. Иш ордуму сый-урмат менен ийгилик каалап тапшырдым. «Орун басар болуп иштеп бер» дешти. Бирок, жаӊы дайындалган адам пенсия жашында болгону үчүн баш тарттым. Эгер жаш, мыкты иштеген бала болгондо калып, бүт тараптан жардам бермекмин.

«Жөнөкөй жумушчу болуп ишимди баштадым»

- Кара-Кулжадан Ошко келип, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына конкурс аркылуу жумушка орноштум. Жөнөкөй жумушчу болуп кирдим. Мурун жетекчи болуп иштеп жүргөн адам катары баалашып, бөлүм башчылыкка дайындашты. Бир жылга жакын экономика бөлүмүн башкардым. Ал жерде мээнеткеч экенимди көргөзө алдым. Натыйжада жарнак жана дизайн бөлүмүн өткөрүп беришти. Учурда бул бөлүмдө иштегениме бир жылдай болот. Башында эки ай шаардан керексиз, көрксүз жарнактарды тазаладык. Азыр аларды бүт тартипке келтирдик. Бүт баары көлөмдүү тамгага өтүшүүдө. Шаар 100 пайыз болбосо да 60 пайыз тазаланды.

«Жети балабыз бар…»

- Жубайым менен биринчи таанышкан күнү эле турмуш куруу сунушун киргизгем. Анда жубайым мектепте окуйт эле. «Окууну аяктаганыӊча күтөм» дегенмин. Ал убакта мен китепканада иштейм. Экөөбүздүн үйгө кетчү жолубуз бир болгондуктан мен жумуштан эрте чыкчумун. Гүлбарчын менен жолдо сүйлөшүп кетүү үчүн эртерээк чыгып, мектептен күтүп алат элем. Ал мектепти аяктагандан кийин баш коштук. Жети балабыз бар. Эӊ чоӊ кызыбыз 1995-жылы төрөлдү. Эӊ кичүүбүз 1 жарым жашта. Тагдыр экен, жубайымды рак оорусуна тарттырып жибердим… Мурун такыр оорудум дечү эмес. Төшөккө ооруп жатып калган деле жок. Бир күнү жумуштан үйгө барсам «ашказаным ооруп калыптыр» деди. Мурун орозо кармаган эле. Мен шаарда иштейм, ал Кара-Кулжада эле. Жума күнү үйгө барсам ооруп калыптыр. Эртеси  ооруканага алып барган күнү эле «ашказан рагы экен» дешти. Бирок, жубайым муну билбей эле өтүп кетти. Ага айтууну мен каалабадым. Оору менен толук 5 ай күрөштү. Тилекке каршы, жети балам менен кала бердим. Жакшы күндөрүбүз өтө көп. Эстегенимде жүрөгүм эзилет. Эки кызыбызду турмушка узаттык эле. Аягыным эӊ кичинекейим, эне мээримине тойбой кала берди…

Бактыгүл Калдарбай кызы

Подробнее ...
26 Нояб

КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ? ЖЕ БАШКАРЫЛБАГАН ЭРКИНДИКТИН БАШ АЙЛАНТМАЛАРЫ

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 05:49 Жарыяланган категория Саресеп
КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ?  ЖЕ БАШКАРЫЛБАГАН ЭРКИНДИКТИН БАШ АЙЛАНТМАЛАРЫ

Цивилизациялык дүйнөнүн коомдук турмушунда бардык процесстер башкарылууга тийиш. Башкарылбаган процесстерде башаламандык, хаос өкүм сүрөөрү баарына белгилүү. Алсак, коомдук турмушта демократия деген аталыштагы маанилүү категория  бар. Ал өз ичине көп түрдүү түшүнүктөрдү жана түшүндүрмөлөрдү камтыйт.

Демократиянын моделдери да бар. Мисалы, жыйырманчы кылымдын акыркы он жылдыктарында башкарылма демократия деген багыт пайда болгонун айтып жүрүшкөндөр жок эмес. Насилинде башкарылма демократия башкарылбаган эркиндикке караганда алда канча ыӊгайлуу деп эсептегендер андайлардын арасында көпчүлүктү түзөөрүн белгилей кетүү керек.

Постсоветтик мейкиндикте башкарылма деген демократиянын жолу менен бараткандардын катарына акыркы мезгилдерде Россия менен Казакстанды мисал кылып жүршөт. Бирок, башкарылма демократиянын насилдерин бул өлкөлөрдүн саясий реалийлери менен эле аныктай салууга мүмкүн болбой турат. Башкарылма демократия деген багыттын артында айрым өлкөлөрдөгү башкаруу системасында жасалма демократиянын жол-жоболору жатарын талдоочулар белгилешет.

Жасалма демократиянын эӊ эле орой жолдорунун бирин, тактап айтканда, мамлекеттик резиденцияда жатып алып өлкөнү башкаруунун буга чейин эч ким колдонуп көрө элек арамза ыкмасын Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин сынап көрмөкчү болгону маалым. Жасалма деле эмес, дээрлик көмүскө дегидей көмүрөн калгыр демократиянын үлгүсүндөгү андай башкарууга  кудай жалгап Сооронбай Жээнбеков жол койгон жок, бирок президенттик мөөнөтүнүн өтө баалуу жана маанилүү эки жарым жылын аны менен күрөшкөнгө сарптоого аргасыз болгонун белгилей кетүү керек.

«БАШКАРЫЛБАГАН ЭРКИНДИК»

Кыргызстанда азыр башкарууга мүмкүн болбогон эркиндик ээ-эркин оюн салып жүргөндөй таасир калтырган кырдаал өкүм сүрүп жатканын танууга болбойт.

 Кыргызстан азыр эл аралык карым-катнашта блокадалык абалда калгандай эле сезилет. Мунун бары 4-5-октябрдагы   массалык нааразычылыктардын айынан башталып, азыркы мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүк көрсөткүчүнүн айланасындагы талаш-тартыштар азырга чейин аягына чыга электиги белгилүү. Бул жааттагы талаш-тартыш алдыда пландаштырылып жаткан президенттик жана парламенттик шайлоолордон жана конституциялык реформадан кийин токтомогу мындай турсун кайра күчөп кетүүсү да ыктымал.

Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда президенттиктен кетүүсү өлкөнүн бүтөлүү турмушуна күтүлбөгөн жерден бүлгүн салып, андан саясат жагына чоӊ доо кеткенин азырынча эч ким деле батынып айта элек. Бирок, бийликти колго алуу жеӊилдей сезилгени менен аны жүргүзүү, ишке ашыруу кыйла кыйын болорун, мисалы,Советтик тарыхта Лениндин баса белгилеп кеткен жайы бар. Мамлекеттик бийликтин өзүнө жараша жана өзүнө гана таандык делген түмөн түйшүгү жана үлкөн жоопкерчилиги бар экени белгилүү. Негизи,  Батыш да, Россия да  С.Жээнбековдун шайлоолорду өткөрүп берип кетүүсү туура деп, бийликтин  С.Жапаров жана Ташиевдер тарабынан легитимдештирилген жолун колдогондугун, бирок саясатта жаӊы келген бийликтин эйфория мезгили болорун баса белгилеген саясат талдоочулардын бири Табылды Акеров.

  «ПРЕЗИДЕНТИККЕ МЕНДЕН БАШКАНЫН БААРЫ ТАЛАПКЕР!»

Азыр минтип Кыргызстандын 63 жаранынан башка ар бир жаран айтып жатканына күбө болуудабыз. Сылыгыраак айтканда, бул сөз «Кыргызстанда азыр президенттикке иттин уулу байгара да талапкер болуп турат» дегенден башканы түшүндүрбөйт.

Эмки жылдын 10-январына белгиленип калган Кыргызстандагы президенттик шайлоого ат салышууга каалагандарды каттоо аяктаган күнкү эсеп боюнча, өлкөнүн президенттигине талапкерлердин саны 65 жаранга жеткени белгилүү. Соӊку сааттарда алардын арасынан Бакыт Бакетаев менен Жыпаркүл Тургуналиев өз арыздарын кайра алышкандыктан, БШКдан каттоодон өткөн  талапкерлердин жалпы саны 63 киши менен токтоду. Талапкерлердин бирөөсү гана саясий бир партия тарабынан сунуш кылынса, калган 62си  талапкерликке өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерлердин басымдуу көпчүлүгүн эркектер, сегизин аялдар түзгөн. Талапкерлердин арасында Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, пенсионерлер, экономисттер, ишкерлер, УКМКнын мурдагы башчысы, ал турсун чет өлкөнүн бир жогорку окуу жайында билим алып жаткан бир студент да бар. Бирок БШК 12 талапкерди каттоодон кайтарды, себептери соттуулугу жоюла элек, мамлекеттик тил комиссиясынын тастыктоочу күбөлүгү жок сыяктуу бир нече себептерди белгилеген.

Кыргызстанда экономика  90-жылдардын башталышындагы кырдаалдай төмөндөп баштаган азыркы учурда президенттикке  талапкерлердин отузунда өзүнүн бизнеси бар. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекет башчысы болууну каалагандарга минималдык түрдө 63 компания катталган. Айрым талапкерлер бирден алтыга чейинки компаниялардын директору же түзүүчүлөрү болуп саналат. Албетте, президенттикке талапкерлердин арасында компания эмес, же иттен жок, же ит байлаган жиптен да жоктой сезилген, бирок башынан бери эле талапкерликтен такыр тажабаган кээ бир жарандар да бар. Талапкер катары катталууга шоу сыяктуу мамиле жасагандан кандай пайда табаары бизге белгисиз калган андай жарандардын көпчүлүгүн кыргыз саясатындагы маскарапоздор деп түшүнүүдөн башка айла жок экени гана талашсыз. Бирок, саясаттагы маскарапозчулуктун да чеги болот. Кыргыз саясатында президенттикке талапкерлердин адаттан тышкаркы жоон тобунан башка  күлө турган да, ыйлай турган да  жорук-жосундар барган сайын көп каттала баштаганын баамдабай коюуга мүмкүн эмес. Эки жолку бийлик төӊкөрүшүнөн кийин калыӊ журттун ишениминде үчүнчү төӊкөрүшкө жол берилбеши керек эле. Бийлик төӊкөрүшүнө түрткөн факторлор азая түшкөнүн сезбей коюу мүмкүн эместей туюлган. Бирок, канчалык коркумуш-үркүмүш болгонубуз менен, үйүӊ күйгүр үчүнчү төӊкөрүш болуп кетти да. Эмне үчүн?

Буга толук жана бир жактуу жооп берүү кыйын. Бирок, ар кандай төӊкөрүштөр жакыр өлкөлөрдө гана болуп өтөөрү тарыхтан белгилүү. Демек, мындан кийин деле мамлекеттик төӊкөрүштөргө жол берилиши мүмкүн деп беймарал айта берсе болот. Буга Кыргызстандагы жарандык аӊ-сезимдин өнүгүүсүнүн Каныбек Осмоналиев белгилеген жогорку чеги эмес, кезектеги эле тилкеси  себепкер болуп берүүдөн кала элек.

Кыргызстандагы кезексиз өткөрүлө турган президенттик шайлоо кантсе да түбү келип беш-алты талапкердин гана күчтүү атаандашуусунун шартында  өтөөрү  күтүлүүдө.

Президенттикке талапкер катары катталган, бирок БШКнын «кара тизмесине» кирген Бектур Асановдун пикиринде, мамлекет башчылыгына талапкер болуп жаткандардын арасынан азыр эч кимиси бүтүндөй кыргызстандыктардын тандоосуна ээ чыга тургандай абалда эмес, башкача айтканда президенттике шайлоодо жалгыз фаворит жок десе болот.  «Дал ушул талапкер өтөт!» деп болжоого азыр эрте. Ыктымалдуу жеӊүүчү добуш берүүчү күнгө эки жума калганда гана белгилүү болуп калуусу мүмкүн» дейт ал.

Кезексиз президенттик шайлоо кандай тартипте жана кандай маанайда өтөт, али белгисиз. Белгилүүсү - Садыр Жапаров бул шайлоонун калыс жана адилеттүү өтөөрүн камсыздайм дегени.

Кандай болгон күндө да шайлоо тынч, таза өтсүн деп ниет кылып турабыз. Кыргызстанга күйгөн инсан келип, өлкөбүз өнүксүн деп ар бир кыргызстандык күтүп турат.

Абдираим  Мамытов

 

Подробнее ...
26 Нояб

ВИЧ-СПИД глобалдуу маселе бойдон калууда

Автор Бекмурат Четверг, 26 Ноябрь 2020 05:45 Жарыяланган категория Макалалар
ВИЧ-СПИД глобалдуу маселе бойдон калууда

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1988-жылдын 1-декабрын СПИД оорусуна каршы күрөшүүнүн күнү деп белгилеген. 32 жылдан бери бул оору тууралуу дүйнө эли кабардар болгону менен статистика өскөндөн өсүп жатат.  Бир жылда дүйнөдө 1,5 млн. адам ВИЧ-инфекциядан улам көз жумуп, 2 млн. адам жугузуп алат. Учурда ВИЧ-СПИД маселеси өтө глобалдуу бойдон калууда. Жер шарында бул дарт катталбаган бир да мамлекет жок. Жана азырынча бул дарттын дабасы табыла элек. Бул илдет тууралуу ар бир адам маалыматка ээ болушу керек.

Эл аралык тилештик –жалпы-жоопкерчилик

СПИДди  алдын алуу жана күрөшүү боюнча

Ош облустук борборунун башкы дарыгери Э. Нарматова облус боюнча бул илтет менен күрөш, алдын алуу чаралары кандай жүрүүдө ушуларга токтолду. 

 -Элмира Балтабаевна, быйылкы жыл коронавирус пандемиясы башка ооруларды чекеге сүрүп койгондой эле болду, бул жаатта сиздин борбор кантип иш алпаруудасыздар?

-Туура айтасыз. Бул жылы СПИД менен күрөш боюнча айлык жеӊил эмес шарттарда өтүүдө. Коронавирустук инфекциянын пандемиясы өз түзөтүүлөрүн киргизип, көпчүлүк иш чаралар онлайн форматында өтөт. COVID-19 көптөгөн ооруларды, анын ичинде ВИЧ-илдетин да экинчи планга түртүп койгондой болду. 2020-жылы  СПИД менен күрөшүү боюнча “Эл аралык тилектештик, жалпы жоопкерчилик” деген ураандын алдында өтмөкчү. 2020-жыл бир нерсени бизге таамай көрсөтө алды: биз ар бирибиз Жер шарында болуп жаткан окуялар үчүн жооптуубуз жана кандай гана пандемия болбосун бардык адамдардын коопсуздугу бир адамдын жоопкерчилигинен көз каранды болот. COVID-19 да, ВИЧ-илдети да – бул жүрүм-турумга байланышкан оорулар.

Статистика төмөндөгөн жок

 Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстандыктардын арасында 9604 киши ВИЧ-инфекциясын жуктургандар каттоого алынган. Ал эми эл аралык серепчилердин айтымында, бир расмий катталган ВИЧ-инфекциясына 4 катталбаган туура келет, башкача айтканда бул теӊдеме коэфиценти 1:4 болуп саналат. Демек, «айсберг» феноменин эске алганда, биздин республикада жалпысынан 35-40 миӊге жакын ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жарандар болушу мүмкүн.

•      Бишкек шаары (2052 киши же республикада катталгандардын 21,0% түзөт).

•      Ош шаары (1177 же 12,3%)

•      Ош (1567 же 160 %)

•      Чүй (2833 же 30,0 %)

•      Жалал-Абад (1085 же 11,2 %)

•      Баткен (247 -2,6 %)

•      Ысык-Көл (310 – 3,2 %)

•      Нарын (191 -1,9 %)

•      Талас (141 – 1,5 %)

Айта кетчү нерсе, Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча республикада эӊ алдынкы оорундарда келе жатат, республикада катталган ВИЧ-инфекциясынын 29% ушул аймактарга таандык болуп эсептелет. 1-ноябрга карата Ош облусунун региондорунда катталган ВИЧ-инфекциясынын саны төмөндөгүчө:

•      Кара-Суу районунда – 888

•      Ноокатта – 327

•      Алайда -60

•      Араванда –51

•      Өзгөндө – 177

•      Кара-Кулжада- 58

•      Чон-Алайда – 6 киши.

Жайылышынын башкы себеби баӊгилик

Башкы себеби жаштардын арасында баӊгичилик, айрыкча ийне (шприц) аркылуу баӊги затын колдонуу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Ош облусу менен Ош шаарында божомол менен 12-15 миӊден ашык кишилер баӊги затын ийне менен колдонот. Бул оорунун көбөйүшүнүн дагы бир себеби болуп, сойкулардын көбөйүшү, ички жана тышкы миграциянын өсүшү, ошондой эле жаштардын арасында бул оору боюнча билими, маалыматы аздыгы менен байланыштуу.

Кандай жол менен жугат?

СПИДдин козгогучу – кишинин иммунодефицит вирусу, бул вирус ооруга каршы организмдин коргонуу мүмкүнчүлүгүн кыйратып, адамды өлүмгө дуушар кылат.

ВИЧ-инфекциясы  3жол менен жугат:

• Вирусту жугузуп алгандар менен жыныстык катнаш учурунда;

• Кан аркылуу – парентералдык жол менен;

• Иммунодефицит вирусу бар энеден төрөлгөн балага берилиши мүмкүн;

Кандай учурда жукпайт?

-кол алышканда, кучакташканда,

-үй жаныбарларынан,

-душ жана даараткана пайдаланганда,

-аба аркылуу,

-чымын-чиркей, курт-кумурскалар чакканда,

-бассейнге түшкөндө,

-ашкана идиштерин колдонгондо,

-компьютер  жана уюлдук телефон менен иштегенде,

-коомдук унааларда.

СПИДке каршы күрөшүү үчүн сиз эмне эмне кыла аласыз?

ВИЧ-инфекция, СПИД жөнүндө билим алып, аны өзүӊүздүн ден соолугуӊузду коргоо үчүн колдонуӊуз. Досторуӊузга, туугандарыӊызга СПИД жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам бериӊиз. Курбуларыӊыздын арасында ВИЧ-инфекциясынын алдын-алуу жана СПИД жөнүндөгү маалыматтарды таратыӊыз. ВИЧ-инфекцияны жугузуп алган адамдарга боор ооруган мамиленин үлгүсүн көрсөтүӊүз, аларга жардам берүүгө аракет кылыӊыз.

Ар түрдүү адепсиздиктер, бузукулар менен күрөшүү иретинде сексуалдык жүрүм-турумдары терс жактарын, сойкулуктун жыныс түгөйүн алмашуунун, аракечтикке, бангиликке жана башка зыяндуу булганыч түшүнүктөрүн калктын калыӊ-катмарына, көбүнчө жаштар, окуучулар топторунун арасында баяндама иштерин дайыма жүргүзүү зарыл.

Эсинерде болсун! Сиз өзүнүздү СПИДден сактасаӊыз болот, ал эми ооруп калгандарды ал дарттан дарылап сакайтуу азырынча мүмкүн эмес.

Азыр ар бир адам ВИЧ инфекция, СПИД оорусу жөнүндө толук билүү керек, анын белгилери, азыркы мезгилдеги абалы, оорунун таралуу жолдору, анын алдын алуу күрөшүү жолдору, ыкмалары, айрыкча жаштардын арасында тарбиялык иштерди жакшы деӊгээлде жүргүзүү, алардын жүрүш-турушуна көӊүл буруу, уят-сыйытты сактоо, бул багытта алардын жоопкерчилигин жогорулатуу ар бирибиздин милдетибиз.

Жугузбоо үчүн эмнелерди билүү зарыл:

1. Дарт жөнүндө ар бир жаран билүүгө милдеттүү. Кандай оору, кандай жол аркылуу жугат, айыкса болобу, толук маалымат алуу учурда өтө маанилүү. Билген адам эч качан бул жолду тандабайт.

2. Туш келди жыныстык алакадан качыӊыз. Бул жол аркылуу ооруну жугузуп алуу коркунучу көп. Бекеринен адистер бул дартты «жасаган күнөөлөр үчүн жаза» деп атып жаткан жери жок. Эгерде кокустан мындай учур болуп калса, дароо СПИД-борборго кайрылуу зарыл.

3. Ооруканада, эмканада дарыланууда бир жолу колдонулуучу медициналык инструменттерди пайдалануу керек. Залалсыздандырылганын суроого, талап кылууга акылуусуз.

4. Жеке гигиенаны сактоо өтө маанилүү. Башка бирөөнүн, ал түгүл бир тууганыӊдын да сакал алгычын, тиш щеткасын, ооз боӊгучун, дегеле өзүӊдүкү болбогон буюмду такыр колдонбо!

 Дарыгер:

 «СПИД экенин уккан адам өтө катуу запкы тартат»

-Бизге ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган  жарандарды эпидемиологдор  алып келишет. Ооруну жуктуруп алган жаранга алгач өз кеӊешибизди  беребиз. Анткени,  бул оору ал адам үчүн катуу запкы болушу ыктымал. Бейтапка ар кандай ойлор келип, коркуу сезими пайда болот. Эгерде  кош бойлуу аял ВИЧ-инфекциясын жугузуп алса, төрөй аламбы деген ой кетет, ал эми үйлөнө элек жигит болсо келечекте үй-бүлө кура аламбы деген тынчсыздануу пайда болот. Ошол кезде өз кеӊешибизди берип психологго жиберебиз.  Андан кийин  ал адам  жаман ойлордон арылган соӊ үй-бүлөсүн, жумушун жана дары ичүү убактысын пландап беребиз. Эгерде бейтаптан кургак учук же башка бир оору аныкталып калса, алгач ошол дартты дарылоону баштайбыз. Ал эми кошумча башка оорулардын белгилери билинбесе, ВИЧ-  илдетин дарылайбыз. Биз берген дарылар  адамдын  клеткасынын ичиндеги  көбөйүп  жаткан  вирустарды жок кылып турат. Бирок биротоло вирусту жок кыла албайт. Дары ичип жаткан адам  алты айда бир жолу анализ тапшырып, рентгенге түшүп турат.  Аталган илдетке кабылган жаран дарыны өз убагында ичип, өз убагында дем алып, өз убагында тамактанышы  шарт.

Психолог:

«Ооруга чалдыккандар көмүскөдө болушат»

-Бизге негизинен ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыкканын угуп депрессия болуп калган адамдар   келишет. Алгач алардын эмнеден улам жугузуп алганын жана эмне болгонун угабыз. Ал адамдын ички дүйнөсүнө кирип, психологиясын толук билүүгө аракет кылам.  Дарыны үзбөй ичиӊиз, дары ичип эле жашап келе жаткан адамдар  арабызда бар деп жакшы сөз менен оорулуунун оюн жакшы жакка бурганга аракет кылам. Зарыл болсо ВИЧ-инфекциясын жуктуруп, дары менен жашап жүргөн адамдар менен кезиктирем. Анткени ал адамда дары менен жашаса болот экен деген ой, ишеним пайда болот. Бири-бирин колдоо, кубаттоо максатында аталган ооруга чалдыккан адамдар арасында  тайпаларды түзгөнбүз. Андан сырткары  ВИЧ-илдетине  кабылгандар боюнча так маалыматтар берилбейт, ар убак сыр бойдон калат. Анткени,  маалымат берип койсок, жакын туугандары, достору, тааныштары  оору жугуп калбасын деп бөлүп коюшу ыктымал. Ошондуктан ВИЧ-СПИД илдетине  чалдыккандар ар убак көмүскөдө калышат. Учурда жыныстык жол менен жугузуп алгандар көп кайрылышууда. Күйөөсү аялына жугузган учурлар көп.

Жумагүл  Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Ноябрь 2020 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved