Дүйнөлүк пандемия билим алууну онлайн аралыктан окууга көндүрдү. Туура, буга чейин аралыктан окуп көнбөгөндөргө бир топ кыйынчылыктар жаралып, сабакты терең түшүнө билүүгө оор болду. Айрыкча өлкөбүздөгү окуучу, студенттер, ата-энелер мурункудан да артка кеткенин айтып кейий да башташты. Ал эми чет өлкөгө окуп же окууга жаңы тапшырып, бирок шартка байланыштуу Кыргызстанда калып, аралыктан окуп жаткан студенттер окутуу кызуу жүрүп жатканын бизге билдиришти.
Эмирбек Аширов, Якутиядагы университетте 3-курста окуйт:
““Үйдө отуруп окуганым гана болбосо, башкасы университетке баргандагыдай эле”
-Мен Орусиядагы М.К. Аммосова атындагы федералдык Түндүк-Чыгыш университетиндебилим алам. Буга чейин Орусияда жашагам. Ошондо окуу жай менен таанышып, окууга тапшырууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин сурап билип калгам. Кийинчерээк Кыргызстанга келип аталган окуу жайга окууга тапшырып, кабыл алындым. Буюрса үч жылдын жүзү болду. Нефти багытында 3-курста окуйм.
Азыркы учурда баары он-лайн билим алышууда. Кыргызстан менен Якутиядагы аралыктан окутууну салыштырсак, айырмасы өтө чоң. Өлкөбүздүн билим берүү форматын мен түшүнө алган жокмун. Анткени мен окугандарды көрбөдүм. Тагыраагы, аябай начар билим берүүдө. Мисалы, мен окуган университетте күнүгө паранын баарына студент сөзсүз катышуусу керек. Эгер бир сессияда зачет же экзаменден өтпөй калсаң, окуудан четтетилесиң. Ошондуктан, аракет кылып, үзгүлтүккө учуратпай окуйбуз. Андан сырткары студенттердин, окуучулардын баарында эле аралыктан окууга шарт боло бербейт. Компьютери жок, телефону программаны көтөрө албайт же жашаган жеринде интернеттин ылдамдыгы төмөн. Дистанциялык билим алууда колдонула турган ар бир окуу жайдын онлайн платформасы болушу керек. Анда бүт окууга керектүү маалыматтар электрондук вариантта сакталат. Студент өзүнө керектүү маалыматтарды таба алат. Бирок, бизде мындай форматты колдонгон студенттерди байкай албадым. Окуу жайларда платформа бар. Анткен менен аларды активдүү колдонушпайт. А мен окуган окуу жайда студенттердин саат канчада сабакка кирип, чыкканын карап турушат.
“Убактымдын къб\н окууга жумшайм”
-Күндө кеминде 4 пара окуйбуз. Эң көбү 6 пара болот. Кошумча куратордук сааттар менен андан да узакка созулуп кетет. Сабак эрте менен Кыргызстандын сааты боюнча 5те башталат. Якутиянын саатында 8 болот. Студенттер өз алдынча аткара турган тапшырмалар көп берилет. Ар бир студент паралардан сырткары тапшырмаларды аткаруу менен өтүлгөн теманы терең изилдеп түшүнө алат. Аткарган иштерин кайра коргоп, мугалимге, группадагы студенттерге түшүндүрүп айтып берет.
Жогоруда айтып өткөндөй, университеттин атайын онлайн окуу сайтын көп колдонобуз. Ошондой эле ZOOM программасында да окуулар болот. Бир сабак окуу жайдын сайтында болсо, экинчи сабак ZOOM, Skype программаларында өтүлөт. WhatsApp тиркемесинен сабак окубайбыз. Дээрлик колдонбойбуз деле. Сабактар кадимкидей бир жарым саатка созулат. Бир сабак бүткөн соң 15 мүнөттүк тыныгуу орун алат. Аралыктан гана үйдө отуруп окуганым болбосо, баары өз орду менен университетке баргандагыдай эле. Саат 5те окуу үстөлүмө отуруп, саат 3төн өтүп гана бошойм. Бекитилген расписаниедеги сабактар бүткөндөн кийин өздүк ишибизди аткарабыз. Ошентип убактымдын көбү окуу менен өтөт.
“Мугалимдер сынак, гранттарга студенттерди катыштырууга кызыктар”
-Мугалимдерибиздин баары жогорку даражалуу. Илимдин доктор, кандидаттары көп. Жок эле дегенде кайсы бир тармак боюнча жеңишке жетип, грант, сыйлыктарды уткан күчтүү жаш мугалимдер бар. Студенттерге тегиз карап, илимий иштерди жазууга түртүп, көмөк көрсөтүшөт. Түрдүү сынак, гранттарга студенттерди катыштырууга декан баш болуп кызыктар. Мугалимдерим себеп болуп, мен да илимий макала жазып, көптөгөн олимпиадаларга катышып, жеңишке жетиштим. Мисалга айтсам, ар ай сайын төлөнүүчү 15-20 миң рубль стипендияга ээ болгом. Университет да жакшы жетишкен студенттерге 8 миң рублдан төлөп берет.
Жумагүл Кочкорбай кызы
Эки көзүнүн кареги жок төрөлгөн үч жаштагы Жолон бул жолку апта каарманыбыз. Кол менен ымдап, үн чыгарып өз оюн түшүндүрүүгө аракет кылган наристенин көзүнө дарыгерлер 18 жашка толгондон кийин операция жасоого болот дешкен. Апасы Гүлзада айым «батирде жашап, үй алмаштырган сайын жаңы үйгө көнө албай кыйналат» дейт. Жаш үй-бүлөнүн беш баласы бар. Жолон эң кичүүсү. Шаарда шарты жок батирде турган Жолондун апасы үйлүү болуу тилегин айтып редакциябызга кайрылган.
Гүлзада Рахманали кызы, апасы:
«Баламдын кареги жок экенин укканда дүйнөм тарый түштү»
- Турмушка чыгып, өз алдынча түтүн булатып жашап жатканыма быйыл 12 жыл болот. Беш балам бар, үч кыз, эки уул. Жолон кенжем, быйыл үчкө чыкты. Боюмда 5 айлык болгондон баштап ооруй баштадым. Дарыгерлерге кайрылсам «грипп болуп калыпсың» дешип, дары-дармек, уколдорду жазып беришкен. Бирок, кандай дарылар, кандай уколдор экенин азыр эстей албайм. Мурунку төрт баламды ден соолугу чың эле төрөп, чоңойтконум үчүнбү, кыжалат деле болбопмун. Жолонум төрөлгөндөн 10 күндөн кийин кайрадан ооруканага барсак кареги жок төрөлдү дешти дарыгерлер. Себебин ошол кош бойлуу кезимде ооруганым менен байланыштырышты. Бала курсактагы кезинде эненин саламаттыгына ар кандай вирустар терс таасирин тийгизет экен.
«Улам батир алмаштырган сайын көнө албай кыйналат»
-Эне үчүн баланын саламаттыгынан өткөн бакыт жок. Балаң ооруганда, кыйналганда Жаратканга «ушунун оорусун мага берчи, мен эле кыйналайынчы» деп жалбарып жибересиң. Баламдын кареги жок төрөлгөнүн укканда дүйнөм тарый түштү. Жолондун көзү көрбөгөнү менен көкүрөгү көрөгөч. Баарын сезип, туюп турат. Атүгүл, башка үйгө барып калсак да билип, үйгө кеттик деп ыйлай баштайт. 10 жылдан бери батирден, батирге көчүп жүрөбүз. Жолон жаңы үйгө барганда көнө албай көп кыйналат. Бизге окшоп көзү менен көрбөгөндөн кийин жаңы жайга көнүшү татаал болот экен. Ошондон улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет үй берет экен дегенинен шаардык мэрияга арыз жазып кайрылганбыз. «300дөй адам арыз жазган, сиздерге кезек келгенде өзүбүз кабарлашабыз» деп узатышкан. Бирок, жообу боло элек. Өзүбүздүн үйүбүз болсо көчүп-конуп баланы кыйнабайт элек деп өкүнүп кетем. /ч балам мектепке барат. Быйыл онлайн окутуу болгону үчүн үйдө бир менин телефонумду талашып окуп жатышат. Эки бөлмөлүүүйдө ижарада отурабыз. Шарттары начар.
«Жасалма көз салдырууга болот экен»
- Кыргызда бекеринен чечекейди сакта деп айтылбаптыр. Баламдын кыйналганын көрүп жүрөгүм эзилет. Дарыгерге кайрылсак «18 жашка толгондон кийин жасалма көз салууга болот» деп сүйүнтүштү. Жалгыз гана үмүтүм ошол. Баламдын пособиеси 4000 сом келет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы карап отурганым үчүн мага 4900 сом беришет. Күнүмдүк тиричиликтен ашпайт. Жолдошум такси кызматында айдоочу. Тапкан каражаты балдардын кийим – кече, тамак-ашынан ашпайт. Максатым - балам 18 жашка толгонго чейин операцияга кетчү каражатты топтоо.
«Эне үчүн чоң сыноо…»
- Дени сак баланы тарбиялап өстүрүү - оңой эмес болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы кароо – чоң сыноо. Ооруса кошо ооруп, ыйласа кошо ыйлап, жанынан жарым карыш жыла албайсың. «Кайдан, жайдан керемет пайда болуп, баламдын көзү көрүп кетсе» деп да тиленесиң. Эне үчүн оор. Жолон үчкө чыкканы менен баса элек. Колунан кармап жетелесең баса берет. Өз алдынча басуудан коркот. Жыгылып калам дейби, тайсалдап калат. Эң чоң эжесине жакын, жыт алып калат деген ушул окшойт. Эшиктен кирип келсе тааныйт. Жат колго барып калса ыйлап, корко берет. Өзү жоош, көп деле ыйлап кыйнай бербейт. Бирок, бир адам сөзсүз карап туруу зарыл.
Көздүн кареги тууралуу…
Көздүн кареги - кан тамыр чел кабыгынын алдыңкы бөлүгү болуп эсептелет да тегерек дискадан турат. Анын ортосунда жарыктын нурлары өтө турган тешик бар. Аны зрачок деп аташат. Анын диаметри 3-6 мм. келет. Көздүн карегинин эки кыры жана алдыңкы, арткы болуп эки жагы бар.
Каректин ички кыры бош келип зрачокту курчап жатат. Экинчи кыры кирпикче денечеге жабышып жатат. Каректин арткы жагы арткы камераны карап жатат да чечекейге тийип турат. Алдынкы жагы роговицадан алдынкы камера аркылуу бөлүнүп турат. Көздүн кареги андагы пигменттердин түрүнө жараша кара, күрөң, көк болуп ар түрдүү болот. Альбиностордун жана коендун карегинде пигмент жок болгондуктан алардын көзү кызыл келет. Себеби кан тамырлар көрүнүп турат. Зрачоктун айланасындагы каректин кырлары жумшак булчуң талчаларынан туруп, зрачокту кысуучу жана кеңейтүүчү булчуңдар болуп эки бөлүктөн турат. Алардын биринчиси тегерек булчуң талчаларынан тургандыктан жарыктын нурлары тийгенде жыйрылып, зрачокту кысат. Экинчи булчуңдар радиардык түрдө чачырап жайланышат да жыйрылганда зрачокту кеңейтет.
Пы. Сы: Жолондун тагдырына кайдыгер карабаган инсандар болсо апасынын телефон номери: 0778477557, 0707 315519
Бактыгүл Калдарбай кызы
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...