2016-жылы Ош шаарынын башкы планы бекитилген. Башкы пландын автору Мамлекеттик долбоорлоо институту болуп саналат. Ѳлкѳдѳ ири шаарлардын башкы планын аталган институт даярдайт. Учурда Ош шаарынынын 5 жыл мурунку бекитилген башкы планын деталдык пландаштыруу иштери жʏрʏʏдѳ. Башкы планда эмнелер камтылган жана эмнелер ѳзгѳрдʏ, кеп ушул тууралуу болмокчу.
Ош шаары 2016-жылга чейин 1998-жылда тʏзʏлгѳн план менен иш алып барган. Башкы планды жаңылоо маселеси 2007-жылы кѳтѳрʏлʏп, 2016-жылы гана бекитилген.
Адистердин айтымында, башкы планда мыйзамсыз курулуштар, жеке менчикке ѳтʏп кеткен жерлерди мамлекетке кайтаруу иштери каралган. Мындан сырткары, Ош шаарынын аянты кеңейтилери да айтылган. “Кара-Суу районуна караштуу бир нече айылдардан 56 миң гектар жер шаарга ѳткѳрʏлѳт” деген маалыматтар да айтылган. Жаңы башкы планга ылайык, Ош шаарындагы жеке менчик жер тамдардын ордуна кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ куруу, кызыл сызыкты карабай эреже бузуу менен салынган турак-жайлар жѳнгѳ салынып, мыйзамсыз иштеп жаткан соода тʏйʏндѳрдʏ алуу, мыйзамсыз курулушка жол бербѳѳ, шаардын бардык райондорунда сейил бактарды ачуу, Ак-Буура дарыясынын жээгин эс алуу зонасына айлантуу сыяктуу бир нече пландар каралган.
Башкы пландын тʏзʏлʏшʏ шаардын архитектуралык ѳнʏгʏʏсʏн шарттайт. Жогоруда айтылгандай шаардын кайсы жерине турак жай куруу, кайсы жерине эс алуучу жай куруу керектигин аныктаган документ катары кароого болот.
Башкы план 2015-жылдан баштап 2025-жылга чейин тʏзʏлгѳн. Ошол жылдар аралыгында шаарда кандай ѳзгѳрʏʏлѳр болушу керек, курулуш тармагында эмнелер салынуусу шарт экендиги так каралат. Ал эми ошол пландарды ишке ашырууда, тагыраагы деталдык пландаштыруу иши тийиштʏʏ мекеме-ишканаларга тапшырылган.
Мирлан Казыбай уулу, Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын бѳлʏм башчысы:
- Башкы план атайын токтом менен бекитилгенден кийин Ош шаарынын мэриясына эки маселе эки пункт менен сунушталган. Биринчи маселеси – бул шаардын ичиндеги чегинин шаардын сыртына карай ѳнʏгʏʏ аймагын аныктоо боюнча биринчи пункт менен тапшырма берген. Ал эми кийинки маселе – кадастр тʏзʏʏ боюнча тапшырма коюлган. Мындан улам облустук администрация, Кара-Суу районунун архитектурасы, мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу бʏт тийиштʏʏ мекеме-ишканалардан жумушчу топ тʏзʏлʏп, иштей баштаган. Бирок, биз алгач шаар ичиндеги кѳйгѳйлѳрдʏ чечип, ошого байланыштуу иштерди аткарууну туура кѳргѳнбʏз. Себеби, башкы план 2025-жылга чейин тʏзʏлгѳн. Демек 10 жыл ичинде жогоруда аталган эки пункту аткаруу керек. Ош шаарынын аянтын кеңейтʏʏ боюнча маселе экинчи планга калтырылып, 2025-жылга чейин маселени толук чечʏʏнʏ караштырганбыз. Экинчи маселе – кадастр тʏзʏʏ боюнча тийиштʏʏ мекеме-ишканалар менен биргеликте иштер аткарылып жатат. Бул ʏчʏн былтыркы жылы жергиликтʏʏ бюджеттен 2 миллион сом акча каражаты бѳлʏнгѳн. Быйылкы жылга да 8 миллион сом каралат деп пландалууда. Ошону менен биз шаардын кадастрын тʏзѳбʏз.
Башкы пландын талабы боюнча деталдык пландаштыруу жʏргʏзсʏн деген пункт жок. Регламент мыйзамы боюнча башкы план бекитилгенден кийин дароо эле артынан деталдык пландаштыруу бекитилиши керек болчу. 2016-жылы май айында коомдук угуу ѳткѳрʏп, ал жерде башкы планды тʏзʏп берген авторлор келип, Ош шаарынын башкы планын картасын презентациялашкан. Ошол кʏндѳн баштап эле деталдык пландаштыруу иштери жʏрʏп келет. Башкы планды бекитип берген ишкана деталдык пландаштырууну да бекитип бериши керек. Себеби, ѳлкѳ боюнча бир эле ошолор планды бекитип бере алышат. Шаардык мэрия кайра эле Мамлекеттик долбоорлоо институту менен 5,8 миллион сомго келишим тʏзгѳнбʏз. Мисалы, шаардын аянты 18 миң 255 гектар болсо анын борбордук бѳлʏгʏн, башкача айтканда 3,5 гектар жерине гана деталдык пландоо долбоору иштелип жатат. 2018-жылы аталган сумма жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен которулуп берилген. Деталдык пландоодо кайсы жерде жол ачылышы керек, кайсы жерге ʏй салынышы керек экенин бʏт кѳрсѳтʏлѳт.
- Деталдык пландоого тоскоол болгон биринчи маселе бул - буфердик зонанын аймагы, ЮНЕСКОго кирген Сулайман-Тоо. Булар корук аймагын сактап калуу ʏчʏн ѳзʏнʏн тилкесин чоңойтуп алган. Корукка алынган жерлер чоңойсо, ал аймакка кирип кеткен турак-жай ээлери маданият министрлигине барып уруксат кагазын алышы керек болуп калат. Экинчи маселе, тектоникалык жаракат. Шаарды аралап ѳткѳн ʏч тектоникалык жаракат бар. Мыйзам боюнча тектоникалык жаракаттын айланасында 200 метр корук аймак сакталышы керек. Эгер ʏч жаракатты эске алсак, биз шаарга эч нерсе курбашыбыз керек болуп калат. Ушундан улам жергиликтʏʏ бюджеттен 1,5 миллион сом акча каражат бѳлдʏрʏп, сейсмология институту менен келишим тʏзʏлгѳн. Аталган институтка жер алдындагы тектоникалык жаракатты тыкыр изилдеп берʏʏнʏ сунуштаганбыз. Жыйынтыгында, сейсмологдордун изилдѳѳсʏнʏн негизинде 200 метр корук жерди 60 метрге чейин кыскартканбыз. Эми аталган институт менен кайрадан келишим тʏзʏп, ошол 60 метр жерге кандай курулуш курууга мʏмкʏн экендигин карап берʏʏнʏ сунуштоо иши турат. ʏчʏнчʏ жагдай, Ак-Буура жээгиндеги жашыл зона. Талап боюнча, жашыл зона катары каралган жерге 50 метр аралыкка чейин курулуш салынбоосу керек.
Ушул маселелерди кайра карап чыгууну кѳздѳп, 2016-жылы апрель айында деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу жана аны тездетʏʏ боюнча комиссия тʏзгѳнбʏз. Анда шаардык Кеңештин депутаттары, архитекторлор, кызыктар тараптын баары кошулуп, бʏгʏнкʏ кʏнгѳ чейин 18 жолу отурум ѳткѳрдʏк. Бул ʏчʏн атайын жумушчу топ да тʏзʏлгѳн.
- Башкы план бекитилгенде ѳтѳ кѳп талаптар коюлган. Мисалы, кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏн бийиктиги жети кабаттан ашпашы керек, Масалиев кѳчѳсʏнʏн кеңдиги 80 метр болушу керек деген сыяктуу. Шаардагы эң чоң кең кѳчѳбʏз Масалиев кѳчѳсʏ, 40 метр. Эгер аны талаптагыдай кылып 80 метрге чейин кеңейтсек, андагы илгертен бери турган кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏ бузууга кетириш керек болот. Жаңыдан тʏзʏлгѳн жумушчу топтун максаты, кызматы да аталган талаптарды кайрадан карап чыгуу, талаптарды кыскартууну сунуштоо. Жол салууда да кѳп курулуштарды бузуу керектигин киргизишкен. Биз ошолорду сактап калуу ʏчʏн жаңыдан сунуштарды берип жатабыз.
- Аталган жумушчу топ жогоруда айтылган кѳйгѳйлѳрдʏ эске алуу менен деталдык пландаштыруу долбооруна 25 сунуш бергенбиз. Бирок, анын 20сы киргизилип, бешѳѳсʏ киргизилген эмес. Деталдык пландоого кирбей калган беш сунушту эмне ʏчʏн кирбей калганын мыйзамга шилтеме берʏʏ менен тʏшʏндʏрʏп беришти. Буга чейин эки жолу коомдук угууга коюлган. Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык Кеңеши жана шаардык архитектуралык башкармалыгынын сайтына жайгаштырылган. Ал жактан да шаар тургундарынан сунуштар келип жатты. Алардын ар бирин карап, керектʏʏлѳрʏн эске алдык. Мисалы, Жапалактын бир айылына мектеп куруу сунушу болушу мʏмкʏн. Биз аны киргизе албайбыз. Себеби, жогоруда айтканымдай, 2025-жылга чейинки деталдык пландаштыруу долбооруна шаардын борбордук бѳлʏгʏ гана каралат.
- Биринчи этабын ишке ашыруу ʏчʏн жалпысынан 5,8 миллион сомго келишим тʏзʏп, аталган сумма 2016-жылы тѳлѳнгѳн. Ал эми экинчи этабын ишке ашыруу ʏчʏн 17 миллион сомго келишим тʏзгѳнбʏз. 2019-жылы бул сумманын 5 миллионун тѳлѳгѳнбʏз. Дагы 12 миллион сом карызыбыз бар. Биз берген сунуштарды эске алып учурда деталдык пландаштыруунун 70 пайызы бʏтʏрдʏк дешкен. Жакын арада бюджет бекитилсе, шаардык Кеңеш биздин маселени карап берсе, акыркы картасын бʏтʏрʏп беришмек. Мындан тышкары, тектоникалык жаракаттарды аныктоодо 1,5 миллион сом бергенбиз, буфердик зонанын ѳнʏгʏʏ концепциясын иштеп чыгуу ʏчʏн 912 миң сом жергиликтʏʏ бюджеттен берилген. Жалпы 13 миллион сомдон ашык акча каражаты сарпталды. Дагы 12 миллион сом карызбыз. Азыркы биз колдонуп жʏргѳн карта 1988-жылы тʏзʏлгѳн. Аэросьемка жасатып, кайрадан картаны тʏзʏʏ ʏчʏн дагы 11 миллион сом акча сурап жатышат. Мындан сырткары, коммуникация маселелерин карап чыгууга 4 миллион сом керектелет экен. Мунун баарын жасаткандан кийин болду, шаарды 100 жыл ѳзгѳрбѳй турат деген тʏшʏнʏк болбошу керек. 2025-жылдан кийин кайрадан башкы план иштелип чыгат дегендей. Архитекторлор айткандай, шаардын башкы планы тирʏʏ организм сыяктуу эле бир ордунда турбайт. Жыл сайын ѳзгѳрʏп турат.
Динара Кожомбекова, Ош шаарынын башкы планы боюнча башкы адиси:
- Ош шаарынын мэриясы тарабынан ДПДнын биринчи баскычы боюнча 5 815 000 сом акча каражаты бѳлʏнгѳн. Ал эми тектоникалык жаракалар боюнча мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте алар аны кайрадан тыкыр издѳѳ жʏргʏзʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏк бар экендигин аныктаганбыз. Бул ʏчʏн сейсмология институтуна миллион сом акча каражаты коротулган.
Ош шаарынын борбордук бѳлʏгʏнʏн деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууда Ош шаарынын мэриясы менен мамкурулуш агенттигинин ортосунда 15 пункттан турган жалпы тапшырмалардын тизмеси тʏзʏлгѳн. Долбоор коомдун талкуусуна коюлган. Ал эми бʏгʏнкʏ кʏндѳ Ак-Буура дарыясынын жана каналдардын суу коргоо аймактарын кыскартуу, Сулайман-Тоонун буфердик коргоо аймагы менен Ош шаарынын аймагында жайгашкан коргоо зонасына киргизилген тарыхый архитектуралык обьектилер жана кабаттуулук боюнча жумуштар жʏрʏп жатат. Акча каражат маселеси чечилсе деталдык пландаштыруу долбоору бекитилмек. Быйылкы жылга долбоор бекитилет деп пландаганбыз.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Жаңы Ѳкмѳттʏн курамы бекиди. Бул жолу премьер-министр Улукбек Марипов баштаган ѳкмѳт мʏчѳлѳрʏ мурункудай 22ни эмес, 16ны тʏздʏ. Анда айрым функциясы жана багыты жакын болгон тектеш министрликтер биригишкен. Мындай ѳзгѳрʏʏ коомдо тʏрдʏʏ пикирди жаратты. “Министрликтердин атынын ѳзгѳрʏшʏ эле болбосо, жаңылануу жок”, “кыскартылганы туура болду” деген да пикирлер бар.
Ѳкмѳттѳгʏ ѳзгѳрʏʏ 16 мʏчѳсʏ менен коомдун кѳңʏлʏн бурду. Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлуп, бир катар министрликтер менен ведомстволор бирикти, бекитилди. Бирок, ѳкмѳттʏн алдындагы фонд, кызмат, инспекция жана агенттиктер кандай иш жʏргʏзѳрʏ азырынча толук кандуу чечиле элек.
Жаңы аталышы боюнча вице-премьер-минстр-экономика жана финансы министрлигине аты айтып тургандай мурдагы Экономика жана финансы министрликтери бирикти. Министрлик ѳз курамына Бажы кызматын, Салык кызматын, Мамлекеттик мʏлк фондун камтыйт. Кѳп тармактуу тʏзʏмдʏ финансы министринин мурдагы орун басары Улукбек Кармышаков жетектейт.
Ал эми Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу кʏчтѳрдʏн Генералдык штабынын базасында Коргоо министрлиги тʏзʏлдʏ. Аталган министрлик 2014-жылы жоюлуп, КРнын куралдуу кʏчтѳрʏнʏн бардыгы Генералдык штабга ѳткѳн. Анда президентке баш ийип келсе, эми кайрадан ѳкмѳттʏн карамагында болот. Министрликке Таалайбек Ѳмʏралиев дайындалган.
Андан сырткары Айыл, суу чарба жана региондорду ѳнʏктʏрʏʏ министрлиги деп аталган тʏзʏмдʏ Аскарбек Жаныбеков карайт. Бул министрлик бир эле айыл чарбасын эмес, региондорду ѳнʏктʏрʏʏнʏ да колго алышат.
Энергетика жана ѳнѳр жай министрлиги ѳз курамына жалпы электр энергия тармагын бириктирʏʏдѳ. Тагыраак айтканда, “Улуттук энергохолдинг”, “Электр станциялары”, “Тʏндʏк электр” сыяктуу ишканалар жоюлуп, баары эми аталган министрликке баш иет.
Аталышы ѳзгѳрбѳгѳн Ички иштер министрлиги ѳз карамагына айдоочулук кʏбѳлʏк берʏʏ жана транспорт каражаттарын каттоо менен алектенген “Унаа” ишканасын ѳткѳрʏʏсʏ мʏмкʏн. Аталышы менен кошо министри Улан Ниязбеков да ордунда калды.
Транспорт жана жолдор министрлиги кеңейип, Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттигин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин курамына кошту.
Бообек Ажикеев баштаган Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экология тармагындагы функциясын кошумча жʏктѳѳ каралууда.
Маданият, спорт жана жалпыга маалымдоо каражаттары биригип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине айланды. Мындан ары Кайрат Иманалиев кѳзѳмѳлдѳйт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына мурунтан сѳз болуп келген Чек ара кызматы кошулду. Комитет эми ѳкмѳткѳ карайт. Тѳрагасы Камчыбек Ташиев ѳз ордунда калды.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык ѳнʏктʏрʏʏ министрлиги бирикти. Курамды мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жетектейт.
Коомчулукта тʏрдʏʏ пикирди жараткан ѳзгѳрʏʏлѳрдʏн канчалык маанилʏʏ экенин, экономикага таасирин анализдѳѳ ʏчʏн экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эрлан Камаловго сурообузду узаттык:
-Учурда жаңы ѳкмѳт жана анын курамы бекитилип, ант беришти. Жаңы курамдан чоң ѳзгѳрʏʏлѳрдʏ байкадык. Бири-бирине тектеш болгон министрликтердин, агенттиктердин бириктирʏʏ аркылуу оптималдаштырууга баргандыгын кѳрѳ алдык. Албетте, муну колдогон тарап да, каршы чыккан тарап да жетиштʏʏ. Мен бир нерсеге жалпы элдин кѳңʏлʏн буруп кетет элем. Биздин экономикалык турмушубуздун саясий тʏзʏлʏшʏндѳ пайда болуп калган кѳйгѳйлѳрдʏ ыкчам чече турган ѳкмѳт керек деген негизги элдин талабы болчу. Ошол талаптар аздан болсо да аткарыла баштады. Азырынча кескин сындоого эрте деп ойлойм. Анткени убакыттын ѳтʏшʏ менен бул кадамдар туура болгонбу, жокпу такталат. Биринчи кадам башталды. Сындаган тараптарды да тʏшʏнѳм. Бирок, биринчи жасалган кадамдан эле жаңылыштык издебешибиз керек. “Министрликтерди кошуп, бириктирип коюу реформа эмес” деп айтып атышпайбы. Жок, бул реформа. Реформанын биринчи кадамы. Себеби мындай кадамга барууга да эрк керек. Канча жылдан бери азайтмак турмак жакындарыбызга, кѳңʏлʏн кыя албаган адамдарга жаңы министрликтерди тʏзʏп берип, ѳкмѳттʏн курамын, жергиликтʏʏ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы ѳзʏн-ѳзʏ актабаган, бири-бирин кайталаган орундарды тʏзʏп келдик. Мындай нерсени кескин тʏрдѳ кыскартууга барганы реформаторлук духтан, саясий эрктен кабар берет.
-Экономикалык тараптан алганда мамлекет мунун ʏзʏрʏн быйыл гана кѳрѳ албайт. Себеби экинчи кадам бириккен кызматтар, министрликтердин ʏстʏнѳн анализ жʏргʏзʏʏ кажет. Алардын аткарып жаткан иштери, бири-бирин кайталаган кызматтар тʏндʏк системасы аркылуу эле белгилʏʏ болуп калат. Мына ошондо штаттар кыскарат. Кыскартканда сѳзсʏз тʏрдѳ социалдык маселе жаралат. Адамдардын кѳбʏ жумушсуз калат. Мыйзам боюнча аларга компенсация тѳлѳнʏшʏ керек. Ошондуктан, кыскартуулардан бул жылы чоң ʏнѳмдѳѳгѳ жетише албайбыз. Бирок, кийинки жылдары сѳзсʏз тʏрдѳ ѳз тʏшʏмʏн берет. Анткени жумуштан бошогон адамдар кийинки жылы башка жумуш таап, ар тармакка кетишет. Кийинки жылдан аларга компенсация тѳлѳбѳйбʏз. Ошону менен аз сандагы ыкчам, бардык маселелерди оперативдʏʏ чечкен ѳкмѳткѳ ээ болобуз деген ойдомун. 2022-жылдын бюджетин караган учурда сезилээрлик ʏнѳмдѳѳ болгонун байкайбыз. ʏчʏнчʏ кадам - санариптештирʏʏ аркылуу да штаттарды кыскартып, мамлекеттик кызмат кѳрсѳтʏʏнʏ жакшыртса болот. Мисалы, “министрлердин эле орду бошоду, ошолорго сарпталчу каражат гана ʏнѳмдѳлдʏ, аппараты ѳзгѳргѳн жок, калды” деп кѳбʏ айтышууда. Жок, убакыттын ѳтʏшʏ менен аппараттын ичиндеги окшош бѳлʏмдѳр да кыскарышы абзел. Ал ʏчʏн биз дагы сындай бербей, жакшы тʏшʏнгѳн тармак боюнча кеңешибизди, жардамыбызды беришибиз зарыл. Алты жарым миллион калкыбыз бар. Дʏйнѳлʏк ченем менен алганда дʏйнѳдѳгʏ орто шаардын эли. Орто шаарды бир мэр, 50гѳ жетпеген депутаты жана мэриянын структурасы эле башкарат. Бир гана министрликтер эмес, президенттик башкарууну тандап алгандан кийин премьер-министр кызматы такыр жоюлушу керек. Американын системасын ала турган болсок, экономикага жооп бере турган вице-президент болушу керек. Ошондой эле менин оюмча парламент менен курултайдын бирѳѳсʏн тандаш керек. Экѳѳнʏн милдеттери окшош. Эгер экѳѳнʏ тең калтырсак бул деле бюджетке чоң чыгымды алып келет. Мʏмкʏн парламентти курултай деп атайбызбы же Жогорку Кеңеш боюнча калтырабызбы, аны да карап кѳрʏш керек.
Жумагʏл
Кочкорбай кызы
Ѳткѳн жылдагы пандемиянын таасирлери дале болсо олуттуу. Атʏгʏл бул илдеттин жаңы мутацияланган тʏрʏ пайда болду. Дʏйнѳлʏк саламаттыкты сактоо уюму пандемиянын биринчи жылына караганда экинчи жылы оор болот деп эскертет. Мындан сырткары, ѳлкѳдѳ кавасаки синдрому менен ооруган балдар кѳбѳйдʏ.
Кыргызстанда 28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунан кабарлашты.
Алардын ичинен 15инин диагнозу такталды. 9-февралга карата ѳлкѳдѳ 150дѳн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.
Кавасаки оорусу же синдрому — кѳп органды жабыркаткан оору. Бул жалаң эле коронавирус оорусунан кийин пайда болбостон, катуу вирустук жана бактериялык инфекцияга кабылганда да пайда болот. Вирус организмдин иммунитетин тѳмѳндѳтѳт, мына ошол вирус кабылдап кеткенде пайда болгон оору. Кѳбʏнчѳ кавасаки оорусу жʏрѳктʏ жана майда кан тамырларды жабыркатып, ѳпкѳнʏ, борбордук нерв системасынын кан тамырларын, ичеги- карындын функциясын бузат. Кавасаки оорусу мультисистемалык органдарды жабыркаткан абал. Бул кѳбʏнчѳ 5 жашка чейин балдарда кездешет.
Белгилери:
• Дене табынын кѳтѳрʏлʏшʏ;
• Кѳзʏнʏн кызарышы (коньюктивит);
• Алаканы шишип, кан тамырлар жарылат;
• Денеде кызыл тактар пайда болот;
• Тилдин ѳңʏ ѳзгѳрѳт;
• Айрымдарынын ичи ооруйт.
Адистердин айтымында, кавасаки синдрому менен жабыркаган балдарда оору кадимки сасык тумоонун ѳрчʏп кеткен тʏрʏнѳ окшош ѳтѳт. Мындан улам ата-энелерге оорунун кайсы бир белгиси билинер замат дарыгерге кайрылуу шарт экенин эскертишет.
Ѳтѳ сейрек кездешʏʏчʏ бул дарт балдарда инфекциялык оорулар менен ооругандан кийин пайда болот. Бул синдром жʏрѳктʏн майда жана чоң кан тамырларын жабыркатып, аларда уюган канды пайда кылат. Кавасаки оорусу ошол эле учурда толук изилденип бʏтѳ элек, кѳп ооруларга салыштырмалуу жаңы илдет.
Дарыгерлер бул дартты алдын алуу ʏчʏн эң алгач инфекциялык жугуштуу оорулардан коргонуу керектигин айтышат. Андыктан санитардык- эпидемиологиялык талаптарды так сактап, адам кѳп топтолгон коомдук жайларда аларды алып жʏрбѳѳ сунушталат.
Кавасаки синдрому боюнча тынчсызданууга негиз бар. Анткени чет элде жана коңшу Казакстанда Кавасаки оорусу коронавирустан кийин ѳрчʏп кеткендиги кездешип жатат. Кыргызстанда буга даярдык кѳрʏш керек дешет адистер.
Ооруга кабылбоо ʏчʏн ата-энелерге сунуштар:
• Оорунун алдын алуу ʏчʏн биринчи кезекте санитардык-гигиеналык талаптарды толук кѳзѳмѳлдѳш керек;
• Эпидемиологиялык абал туруктуу эмес болгон базарларга, эл кѳп чогулган коомдук жайларга балдарды алып баруудан алыс болуу керек;
• Баланын ѳнѳкѳт жана кѳйгѳйлʏʏ оорулары болсо, аны ѳз убагында дарылоо зарыл;
• Баланын ата-энесинде ар тʏрдʏʏ инфекциялык жана ѳнѳкѳт оорулары болсо, алар биринчи кезекте ѳздѳрʏн дарылоосу абзел. Анткени ʏй-бʏлѳ толугу менен ден соолукта болушу керек;
• Баланын тамактануу режимин толук кѳзѳмѳлгѳ алып, баланы витаминдʏʏ тамактар менен камсыз кылуу кажет.
Кавасаки синдромун биринчи жолу 1967-жылы Япониянын Томисаку Кавасаки аттуу педиатры сʏрѳттѳгѳн. Ал кѳбʏнчѳ беш жашка чейинки балдарда кездеше тургандыгын айткан. Бул синдром кан тамырлардын сезгенʏʏсʏн пайда кылып, температураны кѳтѳрѳт. Оорунун себептери белгисиз. Дарыгерлер дагы деле болсо бул ооруну натыйжалуу дарылоону иштеп чыгышкан жок, негизинен симптоматикалык дарылоону колдонушат.
Кутпидин Бекажиев, Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери:
- Ошто кавасаки синдрому менен кайрылган учур боло элек. Учурда ооруканада 486 бала дарыланып жатат. Анын 82си ѳпкѳ оорулары менен кайрылгандар. Бишкек шаарында кавасаки синдрому менен ооруп, дарыланып жаткан балдар катталган. Бирок, бизде андай учур катталган жок. Бирок, ага карабай ата-энелерге тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏрʏʏдѳ. Кавасаки синдромунун белгилери тууралуу айтылып, дарыгерге кайрылууну эскертип жатабыз.
Жаңы – жугуу коркунучу жогоруу болгон коронавирустун «Британ штаммы» дʏйнѳ жʏзʏн ээлеп келʏʏдѳ. Британиялык коронавирус штаммы биринчи жолу былтыр сентябрда аныкталган. Бирок, Англияда буга адистер декабрь айында гана кѳңʏл бурушкан. Адистердин алдын-ала божомолдору боюнча, ал ѳлкѳдѳ буга чейин кездешкен вирустун генетикалык варианттарына караганда 70% га чейин жугуштуу болушу мʏмкʏн жана анын ѳлʏмʏ 30% га жогору болушу ыктымал.
Жуманын башында Дʏйнѳлʏк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун британиялык штаммы буга чейин дʏйнѳнʏн 86 ѳлкѳсʏндѳ байкалганын жарыялаган. Алардын катарында коңшу ѳлкѳ Ѳзбекстан да бар.
ДССУнун маалыматына таянсак, 1-7-февраль аралыгында ооруну жуктурган 3 153 426 учур жана 88 369 ѳлʏм катталган.
ДССУ коронавирустун кооптондурган тʏрлѳрʏ кѳп экенин жана анын таралып жаткандыгын кабарлаган. Маалыматтарга караганда, «британдык штамм» 86 ѳлкѳдѳ кезиксе, «тʏштʏк африкалык штамм» 44, «бразилиялык-япондук» тʏрʏ 15 мамлекетти аралап кеткен. Коронавирустун жаңы мутацияланган тʏрʏнѳн ʏчʏнчʏ толкун болуп кетиши ыктымал экендигин аталган уюмдан билдиришкен.
Кыялбек Ташполотов, Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору:
- Учурда Ош шаарында коронавирусту жуктуруп алган 11 жаран дарыланып жатат. Алардын абалы жакшы. Ал эми ДССУ эскертип жаткан коронавирустун «британдык штаммы» биздин ѳлкѳдѳ каттала элек. Кантсе да бизде даярдык бар. Yчʏнчʏ толкунду жаратышы мʏмкʏн деген божомолдорду беришкен, Кудай сактасын. «Сактыкта кордук жок» деп алдын ала кѳрʏлʏʏчʏ чаралар аткарылып жатат. Санитардык эрежелер кʏчѳтʏлʏшʏ керек. Аралыкты сактоо, адам кѳп болгон жерге барбоо сунушталат.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
“Ош шамы” гезити кѳптѳгѳн жаштарга мектеп болгонун тѳмѳнкʏ каарманыбыз да тастыктап отурат. Гезитте 2001-жылдан 2012-жылга чейин иштеген Барчынай Орозмаматова учурда “Ынтымак” КРТРКсынын кадрлар бѳлʏмʏнʏн башчысы.
-Бʏгʏнкʏ кʏндѳ “Ош шамы”, “Вечерный Ош”, Уш акшоми” гезити ар бир шаардыктардын жʏрѳгʏнѳн орун алып келет. Себеби гезитти интеллигенттен баштап жѳнѳкѳй атуулга чейин окуп, таанып билишет. Гезит жалпы журтка тез сиңимдʏʏ жана орду ѳзгѳчѳ. “Ош шамы”гезитине окууну жаңыдан бʏткѳн 2001-жылдан баштап 2012-жылга чейин иштедим. Бул аралыкта бир эле гезитте эмес, университетте да, теледе да кошумча иштедим. Бирок гезиттен кѳп тажрыйба алдым, такшалдым, билбеген нерселеримди окуп, жазып ʏйрѳндʏм. Албетте, “Ош шамы” биринчи кезекте мени тарбиялап- ѳстʏрдʏ. Анткени ар бир жумуштун ѳзʏнѳ жараша жоопкерчилиги, талабы жана ашканасы бар дегендей. Бул аралыкта кандай гана кызыктуу окуялар, кыйынчылыктар, сʏйʏнʏчтʏʏ да, капалуу да кʏндѳр баштан ѳттʏ...
Ошол мезгилдеги гезиттин башкы редактору маркум Талант Монолбаев, журналисттер Токтогул Кенжеев,Буайша Балтабаева , Г.Газиева, М.Турсунбекова жана орус редакциясынын мыктылары Нуриля Каленова, Жусуп Макиев, Виктор Зилинга болсо, ѳзбек редакциясында Эркин Байназаров, Шырманай Байназаровалар менен бирге иштегениме сыймыктанам.
Башканы айтпасам да тѳмѳндѳгʏ ʏч инсанга токтолуп кетпесем болчудай эмес. Башкы редактор маркум Талант Моңолбаевдин жазган памфлеттери окурмандарды ойго салбай койбойт болчу. Айрыкча шаардык жетекчилердин, депутаттардын ишмердʏʏлʏгʏн кѳп сындап талкуу жаратчу.
Кыргыз редакциясынын кабарчысы маркум Токтогул Кенжеев гезиттеги журналисттин кабарбы, маектешʏʏбʏ, чоң макалабы, айтор материал кантип жазылат, эмненин неизинде деген сыяктуу жазуу эрежелерин тʏшʏндʏрʏп, ар бир жазган макаланы анализдеп, талдап анан гезит бетине чыгарганга уруксат берчʏ. Ал эми гезиттин жооптуу катчысы маркум Бубайша Балтабаева ѳзгѳчѳ асылзат эле. Тазалыктын тактикасын ʏйрѳтʏп, кеп-кеңешин айтып, тыкандыкка тарбиялады.
ʏчѳѳнʏн тең ѳмурʏ кыска экен, жарыкчылык менен эрте эле коштошуп кете беришти. Жаткан жерлери жайлуу болсун, адамгерчилик сапаттары жогору болгондуктан, дайыма алар менен кесиптеш болгонума кубанып, эстеп келем.
-Ал мезгилде азыркыдай компьютерде, таза, тез, туура эмес жазылган материалдарды ыкчам ондоп-тʏзѳмѳк кайда дейсиздер. Мен келгенде гезит Ош облустук басмаканасында чыкчу. Улам Ош шаардык мэриядан жана шаардык Кеңештен жаңы келген токтомдорду, материалдарды, жаңылыктарды басмаканага редакциядан ташып жеткирʏʏ менин жумушум эле. Ошол убакта коргошун менен ар бир тамга терилип, коюлчу жана бир топ кыйынчылыктар менен тʏйшʏктʏ талап кылчу. Ошентип басмаканада гезит кантип басылып чыкканына да кʏбѳ болуп калдым.
Чындыгында мен ʏчʏн сот системасын чагылдырып жазуу бир кыйла оор болгон. Анткени бул тармакта али кʏнгѳ чейин макала даярдоо, соттор менен маектешʏʏ оңой олтоң иш эмес. Журналисттердин эн чоң кѳйгѳйлѳрʏнʏн бири сот системасындагы маалыматтарды туура жазуу же эфирге тартуу менен бирге ошол сот процессине катыша албагандыгы. Шаардык, облустук сотко бир нече жолу барып, жеткиликтʏʏ маалымат алалбагам жана ачык сот иштери жʏргʏзʏлʏп жатса да катышууга мʏмкʏнчʏлʏк болгон эмес. Журналисттер сот процессине канчалык деңгээлде катышууга укугу бар? Кантип мыйзам чегинде катышса болот? Журналисттердин ишмердʏʏлʏгʏ сот системасында кандай? Ушул суроолорго жооп алалбай аябай кыйналгам. Кѳрсѳ мен сотко барсам эле маек берет деп тʏшʏнʏпмʏн да. Туура эмес экен. Жыйынтыгында Ош облустук соттун судьясы Нургул Бакирова менен даярдап изилдеген материалым жаман болгон эмес. Кѳп нерседен сабак алгам.
-Ошентип гезит бир канча убакыттан кийин компьютерден терилип баштады. Бир кыйла тʏмѳн тʏйшʏктʏ жеңилдетти. Улам жаңы муундар келип толукталып жатты. Ар бир ѳткѳѳл мезгилдин жамааты ар башка болсо да, багыты бир болчу. Андан кийинки редактор Т.Алдакулов баштаган жаматта А.Мамытов, Л.Акматова, К.Жапаров, Н.Абдыразакова, У.Каныбекова, Н.Бостонбаева менен эмгектендик.
Гезит аркылуу кайсы тармак болбосун макала жазып, чыгармачылык менен элге таанылдык. Менимче “Ош шамынан” кеткен ар бир калемгер таазим кылып, ушул сѳздʏ мактана айталса керек. Гезиттин жамаатына ийгилик каалайм, мындан арыда кѳптѳгѳн таланттарды тарбиялап, ѳстʏрѳ бергиле. Бизге бир убакта чыйыр жол салган гезит мектеби “Ош шамы” деп сыймыктанып жʏрѳлʏ.
18-квартал - Ош шаарындагы Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына карайт. Мында турак-жай салуу ʏчʏн элге жер тилкеси 2000-жылдары бѳлʏштʏрʏлʏп бериле баштаган. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ аталган кварталда 3 миңге жакын адам жашайт. 24 кѳчѳ бар. Тʏптѳлʏʏ тарыхы 20 жылга жакындаса да аймакта газ, суу маселеси толук чечиле элек.
Айнура Азимова, квартал башчысы:
“Жашоочулар сууну 15 жылдан бери сатып ичишет”
-218-кварталды жаңы конуш деп атагандан алысмын. Элге чек берилгенине 20 жыл болууда. Алгач бул жер токтом менен бюджетте иштеген 200 адамга берилген. Суу жок болгондуктан, ʏй салбай эле кѳбʏ сатып жиберишкен. Аны деле жарыткан акчага сатышкан эмес. Ал мезгилде суу жок болуп жерлер аябай арзан сатылган. Баары саткан дегенден алысмын. ʏй салып жашап жаткандар да бар. Жашоочулар сууну 15 жылдан бери сатып ичишет. Суудан башка деле кѳйгѳй кѳп. Ошентсе да суу чыгып калса калганы акырындан болор эле дешет тургундар. Азыркы учурда суу менен камсыз кылуу долбоору ишке ашууда. Аягына чыкса 14 кѳчѳ суу менен камсыз болот. Ар ким алына жараша жолуна шагыл тѳшѳп, ѳздѳрʏнѳ шарт тʏзʏп келет. Андан сырткары мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе болуп газ турат. Мисалы, жолдун ары жагындагы Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын Унаа базарына чейин газ келген. А бул жактагы 3 миң адамды да ойлош керек. Газ, жылытуу системасы менен камсыз болушу зарыл. Жашоочулардын кѳмʏр сатып алуусу да кыйын. 600гѳ жакын тʏтʏн бар. Ар бир ʏй жок эле дегенде бир мезгилде ʏч тонна кѳмʏр алышат. Газ келип калса экологияга деле жакшы болмок.
Негизи жаңы конуштарга жакшы кѳңʏл бѳлʏнбѳйт. Кандай болгон кʏндѳ да азыркы мэр аракет кылууда, рахмат. Буга чейинки бир да мэр басып келген эмес. Элдин ʏнʏн угуп, Сарыбашов келип кетти.
Квартал башчысынын айтымында кѳрʏстѳнгѳ жай жок. Кѳзʏ ѳткѳн жашоочуларды айылга алып кетишерин айтат. Аталган маселе боюнча мэрияга кат жолдошкон. Жообун кʏтʏшʏʏдѳ. Ошондой эле кварталда аскерлер ок атып машыгуучу полигон жайгашкан.Турак ʏйлѳргѳ жакын. Чекти берип жатканда полигон жылдырылып, башка жакка кѳчʏрʏлѳрʏн айтышкан. Бирок, башка жакка жылган эмес.
-Полигонго жакын жайгашкан дагы эки чек бар. Алар полигондон коркуп ʏй сала албай жатышат. Стандартка туура келбей, жакын болгондуктан, атылган октун ʏндѳрʏ жашоочулардын тынчын алат. Бул жерде адам ѳлʏмʏ да катталган. Мындан 3-4 жыл мурун атылгандан калган окторду балдар чогултуп, темирге тапшырышчу экен. Кээде атылбай да калган октор кездешет. Калдыктарды топтоп ʏйʏнѳ алып барып иргеп жатышканда, жарылып ʏй-бʏлѳ мʏчѳлѳрʏ каза болгон.
Полигон тууралуу пикирди кубаттаган тургун Нурила
Абдимитал кызы буларга токтолду:
-Машыгуу учурунда ок атылганда ʏйлѳр да титиреп кетет. Башында аябай чочуп, кооптонуп жʏргѳнбʏз. Азыр кѳнʏп калдык. Башка жактан келгендер чочулап, эмне болуп жатканын тʏшʏнбѳй таң калышат.
Шырманхан Жумабаева, 218-кварталдын тургуну:
“Суу болсо эле бейиш боло турган жер”
-Биздин кѳчʏп келгенибизге 8 жыл болуп калды. Кʏнѳстʏʏ аябай ыңгайлуу жер. Суу болсо эле бейиш боло турган жер. Албетте, ушул тарабы бар. Суу менен камсыз болосуңар деп суу тʏтʏктѳрʏн орнотушту. Бирок, толук суу бере элек. “Бала ыйлабаса, эмчек кайда” дегендей, жашоочулар жетишпестиктерди, кѳйгѳйлѳрдʏ айтпасак кайдан болсун. Кѳйгѳйлѳр чечилип калабы деген ʏмʏттѳ кайрылып келебиз.
Маматкадыр Сатиев, кварталдын тургуну:
“Ай сайын сууну 3 тоннадан эки жолу миң сомго чейин куйдурабыз”
-2000-жылдан бери кварталга деп бѳлʏнгѳн каражат башка багытка жумшалып, кѳңʏл бурулбай келет. Жаңы чек деп ѳгѳй баладай карабай койгондун кереги жок. Тарсылдаган окторго да бара-бара кѳнѳт экенсиң. Убагында балдарыбыз чочуп, келиндерибиздин боюнан тʏшкѳн кʏндѳр болгон. Бара-бара сакоого да тил бʏтѳт экен. Айтууга туура келди. Ай сайын сууну 3 тоннадан эки жолу миң сомго чейин куйдурабыз. Суу жеткирип бере турган ортомчулар бар. Ошолор бизге алып келип беришет. Алар кайдан алып келерин билбейбиз. Суу ʏчʏн атайын “бочка” даярдап алганбыз. Жерден суу тарттыралы десек, шор экен. Шор суу фундаменттерибизди бузуп, плиткаларыбызды жарып, ушаланып тʏшʏп жатат.
Ошондой эле социалдык мекемелер курулса болмок. Балдар мектепке Кеңеш айылына же Батыш кичи районуна барышат.
Ал эми “Шаардыксууканал” ишканасынын Жапалак участкасынын мастери Талант Топчубаев долбоор бʏтʏп, текшерʏʏдѳн ѳтʏп, кабыл алынгандан кийин гана кварталга суу график менен берилерин айтат.
“Аймакка график менен суу берилет”
-Долбоор бʏтʏп текшерʏʏдѳн ѳткѳндѳн кийин биз суу берʏʏнʏ баштайбыз. Эгер мʏчʏлʏштʏктѳр болсо, анда тендерди кабыл албайбыз. Ошондуктан, тыкыр текшерʏʏлѳр жʏрʏʏдѳ. Азыр 8 суу чыкчу колонка орнотулган. Аймакка график менен суу берилет. Май айына чейин жашоочуларга кʏндѳ суу берилип турат. Майдан кийин ʏч кʏндѳ бирден суу берилет. Анда да тʏшкѳ чейин эле. Анткени бул жакта ʏч айыл бар, квартал тѳртʏнчʏ болуп кошулду. Резервуарыбыз да 5 миң кубдан экѳѳ. Айыл жери ʏчʏн суу кѳп колдонулуп, жоготуу кѳп. Жайда бир айылга эле 5 миң куб суу кетип калат.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Фото: Бекмамат Айдаркулов
Ѳмʏрʏнʏн 40 жылын мамлекеттик кызматка арнаган инсан Ош облустук мамлекеттик архивинин директору, мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси Салиев Камчыбек Жаныбекович «Бейне» рубрикабыздын коногу болду. 40 жыл айтканга оңой болгону менен калк менен иштѳѳ, элдин жʏгʏн кѳтѳрʏʏ билген кишиге оор. Каарманыбыздын басып ѳткѳн эмгек сапарынын ийгилиги - акыл менен жасаган иштин кѳзʏн билʏʏчʏлʏктʏн, карапайым калктын кадырына жете билʏʏнʏн, барга-жокко, жакшы-жаманга топук кыла билген тубаса мырза мʏнѳзʏнѳн экенин баарлашып отуруп байкадым.
-Камчыбек Жаныбекович, сизди биз Ноокат районунун акими, облустук администрациясынын аппарат жетекчиси кызматында турганда таанып калбадыкпы, архивге жетекчилик кызматка келгенде жумушту эмнеден баштадыңыз?
- Архивди тиешелʏʏ справка берип, документтер сакталып, тарыхый орду бар жер деп билчʏмʏн. Мынчалык деңгээлде кѳп иш бар экенин билген эмесмин чынында. Ар бир иштин тʏйшʏгʏ, ѳзʏнѳ жараша милдети болот эмеспи. Архивдин тузу оор деп коюшат ошол чынбы, келген адам кеткиси келбей иштеп калат экен (кʏлʏп). Облустук архивге жетекчи болуп келгениме деле 5 жылдан ашыптыр. Жумушту алгач чарбалык иштен баштадым. Имараттын жер тѳлѳсʏнѳ кирсем тизеден суу экен. 2-кабатка чейин суунун нымдуулугу кѳтѳрʏлʏп чыгып кетчʏ, азыркы чейин эле турат калдыктары. Кѳрсѳ жамгырдын суусу жер тѳлѳгѳ кирип чыкпай топтолуп кала бериптир. Агенттиктин жетекчиси келгенде кѳрсѳттʏм. “6 жыл болду, ушул жер тѳлѳсʏн кѳрбѳпмʏн, кѳчѳйʏн деп калыптыр” деп айтты. Жер тѳлѳдѳн сууну тартып чыгарып, суу жерге кирбей сыртка чыга тургандай кылып оңдоп-тʏздѳдʏк. Документ сактоочу жайлар аз экен, документтер биринин ʏстʏнѳ бири коюлуп сакталып турчу. 2011-жылы долбоор тʏзʏлгѳн экен, имарат куруу боюнча. Ошону кѳтѳрʏп премьер-министрге бардым, кайрадан долбоор тʏзʏп 2017-жылы курулушту баштап, 2018-жылы бʏткѳрдʏк. 24 миллион сомго 2 кабаттуу имараттын ичи- сырты, керектʏʏ жабдыктары менен бʏткѳрʏлдʏ. Ошондой эле 16 кабаттуу ʏйдʏн жер тѳлѳсʏн да биздин карамагыбызга ѳткѳрттʏк. Ал жерде азыр бизге тиешелʏʏ документтер сакталып турат. Райондордогу архивдик бѳлʏмдѳрʏбʏздʏн материалдык-техникалык базасын чыңдоону колго алдым. Чоң-Алайда архивдик имарат жок, акимиятта отурушчу, ага да бир ʏйдʏ сатып алып, архивдик имарат уюштурдук. Алай, Ноокат, Араван, Кара-Суу, Ѳзгѳн, Кара-Кулжадагы архивдик бѳлʏмдѳрʏбʏздʏ оңдоп-тʏзѳѳдѳн ѳткѳрдʏк. Жылда иш план бекитебиз. Былтыркы жылы документтерди эсепке алуу, техникалык жабдуулар менен камсыз кылып, шарт тʏзʏʏ жылы деп жарыялап, ошонун ʏстʏнѳн иш алпардык. Чынында пандемия да ишибизге тоскоол болду, ага карабастан жогорудагы жумуштар жасалды. Быйылкы жылы документ сактоочу жайларды бирдей температурада кармоо боюнча иштерди аткаралы деп кабыл алдык. Чынында райондордогу архивдик имараттын документ сактоочу кааналары суук, кирсең чыдабайсың. Кечээ жакында Ѳзгѳнгѳ бардым, документ таап чыккыча ʏшʏйсʏң. Нымдуулугун температурасын бир калыпта, белгиленген нормада кармоо ʏчʏн тапшырма бердим, жыл аягына чейин ушул иштер жасалат.
-Эмгек жолуңузду кай жерден баштагансыз?
- Ноокаттагы Крупская атындагы орто мектепти ийгиликтʏʏ аяктап, политехникалык институтта окуп жатканда эле Кашкар-Кыштакта инженер болуп иштеп баштагам. Окууну бʏтʏп Алай живпромуна башкы инженер болуп бардым. Бир жылдан кийин Ноокат районундагы Ленинизм колхозуна башкы инженерликке дайындашты. 24 жашта элем, ал жерде сегиз жыл иштеген соң райкомго орун басар болдум. Айыл ѳкмѳт башчы, райондук Кеңештин депутаты болдум. Миграцияда 8 жыл иштедим, Ноокат районунун администрациясында аппарат жетекчи болуп турдум. 2010-жылы акимдикке шайландым. 2 жыл иштеген соң Ош облустук администрациясында аппарат жетекчи болуп иштедим. 4 жыл иштегенден кийин мени облустук архивге жетекчиликке чакырышты. Эсептеп кѳрсѳм 40 жыл болуптур мамлекеттик кызматты аркалап келатканыма.
- Анын кѳбʏн жетекчилик кызматты аркалапсыз. Ушул кызматтарда кайсы жылдар сиз ʏчʏн оор болду?
- Эми жумуштун жеңили жок. Эң эле кыйын учур аким болуп турган убакта ѳттʏ окшойт. 2010-жылы Ноокат районуна аким болуп дайындалдым. Капилеттен июнь коогалаңы жʏз берди. Ноокат 300 миң калктуу, борборунда башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ да жашаган район эмеспи. Шаарда калаба башталганда эле аксакалдар менен жолугуп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп эл менен чогуу жʏрдʏк. Ош шаарына гуманитардык жардам жѳнѳтʏʏнʏ уюштурдум. Наабайчыларга нан жаптырып КамАЗга салып жѳнѳтѳм, ачка калдык деген чалуулар болот, ошол учурда кыйын убак болду. Эл деген сел деп бекер айтпайт кайсы маалыматка, кайсы тарапка бурсаң ооп кете берген, мʏмкʏн болушунча тынчтыкты сактагыла, ѳлкѳгѳ тынчтык керек деп жʏрдʏк. Жетекчилик кызматтагы дагы бир оор дейбизби же маселе кѳп учур деп айтсам туура болот го, 1994-жылы Ноокаттын 4 айылынын элине ʏлʏш жерин бѳлʏштʏрʏп, айыл округду кыскартуу мезгилине туш келди. Шаңкол, Кеңеш айылын эли ѳздѳрʏ эле «айыл башчы сен болосуң» деп туруп алышты. Ошондо элге жер ʏлʏшʏн бѳлʏштʏрʏʏ учуру башталган убак эле. Элге да, мамлекетке да жер жете тургандай бѳлʏштʏрдʏк, аскерде жʏргѳн баласына, коммерцияда жʏргѳн жарандарга чейин тактап тиешелʏʏ ʏлʏшʏн бѳлʏштʏрдʏк, ошол эле убакта айыл ѳкмѳткѳ тиешелʏʏ жерлерди да сактап калдык.
-Жетекчи болуу деле ар кимге буюра бербейт эмеспи. Дегеним, алгач адамдын иш тажрыйбасынан, лидерлик, башкаруучулук шык-жѳндѳмʏ, менеджерлик сапаты талап кылынат дегендей.
-Туура, жетекчинин ѳзʏнѳ тиешелʏʏ функционалдык милдеттеринен сырткары да тактикасы болот. Кѳп жылдан бери жетекчилик кызматта жʏрʏп психолог болуп деле каласың. Ар бир кызматкердин кулк-мʏнѳзʏн билип, мактоо жарашабы же катуу айтып тартипке келтирсе болобу тʏшʏнʏп каласың. Эшиктен киргенде сезесиң маселеси эмнеде болгонун. Жаш кезде курчтукка салабызбы же жаштыктын ѳзʏнʏн демиби айтор, катуу айтып тартипке салып баш ийдирет элек да. Азыр бара-бара мʏнѳз жумшарабы же бир айтканда тʏшʏнʏнѳт окшойт.
-Атага кандай уул болдуңуз жана сиз кандай атасыз?
-Мен чабандын ʏй-бʏлѳсʏндѳ туулгам. Атам атасынан эрте ажырап чоң энем 2-класска чейин окутуп калганына даремети жетпегенби айтор, атам кенедей кезинен эле кара жанын карч уруп эмгектениптир. «Жетимдиктин азабын кѳп тарткам, мен жетпегенге силер жеткиле» деп айтып калчу, колхоздун алдыңкы чабаны болуптур. Беш убак намазын окуп, айылдын кадырлуу аксакалы боло алды. Бизди да аксымдыкка умтулбаган, адалдыкты бийик койгон адам болгула деп тарбиялады.
Апам болсо «баарыңар бир тең Камчым бир тең деп» бир туугандарымды териктирип калчу эле. Кѳрсѳ ата-энем ʏйлѳнгѳн соң 3 жылдай балалуу боло албай жʏрʏп калышат. Бир кʏнʏ апамдын тʏшʏндѳ сууда алтын камчы агып баратыптыр, ошону кармап алган экен. Аян тʏшкѳн бала деп чоң энем менен таенем ырымдап Камчыбек деп ысым ыйгарышат. Апам 65 жашында кѳзʏ ѳтʏп кетти, атам 80ге чыгып каза болуп калды. Атам экѳѳбʏз ээрчишип курортко бардык, кадимкидей кубанганы байкалчу. 6 уул, 6 кызды тарбиялап- ѳстʏрʏштʏ. Улуу эжем бар, андан кийинки эле улуусу катары бир туугандарга баш-кѳз болуп турам. Баары ѳз оокаты менен алек.
Келинчегим педагог, Ноокаттын эле кызы. 5 балам бар, баары жогорку билимдʏʏ.Чоң уулум Лейлекте сот болуп иштейт, дагы бири банкта, кыздарым да жогорку билимдʏʏ. ʏй-бʏлѳ кʏтʏп бизди неберелʏʏ кылышты. Мен да атамдан алган тарбияны балдарыма бергенге аракет кылдым. "Ак эмгек менен нан таап жегиле" деп кѳп айтам.
Фото Б. Айдаркулов
(Сʏрѳттѳр каармандын ѳздʏк архивинен алынды)
Биздин гезит шаардагы мекеме-ишканалар менен тыгыз иштешип, алардын ишмердʏʏлʏктѳрʏн чагылдырып келет. Бул жолу шаар четиндеги калкты тейлеген №1 ʏй-бʏлѳлʏк дарыгерлер тобунун 6-филиалында болуп кайттык. Бул эмкана 11 айылды тейлейт. Шаар четиндеги айылдын калкы ушул жерге келип медициналык жардам алат. Пандемияда элди алгач дʏрбѳлѳңдѳн, андан кийин ѳлʏмдѳн коргогон эмкана кызматкерлери менен сʏйлѳштʏк. Ошол оор кʏндѳрдʏ бирде ыйлап, бирде кʏлʏп эскерип берген башкы дарыгер Тамара Раимова «кѳрʏнбѳгѳн душман» менен кʏрѳштʏк» дейт.
- Эмканада жалпысынан 78 кызматкер эмгектенет. Анын 13ʏ техникалык кызматкерлер. Биздин эмканада башкалардан айырмаланып айыл арасында 5 ФАП бар, бир медициналык пункт бар. Медайым, фельдшерлерим ошол жерде отуруп, калкка медициналык жардам кѳрсѳтʏп келишет. Мындан сырткары, зарыл болсо дарыгерлер да барып, кѳрʏп, дарылап келишет. Техникалык база толугу менен камсыздалган. УЗИ, лабораторияга бизге келишет. Колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Учурда кан басымы, жʏрѳк оорулары менен кайрылгандар кѳп. Пандемияга байланыштуу ѳнѳкѳт оорулары менен дарыланган жарандар убагында медициналык жардам ала алышпай калган эле. Ошолор дарылануусун эми улантып жатышат. Электрондук рецепт кызматы эки жылдан бери иштеп жатат. Телефондон эле кезекке туруп келишет.
- Эмкана кызматкерлери бир топ тажрыйба топтоп, кʏчтѳнʏп алдык десем болот. Пандемиянын алгачкы кʏндѳрʏндѳ жолубузду таппай кыйналдык. Тайсалдадык. Эң биринчи вирус жуктурган бейтап эч эсимден кетпейт. Биздин участкага караган Тээке айылынын жашоочусу ажы башчы болуп барып келген экен. Сузактан келип эртеси чоң той ѳткѳргѳн экен. Ал контакт болгон адамдардын баарын алып келип обсервацияга жаткырып, белгилери барбы, жокпу изилдедик. Башында жаңы протокол чыгып, белгилери билингендин баарын жаткыргыла дечʏ да. Анализ алсак бир жаш баладан вирус аныкталды. Ата-энесине эмне деп айтам деп корком. Ачыгын айтсам ооруканага жаткырууга макул болбой коймок, айтпай коеюн десем жоопкерчилик бар дегендей. «Анализ тапшыртып келели» деп эле ачык айта албай ооруканага алып кеттик. Себеби, башында симптомдору такыр билинбей жатты. Жѳтѳл деле жок, дене табы кѳтѳрʏлгѳн эмес, баланын кѳрʏнʏшʏ жакшы. Ал эми анализинде вирус деп чыгат. Ооруканага жаткыргандан кийин ата-энеси мага кʏнʏгѳ телефон чалат. «Бизди ооруканага киргизбей жатат. Сиз бизге айтпай ооруканага жаткырып койдуңуз, сиз мыйзам алдында жооп бересиз, сизди сотко берем» деп кыйкырышат. Кийин Кудайга шʏгʏр, бала ооруну жеңип чыгып кетти. Биз башында
оору менен эмес, элдин дʏрбѳлѳңʏ менен эле кʏрѳшʏп чарчаптырбыз.
- 11 айылды тейлейбиз. Баарын таанып, билип калганбыз. Ким кош бойлуу, ким оорулуу жатка билебиз. Пандемия учурунда эң биринчи кош бойлуу аялдарды оолак кармоого аракет кылдык. Тѳрѳтʏ жакын калган келинди бир-эки кʏн эрте тѳрѳтканага жаткырганбыз. Ошол учурда тѳрѳтканадан да вирус жугуп, бул жактан оолак болсун деп жиберген келин ошол жактан вирус жуктуруп алыптыр. Ал келин да мага телефон чалып «ооруканадан чыксам сизди сотко берем» деп коркутат. Кѳп ѳтпѳй ошол келиндин 1,5 жарым жашар кызынан вирус аныкталып калды. Протокол боюнча кызды ооруканага алып келишибиз керек. Таенеси болсо «жаткырбайбыз, бербейбиз» деп кѳнʏшпѳйт. Бир кʏн кечке жалдырап отуруп кѳндʏрѳ албай койдук. Эртеси шаардык мэрияга, укук коргоо органдарына, координаторго «мага кѳмѳк кѳрсѳтʏңʏздѳр, 1,5 жашар кызды ооруканага жаткырышым керек, ʏй-бʏлѳсʏ кѳнбѳй жатат» деп кат жаздым. Жеңил тʏрʏ болгону ʏчʏн кызда да эч кандай белгилери билинбейт. Ошондуктан таята, таенеси бизге ишенишпейт. Мен жазган каттын негизинде, укук коргоо органдарынын жардамы менен айыл ѳкмѳт башчы, мен, фельдшер болуп бардык. Биз кызды бери тартабыз, алар ары тартышат. Ошентип тартышып отуруп 4 саат дегенде араң кѳндʏрʏп, кызды ооруканага жаткырганбыз.
- Июнь айынын башында элди ооруканага жаткыра албай убара болсок, июль айында ооруканага жатам дегендерге жай таппай калдык. Ѳзʏмдʏн колумда иштеген окулист дарыгерим ооруп калды. Ооруканада орун жок, баары толгон. Мага телефон чалып «Тамара Ѳсѳровна, мен ѳлʏп калат окшойм» дейт. Тез жардам кызматына чалсак жооп бербейт. Ѳзʏбʏздʏн мобилдик топту жибердим. Алар бейтапты алып ооруканага барса орун жок деп албай коюшуптур. Ал жерде иштеген дарыгерлерге чалып «коридорго болсо да жаткырыңыздар» деп жалдырап отуруп жаткырдык. Бактыга жараша, айыгып кетти. Андан кийин тѳрт-беш медициналык кызматкерлеримден вирус аныкталды. Ооруканада орун жок, “Кызыл Ай” коомуна барсам чатыр берди. Оорулуу кѳп болгондуктан, сыртта отуруп алып, дарактын тʏбʏндѳ бейтап кабыл алдык. Таза абада жугуу ыктымалдуулугу азаят деп. Кѳпчʏлʏгʏн ʏйʏнѳ жаткырып карадык. Кудайга шʏгʏр, ошол кʏндѳр да ѳтʏп кетти. Ѳкʏнʏчтʏʏсʏ, сегиз жаранды вируска тарттырып жибердик. Калганын сактап калдык. Адамдын психологиялык абалы ѳтѳ чоң роль ойнойт. Ошол ʏчʏн эң биринчи кезекте жарандарга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзѳбʏз.
- Жашы улуу жана кош бойлуу кызматкерлеримди эмгек ѳргʏʏгѳ чыгарып жибергем. Шаардан сырткары болгонубуз ʏчʏн шаарга кирип-чыгуубуз оор болду. Уруксат кагаз алуу оңой эмес. Же жаныбызда тамактануучу жайлар иштебейт. Ач карын иштеген кʏндѳрʏбʏз болду. Бир кʏнʏ чоң идишке бир медайым кызым тамак жасап келиптир. «ʏйдѳ отуруп эч болбосо ушул жардамым тийсин» деп. Кѳзʏмѳ жаш алдым. Баары тынчып, бардык кызматкерлер жумушка кайтканда жамаатыма «эми мен ким менен кайда барарымды, кимге канчалык ишенеримди, ким кесибин канчалык сʏйѳрʏн анык билдим» дедим.
- Оорудан айыккандар мурунку калыбына келишине убакыт керек экен. Кээ биринин каны коюлуп кетет. Кээ биринин мурунку эски ѳнѳкѳт оорусу козголот. Ошол ʏчʏн вирустан айыккандардын алты ай бою кѳзѳмѳлʏбʏзгѳ алганбыз. Туура тамактануусун, дары-дармекти убагында ичʏʏсʏн текшерип турабыз. Эң негизгиси биз да кѳнʏп калдык. Мурунку каталарды кайталабайбыз деп ишенем. ʏчʏнчʏ толкун болот деген божомолдорубуз бар деп алдын ала даярдыктар кѳрʏлʏʏдѳ. Керектелʏʏчʏ каражаттар, дары-дармектер жана башкаларга кѳңʏл буруп жатабыз.
Эки-ʏч жылдан бери шаардык Кеңешке, мэрияга кат жазып келем. Биздин имараттын артында союз мезгилинен калган, эскилиги жеткен кошумча имарат бар. Ошону биздин баланска ѳткѳрʏп беришсе, лаборатория кылып алсам же болбосо кошумча орундуктар тʏзʏлсѳ дедим эле. ʏнʏм жетпей келет. Дагы эле ʏмʏт кылып сиздер аркылуу кайрылгам келди. Дааратканабыз сыртта, бейтаптар ʏчʏн бир кыйла тоскоолдук жаратат. Ошол ʏчʏн бош турган, эскилиги жеткен имаратты сурагам. Пайдалуу иштерге иштетсем жакшы болмок.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Фото: Сыдык Токонов
Республикалык Элдик Курултайдын саясий концепциясында Кыргызстандагы азыркы социалдык-экономикалык абал жалпы жонунан мындайча мʏнѳздѳлгѳн:
«Эл жʏздѳгѳн партияга, сектага бѳлʏнʏп, ѳлкѳнʏ бʏт жеке адамдык ээн баштык, ээнооздук, митинг, пикет жапырт каптап, жарандык коом бузулду. Аракечтер 100 миңден, баңгилер 20 миңден, сойкулар 30 миңден, СПИДке чалдыккандар 5 миңден, бачабаздар 10 миңден, кароосуз жетимдер 50 миңден, жылдык ажырашуу 10 миңден, сыртка тентип кетʏʏ 1 миллиондон, жакыр ʏй-бʏлѳлѳр 500 000 миңден ашты. Бийлик кызматтары ага-тууганга, куда-сѳѳккѳ берилип, акчага сатылып, кадр саясаты ирип-чирип, кландык коррупция, партиялык мафия бʏт бийликти ээледи. Соңку жылдары 500 000 АКШ доллары менен пара алуу, ѳз ара бѳлʏшʏʏ, сыртка качыруу же «ʏй камакка» чыгаруу, ууруну куткаруу бийликте салт эле болуп калды».
Мындай маалыматтар албетте, коомчулукту тʏйшѳлтпѳй койбойт. Лениндин: «Салыштырылганда баары тʏшʏнʏктʏʏ болот» деген сѳзʏ бар. Аталган маалыматтар башка, айталы кошуна мамлекеттердеги тектеш кѳрсѳткʏчтѳргѳ салыштырылуу жолу менен келтирилгенде же калктын ар бир жʏз миң адамына карата катыштык ʏлʏш ѳлчѳмʏ менен алынганда, маалыматтын таасири балким башкачараак болмок. Кандай болгондо да жогорудагы маалыматтар коомчулукту ойлонтпой койбоосу бышык.
Кыргыздын чыгаан эркин экономисти, Курултай идеясын алгачкылардан болуп кѳтѳрʏп чыккан маркум Шерали Назаркулов Кыргыз Республикасынын эгемендʏʏлʏгʏнʏн алгачкы жылдарындагы эмгегинде: жаңы кѳйгѳлѳрдʏ эски усулдар менен эмес, эски кѳйгѳйлѳрдʏ жаңы усулдар менен чечʏʏ керек» деп баса белгилеген. Кыргызстанда бʏгʏнкʏ кʏндѳ жаңы усулдар менен чечилʏʏгѳ тийиш болгон эски кѳйгѳйлѳргѳ бир топ жаңы кѳйгѳйлѳр да кошул-ташыл болуп жатканы кимдин болсо да башын адаштырчудай мʏнѳз кʏткѳнʏн аңдоо кыйын эмес. « Бир бетиң ѳпсѳм, бир бетиң калат!» деп бир ырда айтылгандай, экономикага билек тʏрсѳң, саясаты калып кетип, саясатка кызыгып кетсең, экономикасы эңшерилип жатып калган заманда жашап жатабыз. Кыргыз коомчулугунда саалы кем отуз жылдан бери жыйылып калган кѳйгѳйʏʏ маселелерди тиешелʏʏ ирети менен чечʏʏнʏн жолун табуунун ѳзʏ да жаңы усулга тең болуп турат.
Экономика жана саясат теориясынан алып караганда, саясат экономиканы ээрчиген, экономикага баш ийген категория катары кʏнʏмдʏк жашоо-турмушта экинчи орунда турушу керек эле. Ѳнʏккѳн мамлекеттерде экономика менен саясаттын ушундай классикалык эрежеси бекем сакталган. Кыргызстан сыяктуу ѳнʏгʏп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ саясат экономикага эмес, тескерисинче, экономика саясатка кѳз каранды болгон кѳрʏнʏш орун алган. Чабал экономика эч качан саясатка ʏстѳмдʏк кыла албайт. Кыргызстанда экономиканын ѳнʏгʏʏ мерчеми саясатты артынан ээрчитип алаар деңгээлге жете элек. Андыктан жаңы бийликтин тушунда деле экономикалык ѳнʏгʏʏлѳр саясий ѳзгѳрʏʏлѳрдʏн ийгиликтерине жараша болуп ѳтѳѳрʏ шексиз. Ал эми кыргызстандыктардын коомдук турмушунда ʏстʏбʏздѳгʏ жыл Конституциялык реформа жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолор аркылуу тагдыр чечээрлик мааниге ээ болуп турат.
Эгемендʏʏ Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынганы белгилʏʏ. Бирок, Баш мыйзам эгемендик доордун кийинки жылдарында кеминде 8 жолу ѳзгѳртʏлгѳн. Алгач Акаевдин мезгилинде 4 жолу, К.Бакивдин учурунда 2 жолу, Отунбаеванын доорунда 1 жолу, Атамбаевдин учурунда дагы 1 жолу ѳзгѳртʏлʏп, бирок ѳлкѳнʏн ѳнʏгʏшʏнѳ эч майнап бербеди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ошентип 29 жыл ичинде аралаш башкаруу тʏрʏ менен (президенттик-парламенттик) ѳнʏгʏп келди, бирок кемчиликтерди жое алган жок. Бʏгʏн 29 жылдык эгемендик мезгилдеги Кыргызстандын коомдук жашоосунун жалпы тѳмѳндѳшʏ жаңы бийликтин «прагматикалык кʏчтʏʏ эркине» негизделген кардиналдуу саясий ѳзгѳрʏʏгѳ баруу зарылчылыгын туудурганын эксперттер баса белгилешет
Садыр Жапаровдун ант берʏʏ аземинде ѳзгѳчѳ эсте калган жана кийинки коомдук-саясий процесстерге сѳзсʏз тиешелʏʏ таасирлерин берʏʏгѳ тийиш деп болжолдоого боло турган айрым жагдайларды талдоочулар дароо белгилешкен. Алсак, жаңы президент эски конституцияга колун коюп ант берди. Ант берʏʏ аземине удаа эле жаңы конституциянын долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталганы жарыяланды. Ал эми ѳткѳн шейшембиде жаңы конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлганы маалымдалды. Албетте, ар кандай эле ѳлкѳ ʏчʏн конституциясынан ѳткѳн баалуу нерсе жок. Бирок, конституциянын долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу деген сѳздʏ конституциянын долбоорун жалпы элдик талкуулоого алып чыгуу деген тʏшʏнʏк менен алмаштыруу туура болбой калаары тʏшʏнʏктʏʏ. Демократиянын эрежеси ушуну талап кылат деп эле ар бир жарандын ой-пикирине ашыкча эле маани бере берʏʏ жарабаган, ал тургай зыяндуу да практика экенин унутпасак. Коомдук талкуу деген аты айтып тургандай, коомдун белгилʏʏ бѳлʏгʏ активдʏʏ катышкан же катышууга тийиш болгон талкууну туюнтат. Негизинен, конституцияны жазуу жана талдап-талкуулоодо саясатчылар жана ириде юридикалык билимдин ээлери чечʏʏчʏ ролду ойноого тийиштиги айтпаса деле тʏшʏнʏктʏʏ. АКШнын саясий элитасында эзелтен эле юристтер маанилʏʏ ролду ойноп келишкендиги тарыхтан маалым.
«Идеалдуу конституцияны тʏзʏʏнʏн ѳзʏ идеалдуу кѳрʏнʏш. Конституция деген негизги мыйзам. Мыйзам катары ал коомдук мамилелерди жѳнгѳ салат. Коомдук мамилелер саат сайын, кʏн сайын ѳзгѳрʏп турат. Демек, мыйзамдардын, конституциянын ѳзгѳрʏʏгѳ дуушар болуусу обьективдʏʏ кѳрʏнʏш. Албетте, 2010-жылдагы конституцияда кемчиликтер, бири- бирине карама- каршы келген принциптер, ченемдер бар. Ал жѳнʏндѳ биз буга чейин айтып да, жазып да келдик. Маселе ал бʏгʏнкʏ кʏндѳ канчалык сапаттуу конституция болчу, азыркы сунушталып жаткан конституциянын долбоорунун сапаты кандай деп салыштыруунун ѳзʏ предметсиз талаш болот. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ кыргыз коомунда, ѳлкѳдѳ ушундай шарт ʏчʏн кызмат кылсын, жоопкерчилик алсын деген маселелер коюлуп жатат. Ошол маселелерди талкуулап, оптималдуу жолдорун табуу ʏчʏн мына бардыгыбызга шарт тʏзʏлдʏ. Ошондуктан, бʏгʏн мен парламенттик башкарууну жактырам, мен президенттик бащкарууну жактырам дебей мамлекетибизди ѳнʏктʏрʏп кете турган жоопкерчиликтʏʏ бийлик системасын жактырам деген маселени койсок, туура болчудай» деп белгилейт Кыргызстандагы белгилʏʏ юристтердин бири Автандил Арабаев.
Башкаруунун тʏрʏн тандоо маселесинде юрист Арабаев менен тарыхчы профессор Ташманбет Кененсариевдин айткан пикирлери дээрлик окшош.
«Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу тʏрʏн тандоо маселеси –президенттик, парламенттик же аралаш башкаруу тʏрлѳрʏнʏн кайсынысы жакшы деген суроону чечʏʏ эмес, элдин тарыхы, улуттун менталитети, мамлекеттин азыркы абалы, глобалдык геосаясаттагы орду, экономикасынын ѳзгѳчѳлʏгʏ, социалдык мамилелеринин, саясий топторунун, партияларынын жана жарандык коомунун ѳсʏʏ деңгээлине жараша Кыргызстандын келечегине жооп берʏʏчʏ мамлекеттик башкаруу системасын тандоо дегендик. Бул –тагдыр чеччʏ маселе» деп белгилейт Кененсариев. Анын пикиринде, Кыргызстанда кѳп партиялуу система эми гана тʏптѳлʏп келатат. Саясий плюрализм жокко эсе. Саясий майданда толеранттуулук, позицияны сыйлоочулук, демократиялуулук принциптери салтка айлана элек. Кыргызстандын калкынын басымдуу катмарында бийлик бутактарына ишеним ѳтѳ аз. Элдин менталитетинде «кʏчтʏʏ билек –кʏчтʏʏ бийлик» фактору сакталган.
«Качан кʏчтʏʏ борбор болгондо гана кʏчтʏʏ ѳлкѳ болот. Ал эми Кыргызстанда болсо борбордук бийлик, мыйзам бийлиги кʏчʏнѳ кире элек. Ал жакырчылыкты жоюу жолундагы ѳткѳѳл мезгилде турган кичинекей ѳлкѳ болгондуктан, сепараттык, оппозициялык тенденциялар, криминалдык элементтердин таасири, бийлик системасында региондук бийликтин, айылдын ролу жогору»,-дейт профессор.
Жаңы конституциянын акыркы тандалып алынган вариантында президенттик бийлик мурдагы номиналдык-чектелʏʏ функционалдык ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып, дээрлик суперпрезиденттик бийликке чейин жеткирилгендигин талдоочулар белгилешʏʏдѳ. Бирок, долбоордогу бул конституция референдум жолу менен кабыл алынгандан кийин активдʏʏ саясий талаш-тартыштарга себеп болушу мʏмкʏн экендигин эскерткен талдоочулар бар. Анткени, баары мыйзам чегинде жасала турган болсо, жаңы парламент шайланып келген соң кийинки жаңы президенттик шайлоону кʏзгѳ чейин дайындоого мажбур болот. Талдоочулардын эсебинде азыркы президент каалайбы же каалабайбы же азыркы жаңы бийлик колдойбу- колдобойбу, баары бир толук легитимдʏʏлʏктʏ сактоо ʏчʏн бул кадамга барууга аргасыз болушат.
Абдираим Мамытов
Кой (21.03-20.04)
Кой жылдызындагылар ѳз милдеттериңизди унутпаңыз, токтоолукту жана максатка умтулууну кѳрсѳтʏңʏз. Шейшембиде мурда калып кеткен иштерди алдыга жылдырууга чоң мʏмкʏнчʏлʏк бар. Майда нерселерге жана кѳйгѳйлѳргѳ кѳңʏл бурбаңыз, позитивдʏʏ ойлорду угуңуз. Дем алыш кʏндѳрʏ айлана чѳйрѳнʏ тазалап, жакшы эс алуу сунушталат.
Букачар (21.04-20.05)
Бул апта букачарлардын убактысы жаңы бизнес ачууга кетет. Досторуңуз жана ʏй-бʏлѳңʏз менен баарлашуу оң эмоцияларды алып келет. Айымдар кʏтʏлбѳгѳн жагымдуу таанышууну, сюрпризди же романтикалуу кʏндʏ ѳткѳрʏшѳт. Эркектердин да жеке жашоосунда ѳзгѳрʏʏлѳр башкача сезилгени менен кабатырга орун жок.
Эгиздер (21.05-20.06)
Бул аптада эгиздер ар кандай топтук же биргелешкен иш чараларды ѳткѳрʏʏдѳ тартынбаңыз. Бул жагынан ийгиликтʏʏ ѳткѳрʏʏгѳ шарт тʏзʏлѳт. Айланаңыздагы жакын адамдардын колдоосу сизди кубантат. Алар менен бирге сапарга чыгуу тажрыйба алып келет. Дем алыш кʏнʏ кʏтʏлбѳгѳн окуяга туш болосуз.
Бѳйѳн (21.06-22.07)
Дʏйшѳмбʏдѳ максималдуу жигердʏʏлʏгʏңʏздʏ кѳрсѳтсѳңʏз каржылык кыйынчылыкты оңой жеңе аласыз. Бирок шашылыш чечим чыгаруудан алыс болгон оң, жети ѳлчѳп бир кесʏʏ ѳзʏңʏзгѳ пайда. Жеке жашоодо калыптагыдай кʏндѳрдʏ ѳткѳрбѳйʏн десеңиз ѳң-келбетке кам кѳрʏʏ, стилди ѳзгѳртʏʏ ашыкчалык кылбайт.
Арстан (23.07-22.08)
Жакын адамдар сизден колдоо кʏтѳт, туура кеңеш да алар ʏчʏн чоң колдоо экенин унутпаңыз. Руханиятты ѳнʏктʏрʏʏгѳ катышыңыз, ошондо ѳзʏңʏздʏн позицияны да бекемдей аласыз. Душмандык кылган адамдардын сизге болгон ою ѳзгѳрѳт. Жеке жашоодо бойдоктор мамиле курууда ички туюмуңузга ишениңиз, жʏрѳк алдабайт.
Бийкеч (23.08-23.09)
Бийкечтер ʏчʏн жуманын биринчи жарымы салыштырмалуу тынч болот. Сʏйʏктʏʏ ишиңиз кѳп кʏч-аракетти талап кылбайт, бирок натыйжа сиз кʏткѳндѳн ашпайт. Аптанын экинчи жарымында ишкер ѳнѳктѳштѳр менен баарлашуу иш аракетиңизди илгерилетʏʏдѳ бир аз кыйынчылыктарды алып келет. Мʏлктʏ камсыздандыруу жѳнʏндѳ ойлонуңуз.
Тараза (24.09-23.10)
Апта башында таразалар бардыгын мыкты ыкма менен жасаса болорун кѳрсѳтʏшѳт. Кесиптештер жана ʏй-бʏлѳ мʏчѳлѳрʏ менен тил табышасыз. Башкалардын тʏшʏнʏгʏ жана колдоосу сизге жайбаракат жʏрʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзѳт. Апта ортосунда инвесторлор менен иштѳѳ менеджментти ѳзʏнѳ тартып турган учур, сʏйлѳшʏʏлѳр эң жогорку деңгээлде жʏрѳт.
Чаян (24.10-21.11)
Чаяндар бул аптада кѳңʏл чѳгѳргѳн учурду да, ʏмʏттʏʏ абалды да баштан ѳткѳрѳт. Тагдыр бурулушунан улам сиз демилгени колго алып мурда ойлоп жʏргѳн максатыңызга жетʏʏгѳ мʏмкʏндʏк тʏзʏлѳт. Коммерциялык бʏтʏмдѳр пайдалуу болот. Бирок сапар пландары аткарылбай калышы мʏмкʏн.
Жаачы (22.11-21.12)
Жуманын башталышы ѳзʏн башкалардын кызыкчылыгын коргогон адам катары кѳрсѳтʏʏгѳ убакыт келди. Мунун аркасында сиз жакшы натыйжаларга жетип, жаңы бизнес сунуштарды ала аласыз. Шаршембиде жакын адамыңыздан колдоо табасыз. Дем алыш кʏндѳрʏ туугандардыкына конокко баруу мʏмкʏнчʏлʏгʏ тʏзʏлѳт.
Текечер (22.12-19.01)
Бойдок текечерлер ʏчʏн бул апта эң сонун башталат. Эски достор менен жолугушуп, чер жазасыз. Жаңы таанышуулар романтикалуу кʏн менен аякташы мʏмкʏн. Сезимдерге баш ийдирген бул жолугушуунун аягы ʏйлѳнʏʏ тою менен бʏтʏшʏ ыктымал. Эс алуу кʏндѳрʏ кубанычтуу кабар угасыз.
Суукуяр (22.01-18.02)
Суукуярлар ʏчʏн жемиштʏʏ апта болот дешет астрологдор. Мурун баштаган иштердин аягына чыгып, басып ѳткѳн жолду анализдѳѳгѳ убакыт бѳлʏп алсаңыз жакшы болот. Сиздин ишмердʏʏлʏгʏңʏз кандайдыр бир кесиптик бонус менен сыйланат. Кесиптештериңизди жардамга чакырсаңыз, мыкты натыйжаларга жете аласыз.
Балыктар (19.02-20.03)
Дʏйшѳмбʏ оор кʏн. Ар кандай азгырыктарга каршы турууга даярданыңыз. Ушул мезгилде финансылык азгырыктан алыс болгон туура. Аптанын экинчи жарымында баштаган ишти аягына чыгарыңыз, ошондо башкалар сиздин жоопкерчиликтʏʏ экениңизди баалай билишет. Ден соолукка кам кѳрʏп, иммунитетти чыңдоо кажет.
“Ѳтʏгʏң тар болсо, дʏйнѳнʏн кеңдигинен не пайда” деген сѳз бар. Бутту кысып, ѳйкѳп ооруткан тар бут кийим эркек-аял дебей баарында кездешет. Ѳзгѳчѳ бут кийим алганда анын чоюлмагы, бутка отурмагы абдан кыйын. Бут кийимдин тʏрʏнѳ, материалына жараша чоюлары белгилʏʏ. Тар бут кийимге кабылганда кандай чара кѳрʏʏ керек? Дегеле бут кийим тууралуу сѳз кылалы.
Булгаарыдан тигилген бут кийим
Эгер сатып алган бут кийим тар болсо, алгач аны калың байпак менен кийʏʏ сунушталат. Байпакты сууга малып, катуу сыгып киесиз. ʏйдʏн ичинде ары-бери баса турсаңыз булгаары бат чоюлуп ѳз ордуна келет. Же болбосо башына нымдуу чʏпʏрѳктʏ салып 4-5 саатка коюп койсо жетиштʏʏ болот.
Замша бут кийим
Булгаарыга караганда бат чоюлат. Андыктан сатып алууда бутка чагын гана алыш керек. Бут кийимдин башына ак самынды бир аз сʏртʏп жука байпак менен 15-30 мʏнѳт кийип туруу керек. Арак менен кысып жаткан жерди бир аз сʏртʏп кие турса да жакшы жыйынтыгын берет. Адатта замша бут кийим чоюлган жагынан эмес, кам кѳргѳн жагынан кѳп тʏйшʏк жаратат. Чаңга, сууга, ылайга туруксуз келген бул бут кийимге атайын спрейдин жардамы менен гана кам кѳрʏʏ керек. Эгер андай спрей колуңузда жок болсо, ʏй шартында даярдоого болот. Ал ʏчʏн проценти аз уксузга бир-эки тамчы лимон ширесин кошуп, ага бир чай кашык суу аралаштырабыз. Даяр аралашма менен чаңдаган бут кийимди кʏндѳ сʏртʏп туруу керек. Ошондо замша жешилбейт, ѳңʏнѳ чыгып жарашык тартуулайт.
Лакталган бут кийим
Лакталган бут кийимдин башы менен арты кысса парафин свечасы же ак самын жардам берет. Самынды кыскан жерге кѳбʏрѳѳк сʏртʏп, жука байпак менен 30 мʏнѳт кие туруу керек. Лакталган бут кийимди эч качан сууланган чʏпʏрѳк менен кеңейтʏʏгѳ болбойт. Чоюлуп ѳз формасын жоготот. Анын ʏстʏнѳ эби-сыны жок чоюлган бут кийим кооздугунан кетет. Дегеле бут кийим тандоодо буттун ѳлчѳмʏн эмес, анын кѳлѳмʏн да эске алыңыз.
Таканын бийиктигине маани бериңиз
Адистердин айтымында, кʏндѳ бийиктиги 5,5 см келген бут кийим кийип жʏрʏʏ туура эмес. Бул остеохондрозду чакырат. Бийик така жамбаш сѳѳктʏн алдыга жылып кетʏʏсʏнѳ шарт тʏзʏп, белдин бʏкʏр тартышына жана омурткалардын жылышып кетишине себеп болот. Андан тышкары аны тынымсыз кийʏʏдѳ согончоктун тарамышы акырындап жʏрʏп отуруп иштебей калат. Бийик такалуу бут кийим канчалык сапаттуу жасалса да бут ойноктоп турат. Андыктан дененин салмагы бир калыпта кармалбайт. Таманга салмак тегиз тʏшпѳй, бут кетменине кѳп кʏч келет. Мунун айынан бут шишийт, салмак тегиз болбой кыйшаңдап басуудан кѳп учурда омук да чыгып кетет. Таканын бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпашы керек.
Бутту эс алдыра билиңиз
Жумуш кʏн аяктагандан кийин жаның жер тартып, бʏткѳн боюң талыкшыйт. Адатта ѳзʏбʏздʏ ʏйгѳ жетээри менен эле таштап, диванга сулк жыгылабыз. Ѳзʏңʏздѳн бир аз убакыт жумшап эс алдыруунун эң жѳнѳкѳй жолдорун колдонуп кѳрʏңʏз. Керээли кечке отурасызбы же чуркап иштейсизби, эң негизгиси бутту туура эс алдыруу керек. Ал ʏчʏн ваннага жылуу суу толтуруп 100 грамм балды сууга аралаштырып, жыйырма мʏнѳт жата турсаңыз денеңиздин оорлошкону жазылат. Эки идишке суу даярдап туруп анын бири 40 градус, экинчиси минус 30 градустан тʏшпѳшʏ керек. Алгач бутту ысык сууга 15 мʏнѳт салып, андан кийин муздак сууга 10 мʏнѳт салып отурасыз. Бул ыкманы 3 же 4 жолу кайталагандан кийин буттун шишигени, тамандын ысып ачышканы басаңдайт. Эгерде туруп иштесеңиз, балтырды эматикалык бинт менен байлап алган жакшы. Жумуштан соң бутту ѳйдѳ коюп 15-20 мʏнѳт жайып эс алуу керек. Ал эми кан тʏйʏндѳрʏ пайда болуп кеткен адамдарга бутун 30-45 мʏнѳткѳ чейин эс алдыруу абзел.
Бутуңуздун кан тамыры кеңейип кетсе тѳмѳндѳгʏдѳй ванна же кѳнʏгʏʏ жасоо керек. 100 грамм ромашка чѳбʏн 5 литр кайнак сууга салып туруп 8-10 саатка тындырып коюп, колдонуңуз. Ванна ʏй температурасында (маселен, жылуу кʏндѳрʏ 32-35 С, ал эми кышында 37 С ка чейин), 20-30 мʏнѳт жасалат. Бутту эс алдыруу ʏчʏн дагы мындай кѳнʏгʏʏ жардам берет. Бутуңузду отургучка коюп же дубалга таккайсыз, денеңизди 5 секундга чейин кѳтѳрʏп кайра тʏшʏрѳсʏз. Ушул эле абалда жатып, бутуңузду улам бʏгʏп, сунуп (5-10 жолу) кайталайсыз.
Жагымсыз жыт чыкса
Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жʏрсѳңʏз шыбоодон алыс болосуз. Синтетикалык байпакты кийбеңиз, ошондой эле байпакты кʏн сайын алмаштырып туруңуз. Кечке басып жʏрʏп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга соода аралаштырып бутту 7-10 мʏнѳт сала турсаңыз сасык жыт кетет. Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду тез-тез жууп турсаңыз шыбоодон кутуласыз. Таманды лимондун ширеси менен бат-бат сʏртʏп турсаңыз жаман жыт тез жок болот. Ал эми бут кийимдин ичиндеги жагымсыз жытты кетирʏʏ ʏчʏн бут кийимге бир тамчы лаванда майын же нашатр спирт, болбосо лимон ширесин тамызып коюңуз. Булар микробдорду ѳлтʏрʏп, бут кийимдин ичин тердетпей, жагымсыз жыттардан арылтат. Кʏндѳ бир жолу бул ыкманы кайталап туруу керек. ʏй шартында кечинде бут кийимге сода же активдештирилген кѳмʏр себелеп койсоңуз болот. Таң атканча бут кийимдеги жыт жоголот. Чайдын чамасы менен да жагымсыз жыттан арылууга болот. Ал ʏчʏн колдонулган чай менен бут кийимди бир сыйра сʏртʏп чыгуу керек.
Майда, бирок маанилʏʏ
-Теринин жаш жана сулуу сакталышынын эң оңой эрежеси –кʏнʏнѳ 1,5-2 литр таза суу ичʏʏ. Ѳзгѳчѳ пайдалуусу – булак суусу.
-Жашылчасы, чѳп-чары кошулган суюк тамакты минералдардын жыйындысы деп койсо болот. Себеби, сорпоңузда жашылча, чѳп-чардын канчалык кѳп тʏрʏ болсо, ден соолугуңузду бекемдѳѳчʏ пайдалуу минералдар ошончолук кѳп болот.
-Бышырылган алманы эзип, кез-кез кѳзʏңʏзгѳ жаап турсаңыз-каректер эс алып, кѳзʏңʏздʏн кѳрʏʏсʏ жакшырат.
-Байыркы кытай акылмандары тамакты жакшы сиңирʏʏ жана ичеги-карындын жакшы иштеши ʏчʏн мындай кеңеш айтышкан: Тамакты суу ичкендей жутуп, сууну таамак жегендей чайнаш керек. Кѳпкѳ чайналган азык ѳзʏ эле суудай жутула баштайт, ал эми сууну жай “чайнап”, шилекей менен аралаштыра жутуу керек. Тамак-аш менен кошо жутулган шилекейдин ѳзʏнчѳ бир касиети бар.
Ѳспʏрʏмдѳргѳ: чачты кʏтѳ билʏʏ
Майларды, кантты, куурулган тамактарды ченеп жеп, туура тамактануу, спортко катышуу, кара кʏч эмгеги менен иштѳѳ, денесин кʏтѳ билʏʏ - мунун баары чачты тʏшʏрбѳй, жакшы ѳсʏшʏнѳ шарт тʏзѳт. Эртең менен жана кечинде чачыңарды сѳзсʏз тʏрдѳ 30-50 жолу ар кайсы багытта тарагыла. Тарактын тиштеринин мизи ѳтѳ курч болбогону дурус, чач тароочу щетка болсо андан да жакшы. Майлуу чачтын, майлуулугуна карап кырктырбай койгон пайдалуу – кырктырганда майлуулугу кѳбѳйѳт. Аны дарылоо кычкылдуу аралашмалада чайкоо (1 чай кашык уксусту же ромашканын бир калай кашык кайнатмасын жарым литр чалкандын жалбырагынын кайнатмасына кошуу керек) зарыл. Фитин деген таблетканы кʏнʏнѳ эки жолу бирден, бир айга чейин ичʏʏ керек. Кʏзʏндѳ бака жалбырактын тамырын казып алып, аны сʏргʏчтѳн ѳткѳргʏлѳ да, ѳсʏмдʏктʏн майын куюп туруп, эки жумадай коюп койгула (бир калай кашык сʏрʏлгѳн тамырга бир стакан май кошулат), чачты жуугандан кийин, аны тʏптѳрʏнѳ сʏртʏʏ керек. Чачты какач баскан учурда, хналуу шампунь менен жууган да пайдалуу. Баштын терисине “Себоринди” чѳптѳрдʏн жылуу тундурмасын – чалкандын жалбырагы,бака жалбырактын тамырын сʏртʏʏ керек. бир калай кашык чѳпкѳ бир стакан кайнак суу куюу керек бул чачка ѳтѳ пайдалуу.
Сыдык Токонов
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...