2010-жылдагы Ош коогалаңында келген грант акчага шаарда кѳп кабаттуу ʏйлѳр курулган. ʏйлѳр ипотекалык шартта 12 жылга 6 пайыз менен шаардагы тургундарга тапшырылган. Бирок, ʏй берилгенден 3-4 жылдан кийин жарандар пайызын жоюу тууралуу маселе кѳтѳрʏп, ʏйдʏн сапатсыз курулгандыгын айтып келишет. Шаардык Кеңеш ѳткѳн жылы 6 пайыздык кѳрсѳткʏчтʏ 4кѳ тʏшʏрʏп, колдоп берген. Акыркы убактарда маселе кайрадан козголуп, бул жылы да актуалдуу бойдон турууда.
Кутманалы Абдрахман уулу, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы:
-Ѳзʏңʏздѳр билгендей, муниципалдык ипотекалык программа шаардык Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Токтомдо программанын финансылык параметрлери бекитилген болчу. 12 жылга 6 пайыз менен берилип, баштапкы тѳлѳмʏ 20 пайызды тʏзгѳн. Былтыркы жылы 26-декабрда шаардык Кеңеш дагы бир токтом кабыл алган. Анда 6 пайыздык кѳрсѳткʏчтʏ 4 пайызга тʏшʏргѳн. Быйылкы жылы да тургундар 29-декабрга чейин пайызын таптакыр алып таштоо талабы менен кайрылышкан. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ бул маселе боюнча атайын комиссия тʏзʏлгѳн. 18-январда комиссия ѳз отурумун ѳткѳрʏп, тѳрт багытта эксперттик топтор дайындалган. Биринчиси, ʏйдʏн сапаты, экинчиси, коммуналдык кызматтардын сапаты жѳнʏндѳ каралат. Ошондой эле ʏйдʏн баштапкы баасы жана пайызы боюнча корутунду алынат. Жакынкы аралыкта комиссия ишинин жыйынтыгын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна кайрадан алып чыгышы керек. Аталган маселе шаардык Кеңештин компетенциясында болгондуктан, биздин, жарандардын кайрылууларын, комиссиянын корутундусун эске алып, чечим кабыл алып берет деп ойлоп турам.
-Тургундар “курулуштун сапаты начар, сапатсыз курулган” деген жʏйѳѳлѳрдʏ айтып келишти. Бирок курулуш мамлекеттик кабыл алуудан ѳткѳн. Сапаты жѳнʏндѳ айтсам, “жашоого болбойт” дегендей корутунду чыкпайт. Себеби жашоого болот, коопсуздукка жооп берет деген корутундалар менен мамлекеттик орган муну кабыл алган. Кѳп убакыттан кийин анын шыбагы, плиталары, жер тѳлѳѳсʏнʏн абалы жѳнʏндѳ, убагында жакшы курулбай калгандыгы жѳнʏндѳ сѳздѳр болуп жатат. Мунун эки жагы бар да. Биринчиден, акыркы ʏйлѳрдʏн курулганына алты жыл ѳттʏ. Ар кандай чоң курулуштар мезгил ѳткѳндѳ амортизациялык курулуш иштерин талап кылат. Жарандар айтып жаткан кемчиликтер мезгилдин иши деп ойлойм. Ал боюнча мен так кесе айта албайм. Комиссия так жыйынтыгын берсе, белгилʏʏ болот.
Кайрылган жарандардын негизги талабы пайызын алып салуу, андан кийин ʏйдʏн баасы жана коммуналдык сапат боюнча маселелер болууда. Тургундарды мен тʏшʏнʏп турам. Пандемиядан улам кирешелери бир топ азайды. Ошондон улам ар айлык тѳлѳмдѳрдʏ тѳлѳѳ маселесинде кѳйгѳйлѳр жаралууда.
Экинчиден, учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасында 1600гѳ жакын адам ʏйгѳ кезекте турушат. Эгер биз пайыздарын алып таштасак, анда бюджет бир топ жоготууларга учурайт. Муниципалдык ипотекалык программа барып-барып токтой турган программага айланып калат. Жарандардын кайрылууларынан улам Ош шаардык Кеңеши реакция кылууда. “Мейли программа эртең токтой берсин” дешсе, пайыздарын алып ташташат. “Программа иштешин камсыз кылышыбыз керек, башка жолун издейбиз” дешсе, анда ал ѳзʏнчѳ маселе. Менин жеке кѳз карашымда 402 жаран ошол жерде турак-жай алып жашап жатышат. Алардын бардыгы тѳлѳй албай калган жок. Туура, абдан кыйналган ʏй-бʏлѳлѳр бар. Жалпысынан системалуу тѳлѳй албай, эки айдан ашкандан кийин келишим боюнча сот алдындагы эскертʏʏлѳр берилген 38 жаран бар. Ошондуктан, менимче ѳтѳ кыйналган жарандарга даректʏʏ жардам берʏʏ маселесин карап, жалпы программаны зыянга чаппай, келечекте улана тургандай чечим кабыл алсак жакшы болмок.
-Азыркы учурда ишкананын буюртмасы менен ʏч кѳп кабаттуу ʏй курулуп жатат. Биринчи 80 батирлʏʏ кѳп кабаттуу ʏйдʏн бʏтʏшʏ ушул жылдын 3-мартына болжолдонгон болчу. Пандемиядан улам 49 кʏнгѳ узартканбыз. Андан сырткары курулуш компаниясы жумушчулардын кѳбʏ ковид менен ооруп, курулуш иштери ʏзгʏлтʏккѳ учурагандыгына байланыштуу ѳз мѳѳнѳтʏндѳ бʏтʏрѳ албай жаткандыгын айтып кайрылууда. Биздин келишим боюнча 3-мартта курулуштун аяктаганы боюнча компания жарыя бериш керек. Андан кийин экотехинспекция мамлекеттик кабыл алуу иштерин жʏргʏзѳт. Ошентип май, июнь айларында ʏйлѳрдʏ тапшырууну пландаштырып жатканбыз. Бʏгʏнкʏ абалга караганда мѳѳнѳтʏнѳн кечигет.
Экинчи кѳп кабаттуу 90 батирлʏʏ ʏйʏбʏздѳ бир топ прогрессивдʏʏ абал бар. Алар 2022-жылдын март айында бʏтʏрʏп тапшырышы керек болчу. Бирок, компания быйылкы жылдын акырына чейин тапшырарын билдирʏʏдѳ. Буюрса 2021-жылы 170 батирди пайдаланууга беребиз.
ʏчʏнчʏ ʏйʏбʏз 45 батирлʏʏ. Курулуш иштери эми гана башталды. Ал 27-мартта 2022-жылы курулуп бʏтʏшʏ керек. Ошондо жалпы 215 батир курулууда. Буга бюджетибизден 515 млн. сом акча каражаты жумшалды. Эгерде жанагы пайызын алып таштаса, программанын жалпы туруму 700 млн. болуп калат. Мындан калган 185 млн. акчабызга азыркы баалар менен эсептегенде болжолдуу 80-90 батир курабыз. Демек, 4 пайызды алып таштасак, 25 пайызга аз ʏй курабыз. Ошентип ар циклда азайып отуруп, кезекте турган 1600 жаранга келечекте да ʏй алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн токтотобуз. Кезектеги бардык жаран ʏй менен камсыз болуусу ʏчʏн беш циклдан ѳтʏшʏбʏз керек.
Сайрагʏл Сулайманова, ʏйдʏн жашоочусу:
-Мен кызымдын ʏйʏндѳ турам. Кызым ай сайын ипотеканын акчасын тѳлѳй албай Орусияга кетти. Курулуштун сапаты начар. Эптеп ичин бир ʏйʏбʏз бар эле ошону сатып оңдодук. Бул ʏй салынып бʏткѳндѳн кийин 5 жыл комиссия кабыл албай койгон экен. Беш жылдан кийин анан мэрия ѳзʏнѳ ѳткѳрʏп алып, муктаждарга ипотекага бериптир. Талаптарга жооп бербегени ʏчʏн ошончо убакыт турганда. Тʏбʏнѳн карасаң, ʏч эле тʏркʏктѳ турат. Кудай сактасын, бир кʏнʏ катуураак жер титиресе бʏт баары тʏшѳт. Коммуналдык кызматтарды кошууда да сапатсыз материалдарды колдонушкан. Ар жеринен оңдоого муктаж болот. Дубалдар ѳтѳ жукка, баары угулат. Былтыры да арыз менен кайрылганбыз. Анда ʏстѳк пайызын 4 пайызга тʏшʏрʏп беришкен. Ошондо деле эки ай гана 8 миң сомдон тѳлѳдʏк, калганы баягыдай эле.
Биздин башкы талабыбыз пайызын жоюу, баштапкы тѳлѳмдѳгʏ сумманы азайтуу керек. Ушул эки маселени чечип берсе, калганы тѳлѳнѳ берет. Бул жерде кѳбʏнчѳ мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендер бар. Баары аз айлык менен жашашат. Мейли, ѳзʏбʏз оңдоп-тʏзѳй беребиз, болгону пайызын жоюп, баштапкы тѳлѳмдʏ кыскартып беришсин.
Албина Кадырова:
-ʏйдʏ алганыбызга ʏч жыл болду. Биз пайызын жоюу боюнча кайрылып жатабыз. Бирок, ʏй ала элек жарандар менен биздин ортобузда тʏшʏнбѳстʏктѳрдʏ жаратышууда. “Эгер пайызын жоюп койсо, ʏй кура албай калабыз” деген жʏйѳѳнʏ келтиришʏʏдѳ. ʏйдʏ аларда биринчи бизге ачкычын берип, 1-2 айдан кийин гана келишимдерди беришкен. Баалары ѳтѳ жогору, 2 комната ʏй пайызы менен 2 млн. сомдон ашып кеткен. Карапайым адамдарды деле ойлош керек да. Мен алты айдан бери тѳлѳй албай жатам. ʏй жолдошумдун атынан алынган. Чындыгында социалдык жактан кыйналган ʏй-бʏлѳлѳрдʏн катарына кирем. Беш балабыз бар, ʏч балам ооруйт. Эгиз балдарым оор формадагы ДЦП. Бир гана кызым мектепке барат, калгандары кичинекей. Балдарды карап ʏйдѳмʏн. Жолдошумдун иштеген акчасын ʏйгѳ тѳкчʏбʏз, беш айдан бери балдардын дары-дармегине кетип, тѳлѳй албай калдык.
Акматалы Абдилазизов, шаар тургуну:
Тѳлѳгʏсʏ келбесе, тѳлѳй тургандарга бошотуп берсин. 1000 деген адамдар жылдап кезек кʏтʏп жʏрѳт. Уяты жоктуктун да чеги болот да. Газ,суу,светин тѳлѳп берсин дейт окшойт жакында. Менин оюмда булар жеке курулуш компанияларынан кызыкчылыгын лобби кылган топ.Кыргызстанда ийгиликтʏʏ иштеп жаткан жападан жалгыз мамлекеттик курулуш компаниясын банкротко тʏртʏʏ саясаты деп тʏшʏнʏп жатам.
Утарбек Арстанкулов, шаар тургуну:
4%, эгер ай сайын тѳлѳмʏн эсептей турган болсок 6 миңден 15 миңге чейинки сумма болот. Ош шаарында батирлердин ижара тѳлѳмʏ орточо 12 миң сомду тʏзѳт экен. Эгерде булар айткандай 4% ʏстѳктʏ же негизги сумманын бир бѳлʏгʏн (кайсыл эсептѳѳлѳрдʏн негизинде экени дагы белгисиз) алып салына турган болсо ипотекалык программаны токтотуп коюуга туура келет, анткени кийинки тѳлѳмдѳрдѳн тʏшѳ турган каражат бир кѳп кабаттуу ʏйдʏ курууга дагы жетпей калат
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Дʏйнѳлʏк пандемиянын запкысы дагы кѳпкѳ созулат ѳңдʏʏ. Оору басаңдап калды деген менен тамак-аш, азык-тʏлʏккѳ болгон баа кʏндѳн-кʏнгѳ ѳсʏʏдѳ. Карантин башталар алдында бааны негизсиз кѳтѳргѳндѳргѳ чектѳѳ киргизʏʏ ʏчʏн ѳкмѳт тарабынан атайын токтом чыгарылган. Анда бир айдын ичинде кайсы бир азыктын же товардын баасы 20 пайызга кымбаттаса, ага тиешелʏʏ чара кѳрʏлѳрʏ кѳрсѳтʏлгѳн. Бирок, пандемия башталгандан бери баалар бир айдын ичинде 5-10 сомдон ѳсʏп отуруп, бʏгʏнкʏ кʏндѳ мисалга алсак, 1 литр майдын баасы дээрлик 50 пайызга кымбаттаган. “Баанын мындай кѳтѳрʏлʏʏсʏнѳ чара колдонууга азырынча болбойт. Анткени жагдай ушундай болуп жатат” деп белгилешет адистер.
Исматилла Сатинбаев, КРнын Ѳкмѳтʏнѳ караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бѳлʏм башчысынын милдетин аткаруучу:
-Пандемия жана климаттык шартка байланыштуу айрым товарларга болгон баа ѳстʏ. Орусияда ѳткѳн жылы кургакчылык болгондуктан, пахта, ѳсʏмдʏк майы жакшы ѳндʏрʏлбѳй калып, ѳздѳрʏндѳ да май кымбат болуптур. Алардын да бирден бир кѳйгѳйʏ ушул маселе. Майдын баасын туруктуу кармоо ʏчʏн бийлик мындан 2-3 ай мурун 1 литрин 119 рублдан койгон. Ал бизге келгенге чейин жол акысынан сырткары эле 133 сомго туура келет. Жол акысы ѳзʏнчѳ. Биз пахта майлардын да 70-80 пайызын сырттан Орусия менен Казакстандан алабыз. Кумшекерге келсек, жылына 110 миң тоннаны керектесе, анын 48 пайызга жакынын ѳзʏбʏздѳн чыгарабыз. Кыргызстанда былтыр да тʏшʏм аз жыйналды.
-Эт боюнча айтсак, быйыл 28 пайызга кымбаттады деп жатабыз. Ошол эле учурда малдын ѳзʏн эсептегенде былтыркы 5 миң сомдук койлор азыр 10 миң сомдон сатылууда. Бул дегени 100 пайыз кымбаттады. Бир жагынан эттин баасынын ѳсʏшʏ шаарда жашагандар ʏчʏн кыйын. Дыйкандарга малдын кымбат сатылышы пайда. Ѳткѳн жылдарга салыштырмалуу бул жылы тоют да кымбат болууда. Андан сырткары этке болгон баанын ѳсʏшʏнʏн дагы бир себеби кошуна Ѳзбекстан айыл чарбаны ѳнʏктʏрʏʏ саясаты жана калкты жакырчылыктан чыгаруу максатында насыя тʏрʏндѳ элин мал менен камсыз кыла баштады. Ѳлкѳдѳ малга болгон суроо-талап жогорулап, Казакстандан, Орусиядан, Кыргызстандан сатып алуу кѳбѳйгѳн. Малдын сыртка чыгуусу кѳп болуп кеткендиктен, Казакстан алты ай мурун чектѳѳ киргизген. Ал жакка чектѳѳ коюлгандан кийин массалык тʏрдѳ бизден ала башташкан. Ѳзбекстан менен Ош, Жалал-Абад облустары чектеш болгондуктан, малга болгон баанын кескин ѳсʏʏсʏ алгач аталган аймактарда байкалган. Биздин негизги экспортко чыгара турган малыбыз экен. Экспортко чыгарууга эмнеге болбосун? Бирок, ѳлкѳдѳ малдын туягы азайып кетпесин, эттин баасын кармап туралы деп ѳкмѳт чектѳѳ киргизʏʏ тууралуу чечим кабыл алды. Токтом алты айга чыккан. Ошонун негизинде кичине болсо да эттин баасы кармалып турду. Кийинчерээк фермерлердин арыздануусунан улам мал-жандыктарды сыртка чыгарууга кайрадан уруксат берди.
-Буга чейин министрликке эт, май, кумшекердин кымбаттоосу боюнча сунуш бергенбиз. Эттин баасын жогоруда айткандай сыртка мал-жандыктарды чыгарууга тыюу салуу менен чечти. Экинчи кумшекер менен ѳсʏмдʏк майы сырттан келгендиктен, ал бизге экспорттогон тараптан кѳз каранды. Сырттан кымбат келип, ал жакта да кымбат болуп жаткандыгы ʏчʏн баалары жогору болууда. Сатуучулар деле “мурункудай 5 сом эмес, 2 сом коюп калдык” дешʏʏдѳ. Менин оюмча баалардын ѳсʏʏсʏ бир эле бизде эмес, пандемияга байланыштуу дʏйнѳдѳ ушундай болууда. Эгерде малдын баасы бʏгʏнкʏдѳй сакталып турса арзандабайт. Анткени малдын арзандашына азырынча себеп жок. Август, сентябрь айларына барып тʏшʏшʏ мʏмкʏн. Былтыр мектептер ачылбагандыктан, эч ким мал алып келип саткан жок. Бул да болсо баанын ѳсʏшʏнѳ ѳбѳлгѳ болду. Менин пикиримде майдын баасы да кийинки тʏшʏмгѳ чейин арзандабайт. Мындан сырткары жумуртка жана башка майда-чʏйдѳлѳрдʏн бааларынын ѳсʏшʏ Кытайдын чек арасынын толук ачылбаганына келип такалат. Мурун кʏнʏнѳ 100 жʏк ташыган унаалар кирсе, азыр 2-3 фура гана ѳлкѳгѳ кирет. Баалардын ѳсʏʏсʏнѳ ортомчулар себепчи дегени азыркы жагдайда туура эмес. Пандемия баарын кѳрсѳттʏ.
Мурат Абдиев, экономика илимдеринин кандидаты:
-Азык-тʏлʏк товарларынын кымбатташы - биринчи кезекте аларга болгон сарптоо Кыргыз Республикасында ʏй-бʏлѳлʏк чыгымдардын негизги беренеси бойдон калууда жана бул 2020-жылдын март-апрелинде башталган. Анда баанын кѳтѳрʏлʏшʏнʏн негизги себеби кыргызстандыктардын тынчсыздануусунан улам болгон. Ѳкмѳт ѳлкѳдѳ коронавирустун жайылышына жол бербѳѳ ʏчʏн чектѳѳ чараларын киргизди. Натыйжада, элдер запастагы гречка, макарон, ѳсʏмдʏк майы, шекер жана башка азыктарды сатып алууга шашылышкан. Албетте, бул соода тʏйʏндѳрʏнʏн капчыгына пайда алып келген.
Кʏзгѳ чейин Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, керектѳѳ бааларынын индекси 2019-жылдын ушул мезгилине чейин республикада 6% га кѳбѳйгѳн. Эгерде ар бир азык-тʏлʏк тобу жѳнʏндѳ ѳзʏнчѳ сѳз кыла турган болсок, ѳсʏш божомолдон да ашып тʏштʏ. Мисалга нан жана дан азыктары 15,9% га, эт жана балык 10% га, сʏт азыктары, сыр, жумуртка, май жана майлар 6% га, ал эми мѳмѳ-жемиштер 30% га кымбаттаган.
Эгерде пайыздарды "чыныгы" акчага айландырсак, анда декабрь айынын аягында, мисалы, мал этинин килограммы 430-450 сомду тʏздʏ (регионго жараша 40-50 сом), тооктун жумурткасы ар бир онго 15 сомго кымбаттады, кʏн карама майы орто эсеп менен 30 сомго кымбаттады.
Кыргызстандагы баалардын ѳсʏшʏнʏн негизги драйвери доллар болгон жана болуп кала берет. Тагыраагы, сомго карата анын ѳсʏшʏ. Расмий маалыматтарга караганда ѳткѳн жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы резервге карата 20 пайыздан ашык арзандаган.
“Дʏйнѳлʏк азык-тʏлʏк базарларында республиканын ички рыногуна импорттолуучу негизги товарларга баанын ѳсʏшʏ байкалууда. Бул фактор, ошондой эле доллардын курсунун бекемделишинин глобалдык тенденциясы инфляциянын бир аз тездешин шарттады. Анын кѳрсѳткʏчʏ 2020-жылдын декабрь айында 8,1 пайызды тʏзгѳн”,- деп белгиледи Улуттук банк.
Башкача айтканда, доллар "кʏч алган сайын", республикада импорттук товарлар тездик менен кымбаттап жатат. Кыргызстан ʏчʏн бул аксиома, анткени ѳлкѳ бʏгʏнкʏ кʏндѳ, тилекке каршы, ѳндʏргѳнгѳ караганда чет ѳлкѳдѳн коп импорттойт.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, республикада сатылып жаткан кʏн карама майынын 85 пайызы Россия менен Казакстандан камсыздалат. Ошондуктан валюта курсунун айырмачылыгындагы ѳзгѳрʏʏлѳр кыргызстандыктардын капчыгы ʏчʏн ѳтѳ оор болуп жатат.
Доллардын курсунун кѳтѳрʏлʏшʏ азык-тʏлʏктѳрдʏн баасына чоң таасир этет. Эмне ʏчʏн, мисалы, эт кымбаттап жатат? Малга тоют кымбаттап жаткандыктан, малды кармоого кеткен чыгымдар ѳсʏʏдѳ.
Баалардын кѳтѳрʏлʏшʏ - ѳлкѳнʏн улуттук валютасынын курсунун тѳмѳндѳшʏнʏн натыйжасы жана товарлардын импортунан кыйла кѳз каранды. Бул кѳз карандылык канчалык олуттуу болсо, баалар ошончолук кѳтѳрʏлѳт.
Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында жалпы керектелʏʏчʏ продукциянын 70 пайыздан ашыгы чет ѳлкѳдѳн алынып келинет.
Тилекке каршы, Кыргызстандын экономикасынын абалы бийлик ʏчʏн маневр кылууга мʏмкʏнчʏлʏк бербейт. Ѳлкѳдѳ бааларды стабилдештирʏʏ ʏчʏн жасала турган иштердин бардыгы азыртадан эле жасалып жатат.
Маселен, Улуттук банк сомдун курсунун кескин кѳтѳрʏлʏп кетпеши ʏчʏн резервдерден кʏн сайын дээрлик долларды сатып жатат. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтʏ "азык-тʏлʏктʏн кескин тартыштыгын алдын алуу максатында" республикадан айыл чарба продукцияларынын, анын ичинде тирʏʏ малдын, койдун, жылкынын, эчкинин айрым тʏрлѳрʏн - 15 тʏрʏн экспорттоого убактылуу тыюу салды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик монополияга каршы кызматынын кызматкерлери ѳлкѳнʏн ири соода тʏйʏндѳрʏнʏн ѳкʏлдѳрʏ менен жолугушуп, социалдык мааниси бар азык-тʏлʏк товарларына баанын негизсиз кѳтѳрʏлʏшʏнѳ жол бербѳѳнʏ сунушташты. Ал эми Кыргызстандын вице-премьер министри Артем Новиков борбор калаанын мэри Балбак Тʏлѳбаевге Бишкектин ар бир районунда айыл чарба жарманкесин ачып, ал жакта товарлар “эч кандай ʏстѳк кошпостон” сатылуу боюнча кѳрсѳтмѳ берди.
Ал арада кѳз карандысыз экономисттердин айтымында, бийлик жогоруда айтылган чаралардын жардамы менен азык-тʏлʏккѳ болгон бааны убактылуу гана "токтотуп" тура алат, бирок алар мурдагы деңгээлине кайтара алышпайт. Кантсе да Кыргыз Республикасында жалпы керектелʏʏчʏ продукциялардын 70 пайыздан ашыгы чет ѳлкѳдѳн алынып келинет.
БУУнун азык-тʏлʏк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, дʏйнѳлʏк азык-тʏлʏк баалары пандемия башталгандан бери кѳтѳрʏлʏп келе жатат. Дан эгиндери, кант, сʏт азыктары жана ѳсʏмдʏк майлары баарынан жогору кѳтѳрʏлдʏ. Бир жылдын ичинде дʏйнѳдѳ азык-тʏлʏк баалары 6% га ѳскѳн.
Ошол эле учурда Кыргызстанда калктын кирешелери кескин тʏшʏп жатат. Алты ай ичинде номиналдык киреше 2,3% га, ал эми реалдуу (инфляцияга жараша) 7,7% га тѳмѳндѳгѳн.
Ѳкмѳт ʏчʏн жылдык максаттуу инфляциянын болжолу 5-7%. Январга карата ал 5,6 % тʏздʏ, бирок азык-тʏлʏк 8,9% га кымбаттады. Министрлер Кабинетинин дагы бир чечиминде тамак-аш азыктарынын айрым тʏрлѳрʏ боюнча мамлекеттик жѳнгѳ салуу киргизилген, бирок расмий чечим кабыл алына элек.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Ѳткѳн айдын башында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайда ырчы Самара Каримованын жетекчи болуп келишин жамааты колдобой, акыр аягы министрлик башка жетекчи дайындап, абал тынчыган. Бирок, жаңы шайланган жетекчиге да аталган окуу жайдын жамааты каршы чыгып, ѳздѳрʏ сунуштаган кызматкерлерди шайлап берʏʏнʏ суранышкан. Учурда окуу жайда абал кандай, ким жетекчи жана жамааттын негизги талабы эмнеде тѳмѳндѳ.
Самара Каримова директор болом деп, бирок окуу жайдын жамаатынын нааразычылыктарынан улам директорлук кызматтан баш тарткан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи дайындалган.
Музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мѳѳнѳтʏ менен Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына 27-январда директор болуп дайындалды.
Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды.
Ильязбек Ташболот уулу:
- Бʏгʏнкʏ кʏндѳ окуу жайда абал туруктуу. Эжеке-агайлар менен жумушубуздун экинчи кʏнʏндѳ чакан чогулуш ѳткѳрʏп, алдыда жасала турган иш чаралар, пландар боюнча ойлорубузду бѳлʏшʏп, кеңешип, ошонун ʏстʏнѳн иштеп жатабыз. Окуу жайда ар шейшемби кʏндѳрʏ кураторлор менен кеңешме ѳтʏп, окуучуларыбыздын билим деңгээлин сʏйлѳшѳбʏз. Мында бир эле музыкалык билим берип чектелип калбастан, адеп-ахлак, жʏрʏм-турумуна да кѳңʏл буруп, бардык жактан татыктуу тарбия берʏʏгѳ кириштик.
Ооба, башында айрым кесиптештер каршы чыгышты. Эмне ʏчʏн экенин мен билбейм. Угушума караганда менден башка кандидатурасын койгон мугалимдер болгон экен. Бирок, учурда ошол эжекелерим келип батасын берип, чогуу иштешʏʏгѳ келиштик. Кеп-кеңештерин берип, ысырыгын салып, чачыласын чачып дегендей. «Мыкты композитор агайбыз Токон Султанович кѳп жыл окуу жайды башкарган. Ошол кишидей бол, ак ниет, адилеттʏʏ жетекчи бол» деп батасын беришти.
Учурда окуу жай мурунку калыбында эле студенттерге билимин берʏʏдѳ.
Самара Каримова жетекчи болуп келгенде каршы чыккан жамаат жаңы дайындалган Ильяз Ташболот уулуна да нааразы болушкан. Алардын эң негизги талабы ким болбосун конкурстун негизинде келиши. Мындан сырткары, окуу жайдын жамааты ѳздѳрʏнѳн ʏч мугалимди директорлукка сунушташкан. Алар Ринат Ботобеков, Максаткан Жумабаева, Абдурасул Сабирбаев. Бирок, маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ильязбек Ташболот уулун дайындаган.
Максаткан Жумабаева, окуу жай мугалими:
- С. Каримова жетекчи болуп келгенде Ильяз аны колдогондордун бири болчу. Биз башка татыктуу мугалимдердин кандидатурасын сунуштайбыз деп жʏргѳндѳ ал тымызын министрликке чуркап жʏргѳн экен. «Эже, сиз аралашпай эле коюңуз, бул саясат, ѳздѳрʏ билишет» деп мени да тартып жʏргѳн. Кѳрсѳ, ѳзʏн даярдаган экен. Министрликтен келип Ильязга «сиздин кандидатураңызды ким сунуштады?» деп сураганда консерваториядан деген эле. Бир аз убакыттан кийин эле консерваториядан «биздин окуу жайдын жетекчилигине кимдир бирѳѳнʏ сунуштоого укугубуз жок» деген каты келди.
Учурда ʏч ай сыноо мѳѳнѳтʏн берди. Кʏтʏʏгѳ мажбурбуз. Окуучуларбыздын билим алуусу артта калбасын деп ишибизди таштабадык.
2018-жылдан бери аталган окуу жайдын директорлугуна кызыккан адамдар байкала баштаган. Ырчы Самара Каримова бир эмес, эки жолу директор болуп келʏʏнʏ кѳздѳгѳндѳн кийин эл арасында «чакан эле музыкалык окуу жайдын жетекчилигине эмне мынча кызыкты?» деген суроолор жабыла тʏштʏ. Ырчынын ѳзʏнѳ бул суроо менен кайрылганыбызда «Окуу жайды ѳнʏктʏргʏм келген... Бирок бул тема мен ʏчʏн жабылды» деди.
2018-жылы окуу жайдан ѳрт чыгып, имарат жарактан чыккан. Ошол учурда окуу жай жаңы имаратка муктаж болуп, министрликтен жардам сураган. Бирок, имараттын жанында май куючу жай болгону ʏчʏн жаңы имарат тургузууга тыюу салынган эле. 2019-жылы аталган май куюучу жайды окуу жай администрациясы сотко берип, шаар четине жылдыруу чечимин чыгарган. Натыйжада, ал жердеги май куючу жай бузулуп, окуу жайга жаңы имараттын куруу иштери пландалган.
Райхан Самидинова, директордун орун басары:
- Мурдагы директор Нурлан Каримов чуркап жʏрʏп май куючу жайдын ордун бошоткон. Ошондон кийин атайын жер тилке бѳлʏнʏп, айланасы тосулуп, корукка алынган. Курулуштун алгачкы иштери башталып калган эле. Бирок, 2020-жылдагы пандемия курулуш ишинин башталышана тоскоол болгон. Эми быйылкы жылы бюджетибиз чечилсе курулуш иши башталат деп турабыз. Учурда бюджетти кʏтʏп жатабыз.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп берʏʏчʏ тармак. Ошол ʏчʏн ар бир ата-эне баланы жаштайынан спортко берʏʏгѳ аракет кылат. Бирок, спортту жарым жолдон таштап койбой, аягына чейин алып кетʏʏ ʏчʏн балада ага болгон кызыгуу болуусу шарт. Шаарда балдарды 4-5 жашынан каратэге ʏйрѳткѳн шаардык каратэ федерациясы бар. Президенти Бекмурза Эргешов.
Каратэ (япончо – куралсыз кол) – куралсыз коргонуунун бир тʏрʏ; кол жана бут менен каршылаштын денесине сокку берʏʏгѳ негизделген спорттун бир тʏрʏ. Рюкю аралдар тобундагы Окинава аралдарында 15-кылымда пайда болгон. Ошол кездеги князь Се Хайси курал кѳтѳрʏʏгѳ уруксат берген эмес. Мындан улам жергиликтʏʏ эл сырткы жоодон коргонуу ʏчʏн каратэни ойлоп табышкан. Ал кезде Окинава Япония менен эмес, Кытай менен тыгызыраак байланышта болгону ʏчʏн каратэ Кытайдын кунг фу куралсыз кʏрѳш тʏрʏ менен кошо ѳнʏккѳн. Азыр Каратэнин каратэ-до (олимпиядалык спорт тʏрʏ), шотокан, кекусинкай, сито-рю, годзю-рю, вадо-рю деген тʏрлѳрʏ бар. Азыркы каратэ 20-кылымдын башында ѳнʏккѳн. Жиу-житсу кʏрѳшʏнʏн приемдору алынган. Ал эми эл аралык каратэ федерациясы 1968 – жылы тʏзʏлгѳн. Ага 50дѳн ашык мамлекет мʏчѳ. Спорттун бул тʏрʏ Дʏйнѳлʏк чемпионатка 1970 - жылдан, Европа чемпионатына 1971- жылдан киргизилген. КМШ ѳлкѳлѳрдѳ каратэ 1991- жылдан жайыла баштаган. Каратэнин каратэ-до тʏрʏ 2004- жылы Афиныда ѳткѳн 28-олимпиядалык оюндар программасына киргизилген.
Ал эми Ош шаардык каратэ федерациясы 2004-жылы тʏзʏлгѳн. Ага чейин Ош облустук каратэ федерациясынын курамында турган. Ошол курамдан бѳлʏп, ѳзʏндѳ шаардык деңгээлде алып чыккан алгачкы президенти Жумадыл Исаков болгон. 2008-жылдан бери аталган федерацияны Бекмурза Эргешов башкарып келет. Жапондор тарабынан ойлоп табылган бул спорттун тʏрʏнѳ учурда кызыккан жаштар кѳп.
Бекмурза Эргешов:
- Баланы жаштайынан спортко ʏндѳѳ, спорт менен чоңойтуу анын жаман жолго барышына бѳгѳт коет. Айрыкча каратэнин тарбиялык мааниси чоң. Мен жаштайымдан каратэ менен машыккам. Хоббим десем да болот. Кѳптѳгѳн уул-кыздарды машыктырдым. Каратэде машыгууга келген баланы алгач алты ай бою адеп-ахлак, жʏрʏм-турумун ʏйрѳтѳбʏз. Кантип салам берʏʏ керек, ѳзʏн кандай алып жʏрʏʏ керек сыяктуу жашоодогу маанилʏʏ тарбияны окутабыз. Ошондон кийин гана машыгууга киришет. Бизге кѳбʏнчѳ эрке балдар, ʏй-бʏлѳдѳгʏ жалгыз уулдар келет. Спорттун башка тʏрʏнѳн айырмаланып бизде денеге зыян келтирʏʏчʏ аракеттер жок. Каршылашынын бетине урбайт, колду жеткирет, токтотот. Каратэде 50 пайыз кол, 50 пайыз бут менен иштѳѳнʏ ʏйрѳтѳт. Ошол ыкмаларды ʏйрѳнмѳйʏнчѳ балдарды мушташтырбайбыз.
- Мен 2010-жылга чейин машыктыруучу болуп келгем. Учурда федерацияда 5 машыктыруучу бар. 300гѳ жакын баланы тарбиялап келишет. 4-5 жаштан баштап орто мектепти аяктаганга чейин машыктырбыз. Андан кийин эгер балада кызыгуу кʏч болсо бизде машыгууну улантып калат, эгер каалоосу башка жакта болсо таштайт. Спортто кимдир бирѳѳнʏ мажбурлап кармоо мʏмкʏн эмес. Эгер балада кызыгуу жок болсо ийгилик жаратуусу кыйын. Ошондуктан, мектеп жашындагы балдар кѳп. Ѳлкѳнʏн намысын коргогон балдарыбыз арбын. Чыныгы спорт сʏйʏʏчʏлѳрʏ артынан бала тарбиялап, машыктырышууда.
Айгерим Приева, машыктыруучу:
- Каратэ менен 7 жашымдан бери машыгып келем. Кичинекейимден ата-энем спортко ʏндѳп тарбиялады. Беш жашымдан эле машыгууга барам десем, албай коюшкан. Ал учурда жети жаштан алышчу. Учурда тѳрт жаштан да ала беребиз. Машыктыруучум Бекмурза Эргешов. Каратэнин башка спорттун тʏрʏнѳн айырмасы, ак кийими, залдын тазалыгы, балдарга берген тарбиясы. Спорттук тарбиясы такыр башка. Сылык мамиле жасап, ар биринин тандоосун сыйлоого ʏндѳйт. Бекмурза агай катуу кармачу, бирок тарбияны туура берген. Мисалы, залга кирерде ийилип салам берип киребиз. Чыгып бара жатып да ийилип коштошобуз. Биз агайды кѳчѳдѳ кѳрʏп калсак да ийилип учурашсак кѳргѳндѳр таң кала берчʏ. Агай «туура эмес тʏшʏнʏп калышпасын, залга келгенде эле ийилип учурашкыла» деген. Улууларга болгон сый- урматты жогорулатат. 2016-жылдан бери уул-кыздарды машыктырып келем. Спортко келген, кеткен балдар кѳп болот. Ал эми спортту чындап сʏйʏп, аягына чейин чыгам деп максат кылган балдар 35ден ашат. Машыктыруучу ар бир баланын мʏнѳзʏн, жѳндѳмʏн ѳздѳштʏрѳт. Кʏчтʏʏ балдар спортту таштайбыз дегенде кадимкидей ичибиз ачышат. «Ушул балада ʏмʏтʏбʏз чоң» деп суктанып калганда «мен дарыгер болом же ырчы болом» деп спортту таштап кетишет да. Андайда кейип калабыз. Кээде тескерисинче, жѳндѳмʏ такыр жок, спорттук мʏнѳз жок эле балдар залдан кетпей коет. Бирок, аларга да мʏмкʏн болушунча аракет кылып ʏйрѳтʏп, мелдештерге алып чыгууга аракет кылабыз.
Устаттан ашкан, мен машыктырып мени таң калтырган окучуум бар. Хадича деген кыз, спорттук духу ѳтѳ кʏчтʏʏ. Сѳз менен атаандашына психологиялык атака берип турат. Мелдештерге чыкканда да кыжаалат болуп, кыжырданбайт. «Мен баары бир жеңем» деп ишеничтʏʏ айтып турчу адаты бар. Ошого жараша жеңет. Жеңиштери кѳп. Спорттогу пландарым кѳп. Эки баланын энеси болуп калсам да муну таштай албай жʏрѳм. «Жаштарга орун бербейсиңби?» деп сурагандар кѳп болот. Максатым ДЦП менен тѳрѳлгѳн балдарды акысыз машыктырсам, спорттун ушул тʏрʏнѳ тартсам дейм.
Нусуп Жолдошбаев, машыктыруучу:
- 2010-жылдан бери машыктыруучумун. Колумда 50-60дай окуучу бар. Ар бир баланын жетишкен ийгилиги кубандырат. Каратэ боюнча дʏйнѳ чемпиондугуна чейин жеткен балдар бар, алар менен сыймыктанабыз. Учурда менин колумда 4 жаштагы эки бала машыгат. Негизи баланы машыгууга кабыл алууда эч кандай талаптар деле коюлбайт. Эгер кызыгуусу болсо жок дебей кабыл ала беребиз. Бала оң, сол колду ажырата билсе эле болду. Ата-эненин тарбиясы тʏздѳн-тʏз таасир этет. Себеби, машыктыруучу менен окуучунун ортосунда туруктуу мамиле болушу керек. Башкача айтканда, окуучуда коркуу сезими болушу керек. Эгер мен баланын туура эмес кылып жатканын айтып урушсам ыйлап жиберишсе, укпаса анда процесс бузулат. Ошондуктан балдарды кабыл алууда тарбиясы чоң роль ойнойт. Машыгуу процесси жумасына ʏч жолу болот бир жарым сааттан. Ал эми баланы мелдешке даярдап жаткан учурда кʏнʏнѳ эки жолу машыгуу ѳтѳт.
Балдарды спортко кызыктыруу ʏчʏн каймана аттарды берʏʏгѳ аракет кылам. Белгилʏʏ спортчулардын аттары, кино каармандарынын аттары менен. Мисалы, Брюс Ли, Жеки Чан сыяктуу каймана аттарды алып жʏргѳн балдарым бар. Биздин ѳлкѳдѳ спортту канчалык сʏйбѳ, аны кесип катары алып кетʏʏ кыйын. Себеби, спортчуларга мамлекеттик колдоо аз. Спортту кесип катары алып кетиш ʏчʏн ал менен жашаш керек болот. Башка нерсенин баарын унутуп спорт менен гана алектениш керек. Бул ʏчʏн спортчуларга мамлекет шарт тʏзʏп берген эмес. Ошондуктан кѳпчʏлʏгʏ спортту хобби катары кѳрʏп, колу тийгенде гана машыгып коюп, башка жумуш менен алектенʏʏгѳ аргасыз болушат.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Фото: Бекмамат Айдаркулов
Кара-Суу районунда жайгашкан №95 К. Жантѳшев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Байыш Алиев робототехника жана программалоо ийримин ачып, окуучуларга ʏйрѳтʏп келет. Мындай ийрим райондо бир гана аталган мектепте бар. Ийримге кʏн санап кызыккан окуучулардын саны артып, алды интеллектуалдык сынактарда ийгилик жаратууда.
Байыш Алиев, мектеп мугалими:
“Райондук интеллектуалдык сынакта биринчи орунду алдык”
-Биринчи жолу робототехниканын ʏстʏндѳ иштеп жатам. Балдар чыгармачылык борборуна 2017-жылы киргенбиз. Мында балдардын жѳндѳмʏн арттыруу максатында иш алып барылат. Робототехника боюнча карантинге чейин январь айында БЧБ жана YouthofOsh долбоору демилгелеп, лего жасоо, тʏзʏʏнʏ ʏйрѳтʏʏ ʏчʏн Ошко окууга чакырып калышты. Эки жумалык курсту бир жумага бѳлʏштʏрʏп окутушкан. Борбордо жалпысынан 10 мугалим аталган багытта окудук. Окуу аяктагандан кийин бизге бирден атайын конструктордук набор беришти. Азыр кураштырып танк жасап койгонбуз. Окуучулар учурда программасын тʏзʏп, алдыга, артка жʏргʏзгѳндʏ, фигура жасаганды ʏйрѳнʏп жатышат. Жасаган танкыбызды райондук интеллектуалдык сынакка алып барып, биринчи орунду алып келдик. Набордогу нерселерди чогултуп, компьютердеги программаларды пайдаланып кадимки дрондун жерде жʏрѳ турганын танкка коштук. Буга телефонду же камераны улап, адам кире албай турган кооптуу жайларга киргизип, камерага тартып чыкса болот. Керектелʏʏчʏ набор аз болгондугуна байланыштуу кʏчтʏʏ жасай алган жокпуз. Телефон оор болгондуктан кѳтѳрѳ албай жатат. Бир атайын кутудагы керектелʏʏчʏ конструктордун баасы 36 миң сомду тʏзѳт. Муну бизге Американын элчилиги алып берди. YouthofOsh долбоорундагы окуткан эжекелерибиз учурдагы жетишкендиктерибизди кѳрʏп, кубанышты. Конструктор ар тʏрдʏʏ моделде болот экен. Бул окуучуларга ылайыкташкан тʏрʏ. Балдар алгач конструкторду пайдаланып робототехника иштеп чыгышат. Кийин программа жʏктѳшѳт. Кураштыруу, программалоо жолдорун интернеттен кѳрʏп, ʏйрѳнʏшѳт. Азырынча ушуларды ѳздѳштʏрʏп алсак, андан соң балдардын идеясы менен дагы кѳп нерселерди жасап чыгуу планыбызда бар.
“Конструктор бирѳѳ эле болгондуктан бардык окуучуга жетпейт”
-Бул конструктордон куралган робототехника 90 мʏнѳттѳ тʏзʏлгѳн. Ар кандай фигураларды жасай алат. ʏстʏндѳ кѳрсѳтʏлʏп турган экрандан буйрук берсек, ал жерге ошол фигураны тартат. Дагы кошумча функцияларды киргизʏʏнʏ караштыруудабыз. Конструктор бирѳѳ эле болгондуктан бардык окуучуга жетпейт экен. Эки окуучуга бирѳѳ болсо ыңгайлуу болчудай. Анткени бири-бирине атаандашып, бат жасап, бат ѳздѳштʏрʏшѳт. БЧБдан ийримдеги балдардын саны кичинекей группада алтыдан ашпасын дешкен. Чоң группаларды тогуз окуучудан турат. Конструктор 10 жаштан жогоркуларга деп кѳрсѳтʏлгѳндʏктѳн, 4-5-класстан баштап окуучулар ийримге катышууда. Ардуинонун да башталгыч баскычында ѳздѳштʏрʏп келʏʏдѳбʏз. Балдар мында жол чырактарды жасоону, ага команда берʏʏнʏ ʏйрѳнʏшʏʏдѳ. Жогорку класстагылар код жазууга белсенип калышты. Мен да бул тармакка жаңы гана аралашкандыктан кээ бир тʏшʏнбѳй калган программалар болууда. Буюрса, аны да ѳздѳштʏргѳнгѳ аракет кылабыз.
Гʏлмира Маматова, Окуу бѳлʏмʏнʏн башчысы:
“Окуучулар жакшы ѳздѳштʏрʏштʏ, ѳз алдынча айрым нерселерди жасай алышат”
-Биздин мектепке Байыш агай информатика сабагына балдардын кызыгуусу аябай артты. Себеби агай ѳз ишине чын дили менен берилип аткарат. Ѳзʏңʏздѳр кѳрʏп тургандай, техниканын кичине эле бѳлʏгʏ кымбат турат. Ошентсе да агайдын аракети менен робототехника боюнча кѳп конструкцияларды ишке ашырууда. Жакында эле Балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган республикалык интеллектуалдык балдар конкурсунан ийгиликке жетип, 1-орунду алып келишти. Негизи ийримде окуучунун саны 15ке чейин болушу керек. Бирок, конструкциянын жетишсиздигинен тѳрт окуучу азыр абдан активдʏʏ катышууда. Алар жакшы ѳздѳштʏрʏп калышты, ѳз алдынча айрым нерселерди жасай алышат. Мунун натыйжасында балдардын да ой жʏгʏртʏʏсʏ ѳсʏп, келечекте пайдасы тие турган нерселерди жасоосуна агайдын салымы чоң.
Бексултан Жусупов, 6-класстын окуучу:
“Келечекте программисттерди окутуучу мектеп ачууну каалайм”
-Ийримге катышып жатканыма бир жыл болуп калды десем болот. Кичинемден эле технологияга кызыгып, эски DVD, телевизорлордун ичинен керектʏʏлѳрдʏ алып, аккумулятор коюп, кичинекей оюнчуктарды жасачумун. Кийинчерээк агайыбыз робототехника боюнча ийрим болорун айтып, катышкыла деди. Жакшы шарт тʏзʏлʏп жаткандыктан, кызыгып катышып калдык. Алгач кѳргѳнʏңʏздѳрдѳй кичинекей танк жасадык. Ийримден кѳп нерсени ʏйрѳндʏм. Конструкторду кураштырууну ар бир бѳлʏктѳрʏнѳ токтолуп ʏйрѳндʏк. Келечекте программист болгум келет. Ошол себептен азыртан кѳңʏл буруп ѳздѳштʏрʏʏдѳмʏн. Буюрса, жогорку билим алгандан кийин программисттерди окутуучу мектеп ачууну каалайм. Ошондой эле робот жасоо жаатында кѳбʏрѳѳк эмгектенсем дейм.
Баяна Амангелдиева, 6-класстын окуучусу:
“Максатыма жетʏʏдѳ программалоо сѳзсʏз тʏрдѳ жардамын берет деп ишенем”
-Мен дагы программалоого кызыгып катышып калдым. Кыздардан экѳѳбʏз элебиз. Бирок, аракет кылып, ʏйрѳнʏп жатабыз. Компьютерден роботторду жасаганды кѳрʏп, практика жʏзʏндѳ конструктордун жардамында ѳз колубуз менен жасап, кураштырып, программа жʏктѳгѳндʏ билип калдык. Роботторду жасап, аларга жумуштарды аткартса же музыкалык аспапта ойнотуп, же дагы башка милдеттерди жʏктѳсѳ болот. Чоңойгондо дизайнер болууну максат кылуудамын. Максатыма жетʏʏдѳ азыркы ʏйрѳнʏп жаткан программалоо, компьютердик технология сѳзсʏз тʏрдѳ жардамын берет деп ишенем.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Шаардын Уркуя Салиева атындагы кѳчѳсʏ толугу менен реконструкцияланат. Ѳткѳн жумада реконструкциянын эскиздик долбоору иштелип чыгып, шаар тургундарынын алкышына татыды. Калаа башчысына алкышын айтып, иштерине ийгилик каалаган шаар тургундары менен жолугуп, маектештик.
Тургундар мыйзамсыз курулуштарды бузууга кѳмѳк кѳрсѳтʏштʏ
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштʏʏ жетекчилер менен билгеликте Манас-Ата кичи районундагы Салиева кѳчѳсʏн жана кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏн айланасын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана кѳрктѳндʏрʏʏ боюнча комплекстʏʏ иш-чаралардын жʏрʏшʏ менен таанышты. Анын негизинде жергиликтʏʏ тургундар менен жолугуп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏздʏ. Жеринде тиешелʏʏ кызматтардын жана органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Салиева кѳчѳсʏнʏн Жийделик кѳчѳсʏ менен кесилишинен Касымбеков кѳчѳсʏнѳ чейинки кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏн айланасында мыйзамсыз обьектилерди демонтаждоо иштерин жʏргʏзʏп жатышат. Обьектилерди демонтаждоо жана санитардык тазалоо учурунда, аткарылып жаткан иштер жѳнʏндѳ тургундарга алдын-ала эскертʏʏ берилʏʏдѳ. Кѳпчʏлʏк тургундар жʏргʏзʏлʏп жаткан иштерге тʏшʏнʏʏ менен карашып, мыйзамсыз салынган имараттарын бузууга жардам жана колдоо кѳрсѳтʏшʏʏдѳ.
Алтынбек Пирматов, Ош шаардык мэриясынын шааркуруу, муниципалдык менчик бѳлʏмʏнʏн башкы адиси:
«Долбоордун сметалык баасы белгилʏʏ боло элек»
- Ош шаарын ѳнʏктʏрʏʏ планын негизинде 2019-жылы Кулатов кичи районундагы Б. Осмонов кѳчѳсʏ реконструкцияланып, 850 метр аралыкты ээлеген “Ак ниет” аллеясы курулган. Ал жердеги мыйзамсыз курулуп калган соода тʏйʏндѳрʏ тазалоо оңойго турган эмес. Ал эми 2020-жылы Р. Абдыкадыров кѳчѳсʏ толугу менен оңдоп тʏзѳѳдѳн ѳткѳрʏлʏп, тургундар эс алуучу чакан жай пайда болгон. Атʏгʏл, видеобайкоо орнотулуп, жашоочуларга мыкты шарттар тʏзʏлдʏ. Мына ошол ѳнʏктʏрʏʏ планын улай 2021-жылы Ош шаарынын эң эски району болгон мурунку ХБК, азыркы Манас-Ата кичи районундагы Жийделик кѳчѳсʏнѳн баштап, Касымбеков кѳчѳсʏнѳ чейинки аралыкты иреттѳѳ, тартипке салуу иштери башталды. Мындан сырткары, 1 километр аралык жерди жашылдандыруу жана кѳрктѳндʏрʏʏ боюнча атайын долбоор иштелип чыкты. Ага эмнелер кирет? Салиева кѳчѳсʏндѳгʏ жол толугу менен жаңыланат, автоунаа ѳтʏʏчʏ жол жана жѳѳ жʏргʏнчʏлѳр ѳтʏʏчʏ жолдор. Ирригациялык арыктар, тротурлар салынат. Сейил бак, фонтан курулат. Кошумча ошол кѳчѳдѳгʏ кѳп кабаттуу ʏйлѳрдʏн сырты сырдалат. Салиева кѳчѳсʏндѳ илгертен калып кеткен темир гараждар кѳп болчу. Аларды бʏт тазалап, ордуна автоунаа токтоочу жай курулуп жатат.
Бʏгʏнкʏ кʏндѳ эскиздик долбоор иштелип чыгып, архитектуралык сметалык иш кагаздары даярдалып жатат. Шаардын бюджети февраль айында бекитилсе, ага чейин долбоордук сметалык баасы белгилʏʏ болот. Буюрса, курулуш иши май айында башталат деген пландарыбыз бар. Эгер план боюнча баштап алсак, ушул жылдын сентябрь же окябрь айында пайдаланууга берип калабыз.
«Биз шаардын ѳзгѳрʏшʏн, ѳнʏгʏшʏн каалайбыз»
Чынара Абышова, Салиева кѳчѳсʏнʏн жашоочусу:
- Бул кѳчѳдѳ жашаганыма 17 жылдан ашты. Кароосуз калып кеткен район деп кейий берчʏбʏз. Мына Куйдайым жалгап, быйыл кѳксѳѳбʏз ишке ашып жатат. Мэр ѳзʏ келип биз менен жолугуп, тʏшʏндʏрʏп кетти. Жетекчи деген ушундай болот, туура кабыл алдык. Темир гараждар таштандыга толуп калган эле. Кечээ аларды бузуп жатканда канчалык таштандылардын арасында жашап жатканыбызды кѳрдʏк. Ошонун баарын тазалап, акырындан иретке келе баштады. Кѳчѳбʏз бир кыйла бошой тʏштʏ. Мэрге рахмат. Шаарды ѳнʏктʏрʏʏгѳ болгон кʏч- аракетин жумшап жатат. Биз дайым колдойбуз.
Айгʏл Абдыкадырова, Салиева кѳчѳсʏнʏн жашоочусу:
- Оңдоп-тʏзѳѳ иштерин эртерээк бʏткѳрʏп берсе деген эле тилегибиз. Мурун ылай болуп жʏдѳтчʏ жерлер азыр андан сайын баткак болуп, жѳѳ жʏргѳндѳргѳ бир топ эле кыйын болуп калды. Курулуш иштерин эртерээк баштап, эртерээк бʏтʏрʏп беришсе экен. Чыдамсыздык менен кʏтʏп жатабыз. Эскиздик долбоорунун сʏрѳттѳрʏн кѳрдʏк. Аябай сонун иштелип чыгыптыр. Кудум ошол сʏрѳттѳгʏдѳй бʏтсѳ экен деп эле тилендик. Мэр Таалайбек Насырбекович менен жолукканда да бул сунуш, каалоолорубузду айттык.Туура кабыл алып, эске алынарын билдирди. Социалдык тармактардан мэрдин ишмердʏʏлʏгʏнѳ сын-пикир айткандарды окуп калып, зээнибиз кейиди. Иштеп жаткан жетекчини иштейт деп эле мактоо да колубуздан келбей калыптыр элдердин. Иштеген ушунчалык болот да. Шаар тургуну катары мен азыркы мэрибизди колдойм. Жашаган ʏйлѳрʏбʏздʏн сыртын сырдоону да колго алып, ага кетчʏ каражаттын 50 пайызын мэрия тѳлѳп берʏʏдѳ.
Айтбʏ Кадырова, шаар тургуну:
- Салиева кѳчѳсʏ менен Раззаков кѳчѳсʏндѳ быйыл чоң ѳзгѳрʏʏлѳр болууда. Эң негизгиси келемиш менен таштанды толгон темир гараждардан кутулдук. Мындан сырткары, ʏйлѳр сырдалат, жолдор оңдолуп, сейил бак курулат. Кѳп жылдан бер бул райондо жашаган жаран катары аябай кубандым. Таалайбек Насырбекович келгенден бери Ош шаарында кѳп нерсе ѳзгѳрдʏ, алдыга жылды. Муну бир эле мен эмес, шаар тургундарынын баары айтышууда. Долбоорун кѳрʏп сʏйʏндʏк. Азыр биз неберелерди жетелеп алып эс алуучу жашка келдик. Курулуш иши аяктап, пайдаланууга берсе ошентип эс алчу да кʏнʏбʏз келет. Шаарыбыз мындан ары да ѳнʏксʏн, ѳссʏн. Биз шаардыктар мэрди колдоп, батабызды гана берип турабыз.
Барнайым Мамажалиева, шаар тургуну:
- Салиевада жашаганыма 20 жылдай болду. Ушул убакытка чейин эч бир мэр биздин районго кѳңʏл бурган эмес. Кулатовду кандай ѳнʏктʏрʏп, кѳркʏнѳ чыгарып койду. Демек, мэрдин мындай ишмердʏʏлʏгʏ токтобойт. Акырындык менен ѳзгѳртʏп келатат баарын. Эскисин жаңылап дегендей. Эң негизгиси быйылкы жылы биздин кичи район иш планыны киргенине ыраазы болдук. Суранычыбыз, балдар ойноочу аянттарды кѳбʏрѳѳк куруп берсе. Кѳрктѳндʏрʏʏ иштери кѳбʏрѳѳк болсо, ʏйлѳрдʏн астына гʏл эгилсе. Муну жашоочулар ѳзʏбʏз ишке ашырууга даярбыз.
Бактыгʏл Калдарбай кызы
Илим алуу - кѳпчʏлʏк тʏтѳ алгыс тʏйшʏктʏʏ жол. Ѳмʏрʏнʏн эң кымбат бѳлʏктѳрʏн билим алууга, изилдѳѳгѳ арнаган илимдин чыныгы кандидат, докторлору бʏгʏнкʏ кʏндѳ саналуу эле. Алардын билимин, илимин туура пайдаланып, ѳздѳштʏрʏп алып калуу кийинки муундан кѳз каранды. Бул сапар “Илимдеги инсан” рубрикабыздын коногу 31 жылдан бери Ош технологиялык университетинде эмгектенип келген техника илимдеринин доктору Белекбек Жолдошов болду.
-Мен 1965-жылы Жапалак айылында жарык дʏйнѳгѳ келгем. Азыркы Курманжан Датка мектебинде билим алдым. Мектепти аяктагандан соң 1982-жылы Советтер союзу маалында Орусиянын Куйбышев политехникалык институтунун (азыркы Самара мамлекеттик техникалык университети) физика-технологиялык факультетине тапшыргам. Кийинчерээк 1984-жылдан 1986-жылга чейин армияда кызмат ѳтѳдʏм. Кайрадан окуумду улантып, 1989-жылы институтту аяктадым. Кыргызстанга келгенден кийин Билим берʏʏ жана илим министрлигинин атынан Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу филиалына жѳнѳтʏлгѳм. 1993-жылга чейин мугалим болуп иштеп, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине стажер жана аспирант болуп ѳттʏм. 1997-жылы КРнын илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунда “Азот камтыган металлдар менен галогениддердин кошулмаларынын термодинамикалык функциялары” (Термодинамические функции аддуктов галогенидов с азотсодержащими металлами) темасы боюнча кандидаттык диссертация жактап, 1998-жылы химия илимдеринин кандидаты дипломуна ээ болдум. Мугалим, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы баскычтарын басып ѳттʏм.
-2007-жылы Россия Федерациясынын “Эл аралык кызматташтык бѳлʏмʏ” жана Билим берʏʏ жана илим министрлиги уюштурган конкурсуна катышып, Орусиянын ЖОЖуна докторантуранын кʏндʏзгʏ бюджеттик окуу бʏлʏмʏнʏн грантына ээ болдум. Конкурска 30 адам катышкан экен. Алардын ичинен жалгыз мени гана кабыл алышкан. Ал маалда ОшТУда автотранспорт факультетинин деканы болчумун. Кʏндʏзгʏ докторантура бѳлʏмʏнѳ кабыл алгандыктан, “генерал болууну кыялданбаган солдат, солдат эмес” дегендей мен да кубануу менен кабыл алдым. Мага эмнеси жакты? Чакырууну карап кѳрсѳм, бардык Орусиянын жарандарындай эле укукка ээ болуп, 12,5 миң рубль стипендия берилет экен. Курс 2,5 болчу. Биздин акчага 30 миң сомго жетет. Бул бир жагы. Экинчи жагынан Орусия бизге салыштырмалуу бай ѳлкѳ, маданияты, жашоо-турмушу таптакыр башкача. Барганда эле окуудан башка эч нерсени ойлонбо дешип, эки бѳлмѳлʏʏ батирге жайгаштырышты. Ошентип 2008-жылы ошол эле Самара мамлекеттик техникалык университетинде докторантурада окуп баштап, 2012-жылы аяктадым. Ошол аралыкта 27 илимий макалам Орусияда жарыяланды. Анын ичинен 8и Москвадагы журналдарга чыкты. Мага студент кездеги агайым Муратов Владимир Сергеевич жардам берди. Кѳрсѳ ал техника илимдеринин доктору, профессор болуп калган экен. “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деп айтылгандай, 2014-жылы 49 жашымда бышып, такшалып (аспаптык болотторду жылуулук менен иштетʏʏнʏ иштеп чыгуу) “Разработка форсированной термической обработки инструментальных сталей” (аспаптык болотторду жылуулук менен иштетʏʏнʏ иштеп чыгуу) темасындагы доктордук илимий жумушумду ийгиликтʏʏ жактагам. 2015-жылы техника илимдеринин доктору дипломуна ээ болдум. Илимий жумушту текшерип, анализдѳѳ ʏчʏн жашыруун эксперттер тʏзʏлѳт. Мен Орусияда жактагандыктан, мен билбеген, тааныбаган жакка илимий ишим жѳнѳтʏлʏп бааланган. 1950-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкты изилдегем.
Учурда 112 макаланын, 50гѳ жакын китептин жана 5тен ашык монографиянын авторумун. Эки аспирантка илимий жетекчимин.
-Илимде докторлукту жактоо 45, 47, 49 жаш курактарда кѳп кездешет экен. Адам баласы турмуш курганга чейин ѳзʏнчѳ эле бир илим, фантастика жѳнʏндѳ ой жʏгʏртѳсʏң. Илим кѳп эмгекти, мээнетти талап кылат. Илимге киришкенден кийин сага эч ким “сен доктор болосуң” деп кепилдик бербейт. Менин оюмча илимде ийгилик жаратуу ʏчʏн, кѳздѳгѳнʏңѳ жетʏʏ ʏчʏн туруктуулук, ѳзʏңѳ болгон ишеним абдан керек. Ошондой эле ʏй-бʏлѳңдʏн колдоосу маанилʏʏ. Жубайым балдар кичинекей болсо да, дайыма мага колдоо кѳрсѳтʏп турду. Докторантурага ѳткѳндѳн ʏч айдан кийин кайра келип, жубайымды алып кеткем.
-Советтер союзундагы илим изилдѳѳчʏлѳр менен азыркы Кыргызстандагы илим жактагандарды салыштыргым келет. Мурун СССР маалында аспиранттарды, кандидаттарды институт ѳзʏ макаласына тѳлѳп, жѳнѳтчʏ экен. Кийин бул нерсе жоюлуп ар бир кандидат же аспирант ѳзʏ акысын тѳлѳп калды. Бул мен айткан биринчи турмуштук кыйынчылык. Экинчи бардык статья чыкканда акылуу жарыяланып баштады. Анда да макаланы жарыялоо ʏчʏн акча табуу керек. Мында экономикалык кыйынчылыктар жаралды. Ошол кырдаалда да ишеничти ѳчʏрбѳй, айланаңдагы жакшы адамдар менен ийгиликке жетсе болот.
Илимий иш жазууда мага жол кѳрсѳткѳн биринчи кандидаттык жетекчим химия илимдеринин доктору Мира Баткибекова болгон. Ал ѳз убагында кандидаттык ишин Германияда, докторлук илимий ишин Москвада коргогон. Жетекчилерим мага моралдык жактан стимул берип, абдан жакшы колдошкон.
Техникалык илим башка илимдерге салыштырмалуу ѳтѳ кѳп мээнетти талап кыларын дагы бир ирет айтып кетет элем. Докторлукка жетʏʏ ʏчʏн байкоо, анализ, изилдѳѳ болушунча так бышып жетилʏʏ кажет. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ студенттерге лекция окууда 90 пайыз кагаз же китепти карап окубайм. Анткени мен ал темаларды практика жʏзʏндѳ кеңири изилдегем.
-Азыркы мезгилде жаштар арасында техникалык тармакка умтулгандар сейрек. Лекцияга киргенде алгач тѳрт студент, кийин 7-10 болуп кѳбѳйʏп кетишет. Мен дайыма студенттердин кызыгуусун ойготуп, сабакты кызыктуу кылып ѳткѳнгѳ аракет кылам. Ошондой эле студенттерге теория менен чектелбей, кѳзʏңѳр менен кѳргѳнʏ аракет кылгыла деп айтып келем. Адам бир эле жолу жашайт. Ошондуктан илимий жолду ар бир адам сѳзсʏз кѳрʏшʏ керек. Илимсиз келечек жок. Мекенибизде канчалаган кен байлыктарыбыз бар. Иштетʏʏнʏ билбей, технологиянын ѳнʏкпѳгѳнʏнѳн канчасы сыртка чыгып, аз пайызы гана бизде калууда. Ѳзʏбʏздʏн илим ѳнʏксѳ, ѳзʏбʏз иштетсек кандай жакшы. Андыктан жаштарды илим алууга чакырат элем.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Сʏрѳт: Бекмамат Айдаркулов
Кѳз карандысыздыктын ѳткѳн отуз жылдык мезгилиндеги Кыргызстандын соңку тарыхы республиканын аткаруу бийлигинин башчыларынын тигил же бул деңгээлдеги активдʏʏ ишмердʏʏлʏктѳрʏ менен эмес, кызмат орундарына чагылгандай тездик менен келип, ошондой эле кыска убакытта кызматтан кеткендердин болуп кѳрбѳгѳндѳй ʏлгʏ-мисалын тартуулаап келе жатканын жаап- жашырууга мʏмкʏн болбой калды. Себеби, февралдын башында бекитилген ѳкмѳттʏн жаңы курамы ѳкмѳт башчы менен бирге кѳп болсо ʏстʏбʏздѳгʏ жылдын май айына чейин гана ѳз милдетин аткараары алдын ала айтылып жатат. Суверендʏʏлʏк башына конгон кʏндѳн баштап эле Кыргызстандын премьер-министрлери бир же эки жыл гана кызмат ордунда олтургандыгы, айрымдарынын кызматты ээлѳѳ убактысы жылга да жете бербей, айлар менен гана чектелип калганы белгилʏʏ.Демек, Кыргызстандын премьер-министрлеринин парады кѳчʏн дагы уланта турган болуп калды окшойт, параддын акыркысы болсун деп тилеп туралы.
Эгемендʏʏлʏкѳ ээ болгондон берки мезгилде республиканын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун мезгилсиз ѳлʏмʏ калың журттун кѳңʏлʏн ѳйʏтʏп, арманын кѳбѳйтʏп келе жатат. Арманын кѳбѳйтʏп дегеним, эгерде Исанов кырсыктан ажал таппаганда, илим-билимдʏʏ ѳкмѳт башчы катары кыргызга кандай кызмат кылып, кандай жаңылык жана ѳзгѳрʏʏлѳрдʏ алып келет эле деген суроо ошол бойдон жоопсуз калып кеткени ѳкʏнʏчтʏʏ болууда. Жокко сот да жок деп коет орустар мындайда.
Насирдин Исанов Кыргыз Республикасынын премьр-министрлик кызматында1991-жылдын 21-январынан ѳзʏ жол кырсыгынан каза тапкан 1991-жылдын 29-ноябрына чейин иштеген.
Андрей Иордан 1991-жылдын 29-ноябрынан тартып 1992-жылдын 10-февралына чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон.
Турсунбек Чынгышевдин премьер-министрлиги 1992-жылдын 10-февралынан 1993-жылдын 13-декабрына чейин созулган.Кыргызстанды бʏгʏн бʏтʏндѳй жеп-жутаарга аз калып отурган коррупция баш кѳтѳрʏп баштаган ошол доордогу абалды «Азыр бизде акмактар менен жалкоолор гана уурдабайт!» деген кейиштʏʏ сѳздѳрʏ менен элдин эсинде калды. «Сѳз деле иш» деп Лениндин айтканы эске тʏшѳт.
Алманбет Матубраимов ѳкмѳт башчысы милдетин 1993-жылдын 13-декабрынан 1993-жылдын 14-декабрына чейин аткарган.
Кудай жалгап, Кыргызстандын премьер-министрлеринин арасынан салыштырмалуу узагыраак иштегендерден бир гана Апас Жумагуловду бѳлʏп кѳрсѳтсѳ болот. Апас Жумагулов Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматын 1993-жылдын 14-декабрынан 1998-жылдын 14-мартына чейин аркалады.Бирок, Апас Жумагуловдун артында оозго алаарлык, кѳзгѳ толоорлук бирди-жарым иш-аракеттер калбаганы албетте, ѳкʏнʏчтʏʏ, ал андайга тажрыйбалуу ишмерлерден эле.
Кубанычбек Жумалиев кыргыз ѳкмѳтʏн кыска гана убакытка – 1998-жылдын 14-мартынан 1998-жылдын 23-декабрына дейре жетектеген.
Борис Силаев 1998-жылдын 23-декабрынан 25-декабрга чейин премьер-министр, ал эми 1999-жылдын 4-апрелинен 1999-жылдын 12 –апрелине чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын ээлеген.
Силаевди Жумабек Ибраимов алмаштырып, ал премьер-министрлик кызматта 1998-жылдын 25-декабрынан 1999-жылдын 4-апрелине дейре иштеген. Премьер-министрлердин арасынан ѳз милдетине ѳтѳ жоопкерчиликтʏʏ мамиле жасагандардын бири дал ушул Жумабек Ибраимов болгондугу талашсыз.
Амангелди Муралиев премьер-министрлик постту 1999-жылдын 12-апрелинен 2000-жылдын 21-декабрына чейин ээлеген.
Прагматик жетекчи катары бир катар аракеттери менен эсте калган Курманбек Бакиев ѳкмѳттʏ 2000-жылдын 21-декабрынан 2002-жылдын 22-майына чейин жетектеп турган.
Николай Танаев 2002-жылдын 22-майынан тартып 2005-жылдын 25-мартына чейин премьер-министр болгон. Парламенттик шайлоолордо «бергенин алгыла да, кабинага киргенде ѳзʏңѳр билгиле!» деген балит технологиянын ураанын Аскар Акаев менен бирге кѳтѳргѳнʏ улуу муундардын эсинен чыга элек болсо керек.
Медетбек Керимкулов кыргыз ѳкмѳтʏн 2005-жылдын 20-июнунан 2005-жылдын 10-июлуна чейин жетектеген.
Феликс Кулов Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын 2005-жылдын 15-августунан 2007-жылдын 29-январына чейин аркалады.
Азим Исабеков Кыргызстандын премьер-министри болуп 2007-жылдын 29-январынан 2007-жылдын 29-мартына чейин иштеген.
Исабековду Алмазбек Атамбаев алмаштырып, ал 2007-жылдын 29-мартынан ошол эле жылдын 28-ноябрына чейин кыргыз ѳкмѳтʏн жетектеген.
Искендербек Айдаралиев республиканын премьер-министринин милдетин 2007-жылдын 28-ноябрынан 2007-жылдын 24-декабрына дейре аткарып турган.
Игорь Чудинов премьер-министрлик постто 2007-жылдын 24-декабрынан тартып 2009-жылдын 21-декабрына чейин иштеген.
Данияр Yсѳнов Кыргыз Ресаʏпубликасынын премьер-министрлик кызматында2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 10-апрелине чейин иштеген.
Роза Отунбаева республиканын ѳкмѳт башчысынын милдетин 2010-жылдын 7-апрелинен 10-декабрга чейин аткарган. Отунбаева кыргыз саясатына качанкы унут калган «декрет» деген сѳздʏ сʏйрѳп кирʏʏсʏ менен эсте калган десе болот. Баса, дал ошол кездерде «декреттер мыйзам кʏчʏнѳ ээ, бул жѳнʏндѳ декрет бар» деген белгилʏʏ сѳзʏн ошондогу юстиция министри Аида Салянова айтып калганы бар.
2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 1-декабрына чейин премьер-министрлик кызматты Алмазбек Атамбаев экинчи жолу ээлеген.
Ѳмʏрбек Бабанов премьер-министрлик кызматты 2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 5-сентябрына чейин ээлеп турган.
Аалы Карашев 2012-жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьр-министрдин милдетин аткарып турган.
Жантѳрѳ Сатыбалдиев 2012-жылдын 5-сентябрынан 2014-жылдын 25-мартына чейинки Кыргызстандын премьер-министри.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын премьер-министрлик кызматында бир жылдан ашыгыраак, тактап айтканда 2014-жылдын 25-мартынан 2015-жылдын 1-майына чейин иштеди.
Темир Сариев кыргыз ѳкмѳтʏн 2015-жылдын 1-майынан 2016-жылдын 11-апрелине чейин жетектеген. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Садыр Жапаров, Артем Новиков болду.
Кыргызстан премьер-министрлердин санынын кѳптʏгʏ жагынан эле айырмаланбайт. Кыргыз ѳкмѳт башчыларынын арасында камалгандар да аз болбой жатканын ѳкʏнʏʏ менен белгилеп ѳткѳнгѳ аргасызбыз. Андайлардын бири экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ѳткѳн аптада мыйзамсыз баюуга шектелип, эки айга камакка алынды. Дегеле, Кыргызстанда ушул кʏнгѳ чейин ѳкмѳт башчылыгына деңгээли жогору жетекчи келе электигин талдоочулар баса белгилеп жʏрʏшѳт.Премьер-министри баш болгон ѳкмѳттʏн кыска убакытта эле улам алмаша берʏʏсʏнѳ акыркы мезгилдерде парламенттик башкаруу формасы деп аталган система ѳтѳ жагымдуу шарт тʏзʏп бергенин эксперттер бир добуштан баса белгилеп келишет.
Жума башында Жогорку Кеңеш ѳлкѳнʏн жаңы ѳкмѳтʏнʏн курамын бекитип, жаңы премьер-министрин дайындаганы маалым болду. Ошентип мурдагы эсеп палатасынын тѳрагасы Улукбек Марипов жаңы ѳкмѳт башчы болду.
Канткен менен республиканын жаңы ѳкмѳтʏ ашып барса алты ай гана иштээри мʏмкʏн экендигин эксперттер белгилешʏʏдѳ. Анткени, парламенттик шайлоо май айында болушу ыктымал. Жаңы баш мыйзам кабыл алынса, анын ыйгарым укуктары, милдеттери чектелет. Референдумдан кийин парламенттик шайлоо болсо ѳкмѳт кетерин талдоочулар эскертишет. Жаңы Баш мыйзамдын редакциясында премьер-министр эмес, министрлер кабинетинин тѳрагасы деп аталат деген да сѳздѳр да айтылууда.
Албетте, жаңы келген ѳкмѳт деле алгылыктуу иш жʏргʏзʏп кетиши оор болот деп айтууга мʏмкʏн. Экономикалык, саясий, кадрдык кризис,жакырчылык, жумушсуздук, каржылык тартыштык, кымбатчылык быйылкы жылы да ыргагын басаңдатпай улааарын алдын ала аңдап-багуу кыйын эмес. Конституциялык референдум, парламенттик жана жергиликтʏʏ кеңештерге депутаттарды шайлоолор, кыскасы ʏстʏбʏздѳгʏ жыл ушуга окшошогон маслелердин артынан жʏрʏп эле ѳтʏп кетиши мʏмкʏн экени турган сѳз.
Абдираим Мамытов
Кѳркѳм -даректʏʏ баяндан ʏзʏндʏ
Биринчи бѳлʏм
Алмакан сулуу
(башталышы ѳткѳн санда)
Бʏт Тѳлѳйкѳн тʏп кѳтѳрʏлѳ келип, айылга жакын шаардык ѳзбек ашыналары, алыс – жакын авлати менен тажыясын каада- салтында ѳткѳрдʏ. Матинин ʏйʏнʏн алдына алты канат боз ʏй тигилди. Сѳѳктʏн мартабасын ашырмакка Мати байдын кандай адам болгонун жар салдырыш ʏчʏн оозунда сѳзʏ барлары кошуп ырдасын дешти уруу аксакалдары. Салт боюнча жек-жаатына караштуу бʏт кыз – кыркынын, келин – кесегин чогултуп, аялдар кыбыланы тиктеп ыйлап отурушту.
Алмакандын кѳкʏрѳгʏнѳ тынчтык бербеген ой бирде канат байлап, бирде сыныккансып, эзгилеп жиберди. Бир туруп айтсамбы – айтпасамбы деп ыргылжың болсо, бир туруп: «Атама кошпогондо кимге кошом? Атам кандай адам эле?…» деген ойдон, атасынын дарегине айтылган мактоолордон эрдемсинип кетет. Кѳѳдѳнʏ кѳлкʏп, оозуна сала берген ырды авазына окшоштура албай, муңканткан кайгылуу каадасына келтире албай жатты. Кошоктун кошоктой болушу ʏчʏн кайгынын ачуу даамынан да, акыйкат ѳлʏм ак экени, кимди болсо да баш ийдирери жанына батты. Ошол нерсе ээ – жаа бербей, алдыга жʏткʏнтʏп, ыр сымал саптары ачыкка атырылып, ызы – чуунун басаңдашын кʏтʏп, ѳз пайтин табалбай жатты…
Нарбʏ ыйдан жашы кургагандай, жеңеси ʏйрѳткѳн кошокту тʏзʏк эле созолонтуп баратып, эки ʏч сабын кайра- кайра кайрып, калганын эстей албай дудаланып калат. Сѳзгѳ чоркоктугун, эс тутумунун чабалдыгын сезип, ѳзʏнѳн ѳзʏ уялып, кысынып – кымтынганын башкалар да туюшту. Чала кошокчу атыккан жеңеси ошол ыңгайсыздыкты, демдене албай жаткан аза ыйын билдирбеске эл угуп бʏткѳн, эл ичинде айтылуу саптарды жаадырат. Алымсынгандар байкалбайт.
Боз ʏйдʏн ичине аял аттуулар батпай, жашыраактары босогодо туруп, «кимиси кандай кошот» деген ойдо, угуп эле эмес, «кимисинин даремети кандай» дегендей, Нарбʏнʏ кыздары менен сындан ѳткѳрʏп жатышты. Жардап тургандардын ичинен жашы улгайган жоон – жолпу кемпир кошокко ичи чыкпагандай тʏз эле айтты:
- Ээ ботом, эки кызынан ʏн чыкпайт да? Тилдерин жутуп алганбы?
- Уулуп – уңшубай, атаңарды кошуп ырдагыла !– деди экинчи ʏн.
Ошону эле кʏтʏп тургансып Матинин жакын эжелеринен, кѳрʏнгѳнгѳ киришип, «кара жаак» атыккан Моймол кемпир кыбыланы карап, ʏңʏлдѳп ыйлап отурган эки кызга буйруй сʏйлѳдʏ:
- И – ии, атаңардын бай болгону жалганбы! Бай атам деп кош. Жетим – жесирге каралашкан жакшылыгын кош. Эл бѳз кийсе, силерди кытайдын шайысы менен тʏрлѳнтʏп, Никалайдин тикме машинесин безентип, чебер атыктырганын кош! ʏңʏлдѳп ыйлаганды мен маңгал деле билем! – деп зекигенде, бирде – экиде ѳлʏм – житимге аралашып, кошок айтпаган Алмакандын жʏрѳгʏ туйлап, жарылып кеткенсиди.
Кайгыга кайышкан кѳкʏрѳгʏндѳгʏ ыр сымал саптар арсарланып, сыртка атып чыга албай жаткан. Бир маалда аа деп, ооз ачканда, биринчи мертебе сѳз тизмеги ѳзʏнѳн – ѳзʏ оролуп, ѳзʏнѳн – ѳзʏ куюлуп келди. Адегенде ʏнʏ калтырап пас чыкты, бара – бара чыйралып, кубаттангансып оболоп кетти.
Бектер бир келет бел ашып,
Бедерлʏʏ тону жарашып.
Бек уулундай бай атам,
Кайдадыр кетти адашып.
Оо – уу – о – уу – ех..
Кандар бир келет кармашып,
Камкалуу тону жарашып.
Кан уулундай бай атам,
Кайдадыр кетти адашып.
Оо – уу – о – уу – ех…
Заңкылдап ʏнʏ ачык, бийик экен. Эки – ʏч аттамдан ары угулбаган апасынын кошогун басып, бʏт коргондун ичин муңкантып ээлеп алды.
Турган – турган ордунда муюп укту. Пѳстѳктʏн тешигиндей жыртык кѳзʏн чылпак басып, бели бʏкʏрѳйʏп, колундагы таягын кʏндѳп – тʏндѳп медер туткан карылардын зээни ушунчалык кейидиби, араңдан-зорго сыгып алгансыган чолок кѳз жаш айласыздан ыргып жаткансыды… Карысын деле, жашын деле бʏт ыйлатты Алмакандын кошогу. Оо, жарыктык пендең деген минтип кʏнʏ бʏтʏп, суусу тʏгѳнгѳндѳ бир кʏн баарын жыйыштырып, кой – турга келбей, оо дʏйнѳ аттанып кете берери насиби экен да деген ойго муюп, нары жакка барса келбес, тʏбѳлʏктʏʏ сапарга кете турган сѳѳккѳ боор ооруп,” бир кʏнʏ мен да ушунун ордуна болом” деген калетсиз ойдон жашып турушту...
Ашыктуу жилик мʏлжʏттʏң,
Аргымак аттай жʏгʏрттʏң.
Айлансам атам кʏйѳрʏм,
Кʏйбѳй бир кантип жʏрѳйʏн.
Оо – уу – о – уу – ех.
Томуктуу жилик мʏлжʏттʏң.
Тобурчак аттай жʏгʏрттʏң,
Кагылсам атам кʏйѳрʏм,
Кʏйбѳй бир кантип жʏрѳйʏн.
Оо – уу – о – уу – ех…
Алтындан кемер бел кѳркʏң,
Айлансам атам эл кѳркʏм,
Кʏмʏштѳн кемер бел кѳркʏң,
Кʏйѳрʏм атам эл кѳркʏм.
Оо – уу – о – уу – ех…
Так ошол маалда коргондун жыгачтан жасалган дарбазасынан беш – алты атчан жакындап келатты. Тулкусу чымкый кара, эки таноосунун ортосунда ʏч – тѳрт манжачалык кашкасы бар карагерди булкунтуп, эң алдыда келаткан кишинин ким экенин тааный коюп, тажыя башкаргандардын бирѳѳсʏ чебелектей тʏштʏ.
- Абдырайым бек келатат. Атын алгыла!
Сѳѳктʏ майрам сууга алып бʏтʏшкѳн. Жаназасын тʏшʏргѳнгѳ каз-катар эркектер тизилип, котологон кѳпчʏлʏктʏн алды-арты билинбейт. Баары тымтырс, шашкан кѳздѳр кѳчѳ тарапты жалт карады. Эки жигит топтон суурулуп, атчандарды кѳздѳй басты. Элдин аягынан да бирѳѳ аларга кошулду.
Суусар тебетейди баса кийген, тʏлкʏ ичигин топчуланбай эки ѳңʏрʏн бош коё берген кең кѳкʏрѳгʏн далдайтып, жерди ныгыра баскан даражалуу киши колундагы камчысын бооруна алып, ар жактан эле ѳкʏрʏп кирди.
- Бооруман айрылдым! Боорум-ой…боорумо-ой…
Аны коштоп, артындагылар ʏн чыгарышканда, боз ʏйдʏн керегесине туштай эки тарапта кыркалакей тизилип турушкан авлатиндагилер белгисиз кʏчтѳн жандана тʏшкѳндѳй, мартабалуу конокторго ызаат кѳрсѳткѳндѳй катуу ѳкʏрʏштʏ.
Алайдын Абдырайым беги Матиге кайдан жʏрʏп боор боло калды? Кексе кишилердин башы ушуга маң. А-а, шыпылдаган соодагер Кашкардан дʏр-дʏйнѳ товар тартып жʏргѳндѳ, Оштун тегерегиндеги аты чыккан бай – бийлер менен ымалашып, жакшы – жамандыгына катышы барлыгын, букадыр – кѳңʏл эзелиден “бардыкы барман менен, жоктуку арман менен” экенин билишпейби? Салт-санаанын каадасы менен кѳңʏл айтылгандан кийин боз ʏй ичиндеги авазынын не бир мукамы кѳңʏлдʏ дирт эттирген келиндин ʏнʏ бура бастырбай, ошердеги саман-пакалдын ʏстʏнѳ салынган шалчага малдаш уруп, отура калды. Жанындагылар да ооз ачпай бекти туурап, кандай отурса, дал ошондойчѳктʏшʏштʏ.
Нарбʏнʏн жеңеси ызааттуу кишинин отурганын кѳрѳ коюп, жанындагыларды тынчтантмакка шыбырай, Алмаканды ʏнʏңдʏ катуураак чыгар дегендей нукуду. Эми Алмакандын ʏнʏ кысылбай эркинирээк, арымдуураак чыкты. Башында айткан кошогун кайталап, муундарын куюлуштура дааналап, ар бир сабына басым жасап, кыябын келиштирип созолонтту. Атасынын чоң соодагер болгонун, булгары ѳтʏк кийип жаш мырзалардай жʏргѳнʏн, кытайдын жибеги менен кыз-кыркынын тʏрлѳнткѳнʏн бир айтып, мусапыр менен карыпка кайрымдуу болгонун эки айтып, ошондой кишинин мʏңкʏп-мʏдʏрʏлбѳй, кандайча жантаслим болгонун мындайча ырга кошту.
Кадам алуу камчыңды,
Кара ат басып сындырды.
Кайрыларым атамды,
Кара жер алып тындырды.
Оо – уу, Оо – уу, ѳх – ѳх!
Долонодон камчыңды,
Тору ат басып сындырды.
Толгонорум атамды,
Кара жер алып тындырды.
Оо – уу, Оо – уу, ѳх – ѳх!
Кѳкʏрѳктѳн атылып чыккан муңду токтотуп калар ким бар? Алмаканга эч ким тыюу сала албады. Бирде жымжырттыктын теребелди муютканыбы, бирде багы келишпегени аз келгенсип, эми минтип кадырлуу атасынан айрылган сулуунун кошогун эли адеп укту. Ошондон кошокчу атыкты.
- Мати бекер ѳлбѳптʏр. Салдай болуп, жер ѳбѳктѳп ѳкʏргѳн эки уулун айт. Алмакан сулуунун оозу толгон кошогун айт. Арман дʏйнѳ ай! Баралына келгенде кызы жаагын жанган кошокчу болот,- деп кемпирлер бири – биринен ѳтʏп шыпшынып, Алмакандын дагы бир ѳнѳрʏнѳ тан беришти.
Матинин кѳзʏ ѳткѳндѳн кийин Нарбʏ кѳбʏрѳѳк тун кызыныкында баш пааналап, бала-бакырасына каралашып калды. Тун кызы Токтонун ʏйʏ деле алыс эмес, беш-алты чакырым ʏй нарыраакта. Алмакан агасы Дубананын колунда жʏрʏп калды. Эрмеги: айыл-ападагылардын кийим-кечесин тигип, тʏндʏн бир оокумуна чейин Николайдын тикме машинесин тындырбай узанат. Жакын-алыстагы чебер деп уккандын баары киймесин ага тиктиртип, жыртык-тешигин жаматтырып алат. Ал маалда жоктун жону катуу дегизген, курсак нанга тойбогон жокчулук, элдин алды анча-мынчасынын аш-тойго кие турган сый чапаны болбосо, ѳңчѳй аялдар, кыз-келиндер пес сурптан, бѳздѳн кѳйнѳк кийишкен.
Бир кʏнʏ ыраң-башы жакшынакай, баскан-турганы жеңил, чыканактай сулууча келин дарыянын наркы ѳйʏздѳгʏ Озгурдан тʏйʏнчѳгʏн колтугуна кысып, шыпылдап кирип келди. Тʏйʏндѳгʏ кулпурган кундуздун териси менен эндей кара манат, ичилигине деген кара сатини дагы бар кымбат баалуу матаны кѳрʏп, Алмакан чочуп кетет.
- Кимдики бу?
- Кыз, бу бир аттуу-баштуу бай акемдики. Сиз анны тааныбайсыз.Сиздин колуңуздан тебетей кийсем деген ниети бар. Мээнетиңизди мойнума алам, – деди жанагы келин эбиреп – жебиреп.
- Жашы нечеде?
Келин так жашын билбесе деле болжолдоп айтты.
-Алтымышпы, алтымыш бешпи. . . .
Наати биринчи жолу мындай кымбат баалуу буюмду жасаарын ойлоп, бир эсе толкунданса, кайра «бузуп аламбы» деп чочулаган арасат оюн айттыра койбой, тиги келин баланча кʏнгѳ даяр болсун деп басып кетет.
ʏч кʏндʏн ичинде кыруусуна кундуздан кыюулап, тѳбѳсʏн тѳгѳрѳтѳ кырдап, ʏстʏ кара манаттан тебетей тигет. Кѳргѳндʏн баары таңданып-тамшанат. Тебетейдин даңазасы ʏйдѳн-ʏйгѳ жетип, колунан кѳѳрʏ тѳгʏлгѳн чебердин аты ооздон тʏшпѳй калды.
Тѳлѳйкѳндʏн ѳрʏлгѳн эки чачтай чубалжыган кошмок суусу бар. Бири айтылуу Ак-Буура, экинчиси Кайырма. Жаз алды кирген буурадай чамынып, айбат-сʏрʏ жʏрѳктʏ «болк» эттирсе, суусу тартылганда тынчып, уялчаак кыздай ийменип, ѳзʏнʏн шары ѳзʏнѳ жутулуп, кой маарек тартып турат. Кайырма бирде толуп, бирде соолуп, таканчагы бардай нугун жоготпойт. Сиркедей майда куму, одур-будур шагылы , тʏр-тʏспѳлʏ ар башка, поруму ар нерсени элестеткен сыйкырдуу,канча кылымдын тамырын тарткан табышмактуу таштары аны тʏбѳлʏк сактап келаткандай. Дарыянын баш-аягын кулач жеткис чоң-чоң сʏрѳт таштар табияттын ар кандай соккусунан коргоп тургандай. А-а, кезегинде Кайырма кандай эле? Кайырма дарыя дечʏ илгерки тѳлѳйкѳндʏктѳр. Атчан киши ѳтѳ алчу эмес. Мелмилдеген кѳк кашка суусу оолукканда, аркы – терки чамынып, ѳйʏз – бʏйʏздʏ жеп, кашатты бузуп, ʏйлѳргѳ чейин кирип чаң салганда, Ак-Буурага атаандашкандай тизгин талашып калчу. Азыркылар муну кайдан билсин?
Жанаша аккан эки суунун ѳйʏз-бʏйʏзʏндѳгʏ, коюн-колтугундагы жердин кѳркʏн ѳрʏктѳр гʏлдѳгѳндѳ кѳрʏң!..Тѳлѳйкѳндʏн ичи ѳрʏкзар, ѳрʏктʏн кыл-кылы, шабдалынын тʏрʏ, анан калса тарбайган-тартайган тыт кѳчѳттѳрʏ менен кайрагачтары...Эрте бышкан ак, кызыл, сары ѳрʏктʏн даамы ооздо калат, ѳзʏнѳн-ѳзʏ сѳѳгʏ ажырап кете турган жарма ѳрʏктʏн ар кыл назик гʏлдѳрʏ биринен-бири ѳтʏп чакчайып бажыраят. Бири гʏлʏн тѳккѳндѳ, экинчиси гʏл ачып кулпурат. Жаз келгенде айылдын ажарын ачкан, кѳркʏнѳ кѳрк кошуп кулпурган ѳрʏкзарды алыстан карасаң ак шоокумга оронуп, арууланып калгандай сезилет. Так ошол маалда кѳк чыгып, жаздын дене-бойду жибиткен аптабынан жер тоборсуп, эгин-тегинге камынып калышат.
Алмакандын акеси Дубана кетменин алып, короосунан кык чыгарып жатканда, азоо атын жулкунтуп, бейтааныш бирѳѳ кирип келди. Кʏржʏйгѳн сѳѳк-саактуу, бойлуу, тегерек бети куюлуп тʏшчʏдѳй салаңдаган эткээл неменин тʏтѳгѳн кашынын астында жымыйган кѳзʏнѳн заарбы, кекпи учкундап, текебердʏʏ. Дубана анын кийген кийиминен Абдырайым корбашынын дал ѳзʏ экенин айттырбай тааныды. Анын ʏстʏнѳ эл ичи тынч эмес. Ош тараптан жʏрѳк ʏшʏн алган шʏйкʏм кабарлар тараган. Бай, колунда мал-мʏлкʏ бар кыйындардын баары басмачы болуп кеткендей. Большевиктер жаңы заман орнотот имиш. Бай, кедей деп бѳлʏнбѳйт экен, малдарын орто колхозго кошкон, жарды-жалчынын кѳз жашын аарчыган теңдик болот дейт. Байлар ыктыяры менен байлыгын Совет ѳкмѳтʏнѳ тапшырбаса, кулакка айдалат же тʏрмѳгѳ камалат деген кептер айыл аралап жʏргѳнʏнѳ кыйла болгон. Аттуу-баштуу бай-бийлердин бир тобу басмачылыкка ѳтʏп, тоо-ташка бекинип, кол курап, кызылдар менен кармашат. «Кимиси жеңээр экен?» деп, сар-санаа болуп, кимисине жан тартаарын билбей дендароо болгондору кѳп.
(уландысы кийинки санда)
Кыргызстанда Эдилбай койлору кеңири жайылып бараткан учуру. Бул кой Орто Азиянын бардык аймактарында, Орусиянын Сибирь, Алтай, Ыраакы Чыгышына чейин тараган абдан белгилʏʏ порода. Тумшугу бѳкѳндʏкʏндѳй ийри келип, каңылжаары кенен болгондуктан ысыкты, кургакчылыкты жакшы кѳтѳрѳт. Анткени дал ошол каңылжаарында нымдуулукту сактаган мембраналар жайгашкан. Ал эми тоют аз жазгы ʏзʏмчʏлʏктѳ же кышкы суукта куйругунан азыктанат. Кыш кыштаал болгон кʏндѳрʏ бул породадагы койлордун куйругу дээрлик калбай калат. Бул ѳтѳ тез жетилген, кѳлѳмʏ да эң чоң кой болуп эсептелинет . 4 айлык козусунун салмагы 40 килограммга чейин жетет . Ургаачы козуларын 8-9 айдан кийин кочкорго кошсо болот. Ургаачысынын салмагы 60-90 кээде 100 килограммга чейин барат. Беш жаштагы койлор 150-160 кг. салмак басат. Бул порода экономикалык жактан ѳтѳ кирешелʏʏ, кѳп чыгымды талап кылбайт. Жазында тѳлдѳйт. Козулары 3-4 айдан кийин союшка жарап, 17-20 кг. эт берет. Кочкорлорунун салмагы 110-120, чоңдору 150-160кг га чейин жетет. Бул койлор абдан кыймылдуу келишип, тез жетилгендиги менен да баалуу. Анан да башка куйруктуу койлорго салыштырмалуу жʏндʏʏ келишет. Эгерде жакшы жайыт же тоют мыкты болсо бир кʏндѳ 195-253 граммга чейин салмак кошот. Куйругунун салмагы 12-14кг га чейин барат. Эт менен майынын катыштыгы 50-55 пайыз. Эдилбай койлорунун ѳңʏ негизинен кара, сары, кʏрѳң, ошондой эле буурул болушат. Илимий изилдѳѳлѳр бул породадагы ѳңʏ кара койлор эт-жʏндʏ кѳбʏрѳѳк берерин аныктаган. Сʏттʏ да мол берет. Эдилбай кою Астрахань койлору менен жергиликтʏʏ койлорду аргындаштыруу жолу менен 19-кылымда чыгарылган порода экенин айта кетели. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет.
Этти кандай тандоо керек?
Шаар шартында баарыбыз эле этти базардан же дʏкѳндѳн сатып алабыз. Ошол эле учурда этти туура тандай билʏʏ да зарыл. Бул ʏчʏн тѳмѳндѳгʏлѳргѳ кѳңʏл буруу керек. Эң биринчи базардан ала турган болсоңуз, андагы “бетинде кызылы бар” эт саткычка туруктуу кардар болуңуз. Ал сизге сапатсыз эт сатканга же таразадан алдап ташбака болгонго бети чыдабайт. Анткени ага туруктуу кардар керек. Анын ʏстʏнѳ ал “муну ал, тигини ал” деген ак пейилден чыккан кеңешин айтат. Анан калса эт саткычка ишенбей, ѳзʏңʏз деле бирдемени билип алсаңыз ашыкча болбойт. Айталы эттин мыктысы ачык кызгылт келип, колуңа алып кѳрсѳң колуңда эч кандай изи да калбайт. Ошондой эле жагымсыз жыт же кандайдыр бир тактар болбогону зарыл. Эт жумшаак тартып, солкулдап тургандай болсун. Таза эле шектенип турсаңыз сѳѳмѳй менен сайып кѳрсѳң чуңкурая тʏшкѳнʏ менен ошол замат кайра калыбына келе калса “атасына” жолукканың. Кылчактабай дароо эле алыңыз. Бирок “касапчы энесине сѳѳк сатаарын” эсиңерден чыгарбагыла. Ал ʏчʏн эттин кайсы бѳлʏгʏндѳ сѳѳк болушу (мисалы жиликтин башы) керек экендигин да билип алыңыз, болбосо кожойке эт ордуна сѳѳк ташып барып, ошол сѳѳктʏ бышырып отуруп кашкайта мʏлжʏтʏп катуу жазалайт. Ошондой эле кезектеги этти кайсы максатта же кандай тамак жасаганда сатып алганы жатканыңызды касапчы менен кеңешип алганыңыз дурус. Мисалы шорпо-шиленге кабырга, тѳш эттери оң болсо, беш бармакка, мантыга албетте, сан эттеринен ѳтѳѳрʏ жок.
Сыдык Токонов
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...