• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
06 Апр

Коронавируска каршы вакцина. Кимдер алышат, кимдерге болбойт?

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:53 Жарыяланган категория Макалалар
Коронавируска каршы вакцина. Кимдер алышат, кимдерге болбойт?

 Yстʏбʏздѳгʏ жылдын 29-мартында ѳлкѳдѳ Кытайдан гуманитардык жардам катары жѳнѳтʏлгѳн 150 миң  дозадагы коронавируска каршы вакцина менен жапырт эмдѳѳ башталган. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чʏй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана кʏч органдарынын ѳкʏлдѳрʏ эмделип баштаган.

Вакцина коронавирустун ѳрчʏшʏн токтото алабы?

Кандай гана эмдѳѳ болбосун анын негизги тапшырмасы – организмге инфекцияны таанытуу жана ага иммунитет иштеп чыгаруу. Вакцина адамдын тумоого чалдыгуусунун алдын алышы керек. Эгерде коронавирустун иммунитети кѳп кишиде болсо, инфекция азыркыдай жайылбайт. Ооруга чалдыгуу кооптуулугу кескин тѳмѳндѳйт. Социалдык аралыкты кармоо чараларын алып салса болот.

Коронавирустун тарашын токтоткон антитела изилдѳѳгѳ катышкан сегиз кишиден табылган. Бул Covid-19 менен ооруган кишилерде иштелип чыккан антителага окшош деп белгилешкен.

Массалык эмдѳѳ гана пандемияны токтотот. Ошондуктан эмдѳѳ ʏчʏн вакцинаны иштеп чыгууга дʏйнѳ жʏзʏ боюнча 80 компания иш алып барууда.

Каражаттын ѳзʏн эле иштеп чыгуу жетишсиз. Ал натыйжалуу болуп, бир эле иммунитетти жаратпай, коопсуз дагы болушу маанилʏʏ.

Дʏйнѳлʏк масштабда вакцинанын дʏйнѳ элинин баарына жеткирʏʏ маселеси да бар. Планета калкы болжолу 7,4 млрд жана ар бир кишини эмдѳѳдѳн ѳткѳрʏʏ зарыл. Дʏйнѳдѳ бардык вакциналар бир жылда болжолу 5 млрд дозада гана чыгарылат. Анын 1,5 млрд чамалуусу сезондук гриппке тиешелʏʏ. 

Кыргызстан: Канча вакцина бар?

 Кытайдын Пекин шаарынан коронавируска каршы вакцина келген.  Кытай гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинасынын 150 миң дозасын жиберген. Бул доза 75 миң адамга жетет.

Бʏгʏнкʏ кʏнгѳ чейин 65 ѳлкѳдѳ 12 миллион адам эмделген «Sinopfarm» вакцинасын Кытай ѳкмѳтʏ Кыргызстанга  акысыз берген. Cаламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ѳлкѳгѳ Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасы май-июнь айларында келиши кʏтʏлʏп жатат. Буга чейин Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алары айтылган эле.

Дʏйнѳдѳ COVID-19 менен ооругандарга караганда ага каршы вакцина алгандардын саны кѳп болгондугун ДССУдан кабарлашкан. Бирок, дагы 130 ѳлкѳ 2,5 миллиард калкы менен азырынча вакцинанын биринчи дагы дозасын ала элек.

Вакцинациялоо ʏч аймакта гана жʏргʏзʏлʏʏдѳ

Вакцинациялоо азырынча ʏч аймакта гана болот. Эмдѳѳ ыктыярдуу жʏрʏп, баштапкы этапта медицина кызматкерлери гана алат.

Кытайдын “Синофарм” вакцинасын азырынча Ош, Бишкек шаарлары жана Чʏй облусундагы медициналык кызматкерлер алып жатышат. Эмдѳѳнʏ алгачкылардан болуп саламатыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштап берип, жалпыны коронавируска каршы вакцинациядан ѳтʏʏгѳ чакырды.

- Бул вакцина дʏйнѳнʏн 53 ѳлкѳсʏндѳ колдонулган экен. Анын таасири дене табы бир аз кѳтѳрʏлʏп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, ѳкмѳт менен саламаттык сактоо министри жооп берет. Профилактикалык эмдѳѳ ʏч этапта  жʏргʏзʏлѳт. Бул ʏчʏн 226 миллион сом сарпталат.

Биринчи этапта 371 миң адам эмделет, булар медицина кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер.

Ал эми Ошто биринчилерден болуп Санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борборунун башчысы Санталат Орозбаева менен Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташболотов вакцина алды. Алар экинчи борбор калаага 600 доза вакцина келгенин белгилеп, жалпы 1500 медицина кызматкери тизмеге киргенин билдиришти.

- Ошко 28-мартта 600 доза вакцина келди. Андан тышкары атайын машиналарыбызды Бишкекке жѳнѳткѳнбʏз. Аны менен да вакциналар келет. Так саны азырынча белгисиз. Ал эми 600 дозадан медиктер баш болуп биринчи этапта алдык.  Кийинки этапта эл менен тыгыз иштешкен мугалимдерибиз, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бериле баштайт.

Ошто №1 жана №10 ʏй-бʏлѳлʏк медицина борборлору вакцинация ʏчʏн даярдалып, эмдѳѳдѳн ѳтчʏʏлѳр атайын тʏзʏлгѳн жадыбалга ылайык вакцина ала башташты. Эмдѳѳгѳ келгендерге ѳзʏнчѳ кирип-чыкчу жол каралып, ичинде да социалдык аралык сактаган белгилер коюлган. Вакцинациялоо ыктыярдуу жʏрʏп, бир адам эки ирет алууга тийиш. Себеби вакцина бир дозалуу. Демек, бир адам эмделет. Мисалы, бʏгʏн алса, 21 кʏндѳн кийин экинчи дозасын алат. Себеби биринчи дозасын алгандан кийин адамдын организминде иммунитет жетишсиз болот. Ошол ʏчʏн эки жолу берилет.

Санталат Орозбаева, Ош район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун башчысы:

«Ошто 173 адам эмделди»

- Ошто эки пункт иштеп жатат. Ал ʏчʏн атайын обочо эшиктер коюлуп, санитардык талаптарга жооп берʏʏчʏ шарттар тʏзʏлгѳн. Мобилдик топтор тынымсыз иштеп жатышат. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ Ош шаарында 173 адам коронавируска каршы эмделди. Баарынын абалы жакшы. Эч кандай арыз-муң, даттануулар тʏшкѳн жок. Жарандар тарабынан вакцина алууга кызыккандардын саны кѳп. Ѳз ыктыяры менен келип эмдѳѳдѳн ѳтʏʏгѳ макул экенин айтып кетишʏʏдѳ. Эгерде сиз да ѳзʏңʏз каалап, эмдѳѳдѳн ѳткʏңʏз келсе, биздин ишканага кайрылсаңыз болот.

Эмдѳѳ кимдерге мʏмкʏн эмес?

• Коронавирус менен ооруганына 6 ай боло элек жаранга;

• Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга;

• Вакцинага аллергиясы барларга;

• 18 жашка чейинки жарандарга.

Бактыгʏл Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
06 Апр

Чек ара: эки тараптын макулдашуусу менен маселелер чечилет

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:52 Жарыяланган категория Макалалар
Чек ара: эки тараптын макулдашуусу менен маселелер чечилет

Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси кѳпчʏлʏктʏн кѳңʏл чордонунда. Эки ѳлкѳдѳ тең талаштуу талкуу 26-мартта башталган. Анда такталбай, талаш жаратып келген жерлер такталып, келишимдерге кол коюлган. УКМКнын тѳрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында аталган ѳлкѳ ортосунда чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин билдирген. Бирок, “тарыхый катачылык болду”, “биз утулдук” деген пикирлерди айткандар эки ѳлкѳдѳ тең токтой элек.

“Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди”

Кыргыз Республикасынын кыргыз-ѳзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ѳкмѳттʏк делегация Ѳзбекстанга барып сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп келди. Делегациянын башында турган Камчыбек Ташиев маалымат жыйын уюштуруп, сʏйлѳшʏʏлѳрдʏн жыйынтыгы тууралуу айтып, билдирʏʏ жасады. Жыйында эки ѳлкѳ ортосундагы чек ара маселесинде талаштуу жагдай калбаганын айтты.

“Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Ѳтѳ оор маселелер каралды. Мамлекеттик эки тараптуу маселелерди чечʏʏдѳ эч качан бир мамлекеттин утушу, экинчисинин утулушу тууралуу каралбайт. Бул жерде эки тараптын тең макулдашуусу менен маселелер чечилет” деп билдирген ал.

Ошондой эле кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жʏргѳн жерлер кайра такталып жазылган:

-Кѳк-Серек айылы – 105 га

-Баястан айылы – 212 га

-Ак-Таш (Кара-Суу району) – 100 га

-Ункар-Тоо – 35 га

-Кара-Белес участогу – 25 га

“Гавасай деген Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал жерде 5-6 кыргыз айылдары, жайлоолору бар. Мурда ал жерде бир нече жолу ок чыгып, ызы-чуу болгон. Эми жер толугу менен Кыргызстанга ѳттʏ. Ѳзбек тарапка Шахрихан-Сайдан 50 га жер бердик, бирок, ошол эле 50 га жерди Ѳзгѳндʏн баш жагынан кайра ала турган болдук. Жер менен алмаштык” деди Ташиев.

“Кыргыз жери кыргыздыкы боюнча калуу керек”

Ал эми кѳпчʏлʏктʏн нааразычылыгын жараткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим болду. Анда суу сактагычтын плотинасы Ѳзбекстанга берилип, сууну эки эл ортодон колдоно тургандыгы макулдашылган. Ошондой эле эми суу форс-мажордук кырдаалдардан тышкары 900 горизанталдан кѳтѳрʏлбѳсʏ айтылат. Бирок, буга каршы экендигин билдирген жарандар эки тарапта тең кѳп болду. Алардын бири профессор Садык Алахан кѳл бузулуп чѳл болгон учурда жери жок калбасак экен деген пикирде.

“Асман тиреген плотинага келип тосулган суу кѳл болуп, жогору жактагы кыргыз жерин чайпай толду. Канчалаган кв.км. жерибиз суу сактагычтын алдында калды. Баарынан да кейиштʏʏсʏ суу сактагычтын жогорку чеги Ѳзгѳн шаарын тим алкымдап келип бʏтѳт. Ал жакты кѳрбѳгѳндѳр элестете да албайт.

Эртең суу сактагыч тартылганда эмес, мелт-калт этип толгондо (оголе кѳп жерди ээлеп толгондо) "суу сактагычтын территориясы биздики деп чечилген" деп ѳзбектер келип тосот. (Алардын психологиясын аралаш чоңойгон биздей эч кимиңер билбейсиңер). Ошондо чек арабыз (тикен зымдар) ТИМ ѲЗГѲНДʏН АЛКЫМЫНАН тосулат.

Ѳзбектер "кол коюлган документ боюнча биздики" деп тикенек зымды тосуп жаткандагы кайран кыргызымдын реакциясын тʏк элестете албайм. (Бизди кечирбеген кийинки муун "Канжыгага баш байлабайт" деп ким кепилдик бере алат?!) Ошол учурдан кудай сактасын.

Улуу эпосубузда айтылгандай,

Тоо бузулуп кѳл болор,

Кѳл бузулуп чѳл болор.

Кѳл бузулуп ошо чѳл болгондо суу астындагы кыргыз жери кыргыздыкы боюнча калуу керек деген ой уктатпайт ушул кʏндѳрʏ...”

Ѳзбек коомчулугунда да “Бизге бийлик ачык маалымат берсин. Эмнеге 8 миң га жерди берип койдук?” деген сыяктуу пикирлер айтылууда. 

Ошондой эле ѳзбек-кыргыз чек арасы боюнча тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумали Адилбаев компенсацияланган жерлер тууралуу тѳмѳндѳгʏдѳй пикирин билдирди:

“Коңшу ѳлкѳлѳр менен талаштуу маселелер сууга байланыштуу”

-Азыр жер алмашуу деген жок. Жер алмашуу эми болот. Себеби  учурда мурдагы талаш жерлер гана чечилди. Чындыгында ѳтѳ тʏйʏндʏʏ маселе эле. Ѳзбек-кыргыз чек арасы жалпысынан алганда 1378 километрди тʏзѳт. Ал боюнча 1999-2000-жылдары сʏйлѳшʏʏлѳр башталган. 2017-жылы да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чек аранын 85 пайызын чечкенин айткан. Жок, иш жʏзʏндѳ 85 пайыз чек ара ага чейин эле чечилген болчу. Болгону эки президент келишим иретинде кол коюшкан. Андан бери чек ара маселеси боюнча иштеген делегация, мурдагы президент Жээнбеков сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп жатып, 10 пайызын чечʏʏгѳ жакындатып коюшту. Калган 5 пайыз оңой чечилбей турган жерлер эле. Анын ичинде эң орчундуусу сууга байланышкан маселелер. Мисалы, газ, мунай сыяктуу ресурстар, кен байлыктар бир кʏнʏ тʏгѳнѳт. А суу тʏбѳлʏктʏʏ да. Башка ресурстардын ордуна бир нерсе иштеп чыгып тапса болот. бирок, сууну алмаштырчу ресурсту таба албайсың. Биздин коңшу ѳлкѳлѳр менен болгон талаштуу маселелердин баары сууга байланыштуу.

1924-1927-жж. мурдагы Тʏркистан АССРин улуттук мамлекеттерге бѳлѳ баштаганда эле кыйынчылыктар башталган. Анда чек араларды улуттук кылып ѳткѳрʏʏдѳ тѳрт принципти карманалы дешкен. Принциптердин бирѳѳсʏ сугат сууларынын агым бузбоо болгон. Эң татаал маселе суунун бойлорун кимдер ээлеп калган? Кыргыздар кѳчмѳн эл болгон. Кыштын кʏнʏ кыштоодо, жайдын кʏнʏ жайлоодо болгон. Дыйканчылыктан алыс болгону ʏчʏн сугат жерлерди тажик, ѳзбек эли пайдаланган. Алар ѳздѳрʏ эле келип сугат жерлерди ээлешкен эмес, кыргыздар жерлерин ѳздѳрʏ иштеткиле деп беришкен. Адамдардын жашоо образы кѳчмѳн болгондуктан, суу системасына негизинен коңшу элдердин жайгашып калуусуна алып келген. Буга мисал, Орто-Токой суу сактагычы. Ал жерге суу келет, бирок, дээрлик 100 пайызын коңшулар пайдаланат. Андан кийин кечээ эле пайда болгон Кемпир-Абад. ʏч дарыянын кошулган жерине 1965-жылы курулган документте кѳрсѳтʏлгѳндѳй Анжиян суу сактагычы. Мунун 85 пайызын ѳзбек тарап, 15 пайызын кыргыз тарап колдонууга укуктуу. Кемпир-Абадга оң жак канал курулуп Сузакка, сол жак канал курулуп Кадамжайга жогорудагы 15 пайыз суу кетиши керек эле. Аны Ѳзбекстан куруп бермек. Анткен менен келишим аткарылбай, оң канал эптеп курулуп, ѳзʏбʏз кошумчалап атып Сузакка азыр суу барат. Бирок, сол каналды куруп беришкен жок. Негизинен алганда суу сактагычтын жери биздики, суусу Ѳзбекстандыкы болуп эсептелет. Суунун толгондогу кѳлѳмʏ 1 млрд. 850 куб метр, тосмонун бийиктиги 110 метр, узундугу 1180 метр. Суу сактагыч курулгандан кийин Ѳзгѳн районунун 5731 га жери суунун астында калды. Анын 2465 га айыл чарбасына жарактуу жер, 63 га бак, 1 га чѳп-чабынды, 70 га жайыт жана башка жерлер тʏзѳт. Кемпир-Абад ʏчʏн ушундай жерлерди Кыргызстан берди. Алар компенсация катарында 4129 га жер бизге берген.  Бирок, ар кайсы аймактан берилген. Биринчиден, жерлерди чачып беришти. Экинчиден, кѳпчʏлʏгʏ таштак, сугатка ыңгайсыз жерлер экен. Аны эч ким пайдаланган жок, ага мʏмкʏнчʏлʏк да жок. Менимче, кечээги сʏйлѳшʏʏлѳрдѳ бул маселе каралган. Эки ѳлкѳ ортосунда мамиле жакшырууда. Кыргызстан утулду, жерлерин берди дегенден алысмын. Жетекчилик да мындай кадамдарга барбайт. Менде ушундай ишеним бар.

Подробнее ...
06 Апр

Салык декларациясы тууралуу

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:50 Жарыяланган категория Макалалар
Салык декларациясы тууралуу

Салык декларациясы – салык тѳлѳѳгѳ милдеткер тараптардын белгилʏʏ убакыт ичинде алган кирешесинин ѳлчѳмʏ, мʏлкʏ жана башка жѳнʏндѳ маалыматтарды камтыган кол коюлуп, даярдалган жазуу жʏзʏндѳгʏ расмий билдирʏʏ. Салык декларациясынын негизинде ишкерлерден, эркин кесип ээлеринен алган кирешесине жараша алына турган салык, ал эми жарандар менен жеке жактардан айлык маянасына жараша киреше салык алынат.

Тыныбек Алматов, Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын салыктык отчетторду жана декларацияларды кабыл алуу секторунун башчысы:

Салык декларациясы деген эмне?

- Бирдиктʏʏ салык декларациясын 2020-жылга толук тапшыруу жеке жактар ʏчʏн аяктады. Салык декларациясын кимдер тапшырат? Салык милдеттенмеси бар бардык салык тѳлѳѳчʏлѳр, жеке жактар. Мындан сырткары мамлекеттик мекеме-уюмдар. Бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын тапшырышат.

Бирдиктʏʏ салык декларациясын тапшыруу мѳѳнѳтʏ юридикалык жактарга – 1-мартка чейин. Ал эми жеке жактар ʏчʏн 31-мартка чейин.

Салык милдеттенмеси бар жеке жактар ѳзʏнʏн бир жылдык тапкан пайдасы, киреше-чыгашасы, ошол мекемеде кандай мʏлктѳр катталгандыгы тууралуу маалымат берет. Бир жыл ичинде канча киреше тапты жана канча чыгаша кылгандыгы тууралуу так маалымат берет. Андан ошол чыгашаларынан кийинки калган пайдасына салык тѳлѳйт. Ошонун негизинде салыктык отчетторду тапшыруу менен салык декларациясын толтурушат. Демек, салык декларациясы бул – салыктык отчет болуп саналат. Бир мекеме же жеке жаран бир жылда мамлекетке канча салык толтурарын аныктоочу документ.

Салыктык милдеттенмелери бар деп кимдерди айтабыз?

- Жеке ишкерлер же болбосо пайдаланууга кʏбѳлʏк каттаткан жер салыгын тѳлѳѳчʏ жаран, патент менен иштегендер кирет. Булар ѳзʏнʏн бир жылдык тапкан кирешесин, чыгашасын, кыймылдуу жана кыймылсыз мʏлктѳр ʏчʏн тѳлѳгѳн салыктары боюнча маалымат берʏʏгѳ тийиш.

Жогоруда атаган жарандар милдеттʏʏ тʏрдѳ салык кызматында салыктык каттоодон ѳтѳт. Каттоодон ѳткѳн ар бир жаранга салыктык милдеттенме жʏктѳлѳт. Мындан улам бирдиктʏʏ салык декларациясын жыл сайын тапшырып туруусу зарыл.

Жер салыгы, мʏлк салыгын тѳлѳгѳн жарандарга деле ушундай милдеттенмелер жʏктѳлгѳн.

Эгер декларацияны убагында тапшырбаса?

- Эгер салык милдеттенмеси бар жарандар ѳз убагында салык декларациясын тапшырбаса атайын чара кѳрʏлѳт. Былтыркы жылкы пандемияга байланыштуу, быйыл эки жылга бир тапшырылды. Мамлекет атайын убакыт коюп берген. Ал эми 1-31-мартка чейин салык декларациясын тапшырбаган жарандарга айып пул каралган. Юридикалык жактарга 5 000 (беш миң) сом, ал эми жеке жактарга 1 000 (миң) сом айып пул салынат.

Мʏлктʏ салыктык каттоодон ѳткѳрбѳгѳн жарандар болсо, аларды аныктаган кʏндѳн баштап каттоодон ѳткѳрѳбʏз. Бирок, салыкты иштеп баштаган кʏнʏнѳн баштап тѳлѳтѳбʏз. Бул мыйзам чегинде жʏргʏзʏлѳт. Себеби, жарандар салыктык каттоодон ѳтѳбʏ, ѳтпѳйбʏ баары бир салык тѳлѳшѳт.

Салык кызматында атайын бѳлʏм бар. Салыктык каттоодон ѳтпѳй эле иштеп баштаган кызматын аныктап беришет. Ошол ѳтпѳй калган жылдан баштап тѳлѳѳчʏ салыгын эсептеп чыгарып беришет. Албетте, тѳлѳнбѳгѳн жылдар ʏчʏн атайын туумдар да бар.

«Салык – мамлекеттин кирешеси»

- Салыктын кайсы тʏрʏ болбосун эч бири салык кызматында иштеген кызматкердин чѳнтѳгʏнѳ тʏшпѳйт. Салык бул – мамлекеттин кирешеси. Сиз тѳлѳгѳн салык сизге тʏз пайдасын бербесе да, кыйыр пайдасын сѳзсʏз тийгизет. Мисалы, мамлекеттик кирешеин эсебинен бала бакча курулууда, жол оңдолууда. Ал жолдо сиз басасыз, бала бакчада балаңыз тарбияланууда.

Дʏйнѳлʏк практикада ар бир жаран ѳзʏнʏн тапкан кирешесинен салык тѳлѳѳгѳ милдеттʏʏ. Кирешеси бар жарандардан салык алып, Ѳкмѳттʏн керектʏʏ тармагында жумшоо. Кирешеси жок жарандарга жѳлѳк пул тѳлѳѳ. Саламаттыкты сактоо тармагын камсыздоо.

Жарандардын киреше бѳлʏгʏн сырттан текшерген атайын бѳлʏм бар. Бухгалтердин отчет аркылуу жылына канча киреше таап жатат жана канча салык тѳлѳѳсʏ керек экенин аныкташат. Эгер кирешени туура эмес толтуруп, салыкты тийиштʏʏ суммада тѳлѳбѳсѳ мыйзам чегинде чара кѳрʏлѳт.

Бактыгʏл Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
06 Апр

Аялдар активдʏʏлʏк кылган партиялар курамы

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:48 Жарыяланган категория Макалалар
Аялдар активдʏʏлʏк кылган партиялар курамы

11-апрелде шаардык Кеңештерге шайлоо ѳтѳт. Ош шаарында жалпы 10 партия каттоодон ѳткѳн. Учурда алардын ортосунду кызуу жарыш, ʏгʏт иштери жʏрʏʏдѳ. Ат салышып жаткан партиялардын курамына кызыгып кѳрдʏк. Бул жолу ѳзгѳ шайлоолордон айырмаланып аялдардын активдʏʏлʏгʏ дароо байкалат. Анткени кѳрсѳтʏлгѳн 30 пайыздык кѳрсѳткʏч азырынча бардыгында сакталган.

“Ата журт-Кыргызстан” саясий партиясы

Курамды 36 жаштагы Сонунбек Жунусбаев баштап барууда. Партия аймактык шайлоо комиссиясына жалпы 87 адамдын тизмесин тапшырса, анын 29ун (33%) аялдар тʏзѳт. Курамдын 87,5 пайызы жогорку билимдʏʏ деп кѳрсѳтʏлгѳн. 75% мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, жеке ишкерлерден, окутуучулардан куралган. Ал эми мурунку чакырылыштын депутаттары 3,75 пайыз же 3 депутат аталган партиядан кайрадан шайлоого баратат. Ошондой эле 5% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ бар.

Талапкерлердин эң жашы 21 жашта болсо, улуусу 51 жашта.

Тизмеден 7 адам кайра каттоодон четтетилген же баш тарткан. Алардын арасында биринчи вице-мэр Замир Юсупов да бар. 

“Бир бол” партиясы

Партия шаардык Кеңешке 74 адамды талапкерликке сунуштаган. Анын 23ʏ (31%) аял. Талапкерлердин 74,3%ы жогорку билимдʏʏлѳрдѳн турат. Партия дээрлик 66 пайыз талапкердин иштеген жерин кѳрсѳткѳн эмес. Калган 34%ын мурдагы чакырылыштын депутаттары жана жеке ишкерлер тʏзѳт. Башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ 8%.

Тизмедегилердин эң жашы 22, улуусу 63 жашта.

“Бʏтʏн Кыргызстан” партиясы

Партия 76 адамды БШКга кѳрсѳткѳн. Тизменин башында 29 жаштагы Улан Канат уулу турат. Башка партиялар сыяктуу аялдардын орду эске алынып, 35,5%ды аялдар камсыз кылган. 59% жогорку билимдʏʏлѳр тʏзʏп, 4% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏн камтыган. 63% негизинен жеке жактарда эмгектенген ар тармактын ѳкʏлдѳрʏ жана мугалимдер бар. Партиянын улуусу 68 жашта.

“Ишеним” партиясы

Тизмесине 74 талапкерди каттаган “Ишеним” партиясынын 68%ын мырзалар тʏзѳт. 82% жогорку, 18% орто же бʏтпѳй калган жогорку билимдʏʏлѳр. Мурдагы чакырылыштын депутаты Акбарали Батыров партия башында турса, тѳрага Жапарбек Ормонов да аталган партияда алдыңкы ондукка кирген. Талапкерлердин 42%ы жумушсуз деп кѳрсѳтʏлсѳ, калганы ар тармактын ѳкʏлдѳрʏнѳн чогулган. Атаандаштарынан айырмаланып партияда башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ 28% кѳрсѳтʏлгѳн.

“Республика” партиясы

Партиянын саясий багыты социалдык-экономикалык эффективдʏʏ коомдук системаны тʏзʏʏ жана Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна активдʏʏ катышуусун жандандыруу экенин белгилеген партия 68 талапкерди кѳрсѳткѳн. Анын 28и (41%) аялдар. 64,8 пайыз талапкердин жогорку билими бар. Бирок, тизмеден 25(36,8%) талапкер чыгарылган. Аталган партияда 6% башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ катталган. Тизмедегилердин басымдуу бѳлʏгʏн банк кызматкерлери тʏзѳт. Топ башында жеке жакта эмгектенген Уланбек Сарытаев турат.

“Тилектештик” партиясы

Атаандаштарынан эң эле аз санда талапкерлерди кѳрсѳткѳн партия жалпы 30 адамдын талапкерлигин БШКга сунуштаган. Бул партияда айымдар активдʏʏ ѳңдʏʏ, дегеним 70 пайыз айымдардан куралган. Андан сырткары талапкерлердин 66 пайызынын билими жогору экени кѳрсѳтʏлгѳн. Талапкерлердин тең жарымы учурда эч жерде иштебесе, жарымы ооруканада, окуу жайларда, коомдук уюмдарда жана жеке жактарда эмгектенет. Ал эми тизменин 7%ы башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ.

“Улуттар биримдиги” саясий партиясы

Партия башкалардан айырмаланып, 167 талапкердин тизмесин берген. Анын 57си (34%) аял. Курамдын 80 пайызы жогорку билимдʏʏлѳр турат. 4 талапкер четтетилген. Талапкерлердин 56 пайызын билим берʏʏ тармагында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ооруканада жана жеке жактарда иштегендер тʏзѳт. Ошондой эле партиянын аты айтып тургандай, ѳзгѳ улут ѳкʏлдѳрʏ 18,5% же 31 адам. Партиянын аксакалы 69 жашта.

“Улуу Журт” партиясы

Ѳз тизмесине “Улуу Журт” партиясы 72 адамды камтыган. Тизменин 30ун башкача айтканда, 42 пайызын аялдар камтыйт. Дээрлик 71 пайызы жогорку билимдʏʏлѳр. Партиянын басымдуу бѳлʏгʏн жаштар жана 15 пайыз башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ тʏзѳт. Талапкерлердин 79 пайызынын иштеген жери кѳрсѳтʏлгѳн эмес же иштебейт. Эң жаш талапкер 22 жашта.

“Ыйман Нуру” партиясы

“Ыймандуу бийлик берекелʏʏ жашоо” деген программасы менен бараткан партия 82 талапкерди сунуштаган. Башка партиялар сыяктуу эле 35 пайызын аялдарга бѳлгѳн. Тизмедегилердин 59у (72%) жогорку билимдʏʏ. Бул партия да талапкерлеринин 17 пайызынын гана жумуш ордун кѳрсѳткѳн. Ал эми 7 пайыз башка улут ѳкʏлдѳрʏн камтыган партиянын тизмесинде экинчи болуп вице-мэр Асылбек Топчубаев турат.

“Ынтымак” партиясы

 Ар тʏрдʏʏ тармак ѳкʏлдѳрʏн, билим берʏʏ жана жеке жактарда иштеген жарандардан турган “Ынтымак” партиясы 75 талапкери менен шайлоого бара жатат. Кѳрсѳтʏлгѳн талапкерлердин 39у (52%) аялдар. 72 пайыз жогорку билими барлардан куралган. Башка улуттун ѳкʏлдѳрʏ аталган партияда да жогорку кѳрсѳткʏчтѳ, тагыраагы 32 пайызды тʏзѳт.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...
06 Апр

ЖОЛОНДУН АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫ (“ʏнʏ каткан улар” даректʏʏ-кѳркѳм баяндан ʏзʏндʏ)

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:45 Жарыяланган категория Макалалар
ЖОЛОНДУН АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫ (“ʏнʏ каткан улар” даректʏʏ-кѳркѳм баяндан ʏзʏндʏ)

Кыркынчы жылкылардын мектепке баргандарынын арасындагы кыздар эки класста болгону он чактыдай бар. Бешинчи класска чейин сен кѳр, мен кѳр ынтымактуу келишти. Тазалык кыз Ирсалаттын жакшы окуп, тыкылдап класс башкарганы эле болбосо калган кыздардын бар- жогу билинбей жоош, тынч, уяң чоңоюшту. Мектеп формасы деген болбогон. Чачын экиден ѳрʏп таштап, чыттан, штампил кѳйнѳктʏ ѳзбекче тиктирип кийип, ʏстʏнѳн баркыттан чапан же чийбаркыт кемзир, башына саймаланган топу кийишет эле.

Кыздар мектептен чыгары менен ʏрккѳн улактардай бири-бирине ыкташып, дѳңдѳ тийишебиз деп аңдыган балдардан кантип качып ѳтʏʏнʏн амалын таппай эле бѳжʏрѳшѳт. Класстын эки атаманы: Токтогул менен Момушту ээрчиткен Жолон эле. Артынан убай-чубай бʏт класстын балдары Жолондор каякка барышса, кошо дʏрбѳшѳт. Алар сабактан чыгып талаалап кетишсе кыздар жыргап, беймарал божурашып ʏйлѳрʏнѳ келишет.

Жолон жолдо келаткан кыздардын чачынан тартып, сʏдʏрѳп тийишип, ыйлаткан бойдон тыз коет.

-Ѳлʏңѳ отурайын, арбак, делдең кулак, агайга айтам!..-деп, безеленген, ызаланган кыздардын айласын эч ким таба албайт.

Анын кѳңʏлʏнѳ классындагы бир кыз жагат. Анысын эч кимге айта элек. Эмнегедир кѳчѳдѳн кѳрʏп калса, мектептен кезиктирсе, денесине ток ургандай “тык “ этип токтоп калат, буттары шалдырай тʏшѳт. Кыз муну эч байкабайт. Мектептеги кыздардын бирѳѳсʏнʏн дагы кѳзʏнѳ окшобогон, мѳлтʏрѳп бышкан карагаттай тунук кѳзʏ, ʏйʏрʏнѳн адашкан эликтин чаарчыгындай серең –серең эте элеңдей тʏшкѳнʏ, наздуу жамалы, мамыктай жумшак, желдей назик кѳз карашы жагат. Кыз орто бойлуу, аппак жʏздʏʏ, кѳздѳрʏ моймолжуп сулуу!..Оор басырыктуу,адептʏʏ, ушунчалык уялчаак, ийменип тартынчыктап турат. Ошо сулуу кызга такыр даай алчу эмес!.. Кыздар менен келатса алапайын таппай, чымындап чуркап кетет...

Балдар бирин-бири кыздарга таңып, кээлери кат жазып, оргуштаган, кѳзʏ ачыла элек сезим ышкысына тушала баштаган кездин ѳзʏ сонун эле!

Желпилдеген жоолугуңду бир байлам,

Кыз кезиңди кызыл-тазыл кир жайган,

Мышыгыңды терезеден кетпеген,

Апакеңди ак чач болуп улгайган.

Сулуу кыз сабактан ортозаар билет. Мугалим кызда доскага чакырганда же тургузуп сабак сураганда баланын шаштысы кетип, кайсалаңдап тынчыбайт. Кѳзʏн ала качып, партага башын тыгып, кыз менен кѳздѳшʏп калуудан коркот. Кыздын жооп беришин, мугалим менен класстагылар ал жѳнʏндѳ жакшы айтышын каалай берет. Билбей калса шыбырап же китепти кѳргѳзʏп жардамдашкысы келгени менен класстагылардан тартынат. Класстагылар кимдин кимге тартылаарын, ылым санаарын билсе деле алардын алдында ѳзʏнʏн “айыбын” ачкысы келбейт. Кыз жѳнʏндѳ кѳп ойлонот. Кыялында катар басып, сырдашат. Анын элеси таптакыр кѳңʏлʏнѳн кетпей койгонун, эмнеге арбап алганын айткысы келет. Бирок эч кимге айта албайт. Досу Токтогулга чачы узун, кызыл жʏздʏʏ, созулган кыз жагат. Досу ал кызга арнап ыр жазат. Ыбырайым узун бойлуу, ʏнʏ ичке, сары кызга имерчиктейт. Ошо кызга кат жазып берчи деп жабышканына кѳп болду. Дагы бирѳѳгѳ, дагы бирѳѳ жагат...

Кыздын топусундагы аземделип сайылган саймасы кыздар менен чогуу келатканда карегине биринчи урунат да, кѳзʏн ала качат. Башка кыздардын бирѳѳндѳ да андай топу жок. Кыздын апасы айылга аты чыккан чебер, колу усулдуу аял. Айылдагы аялдар кыздын апасынын кол ѳнѳрʏнʏн аземине суктанып кеп кылышканын кѳп уккан. Апасы эле ал аялга сынтагып кем –мʏчѳлʏн айтпаса, айылындагылар мактап эле турат. Апасына анча-мынча киши жакпайт, ар кимге ат коюп сынтагып, кѳңʏлʏнѳ жакпаса бетине айткандан тартпайт.

Кызга кѳптѳн бери сезими жѳнʏндѳ айткысы келет.Аны кʏндѳ кѳрʏʏгѳ мажбурлаган, кыздын ажарына арбалган керемет сезими жѳнʏндѳ айткысы келет. Саймалуу топусу, кымча белдʏʏ кемзири жагаарын, уялчаак, наздуу кѳздѳрʏнѳ суктанаарын айткысы келет... Ага арнап ыр жазарын, ырын чогуу окуйлу деп сурангысы келет...Ошондогу абалы, ошондогу сезим кʏʏсʏ кийин акынга азык болуп, мындай саптардын жараларын тартынчаак, уялчаак адеминен жазбаган кыз сезди бекен?..

Кѳңʏл бийлеп, тиктей калсам кѳзʏңдʏ,

Кѳрдʏм андан кѳзʏм толо ѳзʏмдʏ.

Сен кайтаарда булак суусун чакалап,

Мен алдыңан торой чыкчу кезимди.

Кыздын ʏйʏ айылдан тѳмѳнʏрѳѳк, четирээкте. Аты Турнайым. Жибектей созулат назик кыз...Курбулары ʏйʏнѳ кирип кеткенде ал жалгыз ѳзʏ кетет. Эки жакты карабай, тез-тез арымдайт. Артынан бирѳѳ кууп келаткансып ʏйʏнѳ жеткенде чуркап кирип кетет. Ошол бойдон же сууга чыкканда, же мал айдап келатканда бададан кѳрбѳсѳ, такыр кѳрѳ албайт. ʏйʏндѳ отуруп, сайма сайгандан башка кылаар иши жокпу? Коңшу кыздарга кошулуп ойнобойт. Жʏк жыйылган бурчка кагып койгондой, такыр кѳрʏнбѳйт. Кыз мектепке келбей калган кʏн Жолон ʏчʏн азап...Кʏн ѳтпѳйт, же кѳңʏлʏ тынчыбай, ойдолоктоп кыжалаттанат.

Кʏндѳрдʏн биринде Жолон классындагылардан биринчи чыгып китеп баштыгын талдын коңулуна катты да, кыздын ʏйʏ тараптагы дѳңгѳ кароолчулукка келди. Бир топтон кийин тыпылдап тез-тез басып келаткан кызга жалооруй карап, жолунан тосту.

- Турна ..айым,....- Баланын ʏнʏ калтырап, кайра оңолду.

- Экскурсияга Даңгеге барасыңбы?

- Апам жѳнѳтпѳйт.

- Кыздар, балдар чогуу барышат да? Чогуу классыбыз менен десеңчи?

- Кыздардын жʏрѳгʏн алып бʏтпѳдʏңбʏ тийише берип тийишпе да?..

- Сен барсаң-тийишпейм!

Кыз баланы жалдыратып, жоопсуз калтырып, ʏйʏн кѳздѳй чуркады.

ХХХ

Чʏкʏрʏнʏн боткогу бышканда Даңгеге барабыз деп балдар оолугуп жʏрʏшѳт.

Даңге -Ак-Бууранын башы. Эки тарабы жалама асканы аралап аккан дарыя. Даңгеге жеткенде суунун агымы бѳгѳгѳн сулк асканын урандысына чалынгандай, сынып, кишенделгендей туюлат. Кампага камалгандай суу чамынып, ѳжѳрдʏк менен алдындагы тоскоолдукка айбат кѳрсѳтѳ салгылашып, ак жалдуу толкундар ээ-жаа бербей, айбаттуу ʏн салат. Кʏркʏрѳгѳн суунун шоокумунан не ʏн, не эч нерсе угулбай кулак тунат. Дарыяны кептеген урандынын-бурчтуу аска таштын аркы башынан суу сʏзʏлʏп,кысылып, чубалып араң ѳтѳт. Аркыраган суу шундай тоскоолдуктан эбегейсиз кʏч менен араң ѳтсѳ, арыраакта ар жерге чачыраган чоң-чоң аска таштардын бѳгѳтʏ кайрадан кʏтʏп турат. Так ушул Даңгеде Ак-Буура чабылып- чачылып, суусу таптаза бышканда ылдыйкы айылды кѳздѳй шышылып жѳнѳйт!..

Жакыповдун классы экскурсияга ушу жерге келгенде тʏш оой баштаган. Балдардын алды жашыл адырга жутулуп кетти. Кээси ак чѳптѳрдʏн арасында козу карындар жайнаган коктуда жʏрʏшѳт.Ар ким ѳзʏнʏн кѳңʏлʏнѳ жакканы менен ээрчишип алган.

Утуру-утуру жал –жал карап, кѳзʏ менен издегени саймалуу топучан кыз. Анын гиларстай мѳлтʏрѳгѳн кара кѳздѳрʏнѳ тигилип, назик оозунан сѳз уккусу келет. Тоонун гʏлдѳрʏн ал ʏчʏн тергиси келет. Кыялында ээликтирип –эреркеткен сезимин бѳлʏшкʏсʏ келет. Кыздын кѳңʏл бурганы,жылмайганы, жѳн эле караганы жагарын билдиргиси келет.

Ансайын кыз андан алыстап, такыр кѳрʏнгʏсʏ жок.Таспиеттеп ѳргѳн эки чачын жаздын желаргысына сеңселтип, адатынча уялчаак, корунчаактыгынан жанындагы кызга ыктайт да турат, эч нерсени сезбегендей, ал ʏчʏн кыйналган, азап чеккен Жолонду капарына да албагансып тʏр кѳрсѳтѳт.

Кыз менен жалгыздап сʏйлѳшѳ албасына кѳзʏ жеткен Жолон баарынын кѳңʏлʏн ѳзʏнѳ бура турган идея ойлоп тапты. Чоң таштын сыйда бетине так жол тарапты караган жагына ташты чегип, ѳз атын бадырайтып жазды. Колу талып, бутунун учу менен таканчыктап турганына карабай эки сааттай убараланды. “Жолон Мамытов. 1952-жыл” деген жазуу кашкайып, заматта ошол жердин, таштын, суунун кала берсе чѳп- чардын ээсине айланып калгансыды. Жан дʏйнѳсʏнѳ тынчтык бербеген кʏч, тулку боюна сыйбаган энергия, балапан кезден тʏбѳлʏктʏʏлʏккѳ болгон умтулуу, тʏбѳлʏктʏʏлʏктʏн сокур кʏчʏ баланы ушинтип жаздырды...

Бир оокумда кʏн бешимден ооп, тээ жогорку Даңге тараптан убай-чубай келаткан классташтарын кѳрʏп, дердеңдеп сʏйʏнʏп, ѳзʏнʏн идеясына мактангысы келди.Алдыда бир топ кыз оюн салып келатышат. Ушунча кыйынчылык менен жазылган таштагы табылга ага ысык кѳрʏнʏп, жакын сезилип, кыздарга кѳрсѳтѳйʏн деген ойдо ѳзʏнʏн ʏлбʏрѳгѳн ашыгы Турнайым кѳрсѳ деген ниетте алардын алдынан тосо утурлай басты.

-Кыздар!!! Жʏгʏрдʏк!..

-Жолон делдең кулак келатат... Качкыла! Кач-кы-ла-аа!!! –деп кыйкырып айгай салган Минавардын артынан кыздар топурашып, куюндай тызылдашып, туш- тушка качып кетишти. Баланын шабайы сууп, шылкыйып турду...

ХХХ

Балага тʏшʏнʏп болбой калды. Эки-ʏч кʏндѳн бери жанын коерго жер таппайт. ʏйгѳ утуру- утуру кирип чыгат. Кайра чаркарга чабат. Бирдемесин жоготкондой же издеп жарытпайт. Кез –кез башын кашып, тунжурап туруп калат. Шоктугу суу сепкендей ѳчтʏ. Кокус кагаз- калемин кѳтѳрʏп чыкса кѳпкѳ жоголуп кетет. Кайра келип, жанагинтип изденген, акмалаган, тʏйшѳлгѳн тʏрʏнѳн жазыла албайт. Кексе энеси аны байкап, сурады:

-ʏйдѳ эле имерилип калдың ... Эмне болду? Бир балээ жоготтуңбу?

-Шык-к...- Таңдайын шык коюп, баласы унчукпайт.

Мындан эки-ʏч кʏн мурда Жакыпов агай комсомолго ѳтѳ тургандардын сʏрѳтʏн топтогон. Жолон жакшы окуган ʏчʏн классынан биринчи ѳткѳн.

Мугалимдердин бѳлмѳсʏнѳн бор алайын деп кирсе, агайдын тааныш дептери стол ʏстʏндѳ жатыптыр. Эмнегедир жʏрѳгʏ “болк” дей тʏштʏ.Турнайым сʏрѳтʏн агайга кантип тапшырганын, тымпыйып барып партасына кайра отурганын, агайы кѳк тʏстʏʏ калың дептерине салганына чейин карап турган.

Эки жагын абайлап карап, дептерди ача койсо мѳлтʏрѳп кыз карап турат. Шып ала коюп, шымынын чѳнтѳгʏнѳ салды да, жʏгʏргѳн бойдон сыртка атып чыкты. Ошол кʏнʏ шыбы тѳбѳгѳ урунчудай жапыз, жепирейген эски мектепке батпай жʏрдʏ.

Бирѳѳ кѳрсѳ эле алып кое тургансып, сʏрѳттʏ беките албай убара. ʏйгѳ кирип –чыгып тынчый албаганы да ошодон. Чаркарга бекитейин десе ылайыктуу орун табылбайт. Келемиш кыркып кетеби деп коркот. Алаканына салып алып, утур-утур карап коет. Кол жеткистей ыйык, тʏшʏнʏп- тʏшʏнʏп болбогон бир нерсе кѳкʏрѳгʏнѳ сыйбайт... Кыялында сʏрѳт менен сʏйлѳшѳт...

Ошентип сʏрѳттʏ ʏч- тѳрт кʏн шымынын чѳнтѳгʏнѳ салып жʏрдʏ. Апасы жума сайын баланын кийимин жууй турганы эсине тʏшʏп, кокус жуулуп калганын элестетип, ичи ачышып кетти, тызылдай тʏштʏ. Ишемби кʏнʏ мектептен келери менен ʏйдʏн артындагы калың бактан шактуу ат кулакты таап, чоң жалбырагын ʏзʏп алып,сʏрѳттʏ ороп, сѳңгѳктʏн тʏбʏнѳ бекитип койду. Кечки маал кʏн бузулуп, жамгыр себелеп- себелеп жаап, бара-бара нѳшѳргѳ айланды. Жазгы жамгырдын албуут кыялы тутуп, жер жети тойгуча жаай берди, жаай берди.

Эртеси жекшемби эле. Балдар мектепке барышпайт, Жолон сʏрѳттʏ ойлоп, тʏнʏ менен уктай албай койду. Ары оодарылып, бери оодарылып тʏйшѳлдʏ. Бакка чыккандан караңгыда коркот, анан апасынан коркот.

Акыры таң атты. Жамгырдын токтоор тʏрʏ байкалбайт. Асман тʏнѳрʏп, эшик алдында тозгун суу толуп кетиптир. Шымынын багалегин кѳтѳрʏп, сыр каткан аткулакка келсе, сʏрѳт эзилип, тытылып, не кыздын, не кагаздын тʏсʏ билинбейт.... Ыйлагысы келип, ыйлай албай, кеткиси келип, кете албай, аткулакка байланып, суу болгон жалбырагын кармаган бойдон бала кѳпкѳ турду.

Оо, алтыным, эсен –соо жʏрѳсʏңбʏ,

Ѳткѳндѳрдʏ кѳңʏлгѳ тʏйѳсʏңбʏ?

Жалбырактын алдына катсам жамгыр,

Эстейм жууп салганын сʏрѳтʏңдʏ.

 

Сʏйѳм десем капыстан жолдон эле,

Ыйлап ийдиң шолоктоп шондо неге,

Бул окуя, бул иштер кѳп жыл мурун,

Бешинчи “б” класста болгон эле...

Эл ичинде кеңири таралып, ооздон тʏшпѳй ырдалып жʏргѳн “Бул окуя 5“б” класста болгон эле” деген акын Жолон Мамытовдун атактуу ырынын таржымалы ушундай, урматтуу окурман.

Ризван Исмаилова

 

Подробнее ...
06 Апр

Абдракман Ешиев. Бет-жаак хирургиясы боюнча ѳлкѳдѳгʏ жалгыз илимдин доктору

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:40 Жарыяланган категория Макалалар
Абдракман Ешиев. Бет-жаак хирургиясы боюнча ѳлкѳдѳгʏ жалгыз илимдин доктору

Алтын колдуу дарыгер 275 илимий макаланын, 25 ойлоп табуунун, 30 рационалдык сунуштун автору, медицина илимдеринин доктору, профессор, саламаттыкты сактоонун, билим берʏʏнʏн отличниги  Ешиев Абдыракман Молдалиевич “Илимдеги инсан” рубрикабыздын коногу болду. Баса, каарманыбыз бет-жаак хирургиясы боюнча Кыргызстандагы жалгыз илимдин доктору.

Мугалимдиктен дарыгерликке...

-Мен 1959-жылы Ѳзгѳн районунун Заргер айылында карапайым ʏй-бʏлѳдѳ туулганмын. Башка айылдаштарым катары эле чаң-топурака буланып топ аркасынан чуркап, чозмо менен чымчык атып, кышында тоңгон сайдын ʏстʏндѳ зараңдын бутактарынан ыңгайлуу кылып таяк жасап алып хоккей ойноп чоңойдум. Жазында кѳк шиберде кезʏʏ менен мал багып же кой жайып, тоонун таза абасынан дем алып, апам жапкан ысык кʏлчѳдѳн баштыгыма салып, булактан суусунум канганча ичип, анан жамбаштап жатып алып кѳптѳгѳн адабий китептерди окуп бʏтʏрʏп, канааттануу менен кѳңʏлдʏʏ ʏйгѳ кайткан кʏндѳрʏм кѳз алдымда. Атамдын биринчи уулу болгондуктан, эрке жана эркин чоңойдум. Бала кезибизден эле ата-энеме жардам берип, койчулардын козулуу коюн бѳлʏп (сакман) багып, айлык алчубуз. Ошондо апам мектепти жакшы окусаң «башкарма», окубасаң «сакманчы» болосуң деген сѳзʏ мага абдан таасир берген. Окууга болгон дымагым кʏчѳп, алдыңкы окуучулардын катарына кошулдум. Ал эле эмес сʏрѳт тартуу, анча-мынча ыр жаза коюу да ѳнѳрʏмѳ айланды. Кѳркѳм чыгармалардан окуган каармандарымды, айрыкча баатырлардын сʏрѳттѳрʏн, алардын эр-сайыштагы эрдиктерин альбом бетине тʏшʏрчʏмʏн. Атамдын “балам, жаратылышка жан киргизгендей тартыпсың” деген сѳздѳрʏ да мени шыктандыраар эле. 1976-жылы мектепти ийгиликтʏʏ аяктап, талантымды андан ары ѳркʏндѳтʏʏ максатында Фрунзедеги А.С. Чуйков атындагы кѳркѳм сʏрѳт окуу жайына тапшырып окуп калдым. Черчение мен ʏчʏн терең маанилʏʏ сабакка айланды. Алгачкы кесибим черчение-сʏрѳт мугалими болду. Кѳркѳм окуу жайын бʏтʏргѳн соң ѳзʏм туулуп-ѳскѳн айылдагы «Совет» орто мектебинде черчение жана сʏрѳт сабыгынан мугалим болуп жумушка орноштум. Мектепте бир жыл иштегенден кийин жогорку билим алууга ниеттендим. Жʏрѳгʏмдʏн тʏпкʏрʏндѳ ой жетсе да кол жетпеген дарыгер болуу максатым бар эле. 1979-жылы Таир аттуу бир тууган тайкем аркылуу апамдын тууганы Абжапар акем менен таанышып, ал кишинин кѳрсѳтмѳсʏ жана Базаркʏл эжемин жардамы менен КГМИнин стоматология факультетине тапшырдым. Ал кезде “заманың ким болсо сен да ошо бол” дегендей, тиштери таза болсо деле аралатып алтындан тиш коюшчу. Айрыкча тʏштʏк жергесинде, мага да ушул кесипти сунуштаган. Себеби тишти кооздоп жасоо (моделировка) ʏчʏн менин кѳркѳм-сʏрѳт ѳнѳрʏмдʏн ролу чоң экендигин акем эскерткен. Ошентип дарыгерликке кадам таштагам.

“25 жашымда Гипократтын антын бердим”

-Болгон кʏч-аракетти жумшап окуп, алдыңкы студенттерден болдум. Жакшы окуган студенттердин катарын толуктаганыма байланыштуу мугалимдеримдин ишеничи артып, ар кандай институтта тʏзʏлгѳн кружокторго, коомдук жумуштарга тарта башташты. 3-курстан агайларым менен бирдикте деңиз чочколоруна, коёндорго жана иттерге тажрыйбаларды жасап, жыйынтыгына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏп жʏрʏп хирургияга болгон кызыгуум артып, тандоом ортопедиядан хирургияга ѳзгѳрдʏ.

1980-жылы КПССтин мʏчѳлʏгʏнѳ кабыл алындым. Коомдук иштерге активдʏʏ катышканым ʏчʏн, окуудагы ийгиликтерим ʏчʏн мамлекеттин эсебинен Европанын бир топ ѳлкѳлѳрʏнѳ турист катары эс алып келʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлдʏ. Бул студент кездеги алгачкы ийгиликтеримдин жемиши болуп, мени бир топ шыктандырды деп айта алам.

5-курста окуп жаткан кезимде мен да кѳпчʏлʏк катары “кичи мамлекетимди” тʏптѳп, мектепте бирге окуган классташым Шарапат менен ʏй-бʏлѳ курдук. 1984-жылы стоматология факультетин ийгиликтʏʏ аяктадым. 25 жашымда Гиппократтын жана Советтик врачтын антын берип, дипломумду алдым. Адегенде ѳзʏмдʏн агайым, бет-жаак хирургия кафедрасынын башчысы медицина илимдеринин кандидаты, доцент Виктор Юльеевич Шейнман мени ординатор болуп кафедрада калууга сунуштады. Каалоом болгону менен шартым туура келбеди, атам каза болгон, апам улгайып калган, келинчегимдин туруктуу жумушу Ош шаарында, Фрунзеде квартира маселеси да оор эле.

Интернатурага Ош шаардык №1 стоматологиялык эмканасына хирург-стоматолог болуп бѳлʏндʏм. Жумуш деген жумуш экен, жоопкерчилик жогору, бейтаптарга жакындан жардам кѳрсѳтʏʏ керек. Алты айдан соң интернатуранын эрежеси боюнча Ош облустук оорукананын бет-жаак хирургиясында жумушумду улай баштадым. Ѳзʏмѳ койгон талабым: бейтаптарга кандай операция жасалбасын, кʏндʏн кайсыл убагы болбосун ʏзгʏлтʏксʏз катышып, кѳрʏп, ʏйрѳнʏп, жасалган операция боюнча китептен да маалымат алуу, салыштыруу эле. Пландуу боло турган операциялар кандай ыкма менен жасаларын, кандай кабылдоолор болорун кайталап китептен окуп, даярданып келчʏмʏн. Убакыт учуп, кѳз ирмегендей эле бир жыл ѳтʏп кетти. 1985-жылы конкурстун негизинде жана коллективдин тандоосу менен Ош облустук ооруканадагы бет-жаак хирургия бѳлʏмʏнѳ дарыгер болуп кабыл алындым. Кийинчерээк 1995 жылы 5-февралда бѳлʏм башчы болдум. Ошондон бери аталган бѳлʏмдѳ эмгектенип келем. 1985-жылдан бʏгʏнкʏ кʏнгѳ чейин 30 миңден ашуун операция жасадым.

“Илимге 40 жаштан кийин аралаштым”

-Илимий иштерге башынан эле кызуугум кʏч болчу. Жогоруда айткандай 3-курстан тарта хирургия боюнча кружокторго катышып, эксперимент жʏргʏзчʏмʏн. Бирок, иштеп баштаганда шаарда ʏй жок, бирѳѳлѳрдʏн ʏйʏндѳ акы тѳлѳп жашап, балалуу болгондон кийин шарт туура келбей, илимге кечирээк ʏй-жайыбызды тʏптѳп, балдар чоңоюп окуп калганда аралаштым. Тагыраагы, 40 жаштан ашканда 2000-жылдан баштап илимге кириштим.

1999-жылы ОшМУда стоматология адистигин ачылды. Мен да тʏптѳѳчʏлѳрдʏн бири болуп эсептелем. Ошентип окуу жайда студенттерге сабак да ѳтʏп калдык. Университетте сѳзсʏз тʏрдѳ илимий даража дагы каралат эмеспи. Бул да бир тʏрткʏ болду.

2004-жылы агайым Виктор Юльеевич Шейнмандын жетекчилигинин алдында кандидаттык илимий ишимди жактадым. Анда 15 илимий макалам Орусиянын, Ѳзбекстандын, Казакстандын журналдарына жарыяланган. Ишимдин темасы “Астыңкы жаактын сыныктарын шакшактоо ыкмасы менен дарылоо” болчу.  Кандидаттыкты жактоо менен токтоп калбастан, докторлук илимий эмгегимди баштадым. Ошол учурда агайым Шейнман Израилге кетип калган эле. Докторлук эмгегимдеги консультанттарым, илимде аттын кашкасындай таанымал, медицина, философия илимдеринин доктору Исабек Ашымов жана профессор Ильшат Юлдашев болгон. Агайлардын кѳрсѳткѳн багыты, ѳз эмгегим менен докторлук илимимде 5 ойлоп табууну колдонуп, 1286 бейтапты изилдѳѳдѳн ѳткѳрʏп, алардын жыйынтыгын чыгарып, 35 илимий макалам жарык кѳрʏп, 2011-жылы докторлук эмгегимди коргодум. 2012-жылы “илимдин доктору” деген дипломумду алдым. Ал эми 2016-жылы жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен профессор даражасына ээ болдум. Андан тышкары бет- жаак хирургиясында дагы сапаттуу дарылоо же дарылоо жолдорун ѳркʏндѳтʏʏдѳ 25 ойлоп табуунун автору болууга жетиштим. Бʏгʏнкʏ кʏндѳ ыкмалар биздин клиникада, башка клиникаларда дагы колдонулуп келʏʏдѳ.

“Илимий мектебимди ачкам”

-Медицина илими техниканын, илимдин ѳнʏгʏшʏ менен жаңыланып туруучу илим эмеспи, ошого байланыштуу СССР мегилинде билим ѳркʏндѳтʏʏ курстарды Москва, Ленинград сыяктуу чоң-чоң шаарлардан ѳтʏп, ѳзгѳчѳ жаңы тажрыйбаларды топтоп келчʏ элек. Атактуу хирургдардын эмгектери менен таанышып, жаңы-жаңы ыкмаларды ʏйрѳнʏп келчʏбʏз. Союз ыдырагандан кийин деле билим ѳркʏндѳтʏʏ курстарына мʏмкʏнчʏлʏк таап катышууну токтотподум, себеби дарыгерлер ʏчʏн ѳнʏгʏʏнʏн чоң мектеби. Бʏгʏнкʏгѳ дейре тажрыйба алмашуу максатында дʏйнѳнʏн 15тен ашык ѳлкѳсʏнѳ барыпмын. Ушул тапта 275 илимий макала, 25 ойлоп табуулар, 30 рационалдык сунуштар, 4 монография, 6 окуу китеби, 8 методикалык сунуштарым жарык кѳргѳн.

Мен дагы агайларым сыяктуу илимий иш жазам дегендерге жардам берʏʏ максатында илимий мектебимди ачкам. Буга чейин консультант болуп, багыт кѳрсѳтʏп тѳрт кандидатты чыгара алдым. Азыркы учурда дагы ʏчѳѳ коргоо алдында турат. Андан башка эмгектеринин ʏстʏндѳ иштеп жаткан 10 аспирантым бар.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...
06 Апр

Малинанын пайдасы менен зыянын биле жʏрѳлʏ

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:39 Жарыяланган категория Макалалар
Малинанын пайдасы менен зыянын биле жʏрѳлʏ

Кызыктуу маалыматка толгон «Пайдалуу кеңеш» рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында малина тууралуу кеп кылабыз. Биз билген витаминге бай малинанын адам организмине зыян тарабы да бар экенин билет белеңиз? Жаз айында витаминге муктаж болуп турган организмди пайдалуу жемиштер менен толтурууда анын зыяндуу тарабын да эске алыңыз.

 

Малина – витамин менен минералдын кампасы

Малина аз кандуулуктан арылтат. Жай, жаз  айлары  чарчаган организмди пайдалуу жемиштер жана минералдар менен камсыздоочу учур. Витаминдер менен минералдардын «кампасы» болуп саналат. Малина оорунун сакаюусуна колдонулуп, жаштыкты жана сулуулукту сактоодо чоң пайдасы бар. Бул жолу мына ушундай касиеттʏʏ жемиш жѳнʏндѳ айтып беребиз. Малинанын 200дѳн ашуун тʏрʏ бар.

Пайдасы:

- Сасык тумоо жана ангинада малинаны чайга кошуп ичʏʏ абдан пайдалуу. Жаштыкты сактоочу азыктардын катарына кирет. Курамындагы магний жʏрѳктʏн иштѳѳсʏн жакшыртат. Ичеги-карын ооруларында жʏрѳк айлануу, ич ѳткѳктʏ токтотуп, табитти ачат.

- Иммунитетти чыңдайт жана бѳйрѳктʏн иштѳѳсʏн автивдештирет.

- Аз кандуулук, диабет, тукумсуздук жана гинекологиялык ооруларга дабаа.

Зыяны:

- Малинаны бѳйрѳк оорулары, ашказан жарасы, гастрит кʏчѳгѳн  мезгилде колдонуу  сунушталбайт.

- Айрымдарда аллергияны чакырышы мʏмкʏн.

- 1 жашка чейинки балдарда диареяны пайда кылат. Ошондуктан ачык-кызыл тʏстѳгʏсʏн гана берʏʏ сунушталат.

-Кан басымды тʏшʏрʏп жиберет.

Кимдерге сунушталбайт?

• Кант диабети менен жабыркагандарга

• Заара жолдорунда ташы барларга

• Он эки эли ичегисинде жарасы барларга

• Кош бойлуулуктун акыркы ʏч айында мʏмкʏн эмес.

Малинанын пайдасынан да кээ бир адамдарга зыяны кʏчтʏʏ. Малина 85 пайыз суудан, 8-9 пайыз углеводдон, мон жана дисахаридден турат. Андан тышкары курамында белок жана май камтылган. Малина витаминдерге бай жемиш. Курамында калий, кальций, фосфор, магний, хлор сыяктуу микро жана макроэлементтерди камтыйт. Мындан сырткары, алма жана лимон кислотасы, майда тамырларды бекемдѳѳчʏ анитоциан  бар. Малинанын дарылык касиети жогору. Бир топ ооруларды дарылоодо анын жардамы чоң. Мисалы, сасык тумоого кабылып калган учурда дене табын тʏшʏрʏʏдѳ малинанын пайдасы чоң. Ошондой эле канды коюлтуп, токсиндерди бѳлʏп чыгаруучу касиетке да ээ. Малина – радикулит, аз кандуулук менен жабыркагандарга кѳбʏрѳѳк пайдасын тийгизет. Беттин тʏсʏн жакшыртат, аны айымдар колдонсо болот. Адамдын организмине керектʏʏ витаминдерден тышкары, минералдар да чоң роль ойнойт. Мисалы, курамында малина кирген бал адамдын нерв системасынын жакшыруусуна шарт тʏзѳт. Ошондуктан нерви кѳп чарчап, стресске кѳп кабылган адамдарга малинаны кѳбʏрѳѳк колдонуу пайдалуу. Малинанын курамында солицил кислотасы болгондуктан ал муун ооруларга дагы жардам берет. Магний жʏрѳк жана нерв ооруларын жѳнгѳ салса, витамин К кандын коюлуусун алдын алат. Малина азык булаларына бат келгендиктен ал ичеги –карындын иштешин жакшыртат. Азык булаларынын эсебинен организмдеги холестерин жок болот. Эң кызыгы анын курамындагы жемиш кислотасы баш жазууга абдан чоң жардамын тийгизет.

Малина ѳстʏрʏʏ

Малина салкын климатты жактырат. Башкача айтканда, биздин бардык региондордо ѳсѳт. Бирок, бул ысыкты жана ѳтѳ туздуу топуракты жактырбайт, ошондуктан, тоо этегиктеринде жакшы тʏшʏм берет. Бай топуракты, жарыкты жана нымдуулукту тандайт, бирок сазга туруштук бере албайт. Ойдуңдарда же чуңкурураак жерлерге ѳстʏрʏʏдѳ этиет болуу керек, анткени мындай жерлерден ʏшʏк алып кетʏʏсʏ мʏмкʏн. Эгерде тоо капталында отургуза турган болсоңуз, тʏндʏк, тʏндʏк-чыгыш тоо этегин тандап алуу жакшы, ал эми тʏштʏк жана батыш капталдарда кургакчылыктан жапа чегет.

Отургузууга жерди кʏзʏндѳ даярдап алуу керек. Жерди отоо чѳптѳн тазалап, азыктандыруу зарыл. Отоодон тазалоо ʏчʏн жерди парга калтырып же болбосо отоо басканына жараша «Grifostad» гербицидин 1 гектарга 2-5 литр нормасында колдонууга болот. Гербицид таасир бергенден 20-30 кʏндѳн кийин жер 30-35 см тереңдикте айдалат. Жазгы отургузууда жер терең айдалат, ал эми кʏзгʏ отургузуу ʏчʏн 2-3 жума мурда топурак даярдалат. Айдалган кыртыш кылдаттык менен тырмалат жана тʏздѳлѳт. Жер айдоого чейин топурактын асылдуулугуна жараша 1 чарчы метрге 10-20 кг кык, 100-200 грамм суперфосфат, ошондой эле жѳѳккѳ 4-5 кг органикалык жер семирткич, 80-100 грамм фосфор жер семирткичин берʏʏ зарыл. Отургузуу кʏзʏндѳ же жазында жʏргʏзʏлʏшʏ мʏмкʏн, бирок кʏзʏндѳ отургузулса 100% ѳсʏп кетет.

Ѳнѳр жайлык масштабда отургузуу схемасы мындай: катарлардын ортосу 2.5 метр, ал эми катардын ичинде 0.5-0.7 метр аралык сакталат. Бир жылдык майда жан чырпыктардын баштарын 4-5 бʏчʏр калтырып кыркышат, бутактын негизин кыртыштан 2-3 см терең кылып отургузуу зарыл. Малина жарым бадал болгондуктан, мѳмѳлѳрʏ бышканда бутактары жерге ийилип, оруу-жыюуну кыйындатат. Ошондуктан, бадалды тиреп коюу керек.

Аба ырайына жараша малинаны 6-8 жолу сугаруу керек. Ар бир сугаттан кийин топуракты жумшартып туруу кажет. Мѳмѳ байлап бʏткѳн экинчи жылдык бутактарды бутап салуу керек. Экинчи жылдан тарта 1 чарчы метр аянтка 100 граммга жакын азот жер семирткичин жана 100-150 грамм фосфор жер семирткичин берип турат. Тамырлары тайыз жайгашкандыктан, жер семирткичти кылдаттык менен, терең эмес берʏʏ зарыл.

Малина илдеттери

Малинанын илдеттеринин арасында вирустук мозаика, дат, дидимела, ачык кызылтемгил так (пурпурная пятнистость) жана септориоз кеңири тараган. Зыянкечтерден малина желелʏʏ кенеден (паутиный клещ) жана кулпунайдын шиш тумшуктан жабыр тартат. Козу карын ооруларынан арылтуу ʏчʏн курамында жез камтыган фунгициддер пайдаланылат. Зыянкечтерге каршы БИ-58 ж.б. сыяктуу пестициддер колдонулат. Бирок, ѳсʏмдʏк эмнеден жабыркаганын аныктоо менен алектенбеңиз деп кеңеш берет элек, анткени, ар бир райондо ѳсʏмдʏктѳрдʏ коргоо боюнча кызмат иштейт, алардын адистери илдетти так аныктап, кандай чара колдонуу боюнча кеңештерин беришет. Себеби, малина пестицид, гербицид ж.б. химикаттардын калдыктары боюнча СНиП (санитардык нормалар жана эрежелер) талаптары коюлуучу ѳсʏмдʏк болуп саналат.

Малинанын тʏшʏмдʏʏлʏгʏ кѳптѳгѳн себептерге байланыштуу. Негизги себептери – бадалдагы мѳмѳ байлоочу бутактардын саны, мѳмѳлѳрдʏн саны жана орточо салмагы. Тʏшʏмдʏʏлʏк сорттон жана ѳстʏрʏʏ технологиясынан, ошондой эле ѳсʏʏ учурундагы аба ырайынан жана ѳсʏʏ мезгилинин узактыгынан кѳз каранды болот. Мѳмѳсʏ абдан назик болгондуктан, кол менен кылдат жыйноо керек. Тʏшʏм жыйноо убакыт кѳп эмгекти талап кылуучу, бирок ѳндʏрʏʏчʏ-фермер ʏчʏн эң чечʏʏчʏ иш. Жыйноочу сортуна жараша кʏнʏнѳ 15 кг дан 45 кг чейин чогулта алат.

Тʏшʏм терилгенден кийин мѳмѳ жалпайып калбашы ʏчʏн 100-200 граммдык, эң кѳп дегенде 500 граммдык контейнерге салынышы керек. Андан соң контейнерлерди коробкага же жашиктерге салып, 3-4 саатта жʏктѳшѳт. Жемиштерди бузбоо ʏчʏн жашиктерди катуу кыймылдатпоо зарыл.

Сыдык Токонов

 

 

Подробнее ...
06 Апр

ѲНѲКѲТ БѲЙРѲК ЖЕТИШСИЗДИГИ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАР ʏЧʏН ЭСКЕРТКИЧ

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:36 Жарыяланган категория Макалалар
ѲНѲКѲТ БѲЙРѲК ЖЕТИШСИЗДИГИ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАР ʏЧʏН ЭСКЕРТКИЧ

Биз бул эскерткичке негизги суроолор боюнча бейтаптар ʏчʏн эң керектʏʏ маалыматтарды жыйнадык.

Бейтаптардын укуктары:

Бюжеттик программалык гемодиализ кызматын алып аткан бешинчи баскычтагы ѳнѳкѳт бѳйрѳк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар,  саламаттыкты сактоо уюмдарынанын менчигинин тʏрʏнѳ жана аймактык  жайгашуусуна  карабастан эркин тандоого укуктуу.

Гемодиализ сеансын кѳрсѳтʏʏдѳгʏ тартиптер:

-Гемодиализ ГД/ГДФ процедурасы стандартка ылайык жумасына 3 жолу  4 саат таза диализ ѳткѳрʏлʏшʏ керек, башкача айтканда бир кʏндѳ 240минут же 720 м\нът жумасына  натыйжалуу диализ;

-  Гемодиализ процедурасын ʏзгʏлтʏкѳ учуратып жана диализдин убактысын кыскартууга болбойт;

- Гемодиализ алардын алдында жана бʏткѳндѳ дененин салмагын текшерʏʏдѳн ѳтʏʏ керек;

- Бейтаптар мас абалында, бангизатты же токсиндʏʏ заттарды колдонуп гемодиализ процедурасын алууга болбойт;

-Бейтаптарга дары-дармектерди ѳз алдынча колдонууга  тыюу салынат;

- Бейтап суук тийгизип алган учурда жана эпидемия убагында респиратордук жугуштуу оорулар менен ооруганда, бет кап кийиши керек;

- Бейтаптардын тамактануусу гемодиализ сеансы бʏткѳндѳн кийин жʏргʏзʏлѳт (керек болгон учурда);

Эгерде бейтаптардын укугу бузулса же чыр-чатактар пайда болгон учурларда, бейтап тʏздѳн-тʏз медициналык борбордун жетекчисине кайрылууга укугу бар жазуу тʏрʏндѳ дагы, ошондой эле  гемодиализ кызматынан баш тартууга(медициналык жардам алууну токтотууга).

Сиздин жашооңуздун сапатын жогорулатуу ʏчʏн бейтаптар билиши зарыл:

-   Сиз диетаны (стол №7) так сакташыңыз зарыл:

• ичʏʏ режими (500-700мл чейин суюктукту кʏнʏнѳ чектѳѳ, эгерде сизде заара жок болсо)

• тузду чектѳѳ, ачууну, курамында калий бар азыктарды керектѳѳнʏ чектѳѳ (банан, картошка (атайын даярдалбаган), жер жемиштер, ширелер),

• фосфорго бай  тамак- азыктарын (балык,жумуртка,сыр, сʏт, быштак, буурчактар) алып салуу

- кантамырга жеткиликтʏʏлʏгʏн тʏзʏʏ (артериовеноздук фистула (АВФ), же такай катетерди орнотуу);

-  лабораториялык изилдѳѳлѳргѳ, иликтѳѳлѳргѳ даярданганда сунуштарды так аткаруу керек;

-  Дене гигиенасын сактоо, ѳзгѳчѳ артериовеноздук фистуланын орнотулган жерин  же катетерди.

Медициналык борборго (бѳлʏмгѳ) келгенге чейин жана жʏргѳн учурда тамеки чеккенге, спирт ичимдиктерин ичʏʏгѳ тыюу салынат.

Натыйжалуу гемодиализ процедурасына жетʏʏ ʏчʏн  кѳңʏл буруңуз:

- Медициналык кызматкерлер асептика жана антисептикалык тартиптерди сакташабы:колдорду жууганды, ар бир манипуляциядан кийин медициналык кызматкерлер мээлейди алмаштырабы жана ар бир бейтаптан кийин, бейтаптын аймагындагы жазалган жумуш орундарынын ʏстʏн, ар бир нѳѳмѳт алмашылганда антисептиктер менен тазалайбы, диализ бѳлмѳсʏндѳ   аба кварц чырагы менен тазаланабы,бир жолу колдонула турган медициналык буюмдарды колдонобу.

- фосфор-кальций алмашуусунун бузулушун алдын алууда фосфор- кальцийге жана паратгормондорго изилдѳѳлѳр такай жʏргʏзʏлѳбʏ?

- кандын темир алмашуу функциясынатекшерʏʏ изилдѳѳлѳр жʏргʏзʏлѳбʏжана аз кандуулукту оңдоо эритропоэтин дем берʏʏчʏ дарылары жана темир дарылары менен жʏргʏзʏлѳбʏ?

-  Оорукананын ичинде гепатит оорусун алдын алуу иштери аткарылабы?

Программалык бюжеттик гемодиализ процедурасын алууга чейин сиз эмнени билишиңиз зарыл:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын биометрикалык ID-паспорту (2017 жылдагы ID-карта ʏлгʏсʏ)менен  ѳзʏңʏз камсыз болушуңуз керек. Сиз алган  программалык гемодиализдердин сеансынID-карта аркылуу каттоо ʏчʏн, ачык айкын жана кѳрсѳтʏлгѳн гемодиализ кызматынын  кѳлѳмʏнѳ  сапаттуу контролдоо жʏргʏзʏʏ максатында керек;

- Бейтаптардын укутары жана милдеттери жѳнʏндѳ кат тʏрʏндѳ, ошондой эле “Гемодиализ” маалымат базасына  жеке маалыматтар менен электрондук    иштетʏʏгѳ макулдук берʏʏ;

- Сизде В жана С гепатит  вирусу жок болгондугу жѳнʏндѳ жана  гепатитке  каршы вакцин сайылган деген маалымкат тапшыруу керек;

ГД/ГДФ процедуралары дарылоонун жѳнѳкѳй эмес ыкмалары болуп эсептелинет. Булар ар кандай ооруларды ѳѳрчʏп кетишине себеп болушу  жѳнʏндѳ Сизди дарылаган дарыгер маалымат бериши керек.

Башка аралаш оорулар боюнча  дарылануудагы суроолор болсо Сиз ѳзʏңʏздʏн ʏДБ/ʏДТ каттоодо тургандыгыңыз боюнча  ʏй-бʏлѳлʏк дарыгериңизге кайрылыңыз.

Эгерде сизде суроо пайда болсо жана  медициналык кызмат алууда сиздин укуктарыңыз бузулса 113 “ыкчам телефонуна” кайрылыңыз.

Подробнее ...
06 Апр

Ботулизмден уулануудан сактангыла!

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:34 Жарыяланган категория Макалалар
Ботулизмден  уулануудан  сактангыла!

Акыркы айларда ѳлкѳдѳ  тамак-аштан, тагыраагы салаттан, арактан ууланган адамдар кѳп чалдыга баштады. Аксыдагы “спиртке же салатка ууланды” деген окуя менен Кара-Суу районундагы салатка ууланган учур ѳлʏм менен коштолду. Медицинанын тилинде муну ботулимз деп аташат. Ботулизм боюнча  санэпидем борбордун санитардык дарыгери Г. Жээнбаева  кеңири маалымат берди.                                                                                                 

Ѳз убагында дарылабаса ѳлʏмгѳ жеткирет

Кʏз  мезгилинен  баштап, жыл бою ар бир ʏйдʏн дасторконунда ʏй шартында даярдалган  мѳмѳ-жемиштен, балыктан, козу карындан  жасалган консерваланган  салат азыктары колдонулат.  Санитардык-гигиеналык эрежелерди  сактабай  консервалаган   салат азыктарын колдонгон  учурда  ботулизм  илдетине  кабылуу  мʏмкʏн. 

Ботулизм бул – ботулизм бактериясынын уусу менен ууланган тамакты колдонуудан келип чыккан, ѳз убагында  медициналык  жардамга  кайрылбаса, оорулууну параличке жана  ѳлʏмгѳ алып келʏʏчʏ  коркунучтуу  илдет. Ботулизм палочкасы топурактын  арасында спора тʏрʏндѳ  кездешет. Топурак менен  мѳмѳ-жемиштерге,  козу карындарга,  жаныбарлардын,  канаттуулардын, балыктардын  ичегелерине кирет. Ботулизм палочкасы  сырткы чѳйрѳнʏн шартына  туруктуу  келет,  кайнатуудан  ѳлбѳйт, кычкылтексиз  чѳйрѳдѳ  гана  ѳсʏп,  кѳбѳйѳт  жана  уу  бѳлʏп чыгарат, (жабылган  консерваланган  банкаларда  кычкылтек  жок  болгодугуна  байланышту, ботулизм   палочкалары  кѳбѳйѳт  да уу  бѳлʏп   чыгарат). Кѳбʏнчѳ консервацияланган козу карын, жер жемиш (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык кооптуу келет.  Yй шартынан сырткары, тамак аш дʏкѳндѳрʏндѳ сатылган  консерваланган козу карын,  банкага салынган жашылча- жемиштердин тʏрлѳрʏнѳн ботулизмге кабылуу коркунучу бар.

Ботулин бактериясы бар консервацияланган азыктарды ѳңʏ, жыты, даамы аркылуу айырмалоого мʏмкʏн эмес.

Оорунун  ѳзгѳчѳлʏгʏ

 Yй шартында  консерваланган  салат   азыктарында эч  кандай  ѳзгѳрʏʏ (тʏс ѳзгѳртʏшʏ, капкагы  шишиши)  болбойт.  Бир  эле  банкадан  жеген  адамдардын  кээ  бири  ооруса  бирѳѳлѳрʏ оорубай  дагы  калышы мʏмкʏн.  Себеби  бактериялар  уусу  менен  банканын  бир  бѳлʏгʏндѳ  эле  жайгашышы   мʏмкʏн. Ошондой эле ʏй шартында туздалган жана кургатылган балык дагы ууланууга алып келиши мʏмкʏн. Анткени балыктын булчуң эттеринде ботулизмдин клостридийи ѳсʏп, жыландын уусунан 375 эсе кʏчтʏʏ келген ботулотоксиндер пайда боло баштайт.

Оорунун белгилери

Ботулизм   палочкалары   бар  консерваланган салат   азыктарын  колдонгондон  кийин  бир  нече  сааттан  же 5-10 кʏндѳн  кийин  ботулизм  оорусу  билиниши   мʏмкʏн.   Адатта, ботулизм 12-36 сааттан кийин, токсин камтылган азыкты колдонгондо байкалат, бирок 4 саатан, 8 кʏндѳн кийин да жукканы байкалган учурлар  кездешет.

Оорулуу  алсызданат,  башы  ооруйт, оозу  кургайт,  ысытмасы  кѳтѳрʏлбѳйт,  ич  ѳтʏʏсʏ  жана  кѳнʏл айлануусу   болбошу  дагы   мʏмкʏн, кѳбʏнчѳ  ичи   келбейт, клизма да жардам   бербейт.   Тезинен   кѳрʏʏсʏ начарлайт, кѳзʏ  электенет, тумандайт,  кѳзʏнѳ   адамдар   экиден   кѳрʏнѳт,  каректери   чоңоет,  ʏнʏ  ѳзгѳрʏп, сʏйлѳй  албай да  калышы мʏмкʏн, дем алуусу жана жутунуусу кыйындайт,  тамак  ичсе  мурдунан   чыгат.   Оорулуу   башын  кѳтѳрѳ  албай  калат, баса  да албай  калат.

Жогорудагы  белгилер   байкалса  тезинен  «Тез жардамга»  кайрылып  ооруканага  жатып,  ботулизмге  каршы  атайын  сывороткаларды  ѳз  убагында  алып,  ооруканаларда  гана  врачтардын  кѳзѳмѳлʏндѳ  дарылануулары  тийиш.  Эгерде  оорулуу  кечигип  кайрылган   учурда,  оору  ѳлʏмгѳ  алып  келиши мʏмкʏн.

Алдын алуу ʏчʏн эмне кыла алабыз?

Оорунун   алдын  алуу ʏчʏн  мѳмѳ-жемиштерди таза жууп,  консервалоо  керек,  мʏмкʏн   болушунча ʏй шартында  даярдабоо  керек.  Эгерде  даярдалган  болсо  колдоноордон  мурда  консерваланган   салат азыктарын  кострюлга  салып  15-20 мʏнѳт  кайнатып  андан  кийин  муздатып  колдонсо  болот,  себеби  кайнатуудан  уу  залалсызданат.

Эсиңизде болсун!

Yй шартында концервацияланган азыктарды базардан, кѳчѳдѳн сатып албаңыздар!

- Азыктарды сатып алууда чыккан датасын, колдонуу мѳѳнѳтʏн, жасалган шарттарына кѳңʏл буруу зарыл.

-  Азыктанардын алдында колду самындап таза жуу кажет.

- Тамак-ашты бууга жана дымдап даярдоого ѳзгѳчѳ маани бериңиз.

-  Yй шартында тамак жасоодо эрежелерди сактагыла.

- Чоң кѳлѳмдѳ майонез же ѳсʏмдʏк майын кошуп салаттарды даярдабаңыз. Колдоно турган кѳлѳмгѳ жараша аталган заттарды кошуп, дасторкондо узак убакыт калтырбаңыз.

-Чийки заттарды колдонууда  ѳзʏнчѳ тактай жана бычактарды колдонуу, колду тазалап жуу, аккан суу жашылча, кѳк чѳптѳрдʏ жана мѳмѳ-жемиштерди жуу керек.

- Банканы ачуу алдында жакшылап караңыз, азыкта ботулизм токсиндери бар болсо капкагы томпоюп чыгып калат.

- Балык, козу карынды кургатып жана туздоодо абайлаңыздар. Бул ѳтѳ кооптуу. Балыкты кармагандан кийин эртерээк тазалап, агын сууга жууп, муздак жерге сактаңыз.

- Эгерде  ичиңиз ооруп, ѳзʏңʏздʏ жаман сезип,  кусуп жатсаңыз, ʏй-бʏлѳңʏзгѳ тамак жасоого болбойт, дарыгерге кайрылуу зарыл.

- Жеке гигиенаны сактаңыз жана балдарга да ʏйрѳтʏңʏз.

- Ошондой  эле жогоруда айтылган кайсы бир белгилердин тʏрлѳрʏ кездешсе же бар болсо тезинен дарыгерге кайрылыңыздар. Муну менен сиздер ооруну алдын алып жана дарылануу убагында башталат.

Ботулизм  оорусун  алдын  алыныздар, ѳзʏңʏздʏн  жана жакындарыңыздын ден соолугуна  кам   кѳрʏңʏздѳр. Уулануунун кесепетинен корксоңуздар, ѳзʏңѳрдʏн жана жакындарыңардын саламаттыгына кайдигер карап, кѳңʏл кош мамиле жасабаңыздар!

 

 

Подробнее ...
06 Апр

Айнагʏл Нурлан кызы: «Учурда чет ѳлкѳдѳ акысыз окууга мʏмкʏнчʏлʏктѳр кѳп»

Автор Бекмурат Вторник, 06 Апрель 2021 05:32 Жарыяланган категория Макалалар
Айнагʏл Нурлан кызы:  «Учурда чет ѳлкѳдѳ акысыз окууга мʏмкʏнчʏлʏктѳр кѳп»

Илим жолу узак жол. Муну  илимпоздор далай далилдешти. Билим алууга ынтызар болгон жаштарыбыздан уучубуз кур эмес. Алды чет ѳлкѳдѳ окуп, ийгиликке, жеңилдетʏʏлѳргѳ жетишип, келечегине мыкты мʏмкʏнчʏлʏктѳрдʏ тʏзʏп, «ѳлкѳ ʏчʏн кызмат кылууга даярмын» дегендер. Мындай жаштар менен баарлашып жатып сыймыктанасың, келечекке болгон зор ʏмʏт, тилектер пайда болот. Учурда Тʏркияда жашап, бир нече мамлекетте билим алган кызыбыз Айнагʏл Нурлан кызы менен билим алуудагы жолу, ийгиликтери тууралуу маектештик.

«Жаштардын билимге суусап турганы жакшы»

- Башкалар сыяктуу эле киинекейимден чет ѳлкѳдѳ окууну кѳп кыялданчумун. Ѳзʏм Жалал-Абаддан болом. Балалыгым айылда ѳттʏ. Орто мектепти аяктап жатканда мектеп директорубуз «Ошто Тʏркияга акысыз окууга конкурс ѳтʏп жатат экен, кʏчʏңдʏ сынап кѳрбѳйсʏңбʏ?» деп калды. Дароо эле макул болуп, Ош шаарына бардым. Конкурска катышып, насип экен, Тʏркиянын Кастамону шаарына окууга ѳткѳм. Тʏркияга келгенде алгач бир жыл даярдык ʏчʏн тил курсунда окудум. Андан ары тѳрт жыл окушум керек эле. Бирок, менин жылдык баа кѳрсѳткʏчтѳрʏм, ийгиликтерим жакшы болгондугу ʏчʏн окууну жарым жыл эрте аяктадым. Тʏркиядагы билим берʏʏ системасы ушундай, ар бир бʏтʏрʏʏчʏсʏн жумуш орун менен камсыз кылууга аракет кылышат. Мен окуган окуу жай Швейцариядагы банктардын бирине сыноо мѳѳнѳтʏндѳ иштеп келʏʏ конкурсун уюштурган. Ал конкурстан жеңип алып, атайын стипендияга да ээ болдум. Бирок, пандемияга байланыштуу аталган ѳлкѳгѳ бара албай калдым. Учурда чет ѳлкѳдѳ окуу мʏмкʏнчʏлʏктѳрʏ кѳп. Чет жакта билим берʏʏ системасы алда канча сапаттуу экенин мен айтпасам да белгилʏʏ. Ошондуктан жаштарды сапаттуу, татыктуу билим алууга чакырам. Бул ʏчʏн кайсы бир байдын кызы же уулу болуу шарт эмес. Болгону бир аз аракет кылып, тырышып окуп коюу жетиштʏʏ.

«Студенттер арасында атаандашуу кʏч болот»

- Тʏркияда студенттерди жарым, бир жылга алмашуу программасынын негизинде Европа ѳлкѳлѳрʏнѳ чыгарып турушат. Мен 3 жарым жылда эки мамлекетке барып окуп келдим. Биринчисинде Португалияга барсам, экинчисинде Польшага бардым. Албетте, студенттин жетишкендиктерине карап жиберишет. Мына ошондой талаптардын бири – биринчи курсту эң жогорку баалар менен аякташ керек. Атайын чектелген упайлар бар, ошого жетʏʏ шарт. Эгер бул талаптарга жооп берʏʏчʏ жыйынтыкка жетише алсаң анда жогоруда айткан программага катталасың.  Катталган соң эки этаптан турган сынак жарыяланат. Анын биринчи этабында англис тилинин грамматикасы боюнча тестирлѳѳ жʏрѳт. Экинчи этабында англис тилин канчалык билишиңди сʏйлѳшʏʏ, баарлашуу аркылуу аныкташат. Жыйынтыгында жалпы топтогон упайларды башка студенттердин упайына салыштыруу менен чет ѳлкѳгѳ баруучу студентти аныкташат. Эгер сенде эң жогорку упай болсо жарым жылга же бир жылга Европадагы ѳлкѳлѳрдʏн бирине акысыз окуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнѳ биринчи ээ болосуң. Ошол ʏчʏн студенттер арасында атаандашуу кʏч болот. Мындан улам студенттердин билимге болгон кызыгуусу артат. Жаштардын билимге суусап турушу ѳлкѳ ʏчʏн чоң капитал. Анткени, билимдʏʏ жаштар билимдʏʏ келечекти курат.

«Европада окуган студенттерге шенген визасы берилет»

- Башка ѳлкѳгѳ барып, акысыз билим алууга бош орун аз эле берилет. Мисалы, бир факультетте 500, 600 студент болсо, аларга 5 эле  орун бѳлʏнѳт. Португалияга барганымда кѳп нерсени ʏйрѳндʏм. Билим берʏʏнʏн сапатына болгон кѳз карашым, дʏйнѳ таанымым тʏп тамыры менен ѳзгѳрдʏ десем жарашат. Португалиялыктар шайыр, достукка жакын болгону ʏчʏн досторумдун санын ѳстʏрʏштʏ. Мындан сырткары, Европада окуган студенттерге  ыйгарылуучу дагы бир мʏмкʏнчʏлʏк – шенген визасынын берилиши. Аталган виза менен Евросоюзда болгон бʏт ѳлкѳлѳрдʏ саякаттай аласың. Европанын бир топ ѳлкѳлѳрʏн кыдырдым.

Мени сыймыктандырган нерсе – Европа ѳлкѳлѳрʏнѳ барып кыргызстандык экениңди айтсаң «Атай Ѳмʏрзаковдун мекениби?» деп сурашканы. Бʏтʏндѳй бир ѳлкѳнʏ бир адам аркылуу таанышы кандай сыймык! Ошондо кыргыздын сыймыгы болгон бийчи балага суктангам. Мурун залкар Чыңгыз Айтматов аркылуу таанышса, азыр жаштар Атай Ѳмʏрзаков аркылуу тааныганы жʏрѳк жылыткан.

«Кыргызстанда аскер кызматын ѳтѳгѳн польшалык Кара-Балта шаары тууралуу айтып берип таң калтырган»

- Польшага барганымда да кѳп кызыктарга туш болгом. Ал ѳлкѳнʏн улуу муундагы жарандары дагы эле орус тилинде сʏйлѳшʏшѳт экен. Орус тилинде сʏйлѳгѳн адамдарды жолуктурсам ѳзʏмдʏн жакын адамымды жолуктургандай эле кубана берчʏмʏн. Ал эми жаштары дʏйнѳлʏк бирикменин же болбосо Германиянын саясатын колдогондорун кѳп байкадым. Эң кызыгы жерлигимди айтсам «мен Кыргызстанга баргам, аскердик кызматымды Кыргызстанда ѳтѳгѳм» дегендерди да кезиктиргеним болду. Кара – Балта шаарын ѳзʏнчѳ эстеп калышканын айтып таң калтырышкан. Эң ѳкʏнʏчтʏʏсʏ Польшанын кѳпчʏлʏк эли Кыргызстанды Орусиянын карамагындагы бир автономиялуу облус катары таанышат экен. Польшада тѳрт ай билим алдым. Ошол убакыт аралыгында Кыргызстандын салт – санаасын, ѳзʏнчѳ бир эгемендʏʏ мамлекет экенин айтып берʏʏгѳ мʏмкʏнчʏлʏгʏм болду. Комуз чертип берип, бийлерин кѳрсѳтʏп турчубуз.

«Сулуулар сынагын жеңип алып…»

- Мен окуп жʏргѳн убакта Польшада сулуулар сынагы ѳтʏп калды. Чет ѳлкѳдѳн келген студенттердин баары катышкан. Аталган конкурстан жеңип алгам. Польшадан келген эң чоң белек, эстелик да ошол жеңишим болгон. Кыргызстан тууралуу аз билген ѳлкѳдѳ сулуулар сынагынын жеңʏʏчʏсʏ аталуу, ѳлкѳнʏн желегин кѳтѳрʏʏ чоң сыймык.

Польшанын билим берʏʏ системасы да ѳтѳ кʏчтʏʏ. Дʏйнѳлʏк деңгээлдеги стандарттарга жооп берʏʏчʏ тармак экенин байкадым. 

Жаштарга айтарым, билим алууда кайсы бир баага жетʏʏнʏ же болбосо диплом алууну эле кѳздѳѳ жетишсиз. Ошол алган билимди андан ары пайдаланып кетʏʏ чоң жетишкендик. Ошол ʏчʏн билим алгыла жана аны пайдалана билгиле. Билимдʏʏ адам бардык жерде жарык кѳрʏнѳт. Мен муну кѳп ѳлкѳлѳрдʏ кыдырып жʏрʏп байкадам.

Бактыгʏл

Калдарбай кызы

Подробнее ...

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Куштарбек Ташматов, дирижер:  «Дирижер нотаны кѳѳдѳнʏ менен уга билʏʏсʏ керек»
Куштарбек Ташматов, дирижер: «Дирижер нотаны кѳѳдѳнʏ менен уга билʏʏсʏ керек»
Дирижер - музыкадан алыс, жѳнѳкѳй адамдын тʏшʏнʏгʏндѳ кѳрʏʏчʏлѳргѳ далысын салып,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Апрель 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved