• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
17 Янв

Covid-19: ооругандардын саны ɵсʏʏдɵ

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:31 Жарыяланган категория Макалалар
Covid-19: ооругандардын саны ɵсʏʏдɵ

Дʏйнɵ коронавирусттук пандемиядан дагы деле арыла албай келет. Учурда коомчулукту кооптондурган вирустун жаңы “омикрон” штаммы ɵлкɵдɵ да катталып, ковидке чалдыккандардын саны кʏн санап ɵсʏʏдɵ. Саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, пандемиянын тɵртʏнчʏ толкуну жʏрʏп жаткан чагы. Адистер санитардык чараларды кʏчɵтʏʏнʏ эскертет.

Дʏйнɵдɵ

Коронавирус боюнча дʏйнɵлʏк статистиканы карасак, бʏгʏнкʏгɵ дейре илдетти жуктургандардын саны 320 миллиондон ашса, анын 5,5 миллиону дʏйнɵ менен кош айтышкан. Илдет кɵп катталган ɵлкɵлɵрдʏн сап башында АКШ (64,1 млн.), Индия (36,3 млн), Бразилия (22,8 млн.), Улуу Британия (15 млн.) жана Франция (13 млн.) турат.

Ал эми вакцина алгандардын саны 4 миллиардка чукулдады же дʏйнɵдɵгʏ калктын 50,4%ы толук эмдɵɵдɵн ɵттʏ.

Кыргызстанда

Ɵлкɵ ичинде илдетти жуктургандардын саны 188 миңден ашып, анын 180 миңден ашыгы айыкса, 2827 адам ооруа жеңилген.

Статистикага таянсак, 2022-жылдын 14-январына карата COVID-19дун жаңы 586 учуру катталган:

Бишкек - 435

Ош шаары – 22 

Чʏй облусу  – 49

Ош облусу – 9

Талас облусу - 11

Нарын облусу - 1

Ысык-Кɵл облусу – 17

Жалал-Абад облусу – 37

Баткен облусу - 5

Коронавирус инфекциясына каршы кʏрɵшʏʏ боюнча республикалык штабынан билдиргендей, учурда стационарда 660 жана амбулатордук тʏрдɵ 2490 адам дарыланууда.

Жалпы эмдɵɵдɵн ɵткɵндɵр:

- 1 доза - 1 258 477;

- 2 доза - 1 051 159;

Коронавируска чалдыккандардын басымдуу бɵлʏгʏ - эмгек курагындагылар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы учурларда оорунун кескин кɵбɵйʏшʏ жаңы жылга карата майрам кʏндɵрʏнʏн алдындагы адамдардын байланышынын кɵп болушуна, майрамда эл кɵп топтолгон – корпоративдик кечелер, ʏй-бʏлɵлʏк жолугушууларга байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле социалдык аралыкты, беткап тагынуу режимин сактабагандык, эл кɵп чогулган жайларда чектɵɵ чараларын жеңилдетʏʏ, медициналык жардамга кеч кайрылуу жана оору боюнча абал начар ɵлкɵлɵрдɵ келген мигранттардын кайтып келʏʏсʏ да оорунун кʏч алуусун шарттаган. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бɵлʏмʏнʏн башчысы Айнура Акматова билдирди. Жаңы учурлардын басымдуу бɵлʏгʏ Бишкек шаарында аныкталууда, мында эмдɵɵ менен камтуу деңгээли ɵтɵ тɵмɵн. Борбор калаа бʏгʏн «кызыл зонада» айтылат маалыматта:

«Коронавирус инфекциясына чалдыгуунун кезектеги ɵсʏшʏ тууралуу айтууда биз дʏйнɵ жʏзʏндɵ пандемия токтой электигин унутпашыбыз керек. Мурда Саламаттык сактоо министрлиги январда эпидемиологиялык абал кʏчɵшʏ ыктымалдыгы – катталган жаңы учурлардын санынын ɵсʏшʏ тууралуу эскерткен. Ооругандардын санынын ɵсʏшʏ ɵзгɵчɵ Бишкекте байкалууда. Борбор калаага Жаңы жылды белгилɵɵ ʏчʏн бардык аймактардан адамдар келишкен. Ошондой эле ПЧР-тесттердин оң жыйынтыктары чет мамлекеттерден, Россиядан, Канададан, Дубайдан жана башка ɵлкɵлɵрдɵн, шаарлардан келген адамдардан аныкталууда», - деп белгиледи ал.

Маалыматка ылайык, калк арасында коронавирус илдетине чалдыккандар негизинен 18 жаштан 39 жаш курагына чейинкилер. Башкача айтканда, адамдар кɵп топтолгон жерлерге активдʏʏ барган калктын эмгекке жарамдуу бɵлʏгʏ. Ал эми жалпы ооругандардын ичинен 10дон 20га чейинки адамдар эмделгендер, калгандары вакцина алышкан эмес. Эмделгендерде оору жеңил тʏрдɵ ɵтʏп жатканын белгилейт республикалык штаб.

Эмдɵɵнʏн ʏчʏнчʏ дозасы же бустер

Бустердик доза — бул эмдɵɵнʏн ʏчʏнчʏ дозасы. Бул алгачкы эмдɵɵдɵн соң бир аз убакыт ɵткɵндɵн кийин коронавирустук инфекцияга каршы иммунитети тɵмɵндɵгɵн адамдарга керек.

Киргизилген ɵзгɵрʏʏлɵргɵ ылайык, 2021-жылдын 20-декабрынан тартып республиканын бʏтʏндɵй аймагында мурда COVID-19га каршы биринчи эмдɵɵ курсун толук алган  бардык каалоочу жарандарды бустердик доза менен эмдɵɵ башталган.

Бустердик дозаны алган жарандар эмдɵɵнʏн электрондук сертификатын тʏзʏʏ менен vc.emed.kg тутумуна киргизилет.

Омикрон штаммы

Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы. Аталган штамм коронавирусттун оор тʏрʏ катары мʏнɵздɵлʏʏдɵ. Илдетке чалдыккан адамда даам менен жыт сезʏʏ жоголбойт. Анын белгилери катары адистер тɵмɵнкʏлɵрдʏ белгилешет:

-Булчуң эттердин, дененин жанчылып оорусу;

-Алсыроо;

-Тамак, баш оору, кургак жɵтɵл, ʏндʏн бʏтʏʏсʏ;

-Жʏрɵктʏн катуу согуусу;

Япониялык окумуштуулардын айтымында, «омикрон» дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт. Оорунун белгилери жугузуп алгандан 3-6 кʏндɵн кийин билине баштайт. Жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки кʏнʏ же эки кʏндɵн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору.

Андыктан, ɵзʏңʏздʏн жана жакындарыңыздын коопсуздугу ʏчʏн санитардык талаптарды аткарып, кɵчɵдɵ социалдык аралыкты сактоого чакырабыз!

Подробнее ...
17 Янв

ККМ – ачык-айкындуулукка шарт тʏзɵт

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:29 Жарыяланган категория Макалалар
ККМ – ачык-айкындуулукка шарт тʏзɵт

Ɵлкɵдɵ салык кызматы жакшырып, кɵмʏскɵ экономиканы жоебуз деген бийлик тɵбɵлдɵрʏнʏн аракети ɵз кʏчʏндɵ. Керектɵɵчʏлɵрдʏн укуктарын коргоо жана салык тɵлɵɵчʏлɵр арасында ыңгайлуу атаандаштыкты тʏзʏʏ максатында бир топ иштер жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Алсак, кассаны кɵзɵмɵлдɵɵчʏ машиналарды (ККМ) орнотуу соода тʏйʏндɵрʏ, кардарларды тейлɵɵчʏ жайлар менен алек болгон жеке ишкерлерге талап болууда. Адатта патент менен иш жʏргʏзʏп келген ишкерлер арасында ККМди коюуга каршы болгондор да бар.

ККМ – деген эмне?

Контролдук-кассалык машиналар (ККМ) – банктык тɵлɵм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат кɵрсɵтʏʏ жана иштерди аткаруу же соода  операцияларында жʏргʏзʏлгɵн акчалай эсептешʏʏлɵрдʏ пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.

Салык кызматы билдиргендей, ККМди жаңы стандарттар менен колдонуу мамлекетке гана эмес, ак ниет салык тɵлɵɵчʏлɵргɵ да сезилээрлик пайда алып келет. Ачык фискалдык система жана салык тɵлɵɵчʏлɵр ʏчʏн жагымдуу атаандаштык чɵйрɵсʏ тʏзʏлɵт, бизнести кɵзɵмɵлдɵɵнʏн ар кандай формалары кыскарат. Ошондой эле керектɵɵчʏлɵрдʏн укугу корголот.

Бул тууралуу Ош шаары боюнча салык башкармалыгынын тʏшʏндʏрʏʏ жана окуу секторунун башчысы Асылбек Абдраев буларга токтолуп, ККМди колдонуу учурдун талабы экенин белгилейт:

Патент же ККМ, ишкерлерге кайсынысы пайдалуу?

-Жаңы маалыматтык технологиялар жаатында контролдук – кассалык аппараттарды колдонуу - бул убакыттын талабы.  Мамлекет кɵп жылдар бою майда жана орто бизнесте иштеген жарандарга патенттик системанын эсебинен бутуна турууга мʏмкʏндʏк берди. Бирок учурдагы ɵзгɵрʏп туруучу шарттарда салык салуу системасында жана бʏтʏндɵй салык саясатында адекваттуу ɵзгɵртʏʏлɵр талап кылынат. Бардык ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ салык тɵлɵɵгɵ байланыштуу мыйзамдар абдан дыкаттык менен аткарылууда. Демек, бул мамлекеттердин жарандардын алдындагы социалдык жана башка милдеттенмелерин сапаттуу аткарууга мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар.

Андыктан салык кызматы ар бир субъектти кызмат кɵрсɵтʏʏдɵ жана калк менен эсептешʏʏдɵ ККМди колдонууга ʏндɵйт. Ушундай ыкмалар менен гана ачык-айкын атаандаштык рыногун тʏзɵ алабыз.

Ишкерлер ʏчʏн да бир топ эле ыңгайлуулук тʏзʏлɵт. Маселен, кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бʏтʏндɵй комплексин даярдоодон куткарат. Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан кɵзɵмɵлдɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болот.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга ылайык ККМ колдонуу милдеттʏʏ болгон. Аталган кʏндɵн тартып фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ɵткɵрʏп берʏʏ функциясы жок контролдук-кассалык машинанын эски моделдери колдонулбайт.

Мындан тышкары, Салык кызматы ɵткɵн жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделдерин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге контролдук-кассалык машиналар жана аларды тейлɵɵ акысыз берилет.

Тилекке каршы, 2022-жылдын 1-январынан тартып ишкерлер тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ калкка жеткирʏʏдɵ жана чекти чыгарууда ККМди жаңы стандарт боюнча колдонуу милдети, ошондой эле патент колдонууну пландуу жокко чыгаруу айрым жеке ишкерлер тарабынан терс реакцияны жаратууда. Ага байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы патент боюнча салык тɵлɵɵ менен ККМди колдонуунун ортосундагы айырманы тʏшʏндʏрʏʏнʏ зарыл деп эсептейт.

Мамлекет накталай эсептешʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏʏдɵ ККМ колдонгон субъекттерге максималдуу жеңилдиктерди берет. Алсак, ɵлкɵдɵ жылдык товар жʏгʏртʏʏ 8 млн. сомдон ашпаса, анда ал салык тɵлɵɵдɵн бошотулат. Мисалы, салыштыралы, базарда патент менен иштеген пайдалуубу же ККМ мененби? Ай сайын 3000 сомго патент, 807 сомго камсыздандыруу полисин сатып алган ишкерди алсак, анын жылдык чыгымы 45 684 сомду тʏзɵт.

Эгерде ишкер виртуалдык (программалык) ККМди тандаса, аны GooglePlayMarketтен бекер жʏктɵп алып, смартфонго, планшетке же ноутбукка орнотуп, чек чыгара баштайт. Мындай аппаратты жыл сайын тейлɵɵгɵ кеткен чыгым болжол менен 3000 сомду тʏзɵт. Ошондой эле камсыздандыруу тɵгʏмдɵрʏн тɵлɵйт, анын суммасы жылына 9684 сомду тʏзɵт. Жыл ичиндеги чыгашалардын жалпы суммасы 12684 сомдон ашпайт.

Ошентип, ишкер патентти колдонуу менен мурда тɵлɵгɵн 45684 сомдун ордуна 12684 сом гана тɵлɵп, 33 миң сом ʏнɵмдɵɵгɵ мʏмкʏндʏк алат. Кɵрʏнʏп тургандай, KKM колдонуунун пайдасы айдан ачык.

ККМдин кандай моделдери колдонулууда?

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат. Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат. Ал эми программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын тʏзʏʏ жана жɵнɵтʏʏ функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жʏктɵп алып, керектɵɵчʏлɵргɵ чек берʏʏ ʏчʏн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштʏʏ.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵлкɵбʏздɵ субъекттер тарабынан 29 миң 87 ККМ колдонулууда. Кошумчалай кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлɵɵ акысыз берилет. Ош шаарында болсо колдонгондордун жалпы саны 3205ке жетти.

Мурда тʏшʏндʏрʏлгɵндɵй, ККМди соода жана коомдук тамактануу тʏйʏндɵрʏ, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дʏкɵндɵрʏ, ошондой эле калкка кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешʏʏлɵрдʏ жʏзɵгɵ ашыруучу субъекттер колдонушу керек.

Кайдан сатып алууга болот?

Аппараттык KKMди бʏгʏнкʏ кʏндɵ техникалык тейлɵɵ борборунан алууга болот. Алсак, мындай 14 борбор иш алып барууда. Программалык KKMди берʏʏнʏ фискалдык маалыматтардын 15 оператору жʏргʏзɵт.

Ошондой эле “Керемет Банк” жана “РСК Банк” ар бири 1000ден кассалык аппараттарды алышканын белгилейбиз, алар арыз менен кайрылган ишкерлерге бекер орнотуп беришет. Жалпысынан мамлекеттик банктар субъекттерге 9 миң аппаратты бекер берет.

Алынган ККМди каттоо ʏчʏн ишкер жергиликтʏʏ салык органына кайрылуусу керек. Ал жерде кызматкерлер, зарыл болгон учурда, ККМди колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири тʏшʏндʏрʏп беришет, иштин тигил же бул тʏрʏн колдонуу ʏчʏн аппараттын кайсы тʏрʏ эң ылайыктуу экенин айтышат.

ККМди орнотуу боюнча ишкерлерге да суроо салып кɵрдʏк, айрымдары учурда активдʏʏ колдонууга ɵтсɵ, кээ бирлери ага шарт жок экенин билдирди.

Айжамал, шаардагы кийим дʏкɵнʏнʏн ээси:

“ККМди колдонууга ɵткɵнʏбʏз туура”

-ККМди колдонгонубузга аз эле убакыт болду. Баары ачык-айкын кɵрʏнʏп турат экен. Ыңгайлуу дагы. Алгачкы орнотууда гана ишкерлерге бир аз чыгым болбосо, калганы жакшы эле. Мезгилдин талабына ылайык, ККМди колдонууга ɵткɵнʏбʏз туура деп эсептейм.

Алмазбек Жаванов, жеке ишкер:

“Банк аркылуу койдурууну пландоодобуз”

-Учурда ККМ орнотууну алдында турабыз. РСК Банк аркылуу койдурууну пландап, маалымат алдык. Жакында аппараттар келет экен. Алгач аппаратты сатып алып, банк менен келишим тʏзʏлʏп, активдештирʏʏ ʏчʏн айына 500 сомдон тɵлɵнʏп турарын айтышты. Аппараттын баасы келгенден кийин белгилʏʏ болот.

Ал эми “Келечек” базарында эмгектенген соодагерлердин пикирин укканыбызда, ага шарт жок экенин билдиришти. Алардын бири атын ачыкка чыгаргысы келбеген айым кымбатчылык учурунда ашыкча чыгымдын кереги жок экенин айтат:

“Бизде азырынча шарт жок”

-Бул туурасында тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп, салык кызматынан келип кетишкен. Бирок, ККМди орнотууга бизде азырынча шарт жок. Отурган жерибиз суук, свет да каалаган учурда ɵчʏп, жанат. Мындай суукта, мындай шартта кантип аны иштетебиз. Баары кымбаттагандыктан соода да болбой жатат. Кʏнʏнɵ араң бир бут кийим сатуудабыз, болбосо жок.

Жумагʏл

Кочкорбай кызы

Подробнее ...
17 Янв

Ийне менен дарылоо терапиясы

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:28 Жарыяланган категория Макалалар
Ийне менен дарылоо терапиясы

“Эч бир кесип медицинадагыдай моралдык тынчсызданууга алып келбейт” деген экен орус жазуучусу жана дарыгер Антон Чехов. Чынында, адам организми жер жаралгандан бери азыркыдай тʏзʏлʏштɵ, бирок, ɵтɵ татаал болгондуктан медицина кылымдар бою изденип келет. Ошондуктан дарылоонун жаңы, эффективдʏʏ ыкмалары кʏн санап ɵсʏʏдɵ. Ал эми чыгыштын салттуу “ийне менен дарылоо терапиясы” дээрлик коло доорунан бери колдонулуп келе жатат. Гезитибиздин бул чыгарылышында бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ ийне менен дарылоо (иглотерапия) ыкмасы жɵнʏндɵ кеп кылабыз. Оштогу алдыңкы клиникалардын тажрыйбалуу врачтары иглотерапия тууралуу тʏшʏндʏрʏшɵт.

Нуркан Журатова, “Медлайн” клиникасынын врачы, терапевт. Медицинада 21 жылдан бери ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келет.

-Ийне менен дарылоо терапиясы деген эмне? Анын келип чыгуу тарыхына токтолуп ɵтсɵңʏз?

-Акупунктура, башкача айтканда, ийнерефлексотерапиясы бул – альтернативдик медицинанын бир тʏрʏ болуп саналат. Дарылоо процессинде дененин белгилʏʏ жериндеги точкаларга сайылган ийне нерв учтарын дʏʏлʏктʏрʏп, дʏʏлʏгʏʏ мээге же жʏлʏнгɵ жетет, андан ар кайсы органдарга келип, кɵптɵгɵн ооруларда жакшы натыйжасын берет. Ийне сайып дарылоо биринчи жолу байыркы кытай окумуштуулары ойлоп тапкан деген маалыматтар айтылып жʏрɵт. Бирок, айрым археологиялык изилдɵɵлɵргɵ ылайык акупунктура ыкмасы Индияда, Непалда, Тибетте жана Кореяда да мурда колдонулган болушу мʏмкʏн. Мындан сырткары, Лондон музейинде биздин заманга чейинки 1550-жылга таандык египеттик папирус кагазы сакталган. Ал папируста адам денесиндеги акупунктура чекиттери тууралуу кенен сʏрɵттɵлʏп жазылат. Тарыхын изилдей берсек мындан башка да кɵптɵгɵн маалыматтар бар. Жалпысынан кытай салттуу медицинасынын бул тʏрʏ Азияга, андан кийин Европа ɵлкɵлɵрʏнɵ тездик менен тараган. Мисалы, СССРге 1845-жылы келген.

-Кайсы ооруларды ийне саюу жолу менен дарыласа болот?

-2003-жылы бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму ийне менен дарылоонун эң жакшы таасирин тийгизген оорулардын тизмесин тʏзʏшкɵн. Алар тɵмɵндɵгʏлɵр: баш оору жана мигрень, уйкунун бузулушу, муун сɵɵк оорулары-остехондроз, артроздор, муундардын травманын негизинде козголуп калуусу жана башка бронхиттик астма, депрессия, кант оорусунун негизинде пайда болгон буттун нерв оорулары, жатын оорулары, ичеги-карын оорулары жана башкалар.

-Медицинада акупунктуранын кайсы ооруларга каршы кɵрсɵтмɵлɵрʏ бар?

-Ачык жаракат, тери оорусу барларга, жогорку температура жана ɵнɵкɵт оорулары бар адамдарга бул терапия колдонулбайт.

-Пациенттер дарылоонун бул ыкмасын канча убакытка чейин колдоно алышат, тагыраагы, бир дарылоо канча кʏнгɵ созулат?

-Ийне саюу жолу менен дарылоо ар бир оорулуунун дартына жараша жасалат жана убактысы мɵɵнɵтʏ ошого жараша айтылат. Себеби ар бир адамдын организмине жараша ɵзгɵчɵлʏгʏ бар. Ошон ʏчʏн ар бир оорулууну текшерʏʏдɵн ɵткɵзʏп, андан кийин дарылайбыз.

-Акупунктурада колдонуучу ийнелер кандай материалдан жасалат?

-Ийнелер кадимки металлдан жасалат, андан сырткары кʏмʏш, алтын аралашкан тʏрлɵрʏ да бар.

-Учурда дарылоонун бул ыкмасы биздин ɵлкɵдɵ канчалык деңгээлде ɵнʏккɵн, суроо-талап кандай дегендей?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ийне менен дарылоо ɵлкɵбʏздɵгʏ клиникаларда кеңири колдонулуп келет. Адамдардын да бул боюнча тʏшʏнʏгʏ кенен десек жаңылбайбыз.

Бул альтернативдик салттуу медицина болгондуктан мамлекеттик ооруканаларда колдонулбайт.

-Ийне саюу боюнча кайсыл жактан билим алса болот?

-Кытай мамлекетинин ɵзʏндɵ окуп келʏʏнʏ сунуштаар элем. 

Жайнагʏл Шамшиева, “Нейрон” клиникасынын невропатологу.

-Бейтаптар кɵбʏнчɵ кайсы оорусуна ийне терапиясын алууга келишет?

-Баш оору мигрень, алкоголизм, неврологиялык инсульттарга, невриттерге, ДЦП менен ооруган балдарга жана колу-буту чымырагандарга же онемение  сыяктуу  оорулар боюнча кайрылышат. Негизи адам денесинде жалпы 600 точка болот, ал эми майда кан тамырларга ийне сайылбайт, денеден ийнени кайра сууруп чыккан кезде кан болбошу керек, демек ийне булчуңдарга гана сайылууга тийиш. Ийне саюунун пайдасы, кан айланууну жакшыртып, иммунитетти кɵтɵрɵт жана ɵлгɵн клеткаларды калыбына келтирʏʏгɵ жардам берет. Бул терапияны алгандар кадимкидей душ кабыл алып, башка процедураларды да жасай берсе болот.

-Дарылоо мɵɵнɵтʏ канча кʏнгɵ созулат?

-Дарылоо 10 кʏндɵн баштап 14 кʏнгɵ чейин уланат. 6-кʏндɵн баштап стимуляция менен кан айлануу жакшырат. Кɵпчʏлʏк пациенттер толук албай коюшат, мындай учурда жакшы эффект бербей калышы мʏмкʏн. Ошондуктан сɵзсʏз 10 же 14 кʏн алуу зарыл. Мындан сырткары ийне терапиясынын кош бойлуу аялдарга, кант диабети жогору адамдарга жана жогорку температурадагыларга каршы кɵрсɵтмɵлɵрʏ бар.

-Ийне терапиясы бир гана чоң адамдарга жасалабы?

-7 жаштан жогоркуларга бул ыкманы колдонууга болот. Терапиянын алгачкы кʏнʏндɵ ийне денеге 3 миллиметр сайылат, экинчи кʏнʏ 4 миллиметр, анадан кийин 5 миллиметр. Ошентип адамдын денесин чочутуп албоо ʏчʏн ийнени дароо матырбай, кʏндɵн-кʏнгɵ тереңдетип, организмди кɵндʏрʏп барган оң. Бир кʏндʏк дарылоо процесси 30-40 же 60 мʏнɵткɵ созулушу мʏмкʏн.

-Бир ийнени канча жолу колдонсо болот?

-Ийне сууга, спиртке салган учурда карайып кетпеш ʏчʏн анын курамы кʏмʏш же алтын болуусу керек. Алтын ийнени 6 же 3 айдан кийин кайра колдонсо болот. Кʏмʏш ийне болсо бир жолку колдонууга ылайыкталган. Биздин клиникада оорулуунун анализдерин текшерген соң гана дарылоо процессин баштайбыз. Ийнени невропатолог врачтар гана саюусу керек, башка медицина кызматкерлери саюуга болбойт. Бул кесипти аркалоо ʏчʏн  Бишкек шаарындагы медицина академиясында окутулат. Окуу мɵɵнɵтʏнʏн башталышы 3 жарым ай. Биздин ɵлкɵдɵ бул терапия дээрлик 10 жылдан бери эле колдонулуп келет, бирок акыркы эки жылдан бери жакшы жолго коюлду десем болот.

Кызыктуу факт: 2010-жылы ЮНЕСКО уюму  акупунктураны материалдык эмес, маданий мурастардын тизмесине киргизген.

Айжылдыз Тойчиева

 

Подробнее ...
17 Янв

“Авиадиспетчердин бир эле туура эмес сɵзʏ кырсыкка алып келʏʏсʏ мʏмкʏн”

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:27 Жарыяланган категория Макалалар
“Авиадиспетчердин  бир эле туура эмес сɵзʏ кырсыкка алып келʏʏсʏ мʏмкʏн”

“Аэропорт же самолет” деген сɵздɵрдʏ укканда эмнегедир жакшы нерселер кɵзгɵ тартылат. Элестетʏʏбʏздɵ кɵпкɵк асман менен булуттардын ʏстʏнɵн учуп самолет бизди каалаган ɵлкɵбʏзгɵ алып барат. Ошол эле учурда салмагы бир нече тонна келген учак, жʏздɵгɵн адамдарды салып алып баратканы таң калтырбай койбойт. Ушуларды карап отуруп аба майданында иштеген кызматкерлерге ичтен ыраазы болосуң. Алардын жасаган иши да жɵнɵкɵй адамдарга дайым кызыктуу, ары табышмактуу болуп келген. Иш учурунда адам ɵмʏрʏнʏн чоң жоопкерчилиги алгач учкучтарга жʏктɵлсɵ, экинчиден аларга жерде туруп маалымат берип турган авиадиспетчерлерге жʏктɵлɵт. “Кесип” деп аталган рубрикабыздын кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош бɵлʏмʏндɵгʏ аба кыймылын башкаруу диспетчери Чыңгыз Ормонов.

-Чыңгыз мырза, кʏнʏмдʏк иште авиадиспетчерлерге кандай талаптар коюлат?

-Ишке киришээрден мурда сɵзсʏз медициналык кароодон ɵтɵбʏз. Ден соолукта кɵйгɵй болбоосу зарыл. Ошондой эле диспетчер ар кандай алкоголдук ичимдиктерге шек санатпоосу кɵзɵмɵлдɵнɵт.

-Иштɵɵ графиги кандай?

-Негизи учуп-конуу процесси 24 саат бою дем алышсыз жʏргʏзʏлгɵнʏнɵ байланыштуу, диспетчерлер кʏн-тʏн смен алмашып иштешет. Андан кийин 3 кʏн катары менен эс алуу берилет. Себеби, адам организмин медициналык изилдɵɵлɵргɵ ылайык, 3 кʏн эс алуудан кийин калыбына келип, кайра иштеп кетʏʏ жɵндɵмʏнɵ ээ болот. Мындан сырткары иш учурунда ар эки саат сайын кыска тыныгууга алмашып турабыз.

-Бул кесипти тандооңузга ким себеп болгон?

-Атам ɵзʏ да авиация тармагында иштегенине байланыштуу, мага ушул кесип боюнча айтып, багыт кɵрсɵткɵн. Аэропортко келип диспетчерлердин ишин кɵргɵндɵ чындап кызыгуу пайда болгон. Ошентип мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги азыркы Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институт ал убакта колледж болчу, ошол колледжге тапшыргам.

-Окуу мɵɵнɵтʏ канчага созулат?

-Мен окууга тапшырган убакта 3 жылдык мɵɵнɵт менен окуганбыз. Мындан сырткары диспетчер ICAO-эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына ылайык англис тилин тɵртʏнчʏ деңгээлде билʏʏсʏ керек. Ал эми диспетчерликти тастыктоочу документти тийиштʏʏ талаптарга ылайык эки жыл сайын жаңылап турабыз. Жарым жыл сайын медициналык эксперттик топ диспетчерди текшерип турушат. Ал эми стандарттык эмес учурлар катталганда, мисалы самолеттун кандайдыр кыймылдаткычы иштебей же ɵрт чыккан учурларга даяр болуу ʏчʏн ар 3 ай сайын тренажердон ɵтʏп турабыз.

-Мисалы, Оштон Москвага учуп чыккан самолет дарегине жетип барганга чейин канча диспетчердин кɵзɵмɵлʏндɵ болот?

-Самолет алгач жерден учуп чыгаарда “старт” деп аталган диспетчер башкарат. Учуп чыккандан кийин “подход” диспетчери FL 150 же 4550 метрге чейин бийиктиктеги кыймылды башкарат, FL 150 дɵн жогорку зоонаны “РЦ диспетчери” башкарат. Ошентип Оштун зонасынан чыккандан кийин Бишкектеги диспетчерлерге ɵткɵрʏлʏп берилет, андан кийин Казакстандын Чымкент зонасын караган диспетчерлерге ɵткɵрʏлɵт. Андан соң самолет Россияга кирип барганда жергиликтʏʏ РЦ диспетчери FL 150дɵн тɵмɵнкʏ зоонаны башкарып, стандарттык схема менен келген самолетту “подход” диспетчери тилкенин тушуна алып келет. Мында самолет биринчи коно турган тилкеден 10 500 метр алыстыкта болуп, конуу конфигурацияларын жандырып, “старт” диспетчерге конууга даяр экенин билдирет, “старт” диспетчер тилкени бошотуп, самолеттун конуусуна шарт тʏзʏп берет.

-Бул тармакта аялдар да эмгектенишеби?

-Ооба, аялдар иштейт. Бирок, кɵп санда эмес. Басымдуусу эркектер. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой аялдар турмуш куруп, декретке чыгып кеткенде ордуна адам жок болуп калган учурлар болот. Ошол учурда контрактын негизинде башка диспетчерди алып келʏʏ зарылдыгы келип чыгат.

-Иште диспетчерлер ʏчʏн эң кооптуу жагдайлар кайсы?

-Кооптуу жагдайларды кɵбʏнчɵ кескин ɵзгɵргɵн аба-ырайы алып келет. Мисалы, коюу туманда же катуу нɵшɵрлɵп жаан жааган учурларда кɵрʏʏ начарлайт. Кɵрʏʏ аралыгы (видимость) 800 метр болсо LVP процедурасын киргизʏʏгɵ даярдык башталат. LVP (Lowvisibilityprocedures) кыргызча-кɵрʏнʏʏсʏ чектелген шарттагы процедуралар. Кɵрʏʏ аралыгы 400 метрге тʏшʏп кетсе процедура киргизилет. Аэродромго атайы кызматтагы адамдар тургузулуп, жарыктар кʏйгʏзʏлʏп, ашыкча техникалык кыймылдар токтотулат. Бул кɵбʏнчɵ “старт” диспетчеринен кɵз каранды. Ал аэродромдогу самолеттер кайсы жерде тургандыгын так билʏʏсʏ керек. Анткени, конуп жаткан самолет да, учуп бараткан самолет да “старт” диспетчеринин уруксатын кʏтɵт. 

-Кесибиңиз сизге эмнеси менен жагат?

-Мында чоң жоопкерчилик бар. Самолетторду кагыштырып жиберʏʏ мындай турсун, бири-бирине жакындатууга акыбыз жок. Диспетчердин бир эле туура эмес сɵзʏ кырсыкка алып келʏʏсʏ мʏмкʏн. Тактап айтканда,борттогу жʏздɵгɵн адамдардын ɵмʏрʏ алгач экипажга байланыштуу болсо, экипаждын жердеги кулагы, кɵзʏ диспетчерлер болуп саналат. Мурдагыга салыштырмалуу азыр техника кыйла ɵнʏккɵн, ошентсе да ар бир иште адамдын аткарган ролу чоң. Айрым стандарттан тышкары окуялар болуп кеткенде, баарын ɵз-ɵз ордуна коюп, кырдаалдан чыгып алгандан кийин ɵзʏңчɵ сʏйʏнʏп каласың, бул иштеги адамга ырахат тартуулайт.

-Ушул кесипти окуйм деп кызыгып жʏргɵн жаштарга кандай кеңеш бересиз, алар азыртан эмнелерди ɵздɵштʏрɵ башташы керек?

-Биринчиден ден соолугун карашсын. Окууга тапшырарда медициналык кароо ɵтɵ катуу жʏргʏзʏлɵт. Мындан сырткары мектеп программасындагы сабактарды жакшы окууну сунуштайм жана эске тутуу жɵндɵмʏ кʏчтʏʏ, ойду бир жерге топтой алуу, туура чечим кабыл ала билʏʏ жɵндɵмʏнɵ ээ болушса артыкчылык кылбайт. Анткени, бул сапаттар да авиадиспетчерде сɵзсʏз болушу керек. Ал эми тил ʏйрɵнʏʏдɵ орус, англис тилдери негизги болуп саналат. Себеби авиадиспетчерлер менен пилоттор ушул тилдерде байланыш жʏргʏзʏшɵт. 

Айжылдыз Тойчиева

 

Подробнее ...
17 Янв

Мышыктар дʏйнɵсʏ

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:25 Жарыяланган категория Макалалар
Мышыктар дʏйнɵсʏ

Мышыктар эзелтеден бери эле адамдар менен чогуу жашап келишет. Алар айрымдар ʏчʏн ʏйдɵгʏ сʏйкʏмдʏʏ, жагымдуу жаныбарлардын бири десек болот. Айрыкча кыштын суук кʏндɵрʏндɵ, жылуу мештин жанында жатып алып, сууктан сактануу менен адамдарга да жылуулук тартуулашат. Адамдардын жашоосунда орду бар ʏчʏн алар мультфильмдердин, кинолордун, ар кандай аңгеме, жомоктордун башкы каарманына айланган. Мышык тууралуу кенен айтып беребиз.

Мышыктар тууралуу хадисте

Мышыктар уктап жатканда, андан чыккан ʏндɵрдʏн да ɵзʏнчɵ мааниси бар. Ал эми Жаратуучубуз тарабынан бизге берилген ырыскынын ичинде мышыктардын дагы ырыскысы бар деген оюн билдирген бир акылман буларды айтат. “Бир кʏнʏ ʏйдɵгʏ мышыктарды карап ɵзʏмчɵ ойлонуп калдым. Кантип ушул эч кимге пайдасы жок жаныбар ыйык болсун?-дедим таң калып. Анан уктайын деп ордума жаткам. Бир мезгилде ошол мышыктардын бири менин жаныма басып келди да жаздыгымдын жанына келип, оозун кулагыма жакын тосуп, “О Рахим, О Рахим, О Рахим” деп кырылдай баштады. Мен ошондо ɵзʏмдʏн мышыктарды теңсинбеген, кемсинткен оюма каршы жооп алгандай эле болдум. Ошондон кийин мышыктарга болгон кɵз карашым такыр ɵзгɵрдʏ. Бир кʏнʏ пайгамбарыбыз (САВ) Абдурахман Ибн Сахрдын кийиминин ичине мышык салып алганын кɵрʏп, ага “мышыктын атасы” маанисин тʏшʏндʏргɵн “Абу Хурайра” деген лакап атты берди. Абу Хурайра мышыктарды абдан жакшы кɵрчʏ, ар дайым аларга камкор мамиле кылчу. Сахабалар жɵнʏндɵ бир топ хадистерди айткан Абу Хурайра ɵзʏнʏн бир хадисинде “мышыгын ачка кыйнаган аялдын тозокко тʏшкɵндʏгʏн” баяндайт.

Жыт сезʏʏ органы

Мыймыйлар бул дʏйнɵгɵ кɵзʏ кɵрбɵгɵн, кулагы укпаган абалда келишет. Аларга табияттан берилген бардык жɵндɵмдʏʏлʏктɵр убакыт ɵткɵн сайын ɵɵрчʏй берет. Мыймыйлардын кɵрʏʏсʏ чоң мышыктардыкындай болуусу ʏчʏн болжол менен беш ай убакытты талап кылат. Мышыктын  кɵрʏʏ органындагы кемчиликтерди алардын жыт сезʏʏ органдарындагы артыкчылыктары менен толукталган. Анткени алардагы жыт сезʏʏ органдары эң мыкты. Мышык энеде ар бир мыймый ʏчʏн ɵзʏнчɵ эмчек бар. Энесин эмип жаткан мыймыйларды карап, алар бири-биринен эмчек талашып жатат деп ойлошуңуз мʏмкʏн. А чындыгында андай эмес, ар бир мыймыйдын ɵзʏнɵ гана тиешелʏʏсʏ болуп, ага жетʏʏгɵ аракет кылып жатышкан болот. Кɵздɵрʏ кɵрбɵгɵн абалда дʏйнɵгɵ келген мыймыйлардын ɵздɵрʏнɵ тиешелʏʏсʏн табуусунда алардын эң мыкты ɵɵрчʏгɵн жыт сезʏʏ органдары жардамга келет. Бул жараткан Алланын тамактануу учурунда бир тууган мыймыйлардын ортосунда чыгуучу ар кандай уруш-талаштын алдын алуу максатында тартуулаган белеги сыягы.

Дене тʏзʏлʏшʏ

Мышыктардын тентектиги алардын аң улоо жɵндɵмдʏʏлʏгʏнɵн кабар берет. Алар оюн ойноо аркылуу бул касиетин дагы да ɵнʏктʏрʏшɵт. Кичинекей мыймыйлар 6 айга чейин коркуу эмне экенин билишпейт. Бул кыска убакыт ичинде алар ɵз жашоосун уланта берʏʏ ʏчʏн маанилʏʏ болгон тажрыйбага ээ болушу керек. Ал эми мышыктар 1 жашка толгондо алардын булчуң кʏчтɵрʏ жана  бардык касиеттери толук ɵнʏгʏп бʏтɵт. Мышыктардын денеси аябай ийкемдʏʏ келет. Алардын денесинде адамдарда жок ашыкча кырк сɵɵк бар. Бул сɵɵктɵрдʏн кɵпчʏлʏгʏ дененин омуртка жана куйрук тарабында жайгашкан. Жамбаш сɵɵгʏнʏн укмуштуудай ийкемдʏʏ болушу мышыктарга эпчилдик тартуулайт. Ошондуктан чуркап бараткан, секирип ойногон мышыкты жакшылап байкасаңыз, анын башка жаныбарларга салыштырмалуу жеңил жана эпчил кыймылдаганын кɵрɵ аласыз. Алардын омурткаларынын ортосунда жайгашкан дисктери адамдардыкына салыштырмалуу жыш жайгашкандыктан мышыктар ɵзгɵчɵ кыймылдарды жасап, денесин 11%га ийе алышат. Кичинекей жана ɵтɵ тез кыймылдаган чычканды кантип кармап алганына таң калып калабыз. Мышыктар аң уулоо учурунда ɵтɵ кыраакылык менен бир кɵз карашта олжосу менен болгон аралыкты болжолдой алышат. Алар олжосуна жетиш ʏчʏн 1,5 метр аралыкка секирик жасай алышат. Мындай жоругун адамдарга салыштырсак, кичинекей болгон мышык 1,5 метрди бир секирикте багындырса, анда адам 8,5 метрге секириши керек болот. Мышыктардын акырек сɵɵгʏ жок болгондуктан, башы баткан ар кандай тешиктерден ɵтʏп кете алышат. Айрыкча алардын балтырлары аябай кʏчтʏʏ жаратылган. Ал эми астынкы колдору тырмышып чыгууга жана бир нерсеге асылып турууга аябай ыңгайлуу.

Жети жандуу жаныбар

32-кабаттан кулап кеткен мышыктын жаракат албай калышы толук мʏмкʏн. Бирок изилдɵɵлɵрдʏн жыйынтыгында 7-кабаттан кулоо мышыктардын жашоосу ʏчʏн ɵтɵ кооптуу экендиги белгилʏʏ болгон. Бул эки маалымат бири-бирине каршы келип жаткандай кɵрʏнɵт. Муну окумуштуулар мындай тʏшʏндʏрʏшɵт: бийиктен кулаган учурда мышыктар буттарын жайып, парашют сыяктуу абалга келишет. Ошентип алар кулоо ылдамдыгын жайлата алат да, жерге акырын тʏшʏшɵт. Ал эми ɵтɵ бийик эмес жерден кулаган учурда болсо, буттарын керип парашют сымал болууга убакыт жетпей калгандыктан алар жерге катуу тʏшʏп, жаракат алып калуусу мʏмкʏн. Эң кызыгы, кулап бараткан учурда тең салмактуулукту сактоо ʏчʏн алардын кулагынан кандайдыр бир суюктук бɵлʏнʏп чыгып, бул суюктук мышыктын жерге буттары менен тʏшʏʏ рефлексинин иштɵɵсʏн камсыздайт экен. Ошентип кайсыл абалда кулабасын жерге кадимкидей буттары менен тʏшɵ алышат. Кулагындагы бул суюктуктун кайра калыбына келʏʏсʏ ʏчʏн жерге тʏшкɵндɵн кийин  баштарын оңго-солго чайкап коюшат.

Жер титирɵɵнʏ алдына ала сезген жаныбар

Мышыктарда кээ бир касиеттер адамдарга салыштырмалуу алда канча мыкты ɵɵрчʏгɵн. Мисалы, алар сааттын тыкылдаганын адамдарга караганда тɵрт эсе катуу угат. Алар адамдардын, жадакалса иттердин да сезбей калган ʏндɵрʏн уга билишет. Бул касиетинин жардамы менен мышыктар ʏйдɵгʏ адамдардын ʏндɵрʏн айырмалай алышат. Мындан сырткары, алардын ар бир кулагында жыйырмадан ашык угуу клеткалары жайгашып, мунун натыйжасында алар кулагын ɵз-ɵзʏнчɵ иштетип, кыймылдата алышат. Ошентип алар ʏндʏн кайдан чыкканын кыска убакыттын ичинде таамай белгилей алышат да, олжосунун кайсы жерде тургандыгын так билишет. Демек, мышыктар башка жаныбарлар сыяктуу эле жер титирɵɵ болорун кʏн мурунтан билишет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ окумуштуулар жадакалса заманбап технология каражаттары жер титирɵɵнʏн кайсы убакытта болорун так айтып бере алышпайт. Ал эми кɵпчʏлʏк жаныбарлар болсо, зилзала болорун бир нече кʏн мурун сезишип, ар кандай белгилерди берип келишет. Бул чындыкты баарыбыз билсек да, жаныбарлар силкинʏʏлɵр болорун кантип сезээрин азырынча эч ким аныктай элек.

Мышыктын кɵзʏ

Мышыктардын караңгыда кɵрɵ билʏʏ касиети адамдардыкынан беш эсе кʏчтʏʏ ɵɵрчʏгɵн. Алардын кɵздɵрʏндɵ жайгашкан кɵп сандагы клеткалар жарыкты мыкты сезе билʏʏсʏн камсыз кылат. Ал эми карегинде жайгашкан кристаллдуу  катмар карексиз бардык жарыктарды ɵзʏнɵ сиңирип алат. Ошондуктан караңгыда аң уулап жаткан мышыктын кɵзʏ бир гана олжосун так даана кɵрʏп, айланадагы башка нерселерди бозомтул кылып кɵрɵт. Мышыктардын кɵздɵрʏндɵ “RapetumLucidum” деп аталган бир катмар болуп, ал мышыктарга жарыкты кʏзгʏ сымал чагылыштырып турат. Мына ошондуктан алардын кɵздɵрʏ караңгыда жанат. Алардын каректери кадимки фотоаппараттын диаграммасы сыяктуу эле кеңейтип-тарытып, алыстатып-жакындатып кɵрсɵтʏʏ касиетине ээ.

Даам сезʏʏ органдары

Мышыктарда бир гана даам сезʏʏ органы адамдардыкына караганда алсыз болот. Беттеринде даам сезʏʏ клеткалары адам тилинен 25%га аз. Ошондой эле иттерден айырмаланып мышыктар таттууларды анча жактыра беришпейт. Эң эле кызыктуусу, мышыктарда башка жандыктарда жок, ɵздɵрʏнɵ гана тиешелʏʏ Якобсон органы бар. Аталган орган алардын тамагында жайгашып, мышык бир нерсенин жытын алганда, жыт бул органга келип, ушул жерде иштелип чыгат. Жыт сезʏʏ боюнча иттер менен тең талаша албаса да алар жытты адамдарга караганда 14 эсе кʏчтʏʏ сезет. Алар бирге жашаган адамдарын кɵрʏнʏшʏнɵ карап эле жытынан таанып айырмалашат. Адамдардын мурдунда 5 миллион жыт сезʏʏ клеткалары бар болсо, мышыктарда мындай клеткалардын саны 200 миллиондон ашат. Алардын мээсинин бир топ бɵлʏгʏ жыттарды алууга, аларды  анализдɵɵгɵ жана аларга ылайыктуу, керектʏʏ жоопторду берʏʏгɵ багытталган.

Тазалыкты сʏйгɵн жаныбар

Мышыктар убактысынын бир топ бɵлʏгʏн тазаланууга бɵлʏшɵт. Чындыгында алар тазалыкты сʏйʏшɵт жана ɵзʏн-ɵзʏ тазалоодон ырахат алышат. Жʏзʏн тазалоо ʏчʏн колдорун жалап, аларды колкап кылып колдонушат. Мышыктынтили  аябай узун келип, ʏстʏндɵ бодуракайлары бар. Мына ушул бодуракай тилдери мышыктар тазаланып жаткан учурда кадимки щетка кызматын аткарып, терисинин дагы да таза болушуна жардамчы болот. Тазалануу учурунда тили тийген жерлерде алардын терисиндеги май бездери кыймылга келип, атайын май бɵлʏнʏп чыга баштайт да, бул майлар мышыктын жʏздɵрʏнɵ сууну жуктурбайт. Ошондуктан алардын териси дайыма жалтырап турат. Адамдар чыдагыс ысыкка туруштук бере алган мышык, терисинин калыңдыгына карабай ысыктан кыйналбайт. Анткени териндеги жʏндɵр жылуулукту тең салмактуулукта сактап, териге керектʏʏ ɵлчɵмдɵгʏ гана жылуулук ɵткɵрʏп берет. Алардын денеси ооруга абдан чыдамдуу келет. Анткени мышыктардын организминде ооруну сездирбɵɵчʏ гормондор аябай кɵп иштелип чыгып турат.

Уйку сʏйʏʏчʏлɵрʏ

Мышык жашоонун 2/3 бɵлʏгʏн уктоо менен ɵткɵрɵт. Ошондуктан уйкуга байланышкан изилдɵɵлɵрдʏн, эксперименттердин кɵпчʏлʏгʏ мышыкка жасалат. Уйку механизмдери жана уктоонун организмге тийгизген таасирлери жɵнʏндɵ бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ маалыматтардын кɵпчʏлʏгʏ мышыктарды изилдɵɵнʏн натыйжасында алынган. Мышыкка жасалган эксперименттерде окумуштуулар ɵтɵ кызык жɵндɵмдʏʏлʏктʏ байкашкан. Кɵрсɵ мышык басып ɵткɵн жолун канчалык алыс болбосун эсине сактап, кайра ошол жол менен адашпай артка кайтып келе алат. Бул жаныбарлар кʏн менен жердин магниттик тартылуу кʏчʏнɵн пайдаланып жолду адашпай таба алышат деген божомолдор бар. Бирок алардын дагы бир касиети бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин адам баласы ʏчʏн табышмак бойдон калууда. Мышыктар ɵзʏнʏн эски кожоюндарынын кɵчʏп келген жаңы ʏйʏн да таап бара алышат. ʏйʏңʏздʏн сʏйʏктʏʏ жаныбарынын ушундай укмуштуудай жɵндɵмдʏʏлʏктɵрʏ бар экенин билчʏ белеңиз?

Сыдык Токонов

 

Подробнее ...
17 Янв

Мырзажигит Атабаев, журналист: “Журналист коомдун кʏзгʏсʏ, элге таанылуунун жолуна тʏшпɵшʏ керек”

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:24 Жарыяланган категория Маданият
Мырзажигит Атабаев, журналист:  “Журналист коомдун кʏзгʏсʏ, элге таанылуунун жолуна тʏшпɵшʏ керек”

“Ош шамы” гезитинин 2021-жылдагы жыл тандоосунун жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты алып баруучусу” наамынын ээси, ЭлТР телерадио компаниясынын жаңылыктар бɵлʏмʏндɵ кɵп жылдан бери  редактор, алып баруучу болуп эмгектенип келген Мырзажигит Атабаев бул апта биздин конок-тɵрдɵ болуп кайтты. Ɵз ишин мыкты билген, токтоо, алынып-жулунбаган, журналистикада  ɵз ордун жоготпогон жаш журналист бул тармакка кандай келип калганын, журналистиканын оош-кыйыштарын айтып берди.

-Саламатсызбы Мырзажигит  мырза, алгач биздин редакциябызга куш келипсиз. Сɵз башын ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ баштасак...

-Саламатчылык. Эң биринчи кезекте сиздерге ыраазычылык билдирип кетейин. Конок-тɵрʏңʏздɵргɵ келип, маектешип жатканым сыймык. Ɵзʏм Ноокат районунун Кыргыз –Ата айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Акбулак айылынан болом. 1993-жылы 8-мартта тɵрɵлгɵм. ʏй-бʏлɵдɵ 7 бир тууганбыз, мен эң кенжесимин. Учурда ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн, бир уулум бар. Азырынча мен жɵнʏндɵгʏ кыскача маалымат ушундай (жылмайып).

-Айтсаңыз, журналистика тармагына кандай келип калгансыз?

-Негизи адамдагы кызыгуу, кыял, максаттар мектеп учурунан калыптанат эмеспи. Менде да журналистикага болгон кызыгуу окуучу кезимден калыптанган. Ошол учурда эле мектептеги маданий, коомдук иш чараларга активдʏʏ катышып, маданият сектору болчумун. Сʏйлɵɵ жагынан сɵз байлыгым кɵп, элден тартынбай эркин сʏйлɵй алганым ʏчʏн кɵп иш чараларда алып баруучу болчумун. Ошондон эле журналист болом деген максат пайда болгон. Мугалимдерим да “сен журналист болсоң, сага жарашат” деп кɵп айтып калышчу. Ошонун арты менен эле орто мектепти аяктагандан кийин журналистикага тапшырып калгам. Биз мектепти бʏткɵн жылы июнь окуясы болуп кетип, Ошто окуу бир кыйла кооптуу болгон. Ошондон улам Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы кыргыз-улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Ал жерде беш жыл билим алдым.

Журналистика факультетинин ичинде да теле, радио жана басма сɵз деп бɵлʏнɵт. Мен анын теле тармагын тандап, ошол жаатта билим алдым. Окуп жʏргɵн убакта КТРКга, ЭлТРге барып практика ɵтɵп жʏрдʏк. Окууну аяктагандан кийин ʏйдʏн кенжеси болгонум ʏчʏн Ошко келишим керек болду. 2015-жылы августа ЭлТРге кокусунан эле кирип калгам. Жаңыдан Ошко келгенимде шаарды жакшы билбейм. ОшТВ телеканалын сураштырып, издеп жʏрʏп ЭлТРге кирип калгам. Кирип эле “мен журналистиканы бʏткɵм, иштесем болобу?” деп сурагам. Майрам Мурзакулова эжекебиз бир тема берген, ушул боюнча ой толгооңду жазып кɵрчʏ деп. Бир аз чиймелеп жазсам “телефон номуруңдужазып калтырып, бара бер, ɵзʏбʏз байланышабыз” деди. 10 кʏндɵн кийин телефон чалып сыноо мɵɵнɵтʏндɵ жʏрɵ бер, штат бошоп калса алып калабыз дешти. ЭлТРде бош жумуш орун болушу бир аз кыйын. Эки ай сыноо мɵɵнɵтʏндɵ жʏргɵнʏмдɵн кийин ɵзʏмдʏ-ɵзʏм бага албай калдым. Айлык жок, чыгым кɵп. Кайра Бишкекке кетип калгам. Кийин кɵп ɵтпɵй эле ɵздɵрʏ телефон чалып “редакторлукка бош кызмат орун бар, келип иштеп бер” деп чакырышты. 2016-жылдын башында келгем, ошондон бери аталган бɵлʏмдɵ иштеп жатам.

-Жумушка жаңы киргенде ошол жамаатка, “ашканага” кɵнʏп кетʏʏ оңой эмес. Сизде кандай болду?

-Туура, жаңы жумушка келгенде бир топ кыйынчылыктар болгон. Теле тармагы да кɵп багыттуу болгону ʏчʏн жаңы жумушчуларга бир топ кыйынчылык жаратат. Мени теле тармагына аралаштырып, баарын ʏйрɵткɵн устатым Майрам эже болду. Сюжеттин структурасын, текст жазганды, ЗКТ, синхрон, интершум сыяктуу телеге тийиштʏʏ терминдерди Майрам эже ʏйрɵттʏ. Окуп жʏргɵндɵ теориялык жактан окуганбыз бирок, практика жʏзʏнɵ келгенде  такыр  башка. Ошентип башында эки жылдай кыйналдык, такшалдык, тажрыйбалуу кызматкерлерден ʏйрɵндʏк дегендей. Кудайга шʏгʏр, азыр иштегениме алты жылдан ашыптыр. ʏч жыл  кабарчы болуп иштесем, андан кийин дикторлукка да чыгарып башташты. Бирок, диктор болгондо жалкоо болуп калат экенсиң. Иш бɵлмɵдɵн чыкпай эле даяр текстти окуп коесуң. Андан сырткары,  анын да ɵзʏнʏн тʏйшʏгʏ бар. Текстти туура окуп, сɵздɵрдʏ так, тʏшʏнʏктʏʏ кылып айтуу талабы бар. Ошондон улам кайра кабарчылыкка ɵтʏп кеткем. Андан сырткары, чакан иш чараларда алып баруучу болуп турам.

-Бизде кесип тандоодо комплекс бар. Айрыкча кыз балдарда анан ʏйдʏн эң кенжеси болгон балдарга карата. “Айылда жашап калсаң мугалим же дарыгер болгонуң эле жакшы” дешет. Сиз кенжесимин деп калдыңыз, каршы болгондор болсо керек?

-Ооба, мага да каршы болушкан. Сен айткандай “айылга келип кимге журналист болмок элең же Ноокаттын борборунда да эч нерсе жок, иштесең Ошто же Бишкекте иштешиң керек” дешкен. Ага карабай эле журналистикага тапшыргам. Мен чынында башка тармакка кызыкпайт экем. Кызыккан тармагыма эле тапшырам деп туруп алгам. Анын ʏстʏнɵ жездем да журналист болчу, мен окууга тапшырып жаткан жылдары жездем гезитте редактор болуп эмгектенчʏ. Ал убакта гезит окугандар кɵп болгону ʏчʏнбʏ, редакторду райондун акимдери  “чоңдор” келе жаткандай  кʏтʏп алышып, сыйлашчу. Ошолорду кɵрʏп жʏрʏп журналистикага болгон кызыгуум арткан. “Мен да ушундай киши болом” дечʏмʏн. ʏйлɵнгɵндɵн кийин ʏйдɵгʏлɵр менен кеңешип менден улуу агамды айылга калтырып, ʏйдʏ ага ɵткɵрʏп берип, мен шаарга бɵлʏнгɵм.

-Борбордо окуп, ошол жактын тузун да татып кɵрʏпсʏз. Эки жактын журналистика тармагын салыштырып кɵрдʏңʏзбʏ? Айырмачылык байкалдыбы?

-Кесиптик салыштыра албайм. Бишкекте иштегендер кыйын же аймакта иштегендер анча эмес деп салыштыргым келбейт. Бирок, борбордо иштеген журналисттерде мʏмкʏнчʏлʏк жогору. Маалымат алууга, булактар менен байланышууга оңой дегендей. Ошол ʏчʏн алардын жасаган жумушу дароо кɵрʏнɵт. Себеби, бардык маалымат борборлорунун башкы кеңселери Бишкекте жайгашкан. Аймактарда кɵбʏнчɵ филиалдары болгону ʏчʏн маалымат алынганы менен байкалбай деле калат. Иш тажрыйбасы канчалык деңгээлде бааланат билбейм бирок, мʏмкʏнчʏлʏк жогору, ишмердʏʏлʏктɵ айырмачылык бар. Ошол ʏчʏн кыйын журналисттердин кɵбʏ борбордон чыгат.

-Коомдо “журналистикага тапшырбай туруп деле ɵң, келбет, сɵз байлыгың болсо журналист болсоң болот” деген пикир кеңири тараган да. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

-Журналистиканы жаңы баштаганымда менде да ушундай пикир жаралган. Беш жыл убактымды текке кетирбей эле кошумча тил ʏйрɵнсɵм болмок экен, дагы башка тармактан тажрыйба топтосом болмок экен деген ойлор болгон. Бирок, журналистика деген кесип да бар да. Ошол багытта билим алып, атайын диплом ээси болгондон кийин кесиптештер арасында да кадырың болот. Туура, адамда келбет, сɵз байлык болсо журналист боло алат. Бирок ал убактылуу эле. Жаңы жʏздɵр келгиче гана журналист боло алышың мʏмкʏн. Ал эми журналистика кесибинин ɵз ээлери ɵмʏр бою ошол кесип менен жашашат. Бала-чака багат.

Маалымат жеткирʏʏнʏн жолдору кɵбɵйгɵн учурга туш болуп отурабыз. Баары эле колуна телефон алып элге тʏрдʏʏ маалыматтарды жеткирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ боло башташты. Мына ушундай учурда журналисттер жɵнɵкɵй жарандардан айырмаланып турушу керек. Эл ошол блогер, ютуберлердин маалыматына эмес, ɵзʏ тааныган журналисттин маалыматына гана ишенгидей болушу керек. Учурда ɵкʏндʏргɵнʏ кээ бир журналисттер ошол блогер, ютуберлердин деңгээлине тʏшʏп алышты. Элге оңой таанылуунун жолун издеп, жеңил-желпи маалыматтар менен элди сугарууда. Журналист коомдун кʏзгʏсʏ. Ошол деңгээлин жоготпошу керек.

-Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизди ийгиликтер коштоп жʏрсʏн!

Подробнее ...
17 Янв

Жылдыз Султанова, ишкер айым: “Тамак-аш, тейлɵɵ тармагында иштɵɵ абдан оор”

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:22 Жарыяланган категория Макалалар
Жылдыз Султанова, ишкер айым: “Тамак-аш, тейлɵɵ тармагында иштɵɵ абдан оор”

Ишкер айым дегенде эле кɵз алдыма ɵжɵр айымдар тартылат. Ооба, тʏмɵн тʏйшʏгʏ менен катар ишкерликти да колго алып, атаандаштарына туруштук берип, кабак-кашым дебей коомго ɵз салымын кошуп келе жаткан айымдарыбыз бʏгʏн арбын. Алардын бири шаарыбыздагы тойкана жана  эс алуучу жайларын иштетип, тейлɵɵ тармагына 15 жылдан бери энергиясын, кʏчʏн арнап келе жаткан Жылдыз Султанова биздин апта каарманыбыз. Жумушунда ɵжɵр, сʏйлɵшɵ келсең жан дʏйнɵсʏ назик Жылдыз айым менен маекти назарыңыздарга сунабыз, окурман.

-Жылдыз айым, келиңиз, кай жактын кызы болосуз, ишкерликке кантип аралашып калдыңыз эле? Кепти ушундан баштасак.

-Ноокат районунун Бел-Ɵрʏк айылында тɵрɵлʏп, ʏйдʏн кенже кызы болуп ɵстʏм. Атам мамлекеттик кызматкер болчу. Ата-энем кенен жашоодо тарбиялап ɵстʏрʏштʏ, окутушту. Кесибим боюнча мугалиммин. Кийинчерээк замандын талабына ылайык, юридикалык дагы билим алдым. Кесибимди 16 жыл аркаладым. Убакыттын ɵтʏшʏ менен бизнес тармагына ɵтʏп, мезгилинде мамлекеттик кызматтын да, ишкерликтин да тизгинин бир кармап жʏрдʏм. Бирок, жеке ишкерлик кʏчтʏʏлʏк кылып кеттиби, билбейм, толугу менен ишкерликке ɵттʏм. Бул тармакта жʏргɵнʏмɵ быйыл 15 жыл болуптур. Тойкана, тамак-аш жаатында иштеп калам деп эч ойлогон эмесмин. Ɵзʏм кесибиме байланыштуу жеке нотариус ачам деген пландар бар болчу. Ошентип жʏргɵндɵ кытай компаниясынын сунушу менен биргеликте фирма ачтык. Баягы пландап жʏргɵн нотариус деле эстен чыгып, кытайлар менен иштɵɵгɵ ɵттʏм.   

-Тамак-аш, тейлɵɵ жаатына болгон кызыгуунун жаралуусуна кытайлар менен иштɵɵ тʏрткʏ болгон экен да...

- Туура, тамак-аш жаатында тейлɵɵгɵ кытайлар менен иштеп жʏрʏп келип калгам. Болбосо официант болуп деле иштеп кɵргɵн эмесмин. Башка мамлекеттин адамдары менен иштешип жʏрʏп менде кызыгуу пайда боло баштады. Алардын деңгээли бизден 30-40 жылга алдыга кетип калгандай сезим калтырчу. Чет элдиктерден кɵп нерсени ʏйрɵндʏм. Айрыкча кытайлар менен иштешкен алты жыл аралыгында алардан тейлɵɵ жаатындагы кемчиликтерин, ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн, тез арада тамакты жаңыдан даярдап конокко берʏʏ сыяктуу ыкмаларын ɵздɵштʏрдʏм. Кытайлар абдан таң калышчу. Бʏгʏн деле ошолордон ʏйрɵнгɵн ыкмаларды колдонуп жʏрɵм. Негизи тамак-аш, тейлɵɵ тармагында иштɵɵ эң оор. 15 жыл мурунку менен азыркы конокторду салыштырсак, бизде да деңгээл жогорулады. Мурун тамактанганы келгендердин кɵпчʏлʏгʏ ɵздɵрʏн тейлɵɵчʏлɵрдɵн жогору кɵрʏп, айып издеп турушчу. Азыр андайлар жок. Адамдар жакшы жактарын айтканды, жылуу сɵздɵр менен ыраазычылыгын билдиргенди ʏйрɵнʏштʏ. Ошол нерсе мени кубандырат, баалайм. Бир топ мезгилден бери биздин ашкананы жакшы кɵрʏп, келип жʏргɵн конокторубуз бар. Мурун адамдар кɵбʏнесе ʏйдɵн тамактанышса, азыр сырттан тамактангандар кɵпчʏлʏктʏ тʏзʏп калышты. Жамандык-жакшылыктарын да сыртта ɵткɵрʏшɵт.

Тойканалардын жакшы жактары кɵп. Муну пандемия мезгилинде да байкадым. Пандемиядан кийин кайрылган коноктор абдан ыраазы болуп келип атышты. “Ресторанда бир топ ʏнɵмдʏʏ болот турбайбы, ʏйдɵ ɵткɵрсɵң майда-чʏйдɵ ɵтɵ кɵп кетет экен” дегендер кɵп болду. Бирок, ошол эле учурда “акчанын баарын ресторанга берип эле отуруп каласың” дегендер чыгат. Мындай пикирге ынана албайм. Жогоруда айткандай коноктордун баарын бир чакырып узатасың, ʏй-бʏлɵлʏк бюджетке да ʏнɵмдʏʏ. “ʏйгɵ ташый берип чарчадык, тойканалардын бар болгону жакшы экен” деген жаштардын пандемиядан кийинки сɵздɵрʏн байкап калдым. Тапканыбыз жакшылыкка буюрсун деп айтылат эмеспи элибизде. Кээ бирɵɵлɵрдʏн тойканаларга болгон соцтармактардагы нааразы пикири маанайыңа таасир этсе, айрымдарынын жылуу пикири дем берет.

-Ишкердик кылууда кандай сапаттар маанилʏʏ? Кимдерден кеңеш аласыз? Жумушта эмнелерге маани бересиз?

-Адамдар эс алуучу жайды иштетʏʏ, тейлɵɵ бир эле адамдын колунан келе турчу иш эмес. Бир нече адамдар менен ишке ашат, ишиң жʏрʏшɵт. Ошол командаңды ыраазы кылып, эмгек акысын бергениңде гана жумушун таштабай, иштеп берет. Ар биринин тилин таба билʏʏ да маанилʏʏ. Андан сырткары кɵпчʏлʏктʏн табитине ылайык дизайн, ыңгайлуулук, шарт болушу керек. Белгилʏʏ убакытта талапка ылайык ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизип дегендей. Бул ишкерлер ʏчʏн ɵтɵ оор, бирок коноктор ʏчʏн жасоого туура келет. Жумушта кɵбʏнчɵ идиш-аяктын бʏтʏндʏгʏнɵ, ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ, кооздугуна маани берем. Бʏгʏнкʏгɵ дейре эч бир дизайнердин жардамысыз эле ɵз идеям менен иш жʏргʏзʏп келдим. Азыркы учурда оңдоп-тʏзɵɵлɵрдʏ дизайнер менен биргеликте жʏргʏзʏʏдɵбʏз. Себеби абдан чарчадым. Жаш мезгилде ʏч-тɵрт жерди ижарага алып, тɵрт адамдын жумушун ɵзʏм кылып жʏрɵ берген экенмин. Анда кʏчтʏ кайдан тапканымды билбеймин. Азыр ойлоп таң калам. Ишкер болуу ʏчʏн сабырдуулук талап кылынат экен. Бир иштин башын баштагандан кийин майын чыгара жасагым келчʏ. Балким, ошондонбу деп калам.

-Аял киши ʏчʏн ʏй-бʏлɵнʏ, жумушту, айрыкча тʏн оогонго чейин кызмат кылчу тойкананын жумушун чогуу алып кетʏʏ тʏйшʏктʏʏ болсо керек. Балдарыңызга кандай энесиз?

-ʏч баланын энесимин. Албетте, балдарга тарбия берʏʏ, чоңойтуу, ишкерлик баарын бир алып кетʏʏ жеңил эмес. Балдарымды куш балапандарын кɵтɵрʏп алып жʏрʏп баккандай эле чоңойттум. Ижарага иштетип жʏргɵндɵ жаңы жылды да ресторандан тоскон кʏндɵр болгон. Ооба, кээде балдар, кээде ɵзʏм ооруган учурлар да ɵттʏ. Конокторду узатканга чейин жʏргɵнгɵ туура келет эмеспи. Жолдошумдун колдоосу менен жумушту да, ʏй-бʏлɵнʏ да алып кеттим десем болот. Жолдошум менен баш кошконубузга 31 жыл болуптур. Бул аралыкта баарына жетишʏʏгɵ аракет кылдык. Учурунда кайын-журттун да кызматын кылып, ʏй-бʏлɵмɵ да кɵңʏл буруп, тамагын кылып, кирин жууганга убакыт таап, милдеттеримди аткарып жʏрɵм. ʏйдɵ тамак жасабай калганыма аз эле болду. Кыздарым чоңойгондон кийин колумдан ишимди алып калышты, кээде гана балдарым тамагымды сагынганда жасап берип калам. Тамакты чынында жакшы жасайм. Ашканадагы бардык тамакты жасаганды билем. Ашпозчулар келбей калган учурларда ɵзʏм да буюртма кылынган тамактарды жасап койчумун. Жасоо менен катар керектелʏʏчʏ азык-тʏлʏктʏн сапатына да маани берем. Келген коноктор жеген тамагына ыраазы болуп кетишсе деген тилегим. Мага “артыңызда ким турат, бул жер кимдики?” деген суроону кɵп беришет. Аларга “Кудай берген” деп жооп берем (кʏлʏп). Адам бир нерсеге жетем деп аракет кылса, жете алат. Муну ɵз практикамдан да байкадым. Аракеттен берекет дейт эмеспи. Мʏмкʏнчʏлʏгʏм жетсе ɵлкɵгɵ, жарандарга пайдасы тие турган ɵндʏрʏш тармагына салымымды кошсом дейм.

-Убактыңызды бɵлгɵнʏңʏз ʏчʏн ыраазычылык. Ишиңиз илгерилей берсин.

Жумагʏл

 Кочкорбай кызы

Подробнее ...
17 Янв

Ээн кɵчɵ

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:21 Жарыяланган категория Макалалар
Ээн кɵчɵ

Жымжырттык дегениң кɵп эле учурда жакшы нерседен кабар бербɵɵчʏдɵй. Тескерисинче, ээси жок ээн калган ʏйдɵй же капалуу адамдар чогулган жердегидей суз сезилип адамзатынын кɵңʏлʏнɵ сыя бербеген бир табигый кырдаал. Кɵрсɵ бул жан-жаныбарлардын деле тынчын алып, кооптондурат тура. Сенбернар тукумундагы ит дал ошол эч кимиси жок ʏйʏнɵн атып чыгып, жалгыздыктан кутулуу ʏчʏн качып жɵнɵдʏ. Ээсинин артынан барып алган кʏнʏ кайра алып келип коюшпадыбы, ɵз эркине койсо анын жанынан карыш жылбай кʏтмɵк.

    Мына баягы жымжырттык деген балээ итти дале коштоп келаткандай кыжырына тийип, тажатып жиберди.  Мурда шаардын ушул кɵчɵлɵрʏндɵ сейилдеп кɵп басчу, анда кɵчɵнʏ бойлой чубалжыган адамдардын жылуу жʏздɵрʏ арбын болоорун эстеди. Бʏгʏн болсо ошол жылуу жʏздɵр кезикпей жатканы, бирин-серин кезиксе да кɵздɵрʏ эмнегедир муң тарта тʏшкɵнʏ байкалат.

Бир убакта жол четинен топтолгон кишилерди жолуктурду. Ичиндеги бɵксɵ толо тʏшкɵнсʏп ит кубанып кетет, анткени, бʏт жерди коюу туман ɵңдʏʏ  ээлеп алган жымжырттыкты ушулар жоготкондой сезилди. Кʏбʏр-шыбыр болушуп, унаа жʏрбɵй калган жолго чейин кезек кʏткɵндɵрдʏн арты узун. Ит жакын келгенче алдыңкы катардан бирɵɵ:

    -Эй, эмнеге жулунасың, кезегиңе карабайсыңбы?-деп кыйкырып калды.

    -Ɵзʏң ɵлʏп баратасыңбы? Азыр менин кезегим, тур ары!-деп экинчиси жооп кайтарганча араң тургансып топтошкондор  бытырап кетишет. Ызы-чуу тʏшʏп, бири-бирин соккулап киришти, азык-тʏлʏктɵр жерге жайнай чачылды. Ит мындай болорун ойлобогон, тебелендиде кала жаздап баратса эки-ʏчɵɵ ага карап бир деме деп айкырды да койгулап калганга ʏлгʏрʏштʏ. Башаламандыктан четтеп, астынан чыга калган формачан тартип сакчылардан буйтап ɵтʏп кутулат. Кишилерди жолуктурганына кубанып келе жатса, алардын мынтип жапайыларча кезек талаша мушташканы итке жаман таасир калтырды, эми астынан чыккан адамдарга жакын баспоону чечти. Ошентип жол чети менен жʏрʏп отуруп кɵздɵгɵн дарегине ылдам жетиптир. Оорукана кызматкерлери аны кууп чыгаары шексиз эле, айлакер ит ыңгайын пайлап отуруп, ичкери кɵздɵй кирʏʏгɵ жетишти.  Кызыгы ага эч ким кɵңʏл бурган жок, бейтап кɵптʏгʏнɵн ɵмʏр сакчылары ары-бери чуркап жʏрʏшʏптʏр. Ит бир чындыкты тʏшʏнгɵнсʏдʏ, жолду катар издеп келген жылуу жʏздɵрдʏн кɵпчʏлʏгʏ ушул жерде сыяктанат, арасында ɵз ээси да бар. Ал жаткан бɵлмɵнʏн эшигин тырмалап, тʏрткʏлɵп жатып ачты да шашкалактап бейтап жаткан орундукка асылып, аны “ойгон” дегенсип арсылдап ʏрʏп жатты. Бир аздан кийин гана кɵзʏн ачып, карыган киши араң кыймылдаган колдору менен иттин башын бир-эки сыламыш болду. Ити болсо ого бетер эркелеп, колдорун жалагылап кирет, бирок ээси сʏйлɵбɵдʏ, дем алуусу оорлоп бараткан, ити да тынчсызданып башын бутуна жɵлɵп астынан кетпей жатып алат. Мунун баарын байкап турган медайым аны аяп, чыгарып жиберʏʏгɵ батына албай турган, аңгыча сырттан кирген экинчи медайым;

    -Бул эмнеси, айдап чык!-деп чаңырып жиберет.

    -Коёо туруңузчу! Бул бейтаптын ити окшойт, аябай санааркап жатат.

    -Санааркап жатканын кайдан билдиң? Сен туура тʏшʏн, мындай катаал шартта кылдат болууга тийишпиз, жер жуткур бул вирусту алып жʏрʏʏчʏлɵргɵ айбандар кирбейт деп ким кепилдик бере алат? Ошон ʏчʏн муну тезинен жоготкула! Иттин мойнуна жип салып сыртка сʏйрɵштʏ. Оорукананы айланчыктап кыйла сандырактады байкуш. Эми ɵлсɵ да баягы суз кɵчɵ менен кыбыр эткен кишиси жок ʏйʏнɵ ɵзʏ жалгыз барбайт.

Медайым ага кʏнʏгɵ тамак алып чыгып берип, бир демелерди сʏйлɵп койчу. Ит адам тилине тʏшʏнбɵсɵ да алардын иш-аракетинен ар кимисинин ар тʏрдʏʏлʏгʏн даана билчʏ. Медайым кʏн алыс аны ооруканага ээсин кɵрʏʏгɵ киргизип, кайра сыртка чыгарып коймой адат кылып алды. Бул аракети ʏчʏн кесиптештеринин жемесине да калды.

Ооруканага кирчʏ тепкичтин жаны иттин жаңы орундугуна айланды окшойт. Ушул жерде жалдырап отурганына он кʏнчɵ болуптур. Бир убакта кʏткɵн медайымдын карааны кɵрʏнɵт, бʏгʏн ал кыйла кечигип чыкты, иттин тамагын коюп берип аны узакка чейин тиктеп калат. Мына кайрадан “унчукпоо”, бул да жымжырттыктын бир тʏрʏ, итти бир аз  кабатырга салды. Медайым ʏн катпай артына бурулуп кете берди. “Бул эмнеси?” дегенсип тамагын таштай анын артынан ээрчиген ит, бʏгʏн ооруканага кирʏʏ керек экенин эскерткенсиди. Ээси айыгып чыкса гана аңгыраган суз кɵчɵлɵр кайрадан шаңга толо тургансып сезиле берчʏ ага. Бирок улуу табият ɵзʏ ушундай жаралган, кезек-кезеги менен жашоонун негизги каармандарын жаңылай берет, бул бири кетип, экинчиси ордун ээлейт дегендик же жаңыларга орун бошотуп берʏʏ эскилердин милдети деген сыяктуу. Иттин карыган ээси да оорун бошотуучулардан, анын милдетинен кутулуусуна кʏтʏʏсʏз жабышкан жугуштуу оору себеп болот. Ит ооруканадан шашпай басып чыкты, башын бутуна жɵлɵп кɵпкɵ дейре ойлуу жатты. Эми жаныбардын бʏт жашоосу баягы эл жʏрбɵй калган кɵчɵлɵргɵ окшоп суз тарта тʏшкɵнсʏйт...

Тойчиева Айжылдыз

 

Подробнее ...
17 Янв

КАЗАКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРГА ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:18 Жарыяланган категория Саресеп
КАЗАКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРГА  ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Эл аралык айрым эксперттер Казакстандагы окуяларда калктын нааразычылык потенциялары менен геосасий контекстин кошулуп калгандыгы жана абалдын андан ары курчуп кетʏʏсʏнʏн ыктымалдуу кесепеттери жɵнʏндɵ кеп козгошот.

«ТАРИФ  НААРАЗЫЧЫЛЫГЫНАН  САЯСИЙ  ТАЛАПТАРГА»

«Левада-центрдин» илимий жетекчиси Лев Гудков Казакстанда тʏзʏлгɵн кырдаалды карапайым адамдарда абдан кʏчтʏʏ кыжырдануу топтолуп калгандыгы менен байланыштырат. Анын пикиринче, ɵлкɵ жарды, ошол себептен мезгил мезгили менен толкундоолор, анын ичинде борбордук бийликке карата кубаттуу  протесттер болуп турат.

«Адамдар Назарбаевден жана анын номиналдык ордун басуучусунан жана авторитардык режимден, бʏтʏндɵй алганда, жашоо ʏчʏн  дамамат кʏрɵшɵ берʏʏдɵн аябай тажашты. Алар нормалдуу жашоону каалашат, мына ошол себептен ошондой кырдаалда ɵлкɵнʏн тʏндʏгʏндɵ толкундоолор келип чыкты. Боло келгендей эле, мунун баары  уюмдашпаган чайпалууларга, эксецесстерге  куюлуп, мындан ар тʏрдʏʏ жана ар башка багыттардагы кʏчтɵр пайдаланып кетишти. Бул спонтандык процесс. Газга карата баанын кɵтɵрʏлʏʏсʏ  Казакстандын жетекчилигине карата саясий талаптарды коюуга тез эле ɵтɵ чыккан бир  шылтоо болуп берди жана ɵкмɵттʏн, бир катар чиновниктердин отставкага кетʏʏсʏнɵ алып келди».

Ошону менен бирге Лев Гудков бул жакка чет ɵлкɵлʏк аскерлерди алып киргени нааразылыкты бат эле баса коерунан кʏмɵн санай тургандыгын билдирди.

«Менин эсебимде, координациянын жана программалардын жоктугу баарын жокко чыгаруучу фактор болуп калуусу керек. Бирок, адамдардагы нааразылык эч кайда качып кетпейт, эрип жок болбойт. Россия менен Беларуссиянын жана ОДКБнын башка ɵлкɵлɵрʏндɵгʏ режимдер  окуянын мына ушундай сценарийде ɵнʏгʏʏсʏнɵн ɵтɵ кооптонушат жана  курмандыктарга карабастан кандай гана болбосун бул протестти басып таштоого аракет кылышат».

Муну менен катар социолог абал андан ары коңшулаш мамлекеттерге, Россияга андан беш бетер ɵтʏшʏп кетет деп ойлобойт.

«Экономикалык кырдаал азыр  ага алып баргыдай деле оор эмес. Ошого карабастан, бул кырдаалды Россиянын жетекчилиги анын башкаруу формасына карата нааразылыктап ɵсʏп бараткан  шарттарда эске алуусу абзел» -дейт Лев Гудков.

«БУЛ РОССИЯ ЭЛДЕРИНЕ ЖАНА АНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ  ƟЛКƟЛƟРГƟ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ»

«Союз правых сил» коомдук-саясий кыймылынын жетекчиси Леонид Гозман кырдаалдын толук  бойдон кɵзɵмɵлгɵ алынышына ишенбей турат.

«Жок, мен аэропорт, ɵкмɵттʏк имараттар кɵзɵмɵлгɵ алынганына  ынанам, бирок мен каршылык кɵрсɵтʏʏ тʏп тамырынан тарта басылды дегенге ишене албайм. Булар ар дайым эки башка тʏшʏнʏк болуп келген» деп толуктайт ал.

«Аны менен бирге эле бул Россия элдерине жана анын айланасындагы ɵлкɵлɵргɵ карата жасалган кылмыш деп эсептейм»,-дейт Гозман. Анын пикиринде, Бʏгʏн Казакстан агрессиянын курмандыгына айланды.

«Бирок, узак мɵɵнɵттɵн караганда, бул ɵтɵ жаралуу саясат», -дейт ал.  “Себеп дегенде Казакстанда биз кандай «тынчтык сактоочу кʏчтɵр» экендигибизди кɵргɵндɵн кийин бизди жек кɵрɵ башташат . Эртеби-кечпи жек кɵрʏʏ чайкалып олтуруп, калкып чыгат жана биринчи курмандыктар болуп Казакстанда жашаган орустар эсептелиши мʏмкʏн»,-дейт эксперт.

   «ЛОКАЛДЫК КРИЗИС  ЭЛ АРАЛЫК КАРШЫЛАШУУГА ƟСYП КЕТYYСY МYМКYН ЭЛЕ»

Казакстанда тʏзʏлгɵн кырдаал жана аймакта АКШ, Кытай жана Россиянын кандай кызыкчылыктары бар экендигинин тегерегинде Вашингтондо Атлантикалык Кеңештин эксперттери да талкуулашты. Казакстандагы окуялар- дʏрт эткен социалдык протесттерден тартып   зордук-зомбулуктун кескин эскалацияланышына,казак калааларында исламисттердин пайда болуусу жɵнʏндɵгʏ билдирмелерге, ошондойэле  ОДКБ нын абалды мурда болуп кɵрбɵгɵндɵй тынчтандырууга багытталган оперативдʏʏ аракеттерине чейинки моменттер Вашингтон ʏчʏн бийликтегилерге да, эксперттерге да толугу менен кʏтʏʏсʏз болгонун жашырышкан жок. Азыр баарынан катуураак Казакстандын нефть-газ тармагына капитал салган инвесторлор  ɵзʏлɵрʏнʏн  салымдарын коргоп калуу чакырыгы менен кыйкыра башташты. Ошол эле маалда эксперттер бул ички формалдуу  социалдык-экономикалык кризис  иш жʏзʏндɵ Россия, Кытай жана АКШнын аймакка таасир этʏʏ ʏчʏн жасалган конфликтти катары каралат. Мында АКШнын позициясы эң начар болуп калды. «Тынчтык кʏчтɵрʏн»  тездик менен киргизʏʏ Россияга артыкчылык алып келди.

«КОШ БИЙЛИКТИН «КYНY БYТТYБY?

АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси, азыркы  жетектɵɵчʏ эксперттердин бири Уильям Кортнинин айтымында, «Токаев карьералык дипломат, эңсонун адам, бирок анын реалдуу бийлиги жок, ал кʏч органдарын жана атайын кызматтарды кɵзɵмɵлдɵй албайт. ОДКБ кʏчтɵрʏн кийирʏʏ чечими балким, Назарбаевге таандык. Ошол эле мезгилде алгачкы кʏндɵрдɵ ɵз ɵлкɵсʏндɵгʏ кʏч тʏзʏмдɵрʏнʏн лоялдуулугуна ишеним анча деле артыла бербɵɵчʏлʏк байкалгансыды. Казакстандын батышындагы укук коргоо кызматкерлеринин протестчилер тарабына ɵтʏп кетишкендиги тууралуу билдирмелер да тараган. Мындай кɵрʏнʏштɵр Беларуссиядагы тополоңдо да байкалган. Бирок, россиялыктар ок атуучу операцияларга катышпайт деп ойлоймун, биз Казакстандын тʏндʏк, демек этникалык орустар басымдуулук кылган бɵлʏгʏндɵгʏ кʏчтɵрдʏн концентрацияланышына тыкыр кɵзɵмɵлдɵшʏбʏз керек. Улутчулдар бул аймактарды  Россияга кошуп алуу чакырыгын кɵптɵн бери жасап келишет. Россиядан жардам суралгандан кийин кɵптɵгɵн казакстандыктарды маселенин ушул жагы кооптондура баштады.Азыр Россияда булл чɵлкɵмдɵ туруктуу кʏчтɵрʏн орноштуруу ʏчʏн мыкты шарт тʏзʏлдʏ».

Канткен менен, Казакстандагы кош бийликтин кʏнʏ бʏткɵнʏн кɵптɵгɵн саясат талдоочулар айтып баштаганын белгилей кетʏʏ керек. Муну  Токаев жакында  ɵткɵргɵн  жыйындын жʏрʏшʏнɵн да байкоо кыйын эмес. Ал эми Казакстандын мурдагы ɵкмɵт  башчысыАкежан Кажаелдиндин айтуусунда «Назарбаевди саясатка кайра алып келʏʏ анын ɵзʏнɵ да,элге да, азыркы бийликке да кереги жок».

ОДКБ КYЧТƟРYН КИРГИЗYY БАТЫШКА ЖАККАН ЖОК

ОДКБ контингенти Казакстанга ɵтɵ тездик менен киргизилгендигинин туура же туура эмес операция болгондугун азырынча эч ким айта албайт. Бирок, бул операция ОДКБ тʏзʏлгɵндɵн бери биринчи ирет болуп жаткандыгын белгилɵɵгɵ тийишпиз. Кыргызстандагы 2010-жылкы тополоңдо андагы  бийлик башындагы Роза Отунбаеванын ɵтʏнʏчʏнɵ карабастан, Путин ОДКБ контингентин биздин ɵлкɵгɵ киргизʏʏдɵн баш тартканы эсибизде. Саясат дегениң ушундай болорун ошондо эле андаганыбыз бар.

Ал эми Казакстанга ОДКБ кʏчтɵрʏнʏн киргизилиши бул ɵлкɵнʏн экономикасына инвестиция салууга абдан куштар болуп жаткан Батыш мамлекеттерине албетте, жаккан жок.

“Борбордук Азия регионунда Батыш ɵлкɵлɵрʏнʏн, Евробирликтин, АКШнын Казакстанга болгон кызыгуусу абдан кʏч”,-дейт Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси Ермухамет Ертыбаев. “Алар бул жакка дээрлик 376 миллиард долларлык инвестиция салышкан. Андыктан, аскерлерди киргизʏʏ аларга жакан жок. Бул тополоңду  уюштурган же уюштурууга катыштыгы бар сырткы кʏчтɵр ушулардан чыгаарында эч шек жок»-дейт ал.

Абдираим Мамытов

 

Подробнее ...
17 Янв

Yй- бʏлɵнʏн жана никенин психологиялык баалуулуктары

Автор Бекмурат Понедельник, 17 Январь 2022 04:16 Жарыяланган категория Макалалар
Yй- бʏлɵнʏн жана никенин психологиялык баалуулуктары

Yй-бʏлɵ бул – социалдык коомдун бир бɵлʏгʏ. Схематикалык тʏрдɵ коомдук мамилелердин бир тармагы катары каралат. Ушул тегиздиктен  карай  турган болсок социалдык, экономикалык,  саясий жана ʏй-бʏлɵлʏк  мамилелердин каражаты менен чечиле турган - социалдык психологиянын обьектиси. Yй-бʏлɵнʏн туруктуу болушу анын негизи болгон, ʏйлɵнɵ турган инсандардын нике тʏшʏнʏгʏн терең тʏшʏнʏп, анын коомдогу ордун так таанып, ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн фундаменталдуу мамиледе жашай алышы. Ал эми анын активдʏʏ жашашы, ʏй-бʏлɵнʏн курамына кирген  инсандардын социалдык мамилесине жараша ɵнʏгʏшʏн айтууга болот. Эгерде ʏй-бʏлɵлʏк мамиленин психологиялык табиятына маани берсек алар тɵмɵндɵгʏдɵй чечмеленет.

Yй-бʏлɵнʏн туруктуу болушу инсандардагы психикалык процесстердин иштешине жараша болот. Yй-бʏлɵнʏн бузулушуна себепчи болгон конфликт,  мамилени уюштуруудагы укук менен милдеттин  ɵз ара мамиле келишпɵɵчʏлʏгʏнɵ жараша жаралат. Аны биз никенин маданиятындагы жɵрɵлгɵлɵрʏнɵн, функциянын бɵлʏштʏрʏлʏшʏнɵн, мамиленин иерархиялык жайгашуу абалынан, ʏй-бʏлɵлʏк микро, макро саясаттарынан учуратып келе жатабыз.

Бул факторлорду анализдесек, азыркы учурдагы мамлекеттик деңгээлдеги кызмат орундар бир жактуу ɵлчɵнʏп, сапаттык жагдайдагы коомдук ɵнʏгʏʏнʏ артка тартып жаткан мезгил. Анткени билим менен тарбия берʏʏнʏн катышы бирдей болбой, тарбияга караганда билим берʏʏ алдыга кетип, тарбия ɵз баасын кɵрсɵтɵ албай жатат. “Куш уясында эмнени кɵрсɵ ошону алат” деп айтылган макалдан эле билсе болот. Ушундай психикалык абалдар: коомдук, мамлекеттик мазмундагы жетекчилик кызматтагы адистер, ʏй-бʏлɵдɵн оң тарбияны алса, ал мекенчил, адамгерчиликтʏʏ, эл- журтка ак эмгек менен кызмат кылган, коомдук менчикти кɵзʏнʏн карегиндей сактоого ынтызар болгон, ɵз билимин ата мекенине арнаган, элим-жерим деп кʏйʏп-бышкан инсандык сапатка ээ болгон адистер болушат. Бирок турмуш башка векторду кɵрсɵтʏп жатат. Азыркы айрым адистер мамлекеттин жогорку кызматына барып калса кыргыз эли, коому ʏчʏн иштебестен, алдым-жуттум, ɵзʏмчʏл, коррупционер, эгоист ж.б. коомго жагымсыз абалдарды жаратып жатышат.  Бул адамдар кайсыл, кандай ʏй-бʏлɵдɵн чыкты экен деген ой келбей койбойт. Ошондуктан ʏй-бʏлɵлʏк системаны ар тараптан изилдɵɵ азыркы кʏндʏн актуалдуу маселенин бири.  Биздин коомго керектʏʏ болгон инсандарды жаратууда,  ʏй-бʏлɵлʏк мамилени туура уюштуруп, ажырашуулардын санын азайтып, андай абалдарды жок кылуу багытындагы идеологиялык саясатты уюштуруу керек. Ал ʏчʏн ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏн никелештирʏʏгɵ багыталган никенин фунциясына, укуктук нормативине, маани-маңызына, баалуулугуна, психологиялык жагдайларына, никенин жашоодогу стратегиясына, таалим-тарбиясына терең маани бере турган билимди эл арасына калыптандырууну сунуштайбыз.

Нике – термини перс тилинен алынып, никелешип жаткан адамдардын ортосуна ɵз ара мамилени туура уюштурууга багытталган милдеттерди жаратуучу “ыйык баалуулук” жана “психикалык кʏч” экендигин билʏʏгɵ болот. Ал тɵмɵндɵгʏдɵй тʏшʏнʏктɵрдʏ берет: 1) диндик кɵз карашта: “адалдануу”, “адалдоо”, “ кудайга ак болуу” ж.б. дегенди  билдирсе;

 2) укуктук жактан караганда: ʏй-бʏлɵ кʏтʏʏ максатында тʏзʏлгɵн жубайлардын ортосундагы мʏлктʏк жана мʏлктʏк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу баш кошуусу. Ошондуктан алардын ортосундагы ɵз-ара мамиле  жалпылык мʏнɵзгɵ ээ болбой, жекелик мʏнɵзгɵ ээ болуп жаткандыктан, алар бирин – бири жакшы кɵрʏʏгɵ, жакындан ызаттык мамиледе болууга, чоң даражадагы укукка ээ болуга, кала берсе чын дилинен сʏйʏʏгɵ, бири- бирине кам кɵрʏʏгɵ  ж.б. мамилелерди аткарууга укук алышат. Ошол эле мезгилде тескери мʏнɵзгɵ ээ болгон: кызганууга, таарынууга, жемелɵɵгɵ, эскертʏʏгɵ  ж.б. иш аракеттерге да укуктуу болушат;

3) Кыргыз менталитетинде  никелешʏʏ - социалдык мамиленин туу чокусунда туруп, эң жогорку деңгээлдеги бири-бирине карата болгон ишенимдин калыптанышы. Эки жаш ʏйлɵнгɵндɵн кийин ошол ʏй-бʏлɵдɵгʏ эң ишеничтʏʏ адамы аялы жана кʏйɵɵсʏ  болот.  Анткени ɵздɵрʏнɵ таандык болгон кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏдɵ, эч кимге айтууга болбогон жашыруун сырларды, ʏй-бʏлɵлʏк каражаттарды чечʏʏдɵ, ʏй-бʏлɵнʏн курамын пландаш-тырууда (балалуу болууга), биринчи экɵɵ маакулдашып, анан керектʏʏ  адамдарга айтышат.

Никелешʏʏнʏн мыйзамы ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵ ушундай укуктарды  бергендиктен алар бул эрежелердин аткарылышын бири- биринен талап кылышат. Бирок турмушта бул эрежедеги мамилелер толук жана так аткарылбай жаткандыктан ʏй-бʏлɵлʏк жаңжалдашуу (конфликт) пайда болуп, жаштардын арасында ажырашуулар кɵбɵйʏп кеткен.  Мындай ажырашуунун байма-бай болуп турушу, бизге окшогон эми ɵнʏгʏп келе жаткан мамлекет ʏчʏн саясий жана экономикалык негизде ɵтɵ зыян. Колдон келсе ʏй-бʏлɵлʏк ажырашуунун санын кескин азайтуу керек. Ал ʏчʏн жаштарды, мектептин жогорку класстагы окуучуларынан баштап орто  жана жогорку окуу жайлардын студенттерине социалдык психологиянын мыйзам ченемдеринде тереңдетилген билим берʏʏ керек. Бул биринчиден, ажырашуунун санын азайтса, экинчиден, ʏй-бʏлɵдɵгʏ жарыкка келген баланын оң мазмундагы инсандык сапатын  калыптандырып коомдо, мамлекетте, жалпы эле элде, кала берсе ɵз ʏй-бʏлɵсʏндɵ дагы туура кɵз караштагы, чыныгы инсандар жарала баштайт.

Мындай ʏй-бʏлɵлʏк мыйзам ченемдердин аткарылышын, аял менен эркектин ɵз-ара мамилесиндеги социалдык мамилелердин уюштурулушунан карайлы. Мисалы, ʏйʏнɵ келген кʏйɵɵсʏ эшикти ачып ʏйгɵ кирсе, кʏндɵ тосуп чыгып жʏргɵн аялынын ордуна баласы же кызы тосуп чыкса, алар менен жылуу  учурашкандан кийин атасы кааласа-каалабаса да балдарынан “апаңар  каякта” деген суроо эркектер ʏчʏн кɵнʏмʏш адат. Эгерде бул окуяга психологиялык жактан анализ бере турган болсок, ал тɵмɵндɵгʏдɵй психикалык жагдайды тʏшʏндʏрɵт.

Адамдын социалдык жашоосу бир канча психикалык абалдардан турат: адаптация, агрессия, депресия, фрустрация, стресс, аффект, кɵңʏл жана эмпатия ж.б. Ушул жагдайда караганда кʏйɵɵсʏндɵ эмпатиялык  абалдар пайда болуп аялына карата болгон тынчсызданууну кɵрʏʏгɵ болот. Башкача айтканда,  жалгызсыроо, аяп кетʏʏ, боору ачуу, сагынып кетʏʏнʏн элементтери, кусалык сезимдердин болушу менен астеникалык (лат.сɵз. кыргызча тескери, жагымсыз туюу сезимдердин болушу) абалдарга учурап, тамакка, жагымдуу мамилеге  кɵңʏлʏ чаппай, ɵзʏн ʏйдʏн ичинде жалгыз калган сыяктуу сезимдер коштоп калган учур болот. Эркекти ушул абалдан чыгарып кетʏʏ аялынын колунда. Мисалдардын бири катары, бул абалды тʏшʏнгɵн аялы, ɵзʏ ʏйдɵ жок болсо дагы кʏйɵɵсʏнʏн иштен же талаадан келе тургандыгын билсе, ʏйʏндɵгʏ уулуна же кызына коңгуроо чалып, аларга “атаңар келдиби, келсе атаңдын кийимдерин шкафка илип, бут кийимин ɵз жайына коюп, ʏйдɵ кийʏʏчʏ тапичкесин берип, телевизорду коюп, башкаруу пультун колуна бер. Холодильникти ачсаң (тамактын атын айтып) аларды микроволновкага ысытып, чайды кайнатып, атаң ичип жʏрʏʏчʏ чайдан салып демдеп бер” деп бардык (сервисти) тʏшʏндʏрʏп анан столго (дасторконго) коюп берʏʏнʏ сунуштоо сыяктуу эркектин чекесин жылытып,  пайда болгон психикалык - эмоциялык субьективдʏ абалдарды бир кыйла деңгээлге тɵмɵндɵтɵт.

Ушул мисалдын тескери жагын карайлы. Мисалдардын бири катары, кʏйɵɵсʏ иштен келип ʏйдɵ отурса, аялы ʏйгɵ кечирээк келип калса, кʏйɵɵсʏ эмнеге кечиктиң деген суроого аялы теригип, “сен деле кечигип келесиң го” деген каршы сɵз менен жооп бериши, конфликттин алгачкы элементин жаратат. Ушундай элементтер чогулуп отуруп бир кʏнʏ жарылууну пайда кылуу менен ʏй-бʏлɵдɵ конфликт жаралып, ал улам ɵɵрчʏп отуруп ʏй-бʏлɵдɵгʏ ажырашууга алып келет.

Ажырашуунун кесепети балдарда психикалык кризисти жаратат. Андай балдар  коомдогу, ʏй-бʏлɵдɵгʏ, мектептеги тарбияга кош кɵңʏл карап, ɵз билгендерин жасай башташат. Натыйжада мектепти бʏтɵ элек балдардын арасында коомдук тартипти бузуп, мыйзам менен чатагы бар балдардын кɵпчʏлʏгʏ ушул балдар болуп жатышат. Ошондуктан алар ʏйʏнɵн качып,  майда уурулукка барып, ʏй - жайды бʏлʏндʏрʏʏчʏ тартип бузуучуларды, жолдун боюна турган “кɵпɵлɵк кыздарды” жаратып жатат. Мындай фактылар ɵтɵ эле кɵп. Ага карабастан биз (коомчулук) алдын алуу жумуштарын уюштуруп, коомдо туура саясаттагы ʏгʏттɵɵ, ишендирʏʏ, таалим - тарбия берʏʏ жолдору менен иш алып бара беришибиз керек. Бирок, замандын ɵнʏгʏʏ цивилизациясы бирдей болбогондуктан, ар бир мезгилдеги тарбияны  илимий теорияларга таянуу менен ɵнʏктʏрɵ бергенибиз жакшы.

Азыркы замандын талабына ылайыктуу иш алып барыш ʏчʏн орустун улуу педагогу К.Д.Ушинскийдин тарбияга берген теориясына таянуу менен иш алып барган туура. Анын теориясында “...тарбия – арабага чегилген ат болсо, окуу (билим) атка чегилген араба”. Билимди тарбия жетелеп жʏргɵнʏ абзел. Бирок азыркы капиталисттик коом андай эмес экен. Капитал деп аты айтып тургандай – мамиле жалаң акча менен чечилип, кыргыз менталитетиндеги инсандык баалуулуктар кɵмʏскɵдɵ калып, тарбиялык баалуулуктар ɵздɵрʏн кɵрсɵтɵ албай жатышат. Ал ʏчʏн тарбияны мамлекеттик, коомдук деңгээлде коргоого алганыбыз жакшы. Ошондо биз ɵнʏгʏʏ багытындагы инсанды тарбиялаган болобуз.

Нурлан Закиров, Ош шаардык социадык ɵнʏктʏрʏʏ башкармалыгынын башкы адиси, психолог

 

Подробнее ...

Спорт

Бекдɵɵлɵт Абакиров:  “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Бекдɵɵлɵт Абакиров: “Башка шаарларга салыштырмалуу Ошто спортту колдоого жакшы кɵңʏл бурулат”
Спорт – мамлекетти чет ɵлкɵгɵ таанытууда дʏйнɵгɵ белгилʏʏ саясаттын бири…

Маданият

Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
Кадыр Жарматов: “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоору жаш таланттардын ордосуна айланды”
“Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” кʏлкʏ долбоору менен бир топ жаштардын башын бириктирип,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Январь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved