• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
13 Июнь

“Биздин жаратылыш ар бир адамдын купулуна толот”

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:27 Жарыяланган категория Макалалар
“Биздин жаратылыш  ар бир  адамдын купулуна толот”

Ɵлкɵбʏздʏн табиятын айта берсе сɵз бʏтпɵйт. Таза аба, таза суу, мɵңгʏ баскан тоолор, кɵлʏ, жашыл токой, тʏшʏмдʏʏ талаалар, деги койчу дʏйнɵнʏн тɵрт бурчунун издеп келген туристтердин аягы тыйылбаганы да ошондон болсо керек. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, кээде ɵзʏбʏздʏн жер калып, чет жакты эңсеп жʏрбɵйбʏзбʏ. Мына ушул темада кеп кылганда туристтик компаниялар ички туризмдин тездик менен ɵнʏгʏп баратканын айтып кубанышууда.

Данияр Сайдуллаев, “Кеттик kg” туристтик компаниянын негиздɵɵчʏсʏ.

-Биздин ɵлкɵдɵ ички туризмди тɵмɵнкʏдɵй тʏрлɵргɵ бɵлсɵ болот:

1. Трекингдик

2. Атчан (конный)

3. Джип тур

4. Кемпинг жана башка.

Трекингдик тур деген жɵɵ басып кыдыруу. Тактап айтканда, кайсы бир А чекитинен Б чекитине чейин басып баруу дегенди тʏшʏндʏрɵт. Мисалы,  Алай жергесиндеги “Изумруд кɵлʏ” баарыбызга белгилʏʏ. Ошол жер трекингдик жай болуп саналат. Себеби, кɵлдʏн бир тарабына 5 километрге чейин басууга туура келет. Бул барганга эки саат, кайтканда кайра эки саатты талап кылат. Ал эми “джип турда” заказ кылган эс алуучуларды джип менен алып барып, айландырып келебиз.

Кемпинг. Мында атайы 2 кʏнгɵ палаткалар менен барууга болот. Быйылкы жылдын планы боюнча Абшыр-Атанын ʏстʏндɵгʏ кɵл жакта токойдун жанында жайгашкан жайык жер бар, ошол жерге да кемпинг уюштуралы деп турабыз. Мисалы, Бишкекте кемпинг аябай ɵнʏккɵн. Ал эми тʏштʏк тарапта кемпингге адамдар анча кызыга беришпейт. Кемпингди эс алуунун аябай кызыктуу тʏрʏ деп айтаар элем. Анткени, палаткаларды тигип, кечинде оттун айланасында баарлашып же ырдап отурганга эң сонун шарт тʏзʏлɵт.

Эки кʏндʏк турларды айта кетсем, Сары-Челекке, Ленин чокусуна жана башка жерлерге барган эс алуучулардын конок ʏйлɵрʏн ɵзʏбʏз алып беребиз. Ошондой эле ʏч маал тамак-аш менен камсыз болушат.

Жыл бою ишибиз токтобойт. Албетте, жайында эс алуучулардын саны кɵбɵйɵт. Мурда жумасына 4 бус чыгарсак, барган сайын кɵбɵйʏп, жумасына 10 кичи автобус чыгарууга туура келет. Андан да кɵбɵйʏп кетʏʏсʏ мʏмкʏн. Мындан сырткары кʏз-кыш мезгилинин турлары да бар. Кышында Чыйырчык, Каракол лыжа базаларына жɵнɵтɵбʏз. Караколго самолет аркылуу барышса, ал жактан туркомпаниянын кызматкерлери тосуп алышат. Караколдун ɵзʏнɵ эле эмес, Кɵк-Мойнок, Чолпон-Ата ат майданы, Ысык-Кɵлдʏн тʏштʏк жээги, Жети-Ɵгʏздʏ кыдырып келʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ бар.

“Алгач ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵнʏ айланып бʏтʏп, сыртка чыкканыбыз оң деп эсептейм”

-Карантинден кийин ички туризмдин кɵрсɵткʏчʏ жогорулады десем болот. Мурда ɵзʏм деле ички туризм боюнча кɵп билчʏ эмесмин. Кыргызстандын ичиндеги кооз табиятты билгенге чейин мен Швейцария, Исландия сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ барууну кыялданчумун. Бул компания менен иштеп баштагандан кийин ɵзʏбʏздʏн жаратылыш Швейцариядан ашса ашат, кем калбашына ишендим. Алгач ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵнʏ айланып бʏтʏп, сыртка чыкканыбыз оң деп эсептейм. Ошентип, карантин себеп болгонунан дейбизби же туристик компаниялардын кɵп ачыла баштаганданбы, айтор ички туризм тездик менен ɵнʏгʏп баратат.  Негизгиси жарандарыбыз ɵлкɵнʏн кооз жерлери кɵп экенин биле башташты.

“Ɵлкɵнʏн мыкты жайларын кɵрсɵтʏп калууга мʏмкʏн”

-Учурдагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Россия тараптан суроо-талап кʏчɵдʏ. ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын март айынан баштап орусиялыктар Ошко ɵтɵ кɵп келе баштаган. Ошого жараша туристтердин саны арбыды. Айрымдары биз менен турга сегизинчи ирет чыгып жатышат. Алар кɵп мамлекетте болушуптур, бирок Кыргызстанды ɵзгɵчɵ жактырып калышты. Айта кетʏʏчʏ нерсе, Ысык-Кɵлдɵгʏ пансионаттар да март-апрель айында эле Орусия, Казакстан, Ɵзбекстан тарабынан ээленип калды деген маалыматтар да болду. Демек, быйыл кɵлдɵ туристтер жылдагыдан кɵп болору кʏтʏлʏʏдɵ. Бул бир чети жакшы кɵрʏнʏш. Ɵлкɵнʏн эң жакшы жактарын кɵрсɵтʏп, таанытып калууга жакшы мʏмкʏнчʏлʏк болот.

Даярдыктан ɵткɵн гиддер

-Мисалы, бир кʏндʏк турларга алдын ала бир ай мурун пландап, даярданыштын кереги жок. 700-800 сом тɵлɵп бара турган болушса, туристтик компаниябыз бардык шартты тʏзʏп берет. Гиддер атайы даярдыктан ɵткɵн. Ар биринин аптечкасы бар, кокустук болсо биринчи медициналык жардам кɵрсɵтʏшɵт. Ошондой эле башка кырдаалдарда моралдык-психологиялык жардам кɵрсɵтɵ алышат.

“Туркомпания менен баруу чɵнтɵккɵ да пайдалуу”

-Жалал-Абаддын биз билген Арстанбап токоюнан, Сары-Челек кɵлʏнɵн башка кооз жерлери бар. Эгер тур компаниясыз ɵзʏңʏз бара турган болсоңуз 10 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Ал эми туркомпаниялар менен барсаңыз ошол эле жаңгак токойду, шаркыратманы, жети кɵлдʏ айланып келʏʏ 5 миң сомду тʏзɵт, тамак-ашы, жатаканасы ичинде.

Руслан Камалов, “КУТ” турагенттигинин Кыргызстандагы ички туризм боюнча менеджери.

-Ички туризмди ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн кандай идеяларды сунуштайт элеңиздер? Мамлекет тарабынан же жергиликтʏʏ бийлик тарабынан кандай шарттар тʏзʏлсɵ жакшы болот?

-Туризм тармагы ɵлкɵбʏздɵгʏ негизги темалардын бири десек жаңылбайбыз. Кыргызстандын жаратылышы кɵркɵм, кооз болгондуктан сырттан келген ар бир  туристтин купулуна толот. Ал эми ички туризмди ɵнʏктʏрʏʏдɵ мамлекет тараптан жана жергиликтʏʏ бийлик тарабынан эч кандай деле тоскоолдук жок. Акыркы учурда ички  туризмди колдоо болуп жатканын байкасак болот, бирок, баары жакшы деп айтуу кыйын. Элибизде “эшигин кɵрʏп тʏрʏнɵ ɵт” деп таамай сɵз айтылып калган, анын сыңарындай, ɵлкɵбʏзгɵ келе жаткан туристтерди, дегеле баарын чек ара ɵтмɵгʏндɵ жылуу кабыл алуубуз керек. Мамлекет ушул жагынан жардам берсе жакшы болот. Себеби азыркы учурда чектешип турган коңшу ɵлкɵлɵрдɵгʏ чек ара ɵтмɵктɵрʏбʏздʏн абалы начар, тейлɵɵ да жакшы эмес, кирип келе жаткан туристтерди нааразы кылат.

-Сезондук турларды уюштурууну кандай колго аласыздар?

-Сезондук турларды уюштуруу боюнча азыр ɵзʏбʏздʏн курам менен ɵлкɵбʏздʏн ички туризм боюнча картасын тʏзʏп, эң негизги болгон тейлɵɵнʏн сапатын жакшыртуу боюнча иштеп жатабыз! Буюрса, жакынкы аралыкта турларыбыз башталат.

-Эс алуучуларга кандай шарттар тʏзʏлгɵн?

-Биздин компанияда эс алуучуларыбызга белгилʏʏ болгондой, 10-15 жылдан бери чет ɵлкɵгɵ эс алууга жɵнɵтʏʏ басымдуу болуп келген. Ата-мекенибизди ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошуу максатында, атуул катары ɵз ɵлкɵбʏздɵ да турларды уюштуруп жатабыз. Эс алуулар 1 кʏндɵн тартып 1 жумага чейин созулат. Автоунаалардын тʏрлɵрʏ, 4 орундуу жеңил унаалар, 6-8 орундуу минивендер жана автобустар бар. Коопсуздук жактарына, автоунааларыбыз техникалык коопсуздуктан ɵткɵн, айдоочулар да кɵп жылдык тажрыйбасы бар! Бардык эс алуучуларыбызга эшигибиз ачык жана ар бериңиздерге "КУТ" турагенттигинен жагымдуу эс алуу каалайбыз!

Айжылдыз Тойчиева

Подробнее ...
13 Июнь

Бухгалтер: “Биздин кесипти баалагандар аз, бирок муктаждар кɵп”

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:25 Жарыяланган категория Макалалар
Бухгалтер:  “Биздин кесипти баалагандар аз, бирок муктаждар кɵп”

Ɵлкɵдɵ 7-июнь финансы кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, бир катар бухгалтер, финансисттер сыйлыктарга ээ болушту. Сɵзгɵ сараң, бирок эсепке так болгон бухгалтерлер менен баарлашуу чынында оор. Берген узак суроого кыска-нуска жооп берип, жумушу тууралуу аз гана маалымат беришкен кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап кайттык. Каармандарыбыздын арасында 40 жылдан ашык иштеген ардактуу эсепчилер да бар. “Биз сʏйлɵгɵндʏ эмес, эсептегенди гана билебиз да” деген каармандар кесиби тууралуу тɵмɵнкʏлɵрдʏ айтып беришти.

Бухгалтер ким? 

Эсеп-кысап адамзат ɵрчʏп-ɵнʏгʏшʏ менен бирге мындан миңдеген жыл мурун пайда болгон. Анын алгачкы кадамы тарых ʏчʏн эбегейсиз таасирин тийгизди. Жашоо-тиричилигинин керектɵɵлɵрʏн эсеп-кысаптын ɵнʏгʏшʏнɵ алып келип, анын таасиринен ɵз кезегинде адамзаттын цивилизациясынын бɵлʏнгʏс бɵлʏктɵрʏ болгон жазуу жана математика илимдеринин ɵсʏшʏнɵ тʏрткʏ болгону баарыбызга белгилʏʏ. Бухгалтердик эсеп-кысаптын кош жазуу маанисиндеги негизде калыптануусу XV кылымдын аягына туура келет. Мындай кош жазуу ыкмасы бирден бир негиз болуп саналып, ушул убакытта да колдонулууда. Ошондон бери эле: аласа, бересе, баланс (теңдʏʏлʏк), калькуляция, кредит жана башка кɵп термин менен туюнтмалар кʏчʏн жогото элек.

Ишканаларда, мекемелерде бухгалтердик эсепти бухгалтер деген белгилʏʏ укуктары жана милдеттери бар кызматчы жʏргʏзɵт, ал эсеп-кысап иштеринин конкреттʏʏ участогун аткарат жана белгилʏʏ чарбалык операцияларга текшерʏʏ жʏргʏзɵт. Аткарган милдетине жана ээлеген кызматына жараша бухгалтер же башкы бухгалтер болушу мʏмкʏн. Ар бир ишкана ɵзʏ юридикалык тарап болуп саналат. Юридикалык тараптын атынан материалдык (ресурстарды) байлыктарды колдонууда ишкана жетекчилиги бɵлʏштʏрʏлгɵн материалдык жоопкерчиликти алып жʏрɵт.

Бухгалтердик эсеп - чарбалык эсептин бир тʏрʏ. Ал ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана анын башкармаларынын чарбалык ишинин кɵрсɵткʏчтɵрʏн тактайт. Бардыкчарбалыкоперациялардокументтердиннегизиндетолтурулуп, каттоогоалынат. Мунун ɵзʏ бухгалтердикэсептинкɵзɵмɵлдɵɵ маанисинжогорулатып, анындалилдегичкʏчʏнарттыратжанамаалыматтарынынтууралыгынкамсызкылат. Бухгалтердикэсептинкɵрсɵткʏчтɵрʏ товардык-материалдыкмʏлктʏнбаалуулугу, акчакаражаттары, эсеп-кысаптаржанабашкаларинвентаризациялооаркылуумезгил-мезгилименентакталыптурат.

ЗийнегʏлТɵрɵшева, ДЭП-21 ишканасынынбашкыбухгалтери:

“30 сом айлык алып иштеген кʏндɵр да болгон”

-Бухгалтердик кесипти аркалап, ушунун артынан нан таап, ʏй-бʏлɵ багып келе жатканыма 40 жылдай убакыт болуп калды. Биз башкача тарбияда ɵсʏп калдык. Ата-энелерибиз бизди “дарак бир жерден кɵгɵрɵт” деген нерсе менен чоңойтушту. Ошол ʏчʏнбʏ, кырк жылдык иш тажрыйбамда 4 гана ишканада иштедим. Азыркы жаштардай болуп “айлыгы аз экен, иштебейм” деп кетип калуу оюбузга да келчʏ эмес. Башка бɵлʏмдɵргɵ которолу дешсе жылгыбыз келбей “жонубуз тырышчу”. 30 сом айлык алып иштеген кʏндɵр да болгон. Кесибимди сʏйгɵнʏм ʏчʏн  ушунча жыл жадабай иштесем керек. Жумушумдун оордугу деле байкалчу эмес. Учурда пенсияга чыккам, бирок дагы эле иштеп жʏрɵм (кʏлʏп). Бухгалтер кайсы жерде иштебесин, кандай жерге барбасын ошол жердин финансы жагын так алып жʏрʏʏсʏ керек. Мыйзамсыз жумуштарга жол бербей, мамлекеттин акчасын кɵздʏн карегиндей сактоосу зарыл. Мактанбайын, 40 жыл ичинде бухгалтердик ишимде бирɵɵдɵн жаман сɵз укпадым. Жумушумда катачылык кетип “азабын” тартпадым. Ар бир адам ɵзʏнʏн кесибин, жумушун сʏйʏп иштесе мындан ɵткɵн жетишкендик жок деп ойлойм. Убактыңды ɵзʏң баалабаган, сʏйбɵгɵн жумушка коротуудан ɵткɵн жаман нерсе жок. Убагы келип баскан жолуңду карап, адам ɵзʏнɵ-ɵзʏ ыраазы болгудай болушу ʏчʏн эң биринчи кезекте кесипти туура тандоо маанилʏʏ. Кыргызда бекеринен “ɵмʏрлʏк жолдошуң менен кесипти туура танда” деп айткан эмес. Ушул экɵɵ менен ɵмʏрʏңдʏн акырына чейин ыраазы болуп жашаш ʏчʏн тандообуз туура болуш шарт деп билем.

“Аялдар ʏчʏн эң ыңгайлуу кесип дегем...”

-1982-жылы Жалал-Абаддагы эки жылдык техникумду аяктап, Ошко келип Ош технологиялык университетиндеги бухгалтердик эсеп жана аудит факультетин сырттан окудум. Биздин айылда бухгалтер аялдар бар эле. Чыкыйып кийинип алып жумушуна бара жатканын кɵрʏп кичинекейимден бухгалтер болом деп чоңойдум. Кийин ата-энем да бул максатымды четке какпай окутушту, кесип ээси кылышты. Аялдар ʏчʏн эң ыңгайлуу кесип дегем. Себеби, бир орунда жылбай кеңседе отуруп иштɵɵ мага ыңгайлуудай кɵрʏнгɵн. Мен окууну аяктаганга чейин эле бухгалтердин жардамчысы болуп иштеп баштагам. Бара-бара кесипке болгон кызыгуум артты. Турмушка чыгып, Ошко келгенимден кийин сырттан окуп, жумушумду уланттым. Азыр мурункуга салыштырмалуу жумуштарыбыз жеңилдеди. Барган сайын техника ɵнʏгʏп жатат. Салык, социалдык фонддорго тынбай каттоо деген азыр жок. Бардыгы электрондук форматта жʏргʏзʏлʏп калды. Бухгалтерлерге болгон текшерʏʏлɵр аябай кɵп болот. Мындан сырткары, жетекчилер тынбай алмашып турат. Азыр 17-жетекчи менен иштешип жатам. Ар бир адамдын кыялы, мʏнɵзʏ ар башка. Алардын баары менен тил табышып иштɵɵ жеңил эмес. Кээде ɵзʏңдʏн таламыңды талашасың, тартышасың дегендей. Жумушубуздун оорчулугу ушунда болсо керек. Жетекчи алмашкан сайын баарын башынан баштоого туура келет. Жылына бир жолу кесиптик майрамыбызды белгилеп, эмгегибиз бааланып калат.

Кадичахан Акимова, Ош облустар аралык стоматологиялык борборунун башкы бухгалтери:

“Атамдан ʏлгʏ алган кесип...”

-Бул кесипти тандап калышыма атам себепчи болгон. Себеби, атам ɵмʏр бою финансы тармагында иштеген киши эле. Качан кɵрбɵйʏн эсеп менен иштеп жʏрчʏ. Мен мектепти бʏткɵн жылдары атамдын жумуштарына жардам берип жʏрдʏм. Кээ бир эсептерин чыгарып берип, отчётторун чыгарышып турчумун. Бухгалтерликке болгон кызыгуум ошондон башталган. 1979-жылы орто мектепти аяктап, 80-жылы бухгалтердик эсеп боюнча эки жылдык техникумду аяктадым. Андан кийин 1999-жылы ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине тапшырып, аны 2003-жылы аяктадым. Эмгек жолум 1979-жылдардан эле башталган. Мектепти аяктаган жылы окууга тапшырып ɵтпɵй калып, бир жыл бухгалтердин жардамчысы болуп иштедим. Кийинки жылы окууга ɵтʏп, аны аяктап келгенден кийин кайра эле ошол жерге экономист болуп жумушка орноштум. 1987-жылга чейин иштегенимден кийин декреттик ɵргʏʏдɵ отуруп калдым. ʏч балалуу болуп, аларды чоңойтуп коюп 1999-жылы азыркы иштеп жаткан Ош облустар аралык стоматологиялык борборуна жумушка келдим. Алгач кассир болуп орношком. Бир жыл иштегенден кийин эсепчи бухгалтер болдум. 2000-жылдан бери башкы бухгалтер болуп иштеп келе жатам.

“Техника ɵнʏккɵн сайын жумушубуз жеңилдɵɵдɵ”

-Алгач мен бул тармакта иштеп баштаган жылдары жумуш бир кыйла татаал, кыйын болчу. 80-жылдары бухгалтердик эсеп бир гана математикалык эсеп аркылуу жʏргʏзʏлɵт эле. Кийинчерээк калькулятор пайда болду. Анда бир аз жумушубуз жеңилдеген. Кийин компьютер пайда болду. Андагы программалар да убакыт ɵткɵн сайын ɵзгɵрʏп, жумуштарыбыз бир топ эле жеңилдеген. Эсепти так компьютерге тʏшʏрʏп койсок эле, керектʏʏ программа ɵзʏ эсептеп чыгарып берип коёт. Болгону, тактык керек  болот. Бара-бара адам фактору жоюлат, программисттер ɵздɵрʏ эле бухгалтердик эсепти жʏргʏзʏп калышат дегенге кошула албайм. Анткени, бул ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ атайын билим талап кылынат. Бухгалтердик эсеп  деген бар. Аны так эсептеп киргизбесе компьютер каалагандай эсептеп чыгарып коё берет. Ошондуктан бухгалтер болуу ʏчʏн компьютердик билимдин ɵзʏ жетишсиз. Болгону заман талабы эки жакты бирдей алып кетʏʏнʏ талап кылууда.

Бактыгʏл Калдарбай кызы

 

Подробнее ...
13 Июнь

СТЕП-АЭРОБИКА – арыктоо ʏчʏн мыкты мʏмкʏнчʏлʏк

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:24 Жарыяланган категория Макалалар
СТЕП-АЭРОБИКА – арыктоо ʏчʏн мыкты мʏмкʏнчʏлʏк

Эгер сиз арыктоо, булчуңдарды чыңдоо жана стресс менен кʏрɵшʏʏнʏн эффективдʏʏ жолун издеп жатсаңыз, анда степ-аэробикага кɵбʏрɵɵк кɵңʏл буруңуз. Кадам аракеттерин колдонуу менен жасалган кɵнʏгʏʏлɵр 1989-жылдан баштап колдонула баштаган. Муну адистер аз убакыттын ичинде арыктоого мыкты мʏмкʏнчʏлʏк деп атаган. Кадимки эле музыканын коштоосунда атайын кɵнʏгʏʏлɵрдʏ бий менен жасайсыз. Мында кыймыл аракет кɵп болот. Мындан улам степ-аэробика кош бойлуу аялдар ʏчʏн сунушталган эмес. Спорттун бул тʏрʏ кимдер ʏчʏн ылайыктуу жана машыгуудан кандай натыйжаларды кʏтʏʏгɵ болот, тɵмɵндɵ айтып беребиз.

Степ-аэробика деген эмне?

Степ-аэробика – машыгуу ʏчʏн атайын аянтчалар колдонулган аэробиканын бир тʏрʏ. Степ-аэробика  бул – жʏрɵктʏн согуусун жана дем алууну жакшыртуучу, булчуңдарды чыңдоо ʏчʏн ар кандай жолдор менен жогору чыгып, оңго, солго бурулуп кайра ылдый тʏшʏп турган кардио машыгуу болуп саналат. Спорттун бул тʏрʏ 1980-жылдардын аягында спортчу Жина Миллер тарабынан калкты стенд менен кардио кɵнʏгʏʏлɵр аркылуу тааныштырганда ɵзʏнчɵ спортко айланган. Машыгуу процессинде адам бийиктикке бир кадам менен чыгып, кайра тʏшʏʏ аркылуу кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасайт. Ошол эле учурда кээ бир кɵнʏгʏʏлɵрдɵ дене салмагы бутка которулса, кээ биринде салмак денеге тʏшɵт.

Эгер ден соолугуңуз чың жана идеалдуу дене тʏзʏлʏшкɵ ээ болгуңуз келсе, анда кардио кɵнʏгʏʏлɵрʏн ʏзгʏлтʏксʏз жасап туруңуз. Бул жакшы фигурага ээ болуунун, жʏрɵк булчуңун машыктыруунун жана чыдамдуулукту арттыруунун мыкты жолу. Бир саат бою жʏрɵгʏңʏздʏн кагышын сактоого жана калорияларды кʏйгʏзʏʏгɵ жардам берген аэробдук машыгуунун ар кандай тʏрлɵрʏ бар, бирок эң кɵп изделген кардио машыгуулар багыттарынын бири степ-аэробика болуп саналат.

Степ аэробика жаралгандан бери кɵп тармакка ɵзгɵргɵн. Ар бир машыктыруучу тажрыйбасына карап  ɵзʏнʏн ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн киргизет. Бирок бул спорттун кыймыл аракети, маңызы ɵзгɵрʏʏсʏз калган - белгилʏʏ бир бийиктиктеги стендге кадам таштоо. Стенд канчалык бийик болсо, буттун булчуңдарына ошончолук жʏк кɵп тʏшɵт. Степ аэробика - арыктоо, буттун жана жамбаштын булчуңдарын иштетʏʏ ʏчʏн идеалдуу адистештирилген машыгуу. Комплекстин бардык кɵнʏгʏʏлɵрʏ денедеги майдын максималдуу жок болуусуна ɵбɵлгɵ тʏзгɵн кичинекей дɵбɵчɵдɵ (стендде) жʏргʏзʏлɵт. Машыгуу ʏзгʏлтʏксʏз жана эс алуусуз ритмикалык музыка менен жʏргʏзʏлɵт. Дɵбɵчɵнʏн бийиктигин ɵзгɵртʏʏ менен бут булчуңдарына кʏч азаят же кɵбɵйɵт.

Степ-аэробиканын кандай тʏрлɵрʏ бар?

Степ-аэробика кɵнʏгʏʏлɵрдʏн татаалдыгына жараша бир нече тʏргɵ бɵлʏнɵт. Азыркы учурда бизге белгилʏʏ болгон машыгуунун негизги тɵрт тʏрʏ бар:

• Step-basics. Жаңы баштагандар ʏчʏн иштелип чыккан  эң жɵнɵкɵй кыймылдардан турат. Мында машыгуунун мɵнɵɵтʏ стандартка караганда азыраак болот. Жɵпжɵнɵкɵй кɵнʏгʏʏлɵр колдонулат. Себеби, денени алгач жʏрɵктʏн нормалдуу согуусуна, булчуңдарга тʏшкɵн жʏккɵ денени алдын-ала даярдоо зарыл. Ошол ʏчʏн степ-аэробиканын бул тʏрʏндɵ секирʏʏ колдонулбайт.

• Step 1. Ал эми степ-аэробиканын бул тʏрʏ - биринчи машыгууну аяктагандар ʏчʏн деп каралган. Мында орто кыйынчылыктагы кадамдарды жана секирʏʏлɵрдʏн минималдуу санын камтыйт. Узактыгы жана  машыгуу кɵбɵйɵт. Ага жараша денеге, бутка тʏшкɵн жʏк да жогорулайт.

• Step 2. Бул деңгээл степ-аэробика менен бир жылдан ашык убакыттан бери ʏзгʏлтʏксʏз алектенгендер ʏчʏн иштелип чыккан. Мында машыгуулар татаал комбинацияларды анын ичинде кɵптɵгɵн секирʏʏлɵрдʏ камтыйт. Эскерте кетʏʏчʏ нерсе, жогорудагы тʏрлɵрʏн басып ɵтпɵгɵн адамдар ʏчʏн бул машыгууну баштоо мʏмкʏн эмес. Себеби, даярдыксыз мындай жʏк менен машыгуу оор.

• Step-interval. Мында денеге тʏшкɵн жʏк бир кыйла оорлошот. Спорт менен тынымсыз машыгып жʏргɵндɵр ʏчʏн бул машыгуу кɵйгɵй жаратпашы мʏмкʏн. Бирок, жаңы баштоочулар ʏчʏн сунушталбайт. Себеби, мында кɵнʏгʏʏлɵрʏ кɵп жасалып, бийигирээк болгон стендге секирʏʏ менен коштолот.  Муну гибриддик сабак деп аташат.

Бир жолку машыгуунун стандарттык убактысы 40-45 мʏнɵттɵн турат.

Оң жана терс жактары

Бул спорт эң биринчи кезекте аз убакыттын ичинде тез арыктоого кепилдик берет. Айрыкча дененин ылдыйкы бɵлʏгʏндɵ, сан жана жамбашта. Машыгуу кан айланууну жакшыртат, чыдамкайлыкты жогорулатат, остеопороз менен артриттин алдын алат.

Степ-аэробикасынын негизги артыкчылыктары тɵмɵнкʏлɵр:

• Калорияны тез кʏйгʏзɵт;

• Дене ʏчʏн норма деп саналган салмакты сактоого жардам берет;

• Кыймыл-аракетти жакшыртат;

• Буттун жана жамбаштын булчуңдарын чыңалтат, иштɵɵсʏн активдештирет;

• жʏрɵктʏ бекемдейт, согуусун нормалдаштырат;

• ɵпкɵнʏн иштешин жакшыртат.

Машыгуу учурунда сиз  бир саат ичинде 300дɵн 600 калорияга чейин жок кыла аласыз. Бул ашыкча килограммдан арылууга жана гармонияга жетишʏʏгɵ мыкты мʏмкʏндʏк берет. Мындан тышкары, кант диабети, инсульт, муундардын оорушу жана зат алмашуунун бузулуу коркунучу азаят.

Степ-аэробикада жасалуучу кɵнʏгʏʏлɵр муундар ʏчʏн коопсуз. Анткени денеге тʏшʏʏчʏ жʏк бирдей бɵлʏштʏрʏлɵт. Тизеге эмес, булчуңга туура келет. Муундардын жана омурткалардын бекемделишине, дене тʏзʏлʏшʏнʏн оңдолушуна ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Машыгуу кан басымын нормалдаштырат, иммунитетти чыңдайт, депрессиянын жана уйкусуздуктун алдын алат.

Бирок, бул спорттун бир нече терс жактары бар. Кɵнʏгʏʏлɵрдʏ ɵздɵштʏрʏʏ ʏчʏн убакыт талап кылынат, андыктан алгачкы сабактар баш аламан болуп кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Кɵнʏгʏʏ учурундагы кадамдар туура аткарылышы маанилʏʏ. Кадамдар туура эмес жасалган учурда тарамыштар травма  алып калуу ыктымалдуулугу бар. 

Машыгуу кандай жʏргʏзʏлɵт?

Машыгууну баштоо ʏчʏн сизге алгач спорттук форма керек. Кыймыл-аракетти кыспаган, ыңгайлуу кийим болушу шарт. Мындан сырткары, бут кийимдин ыңгайлуу болушу шарт. Бирок ага коюлган атайын талаптар жок. Машыгуу ʏчʏн атайын спорт зал керектелет. Ал эми ʏй шартында машыгуу ʏчʏн атайын жабдууларды сатып алууга туура келет.

Машыгууга барардан мурун ритмге тезирээк кирип, машыгууну  бат ɵздɵштʏрʏʏ ʏчʏн негизги кɵнʏгʏʏлɵр менен таанышуу пайдалуу. Степ аэробиканын негизги кɵнʏгʏʏлɵрʏнʏн катарына тɵмɵнкʏлɵр кирет:

1. Кɵп тармактуу секирʏʏ. Ал ʏчʏн бир бутуңуз менен тепкичте, экинчи бутуңуз полдо турушу керек. Андан кийин салмакты эки бутка бирдей бɵлʏштʏрʏп отуруңуз. Кɵнʏгʏʏнʏн экинчи тарабында ошол эле ыкма менен секиресиз. Муну 15-20 жолу кайталаңыз. Мындай кɵнʏгʏʏ буттун булчуңдарын чыңдап, чыдамдуулукту арттырат.

2. Отуруп-туруудан чыгып кетʏʏ. Тепкичтин алдында туруп-отуруп, колуңуз менен тепкичке сʏйɵнʏшʏңʏз керек. Андан кийин тик абалына туруп, белиңизди тегиздеп, баштапкы кɵнʏгʏʏнʏ кайталайсыз. Муну бир учурда 20 жолу кайталап арка, бут жана кол булчуңдарын чыңдайсыз.

3. Кɵп деңгээлдʏʏ тʏртʏʏ. Колуңузду тепкичке таянып жатасыз да тең салмактуулукту сактайсыз. Андан кийин бир колуңузду жерге тʏшʏрʏп, отжимания жасайсыз. Кайра экинчи колуңузду полго тʏшʏрʏп отжимания жасаңыз. Мында кɵкʏрɵк, кол жана ичтин булчуңдары иштейт. Кɵнʏгʏʏнʏ 10-12 жолу кайталайсыз.

Албетте, бир сааттык сабакта степ-аэробикага караганда кɵбʏрɵɵк калория сарптоого жардам бере турган энергияны сарптоочу машыгуулар бар. Бирок алар степ-аэробикага караганда кɵбʏрɵɵк кʏч  жана травма алып келиши мʏмкʏн экендигин тʏшʏнʏʏ керек. Мындан тышкары, степ-аэробика дененин тɵмɵнкʏ бɵлʏгʏнɵ кɵбʏрɵɵк басым жасоочу кɵнʏгʏʏлдɵрдʏ ɵзʏнɵ камтыйт.

Подробнее ...
13 Июнь

Тынысхан, Элен: “Ыр аркылуу Кыргызстандын табиятын кɵргɵзгүбүз келет”

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:22 Жарыяланган категория Маданият
Тынысхан, Элен: “Ыр аркылуу Кыргызстандын  табиятын кɵргɵзгүбүз келет”

Музыка – сезим менен жан дʏйнɵнʏн ортосундагы кɵпʏрɵ дешет. Чынында ал сезимдин ар кандай кырдаалына таасир эте алат. Айталык, кайгыга батып, жан-дʏйнɵ тынчыбай жаткан учурда жай музыкаларды каалайт экенсиң. Же тескерисинче, кубанычың койнуңа батпай, бактылуу болуп турганда кɵңʏлгɵ шаңдуу музыка тɵп келип, алтургай кыңылдап ырдап да жибересиң. Жɵнɵкɵй учурда деле музыка угуу кандай гана ырахат тартуулайт. Ошондуктан музыка – бул эң кʏчтʏʏ магия деп бекеринен айтылбаса керек. Ал эми аны аткара билʏʏ ʏчʏн  да ɵзʏнчɵ чеберчилик керек. Мына ушундай чыгармачылыкка шыктуу жаштарыбыз арбын экени кубандырат. Алардын катарында Тынысхан менен Элен да бар. Ɵзгɵчɵ ʏн жана кавер аткаруу чеберчилиги менен кыргыз ырларына экинчи ɵмʏр тартуулап, маданиятка салым кошуп келе жаткан жаш жубайлар менен чыгармачылык айдыңында маектештик.

-Жакында коңшу Ɵзбекстанда ɵткɵн форумга катышып келипсиздер? Кандай жаңылыктар менен кайттыңыздар?

Тынысхан:

-Ɵзбекстанда тʏрк тилдʏʏ элдердин “Жаш лидерлери” деп аталган форум болду. Форумга ар тармакта эмгектенген жаштар катышты. Элен экɵɵбʏз маданият тармагынан бардык. Буга чейин да эл аралык деңгээлдеги проекттерибиз бар болчу, ошолор тууралуу сʏйлɵшкɵнгɵ, чыгармачылыктагы таанышууларга, достошууга жакшы мʏмкʏнчʏлʏк болду. Маданият, маалымат жана спорт министрлигине, ошондой эле министрдин орун басары Союзбек Надырбековго терең ыраазычылык билдирем. Бул форум биз ʏчʏн, дегеле жаштар ʏчʏн сонун мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏздʏ.

-Ар бир ырдын башталышында  “RHYMEAALY” деген сɵздʏ окуп жʏрɵбʏз, бул аталыштын тарыхына кыскача токтоло кетсеңиздер?

Тынысхан:

-“Раймаалы” деген командабыздын аты. Маркум Акжолтой Канатбек уулунун каймана аты болчу. Кезинде ал абдан мазмундуу, терең мааниси бар, сɵздɵрʏ айкалышкан мыкты ырларды жазган. Досубуз каза болгондон кийин анын ырлары жɵн эле калып калбай, ооздон-оозго ɵтʏп, элге жетсин деген максатта Раймаалынын атын да, ырларын да алып жʏрʏʏнʏ туура кɵрдʏк. Буюрса, мындан ары да “Раймаалыдан” жаңы жʏздɵр, жаңы таланттар чыга бермекчи.

-Дээрлик бардык ырларды ɵзʏбʏздʏн жаратылышта аткарып келесиздер, муну менен эмнени чагылдыргыңар келет жана бул кимдин идеясы?

Элен:

-Бул кавер проект “nomadmusic” кыргызча “кɵчмɵн музыка” деп аталат. Идея ɵзʏбʏзгɵ таандык. Жаратылышты ɵзгɵчɵ жакшы кɵрɵбʏз, улам жаңы жерлерге барган сайын таң калып отуруп акыры ыр аркылуу Кыргызстандын Швейцариядан кем калбаган табиятын кɵргɵзʏп, ырдагыбыз келди. Негизи, ар бир адам белгилʏʏ бир максат менен жашагандай, биз да элибизге-жерибизге колдон келишинче салым кошуп, пайда келтирсек дейбиз.

- Чыгармачылыктан сырткары алектенген негизги жумушуңуздар кайсы?

Тынысхан:

-Кесибим боюнча тоо-кен тармагындагы инженер. Бирок, адистигим боюнча иштеген жокмун. Чыгармачылыкка кызыккандыктан “Тунгуч” театрында Жамал Сейдакматовадан актёрдук чеберчилик боюнча окугам. Андан сырткары Кыргыз циркинде Кадырбек Тажиев агайдын колунда билим алдым.

Элен:

-Менин экономикалык билим бар. Тагыраагы, адистигим экономист. Чыгармачылык деген ушундай экен, башка нерсеге убакыт табуу кыйыныраак. Себеби, ар бир каверди жасоодо, анын маңызын чыгаруу, клибин тартуу ʏчʏн ылайыктуу жерди издеп табуу оңой эмес. Баары тартылып келип монтаждоо, даярдоо иши да бир топ оор процесс. Камералар ɵзʏбʏздʏкʏ болбогон ʏчʏн алардын да бош убактысына кароого туура келет. Мына ушулардын баарын ɵзʏбʏз жасаган ʏчʏн башка иштерге убакыт деле болбойт.

-Таланттуу тʏгɵйлɵр кантип таанышты эле?

Элен:

 -Бири-бирибизди издеген деле эмеспиз (кʏлʏп). Ресторандарда чогуу иштечʏбʏз. Экɵɵбʏз акылдашып-кеңешип кел, муну жасайлы, тигини жасайлы деп жʏрʏп, ортобузда ишенимдʏʏ мамиле тʏзʏлгɵн.

-Дуэт ырдап чыгуу сунушун алгач ким айткан? Биринчи дуэт кандай аталышта чыкты эле?

Тынысхан:

-Алгачкы дуэт “Ɵп мени” деп аталат. Сɵзʏн Акжолтой Канатбек уулу жазган, обону мага таандык. Ресторандарда ырдап жʏргɵн жылдары эле кел, дуэт жасап кɵрɵлʏ деп ырдай баштадык. Жыйынтык ойдогудай болду. угармандардын тарта алды десем жаңылбайм. Ошентип андан ары чогуу иштей баштадак.

-Ырларды кандай ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ карап тандайсыздар?

Элен:

-Башкысы сɵздɵрʏ маанилʏʏ жазылган, анан обону уккулуктуу ырларды карап тандайбыз.

-Ырларды аткаруу чеберчилигинде кимдерден ʏлгʏ аласыздар?

Элен:

-Аткаруу чеберчилигинде эгер кавер болсо, ошол ырдын аткаруучусун угабыз. Анан сɵздʏн маанисине жараша ырдаганга аракет кылабыз.

Айтылуу кыргыздын эле Муса Баетов сындуу ырчы аталарыбызды тыңдап, талдайбыз, ʏлгʏ алабыз дегендей...

-Кайсы бир чыгарманы аткарып чыкканда автордун ɵзʏнɵн же биринчи аткарып чыккан аткаруучулардан сын-пикирлер кɵп айтылабы же мактоолорбу?

Тынысхан:

-Кавер ырдоодо автордон же биринчи аткаруучудан сын-пикир уга элекпиз. Жолугуп калганда авторлордон жана аткаруучулардан “жакшы ырдаптырсыңар, мыкты болуптур” деген сɵздɵрдʏ угуп келе жатабыз.

-Сиздерге мындай шык-жɵндɵм кимдерден ɵткɵн?

Тынысхан:

-Атам кɵптɵгɵн инструментте кол ойнотуп, обон чыгарып, ырдаган таланттуу инсан. Апам ыр жазат, ырдай да алат. Агам да ырга шыктуу. Ал эми иним “тромбон” деген музыкалык аспапта ойнойт, андан сырткары бильярд боюнча спорт чебери. Кичинебизде атам менен апам комуз чертип, чогуу ырдашканда ушунчалык мукамдуу болгондуктан, угуп гана отура бергибиз келээр эле. Ошентип кɵп жыл маданият тармагында эмгектеништи. Азыркы учурда экɵɵ тең башка тармакта иш алып барышат.

Элен:

-Таятам комузду кʏʏлɵбɵй чертип, тамашалай ырдаган тɵкмɵлʏк жайы болгон экен. Балким, ошонун таасиридир... 

Айжылдыз Тойчиева

 

Подробнее ...
13 Июнь

Малга байланыштуу тыюулар жана ишенимдер

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:21 Жарыяланган категория Макалалар
Малга байланыштуу тыюулар жана ишенимдер

Биздин эл илгертен  мал жандыктарга да аяр мамиле жасашкан. Бʏгʏн ушул темада кеп кылалы дедик.  Малга карата эл оозунда тʏрдʏʏ кептер, ырым-жырымдар бʏгʏнкʏгɵ дейре айтылып, колдонулуп келʏʏдɵ. Биз алардын айрымдарынын тʏпкʏ максаттарын изилдеп кɵрдʏк.

“Бирɵɵнʏн сɵзʏндɵ бар, бирɵɵнʏн кɵзʏндɵ бар”

Мал тɵлдɵп жаткан учурда ɵтɵ кɵп ырым-жырымдар жана тыюулар колдонулган. Бул мезгилде мал сойбойт жана сʏт азыктарын, тамак –аш, туз, ɵзгɵчɵ малдан алынган же малга бериле турган азыктарды “тɵлдʏн киндиги катсын” деп эч кимге берген эмес. Ошондой эле мал тɵлдɵп жаткан маалда мал ээлери киринбегенге, кир жуубаганга, акты-сʏт азыктарын эшикке чыгарбаганга аракет кылышкан. Мал тɵлдɵп жаткан мезгилде мал ээси короосунун четине ала аркан таштап коюп, короого бейчеки киши киргизген эмес. Негизинен эле кыргыздарда кечинде мал жайыттан келип короодо турганда, ʏй ээси башка кишини короого киргизген эмес. Жаш тɵлдʏ санабайт, суктанбайт жана бɵтɵн кишиге кɵрсɵтпɵйт. Бирɵɵнʏн малы тɵлдɵп жаткан мезгилде ээсинен уруксатсыз аралабайт. Мындай тыюуларга “бирɵɵнʏн сɵзʏндɵ бар, бирɵɵнʏн кɵзʏндɵ бар”, “кɵзʏ тийип кетет” деген ишеним себеп болгон. 

Бодо мал эгиз туушу кырсыктын белгиси катары эсептелген

Кой-эчки сыяктуу майда жандыктын эгиз туушу кɵнʏмʏш, ал эми бодо малдын: бээнин, уйдун эгиз туушу жамандыктын, кырсыктын белгиси катары эсептелген. Бээси же ую эгиз тууган мал ээси туулган тɵлдʏн экɵɵсʏн тең баккан эмес. Мындай учурда болочокто боло турган кырсыктан арылуунун жолун издеп, ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан. Туулган тɵлдʏн сыңарын (алардын бирин) бирɵɵгɵ энчилеп коюу эл арасында колдонулган эң кеңири таралган ырымдардын бири болуп эсептелет. Кɵпчʏлʏк учурда мал ээси эгиздин бирин жакын туугандарынын бирɵɵсʏнɵ энчилеп койгон. Кээде айылдагы бей-бечарага берген учурлар да кездешкен. Мындай учурда туулган тɵл бир аз торолгондон кийин энчиленген адамга берилет. Бул тыюунун бʏгʏнкʏ кʏндɵ да турмушта колдонулгандыгына кʏбɵɵ болуудабыз. Белгилей кетчʏ нерсе, айрым аймактарда туулган эгиздин бирин жакын туугандарынын белгилʏʏ бир катмарына гана, мисалы, кыз тарапка же таяке тарапка гана энчилеп берʏʏ эрежеси сакталган. Кɵпчʏлʏк маалымат берʏʏчʏлɵр бодо малдын ичинен бул кɵрʏнʏш кɵбʏнчɵ уй баласында кезигерин, ал эми жылкынын эгиз туушу ɵтɵ сейрек кɵрʏнʏш экендигин жана алардын эч кимиси  аны кɵрбɵгɵндʏгʏн айтышты. Ал эми биз жогорудагы сɵз кылган ырым-жырымдар негизинен уй эгиз тууганда колдонулган.

Жылкыдан туулган эгиз тɵлгɵ уйга салыштырмалуу катаал ырымдар колдонулган. Айрым маалыматтар боюнча, эгерде жылкы эгиз тууган болсо, эгиздин сыңарын туулары менен жамандыктын белгиси катары кабыл алып, кежигесинен мууздап, жерге кɵмʏп салышкан. Адатта мал тамак алдынан мууздалат эмеспи. Кыргыздардын салттык турмушунда мынтип эгиз кулундун тʏгɵйʏн мууздап салуудан тышкары тɵмɵнкʏдɵй ыкманы да колдонушкан. Шар аккан чоң суудан эгиз тууган бээни минип же жетелеп ɵтʏшкɵн. Энесин ээрчиген кулундар агын сууга кошо кирген. Кɵпчʏлʏк учурда жаңы туулган алсыз кулундарды суу агызып кеткен, ал эми аман калганын асырап алышкан.

Мал байлаган жипти аттаган эмес

Малдан тышкары мал кармаган короо жайга жана малга урунган “желе”, “кɵгɵн”, “нокто” сыяктуу нерселерге да ɵзгɵчɵ мамиле жасалат. Алсак, мал ооруп калат же мал тукуму, ырыскы ооп кетет деген ишенимде мал короого даарат ушатканга, акыр-чикир, жаман нерсе тɵккɵнгɵ тыюу салынган. Ошондой эле мал байлаган кɵгɵндʏ, желени аттап же кырккан эмес. Ɵзгɵчɵ боюндагы баласынын мойнуна киндиги оролуп калат деген ишенимде кош бойлуу аялдын аркан, жип, кɵгɵн, желени аттоосуна тыюу салышкан. Бул буюмдарга болгон мамилесин К.Карасаев ɵз эмгегинде тɵмɵндɵгʏдɵй белгилейт: “Кыргыздар жип, аркан менен мал байлаган, ат аркандаган, кɵгɵн жасап козу, желе жасап кулун байлаган. Кɵчкɵндɵ аркан, жип менен унаага жʏк арткан. Кыргыздар ошол мал байлаган жипти аттаган эмес. Анткени ал касиеттʏʏ болуп саналган. Уурулар гана мал уурдаганда ошол ала жипти кыркып, аттап, тебелеп жʏрʏп уурдаган. Ыйык нерсени кордогон”. Кыргыздарда энчи, кошумча, калың, сʏйʏнчʏ, сʏт акы сыяктуу алыш-бериш мамилелери дайыма мал менен ишке ашырылып, эмгек акы да кɵпчʏлʏк учурда мал менен тɵлɵнгɵн. Мындай малын башка бирɵɵгɵ берип жаткан учурда же сатып жатканда анын ноктосун, мойнундагы жибин кошо бербей, мал ээси сɵзсʏз тʏрдɵ ɵзʏнɵ алып калган. Бул тыюу мал тукуму, ырыскы ооп кетет деген ишеним менен байланышкан. Талаа маалыматтарын топтоо мезгилинде бул тыюунун бʏгʏнкʏ кʏндɵ да айыл жергесинде катуу кармаларына кʏбɵ болдук. Кыргыздардын салттык турмушунда ар бир ʏй-бʏлɵнʏн мал тукумунун башы деп эсептелген малы болгон. Ал бодо мал кɵпчʏлʏк учурда жылкы баласы болгон. Аны ʏй ээси, ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏ башка малга салыштырмалуу аздектешип, мал тукуму, ырыскы, кут ооп кетет деген ишеним менен, ал малды сатпаганга, бирɵɵгɵ бербегенге жана сойбогонго аракеттенишкен.

Жакшы мал жанга аралжы

Мал бир жерин сындырып же уулуу чɵпкɵ ууланып калып, аны союуга туура келсе, соёор алдында ʏй ээси же анын аялы атайын ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан. Мисалы, малдын куйрук-жалынан же жʏнʏнɵн бир тутам жулуп короонун кɵмʏскɵ бир жерине катып коюшкан же малдын шилекейин алып, мал ээси же анын аялы кийиминин оң, сол жакасына сыйпап ырымдаган. Кээде ал малдын шилекейин башка малдын башына сʏртʏп койгон . Мындай иш аракеттер башка жакшы малын сатаарда, бирɵɵгɵ берерде же соёордо да тукуму ʏзʏлбɵсʏн деген ниет менен жасалган. Мындай ырым кыргыздардан тышкары тʏрк тилдʏʏ элдердин кɵпчʏлʏгʏндɵ ɵкʏм сʏргɵн. Алсак каракалпактарда ʏйдɵгʏ малын сатып жатканда, сатылган мал менен кошо кут, бакыт кетип калбасын деп мал ээси анын жʏнʏнɵн бир аз алып калган. Кыргыздарда “мал боор эт менен тең” деп айтылат. Бирок малы ɵлгɵндɵ мал ээсинин ɵтɵ кайгыруусу начар касиет катары каралып, мындай учурда “Жакшы мал ɵлсɵ , жанга сеп”, “Чыгаша болмоюн, киреше болбойт”, “Жакшы мал жанга аралжы”, “Баштан-кɵздɵн садага”, “Малга кɵрʏнʏптʏр” деп жооткотуп коюшкан. Жыйынтыктап айтсак, мал чарбачылык менен алектенген кыргыздарда мал багуу, андан алынган азыктарды иштетʏʏ, жаратылыштын ар кандай шарттарында малды асыроо жана тʏрдʏʏ оорулардан малдын башын аман сактап калуунун ар кандай  ыкмалары кылымдар бою иштелип чыгып, алар муундан-муунга берилип келген. Ал ыкмалар ɵз ичине кɵптɵгɵн тыюулардын, ишенимдердин жана ырым-жырымдардын тобун камтып, кʏнʏмдʏк тиричилигинде катуу кармалган жана бара-бара алардын мал менен аралашууда да колдонулган жʏрʏм-турум этикасынын иштелип чыгышына негиз болгон. Бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵ алардын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ жашоо образдын  ɵзгɵрʏшʏ менен дʏйнɵлʏк маданияттын таасири астында башка улуттук баалуулуктары сыяктуу эле унутулуп, колдонуудан чыгууда. Ал эми сакталып калгандарынын тʏпкʏ мааниси унутулган.

Сыдык Токонов

 

Подробнее ...
13 Июнь

“100% суу токтобойт” деп айтуу – утопия”

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:19 Жарыяланган категория Макалалар
“100% суу токтобойт” деп айтуу – утопия”

Шаарыбызда таза суу маселеси бир топтон бери кɵтɵрʏлʏп келʏʏдɵ. Жаан-чачындан улам суу берʏʏ ʏзгʏлтʏккɵ учураган сайын “Ошшаарсууканал” ишканасына сындар селдей агылып, арыз-дооматтар жамгырдай жаайт. Долбоордун, гранттардын даректерин сурагандар да четтен чыгат. Бул жана башка маселелер тууралуу аталган ишкананын башкы инженери Ормош Осмоновдун жообун уктук.

-Саламатсызбы, Ормош Сагындыкович! Ɵткɵн жылы да таза суу маселеси боюнча жетекчиңиздер менен кенен маек курдук эле. Бул ирет да токтолууга аргасыз болуудабыз. Маселе акыркы кезде абдан орчундуу кɵйгɵйгɵ айланып, нааразычылыктар кʏчɵп кеткендей таасир калтырууда. Кепти ушундан баштасак...

-Ооба, “Ошто жамгыр жааса эле суу токтойт” деп аябай кɵп айтылып жатпайбы. Ошентсе да суу токтогонунун себебин дагы бир ирет белгилеп коюуга туура келʏʏдɵ. Жамгырга байланыштуу суу ɵтɵ ылай болуп келгендиктен, суу ʏзгʏлтʏккɵ учурайт. Сууну ɵчʏрбɵй коюуга табияттын алдында адам алсыздык кылат. Себеби биз айыл чарба багытындагы сугат системасындагы табигый “Папан” суу сактагычтан алабыз. Буга чейин да айтып келгенбиз, ири держава болгон – СССР дагы муну чече алган эмес. Суу сактагычтан суу алуу СССР маалында Баку жана Ош шаарларындагы эки ишканада гана ишке ашкан. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Баку шаарын таза суу менен камсыз кылуу бир топ каражаттар менен чечилди окшойт. Ал эми ɵлкɵдɵгʏ эң чоң шаар болгон Бишкек 100% жер астынан суу алат. Ири шаарлар Жалал-Абад жана Токмокто да ушундай. Ошто дарыядан дагы эмес, суу сактагычтан алынат. Дарыядан болгондо да башкача болмок. Ошондуктан жамгыр жаап, сел кеткенде сууну ɵчʏрʏʏгɵ туура келет. Сел негизинен эки жерден тʏшɵт. Биринчиси Кызыл-Кыштак деген жылгадан кызыл кум агып келет. 80-83 пайыз сел ошондон тʏшɵт. Бирок, ал 5-6 саатта, ашып барса 10 саатта тазарат. Экинчи 17-20 пайыз Папандын баш жагынан булганат. Анда суу атала сыяктуу болуп ылайкалыгы 1 литр сууда 45000-48000 мг жетет. Мындай ылай сууну суу тазалоо станциясы тазалай албайт. Эгер биз ылай сууну станцияга ɵткɵрʏп жиберген болсок, фильтр ылайга толот да, андан кийин биз элге суу бере албай калабыз. Ошондуктан, суу ылайкаланып, тазалоого мʏмкʏн болбой баштаганда ал жерде кʏнʏ-тʏнʏ кɵз салып турчу операторлор, мастерлер тазалоочу станцияга сууну ɵткɵрбɵй жаап коюшат. Буга чейин нечен жолу айтылды. Кыргызстанда бизге окшоп Ак-Буурадай дарыядан суу ичкен шаар жок. Айталы, Бишкекте бир кичи район курула турган болсо, ошол жердин астынан суу чыгарып, районду толук камсыз кылуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Кɵпчʏлʏгʏ “Акча келсе, эмне ʏчʏн силер Бишкекке окшоп жердин астынан суу албайсыңар?” дешет. Бирок, Ошто эки-ʏч жерде гана таза суу бар. Мисалы, Юго-Восток кичи районунда 25 миң адам жашайт, алар жер астынан чыккан таза суу менен камсыз болушкан. Ал эми Калинин, Достук массивтерине №5 насостук станциясынын аймагындагы дренаждык системадан суу берилсе, Манас-Ата кичи районуна Мады тараптан келчʏ таза суу берилет. Таза суу аз болгондуктан, ушул гана аймактарды ʏзгʏлтʏксʏз камсыз кыла алабыз. Ал эми шаардын калган аймактарында андай таза суу жок. Жер алдындагы суулардын баары шор суу болгондуктан, санитардык норма боюнча туура келбейт. Ошол себептʏʏ союз мезгилинде Оштун элин суу менен камсыз кылуу ʏчʏн Ак-Буурадан алууга туура келген. Бул жагдайлардан улам шаарыбыз бʏгʏн таза суудан кыйналууда. Бул биринчи себеби. Экинчиси, “какаганга муштаган” дегендей, суунун кɵбʏрɵɵк ʏзгʏлтʏккɵ учурап жатышы, жер кыртышынын бузулушуна да байланыштуу. Союз мезгилинде Кызыл-Кыштактын ичи толо жашыл шибер болор эле. Жамгыр жааганда суунун баарын сиңирип кетчʏ. Эч кандай ылай кошулуп суу келчʏ эмес, келсе да азыраак болчу. Азыр шибердин баары талкаланып, тирʏʏ тамыр системасы (живая корневая система) жок болду. Эмне ʏчʏн азыр суу ылай болуп келʏʏдɵ? Анткени ал жерде 90-жылдын аяктарынан баштап кум алуучу карьерлер ачылып, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин иштеп келет. Ишкерлер кум алабыз деп тоонун ʏстʏн сʏрʏшкɵндɵ, таштандылардын отвалы баары колотко тʏшкɵн. Жамгыр жааганда эле суу колоттогу отвалдарды Ак-Буурага алып келип кошууда. Ачыгын айтканда 2003-жылдары азыраак болчу. Андан бери 4-5карьер тʏзʏлʏп, кɵп жерлер казылган. Ал жерди кɵрсɵңɵр Кумтɵр бул жакта калат. Жер Кара-Суу районуна карагандыктан, ишкерлерге уруксатты ошол тарап берген. Аларга бул боюнча рекультивация (кайра калыбына келтирʏʏ) иштери болбогондугу же толук кандуу жʏргʏзʏлбɵгɵндʏгʏ боюнча тиешелʏʏ мамлекеттик органдарга каттар да жɵнɵтʏлгɵн. Мисалы, мурун эң кɵп дегенде 28 кʏн сел тʏшкɵн болсо, анын 25 кʏнʏ аталган жактан тʏшɵт. 1-2 кʏндɵн ашыгыраагы Папан жактан келет. Папандан булганып келген сууну тазалоо да кыйын, кɵпкɵ турат. Ошентип, жогорудагы себептер таза суунун ʏзгʏлтʏккɵ учуроосун шарттоодо.

-Суу ɵчсɵ эле долбоорлор, бɵлʏнгɵн акчалар боюнча суроолор сиздердин дарекке тʏшɵт эмеспи. А сиздер куруучу башка экенин айтып, буга чейинки долбоорлордо “кат жʏзʏндɵ пикирибизди билдиргенбиз” деп келесиздер.

-Туура, буга чейин ылай сууну тазалайбыз деп эки долбоор иштелген. Биринчи долбоор 2009-2010-жылдары аткарылган. Долбоор башталып жатканда биз да эксплуатация кылуучу ишкана катары пикирибизди билдирип, долбоордун натыйжалуулугу кʏмɵн жараткандыктан, курулушту токтотуу боюнча кат жолдогонбуз. Кɵчʏрмɵлɵрʏ да бар. Эсимде, долбоорду тʏзгɵн адис “мен курам, силер эксплуатация кылганды гана билгиле” деген сɵзʏн айткан. Ал да долбоорлор менен кɵп жылдан бери иштеген адис экен, “суу таптаза чыгат” деп ишендирген. Ошондо жергиликтʏʏ бюджеттен 22 миллион сомдой каражат бɵлʏнгɵн болчу. Долбоорго ылайык, жер 1,5-2 метр казылып, бетон плита коюлуп, ʏстʏнɵ кум, таштарды тизип чыгып, анын ʏстʏнɵн суу ɵткɵргɵн. Анда суунун ылайы, ичиндеги калдыктар тʏбʏнɵ тʏшʏп, суу тазалоо станциясына тазаланып келиши керек эле. Бирок, долбоор курулуп бʏткɵндɵн кийин иштебей калды. Кандай ылай суу келсе, ошол бойдон ɵтɵ берген, тазаланган эмес. Айтайын дегеним, суу ɵчсɵ эле “Ошшаарсууканал” ишканасын кʏнɵɵлɵп жатышпайбы. Долбоор курулуп бизге берилгенге чейин канча этаптар бар. Биз ɵз пикирибизди убагында билдиргенбиз, куруучулар курган. Баса белгилеп кетʏʏчʏ жагдай, “Ошшаарсууканал” ишканасы буюртмачы да, подрядчик да эмес. Курулушту капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС) куруп, муниципалдык менчик башкармалыкка (УМС) ɵткɵрʏп берет. Аталган башкармалык долбоорду кепилдик тейлɵɵ мɵɵнɵтʏнɵн ɵткɵргɵндɵн кийин гана “Ошшаарсууканал” ишканасына эксплуатация кылуу ʏчʏн берилет. Мыйзам боюнча ишкана ɵзʏ куруп, кайра ɵзʏ кабыл албайт.

Экинчи долбоор 2010-жылы башталып, 2014-2016-жылдары курулуш иштери жʏргʏзʏлгɵн. Долбоорду Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирʏʏ боюнча мамлекеттик дирекциясы ишке ашырып, Азия Ɵнʏктʏрʏʏ Банкы тарабынан каржыланган. Анда долбоорду даярдаган адистер “Биринчи долбоордо жерди 2 метр гана казып коюшкан экен. Гидрогеологдор текшеришти, жердин астынан 0,8 м3/сек. суу чыгат” дешкен. Ошондо мурунку долбоор да ушундай болгонун, бирок ишке ашпай калганын айтып, бул дагы максатына жетпей калуусу мʏмкʏн экенин белгилегенбиз. Алар 0,8 м3/сек. гана суу бербестен, 1,0 м3/сек. берерин айтышкан. Мунун баары протоколдо кɵрсɵтʏлгɵн, колдор да коюлган. Ошентип, долбоор аяктады, бирок суу 0,8 м3/сек. эмес, 0,2 м3/сек. чыгып калды. Долбоорго 1,7 миллиондон ашык АКШ доллары сарпталган. Ал максатына жетпей калды деген менен 0,2 м3/сек. чыгып жаткан суу да азыр жардам болууда.

-Учурда сууну сел тʏшкɵн жылгадан алып ɵтʏʏ боюнча долбоор даярдалып, ишке ашыруу демилгеленʏʏдɵ. Сиздер бул долбоор боюнча кандай пикирдесиздер?

-Жогоруда айтылган себептерди жоюу максатында учурда жергиликтʏʏ бийлик аракет кылууда. Биз ага “мындай, тигиндей кылгыла” деп кирише албайбыз. Долбоорду даярдоочу, буюртмачы атайын адистер бар. Алар сел тʏшкɵн колоттон жогорураак жерден транзит аркылуу сууну алып ɵтʏʏ долбоорун ишке ашырууга белсенʏʏдɵ. Анда 2,4 км, диаметри 1000 ммден эки труба тартылат. Биз ага каршы эмеспиз. Долбоорду куруу иштери Ош шаардык мэриясынын карамагында. Ошондо да бул долбоор 100% таза суу маселесин чечпейт, 65-80%га гана кыскартат. Тагыраагы, Папандан келген сел маселеси ачык бойдон калат. Эртең дагы эл арасында тʏшʏнбɵстʏктɵр болбоосу ʏчʏн муну ачык айтып коюу керек. “100% суу токтобойт” деп айтуу – утопия. Айтылган трубаны тартканда деле Папан жактан суу ылай келсе, сууну шаарга берʏʏнʏ токтотууга аргасыз болобуз.

Экинчи долбоор максатына жетпей калгандан соң Азия Ɵнʏктʏрʏʏ Банкы жоопкерчиликти ɵзʏнɵ алып, кайрадан колдоо кɵрсɵтʏп, 5 млн. доллар акча каражатын бɵлʏшкɵн. Ошол каражатка ушул ʏчʏнчʏ долбоор пландалууда. Бирок, каражаттын келгенине туура 5 жылдын жʏзʏ болсо да, дагы деле бɵлʏнʏп бериле элек. Бул боюнча Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар да кɵтɵрʏштʏ. Долбоорду шаар ɵзʏ курабы же Госстрой ишке ашырабы, ал жагы бизге белгисиз. Эртең кайра эле шаарда суу ɵчсɵ тургундар “Ошшаарсууканал” ишканасын тепкилеп, кʏнɵɵлɵɵ кʏч алат. Биздин ага эч кандай тиешебиз жок экенин бʏгʏнкʏгɵ дейре тʏшʏндʏрɵ албай келебиз. Макул, жетекчилик айтылган сындарды, айыптоолорду кɵтɵрɵ берет. Бирок, жамгырга карабай мээнет кылып, иштеп жʏргɵн кʏнɵɵсʏз, жɵнɵкɵй кызматкерлерчи? Алардын эмгегин да жер менен бир кылып, тепсеп коюп жатышпайбы...

-Жетекчиликке, мекемеге карата ачуу сындар, кептер айтылып келет. “Президенттер келип ачкан суу кампалар эмне болгон? Кампаларды кɵбɵйтсɵ болмок” дегендер бар. Резервуарларга да токтоло кетпесек болбос.

-Бизди “эч нерсе кылбайт” деген сындарды угуп эле келе жатабыз. Биз деле колдон келген аракетти кылуудабыз. Болгону, эч качан мындай кылдык же тигини жасадык деп мактанган эмеспиз. Мурун жогоруда айткан ʏч резервуар курула электе суу ʏзгʏлтʏккɵ учураса, Ош шаарынын батыш тарабын (Кулатов, Тɵлɵйкɵн, Анар, Черемушки, СМУ-ТТ кичи райондору) толук ɵчʏп калчу. Кампалар курулгандан кийин суу ɵчсɵ да белгилʏʏ бир убакытка чейин кампа, тургундарды таза суу менен камсыздап келʏʏдɵ. Кампа куруу деле оңой эмес, ар кай жакка кат жолдоп жатып, бирɵɵ 50 миллион сомдон кем эмес акча каражатына курулган. Биринчи суу кампаны да Азия Ɵнʏктʏрʏʏ Банкы каржылап, экинчиси россиялык грантка келген каражаттан 50 миллион сом бɵлʏп, курулса, ʏчʏнчʏ кампа республикалык бюджеттен каржыланып, ишке ашкан. Бул суу кампалары ошол мезгилдеги ɵлкɵ башчылардын катышуусунда колдонууга берилген. ʏч кампа тең бир жерде жайгашкан союз мезгилинен калган план боюнча ал жерге 6 миң кубдук тɵрт суу кампа курулушу керек болчу. Бирок, бир резервуар курула турчу жер элге чек катары берилип кеткен. Ошондон улам ʏч гана резервуар курулду. Азыр ʏч кампа шаарыбызга пайдасын тийгизʏʏдɵ. Анткени, кампа суу ɵчкɵн кезде Ош шаарынын батыш тарабын (Тɵлɵйкɵн, Анар, Кулатов, Ак-Тилек, СМУ-ТТ, Жапалак кичи райондорун) бир сутка таза суу менен камсыз кылат. Муну чоң жетишкендик десек болот.

Ооба, шаарда резервуар куруп, кɵбɵйтсɵк болмок. Бирок, ага жер жок болууда. Кампалар курулса, суу ɵчкɵндɵ жок дегенде 10 сааттан ашык калкты таза суу менен камсыз кылып турмак.

Андан сырткары ишканада заманга ылайык, бир топ ɵзгɵрʏʏ, толуктоолор болуп келет. Мисалы, 2006-жылы 14 насос станция болсо, азыркы кʏндɵ алардын саны 16 болуп, 7 насостук станция толук реабилитациядан ɵттʏ. Ал эми кɵрсɵтʏлгɵн жылы 16 резервуар болсо, бʏгʏн 25 даана резервуар бар. Техникаларга келсек, 2006-жылы 17 техника болсо, учурда алардын саны 56га жетти. Бул да болсо биздин иш аракетибиздин жыйынтыгы.

Ошондой эле суунун тартыштыгын жоюу максатында суу эсептегичтерди орнотуу иштери жʏргʏзʏлʏʏдɵ. 1990-жылдары 125 миңден ашык адамга суу менен камсыздап келсек, азыр андан 5-6 эсеге кɵп адамга сууну жеткирип келʏʏдɵбʏз. Керектɵɵ кышкыга салыштырмалуу жаз-жай мезгилдеринде кɵбɵйɵт. Кышкысын суу тоңбосун деп, крандарды жаппай коюшса, жайкысын сугат иштеринде ченемсиз суу колдонулат. Биринчи ʏй сууну нормадан кɵп иштеткендиктен, экинчи ʏйгɵ жетпей калган учурлар болот. Мындай жагдайларды жоюу ʏчʏн кɵйгɵй кɵп болгон аймактарга эсептегичтерди орнотууну колго алганбыз. Анда 1-фазада Туран кичи районуна 3600, 2-фазада Амир-Темур кичи районуна 7 миң, Достук массивине 1600, Ак-Тилек кичи районуна 1400 суу эсептегичтер долбоордун негизинде коюлса, ɵзʏ койгон жарандар 1400дʏ тʏзɵт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жалпы 15 миң эсептегич коюлду. Таза сууну  сарамжалдуу пайдаланууну ʏйрɵнʏшмɵйʏнчɵ суу жеткирʏʏ бир топ тʏйшʏк жаратат. Дагы айтып коючу нерсе ишкана 100% электр энергиядан кɵз каранды. ЛЭПте авария же ремонт болсо, бизде да насостор токтойт. Ал эми суу берʏʏнʏ кайра калыбына келтирʏʏ бир канча убакытты талап кылат.

-Ишкана калкты таза суу менен гана камсыз кылбастан, саркынды сууларды да кабыл алып, тазалоо иштерин жʏргʏзɵт эмеспи. Жыл ɵткɵн сайын шаарда жаңы курулуштар, ʏйлɵр кɵбɵйʏʏдɵ. Аларды канализацияга кошуу иштери кандай жʏрʏп жатат?

-Саркынды суу системалары боюнча айтсак, 2006-жылдан тартып канализациялык коллекторлор курулду, саркынды сууларды кабыл алып тазалоочу бекеттин механикалык жана биологиялык тазалоо системалары толугу менен реабилитациядан ɵтʏп, заманбап, жаңы жабдуулар орнотулган. Белгилей кетчʏ маселе, азыркы учурда станция саркынды сууларды кабыл алып тазалап, нагрузка менен иштеп жатат. Шаарда калктын саны ɵсʏп, жаңы кɵп кабаттуу ʏйлɵр жана ишкана мекемелер курулуп баары канализация тармактарына кошулууда. Жакында Кең-Сайдагы 7 миң адамга жумуш орун тʏзʏʏчʏ текстиль да кошулуу алдында турат. Демек саркынды сууларды тазалоочу жаңы станция куруу зарыл экендигин белгилейбиз. Калаа башчысына да 20 000 м3 (первый очередь) саркынды сууну тазалоочу жайды реконструкциялоо боюнча билдиргенбиз. Бул ишке ашса, шаар ɵнʏгʏʏ ʏчʏн жакшы болот. Шаардын кʏндɵн-кʏнгɵ ɵсʏп жатканын эске алганда, 20 000 м3 (первый очередь) саркынды сууну тазалоочу жайды реконструкциялоо абдан орчундуу маселе. Буюрса сɵзсʏз ишке ашат деген ойдомун. Антпесе жакынкы аралыкта канализация берʏʏгɵ чектɵɵ киргизгенге аргасыз болуп калышыбыз мʏмкʏн.

Жумагʏл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...
13 Июнь

САЯСИЙ МАДАНИЯТ ЖАНА ЭТИКА

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:18 Жарыяланган категория Саресеп
САЯСИЙ МАДАНИЯТ  ЖАНА ЭТИКА

Акыркы мезгилдерде ɵлкɵбʏздʏн коомдук-саясий турмушунда болуп жаткан айрым  окуя-кɵрʏнʏштɵр ɵз-ɵзʏнчɵ аңдап-талдоону талап кылып жаткандай таасир калтырууда. Маселенин баары айланып келип эле коомчулуктун саясий маданияты жана этикасына  келип такала берээрин да жашырууга мʏмкʏн эмес.

БYГYНКYБYЗ КЕЧЭЭ БАШТАЛГАН

«Бʏгʏн баары эле саясатчы болуп кетти, буту менен эмес, оозу менен басып калды» деген кыяздагы сɵздɵр менен кээде наалып калмай адатыбыз бар.  Бирок, мунун  оң  жагына мʏмкʏн  болушунча кɵбʏрɵɵк  басым жасап, дʏйнɵ тааным эволюциясынын элге берген энчисинен кур жалак калбай келе жатканыбызды да кɵңʏлгɵ ала жʏрʏʏ дурустай сезилет. Ыргагы ылдамбы-жайбы, мезги токтобойт, ал эми тарых шарттуу ыңгайды  сʏйбɵгɵн калыбында жазыла берет. Коомдук-саясий турмуштун дээрлик бардык маанилʏʏ делген процесстери дал ушул шарттуу ыңгайга,  диалектиканын   тʏбɵлʏктʏʏ себеп-натыйжа  байланышына ылайык ɵтɵɵрʏ  белгилʏʏ.

Шарттуу ыңгай демекчи,  «ушундай же тигиндей болсо, сонун болмок»  деген ойго жетеленбеген адамды чак тʏштɵ чырак менен издеп табуунун ɵзʏ кыйын. Карт тарыхтагы ар кандай маанилʏʏ окуялар мына ушундай ой-тилектердин жетегинде  ишке ашырылып келе жаткандыгына,тилекке каршы, кɵп деле маани бербейбиз, Экинчи жагынан алып караганда мунун оң жагы да бар, антпегенде, мисалы, азыркы кыргыздыкы сыяктуу кɵптɵгɵн коомдор революциядан башы чыкпай  жашап калмак же жоголуп кетмек деген да дейди ой келип кетет экен,кудай сактасын!

«Бʏгʏнкʏбʏз кечээ башталган» деп эмне ʏчʏн айтып жатабыз?  Коомдук-саясий турмушубуздун азыркы оң жана терс кɵрʏнʏштɵрʏ ʏчʏн кечээги кʏн кандай таасир эткен болсо, эртеңки келечегибиз ʏчʏн да бʏгʏнкʏ кʏндʏн жоопкерчилиги ошончо , а балким, андан да арбыныраак болорун эстен чыгарбай жʏргɵн эп. Бул  жарандык коомдун да, бийликтин ɵкʏлдɵрʏнɵ да бирдей эле даражада таандык экендиги талашсыз.Ал ʏчʏн эң оболу саясий маданияттуулук, анын ичинде саясий этика башкы ролдордун бирин ойноого тийиш, бул  саясатташуунун белгилʏʏ бир  тилкесине кирип жаткан кыргыз коомчулугу ʏчʏн абдан маанилʏʏ. Мында айрыкча америкалык индээцтердин: «биз  Мекенди ата-бабалардан мураска эмес, болочок муундардан карызга алып жашап жатабыз» деген атактуу накылын такай эстен чыгарбай жʏрʏʏ да ɵз таасирин берээри шексиз. Мекенге, Ата Журтка этияттап мамиле кылуу жаатында мындан  кʏчтʏʏ жана таасирдʏʏ накылды индээцтерден башка эч ким айта элек болуш керек.

Байыркы доордо эле Платон менен Аристотель саясий этикага ɵтɵ олуттуу маани берген. Алсак, Платон эгерде мамлекеттин жарандары адилеттʏʏ болсо, мамлекет ɵзʏ да ошондой болот деп эсептеген. Андай болбогондо,  мамлекеттик  система алдын ала эле кыйроого ɵкʏм кылынган болуп каларын эскертет.

Коомдогу адеп-ахлактык деңгээл менен  коомдо орнотулган саясий тʏзʏлʏштʏн ортосундагы ɵз ара кɵз карандылыкты атактуу Аристотель да аныктаган. Анын пикири боюнча,  чынчыл, акыйкатчыл, жалпы коомдун жыргалчылыгына гана кызмат кылган инсанды чыныгы жаран деп саноого болот

Жаңы доордо  ɵзʏнʏн «Ɵкʏмдар» аттуу таанымал китебинде Николло Макиавелли саясатты моралдан  автономиялуу кылып, «макиавеллизм» деген аталышта саясаттагы кʏчтʏʏ салтты кийиргени белгилʏʏ. Саясий атаандаштарга карата ɵкʏмдардын мамилесинин азырга дейре колдонулуп келе жаткан  айрым ыкмалары Макиавеллинин «Максат каражатты актайт» деген жобосуна таянуу менен  ишке ашырылышына кийин-соңку тарыхый окуялардан улам баарыбыз эле кʏбɵ ɵтʏп жʏрɵбʏз.  Тилекке  каршы,  кыргыз саясатында да мындай  учурлар кез-кезде учурап калаарын ɵкʏнʏʏ менен белгилеп кетʏʏгɵ туура келет. Саясатта мораль ɵзʏ автономиялык мʏнɵздɵ болуп калгандан кийин, саясий этикага сɵз  кайдан тиймек эле деп айтса да боло берет.

САЯСИЙ ЭТИКАНЫН  САЛМАКТУУ ОРДУ

Канткен менен, жыйырманчы жʏз жылдыктын экинчи чейрегинен тартып кɵптɵгɵн демократиялык ɵлкɵлɵр саясий ɵнʏгʏʏнʏн жаңы  деңгээлине кɵтɵрʏлʏп,  макиавеллизмдин саясий баалуулуктары андан-мындан бир кɵрʏнгɵнʏ болбосо,  мурдагыдай  таасирин жоготкон деп салыштырмалуу айтууга болот. Саясий чɵйрɵдɵгʏ жаңы баалуулуктардын алкагынан караганда, саясатчылардын этикалык сапаттары коомчулук тарабынан ɵтɵ жогору бааланып, бийликтин легитимдʏʏлʏгʏн кɵтɵрʏʏгɵ олуттуу салым кошо баштаган. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ бул жаатта  тʏрдʏʏ кодекстер кабыл алынган. Бʏгʏн этикалык нормалар  демократиянын негизги баалуулуктары менен  ажырагыс биримдикте каралып,  кɵптɵгɵн эл аралык декларацияларда, мыйзамдарда негиз катары кабыл алынат.

Адамзаттын узак мезгилдʏʏ тарыхында саясий элита бара-бара кеңири эл массасы менен кеңешпей туруп эле чечим кабыл алган жабык топко айланган. Бул  процесс  «инсан-мамлекет» дихотомиясынын калыптануусуна алып келип, акыбетинде  конфронтация кооперацияга ʏстɵмдʏк кылып калган доорго жеттик. Ɵнʏгʏʏнʏн азыркы шарттарында демократиялык делиберация –адамдардын саясатка улам кɵбʏрɵɵк тартылуусу (кийлигишʏʏсʏ деп эле окуган оңбу дейм) зарыл болуп жаткандыгын  эксперттер белгилешʏʏдɵ. Мындан чыкты, «кыргыз коомчулугу ашкере эле саясатташып кетти» деп ак урганга кɵп деле негиз жок. Болгону, кыргыз саясатчыларында саясий маданияттуулук, ириде саясий этиканын калыптануусу ойдогудай жʏрсɵ, кыргыз саясатында, мисалы,  парламентте жакында эле жʏз берген тирештегидей «энең-байтал» айтышууларда шартка жараша элита аталып жʏргɵн азаматтар эл алдында бир аз  этияттап сʏйлɵгɵнгɵ батыраак эле кɵнʏп кетсе деген гана тилек.

ЧЫНДЫКТЫН ИСАКОВДУК «ФОРМУЛАСЫ»

Саясий маданият жана саясий этика жаатында буга чейинки процесстерди биз сɵздʏн кайсыл бир маанисинде басып ɵттʏк десе болот. Алсак, бийлик  оппозициясынын ɵкʏлдɵрʏнɵ карата расмий мамиленин макиавеллизмдик «максат каражатты актайт» (цель оправдывает средства) эрежесин  качып кеткен биринчи президенттен тартып,  азыр абакта жаткан  Атамбаевге чейин коркпой-ʏркпɵй, уялбай-нетпей эле колдонуп келишкенин жашыруу кыйын. Азыркы бийлик андай тажрыйбадан канчалык деңгээлде жана канчалык мезгилге баш тартат, айтууга  эрте. Саясий  этика категориясынан алып караганда, ɵтɵ эле эртелик кылат. Саясий маданияттуулукту талап кыла турган  маанилʏʏ жана олуттуу иштердин кɵбʏ алдыда. 2010-жылдагы Апрель революциясы жана ага тыгыз ыктаган Ош  жана жалпы эле тʏштʏктɵгʏ кандуу  каргаша,  Дача-Су окуясы  сыяктуу баш-аягы калың журтка табышмак болуп келе жаткан кылмыштуу жагдайлар жаатында кеп-сɵздɵр арбын. Аталгандардын арасынан азырынча Ош коогалаңына байланышкан кеп-сɵздɵр арбындап бараткандай. Азырынча бул калайманга байланыштуу кылмыш иши  ошол маалдагы Убактылуу ɵкмɵттʏн ʏч мʏчɵсʏнɵ ачылды. Алардын арасында « Бириккен  демократиялык кыймылы» аталышта тʏзʏлгɵн оппозициялык кыймылдын мʏчɵсʏ генерал Исмаил Исаков да бар. Ɵзʏнɵ карата козголгон кылмыш иши жагдайында ал мынтип айтат: «Бул жерде экс-президент Роза Отунбаева турат. Анын укуктук аянты биздикине караганда башкача. Анда макамын ал, анан иш козго да. Кимдин кандай мʏлкʏ бар экенин элдин баары билет да».

Исаков демекчи, анын депутат кезинде парламент трибунасынан туруп айткан бир анекдоту эске тʏшɵт. Ал анекдот кыскача айтканда,   мындай мааниде: каршылашкан тараптардын кимиси ким айтса деле  «сеники туура! - дей берген абышкасына кемпири  «баарыныкын эле туура дей бересиңби?» деп наалыса, абышкасы «ээ кемпир, сеники да туура» деген экен.

Дегеним, кыргыз коомчулугу азыр ушундай тапта жашап жатат. Саясий маданиятыбыздын ɵнʏгʏʏ деңгээли жаманбы-жакшыбы,  ушундай баскычта.

Абдираим Мамытов

 

Подробнее ...
13 Июнь

ТЕЛЕПАТИЯДАГЫ ТЕҢ ТАЙЛАШУУЛАР

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:16 Жарыяланган категория Макалалар
ТЕЛЕПАТИЯДАГЫ ТЕҢ ТАЙЛАШУУЛАР

Экстрасенсориканы аскердик кызматка коюунун советтик жана америкалык аракеттери кандай болгон? Бʏгʏн ушул тууралуу кеп кылалы.

ИЗИЛДƟƟЛƟР ИЛГЕРТЕН  БОЛУП КЕЛГЕН

Пентагондун кɵзɵмɵлдʏгʏ астында душманга экстрасенсордук таасир кɵрсɵтʏʏ боюнча  «Жылдыздуу дарбаза» деген аталыштагы программа  олуттуу эле мааниде изилдɵɵлɵрʏн баштагандыгы маалым. Программанын алкагында ЦРУ(Борбордук чалгындоо башкармасы) жана америкалык аскер кызматкерлери солдаттарга ички ойдун кʏчʏ менен «мамилелешʏʏнʏ» «баарлашууну» жана душманды ага белгилʏʏ бир ой-туюмду «купуя кийирʏʏнʏн», алыстан, б.а. «аралыктан кɵрʏʏ» кудурети менен жеңʏʏнʏ окутушат. Мындан бир аз мурдараак  мындай сʏйлɵм «саргыч прессанын» ɵзʏнчɵ эле бир шок макаласынын аталышы болуп  бермек, бирок азыр факт кɵзгɵ кɵрʏнʏп турат.

 АКШнын Юта штатында ЦРУнун экс-кызматкери Пол Смит атайын мектеп ачып,  каалоочулардын баарын аралыктан( алыспы-жакынбы, коңшу бɵлмɵбʏ же миң чакырым алыстыктабы, баары бир)  кɵрʏп жана  чагылдыра билʏʏгɵ ʏйрɵтʏʏдɵ. Смит мындай жɵндɵмдɵргɵ жогоруда белгиленип ɵткɵн «Жылдыздуу дарбаза» программасынан сабак алуу аркылуу ʏйрɵнгɵн экен. Араб  тилинен котормочу катары ал аскердик кызматка жаңы эле кабыл  алынганда анча-мынча жɵндɵмдɵрʏн байкаган шеф- устаттар аны бирде орус ракеталарын, бирде Пекиндеги чиновниктердин  столундагы документтерди, бирде баңгизат соодагерлеринин базаларын  аралыктан «кɵрʏп-аңдап» айтып бер деп сыноодон ɵткɵрʏп, кыйлага дейре ары-бери тʏйшɵлтʏшʏптʏр.

 Смиттин сабактары болжолдуу алганда  мындай формада ɵтɵт: ал кайсыл бир цифраны айтат, окуучу ой-дитин бир жерге топтоп,  башкача айтканда, сʏкʏткɵ тʏшʏʏ менен ал цифраны «кɵрɵ» баштайт. Кɵрʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон нерсени кɵрɵ баштайт. «Бул кантип  ушундай болуп калат, эч ким билбейт» дейт Смит.

Аралыктан «сʏйлɵшʏʏ», аралыктан «кɵрʏʏ» - буларды телепатиялык жɵндɵмдɵр деп коюшат. Мындай жɵндɵмдɵрдʏн табияты,  реалдуулуктары жагдайындагы талаш-тартыштар тээ  байыркы доордон башталып, ушул кʏнгɵ чейин уланып келе жатат.

Согуш бул – чындыгында  белгисиздик жана тобокелчилик. Генералдар ошондуктанбы, айтор, ийгиликти камсыз кылуу ʏчʏн магия жана паронормалдыктарды тартуудан качышкан эмес.

Байыркы дʏйнɵдɵ эле согуштун алдынан полководецтер магия жана тɵлгɵнʏ колдонушкан. Мисалы, Римде таанымал жрецтер- авгурлар жана гаруспиктер кɵргɵн тʏштɵрдʏ жана канаттуулардын кандай учкандарын аңдап-байкап, тʏрдʏʏчɵ  жоруу аркылуу согушту баштоо же кое туруу сунуштарын кийиришкени тарыхтан белгилʏʏ.

Дин пайда болгондон кийин тɵлгɵлɵр сыйынуулар жана кɵзʏ ачыктыктар менен алмашылган. Он сегизинчи кылымда (жаңы тарыхтын башталышында деп коелу)  скептицизм доору ɵкʏм сʏрʏп, полководецтер «илимге» таянып иш тута башташкан.  Алсак,  белгилʏʏ маг Филипп Дьоленье Ноэль Оливатиус Наполеон Бонопарттын  келечеги жагдайында экстрасенсордук кол жазма тʏзʏп, аны монархка токтоосуз беришкен экен. Кол жазмада маг Наполеонду Россияга каршы согушка барбоону тырышчаактык менен ɵтʏнгɵн. Бирок, Наполеон Россия менен согушуп, анын Улуу армиясын ɵзʏ менен кошо кандай кайгылуу тагдыр кʏткɵнʏ баарына маалым.

Россияда православиелик салт кʏчтʏʏ болгондуктан,  магия анча деле тамырлай албаган. Бирок,Николай экинчи Григорий Распутиндин олуялыктарынан кийин экстрасенсттер жандана башташкан.Экстрасенсорикага ал турсун атактуу орус химиги Александр Бутлеров, жазуучу Аксаковдун ʏй-бʏлɵсʏ  тартылганы жазылып калган.

Анан революция болуп кетип, дин жок болду, Советтик бийлик кырына чыккыча туш тарапты мистика каптады: совет бийлиги бийликти сактап калуу аракеттеринин бири катары ВЧКнын (Бʏткʏл россиялык атайын комитет) курамында кɵзʏ ачыктыктын жана телекинездин сырларын  пайдаланууга байланышкан бɵлʏмдʏ тʏзгɵн. Кызыгы, илимде да ошол кезде таң калычтуу нерселер  пайда болгон. Мисалы,  Константин Циолковский  "келечекте адамдар эфирдик денеге айланып, дʏйнɵ жʏзʏн заматта саякаттап коюуга мʏмкʏнчʏлʏк алышат" деген ойду айтса, Владимир Вернадский  бардык ойлор жана билимдер камтылган ноосфера идеясын сунуш кылат. Александр Чижевский Кʏндʏн адамга тийгизген  «табияттан сырткы»  таасирлерин» ойлоп табат. Кыскасы, баары болушу мʏмкʏн да, а эмнеге телекинезге мʏмкʏн эмес?

«КЫЗЫЛ ШАМАНДАР»

1921-жылдан тартып Феликс Дзержинский жашыруун лабораториянын ишине кураторлук кылып, лабораторияны Глеб Бокий  жетектеген. Расмий аталышында лаборатория дешифровка менен алектенген. Бирок, анын айланасында жɵнɵкɵй эмес адамдардын айланып жʏрʏшʏ кооптоно турган нерсе эле. Алсак, Крымдын ʏңкʏрлɵрʏндɵ мистикалык тажрыйба топтогон Александр Барченко кийинчерээк «Кɵлɵмдʏʏ энерготалаасынын эксперименталдык таасирлеринин методикасына киришʏʏ» деген аталышта китеп жазган. Китеп бардык нускасы менен 1939-жылы жылы жок кылынган. Дешифровка магдардын кɵңʏлʏн ɵзʏнɵ буруп, бардык иш кандайдыр бир «караңгы бɵлмɵдɵ» ɵткɵрʏлгɵн. Тибетке барып, Шамбаланы издɵɵ чечимине келишкен. Бирок, иш ʏзгʏлтʏккɵ учурап, баарын байлап кетишкен. «Кызыл шамандар лениндик курстан кɵңʏл калды болуп, масондук типтеги жашыруун коом –«Бирдиктʏʏ эмгек боордоштугун» тʏзʏшкɵн. Бокий 1937-жылы атылып, айрым документтер ʏчʏнчʏ рейхтин кызматындагы мистикалык жана жарым-жартылай мифологиялык «Аненербе» уюмунун колунга тʏшʏп калган» деген болжол бар. Кыскасы,  Шамбаланы издɵɵ ишин«Аненербе»  уланткан.

Жалпысынан, баштапкы жылдардагы советтик изилдɵɵлɵрдʏн тарыхы  караңгы же кʏңʏрт мʏнɵздɵ. Соловецкиде башка ɵлчɵмдɵгʏ дʏйнɵгɵ –Гипербореяга кирип кетʏʏчʏ лаборатория ачылып, ал Сталинге кɵптɵгɵн саясий  атаандаштарын жеңʏʏдɵ жардам бергендиги айтылат. Революциянын жетекчилеринин ɵлбɵстʏк чараларын изилдеген, кийин идеалдуу солдатты – Кар кишини тʏзгɵн(  солдат сыягы тайгага  качып кетсе керек)   кан Институтунун,  ошондой эле мээ Институтунун айланасында да кɵптɵгɵн мистикалар бар.

Улуу ата мекендик согуш башталып, алгачкы жылдарда Кызыл Армия бир кыйла  жеңилʏʏлɵргɵ дуушар болот. Мистика да жардам бербейт. Сталин динден ʏмʏт кылат. Алсак, Сталин чиркɵɵсʏнɵ мамилесин жумшартат. Баса, Самарканддагы Эмир Тимурдун  кɵрʏстɵнʏ айрым кɵзʏ ачыктардын «жамандык болуп кетет» деген эскертʏʏсʏнɵ карабастан, 1941-жылдын 21-июнунда изилдɵɵ иштеринин алкагында ачылган. Эртеси таң заарында Германия СССРге кол салган!

Айрым мистикалык маалыматтарда Сталиндин жашыруун буйругу менен Эмир Тимурдун  кɵрʏстɵнʏнɵн алынган топурак Сталинграддын ʏстʏнɵн айландырылып, Волга дарыясына самолеттон чачылгандан кийин согуштагы чукул  бурулуштар жʏз бергени айтылат.

 2044-ЖЫЛГА ЧЕЙИН СЫРЫ ЖАБЫК « АНЕНЕРБЕ» ЖАНА ƟЗƟКТYК КУРАЛ

Фашисттик Германиянын улуттук идеологиясы немис улуту ɵзгɵчɵ расадагы эң жогорку жана баарына ʏстɵмдʏк кылууга бардык жагынан артыкчылык ыйгарылган  жана укук берилген тандалма улут экендигине басым жасап калыптанганы белгилʏʏ. Атактуу Чынгыс хандын  тʏшʏнʏнɵ да кирбеген мындай ашынган идеологияны ишке ашырууга олчойгон ресурстар сарпталган. Кɵптɵгɵн долбоор, программалар иштелип чыгарылып, тʏрдʏʏ экспедициялар уюштурулган. Алсак, нацисттик Германиянын 1938-39-жылдардагы  Тибет экспедициясы жана анын алкагында тʏзʏлгɵн «Аненербе» ( «Бабалар мурасы» программасы. Программанын максаты немистерди артыкчылыктуу арий расасынын тандалма улутунун ɵкʏлдɵрʏ катары кароо жана ариецтерге, тагыраагы, атактуу арий тукумунун  мураскерлерине ошого жараша ызаат кɵрсɵтʏʏ адеп-тартибине бʏт дʏйнɵнʏ ынандыруу жана кɵндʏрʏʏгɵ багытталган.

Эмне ʏчʏн Тибетке экспедиция уюштурулган? Айтымда, арийлер  бир замандарда Атлантика океанына чɵгʏп кеткен байыркы ɵнʏккɵн цивилизациянын аман калган ɵкʏлдɵрʏ деп саналып, Тибет сыяктуу бийик тоолордо гана арийлердин сакталып калган ɵкʏлдɵрʏ жашоого жана  цивилизациялык баалуулуктарын сактап калууга тийиш эле.

Экспедициянын жыйынтыгында Германияга 22 миң  даана фото жана  40  километрлик документалдык кинопленкалар, «Канжур» буддисттик диний китебинин толук жыйнагы(108том),  376  тибеттиктин дене тʏзʏлʏшʏнʏн  чен-ɵлчɵмдɵрʏ жана башка материалдар алынып келинген. Айрым маалыматтарга караганда, экспедициянын негизги максаттарына  Тибеттен  байыркы кʏчтʏʏ цивилизациянын техникалык, анын ичинде согуштук техника жана технологиясын  изилдɵɵ да кирген.

Тибеттик экспедициядан кийин нацисттик Германия психотроптук приборлорду чыгарууга патент берʏʏ жагынан биринчи орунга чыккан. Немис окумуштуусу  Вернер фон Браундун изилдɵɵлɵрʏ дʏйнɵлʏк ракета курулушуна негиз салган. Немистер дʏйнɵдɵ биринчи болуп «учуучу канаттарды ойлоп табышкан. Биринчи болуп ɵзɵктʏк куралдын ʏстʏнɵн иштеп башташкан. Биринчи реактивдʏʏ самолет да Германияда  чыгарылган. Мунун баарында тең немистердин Тибетке  илимий деген аталыш менен жасаган экспедициясы роль ойногонбу-жокпу, илимий эксперттер ушул кʏнгɵ  чейин талашып-тартышып келатышат.

Талашка 2044-жылы гана тактык киргизилбесе, ага чейин экспедициянын материалдарын дал ошол жылга дейре  жашыруун кармап туруу жɵнʏндɵгʏ келишимге Англия, АКШ жана Германиянын ɵкмɵттɵрʏ кол коюшкан.

Абдираим Мамытов

 

Подробнее ...
13 Июнь

Багбан: “Гилас ɵстʏрʏʏдɵ жерди туура тандоо ɵтɵ маанилʏʏ”

Автор Бекмурат Понедельник, 13 Июнь 2022 03:14 Жарыяланган категория Макалалар
Багбан: “Гилас ɵстʏрʏʏдɵ жерди туура тандоо ɵтɵ маанилʏʏ”

Адабий тилде айтканда таттуу алча, диалектиде айтылгандай кокон гилас ɵстʏрʏʏ – ɵлкɵбʏздʏн тʏштʏгʏндɵгʏ багбандар ʏчʏн эң кирешелʏʏ булак. Адистердин айтымында бизде ɵстʏрʏлгɵн гиластын сапаты башка ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу жогору бааланат. Ошондой эле витаминдерге бай жана суроо-талап жогору болгон кокон гиласты ɵстʏрʏʏгɵ ыктагандардын да саны жыл санап кɵбɵйʏп бара жатканын белгилɵɵгɵ болот. Учурда мɵмɵсʏн терʏʏ иштери кызуу жʏрʏп жаткан чагы. Бул жаатта кененирээк билʏʏ ʏчʏн 14 жылдык тажрыйбасы бар Нариман айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Осмон айылынын тургуну Ырысбай Тойчиевге кайрылдык. Каарманыбыздын багында 200 тʏп гилас бар.

-Ырысбай ага, бакта терʏʏ иштери жʏрʏп жатыптыр. Айтсаңыз, быйыл тʏшʏм кандай болду? Жылдагыга салыштырмалуу бул мɵмɵнʏн баасы кымбат болгонун айтышууда?

-Ооба, терʏʏ иштери дээрлик аяктап баратат. Кудайга шʏгʏр, тʏшʏм жакшы болду. Баалар ɵткɵн жылга салыштырмалуу бир канча жогору. Албетте, багбандардын мээнети акталууда.  

-Гилас ɵстʏрʏʏнʏ качан баштадыңыз эле?

-Багбанчылыкка чейин буудай, пахта, жʏгɵрʏ эгип, дыйканчылык менен алек болгом. Дыйканчылыкта жерди жылда айдоого туура келет. Тʏшʏм болбой же базарда арзан болуп калган учурда чыгымын актабай калган кездер болот эмеспи. Кийин пахта арзан болуп, кɵп жерде эгилбей калды. Ошентип, дыйканчылыктын кирешесинен чыгашасы кɵбɵйɵ баштагандыктан, 2008-жылы кʏзʏндɵ багбанчылыкка ɵткɵм.

Багбан катары айта турган болсом, гилас эгʏʏ кирешелʏʏ да, ошол эле кезде тʏйшʏктʏʏ да иш. Гиласти туруктуу тʏшʏм бере турган мезгилге жеткиргенге дейре бир топ мээнет талап кылынат.

-Биз кɵрʏп турган гиластын сорту кандай?

-Мисалы, бул гиластин сорту воловье-3 деп аталат. Мунун айланасында сɵзсʏз башка сорттогу кара гилас, сары драгана гиластарин эгʏʏ керек. Себеби мындай ыкмада мɵмɵлɵрдʏн чаңдашуусуна жакшы шарт тʏзʏлɵт. 

-Канча жылдан кийин мɵмɵсʏн ала баштадыңыздар?

-Кɵчɵттɵр кɵбʏнчɵ кыйыштыруу жолу менен жасалгандыктан, мɵмɵ берʏʏдɵ сортторуна карап айырмаланат. Айталы, кара гиласка уланган кɵчɵт 5-6 жылда, сары гиласка уланган кɵчɵтʏ 12-15 жылга барып мɵмɵ берет. Сары гилас кɵп жашайт, тʏшʏмдʏʏ болот. Биздин кɵчɵттɵр сары гиласка уланган. Бул 10-июндан кийин быша баштайт. Жолго да чыдамдуу келет.   

- Бул мɵмɵ багы кандай жерде болгону жакшы?

-Кокон гилас ɵстʏрʏʏ ʏчʏн жерди туура тандоо ɵтɵ маанилʏʏ. Кɵчɵт отургузула турган жер тʏз болгону жакшы. Кокту, ойдуң жерлерге эккенге болбойт. Анткени гилас ысыкты сʏйгɵн бак-дарактын катарын толуктайт. Тʏз жер тʏшʏмдʏʏлʏктʏн жогору болушуна тʏздɵн-тʏз таасир этет. Эгерде кокту же ойдуң жерлерге отургузулган болсо анда шамал жʏрʏп, кышында муздак абанын массасы жогору болсо, жазында температуранын тез ɵзгɵрʏп турушу кокон гиластин тʏшʏмʏн ʏшʏккɵ учуратат. Ошондуктан, кокон гилас ʏчʏн тʏз, жайык жер ылайыктуу деп эсептелет.

Гилас бактын айланасында башка тал-теректер болбоого тийиш. Анткени тамырлар кысылып, гилас жакшы ɵсɵ албай калат. Андан сырткары гилас башка мɵмɵ берʏʏчʏ дарактарга салыштырмалуу ɵтɵ назик келгендиктен, тал-терек кɵлɵкɵ тʏшʏрʏп, ар кандай ооруларды жуктурат.

-Жаш кɵчɵттɵргɵ кандай кам кɵрʏʏ керек? Кайсы мезгил гилас кɵчɵттʏ отургузуу ʏчʏн ыңгайлуу?

-Алгач кɵчɵттɵрдʏ тигʏʏ ʏчʏн жер даярдалат. Кокон гиласти отургузууга жаз же кʏз мезгилдери ыңгайлуу. Ар бир кɵчɵттʏн аралыгы 6-7 метр болууга тийиш. Жаңыдан эгилген жылы эч кандай жер семирткичтер берилбейт. Экинчи жылдан тарта мочевина (карбамид) бериле баштайт. Андан сырткары эрте жазда медный купорос акиташтын суусуна аралаштырылып, даракка себилет. Бул дарылоо биринчиден, курт-кумурскадан сактаса, экинчиден, дарактын сырткы катмарын тунук кɵрсɵтʏп, бекем болушуна шарт тʏзɵт.

Дагы бир эске алуучу жагдай, гиласти сугарууда арыгын эч качан кɵчɵттʏ тегерете казбоо керек. Эгилген жылдан тарта тʏз арык алынып, кийинки жылдардан арыгын кɵчɵттʏн тʏбʏнɵн алыстата баштоо зарыл. Себеби гиластин майда тамыры кɵбʏнчɵ ɵйдɵдɵ жайгашат. Буга байланыштуу кɵп суу коюлса, куурап калуу коркунучу бар.    

-Адистер даракты туура бутоо да тʏшʏм алууда ɵзгɵчɵ мааниге ээ экенин белгилеп келишет. Жаңы эгилген кɵчɵттɵрдʏ канча жылдан кийин бутоо керек?  

-Туура, гиласти бутоодо сɵзсʏз тʏрдɵ билген адамдан эки-ʏч жыл чогуу жʏрʏп, ʏйрɵнʏʏ керек. Бутоону кɵчɵт эгилгенден кийин эле баштоого болот. Мисалы, ɵтɵ узундарын 40 сантиметрден 85 сантиметрге чейин кыркып салуу кажет. Муну мага кɵчɵттɵрдʏ саткан дыйкан ɵзʏ келишимдин негизинде 2-3 жыл катары менен ʏйрɵткɵн. Билбеген адамдын бутаганы дарактын формасын бузуп, тʏшʏмдʏʏлʏгʏн начарлатат. Даракты формага келтирип алуу бутаган адамдан кɵз каранды. Туура буталбай, бою теректей узарып кеткен мɵмɵ аз алат. Эгер баш жагынан кыркып турса, майда бутактар кɵп чыгып, мɵмɵсʏ мол болот.

-Бышканга чейин кандай витамин, дарылар менен азыктандырасыздар?

-Жылда бутоо мезгили февралдын ортосунан башталып, мартка чейин уланат. Андан соң бʏчʏр байлай электе жогоруда айткан аки таштын суусу менен медный купорос себилет. Муну даярдоодо 3 кг медный купорос порошогун жылуу сууга эритип алып, 3 литр акиташтын суусу менен 100 литр таза сууга аралаштырылат. Андан кийин кɵчɵттʏн астына кɵлɵмʏнɵ жараша мочевина (карбамид) себилет. Гʏлдɵгɵн маалда эч кандай дары же витаминдерин себʏʏгɵ болбойт. Качан гана гʏлʏн тɵккɵндɵ БИ-58, Нурелл Д сыяктуу дарылар себилет. Ошондой эле гиластин данеги катканга чейин азот берилет. Данеги катканга чейин берилген азот гиластин бышкандан кийинки тʏшʏмʏ узакка бузулбай сакталат. Мындай гиласти узак жолго, экспортко ишенимдʏʏ алып чыгууга болот. Эгер данеги каткандан кийин себилип калган болсо, алыс жолго чыдамсыз болуп калуусу ыктымал. Азыркы заманга жараша калий, фосфор сыяктуу витаминдердин тʏрʏн да ɵлчɵмʏнɵ жараша берип туруу ашыкчалык кылбайт. Ал эми органикалык жер семирткичтерди беш жылда бир жолу сепкен оң. Мɵмɵ бышарына 20 кʏн калганга чейин дары, витаминдер менен азыктандырып бʏтʏʏ керек. Антпесе бышкандан кийин себилип, берилген дары ден соолук ʏчʏн кооптуу болуп калат.

-Мɵмɵ терилип бʏткɵндɵн кийин да кам кɵрʏлɵбʏ?

-Жыйналып бʏткɵндɵн кийин жалбырагын былжырак курттан сактоо ʏчʏн тиешелʏʏ дарылар себилет. Бак арасында сынган шактар кылдат алынып, тазаланат да, кʏзʏндɵ бактын ичине аммофос тегиз чачылат. Аммофос топурак ʏчʏн абдан пайдалуу. Ошентип, кийинки жылга даярдык кɵрʏлɵт.

-Маегиңизге рахмат. Тʏшʏм мол болсун!

Жумагʏл Кочкорбай кызы

 

Подробнее ...

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Аброр Хакимов, спортчу: «Ɵлкɵ жʏзʏн олимпиада оюндарында кɵрсɵткʏм келет»
Ɵлкɵнʏ дʏйнɵгɵ таанытуучу бирден бир курал бул – спорт. Желекти…

Маданият

“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
“Адам кийими менен сыналат, акылы менен бааланат”
Кийим адамдын кʏзгʏсʏ Заманбап адамдардын кийим-кечеси ээсинин мʏнɵзʏн, кɵз карашын,…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан  алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
“Оң рулдуу унааларды кыймылдан алып салууга эл да, мамлекет да даяр эмес”
Понедельник, 07 Март 2022
Ɵлкɵгɵ оң рулдуу унааларды киргизʏʏгɵ уруксат берʏʏ боюнча мыйзам коомдук угууда турган учуру. Ар тарабын эске албай туруп, оң рулдуу…
  • Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
    Вторник, 26 Январь 2021
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020

Архив

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved