Акыркы жылдары креативдʏʏ экономика дʏйнɵлʏк экономиканын тез ɵнʏгʏп келе жаткан багыттарынын бири болуп калды. Кыргызстанда креативдʏʏ экономиканы “жумшак инфраструктурага” жана билимге негизделген, узак мɵɵнɵттʏʏ капиталдык салымдарды талап кылбаган, калктын кирешесинин ɵсʏшʏнɵ жана калктын жумуш менен камсыз болушуна, экспорттун кɵбɵйʏшʏнɵ, инновациялык ишкердикти ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵбɵлгɵ тʏзгɵн экономиканын келечектʏʏ тармагы катары кароого болорун эксперттер белгилешʏʏдɵ. Биз бул ирет дал ушул тармакты ɵнʏктʏрʏʏдɵгʏ эске алуучу жагдайларга токтолобуз.
«Креативдʏʏ экономика» терминин илимий жʏгʏртʏʏгɵ биринчи жолу 2000-жылы Жон Хоукинс (архитектор, Бириккен Улуттар Уюмунун Чыгармачыл экономика боюнча консультациялык кеңешинин мʏчɵсʏ) киргизген. Ал терминди идеядан акча табуу деп тʏшʏндʏргɵн. Тагыраагы, интеллектуалдык ишмердʏʏлʏктʏн натыйжасы болгон товарларды жана кызматтарды сатууга негизделген экономиканын ɵзгɵчɵ тармагы. Мында товарларды жана кызматтарды ɵндʏрʏʏдɵ технологиянын жана инновациянын ɵнʏгʏшʏ чоң роль ойнойт.
Аталган жаңы ыкма тез эле бир катар ɵлкɵлɵрдɵ колдоого алынып, 10 жылдын ичинде чыгармачыл ɵнʏмдɵрдʏн, кызматтардын дʏйнɵлʏк соодасы эки эседен ашык кɵбɵйʏп, 624 миллиард долларга жеткен. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тармакта эмгектенгендер 300 миллиондон ашат.
Кыргыз экономикасындагы креативдʏʏ экономика боюнча экономикалык серепчи Мирланбек Убайдуллаев тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолуп, тармак коомдун бардык катмарына ыңгайлуу экенин жана колдоого алынса кыска мɵɵнɵттɵ ɵз пайдасын берерин айтат:
-Батыш ɵлкɵлɵрʏндɵ же экономикалык жактан ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ “креативдʏʏ экономика” деген жаңы термин эмес. Бул кɵп жылдан бери эле колдонулуп келе жаткан термин. Ал эми кыргыз экономикасында эгемендʏʏлʏктʏ алгандан берки акыркы мезгилдерде креативдʏʏ экономика деген термин жалпы экономикалык тʏшʏнʏк катары кире баштады. Мунун терминологиясын карай турган болсок, жаратмандык, идея дегенди тʏшʏнɵбʏз. Экономика тармагында биз мындан 5-15 жыл мурда орто жана кичи бизнес деп ураан кылып, бул тармактар кыргыз экономикасын тʏптɵй турганын айтканбыз. Ал эми бʏгʏн креативдʏʏ экономикага токтолуудабыз. Эмне ʏчʏн? Анткени креативдʏʏ экономика биринчи кезекте мɵɵнɵткɵ байланыштуу. Ал жалпы экономиканын 18 тармагын, 20 адистештирилген багытын ɵзʏнɵ камтыйт. Мисалы, басма иши, жарнама, дизайн тармактары. Булар да негизи жаңы тармак, бирок креативдик экономиканы ушул жерде колдонсо же ушулар аркылуу ишке ашырса болот. Жогоруда белгилегендей, креативдик экономикада эң негизгиси мɵɵнɵт. Жалпы экономикадагы акча мамилелеринде кыска, орто жана узак мɵɵнɵт деп айтылат эмеспи. Креативдик экономикада кыска жана орто мɵɵнɵткɵ басым коюлат. Демек, 3-5 жылдын ичинде кандайдыр бир экономикалык иш аракеттин негизинде пайда алса болот. Баарыбыз билгендей, мыйзамга ылайык, кандайдыр бир иш аракеттин негизинде экономикалык субьект же жеке жак пайда алып жаткан болсо, ал сɵзсʏз тʏрдɵ мамлекет менен бɵлʏшʏʏсʏ керек. Азыркы учурда Кыргызстанда экономика бир этаптан экинчи этапка ɵтʏп жаткан мезгили. Бʏгʏн рыноктун кандайдыр бир деңгээлине жетʏʏдɵбʏз, албетте, бул мезгил дагы экономикага ɵзʏнʏн залакасын тийгизʏʏсʏ мʏмкʏн. Буга чейин айтылып келгендей, мамлекеттин ɵзʏнʏн салттуу салык, бажыдан тʏшкɵн акча каражаттарынан сырткары дагы альтернативдик каржы булактары болуусу керек. Бирок, бизде андай болбой жатат. Андыктан, жалпы экономиканы, анын ичинде тармактык бɵлʏктɵрʏн ɵнʏктʏрʏʏ кажет.
-Креативдик экономика дегенде биз ийкемдʏʏлʏктʏ тʏшʏнʏшʏбʏз зарыл. Дʏйнɵлʏк экономика, рыноктук мамилелер саат сайын эмес, мʏнɵт, секунд сайын ɵзгɵрʏп тургандыктан, ишкердик чɵйрɵгɵ, ишкерге терс же ошол эле учурда оң таасирлерин тийгизʏʏсʏ мʏмкʏн. Ошол ʏчʏн креативдʏʏ экономика ийкемдʏʏ, рыноктук ɵзгɵрʏʏлɵргɵ туруктуу болуусу керек. Креативдик экономиканын дагы бир ɵзгɵчɵлʏгʏ жаш куракка карабайт. Мында ʏйдɵ олтуруп деле жарнама кылып же дизайн кызматын кɵрсɵтсɵ болот. Муну жаштар да, орто жаштагылар, улгайган катмардагы жарандар да жасай алат. Бул жагынан бардыгына ыңгайлуу. Биздин экономикалык ишкердʏʏлʏк менен болгон жактардын же жалпы биздин жаштардын ɵзгɵчɵлʏгʏ – жаңы нерселерди тез илип кеткендиги. Тʏшʏнʏп, сиңирген нерсесин тез ишке ашыргандар да кɵп. Менин оюмча, креативдик экономикага Министрлер Кабинети болобу же тиешелʏʏ министрликтерби кɵңʏл бура турган болсо, анда ɵнʏгɵ турган багыт. Эгерде колдоого алынып, жакшы жолго коюлса, региондук масштабда дагы, жалпы мамлекеттин масштабында дагы ɵзʏнʏн пайдасын алып келет. Биринчи экономиканын аталган багытында алек болуш ʏчʏн алгач аны кененирээк тʏшʏнʏп, анан башкаларга жеткирсек жакшы болот. Креативдик экономика – эркин иш-аракет жасоо, эркин ой жʏгʏртʏʏ, идеянын негизинде ɵндʏрʏшкɵ салым кошуу же ɵзʏнʏн идеясынан ɵзʏнɵ да, мамлекетке да жана коомго да пайда келтирʏʏ. Азыркы мезгил жаңы технологиялардын заманы деп айтат эмеспизби, ошол эле учурда идеялардын заманы экенин белгилеп коюу керек.
Оштогу жаштардын башын бириктирген “YothofOsh” коомдук уюмунун жетекчиси Акмарал Сатинбаева ɵлкɵдɵ чыгармачыл, таланттуу жаштар кɵп экенин, бирок аларга жетиштʏʏ шарттар тʏзʏлбɵгɵнʏн айтып, креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏдɵгʏ бир катар мисалдарды келтирди:
-Биз жаштар уюму болгондуктан, кɵп жылдан бери жаштарды ар тармактуу колдоп келебиз. Алардын жарандык активдʏʏлʏгʏн, лидерлик сапаттарын ɵнʏктʏрʏʏдɵ, ɵзʏн-ɵзʏ таанууда же бизнес жаатында долбоорлорго колдоо кɵрсɵтʏп келебиз. Андан сырткары ар тʏрдʏʏ шыктарга, жɵндɵмдɵргɵ ээ болуусуна кɵмɵк кɵрсɵтɵбʏз. Бул багыттардын ичинде чыгармачыл жаштар да бар. Креативдʏʏ экономика деген тʏшʏнʏк эми Кыргызстанда жайылууда. Негизи бул тармактын биздин ɵлкɵ ʏчʏн ɵтɵ потенциалы чоң, экономиканын ɵнʏктʏрʏʏнʏн бир багыты. Анткени бизде таланттуу жаштар кɵп. Мамлекетибизде нефть, газ сыяктуу ресурстарыбыз жок болгону менен адамдык ресурстарга байбыз. Калкыбыздын 30%га жакынын жаштар тʏзɵт. Демек, ɵнʏктʏрɵ алабыз. Бирок, креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн ар тармакта шарттар тʏзʏлʏшʏ керек. Мисалы, Англия креативдʏʏ экономиканы ɵнʏктʏрʏʏдɵ алдыңкы катарда турат. Ɵлкɵнʏн ички дʏң продукциясынын 4-5%ын тʏзɵт. Андан сырткары Европа, Америка ɵлкɵлɵрʏндɵ ɵнʏгʏʏдɵ. Казакстанда да бул тармак колго алынууда.
Жаштар муну кантип колдонсо болот? Креативдʏʏ экономикада интеллектуалдык продуктар бааланат. Мында музыка, сʏрɵттɵр, дизайндар, кол ɵнɵрчʏлʏк, жалпы эле маданият тармагына тиешелʏʏ багыттар, ошондой эле IТ, тасма, мультфильм тартуу топторун кошсок болот. Айталы, «GangnamStylе» ыры миллиарддан ашык кɵрʏʏ топтогон. Ушул сыяктуу эле продукт бир жолу тʏзʏлɵт да, кийин кайра-кайра каражат алып келгени мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. Дагы мисал катарына “Маша жана аюу” мультфильмин кошсок болот. Мунун да идеясы бир жолу жаралган, бирок мультфильм бир канча тилге которулган. Экинчиден, ошол бренддин негизинде канчалаган балдарга арналган кийим-кече, оюнчуктар, шириндиктер, идиш-аяктар чыгууда. Бул брендди колдонуу ʏчʏн идеянын ээсине, авторлоруна каражат тɵлɵɵгɵ туура келет. Мындай идеянын мɵɵнɵтʏ да чексиз.
-Биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз бай да, ошону заманбап продукт аркылуу чыгарып сатсак болот. Мунун потенциалы ɵтɵ чоң деп ойлойм. Ушул максатта биз бʏгʏнкʏ кʏндɵ “жаштардын креативдʏʏ хабын” тʏзʏʏдɵбʏз. Азыркы кʏндɵ имараты курулууда. 2015-жылдары жаштардын арасында долбоор баштап, хоббилери боюнча сурамжылоо жʏргʏзгɵнбʏз. Чыгармачылыктын бир топ багыттарына, робототехникага, сʏрɵт тартууга кызыгарын айтышып, бирок алар ʏчʏн атайын жайлар жок экендигин айткан бир топ билдирʏʏлɵр тʏшкɵн. Долбоордун негизинде бир имаратты ижарага алып, ар багыт боюнча шарт тʏзʏп, бɵлʏп бергенбиз. Тʏрдʏʏ жаштардын башын бириктирген, аларга жакшы жол кɵрсɵткɵн борбор болгон. Бʏгʏн алардын бардыгы чыгармачылык багытта ордуларын таба алышты. Алар таланты аркылуу элге, коомго пайда келтирʏʏ менен каражат тапса болорун тʏшʏнʏштʏ. Тилекке каршы, долбоор эки жыл гана болгондуктан, кийин токтоп калды. Бизде чынында таланттуу жаштар абдан кɵп болгону менен аларга шарттар жетиштʏʏ деңгээлде тʏзʏлгɵн эмес. Басымдуу бɵлʏгʏ Оштон ɵзʏн таппай, Бишкекке кетип калышат. Жергиликтʏʏ бийлик шаардын бренддин тʏздʏ, бирок аны чагылдыра турган кандай продукт бар? Ага ɵзгɵчɵ бир контент керек. Анда креативдʏʏ жаштардын да орду чоң. Ошондон улам жаштарды интеллектуалдык, жаратмандык багытта колдоо, шарт тʏзʏʏ, алардын башын бириктирʏʏ максатында Хаб курууну баштаганбыз. Азыр демɵɵрчʏлɵрдʏ издеп, ɵзʏбʏз да каражат иштеп чогултуудабыз. Албетте, жаштарга кайдыгер карабаган ата-энелер, жеке жактар болсо, колдоо кɵрсɵтʏп, салым кошууга чакырабыз.
- Европада креативдик жана маданий тармактар (негизинен визуалдык искусство, жарнама жана телекɵрсɵтʏʏ аркылуу) автомобиль ɵнɵр жайына караганда дээрлик 2,5 эсе кɵп жумуш орундарын тʏзɵт. Мисалы, Улуу Британияда креативдик сектор жылына 76,9 миллиард фунт стерлингге бааланат, бул ɵлкɵнʏн экономикасына саат сайын 8,8 миллион фунт стерлингге чейин салым кошуп жатканын билдирет.
- Италияда 2012-2015-жылдар аралыгында креативдик долбоорлорго инвестиция салууну тандаган ишканалар жʏгʏртʏʏсʏн 3,2% га кɵбɵйтʏп, 1,4 миллион кишиге жумуш орундарын тʏзʏшкɵн.
- Берлин стартаптарынын жардамында болжол менен 100 000 жумуш орундары тʏзʏлгɵн, алардын кɵбʏ креативдик секторлордо.
- Чет элдик эксперттердин пикири боюнча креативдʏʏ экономика Европанын ИДПсынын 4,2% тʏзɵт. Ал эми Европада тʏзʏлгɵн жумуш орундарынын саны боюнча креативдʏʏ тармактар ʏчʏнчʏ орунду ээлейт. Бул кризис учурунда ɵзʏнʏн туруктуулугун далилдеген жана келечек ʏчʏн таасирдʏʏ потенциалы бар жаш адистерди иш менен камсыз кылган негизги тармактардын бири.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Окуу жылы аяктап баратат. Бʏтʏрʏʏчʏ улан-кыздар кайсы кесипти тандаарын билбей, баштары катып турган чак. Мен ушул кесипти тандадым деп чечкиндʏʏ тʏрдɵ айткандар аз. Туура тандадымбы же ойлонуп кɵрсɵмбʏ деген олку-солкулук ар биринин оюнда. Бʏтʏрʏʏчʏ менен кошо мугалими, ʏй-бʏлɵсʏ да тʏйшɵлʏп жатат. Анткени бʏтʏрʏʏчʏнʏн эртеңки жашоосу тандаган кесибинен кɵз каранды. Кесип тандоо кɵз ирмемдик иш эмес, бул жашоодогу эң оор тандоо болушу мʏмкaʏн. Баласынын адвокат же дарыгер болуусун кɵздɵгɵн ата-энелер анын ою менен бɵлʏшʏʏнʏ да унутпаса.
Келгиле, кесиптерди талдап кɵрɵлʏ. Кесиптердин баары эле пайдалуубу? Окуп бʏткɵн соң иш тапса болобу? Бизде азыр кайсы кесипке талап кɵбʏрɵɵк? Пайдасыз да кесип болобу деп сурашыңыз мʏмкʏн. Ооба, болот. Чет ɵлкɵдɵн бул жерде анча керек болбогон адистикти (туризм академиясынын бир адистиги) бʏтʏп келип, кайра чачтарачтыкка, маникюр жасаганга окуп, ошону менен акча таап жашап жаткан аял абитуриентке кесипти тандоодо кайсы жерде жашаганды (айыл, шаар, аймак) эске алыш керектигин эскертет. Чет ɵлкɵдɵ престиждʏʏ деп эсептелген адистик бизде таптакыр маанисиз болуп калышы мʏмкʏн. Ошондой эле абитуриенттин эмнеге жɵндɵмдʏʏ экендиги, кайсы кесипке кызыккандыгы биринчи орунда турушу шарт. Педагог, психологдордун айтымында, бʏтʏрʏʏчʏлɵр кесип тандоодо ата-энелери, классташтарынын сɵзʏн угуп, ошого жараша бʏтʏм чыгарышат. Ɵз жɵндɵм-шыгына, кызыгуусуна эмес, окуунун абройлуулугуна, келечегинде кирешелʏʏлʏгʏнɵ карап кесип тандаган жаштарга чоң адамдар туура кеп-кеңештерин берʏʏлɵрʏ зарыл.
Мисалы, техникага кызыккан баладан дарыгер чыгуусу кыйын. Айрым окуучу так илимдерге кызыкса, дагы биринин шыгы гуманитардык сабактарга бар болот. ʏйрɵнʏп кетет деп кызыкпаган кесибин таңуулоодон, биринчиден, адам психологиялык-моралдык жабыр тартып, экинчиден, сапатсыз, ɵз кесибин сʏйбɵгɵн адис болуп калышы ыктымал. Бир ʏй-бʏлɵгɵ бир юрист же бир дарыгер керек деген принципте баланын кызыгуусу менен эсептешпесеңиз, уулуңуз же кызыңыз саны бар сапаты жок адистердин катарын толуктап калат. Мʏмкʏн андан кесипкɵй энергетик же агроном, балким, эмгек сиңирген мугалим чыгар.
Американын LinkedIn аттуу бизнес байланыштарын тʏзʏʏ боюнча социалдык тармак алдыдагы 5-7 жыл аралыгында эң актуалдуу боло турчу кесиптердин тизмесине тɵмɵнкʏлɵрдʏ киргизген:
• Маалыматтар базасы боюнча адис
• Сатуу боюнча инженер
• Интернет коопсуздук инженери
• Финансы аналитиги
• Долбоор менеджери
Мындан башка Россия сыяктуу чоң мамлекеттердеги бир канча сурамжылоолордун жыйынтыгы жана адистердин анализине ылайык тɵмɵнкʏ кесиптер да каралган.
• IT-евангелист
• Иллюстратор
• Космостук туризм боюнча менеджер
• Курулуш боюнча экоаналитик
• ʏйлɵрдʏн архитектору
• Урбанист-эколог
• Космолог
• Кийимдерди кайра иштетʏʏ боюнча адис.
Ырас, эл, жер кɵргɵнчɵ башка ɵлкɵдɵ билим алып келʏʏнʏн эңсеген жаштарыбыз кɵбɵйдʏ. Убагында жол-жобосун билбей жʏрʏп, сыртта окубай калып ɵкʏнгɵндɵрʏ да жок эмес. Студенттик турмушка бел байлап турган окуучуларга пайдасы тиер деген максатта дагы бир пайдалуу маалыматты бʏтʏрʏʏчʏлɵргɵ сунуштайбыз.
Семетей Амиралиев, ОшМУнун академиялык мобилдʏʏлʏк бɵлʏмʏнʏн башчысы, доцент.
-Мектеп бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏн чет ɵлкɵдɵ окуусуна ОшМУ кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ тʏзɵ алат, дегеле кайсы окуу жайлар менен келишим бар?
-Учурда биз дʏйнɵнʏн 33 ɵлкɵсʏндɵгʏ 300 дɵн ашуун университеттери менен эки тараптуу кызматташтык келишимдерди тʏзгɵнбʏз. Ошонун негизинде студенттерди, магистранттарды, окутуучуларды ɵнɵктɵш окуу жайларга академиялык мобилдʏʏлʏккɵ жɵнɵтʏп келебиз. Планыбыз боюнча бир жылда сɵзсʏз тʏрдɵ 500гɵ жакын студентти, 300гɵ жакын окутуучуну чет элдик окуу жайларга тажрыйба алмашып келʏʏ максатында жɵнɵтʏʏ. Ошол эле учурда башка ɵнɵктɵш окуу жайлардан дагы ошончо студентти кабыл алганга аракет кылабыз.
-Россиянын окуу жайлары менен кош дипломдуулук деген программаны ачканбыз. Кош дипломдуулук - деген мисалга Бакалавриатка тапшырган студент окуусунун эки жылын ОшМУда, эки жылын Россияда окуса, жыйынтыгында эки университеттин тең дипломуна ээ болот. Магистратурага тапшыргандар бир жылын ɵнɵктɵш окуу жайда, бир жылын ОшМУда окушат. Ушул программаны учурда Россиянын эки окуу жайы менен ишке ашырдык. Алдыда Казакстан, Кытай, Ɵзбекстандын окуу жайларынын дипломдорун алууга келишимдер тʏзʏлʏп жатат.
Бул жаатта окуу жайлардан сырткары кɵптɵгɵн жеке компаниялар да ɵз ишин кызуу алып баратканы баарыбызга белгилʏʏ. “PERSPECTIVE” эл аралык окуу борборунун менеджери Асылкан Маматова.
-Окуу жылынын аякташы менен сиздерге кайрылган окуучулардын саны да кɵбɵйгɵндʏр?
-Ооба, албетте. Айрым бʏтʏрʏʏчʏлɵр шашпай, эми гана кайрылып жатышат. Негизи чет ɵлкɵгɵ окууга тапшырам деген студент 11-класстын биринчи чейрегинен кийин эле аракет кыла башташы керек. Ошондо жаңы окуу жылына ʏлгʏрʏшɵт.
-Сиздердин компания реалдуу тʏрдɵ жɵнɵтɵ ала турган университеттер?
-Американын Флорида университети, Санта-Барбара колледжи. Тайвань мамлекетинин 30дан ашуун, Италиянын 15тен ашуун университеттери, мындан сырткары Кипр, Тʏркиянын, Кытай, Германия жана башка ɵлкɵлɵргɵ бакалавр, магистратура жана тил курстарына тапшыруу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар.
Эскерте кетчʏ жагдай, Европа ɵлкɵлɵрʏ мектептеги 12 жылдык системаны талап кылгандыктан биздин бʏтʏрʏʏчʏлɵр ошол ɵлкɵдɵ дагы бир жыл окуудан ɵтʏшʏ керек. Жакшы жактарын белгилей кетсек, чет ɵлкɵнʏн окуу жайларында 100% грант же жарым грант тʏрʏндɵ окууга болот. Жарым грант болгондо окуусун же жатаканасын барган студент ɵз чɵнтɵгʏнɵн тɵлɵйт.
-Алардын сырттан алып келген диплому канчалык деңгээлде жарактуу болот?
-Бул тандаган кесибине байланыштуу болот. 90% студенттер дʏйнɵ жʏзʏнɵ кенен жайылган кесиптерди тандоого аракет кылышат. Мисалы, программалоо, туризм, бизнес, менеджмент сыяктуу жана башка кесиптеги адистердин бардык жерде жумушка орношуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ жогору.
• Жʏрɵгʏңдʏ тыңда: жɵндɵмʏң, шыгың эмнени айтып жатат. Эмнеге кызыгасың?
• Уккуң келбесе да ата-энеңдин, мугалимиңдин оюн угуп кой.
• Классташыңдан кайсы кесипти тандаганын, эмне себептен тандаганын сура. Ал ʏчʏн эмне кɵбʏрɵɵк маанилʏʏ, престиждʏʏ окуу жайда окуганбы же бʏтʏп атама-апама жардам берем деген ʏмʏт, тилегиби. Анализ жасап кɵр. Сенчи, эмне ʏчʏн ушул кесипти тандап жатасың. Салыштыр.
• Тааныштардын кесибин кɵз алдыңа келтир. Алар кесибин туура тандаганбы? Суу инженерликти бʏтʏп алып, азыр базарда самын саткандын каталыгы эмнеде, ойлонуп кɵр.
• Атаңдын же апаңдын бир кезде жетпей калган кыялдарын ишке ашырам деп ɵзʏңдʏ зордобо. Сен эмнеге жɵндɵмдʏʏ экениңди ɵзʏң баарынан жакшы билесиң. Кесип бул - акча табуучу курал гана эмес, моралдык-психологиялык канааттануу алуучу хобби. Эгер ишиңди сʏйбɵсɵң, акча тапканың да татыбай, ɵмʏр бою кыйналып ɵтɵсʏң. Ал эми сʏйгɵн кесибиңде иштесең, маянасы аз болсо да, рахаттануу менен ɵмʏр сʏрɵсʏң.
• Сен сʏйгɵн кесипке кайсы окуу жайда даярдайт, келишимдик акы тɵлɵɵ ʏй-бʏлɵгɵ кыйынчылык туудурбайбы, сɵзсʏз эске ал. Эң негизгиси сен ɵзʏң тандаган кесипке татыктуусуңбу, ден соолугуң, кызыгууң, аракетиң, ой жʏгʏртʏʏң, баарын чамалап кɵр. Дараметиңди ашыкча баалап алган жоксуңбу?
«Бейне» рубрикабыз адамдын бала чагын, басып ɵткɵн турмушун, эмгек жолун, ʏй-бʏлɵсʏн окурманга ачып берет. Ал эле эмес каарманыбыздын жан дʏйнɵсʏн ачып, кээде ыйлатып, кээде кʏлдʏрʏп, тээ бала чагына алып барган учурлар болот. Бул аптадагы каарманыбыз ɵмʏр бою мугалим болуп эмгектенип, учурда “Капитошка” мектеп жана балдар бакчасынын негиздɵɵчʏсʏ, директору Санабар Кудайбердиева болду. “Мен бактылуу аялмын” дейт эжеке. Анда кеп башынан болсун.
-Ɵзʏм Ɵзгɵндʏн кызымын. Куршабдын Чегитир деген айылы бар эле, азыр башкача аталышта болуп калды, ошол айылда чоңойдум. Кызыл-Аскер деген айылга барып окуп келчʏбʏз. Ал убакта коңшу айылдагы мектепке барып окуп келʏʏ таң калычтуу эмес болчу. Мектеп алыс, жолдо эле кʏнʏбʏз ɵтчʏ. Ал кезде мектепти аяктагандан кийин кыздарды кɵпчʏлʏгʏ окутчу эмес. Биздин айылдан “космонавт” болуп биринчилерден окууга мен тапшырдым. Атам темир уста болчу, орустар менен иштешип, тʏшʏнʏктʏʏ киши болгону ʏчʏн мен окуп калдым. Атам мени окутам деп чыкканда айрымдар “кызы кɵчɵдɵ калат, азыр кызды окутуп болобу” дешкен. Ага карабай раматылык апам экɵɵ бʏт аракеттерин кылып окутушту. Дарыгер болом деп Бишкекке бардым. Менден улуу агам медициналык институтта окучу. Мени алдап-салдап атып “экɵɵбʏздʏ мединститутта окутуу кыйын” деп кыз-келиндер институтуна тапшыртып койгон. Ыйлатып жʏрʏп аталган институттун биология жана химия факультетине окутуп койду. “Мугалим болбойм” деп ыйлайм. Улуу агам “аялдар ʏчʏн ушул кесип эле жакшы” деп алдайт. Институтта беш жыл окудум. Биринчи барганда кыйналдык. Лекциянын баары орус тилинде болчу. Айылдан барган мендейлер ʏчʏн бир топ эле кыйын болгон. Бара-бара ɵздɵштʏрдʏк. Ал убакта студенттер “ата-энемди уят кылбайын” деп катуу аракет менен окучубуз. Тʏнʏ менен аудиоторияда уктап калган кʏндɵр болгон.
-Биздин факультеттин деканы ɵтɵ жакшы киши болчу. Ар бир кызга ɵзʏнчɵ мамиле кылып карачу. Ар бирибиз менен иштешчʏ. “Окууну бʏткʏчɵ бириң турмушка чыгып кетсеңер, кɵрсɵтɵм” дечʏ. Баарыбыз тɵртʏнчʏ курсту бʏткʏчɵ турмушка чыкпадык. Кɵчɵгɵ чыкканда жигиттерди кɵрсɵк каччубуз. Бешинчи курста кɵпчʏлʏк кыздар турмушка чыгып кетти. Мен жолдошум менен беш жыл сʏйлɵшʏп жʏрʏп, турмушка чыктым. Ал политехте окучу. Анда кыздар азыркыдай “атаң барбы, ʏйʏң барбы, унааң барбы?” деп деле сурабайт экенбиз. Окуган болсо эле болду дейт элек. Беш жыл сʏйлɵшʏп жʏрʏп жолдошумда каерлик экенин сурабапмын. Окууну аяктап, мамлекеттик экзамен калганда айылга барып келейин деп жɵнɵп калдым. Жʏктɵрʏмдʏ бʏт алып алгам. Аэропорттон жолдошум гʏл кармап тосуп алды. Ал убакта Ошто “Ак Буура” деп жалгыз ресторан бар болчу. Ошол жерге барып тамактанып келели десе макул болуп жɵнɵдʏк. Ошондон нары ресторанга эмес, Кадамжай районуна алып кетип калды. “Мен апама окуп келем деп айткам, мени ʏйʏмɵ алып барып кой” деп ыйлайм. Жаныбызда кайнежем бар эле, аны деле урам, жолдошумду да урам. Ошентип ала качып барып отургузуп койгон.
-ʏйʏнɵ алып баргандан кийин унаадан тʏшпɵй ыйлайм. “Мен атам менен апама берген сɵзʏмɵ турушум керек, дипломду алгандан кийин турмушка чыгам” деп ыйлайм. Бир убакта кайненем чыгып “менин балама тием дегендер толтура. Тийбесең эмнеге сʏйлɵшʏп жʏрдʏң” деп урушуп калды. Раматылык кайненем кыйын аял болчу. “Жетим бала, жесир аялбыз” деп ыйлады. Анан айла жок унаадан тʏшʏп ʏйʏнɵ кирдим. Андан бир кʏн мурда тайпалаш кыздар коштошуу кылабыз деп уйкудан калганбыз. Кɵшɵгɵ тартылган жерге кирип эле жатып уктап калыпмын. Бир убакта абысыным ойготконунан кɵзʏмдʏ ачып артымды карасам дубалдын саманы чыгып жʏрɵт. Ал убакта жашоо шарт начар болчу. Биз Куршабда орустар менен жашап, акталган, сырдалган ʏйлɵрдɵ чоңойдук да. Биринчи жолу андай ʏйдʏ карап таң калгам. Кайненемдер биздин ʏйгɵ кетишти. Барышса апамдар жакшы кабыл алып, мени аш демдеп кʏтʏп отурушкан экен, аны баргандарга салып берип жылуу узатышыптыр. Артымдан кууп келген жеңелеримден уялып жолдошума “дубалга чаптаган туш кагаздар бар, дʏкɵндɵ сатат, алып келе койсоң” дейм. Эч кимди тоготпой, турмушка чыкпай жʏргɵн кыз ушундай жерге келип калыптыр дешет деп намыстанам. Жолдошум болсо акчам жок дейт. Менин колумда биртке акча болчу, аны карматып дʏкɵнгɵ жибердим. Ошентип кайненемдер биздин ʏйгɵ барып келгиче ʏйдʏн дубалдарына туш кагаздарды кактырып койгом. Алар келип “жашайм деген келин ушундай болот” деп ыраазы болгону азыркыга чейин эсимде.
-Ошентип турмушка чыгып отуруп калдым. Мектепке жумушка кирип алгам. Ал жердегилер мени “Тʏндʏктʏк келин” деп атап алышат. Мектепке барсам да баарын тергеп алам. Кайненем семичке, майда-чʏйдɵ сатып иштеп балдарын окутчу экен. Мен мектепке ишке киргенден кийин “эне, сиз иштебей эле коюңуз, мен иштеп жатам го” деп чыгарбай койдук. Жолдошум Ошто, мен Кадамжайда болуп ʏч жыл жʏрʏп калдык. Кайненем мени Ошко жибербейм деп ыйлайт. Кайнагам барып чоң баламды кайненеме таштап, мени Ошко алып баса берген. Мен унаага чыгып алып бетимди жаап ыйлайм, кайненем ʏйдɵ калып ыйлайт. “Бириң балам калды деп ыйла, бириң балам кетти деп ыйла” дейт кайнагам. Ошентип Ошко келип жолдошум менен чогуу ижарага батир алып жашап калдык. Кудайга шʏгʏр, жолдошум экɵɵбʏз жаман сɵз айтышып, кыйкырышпадык. Мен аны, ал мени сыйлап ɵмʏр сʏрдʏк. Жакшы жумуштарда иштеди. Кɵрбɵгɵн жерлерди кɵрсɵттʏ. Айылда жʏргɵнʏмдɵ шаардан барып колумдун жарылганын кɵрʏп “чыдап койчу, жакында газ алып берем, от жакпай каласың” деп колумдан сылап, кɵңʏлʏмдʏ алып койчу. Ажал экен, ээсине тапшырганыбызга беш жыл болду. Эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап ɵстʏрдʏк.
-Ошко келип Ош педагогикалык институтта иштеп калдым. Кандидаттыгымды жактайм деп Орусияга барып бир ай окуп келсем, жолдошум ачуусу келип тосуп алды. “Сен мен ʏчʏн ɵмʏр бою профессорсуң” деп койду. Болду, институтта иштебейсиң деп мектепке жумушка киргизип койду. Ошол бойдон ɵмʏрʏмдʏ мектептеги балдарды тарбиялоого арнадым. Азыр кайсы жерге барбайын астымдан окуучуларым чыгат. Банкка барсам да, ооруканага барсам да сɵзсʏз бирɵɵ “оо, эжеке, кандайсыз” деп салам айтып чыга калат. Сыймыктанып калам. Мугалимдик кесип ошонусу менен сыймыктуу, ардактуу да. Кайсы жерге барсаң сени сыйлап, барктап тосуп алышат. Берген билимиң ʏчʏн рахматын айтып, кɵңʏлʏңдʏ кɵтɵрɵт. Мен ʏчʏн эң чоң бакыт да ушул. Азыр неберелерим мектепте билим алат, аларга да “эң биринчи кезекте мугалимди сыйлагыла” деп кɵп айтам. 2012-жылы балдарым “болду эми иштебеңиз, мектептен чыгыңыз, сизге бир кафе же ресторан эле ачып берели, ошол менен алектениңиз” деп калышты. Мен ɵмʏрʏмдɵ бирɵɵдɵн эмне жейсиң деп сураган эмесмин. Андан кɵрɵ мектеп же бала бакча ачып бергиле дедим. Ошентип “Капитошканы” ачып, иштетип калдым. “Капитошканы” иштеткенден кийин да беш жыл мектептен жооп бербей, эки жакта иштеп жʏрдʏм. 2017-жылы мектептен биротоло чыгып, жеке менчик мектеп менен бала бакчаны иштетип келе жатам.
-Мугалимдерин айланасындагы болуп жаткан окуялар педагог катары мени капалантпай койгон жок. Азыр мугалимдерге болгон сый-урмат жоголуп бара жатат. Ата-энелер балдарын эч нерседен кем кылбай багам деп жатып эле туура эмес багытта тарбиялап жатышкандай. Мен ушунча жыл иштеп бир жолу гана окуучуларыма кол кɵтɵрʏпмʏн. Анда Кадамжайда иштейм. Жаш келинмин. Балдарга сабак берип баштагам. Досканы карап бир нерсе жаза баштасам эле класстын балдары дуу каткырып кʏлʏшɵт. Аларды карасам токтоп калат. Эки-ʏч кайталанды. Акырын артымды карасам астыңкы орунда отурган эки окуучу мени туурап балдарды кʏлдʏрʏп жатыптыр. Экɵɵнʏ доскага чыгардым, бирɵɵсʏн жакасынан кармап туруп жаагына бир койдум. Анан экɵɵнʏ тең сабактан кууп чыгарып койдум. Бир жума сабагыма кирбеди. Бир кʏнʏ сабак ɵтʏп жатсам эшикти бирɵɵ тыкылдатат. Барып карасам мектептин профсоюзу менен дагы бир мугалим экен. “Биздин балдарыбызды сабагыңа киргизип койчу, балалык кылышыптыр, кечирип кой” дешти. Ошол менен ал балдар жанагы кылыктарын кайталаган жок. Шаарга келгенде да бʏт тентек, тил укпаган балдарды директор мага жиберчʏ. Шоктук кылышса да, катуу сɵз айтып мугалимдер менен айтышса да мага жɵнɵтʏшɵт. Мен балдар менен сʏйлɵшкɵнгɵ аракет кылам. Урушпайм, урбайм. Жɵн гана аларды угуп коём.
Калдарбай кызы Бактыгʏл
Акыркы жылдары климаттын ɵзгɵрʏшʏ кооптонууларды жаратып, дʏйнɵ экологиялык кризиске дуушар болууда. Изилдɵɵчʏлɵрдʏн айтымында, бул кɵйгɵй Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да байкалууда. Аны соңку жылдары байма-бай катталган жер кɵчкʏ, сел ɵңдʏʏ жаратылыш кырсыктарынан байкоого болот. Быйылкы жаз кɵбʏрɵɵк жаан-чачын менен коштолуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарында сел жʏрʏп, тургундарды бир топ эле тʏйшʏккɵ салды. Айрым жерлерде ʏй-жайлар, кɵпʏрɵлɵр, жолдор жарактан чыкты. Ɵлкɵ экономикасына да таасирин тийгизди. Жамгырдан кийинки мындай сел жʏрʏʏнʏн кɵбɵйʏшʏн Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги сел локалдык болуп, климаттык ɵзгɵрʏʏлɵр таасир этип жатканына шарттаса, тиешелʏʏ адистер жер кыртышынын бузулушу, жайытты туура эмес колдонуу, мал-жандыктын кɵбɵйʏшʏ, туура эмес курулуштардын жʏрʏшʏ менен байланыштуу дешет.
Болотбек Каримов, биология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун экология кафедрасынын доценти:
-Селдин жʏрʏʏсʏн жер кыртышынын бузулуусуна байланыштырууга болот. Анткени кыртышы деградацияланган аймакта сел жʏрʏʏ коркунучу салыштырмалуу жогору болот. Себеби жер кыртышынын деградациясы адам баласынын чарбалык иш аракеттеринин туура эмес жʏргʏзʏлʏшʏнʏн натыйжасында жʏрɵт эмеспи. Аларга: жайыттардын такырланышы, жердин жеке менчикке ɵтʏшʏ менен сугат жана сел тосуучу каналдардын кароосуз калышы, жеке менчик турак жайлардын пландуу эмес стихиялуу курулуп жатышы себепчи болууда.
Биздин мамлекет СССРдин курамында турганда “мал чарбасына” багытталган союздук республика болгонубуздун натыйжасында кɵптɵгɵн жайыттарыбыз запкы жеген болчу. Топурак кыртышынын бузулушу, жайыттардын такырланышынын башкы себепчиси мына ушундан башталат. Ал эми азыркы учурда калкыбыздын экономикалык мʏмкʏнчʏлʏгʏнʏн чектелишинен улам кɵпчʏлʏк учурда жакынкы жайыттардын гана пайдаланышынын натыйжасында бул маселе кайрадан курчуп жатат. Анткени алыскы жайыттардын инфраструктуралары (кɵпʏрɵ, жолдор) бузулган жана ал жайыттарга малды ташып алып баруу кɵп чыгымдарды талап кылат, ошондуктан жакынкы жайыттар экстенсивдʏʏ пайдалангандыктан, жылдан-жылга такырланып бара жатат.
-Эгерде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга болгон мамилебизди ɵзгɵртпɵстɵн, ушул темпте бара турган болсок, келечектеги кʏтʏлʏʏчʏ натыйжалар ɵтɵ эле ɵкʏнʏчтʏʏ жагдайларды жаратышы мʏмкʏн. Бул деген эмне? Бул - абанын температурасынын жогорулашы, мɵңгʏлɵрдʏн азайышынын натыйжасындагы суунун тартыштыгы, тʏшʏмдʏʏлʏктʏн тɵмɵндɵшʏ, табийгый кырсыктардын (сел, кɵчкʏ, ɵрт) кɵбɵйʏшʏ жана башка ушул сыяктуу жагымсыз натыйжалар жаралышы мʏмкʏн. Анткени табият бул бʏтʏн система, анын бир эле бɵлʏгʏндɵгʏ туура эмес иш чара чынжырча сыяктуу бʏтʏндɵй комплекстʏʏ кесепеттерге ɵтʏп кетʏʏсʏ мʏмкʏн.
Адилбек Матысаков, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош региондук башкармалыгынын башкы инспектору:
-Негизинен селдин жʏрʏшʏ жаратылышка адам баласынын тийгизген терс таасиринен улам жаратылыш кубулуштары ɵзгɵрʏʏгɵ дуушар болууда. Биринчи себептери болуп, калктын санынын ɵсʏʏсʏ, калк кɵбɵйгɵндɵн кийин мал-жандык да кɵбɵйɵт эмеспи. Андан жайыттардын жетишсиздиги келип чыгат. Мисалы, мурун бир гектар жерге 100 уй жайылса, азыр 200 мал жайылат. Демек, ошол жердеги жер кыртышы эрозияга учурайт. Ошентип, кыртыш жоголот. Ал эми жамгыр жааган учурда жердеги чɵптɵр, башка ɵсʏмдʏктɵр сууну тамырларына сиңирип, кайрадан абага чыгарып, фитосинтез процесси жʏрʏшʏ керек. Жер кыртышы эрозияга учурагандан кийин жааган жамгыр жерге сиңбей калат да, суу чогулуп селге айланып, бʏгʏнкʏдɵй кырдаалды жаратууда. Эрозия бул – бузулуу. Андан сырткары заман ɵнʏккɵн сайын химиялык заттар кɵп колдонулууда, кɵп нерселер ɵрттɵлʏʏдɵ, канчалаган таштанды калдыктар чыгууда. Алардан парник эффекти бɵлʏнʏп чыгат да, ал жаратылышка тʏздɵн-тʏз таасирин тийгизип, озон катмарынын алдын тосуп, кʏндʏн кескин ысышын, кайра эле ɵзгɵрʏп жамгырдын жаашын шарттайт.
-Жаратылыш кырсыктарын алдын алып, экологияны сактоо ʏчʏн бак-дарактарды, кɵчɵттɵрдʏ кɵбʏрɵɵк тигип, дегредацияны туура жʏргʏзʏʏ керек. Быйылкы жылы бул багытта президент Садыр Нуркожоевич “Жашыл мурас” деген кɵчɵт тигʏʏ боюнча жарлыгын чыгарып, жалпы жергиликтʏʏ бийлик, мамлекеттик ишканалар жана жарандар катышып, миңдеген кɵчɵттɵр отургузулду. Мындай демилгелер кɵп-кɵп болуп турганы жакшы. Ошондой эле жерлер эрозияга учарабоосу ʏчʏн токой чарбаларын ɵнʏктʏрʏʏ кажет. Кайсыл жерге кандай кɵчɵттɵрдʏ тигʏʏ ыңгайлуу, бир жерге ит мурун отургузуу керек болсо, экинчи жерге арча тигʏʏ сыяктуу зарылдыктар каралышы абзел. Ошондо гана фитосинтез процесси жакшы жʏрɵт. Муну менен катар экологияны сактоо боюнча элге кɵбʏрɵɵк тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ зарыл. Мектептерде да окуучуларга окутулууга тийиш. Себеби айылда пайда-зыянды аңдабай, жаратылышка терс таасирин тийгизген жарандар кɵп. Андайларга жол бербɵɵ ʏчʏн кичинесинен тарта жаратылышты сʏйʏʏгɵ, коргоого тарбиялоо керек. Кыргыз Республикасынын айлана-чɵйрɵнʏ коргоо жɵнʏндɵ мыйзамынын 46-беренесинде да ар бир Кыргызстандын жараны айлана-чɵйрɵнʏ коргоого милдеттʏʏ деп кɵрсɵтʏлгɵн. Баарыбыз жаратылышты коргоого милдеттʏʏбʏз.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Бʏгʏнкʏ ОшМУ 17 факультет, 1 эл аралык билим берʏʏ программаларынын жогорку мектеби, 2 институт, 4 орто кесиптик билим берʏʏчʏ колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук ж.б. борборлор, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 18 ачык жана жабык типтеги спорт комплекси, Ысык-Кɵлдɵ “ʏмʏт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакторияны ɵз ичине камтыйт.
Университет бала бакчадан тартып докторантурага чейинки заманбап билим берʏʏнʏн бардык баскычтарын ɵзʏнɵ камтыган кластерлик мекеме.
Учурда университетти ф.-м.и.д, профессор Кудайберди Кожобеков жетектеп келет.
Сен тандаган кесип эң мыкты
ОшМУ сунуштайт:
• Кɵп баскычтуу сапаттуу билим
• Жогорку квалификациялуу, кесипкɵй окутуучулар
• Багыттарды/адистиктерди тандоонун кеңири мʏмкʏнчʏлʏгʏ
• Заманбар технологияларга негизделген материалдык-техникалык база
• Илимий-изилдɵɵ ишмердигине реалдуу перспектива
• Эл аралык программаларга катышуу, чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ жогорку окуу жайлардан билим алуу
• Кызыктуу студенттик турмуш
Ош мамлекеттик университети 2022-2023- окуу жылынатɵмɵнкʏ багыттар/адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:
КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ
550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты)
- Кыргыз тили жана адабияты;
- Окутуу кыргыз тилинде жʏргʏзʏлбɵгɵн билим берʏʏ мекемелериндеги мамлекеттик тил;
530600. Журналистика (негизги тест, тарых же англис тили)
ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ
550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, орус тили жана адабияты)
- Орус тили жана адабияты.
531100 Лингвистика (негизги тест)
- Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.
ДʏЙНƟЛʏК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ
550300. Филологиялык билим берʏʏ: (негизги тест, англис тили)
- Англис тили
- Немис тили
- Корей тили
531100 Лингвистика (негизги тест, англис тили)
- Котормо жана котормо таануу;
ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
550700. Педагогика: (негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты)
- Башталгыч билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы;
- Мектепке чейинки билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы.
530300. Психология (негизги тест)
532000. Дене тарбия (ЖРТ милдеттʏʏ эмес).
ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ
550600. Кɵркɵм билим берʏʏ: (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
- Музыкалык искусство;
- Кɵркɵм ɵнɵр искусствосу.
570012. Эстраданын музыкалык ɵнɵрʏ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
570400. Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны. (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
570700. Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест, жɵндɵмдʏʏлʏгʏн сыноо)
570014. Актердук ɵнɵр (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
570015. Режиссура-Кино, ТВ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
570006. Кинооператорлук-Кино, ТВ (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ
530900. Чыгыш таануу, африка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
550400. Социалдык-экономикалык билим берʏʏ - Тарых (негизги тест, тарых)
570600. Китепкана таануу жана документ жʏргʏзʏʏ: Башкарууну документтик камсыздоо (негизги тест)
Конфликтология (негизги тест)
ЮРИДИКА ФАКУЛЬТЕТИ
530500. Юриспруденция (негизги тест, тарых)
532200. Укук коргоо иши (негизги тест)
530004. Бажы иши (негизги тест, математика)
540200. Социалдык иш (негизги тест)
ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ
550100. Табигый-илимий билим берʏʏ
- Биология; (негизги тест, биология)
- Химия; (негизги тест, химия)
- География; (негизги тест)
520200. Биология (негизги тест, биология же химия)
520100. Химия (негизги тест, химия же биология)
- Химиялык-экологиялык, криминалистикалык экспертиза
520400. География (негизги тест)
600200. Туризм (негизги тест, тарых же англис тили)
610001. Ветеринария (негизги тест)
610200. Агрономия (негизги тест)
620001. Колдонмо геодезия (негизги тест)
МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ
550200. Физика-математикалык билим берʏʏ:
(негизги тест, математика же физика)
- Математика;
- Информатика.
510100 Математика (негизги тест, математика же физика)
510200 Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика)
710300. Колдонмо информатика: (негизги тест, математика же физика)
- Экономикадагы колдонмо информатика;
- Архитектурадагы колдонмо информатика;
- Бизнес-процесстерди жана финансыны автоматташтырылган башкаруу.
710100. Информатика жана эсептɵɵ техникасы: (негизги тест, математика же физика)
- Эсептɵɵ техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);
- Информацияны иштетʏʏнʏн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (АСОИУ).
710200. Информациялык системалар жана технологиялар:
(негизги тест, математика же физика)
- Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.
590100. Маалыматтык коопсуздук (негизги тест, математика же физика)
Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (негизги тест)
510700. Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (негизги тест, математика же физика)
710400. Программалык инженерия: (негизги тест, математика же физика)
- Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо
570400. Дизайн: графикалык дизайн (ЖРТ милдеттʏʏ эмес)
ФИЗИКА – ТЕХНИКА ФАКУЛЬТЕТИ
550200. Физика-математикалык билим берʏʏ - Физика
(негизги тест, математика же физика)
510400. Физика (негизги тест, физика же математика)
640200. Электроэнергетика жана электротехника - Электр менен камсыздоо.
(негизги тест, физика же математика)
610300. Агроинженерия (негизги тест)
710400. Программалык инженерия: (негизги тест, математика же физика)
- Роботтук техникалык системалар жана автомобилдерди автоматтык башкаруу ʏчʏн программаларды иштеп чыгуу
700800. Техникалык физика: (негизги тест, математика же физика)
- Медициналык физика;
- Криминалистикалык экспертизанын физикалык методдору.
БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ
580100. Экономика (негизги тест, математика):
- Финансы жана кредит;
- Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;
- Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;
- Салык жана салык салуу;
- Экономикадагы математикалык методдор.
580200. Менеджмент (негизги тест, математика)
580500. Бизнес информатика (негизги тест, математика)
580700. Бизнес жана башкаруу (негизги тест, математика)
580900. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)
ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИ
530800. Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили же тарых)
530200. Саясат таануу (негизги тест)
ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРʏʏ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛʏМʏ
531500. Аймак таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
- Азия;
- Евразия.
531000. Филология: Колдонмо филология (Орус тили жана адабияты) (негизги тест)
Башталгыч билим берʏʏ. Англис тили (негизги тест)
Математика жана компьютердик илимдер (негизги тест)
ТʏРК ТИЛДʏʏ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛʏМʏ
710400. Программалык инженерия (негизги тест, математика же физика)
580100. Экономика: Дʏйнɵлʏк экономика (негизги тест, математика):
530600. Журналистика (негизги тест, англис тили же тарых)
530700. Реклама жана коомчулук менен байланыш (негизги тест)
580900. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (негизги тест, тарых)
600200. Туризм: (негизги тест, тарых же англис тили)
- Туризм менеджменти жана мейманкана иши;
- Эл аралык туризм.
ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БƟЛʏМʏ
531700 Америка таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
531800 Европа таануу (негизги тест, англис тили же тарых)
580700. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес (негизги тест, математика)
530500. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук (негизги тест, тарых)
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ
532300. Кытай таануу (негизги тест)
531100. Лингвистика (негизги тест)
531000. Филология: (негизги тест)
- Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Англис тили);
- Филологиялык дисциплиналарды окутуунун методикасы (Кытай тили).
МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ
560001. Дарылоо иши (негизги тест, химия, биология)
560002. Педиатрия (негизги тест, химия, биология)
560003. Медициналык алдын алуу иши (негизги тест, химия, биология)
560004. Стоматология (негизги тест, химия, биология)
560005. Фармация (негизги тест, химия, биология)
560006. Медициналык айым иши (кечки)
ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ
Дарылоо иши (чет элдик жарандар ʏчʏн)
ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
531600. Теология (негизги тест)
ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРʏʏЧʏ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):
050717 Теология
АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУ
531600. Теология (негизги тест)
ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРʏʏЧʏ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):
050717 Теология
IT АКАДЕМИЯ
WEB–технология – окуу мɵɵнɵтʏ 1 жыл
Локалдык тармактар администратору – окуу мɵɵнɵтʏ 1 жыл
Программалоо курстары – окуу мɵɵнɵтʏ 3 ай
Робототехника – окуу мɵɵнɵтʏ 3 ай
МАГИСТРАТУРА
Окуу мɵɵнɵтʏ – 2 жыл;
510100 Математика
510200 Колдонмо математика жана информатика
510400 Физика
520100 Химия
520200 Биология
520400 География
530200 Саясат таануу
530300 Психология
530500 Юриспруденция
530800 Эл аралык мамилелер
530900 Чыгыш таануу, африка таануу
531000 Филология
531100 Лингвистика
531500 Аймак таануу
531600 Теология
532300 Кытай таануу
540200 Социалдык иш
550100 Табигый-илимий билим берʏʏ
550200 Физика-математикалык билим берʏʏ (Математика, Физика, Информатика)
550300 Филологиялык билим берʏʏ (Кыргыз тили ж-а адабияты; Орус тили ж-а адабияты; Чет тили;)
550400 Социалдык-экономикалык билим берʏʏ (Тарых)
550600 Кɵркɵм билим берʏʏ (Музыкалык искусство; Кɵркɵм ɵнɵр искусствосу)
550700 Педагогика
560100 Коомдук саламаттыкты сактоо
570700 Костюм жана текстиль искусствосу
580100 Экономика
580200 Менеджмент
580200 Менеджмент (Саламаттыкты сактоодогу менеджмент)
580700 Бизнес башкаруу
600200 Туризм
640200 Электроэнергетика жана электротехника
710100 Информатика жана эсептɵɵ техникасы
710200 Информациялык системалар жана технологиялар
710300 Колдонмо информатика
Билим берʏʏнʏн менеджменти
Медициналык колледж
(11-класстын базасында)
060102. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
060109. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
060101. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
060106. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
060107. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
060108. Фармация 2 жыл 10 ай
060110. Лабораториялык диагностика 2 жыл 10 ай
Ɵзгɵн эл аралык медициналык колледжи
(11-класстын базасында)
060102. Акушердик иш 2 жыл 10 ай
060109. Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
060101. Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
060106. Ортопедиялык стоматология 2 жыл 10 ай
060107. Профилактикалык стоматология 2 жыл 10 ай
060108. Фармация 2 жыл 10 ай
Финансы – юридикалык колледж
Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.
030503. Укук таануу
030505. Укук коргоо ишмердʏʏлʏгʏ
080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп
080106. Финансы
080107. Салык жана салык салуу
080108. Банк иши
080403. Товар таануу жана керектелʏʏчʏ товарлардын сапатын экспертɵɵ
032002. Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жʏргʏзʏʏ
Индустриалдык-педагогикалык колледж
Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.
050709 Башталгыч класстарда окутуу;
050704 Мектепке чейинки билим берʏʏ;
050721 Дене тарбия;
230109. Эсептɵɵ техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);
230110. Эсептɵɵ техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлɵɵ;
230701. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
220206. Информацияны иштетʏʏнʏн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары;
070602 Дизайн;
260903. Тигʏʏ буюмдарын конструкциялоо, моделдештирʏʏ жана технологиясы
040101. Социалдык иш.
040104. Социалдык патронаж.
Эл аралык билим берʏʏ программалары колледжи
Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.
050303. Чет тили
050720 Котормо иши (англис, немис, корей, япон, араб, тʏрк, кытай)
STEM инновациялык колледжи
Окуу мɵɵнɵтʏ: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;
9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.
140212. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
190604. Автомобиль унааларын техникалык тейлɵɵ жана оңдоо
190503. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо
200403 Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлɵɵ жана монтаждоо
111801. Ветеринария
100201. Туризм
120101. Колдонмо геодезия
“АДИС” окуу борбору
(окуу курстарынын мɵɵнɵтʏ 1-5 ай)
• Компьютердик курстар (Web-программалоо, оператор, компьютердик графика, видеомонтаж);
• Тил курстары (англис, кытай, орус, араб, фарс, тʏрк, корей, немец тилдери);
• Экономика боюнча курстар (Бизнести долборлоо, 1С Бухгалтерия 8.2, Бухгалтердик эсеп, Салык, Финансылык эсеп, Мамлекеттик сатуу жана сатып алуулар);
• Психология;
• Музыкалык сабаттуулук курстары (комуз, гитара, аккордеон, фортепиано);
• Кулинария (Ашпозчу-кулинар, бармен, официант);
• Кийимдерди долборлоо жана конструкциялоо. Элиталык пардаларды тигʏʏ;
• Уюлдук телефондорду техникалык кароо, ремонттоо;
• Декоративдик колдонмо искусство;
Жалпы республикалык тестке даярдоо
• негизги тест (математика, кыргыз тили же орус тили)
• медицина багыты(математика, кыргыз тили же орус тили, кошумча химия, биология)
– Абитуриенттин арызы;
– АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (тʏп нускасы);
– ЖРТнын сертификаты;
– 3 х 4 ɵлчɵмʏндɵгʏ 6 даана сʏрɵт;
– Паспорт же туулгандыгы жɵнʏндɵ кʏбɵлʏк, кɵчʏрмɵсʏ;
– Аскердик билеттин же каттоо кʏбɵлʏгʏнʏн кɵчʏрмɵсʏ.
Кыргыз Республикасы, Ош шаары 723500,
Ленин кɵчɵсʏ 331, ОшМУнун башкы корпусу,
Кабыл алуу комиссиясы 137-каб.,
Телефон: 0(3222)70818, WhatsApp: +996770111110
Факс: 0(3222)70915
Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Сайт: www.oshsu.kg, Е-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Instagram : @osh_state_university_offical
TikTok: @oshsu.kg
КРнын ББжИ минист. лиценз.: №D2018-0001 13.11.2018, №C2019-0021 26.07.2019
14-майдан бери археологиялык изилдɵɵ тобу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Ак-Жар айылындагы байыркы Даван жана Кушан мамлекеттеринин калдыктарын изилдеп жатышат.
КРнын УИА ТБнун илимий кызматкери Эмирлан Мырзабековдун берген маалыматына ылайык, казуу иштерин Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери, окутуучулары, КРнын Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Эмил Султанов жана Чехия республикасынын Батыш Чех университетинен келген окумуштуулар, докторанттар, магистрлер жʏргʏзʏп жатышат. Божомолдор боюнча байыркы Даван, Кушан мамлекетинен калган шаар калдыктары изилденʏʏдɵ. Ошондой эле изилдɵɵнʏн жʏрʏшʏндɵ адам сɵɵктɵрʏ, майда жана ири жандыктардын сɵɵктɵрʏ, карапа буюмдар, ураган дубалдардын калдыктары табылууда. Ак-Жар археологиялык изилдɵɵлɵрʏн 1956-жылы Юрий Александрович Заднепровский ачкан. Андан бери изилденбей турган объектке 2019-жылдан тарта кайрадан чалгындоо иштери башталган. Пандемияда ʏзгʏлтʏккɵ учураган казуулар кайрадан уланып жатат.
Эмил Султанов,КРнын Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери.
“Экинчи дɵбɵдɵ кызыктуу табылгалар бар. Мисалы, палеозоологдордун изилдɵɵсʏндɵ кɵптɵгɵн дан уруктары жана ɵсʏмдʏктɵрдʏн данектери табылган. Алардын 6 тʏрʏ Кытайдан келтирилгенин аныкташты. Андан сырткары мал-жандыктарынын, таш бакалардын сɵɵктɵрʏ чыгып жатат. Бул табылгаларды жалпы Кыргызстан тарыхындагы чоң жаңылык катары айтсак болот”.
Ак-Жар археологиялык эстеликтери учурда мамлекеттин карамагында. Казуу иштерин жʏргʏзʏʏгɵ алдын ала бир жылга уруксат алышкан. Изилдɵɵ иштери 14-июнга чейин уланат. Анда табылган табылгалар Кыргызстанда калат жана музейлерге тапшырылат.
Дʏйнɵ коронавирустук пандемиядан толук чыга электе маймыл чечеги тынчсыздандырууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ дʏйнɵнʏн 30дан ашык ɵлкɵсʏндɵ катталды. Оорунун белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылабыз.
Маймыл чечеги – жаныбарларда жана адамдарда сейрек кездешʏʏчʏ жугуштуу оору. Дарттын козгогучу – ортопокс вирусу. Биринчи жолу 1958-жылы лабораториялык маймылдарда аныкталып, маймыл чечеги деп аталып калган. Ал эми 1970-жылы Конго Демократиялык Республикасында оору адамда биринчи ирет тастыкталган учуру катталган жана андан бери бул оору Борбордук жана Батыш африкалыктарда такай аныкталып келет. Нигерияда 2017-жылы башталган эпидемия дагы деле токтой элек. Жакында эле илдеттен аталган ɵлкɵдɵ бир адам кɵз жумган.
Илдет Африкадан башка жерлерде да катталган: 2003-жылы Америка Кошмо Штаттарында 70 адам кабылып, оорунун жугушун кемирʏʏчʏлɵр менен байланыштырышкан. Андан кийин 2018-жылы Израилде, Улуу Британияда 2018, 2019 жана 2021-жылдары, Сингапурда 2019-жылы жана АКШда 2021-жылы аныкталган.
Дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, илдетке чалдыккан адамдын дене табы кɵтɵрʏлʏп, булчуңдары, башы ооруп, бездери чочуп калуусу мʏмкʏн. Ошондой эле бетинде, денесинде бʏдʏрлɵр пайда болуп, жайылышы ыктымал. Илдеттен кɵз жумгандардын пайыздык кɵрсɵткʏчʏ тɵмɵн.
Оору кɵбʏнчɵ ылаңдаган жапайы жаныбарлардан, кемирʏʏчʏлɵрдɵн жугат. Адамдан адамга аба (шилекей, кан, чʏчкʏрʏк) жана уруктук жана оорулуу адам колдонгон тиричилик буюмдары аркылуу жугушу мʏмкʏн. Андан сырткары вирус организмге былжыр чел, дем алуу органдары, жада калса теридеги майда жарааттар аркылуу да кирип кетиши ыктымал. Оорулуулар менен жеке коргонуу каражаттары жок байланышта болгон медицина кызматкерлери, ошондой эле инфекция жуккан адамдар менен жашаганда инфекциянын жугуу коркунучу жогору.
Маймыл чечеги клиникалык жактан табигый чечекке окшош. Оорунун инкубациялык мезгили 5–21 кʏн, орточо 6–13 кʏн. Оорунун биринчи белгилери:
-ысытма - 38,5 жогору;
-чыйрыгуу;
-катуу баш оору;
-алсыздык;
-лимфаденопатия - чоңойгон лимфа бездери;
-миалгия - булчуңдардын оорушу;
-Далынын оорусу;
-Денеге бʏдʏрлʏʏ жаралардын чыгып, ичинде суюктук бар ыйлаакчалардын пайда болушу. Жаралар алгач беттен башталып, анан денеге, анын ичинде жыныстык органдарга жайылат.
Дʏйнɵнʏн тынчын кетирген илдет 2022-жылдын 7-майында оорунун эндемикалык аймагы болгон Нигериядан кайтып келген британиялык тургунда тастыкталган. Ал киши изоляцияланып, керектʏʏ медициналык жардамга ээ болгон. Андан сырткары Улуу Британиянын Коопсуздук агенттиги жана саламаттыкты сактоо кызматы инфекция табылган жаран келген рейстеги бʏт жʏргʏнчʏлɵргɵ байланышып, текшерʏʏдɵн ɵткɵрɵрʏн айтышкан. Бирок, аталган ɵлкɵдɵ 14-майда эки, 16-майда тɵрт учур катталып, алардын бири-бири менен байланышы жок болгон. Кийинчерээк оору эндемикалык эмес башка ɵлкɵлɵрдɵ да каттала баштаган: Австралия, Бельгия, Франция, Германия, Италия, Нидерланды, Португалия, Испания, Швеция, Улуу Британия, АКШ, Швейцария, Израиль, Канада, БАЭ, Чехия, Словения, Австрия, Дания, Канар аралдары. Мурда Африкадан башка жерлерде маймыл чечектин катталган учурлары негизинен эндемикалык ɵлкɵлɵрдɵн кайтып келген саякатчылардан табылса, азыркы учурда инфекция эндемикалык аймактарга барбаган 200дɵн ашык адамдардан тастыкталган жана шектʏʏ учурлары табылган. "Шектʏʏ" бейтаптар, ДССУнун терминологиясына ылайык, катуу ысытмасы бар адамдар же башка патологиялар менен тʏшʏндʏрʏʏгɵ мʏмкʏн болбогон мʏнɵздʏʏ симптомдордун бири. Акыркы маалыматтарга ылайык, илдет 30дан ашык ɵлкɵлɵргɵ тараган. Кɵбʏнчɵ балдар жана жаштар, иммунитети тɵмɵн адамдар чалдыгышат. Азырынча оорунун дарылоочу атайын вакцина жок. Бирок, окумуштуулар табигый чечекке пайдалануучу дарыларды колдонууга болот дешет.
Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин жайылышын толугу менен ооздуктоого болоруна ишенбейт. Бул тууралуу уюмдун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдирген: “Азырынча маймыл оорусунун чыгышына натыйжалуу жооп берʏʏ ʏчʏн COVID-19 менен кʏрɵшʏʏ ʏчʏн киргизилген массалык чаралар талап кылынбайт” деген ал. Клюге инфекциянын Европага жана башка ɵлкɵлɵргɵ жайылуусу жай мезгилинде жогорулайт деп эсептейт.
Жапайы жаныбарлар менен байланышта болбоо, жаныбарлардын этин тамак-ашка колдонуудан мурун абдан бышыруу оорунун алдын алууга шарт тʏзɵт. Ошондой эле колду таза жуу, антисептик колдонуу сунуш кыланат.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Акыркы маалдарда Украинадагы кырдаал, анын сырттан улам оор мʏнɵздɵгʏ курал-жарактар менен ɵтмɵ катар жабдылып жатышына байланыштуу, кɵптɵгɵн аскер адамдары, саясатчылар, аналитиктер бул процесс токтобой улана берсе, кезек барып-барып ɵзɵктʏк куралга чейин жетип калбайбы деген тʏпɵйʏл суроону бере башташты.
Албетте, анын бетин ары кылсын, бʏтʏндɵй ɵлкɵлɵрдʏ жер жʏзʏнɵн жексен кылып, кʏлгɵ айлантып жибере турган континент аралык баллистикалык ракеталар жɵнʏндɵ бирди-жарым сɵз айтууга эч кимиси деле даай албайт, бул – табу. Бирок, айбаттуу кеп-сɵздɵрдʏн ара-чолосунда куралдын башка тʏрʏ - стратегиялык эмес ɵзɵктʏк ракеталар жагдайында да сɵз кетип калаарын байкоого болот.
Дароо эле аныктап алалы, аны америкалык терминологияда стратегиялык эмес, ал эми россиялык терминологияда тактикалык ɵзɵктʏк курал деп аташат. Кыскасы, «ак ит – кɵк ит» дегендей, экɵɵ тең бир эле тʏшʏнʏктʏ билдирет.
Тактикалык ɵзɵктʏк курал ар тʏрдʏʏ болушу мʏмкʏн: ɵзɵктʏк миналар, тереңден жарылуучу ɵзɵктʏк бомбалар, ɵзɵктʏк артиллериялык снаряддар, баллистикалык ракеталар канаттуу ракеталар, авиациялык ɵзɵктʏк бомбалар.
Таасир кылуу радиусу боюнча алганда, стратегиялык ɵзɵктʏк ракеталардыкы кɵп миңдеген чакырымдарга (мисалы, 11 миң же 18 миң чакырым же Россияда жакында эле сыноодон ɵткɵрʏлгɵн («Сармат») ракетадай андан да кыйла кɵп чакырымдарга чейин жетсе, тактикалык ракеталар деп радиусу 500 -1000 чакырымдан ашпагандарды аташат.
Пенде экенбиз, дароо эле суроо пайда болот: Россияда канча тактикалык ɵзɵктʏк курал бар, Батышта канча да, дʏйнɵдɵ канча?
Мындай курал Россиядан башка дагы бир катар мамлекеттерде бар экендигинен баштасак. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тактикалык ɵзɵктʏк ракеталарга АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан жана Тʏндʏк Корея ээ. Узун кулак Израилде да тактикалык ɵзɵктʏк ( тактикалык эле эмес!) курал бар болушу мʏмкʏн деген шектенʏʏлɵр кɵптɵн бери айтылып келет. Бирок ал аны танып жʏрɵт.
Стратегиялык эмес куралдын тигил же бул ɵлкɵдɵгʏ так саны чоң сыр болуп саналат. Биз мында тигил же бул ɵлкɵнʏн атайын кызматынын чалгындоо маалыматтарына гана таяна алабыз.
Россиялык чалгындоо кызматынын маалыматтарына караганда, АКШнын 500гɵ жакын тактикалык ɵзɵктʏк ракетасы бар. Болгондо да анын 200 даанасы Европа ɵлкɵлɵрʏндɵ сакталып турат: Бельгияда 22, Италиянын Авиано базасында35, Геди Торре базасында 40, Германияда 20, Нидерландыда 20, ал эми Тʏркиянын Инжирлик базасында 50 даана деп айтылат чалгындоо маалыматтарында. Американын ɵзʏндɵ жок, кудай сактасын!-деп туралы. Ал эми Россияда (америкалык чалгындын маалыматы боюнча) мындай куралдын саны ушул моментте 2000ден ашат. Тɵрт эсе артыкчылык! Муну аналитиктер АКШнын суу алдындагы ɵзɵктʏк кемелердин жана стратегиялык бомба ташыгыч учактардын саны боюнча алгандагы артыкчылыктары ʏчʏн компенсация катары карашат.
Белгилей кетʏʏ керек, АКШ менен Россиянын ортосунда аталган ɵзɵктʏк куралдын эки тʏрʏндɵгʏ айырмачылыктар боюнча бир так келишим , демек, ɵзɵктʏк куралдын жалпы кубаттуулуктары жагдайында да так маалымат жок.
Бул маселен,«ким биринчи болуп акыретке кетет?» дегендей эле коркунучтуу суроо.«Жʏз жашка тол, кылым!» деп (Ж.Мамытов) акындар айгай салган ɵткɵн жыйырманчы кылымдын «кансыз согуш» кʏчɵп турган 80-жылдарында эле дʏйнɵдɵгʏ ɵзɵктʏк куралдардын жалпы кʏчʏ Жер планетасын он тɵрт жолу жексен кылгандай даражага жеткендиги айтылып да, жазылып да жʏргɵн. Андан бери илим да, согуш-ɵнɵр жайы да бир орундан жылбай токтоп турат деп эч ким айта албайт. Жерди он тɵрт эмес, бир эле жолу жексен кылуу жетиштʏʏ эмеспи.
Дагы бир деталь: тактикалык ɵзɵктʏк курал жагдайында АКШ менен Россиянын ортосундагы келишимдердин биринде да сɵз айтылган эмес. Алсак, СНВ (стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу) келишими. Ошол себептен, тактикалык ɵзɵктʏк куралды ким канча кааласа, ошончо кармай алат. СНВ-3 келишимине кол коюуну Вашингтон тактикалык ɵзɵктʏк куралды да келишимге киргизʏʏ талабын шылтоолоп, акыркы кʏндɵргɵ чейин созуп келди. Москва ага кɵнгɵн жок.
«Коркунуч туулуп калганда», ɵзɵктʏк курал менен биринчи болуп превентивдʏʏ ɵзɵктʏк сокку уруу укугун АКШ ɵзʏнɵ илгертен эле ыйгарып алганы маалым. АКШнын согуштук доктринасында «эгерде бизге коркунуч эле туулгандай болуп калса, алдын ала сокку урабыз» деп белгиленген.
Ɵзʏнʏн ɵзɵктʏк доктринасында ɵзɵктʏк куралды жооп катары колдонорун кɵп жылдардан бери убадалап келген Россия доктринага принципиалдуу жаңы толуктоолорду жакында киргизди. Ага ылайык, Россия ɵзʏнʏн аймактык бʏтʏндʏгʏнɵ жана суверенитетине душман коркунуч туудуруп калса, ал турсун мындай коркунуч жɵнɵкɵй эле куралдын жардамы менен жаралып калса да, превентивдʏʏ ɵзɵктʏк сокку уруу укугун ɵзʏндɵ калтырат. Башкача айтканда, ɵзɵктʏк куралды кимиси биринчи болуп колдонору жагынан алып караганда, эки тарап бирдей деңгээлде тең укуктуу.
Превентивдʏʏ мындай сокку стратегиялык «Тополь», «Ярс» же «Сармат» менен урулабы, баары бир, жɵнɵкɵй логика: мылтык турганда, карышкырды замбирек менен атуудан эмне пайда?
Таза гипотетикалык мисал ʏчʏн: Россияга бастырып келе жаткан 5 миңдик поляк бригадасына 16 килотонндук ( экинчи дʏйнɵлʏк согуш маалында АКШ Хиросимага таштаган бомбанын кубаттуулугу) стратегиялык ɵзɵктʏк ракета менен сокку уруп, жарым Польшаны кыйратуунун кереги жок. Максатка жетʏʏ ʏчʏн кубаттуулугу андан 10 эселеп тɵмɵн турган тактикалык ракета эле керек.
Ким болбосун, биринчи болуп «кызыл топчуну»! басса, дʏйнɵлʏк ɵзɵктʏк согуш башталат. Ал эми тактикалык ɵзɵктʏк куралды колдонуу анын бетин ары кылсын, ал согуштун прелюдиясы болуп калуусу ыктымал.
Ал ортодо АКШ менен НАТО Россиянын "Украинадагы атайын аскердик операциясы ишке ашпай калса, Москва Киевди жана жɵн-жай тынч элди ɵзɵктʏк курал менен аткылап баштайт" деген сыяктуу имиш- кептерди активдʏʏ таратып жаткандары айтылууда. Мындай провокациянын жаралышына америкалыктар ɵзʏлɵрʏ жардам бербейт деп азыр Украинаны узун-туурасынан курал-жарак менен шыкап, акыркы украин калганга чейин "согушууга даяр" турган АКШнын абалынан улам айтууга эч мʏмкʏн эмес.
Бул жагдайда ой жоруган атактуу режиссер Оливер Стоун мына ушундай маанидеги сценарийин жазып чыкты. Россия тараптан «ɵзɵктʏк куралдын» колдонуп калуу ыктымалдуулугу жɵнʏндɵгʏ теманы АКШнын мамкатчысынын орун басары, 2020-жылы Киевдеги Майданды башкарган, андан кийин Украинанын жаңы ɵкмɵтʏнɵ кимдерди алуу керектиги боюнча кɵрсɵтмɵ берген Виктория Нуланд кɵтɵрʏʏдɵ.
Стоун ɵзʏнчɵ мынтип суроо коет: а эмне ʏчʏн Батышта журналисттер ɵзɵктʏк теманы баса калып талдашууда?
Анан ɵз оюн айтат: дʏйнɵдɵ болуп кɵрбɵгɵндɵй чоң провокация – кайсыл бир Донбасс жакта миңдеген адам ɵлʏмʏнɵ алып келген жана буга байланыштуу орустарды дароо айыптаган ɵзɵктʏк бомбанын жарылуусу даярдалууда!
Штаттарга окуянын мына ушундай уланышынын эмне кереги бар? Эмнеге дегенде, азырынча Батыштын калпагы астында калып турган 50 пайыз европалыктардын коомдук пикирин ɵзʏнɵ оодаруу, Россияга толугу менен санкция кийирʏʏ, Россия менен Кытайды ажыратуу, андан ары Москва бийлигине экинчи Ельцинди алып келʏʏ аркылуу ɵлкɵнʏ майда-майда бɵлʏктɵргɵ тыркыратуу керек болуп тургансыйт.
Абдираим Мамытов
Каарманыбыз 27 жаштагы кыздын айтымында, ала деп аталган оорунун айынан ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, бала жытын жыттай элек. Дегеле “ала” деген эмне дарт? Ага тʏзʏлʏшʏ жагынан окшоп кеткен кара так баскан ооручу? Теринин мына ушундай сейрек кездешчʏ оорулары тууралуу баяндайбыз.
Бʏмайрам Эсенбаева, Ош облустар аралык тери-венерология борборунун тери-венерология бɵлʏмʏнʏн башчысы:
-Тери ооруларынын ичинен оору пайда кылбай, жанды кыйнабай, бирок ɵң-келбетти бузган оору медициналык тилде “витилиго” ал эми элдин арасында “ала” оорусу деп аталат. Ала оорусу теринин айрым жерлеринде меланин пигментинин ар кандай кɵлɵмдɵ жана ак тактардын пайда болушу менен мʏнɵздɵлɵт. Оорунун келип чыгуу себебин дʏйнɵ жʏзʏ таппай келʏʏдɵ. Ар кайсы курактагы адамдар бул оорудан жабыркашат.
-Ооруну алдын алуу мʏмкʏн эмес. Бул муундан-муунга тукум куучулук аркылуу ɵтʏшʏ ыктымал. Ошол эле учурда катуу чочугандан же сезгенгенден да пайда болот деген пикирлер бар. Организмдин жалпы абалына таасирин тийгизбейт. Болгону, косметикалык дефект катары тынчсыздандырат.
-Дарылоонун жаңы методдору боюнча дарыгерлер ала оорусун токтотуп калууга аракет кылып жатышат. Бирок, ар кимдин организми ар кандай болгондуктан кээ бирлериники дарылаганда токтойт да, тери торчо болуп, ɵз калыбына акырын келе баштайт. Ал эми кээ бир адамдардыкы токтоп, ошол жери ак боюнча калып калат. Тилекке каршы, айрымдарына дарылоо таасир этпей, токтотууга мʏмкʏн болбой калат. Жалпысынан дʏйнɵлʏк практикада да бул ооруну толук дарылоого болот деп айта албайбыз. Ошондой эле дарылоо врачтардын кɵрсɵтмɵсʏ менен гана жʏргʏзʏлɵт. Беттеги тактарды билдирбɵɵ ʏчʏн грим, суюк упа колдонсо болот. Теридеги ак тактары бар адамдар узак мɵɵнɵткɵ кʏнгɵ турууга мʏмкʏн эмес.
27 жаштагы каарманыбыз бул ооруга чалдыкканы тууралы мындай дейт:
-Мен башка балдардай эле дени сак тɵрɵлгɵм. 1-класста окуп жʏргɵндɵ алгач кɵзʏмʏн бир четине кичинекей ак так тʏшкɵн. Башында анча маани бербептирбиз. Барган сайын денемин башка жерлеринде пайда боло баштады. Барбаган жерибиз, кылбаган нерсебиз калбады. Айрымдар йод коюп кɵрʏʏнʏ, лазер менен кʏйгʏзʏп кɵрʏʏнʏ снуштады. Тилекке каршы, бирɵɵсʏ да жардам берген жок. Башкаларга да ар кимдин айткан ыкмасын жасай берʏʏнʏ сунуштабайт элем. Болгону убагында дарыгерге кайрылышсын. Болбосо ɵтɵ кеч болуп калат экен.
Гʏлнара Рысбекова, Ош облусундагы башкы эндокринолог. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын эндокринология бɵлʏмʏнʏн башчысы.
-Эмне себептен териде кара тактар пайда болот? Бул витилигодон эмнеси менен айырмаланат?
-Дени сак адамдын организминде меланин деген гормон иштелип чыгат. Ал адамдын терисине ɵң-тʏстʏ берип туруучу гормон. Анын натыйжасында адамдын териси ак, сары же кара болуп калыптанат. Ошондой эле меланин гормону кʏндʏн ультра кызгылт-кɵк нурунан терини сактоо функциясын аткарат. Гиперпигментация бул – теринин ашыкча карайып кетиши. Ал эми депигментация – меланин гормонунун териде жоголуп кетиши, тагыраагы витилиго (ала оорусу). Негизи “пигмент” латындын “pigmentum” сɵзʏнɵн алынган. Кыргызча “боёк” деген маанини тʏшʏндʏрɵт.
-Ооруну пайда болушуна таасир этʏʏчʏ факторлор?
-Гиперпигментация локалдык болгондо теринин ар жеринде майда же чоң кɵлɵмдɵгʏ кара тактар пайда болот. Диффуздук тʏрʏндɵ тери баштан-аяк карайып кетет. Физиологиялык гиперпигментация дени сак адамдардан кош бойлуу аялдарда байкалат. Алардын бетинде, колунда, кɵкʏрɵгʏндɵ тактар пайда болуп, бирок тɵрɵттɵн кийин жоголот. Патологиялык оорунун негизиндеги гиперпигментацияга тукум куучулук аркылуу ɵткɵн белгилер кирет. Мындан сырткары ар бир адамдын бɵйрɵгʏнʏн ʏстʏндɵ ʏч бурчтуу, 3 сантиметрлик эндокриндик бездер болот. Ошол без аркылуу кортикостероид жана минералокортикоид гормондору иштелип чыгат. Ал гормондор да теринин тʏсʏнɵ таасирин тийгизет. Эгер бɵйрɵк ʏстʏндɵгʏ бул бездердин кортизол гормону жетишпесе “Аддисон” деген сейрек кездешʏʏчʏ оору пайда болот. Аддисон оорусунун натыйжасында теринин кʏн тийген жерлери (бет, моюн, кол, бут) акырындап карая баштайт, андан ары дененин бʏт жери интенсивдик тʏрдɵ карайып кетет. Бул ооруну качан гана териде белги пайда кылганда гана байкашат. Ага чейин акырындан ɵɵрчʏп отуруп, туберкулёздун же башка аутоиммундук оорунун айынан же операциядан кийин, стресстен кийин, травмалык авариялардан кийин бɵйрɵккɵ тийгизген таасиринин негизинде, бɵйрɵк ʏстʏндɵгʏ бездерге кан куюлуп, кийин денедеги кара тактарды пайда кылышы мʏмкʏн. Мунун себебин изилдɵɵ абдан таатал.
-Кайсы курактагы адамдарда гиперпигментацияга чалдыгуу коркунучу бар деп айта алабыз?
-Азыркы учурда кɵпчʏлʏк адамдарда алсыздануу, баш оору, баш айлануу сыяктуу белгилер бар. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, ага кайдыгер карашат. Кара тактарды качан гана териге чыкканда байкашат. Анда да кɵбʏнчɵ аялдар врачтарга убагында кайрылышат, ал эми эркектер оорусуна анча маани бербей келишет. Гиперпигментация жаш балдарда деле болушу мʏмкʏн. Дени сак адамдардын денесинин кʏн тийген жерлеринде 40 жаштан кийин 2-5 миллиметр ɵлчɵмʏндɵгʏ майда кара тактар пайда болушу мʏмкʏн. Ɵтɵ кара эмес, кочкул кʏрɵң тʏстɵ.
-Ооруну толук айыктырууга болобу?
-Бул сейрек кездешкен оору. Ошону менен витилигонун себеби да аныктала элек. Айрым пикирлер боюнча бул оору абанын ɵзгɵрʏшʏ, экологиянын бузулушу, адамдагы стресс менен байланыштуу деп айтылып жатат. Ушул сыяктуу кээ бир учурларда гиперпигментациянын да себеби тактала элек. Эки оорунун тең тукум куучулук белгилери бар. Ата-энеден баласына ɵтʏшʏ мʏмкʏн, ɵтпɵй калышы да мʏмкʏн. Кеңеш катары айтаар элем, эгер адам денесинин кайсы гана бɵлʏгʏндɵ болбосун тактарды байкаган болсо сɵзсʏз тʏрдɵ дарыгерге кайрылышы керек. Кээде бул меланома шишиктери болуп калышы мʏмкʏн. Кадимки кал кɵлɵмʏ чоңоюп кетʏʏсʏ ыктымал. Гепатит оорусунун кесепети тийиши мʏмкʏн. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой гепатит билинбеген оору. Гепатиттин фонунда адамдын терисинде диффуздук, тактап айтканда, баштан-аяк гиперпигментация пайда болушу мʏмкʏн. Ошондуктан ɵз убагында медициналык изилдɵɵлɵрдɵн ɵтʏʏ зарыл.
Айжылдыз Тойчиева
Кылымдар бою кайсы бир элдин ырым-жырым, каада салты сакталып келет. Биздин салт-каадалар санай келсең оголе кɵп. Бʏгʏн келиндерге тиешелʏʏ болгон каадага токтолобуз. Мурдагы салтты сактап келаткандар бар, бʏгʏнкʏ демократиялык коомдо тескерисинче, бул салттар колдонулбай да калган.
Кыргыздарда келин кʏйɵɵсʏнʏн туугандарын (аялдарын да, эркектерин да), кʏйɵɵсʏн ɵзʏ барда да, жокто да атынан айтпай, башка сɵз менен алмаштырып атаган жана кʏйɵɵсʏнʏн жети атасына да ушундай мамиле кылган. Бул салт "тергɵɵ" деп аталган. Тергɵɵ келин келгенден тартып каза болгонго чейин кармалган. Биздеги бул салт тууралуу ХХ кылымдын 20-жылдарында Кыргызстандын аймагында изилдɵɵ жʏргʏзгɵн Ф. А. Фиельструп тɵмɵндɵгʏдɵй маалыматты жазып кеткен: "Аялдар ʏчʏн айтууга тыюу салынган сɵздɵр-кʏйɵɵсʏнɵн эркек туугандарынын аттары. Азыркыга чейин кары аялдар кʏйɵɵсʏнʏн ата-бабаларынын онунчу атасына чейин атабайт. Мындан сырткары бул аттар менен ʏндɵш, окшош сɵздɵрдʏ да айтууга укуксуз болгон. Манаптарда келин кʏйɵɵсʏнʏн уругун да атабайт, ошондой эле бул аттар менен байланышкан нерселердин, жаныбарлардын атын айтпайт".
Жаңы келген келинге улуу абысындары кимди кандай ат менен тергээри тууралуу айтып беришкен. Анткени ар бир уруунун келиндери кайнагаларынын ар кимисин кесибине ("Уста акем"), сырткы келбетине ("Тɵкɵр акем"), мʏнɵзʏнɵ(" Момун акем") ж.б. ɵзгɵчɵлʏктɵрʏнɵ жараша тергешкен. Келин мындан ары аны эл арасында "баланча акем" деп ошол ат менен тергɵɵгɵ тийиш. Бирок ага кайрылуу учурунда антип тергелген аты менен эмес, жɵн гана "аке", "аба" деп кайрылган. Ошондой эле келинге ошол ʏйгɵ бʏлɵ болуп келгенге чейин тɵрɵлʏп калган кайын сиңди, кайнилерин да атын атоого тыюу салынган. Ал келгенден кийин тɵрɵлгɵндɵрдʏ гана тергебей, ɵз атынан айта алган. Бирок алардын арасынан да чоң ата, чоң апаларынын атынан коюлгандарын тергеген. Келин кайын сиңдилерин "кыз", "бийкеч", "эрке кыз", "улуу кыз", (улуу кайын сиңдисин), "ортончу кыз", "кичʏʏ кыз" деп тергеген. Мындан сырткары кээде кайнеже, кайын сиңдилерин кайсыл аймакка турмушка чыкканына жараша да тергеген. Алсак "Кɵлдɵгʏ эжем", "Чʏйдɵгʏ кыз" ж.б. Ал эми кайнилерин "бала", "уул бала", "ортончу бала", "кичине бала", "уул", "кичине уул", "эрке бала", "марка бала" ("марка"-кенже деген мааниде), "молдо бала", "ырчы уул" ж.б. деп тергеген. Мынтип тергɵɵ кайын сиңдиси, кайниси картайып калган мезгилде деле кармалып, адатта жеңеси каза болгонго чейин улантыла берген. Ошондой эле келин кайнисинин эркек бир туугандарын (таякелерин), алардын аялдарын жана кайненесинин эже-сиңдилерин да аттарынан айтпай, тергеген. Кээде келинге ɵзʏнʏн атасынын атын же ɵзʏнʏн ысымын атоого тыюу салынган учурлар кездешкен. Алсак, келиндин аты кайненесинин атындай болсо, ал турмушка чыккандан баштап ɵмʏрʏнʏн акырына чейин ɵз атын айткан эмес. Мындай шарт кайнатасы менен атасынын ысымдары окшош болуп калган мезгилде да кармалган. Мынтип тергɵɵ адат боюнча келин каза болгонго чейин созулган. Ал эми ал тергеген кишилердин кɵзʏ ɵткɵндɵ деле алардын атын айткан эмес. Н.П. Дыренкованын маалыматы боюнча, келиндин кайнатасын, кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарын тергɵɵсʏ анын кайындалган мезгилинде эле башталган. Эгер кыз менен жигитти бала чагында эле кудалап койгон болсо, кыз кичине кезинде гана болочоктогу кʏйɵɵсʏнʏн туугандарынын атынан атаган. Ал эми 11-13 жашынан баштап ал болочоктогу кайнатасы менен кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарынын эч кимисинин атын атаган эмес. Бирок мындай маалыматка кайчы пикирлер да бар. Тактап айтканда, кыз кудаланган мезгилден баштап болочоктогу кайын журтуна кɵрʏнʏʏдɵн жана жолугуп калуудан качкан, бирок аларды тергеген эмес.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тергɵɵ-эл арасында колдонуудан калып бара жаткан тыюулардын бири, тактап айтканда, айыл арасында гана бир аз таасирге ээ. Айыл жергесинен кайнатасын же "баланча жеңемдин кʏйɵɵсʏ" деп кайнагасын тергеген келиндерди, азыркыга чейин каза болуп калган кайната, кайненесинин атын атабай, теригип жʏргɵн карыяларды кездештирʏʏгɵ болот. Бирок шаар калкында, ɵсʏп келаткан жаштар арасында бул салт дээрлик колдонулбай калды.
Келинге мʏнɵздʏʏ журум-турум эрежелеринин бири – жʏгʏнʏʏ. Келин кайната, кайнене, кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарына жана кайненесинин бир туугандарына учурашуу иретинде жʏгʏнгɵн. Мында ал саламдашуу иретинде колун бооруна алып, тике карабай, ийилип таазим эткен. Жада калса кʏйɵɵсʏнɵн "аяк алып ичерлик улуу" эркек туугандарына да жʏгʏнʏʏгɵ тийиш болгон, бирок алар ɵздɵрʏ макулдук берип келиндин жʏгʏнбɵɵсʏн суранышкан учурда ал жʏгʏнʏʏсʏн токтото алган. Байбиченин балдарынын аяалдары токол апасына да жʏгʏнʏп, атын атабай тергеген. Келин топ кишиге карата да бир эле жолу жʏгʏнгɵн. Ошондой эле кээде келин ыраазычылык билдирʏʏ иретинде да жʏгʏнгɵн. Алсак, келинге жогоруда аталган адамдар устукан берген учурда ыраазычылык иретинде ал кишиге жʏгʏнʏп койгон. Келин кимге багыштап жʏгʏнсɵ, ал киши буга жооп кылып "кɵп жаша", "ɵмʏрлʏʏ бол", "кудай жалгасын", "теңир жалгасын", "алганын менен тен кары", "бар бол", "ɵркʏнʏң ɵссʏн", "тилегиңе жет", "кудай тилегинди берсин", "этегиңден жалгасын", "ак жоолугун башындан тʏшпɵсʏн", "ак элечегин башындан тʏшпɵсʏн", "кɵшɵгɵң кɵгɵрсʏн" деген сыяктуу алкоолорду айтып ыраазычылык билдирʏʏгɵ тийиш. Ал эми келиндин жʏгʏнʏʏсʏн жоопсуз калтырып байкамаксан болуп басып кетʏʏ, бата бербей же алкабай коюу кыргыздын салттык этикетинде ɵтɵ чеки иш катары эсептелген. Жʏгʏнʏʏ адат боюнча келин каза болгонго же картайганга чейин созулган. Кээде аял киши ɵзʏ карып калган учурда да абышкасынын кɵзʏ тирʏʏ туруп, уруусунда андан улуу киши калса, анда ага мурункудай эле жʏгʏнʏʏсʏн уланта берген. Бирок кыргыздардын салттык этикетинде тɵмɵнкʏ учурларда келиндин жʏгʏнʏʏсʏнɵ тыюу салынып, токтотулган: Адат боюнча кʏйɵɵсʏ каза болгон аялды "бели сынды" деп жʏгʏндʏрʏшкɵн эмес. Бул кʏйɵɵсʏнɵн ɵтɵ жаш калган келинге да тиешелʏʏ болгон. Бирок келиндин кайын журтун тергɵɵсʏ мурункудай эле улантыла берген. Жесир аял кайрадан кʏйɵɵгʏ тийгенден кийин жʏгʏнгɵн эмес. Бирок жесир аял кайрадан кʏйɵɵгɵ тийип , нике кыйылгандан кийин, кайын тарабы тамак-аш, чай куюлган аяк сунуп, "балам, мындан кийин мурунку жолуң менен жʏгʏнʏп жʏр, муну ич"деп берет. Ошондон тартып келин мурункусундай жʏгʏнɵ баштаган. Эгерде мындай иш-аракет аткарылбаса, ал жʏгʏнгɵн эмес. Келин каза болгон адамдын ʏйʏнɵ бата кылууга барганда же ошол жерде кызмат кылып жʏргɵндɵ ɵзʏнʏн дайыма жʏгʏнʏп жʏргɵн адамдарына сɵɵктʏ жерге берип келгенге чейин жʏгʏнгɵн эмес. Мындай ишаратка жамандыкка жʏгʏнгɵндɵй, ага багынгандай болуп калат деген ишеним себеп болгон. Белгилей кетчʏ нерсе, келин кʏйɵɵсʏнʏн улуу туугандарына эле эмес, уруунун башка аксакалдарына да салам берʏʏ иретинде жʏгʏнгɵн. Келин кайната, кайненесинин, кайнагаларынын, байбичелердин жана аксакалдардын жолун кесип ɵтпɵйт. Алардан канчалык аралыкта турганына карабастан, алар ɵтʏп кеткенден кийин ɵтʏшʏ зарыл болгон же болбосо айланып ɵткɵн. Бул – ошол адамдарга болгон сый, ийменʏʏ дегендик эле.
Келин кайнатасынын, кайнагаларынын жана кайненесинин бир туугандарынын (таякелеринин) ʏйʏндɵ тɵр жакка отурбайт. Аларга эч качан жылаңайлак, жылаңач тизечен, кɵкʏрɵгʏ ачык жана жыланбаш (жоолуксуз) кɵрʏнгɵн эмес. Ошондой эле алардын кɵзʏнчɵ катуу кʏлгɵнгɵ, каткырганга тыюу салынган. Келин кайнатасы отурган орунга отурбайт, кийимин тебелебейт, аттабайт, кийбейт. Ал жаткан тɵшɵктʏ тебелеген эмес, ал уктаган орунга тɵшɵк жыйылган болсо да, ал барда да, жокто да отурган эмес. Бул биринчиден, аларга болгон сый, экинчиден, келин кайнатанын тɵшɵгʏн тебелесе, кусуру же каары уруп, келин ооруп калат деген ишеним болгон. Мындай маалыматты Н.И.Гродековдун " келин кайнатасы тирʏʏ турганда боз ʏйдʏн сыйлуу жерин-тɵрдʏ баспайт, антпесе анын буту ооруп калышы мʏмкʏн" деген билдирʏʏсʏ ырастайт. Ошондой эле келин кайнатасынын, кайнагаларынын минип жʏргɵн атына минбейт жана токунуп жʏргɵн ээрине отурган эмес. Атʏгʏл ал ээрди башка атка токуп минʏʏгɵ да болбойт. Келин боз ʏйдɵ кайнатасынынан алысыраак отурса да, ал тарапка аркасын салып бурулган эмес жана ʏйдɵн чыгып баратканда аркасы менен кетенчиктеп чыгууга тийиш болгон. Келинге кайнатасы, кайнагалары менен бир идиштен тамак ичʏʏгɵ тыюу салынган.
Келиндин кʏйɵɵсʏнʏн бир туугандарынын же аталаш жакын туугандарынын аялдары "абысын" деп аталат. Бир туугандардын ынтымактуу жашоосунда абысындардын ролу абдан чоң болгон. Ошондуктан кыргыздарда "абысын жакшы болсо аш кɵп, агайын жакшы болсо ат кɵп"деп айтып коюшкан. Келин ɵзʏнɵн улуу абысындарына "сиз", "жеңе" деп кайрылган. Алардын атын айтпай, "улуу жеңем", "кичʏʏ жеңем" деп же алардын балдарынын атынан айтып "Жыпардын апасы", "Айдардын апасы" деп тергеген. Абысындар жамандык, жакшылыкка барып калганда милдеттʏʏ тʏрдɵ бири-бирин ээрчитип алган, тактап айтканда, дайыма бири-биринин "чачпагын кɵтɵрʏп барган" (чачпагын кɵтɵрʏʏ – бирɵɵнʏн шылтоосу менен ээрчий келʏʏ, жандай келʏʏ, анын шарапаты менен бирге, кошо конок болуу). Бир жакка конокко барганда кичʏʏсʏ кɵтɵрʏнчɵгʏн кɵтɵрʏп, улуусун ʏйгɵ биринчи киргизип, ɵзʏнɵн ɵйдɵ отургузган. Мында келиндин эмес, алардын кʏйɵɵлɵрʏнʏн жашына карата улуулугу аныкталган, жолукканда учурашуу иретинде жʏгʏнгɵн. Келин алууга даярдануу жана келин алуу мезгилинде жʏргʏзʏлгɵн ар бир иш-аракетке ɵзгɵчɵ маани берип, алардын ар бири жакшы ниет менен жасалган ар кандай ырым-жырымдар менен коштолгон. Эч нерсе кɵз жаздымда калган эмес. Мында келинге салына турган жоолуктан тартып жаштардын тɵшɵгʏн сала турган же тиге турган адамга чейин маани берилген. Келин да ɵз кезегинде мындай кɵңʏл бурууга татыктуу болууга тийиш болгон.
Сыдык Токонов
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...