• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS

«Дүйнөнү күчүм менен багындырам»

Понедельник, 29 Февраль 2016 04:57
«Дүйнөнү күчүм менен багындырам»

Орозбек Афтандил уулу 1993-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Күңгөй айылында туулган. Ош юридикалык институтунда 4-курста окуйт. Спорттун күжүрмөн самбо түрү боюнча машыгат. 2014-жылы Ташкент шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында 1-орунду алып, Азия чемпиону болгон. 2015-жылы Марокконун Касабланка шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөнүн чемпионатында 3-орунду, ал эми Францияда өткөн Париждин ачык кубогунда күжүрмөн самбо боюнча 62 кг. салмактагылар арасында 2-орунду багындырган. 2015-жылы жылдын мыкты самбисти деп табылган.

Быйылкы жылы Бишкекте өткөн күжүрмөн самбо боюнча эл аралык турнирде 1-орунду ээлеп, алтын медалга татыктуу болду.

«Бир тууган агам демөөрчүм»

  -«Мухаммед-Умар» спорт клубунда машыгам. Мектепте окуп жүргөндө Ошко келип бир-эки жолу машыгып кеткем. Спортко болгон кызыгуумду бир тууган агам Жанарбек ойготту. Анын сунушу менен студент болгон күндөн тартып эле залга барып машыга баштадым. Өзү бизнес менен алектенгендиктен, контрагым, тамак-ашым анын мойнунда, чогуу жашайм. Мелдештерге катышып, жеңишке жетишиме агам себепчи. Дайыма колдоп-кубаттап, алга сүрөп турат. Менин демөөрчүм агам десем туура болот.

«Чоң атамдын баласымын»

-Ата-энем карапайым адамдар. Айылда чарбачылык менен алектенишет. 6 бир тууганбыз, 3 уул, 3 кыз. Ата-энем мени 9 айлыгымда чоң атамдарга берген экен. Ошол бойдон чоң атама бала болуп калдым. Өз атамды агамдай, апамды жеңемдей көрөм. Аларды деле жакшы көрөм. Бирок чоң атам, чоң энем эң жакын адамдарым. Чоң энемдин аты Зууракан, бардык неберелеринин ичинен мени өзгөчө жакшы көрөт. Азыр деле барсам, кантын, таттууларын бекитип койгон болот.  Чоң атам айылда чабандес, балбан, мүнүшкөр катары белгилүү. Ат да, илгери куш да таптачу экен. Былтыр райондо өткөн улак тартышка катышып, биринчи орунду алдым. Бул менин жеңишим эмес, чоң атамдыкы. Спортко кызыккандыгым мага чоң атамдан өткөн деп сыймыктанам.

«Менин күчүм дагы, куралым дагы сөзүм»

-Башта 2-3 ирет машыгуудан кайтканда балдар тосуп тийишкен, акча, телефон бер деп. Мушташа кетпей эле жакшына сүйлөшүп, басып кеткем. Негизи жөн жүрсөң сага эч ким тийишпейт. Мен эч кимге тийишпейм да, мушташпайм. Сөз менен эле жеткирип коем.

Спорт мектеп десе эле айрымдар бейбаш, мушташкан балдарды элестетишет. Чынында биздин балдар өтө карапайым, жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары. Бул жерде байлык, бийлик бааланбайт. Өз күчүң, мээнетиң менен жетесиң баарына. Результат көрсөтүшүң керек. 

«Күздө аскерге барам»

-Быйыл 4-курсмун. Жигит болуп жетилдик, эми эр жигиттик милдетимди өтөп, армияга кызмат кылам деп турам. Бишкекте спорт рота бар. Ошого чакырып жатышат. Барып аскердик жашоону, тартипти да көрүп келейин.

Көптөр аскерге баруудан баш тартышат. Себебин ар ким ар кандайча айтышат. Менимче эркек болгон соң, бир жыл аскерге барып, курал кармаганды үйрөнүүсү зарыл. Армиядагы балдар ортосундагы терс көрүнүштөр туура эмес. Чыныгы жигит өз күчүнө ишенсе, алы жеткен балага зордук кылбайт, тийишпейт. Насвай, чылым тартууну жаман көрөм. Эгер кимдир-бирөө мага таап кел деп айтса, күчүм менен эмес, сөзүм менен эле түшүндүрүп коем. Армияда кызмат өтөөгө мындай нерселер тоскоол боло албайт.

 «Атаандаш менен бет келгенде…»

-Атаандаш менен таймашып жатып, жеңишти гана ойлоном. «Мен Кыргызстандын жүзүмүн» деп сезесиң.  Утулуп калгың келбейт. Анткени, арт жагыңда  дос-жарың, машыктыруучуң, кыргыз элиң турат. Элдер тойлорго, майрамдарга барып жыргап жүргөндө, мен баарынан кечип машыгып жаттым, ошол машыгууларым текке кетеби деп ойлоносуң.

«Спортчу деле адам, аларда да жүрөк бар»

-Спортчу десе элдер таш боор, мээримсиз деп ойлошот. Алар деле кадимкидей адам. Алсыз менен, күчтүү менен кантип мамиле кылышты билет. Мисалы, мен аябай боорукермин. Бирөө кыйналып жатса, карап тура албайм. Колумдан келишинче жардам берем. Жөнөкөй, барды-жокту түшүнгөн адамдарды сыйлайм.

Анан, спорт чөйрөсүндө улутчулдук, жердешчилик деген жок. Ичкиликтен алыспыз. Залдагы балдардын көбү намаз окушат. Мен жума намазга барам. Классташтарымдын жарымы намаз окучу, ошондуктан ичкиликти такыр татып көргөн эмеспиз.

Спортчу балдар жөнүндө ар кандай сөздөрдүн чыгышына, бир-эки жолу залга баш багып, кийин жоголуп кеткен балдар күнөөлүү. Алар спорт мектептин атын жамынып алып, жаманатты кылышат. Биздин спорт клубдун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул мезгил ичинде канча балдар тарбияланып, Кыргызстандын желегин чет жерлерде желбиретишти, эл күбө.

«Дүйнө кубогуна, Москвага барабыз»

-Машыктыруучуларым - Бакыт Жусупов, Мухаммед Курбанов. Бул адамдар мага спорттун чеберчилигин гана үйрөтпөй, жеке жашооңду туура алып кеткенге тарбиялайт. Окууңду таштап койбо, эч кимге зулумдук кылба, өзүңдөн алсыз адамга кол көтөрбө деген сыяктуу насааттарын айтып турат. Мелдештерде колдорунан келишинче каражаттан жардам берет. 22-мартта Москвада дүйнө кубогу болот. Даярдык күч.Тынымсыз машыгып, даярданып жатам. Машыктыруучуларыма чексиз ыраазымын. Алар мени спортко гана тарбиялабастан, психологиялык жактан дем берип, жеңишке үндөгөн саяпкерлерим. Менин жеңишим алардын эмгеги.

«Тасмага тартылуу кыялым»

-Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кечелерде, интермедияларда ролдорду аткарып жүргөм. Киного тартылууга сунуш түшсө, аракет кылмакмын. Сыртымдан жөнөкөй көрүнгөнүм менен мүнөзүм жумшак, тамашакөй, юморго жакын адаммын. Күлкүнү, шаңдуу жашоону сүйөм.

Масим Турсунбекова

 

 

Жарыяланган категория Спорт
Подробнее ...

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved