• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS

«No Nameдин» ордун басчу «Универсал»

Пятница, 20 Ноябрь 2015 03:56
«No Nameдин» ордун басчу «Универсал»

«Тамашоу» лигасында мурун ойноп кеткен командалардын кийин бир топ жаш командалар пайда болду. Акыркы күндөрү өзү теңдүү командалардан айырмаланып, мыкты оюн көрсөтүп келе жаткан командалардын арасында Оштун «Универсал» командасы бар. Команданын шайыр,  тапкыч жигиттери бүгүн бизде конокто.

 

Калыбек Турдубаев, «Универсал» командасынын капитаны:

«Тамашоудо түндүк-түштүк деген түшүнүк жок»

-Силерди «NoName» командасывнын ордун басат деп түшүнсөк болобу?

Балким болоттур., балким жок. Себеби, «NoName» командасы мурунку муундун командасы. Ошол муундун көз карашы менен карасак баса албайбыз. Албетте, биз да жаңыдан чыгып,  эми такшалып келе жатабыз. Аз болсо да күйөрмандарды топтогонго жетиштик. Алардын көз карашы менен айта турган болсок, «NoNameдин» ордун басып калыпсыңар, жетип калыпсыңар» деген комментарийлерди угуп калабыз.

-Негизи эле силердин командаңардын түптөлүшүндө бул команданын салымы барбы?

-Түптөлүшүндө салымы жок. Бирок, даярдыгында түздөн-түз жардамын берип, үйрөттү десек болот. Алар биздин устаттарыбыз болуп калган. Бир гана үйрөтүү менен чектелбестен, борборго барган кездерде финансылык жаткан да жардам берип жүрүштү. Команда жаңы курам менен «Тамашоу» лигасынын 6-сезонунан тарта пайда болду. Ал мезгилде командабыз алсыз болгондуктан, эч ким деле тааныбай калса керек. Жөн эле оюн көрсөтүп, барып-келип жүргөнбүз. Ал эми «NoName» командасы менен чоң, жеке концерттерде бирге ойнойбуз. Ушундай жардам керек келгиле дейт. Бир сөзүн эки кылбастан барып жардамдашып, оюн көрсөтүп беребиз.

-Борборго барып оюн көрсөтүп келүүдө силерди эмне түйшөлтөт?

-Борборго барарда даярдык эле кыйнабаса кыйынчылык деле жок. Анткени, даярдык көп убакытты, көп энергияны талап кылат. Эң эле аз дегенде 10 күн даярданышыбыз керек. Бир жума даярданып калсак, анда барыштын кереги жок. Ал эми барып келишибиз биз үчүн эки кадамдык эле жер. Командадагы балдар менен ойноп эле барып кайтабыз. Биз Ош технологиялык университетинде окуп, иштеп жаткандыктан негизги демөөрчүбүз -университет. Абидов Абдыкадыр Оморович бизди өтө жакшы колдойт. Ар бир барып келгенибизге колдоо көрсөтүп, каржы жагын жетишээрлик  чечип берет.

-Тартып койду, бизди баалабай атат деген таризде таарынычтар болду беле «Тамашоуго» карата?

-«Тамашоудо» тартты, түндүк-түштүк деген түшүнүк жок. Ушул кезге чейин бир да биз тараптан нааразычылык болгон эмес. Оюн көрсөткөнүбүзгө карап өз баабызды алабыз. «Тамашоуго» катталып, оюн көрсөтө баштаган 2013-жылдан бери аталган лигада канча наам, сыйлык болсо ошонун баарын алганга жетиштик. Атап айтсак, 6-сезондун жазгы фестивалында оюнчубуз Садык «Мыкты оюнчу» аталган, 7-сезондо «Мыкты тамаша», «Мыкты команда» аталдык. Бир сөз менен айтканда, биздин сыйлык куржунубузда баардык наамдар бар.

-Командадагы балдар ортосунда талашып, тартышуу деген болобу?

-Команда туруктуу кармалып турушу үчүн, албетте, ынтымак керек. Бир да жолу таарынып же урушуп командадан чыгып кеткен балдар болгон эмес. Мурда биздин командада алты бала оюн көрсөтүп келсе, учурда төрт эле бала бар. Командадан кеткен эки баланын бири окууну аяктап, өзүнүн айылына ишке киргендиги үчүн кеткен. Анча-мынча чоң оюндарга келип катышып турат. Дагы бир жигитибиз үй бүлөлүк шартына байланыштуу Орусияга кеткен. Негизинен урушуп же талашып чырдашкан балдар жок.

-Силерди «NoName» командасы менен атаандаш катары көрсөк болобу?

-«NoName»  менен атаандашуу деген жок. Анткени алардын муунунда «Жигиттер», «Тамадалар», «Моника Беллучи», «Ак Өргө» болсо, биздин муунда «Политех», «Кыргыз двор», «Ассорти», «Евраш», «Элестет» деген командалар бар. Демек, биз алар менен атаандаша албайбыз.

Таирбек Исманалиев, команданын оюнчусу:

«Тамашоудон  тартип таптык»

 «Тамашоуда» ойноп биз эмне таптык? Тартип таптык деп ойлойм. Анткени, аталган долбоордо тартип өтө күчтүү. Ичимдик ичүү, тамеки тартуу, сөгүнүү деген бул долбоор үчүн жат көрүнүш. Эрмек Нурбаев агабыз өтө пунктуалдуу. 12:00гө келип калгыла десе ошодон 5 мүнөт кечиксек да оюндан алып салат, катышпай кала беребиз. Бир эле тамашалашканды үйрөтпөстөн тарбия да берди. Бизде тамеки таркан балдар жок, ичкен балдар бар эле (каткырып) Ошолор таштады, азыр. Тамаша албетте. «Тамашоу» спорт катары эле болуп калган. Күн сайын спортто машыгуу болсо, бизде репитиция. Бул долбоор жаштар үчүн шоу-бизнеске өтүп кетет турган «көпүрө» болуп калды.

Командада сен чоң,  мен чоң деген түшүнүк жок. Калыбек капитан болгону менен биздин баарыбыздын жаш айырмабыз 1-2 эле жашты түзгөн курдашпыз. Даярдыкка биринчи жакшына сылык айтып чакырат, келбесек жинине тийсек анан урушат. Укугубуз окшош эле, Калыбек нан менен майонез жесе мен деле нан менен майонез жейм, лагман жесе лагман жейм. Себеби командадагы жигиттердин баары чогуу турабыз. Мындайча айтканда жатканыбыз, турганыбыз баары бир.  Даярдык учурунда бир-бирибизди таппай калбайлы деп өзүбүзгө ишенбей чогуу эле жашап алганбыз.

 

- Бир жылмайып коюңуз-  J

Өтө эле акылдуу МАИ өзү турган местасына веб-касса ачып, «Загрузка единиц» деп жазып алыптыр.

****

Урматтуу бишкектиктер, силер Ош, Баткенди замандан артта калып кеткен дебигиле. Биз заман менен бирге эле кетип жатабыз. Просто, бишкектиктер бир аз алдыга кетип калгансыңар.

****

Сүйүнчү, Ошто жаңы боулинг ачылды. Аны көргөн баткендиктер биз Оштон кембизби деп желим бөтөлкөлөрдү тизип алып, тоголоктолгон ылай менен уруп ойноп атышат.

****

Жигиттин кара-торусу кыздардын жүрөк оорусу дейт. Урматтуу кыргыз элим, ушундайларды жокко чыгаралычы. Анткени, мен кара-торумун, мени деп канчалаган кыздар оорусун каалабайм.

 

Калыбек Турдубаев, команданын капитаны, учурда Ош технологиялык университетинин Маданий эстекикалык борборунун кызматкери. 1991-жылы туулган.

Таирбек Исманалиев, Ош технологиялык университетинин ИПИКА факультетинде эсепчи адистиги боюнча 3-курстун студенти. 1992-жылы туулган.

Садык Нышанбай уулу, ОшТУнун энергетика факультетинин 4-курсунун студенти, 1992-жылы туулган.

Актилек Акыл уулу, ОшТУнун автоунаа факультетинин 5-курсунун студенти, 1993-жылы туулган.

 

Элира Чынтемир кызы

 

 

Жарыяланган категория Маданият
Подробнее ...

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Февраль 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved