• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS

Токтогул баскан из менен

Пятница, 20 Ноябрь 2015 03:53
Токтогул баскан из менен

Алыкул акын ырга салып, тоо кушуна койну кенендигин жар салган Россияда бүгүн бейрасмий маалымат боюнча бир миллионго жакын мекендештерибиз жүрүшөт. Соңку үч жылдыкта Россиядагы журтташтар тууралуу кейиштүү абал айтылып, айрым өзүн «патриот» атап алган кур дүрмөттөр ал жактагы кыз-келиндерди ур-токмокко алып, аны интернетке жайылтып мигрантка болгон түшүнүктү башка нукка буруп да жиберишпедиби.

   Албетте, бөтөн жерде кыйналат-кысталат, бирок ак эмгек, маңдай тер менен нан таап бала-чакасын багып, орус жергесинде ийгиликтүү ишкерлик менен алектенген журтташтар миңдеп саналат. Бүгүнкү каарманыбыз ЭлТР де көрсөтүлчү «Мекендештер» теледолбоорунун авторлорунун бири Муратов Амирбек. 25 жылдан бери Россиянын Иркутск облусунун бир көчөсүнө залкар талант Токтогулдун ысымын койдура албай чуркап жүрөт.

 «Токтогулдун ысымын Иркутск шаарынын көчөсүнө коебуз»

Амирбек Муратов Оштун Отуз-Адыр айылынан болот. 1980-жылы мектепти бүтүп, аскерге барып келген соң Фрунзедеги милиция мектебин аяктайт. 1986-жылдан 1990-жылга чейин Россиянын Иркутск шаарында ички иштер кызматында иштейт. 1987-жылы мекенине кайтып келип теледен Токтогул Сатылганов тууралуу талкууну көрүп калат, анда залкар акын сүргүндө Сибирде эмес, Ирткутскта болгон деген тарыхчы, илимпоздордун тактамаларын көрүп, кызыгып калат.

«Иркутскда казак акыны Жамбыл атындагы көчө бар, бирок Жамбыл ал жерде сүргүндө деле болгон эмес. Бай-манапты жактап ырдабай, теңдик заманды жар салып ырдаган улуу акын Иркутсктун Куйтун деген абагында сүргүндө жүрүптүр, ошол теңдик заманды ырдаган, анан эмнеге көчөгө аты коюлбаш керек деп ойлондум. 1989-жылы «Кыргыз маданияты» деген гезитке сунуш жаздым, архивдик материалдарды таап чыктым. 1988-89 жылы  Сооронбай Жусуев аркылуу Жазуучулар союзунун ошол кездеги төрагасы Чыңгыз Айтматовго кирдим. Ал киши жогорку жакка кат жөнөттү. Иркутск облусуна кат жолдошту. Ошол кезде мен «Московская правда» деген гезитке Токтогул тууралуу макала жаздым, ырлары менен тааныштырып. Ошол менен 125 жылдыкта чечим чыгып,  кийин Союз ыдырап кетип калып кетти. Көчөгө аты оюлду деп жүрө берипмин.  2002-жылга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында тергөө блүмүндө иштеп, пенсияга чыктым. Төрт жыл адвокат болуп иштедим. 2003-жылы кайра барып жандандырайын деп бул жактагы тиешелүү министрликтерден сунуштарды топтоп, кайра бардым. Барсам диаспора башчысы Анашов Кубаныч, орун басары Бейшеналы Ашыралиев бул сунушумду колдошту. Диаспора да сунуш жазып, губернаторго тапшырдык, ошондон бери эле каттар жөнөтүлүп жатат, бирок ушул мезгилге чейин коюлбай келет. Былтыр коймок болушкан, бирок калып кетти. 2003-2009-жылга чейин Иркуткста жашадым. Былтыр Токтогулдун 150 жылдыгына маданият министрлигенен, Токтогулдун небереси Молдожан Токтогулов баштаган делегация барып келишти, концерт коюшту, өкмөт 3 млн сом бөлгөн экен.

Бир сунушу орун таап, учакка аты берилди

Залкар акындын эстелигине Иркутск шаарынын сыртынан орун беришти эле, бирок биз көчөсүнө коебуз деп токтотуп турабыз. 2014-жылы февралда  «Эркин- Тоо» гезити аркылуу кыргыз авиа компаниялардын учагына залкар акындын ысымын коюу боюнча сунушумду жаздым. Анан президенттин сайтына жаздым, алар транспорт министрлигине жөнөтүштү. Ошентип «Эйр Кыргызстан» авиа комапаниясы Боинг 737 500 учагына Т. Сатылгановдун ысымын жазышты. Мына кечээ жакында өзэм ошол учак менен учуп келип, толкундандым. Экипаж мүчөлөрүнө биздин фонддун ардак баракчаларын, юбилейлик медалдарын тапшырдым. Мындан сырткары, Токтогул Сатылганов тууралуу сунуш-пикирибизди колдоп, маалыматты жайылткан адамдарга да сыйлык тапшырдык. Эми канча жылдан берки идеямдын ишке ашуусуна болгон аракет. Эстеликтин макетин да скульптор Ашыр Маразыков даярдап койгон, ишке ашса эле эл бар, журт бар, патриот жигиттер, диаспора өкүлдөрү тим турбайт колдойт деп ишенебиз.

 Эне-Сай эргүү бергенде

Өзүм күч түзүмүндө иштеп, пенсияга чыктым, милициянын отставкадагы майорумун. 2009-жылдан Красноярск шаарында турам. Ал жакта 7 тилде котормочу болуп иштеп, юридикалык жардам берем жарандарга.

Кыргыздардын ата-бабалары жашаган жер Кызыл-Жар (Краснояркс) деп орустар деле сыйлашат. Күндө Эне-Сай дайрасын бойлоп басып жумушка барып-келип жатып эле саптар келе баштады. 3 күндө 120 сап ыр келди, поэма кылып жазайын деп 5ке бөлүп койдум. Кара-Кулжалык Кыдыралеив Сагынбай обон жазды, ошондон идея пайда болуп «Эне-Сай» поэзия клубун түздүм. Ошол жактагы чыгармачыл адамдардын топтодум. Алардын ырларын топтоп китеп чыгарам. Жакында «Эне-Сай» кайрымдуулук фондун түздүк. «Эней сайга таазим» деген шерине уюштурабыз, андан түшкөн акчаларды кайра эле өзүбүзгө жумшайбыз. Студиябыз бар, гезит чыгара баштадык.

 «Мекендештер» теледолбоору президенттен сыйлык алды, авторлору чакырылбадык»

-2007-жылы «Мекендештер» теледолбоорун негиздегенбиз. Анашов Кубанычбек экөөбүз. Кыргыз патенттен өткөргөнбүз. Мамырайым Дубанаевге бир алпаруучу жөнөтүңүз, ушундай долбоор бар, чыгаралы» деп жазып жүрдүк. 2008-жылы ноябрда мен Ошко келсем, кошуп берген Гүлүмкан /рүстөмованы. Экөөбүз Новосибирскти, Красноярск, Ирткутс, Улан- удени тарттык. Быйыл биздин долбоор президенттин сыйлыгын алышты, автор катары телеберүүдөгү чыгармачыл топ бизди чакырган деле жок…

Жарыяланган категория Макалалар
Подробнее ...

Спорт

Каратэ – куралсыз коргонуу
Каратэ – куралсыз коргонуу
Спорт баланын дени сак жашоо образын тʏзʏʏсʏнѳ чоң мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏп…

Маданият

Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Умарали Турдубаев, сʏрѳтчʏ: “Сʏрѳт тартуу – жан дʏйнѳм сʏйгѳн жумуш”
Сʏрѳтчʏ – табияттан берилген талант менен сыйланган адам. Ѳмʏр бою…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Түстүү пельмен жасап чыгарган “Алча” бренди
Вторник, 26 Январь 2021
  Эч кандай химикатсыз таза жарым фабрикаттар: түстүү пельмендер, котлет, сырниктер жана башка. Мунун баары Ошто жасалат. Үй шартында даярдап,…
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
    Пятница, 25 Декабрь 2020
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020

Архив

« Март 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved