• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Подписаться на этот канал RSS
Бекмурат

Бекмурат

Куда тосууга көмөктөшкөн ишкер айым

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:41
Куда тосууга көмөктөшкөн ишкер айым

Азыр бардык нерсени сырттан буюртма кылууга мүмкүнчүлүк жаралган. Тойлордо тамак-аштан баштап дасторкон кооздоого да атайын кыз-келиндерди чакырсаӊыз болот. Социалдык тармак аркылуу буюртма алып, тойлорду тейлеген Гүлшан Байдавлетованын жумушун баштаганына аз эле убакыт болгон. Буга карабай буюртма албай бош отуруп калган күнү аз экенин айтат.

«Кесип эмес, өнөр тартып кетти»

- Бул жумушумду баштоо эч оюмда жок болчу. Мен кесибим боюнча врачмын. Бирок, мени кесип эмес, жаштайымдан үйрөнгөн өнөр тартып кетти. Турмушка чыкканымдан кийин балалуу болуп үйдө отуруп калдым. Андай учурда тууган-уруктун баары эле «сен дасторкон жакшы жасайсыӊ го, жардам берчи, кызымды узатып жаттым эле, келип кетчи же болбосо кышкыга салат жаап берчи» деп чакыра беришчү. Ошондон ойлонуп ушул эле жумуштарды бекер эмес эмгек акыга жасоого эмнеге болбосун деп баштап калгам. Алгач социалдык тармак аркылуу эле буюртма алып, барып дасторкон жасап берчүбүз. Бара-бара инстаграмда өзүн-өзү өнүктүрүп, катталуучулар көбөйүп, аны менен кошо буюртма бергендер да көбөйө берди.

 «500, 600 конок тосуу оӊой эле»

- Өзүмө ушул тармакта максат коюп, өнүктүрүүгө жеӊ түрүнүп киришип баштаганыма бир жыл болду. Ал эми инстаграм баракчамды ачып иштете баштаганыма быйыл эки жыл болот. Көбүнчө биз куда тосуп беребиз. Учурда элдин баары эле куда тосууну да кафе-чайканаларда сыйлап калышпадыбы?! Борсок, салат сыяктуу бышыра турган нерсенин баарын бышырып беребиз. Балык, гриль, каттама, чак-чак, өпкө, чучуктарга чейин буюртма беришсе болот. Той берүүчүлөргө бир топ жеӊилдиктер жаралган. Наныӊызды, шириндик жана суусундугун эле алып тойканага бара берет. Калганын биз ырастап беребиз. Эгерде жол акысын төлөп беришсе, алып барып стол үстүн жасап берүү акысыз. Алтымыштан ашуун салаттын түрүн жасайбыз. Мисалы, «куда-комплект» деп коебуз, өпкө, ичеги-карындан жасала турган нерселердин 12 түрү бар. Негизи, белгилүү болгон алты эле түрү болсо, калганын өзүбүз ойлоп тапканбыз. Өзүм токуп жасап берем. Боорсоктун үч-төрт түрү бар. Yй-бүлөдө жалгыз кыз болгонум үчүн үй тиричилигине жакын өстүм. Атам эч качан сырттан эт сатып алчу эмес. Эс тартканымдан баштап эле жандыкты үйгө алып келип союшчу. Анын ичеги-карындарын да апам ыргытпай жууп-тазалап, бышырып берчү. Ошолорду көрүп жүрүп эле үйрөнгөнмүн. Чоӊоюп калганымдан кийин апам жумушка кетет эле, ичеги-карындарды өзүм жууп-тазалап, өрүп, бышырчумун. Yйгө конок көп тосот элек. 20га жакын конок келсе атам, апам үчөөбүз эле тосуп алчубуз. Ошондон уламбы азыр мен үчүн 600, 500 адамды коноктош көнүмүш адат болуп калган.

«Yч аял бир тойго кеӊири жетишебиз»

- Мага жардам берген айымдар бар. Бирок, дайыма иштегендер төртөөбүз элебиз. Бир тойго үчөөбүз кеӊири жетишебиз. Бардык аялдар эле өзүмдүн тааныштарым эле. Yйрөтүӊүз деп келген айымдар болот. Бирок, ага убактым жок. Буюртмалар да ар кандай убакытта келет. Мисалы,үч-төрт ай мурун буюртма бергендер бар. Аларга жетишебиз. Кээ бир учурда бир күндө даярдап бериӊиздер деп суранышат. Андайда жумушчу керек болот. Студент кыздарды алам андай учурда. Бирок, тааныштарды гана. Сырттан келгендерди ала бербейм.

«Бир күндө инстаграмга эки саат убактым кетет»

-Бардык азыктарды өзүмдүн үйүмдө эле жасайбыз. Ал эми балык, грильдерди жер тамда жасайм. Азыркы жумушум өзү келген. Күтүлбөгөн жерден эле башталып кеткен. Балдарым менен үйдө бекер отуруудан эле башталып калды. Кандай салаттарды жасайм, кандай тамактар бар экенин социалдык тармак аркылуу эле көрүп алышат. Кээ бир кардарлар гана үйгө келип көрүп кетишпесе, көпчүлүк жумушум инстаграмда өтөт. Убактым болуп калса ал жакка да пайдалуу кеӊештерди жазып, ичеги-карынды жуунун жолдорун видео баян кылып киргизип коем. Такай инстаграмда отурам да деп да айта албайм. Бирок, бир күндө эки саат убактым ошол жакта өтөт.

«Тараза менен иштеп, так болууга аракет кылам»

- Ичеги-карынга суроо – талап жогору. Себеби, жөнөкөй тойканаларда жасаган ашпозчулар жок. Ошондуктан каз, өрдөк, өпкөнүн түрлөрүн жасоого буюртма көп болот. Тараза менен иштейбиз. Так болууга аракет кылам. Адам өзүнүн кызыккан нерсесин таап алуусу өтө маанилүү да. Айрыкча аял киши. Көпчүлүк учурда кесип тандоодо өзүбүздүн кызыгуубузду, эӊсөөбүзгө маани бербей эле тандап алабыз да. Ошондуктан көпчүлүк айымдар өз кесибинде иштеп кете албай жатат. Керектүү же популярдуу деп тандаган болсоӊуз, кызыкпасаӊыз алып кете албайбыз. Сөзсүз жарым жолдо таштап коесуз. Менин өзүмдүн үч кесибим бар, элдин баары эле «эмнеге кесибиӊде врач болуп иштебейсиӊ, казан-табакты эмне кыласыӊ?» дей беришет. Бирок, мен кесибимде мынчалык берилүү менен иштей алмак эмесмин да. Эч кандай кыйналбай жумушумду кылам. Мисалы, бир тамакты жасагым келсе түнү менен деле уктабай жасап коюшум мүмкүн да. Анткени, мен андан ырахат алам, эс алам.

«Бул бизнес мени өзү издеп келген»

- Жолдошум башында аябай каршы чыкты «буюртма албайсыӊ, эмне кыласыӊ, үйдөн чыкпай эле отура бер, сага эмне жетишпей жатат» деп туруп алды. Буюртма албай калдым «иштебейт экенмин да» деп отурсам, кайненем келип калды. Телефондорумду өчүрүп койгом, Кара-Суудан бир кардарым үйгө чейин издеп келиптир. Кайненем "буюртма ал, иштей бересиӊ деп калды". Ошондуктан бул жумуш мени издеп келген деп калам. Кээде аябай чарчаганымда телефондорумду өчүрүп, жок болуп кетем. Бирок, кайра эле кардарлар өздөрү издеп келип алышат. «Башка адамдарга керек экен, кой иштейин» деп анан кайра баштап калам.

«Буюртманы үч түргө бөлүп алам»

- Мындан бир жыл мурун буюртма аз болуп, «тойдон колум бошобой калса экен» деп тиленип калчубуз. Азыр тескерисинче, буюртма болбой турса экен дейбиз. Кудайга шүгүр, буюртма жок күнүбүз аз. Бир жумада бир же эки эле күн эс алабыз. Калган күндөрдүн баарында буюртма болот. Анан сөзсүз түрдө кошумча бир тойлук азыктарды жасап, тоӊдургучта сактап коебуз. Ар кандай учурлар болот, кээде карыныбыз тешилип калат, бузулуп кетет. Андай учурда кошумча жасалган азыгыбыздын пайдасы тиет. Буюртмага келген адамга сөзсүз үч вариантыбызды айтабыз. Биринчиси үнөмдүү буюртма, экинчиси орточо буюртма жана үчүнчүсү кымбат буюртма болот. Кардардын тандоосуна карап жасап беребиз. Салаттарга тойлордо арзандатуу өтө чоӊ болот. Өзүбүздөгү чыгымды эсептегенде бир тойдон 10 пайыз пайда өзүмө калат. Мисалы, 10 миӊ сомдук буюртма болгон болсо, миӊ сому пайдага калат.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

Жарыяланган категория Макалалар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Көп иш жасап, калкка пайдасы тийген «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коому

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:39
Көп иш жасап, калкка пайдасы тийген   «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коому

 «Жаштар саясатка кызыкпай, ишкерликке кызыкса ошондо мамлекет өнүкмөк» деп бир жаш демилгечинин айтканын укканым бар эле. Бүгүн биз кеп кылуучу каармандар дал ушул жогорудагы сөзүмдү бышыкташат. «Менин ар бир баскан кадамым өлкөм үчүн» деген активдүү, демилгечи жаштардын башын бириктирген «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси мындан бир жыл мурун уюшулган. Бир жыл аралыгында бир топ кайрымдуу иштерди өткөрүп, Ош шаарындагы кароосуз калып кеткен сейил бакты толук реконструкциялап колдонууга бергенин жакшы билебиз. Бол жолу биздин конок-төрдө аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү кенен маек куруп беришти.

Жаштар мамлекеттин келечеги эле эмес, жүзү да…

2018-жылдын 5-январында өлкөнүн жети дубанынан келген активдүү, демилгелүү жаштар биригип «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесин негиздешкен. Жаштардын мындай кадамга барышынын бирден бир максаты – Кыргызстандагы жаштардын ордун жогорулатуу жана жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө, патриоттуулукка үндөө, келечекти бирге куруу болгон. Анткени, жаштар мамлекеттин келечеги эле эмес, жүзү да болорун коомдук бирикменин Ош облусу боюнча өкүлү Орунбек Бейшебаев белгилеп кетти:

- Былтыркы жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялагандан кийин жаштар биригип аталган жылга карата аз да болсо салымыбызды кошолу дегенбиз. 5-6-январда Бишкек шаарында «Кыргызстандагы жаштардын орду» деген аталышта эки күн конференция өткөрүлгөн.Ал жерде жалаӊ активдүү, демилгелүү жаштар чогулуп, бирден пикирлерибизди айтып отуруп «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси жаралган. Максатыбыз аз да болсо кайрымдуулук иштерин өткөрүп, калыӊ элге жардамыбызды берүү болчу. Бирикме түзүлгөн күнү эле борбордогу балдар үйүнүн бирине барып колубуздан келген жардамыбызды берип кайтканбыз. Арабызда жаратман, патриот кыз-жигиттерибиз бар. Жети облустан өкүлдөрүбүз шайланып, өз-өзүнчө иш алып барабыз.

- Байкашымча, кайрымдуулук иштерине көбүрөөк басым жасайсыздар…

- Ооба, көпчүлүк иштерибиз кайрымдуулук менен толукталат. Анткени, калк аралап жүрүп начар шартта жашаган үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көп көрөбүз. Аларды көрүп туруп тескери басып кете албайт экенсиӊ. Кайрымдуулук иштерибиз бизге дух берип, демибизге дем кошот. Биздин бирикмедеги жаштардын көпчүлүгү турмушта да, карьерасында да өз ордун таап калгандар. Ошол үчүн да алар менен иштешүү бир топ жемиштүү. Жеке ишкерлер бар, түрдүү кесип ээслери бар. Саясатчыларга окшоп кооз сөздөрүбүз менен эмес, жасаган иштерибиз менен элге кызмат кылган жаштар бириккен. Эч бир саясаты жок, эч бир аткаминердин жардамысыз, демөөрчүсү жок, коомдук бирикменин ар бир мүчөсү колунан келишинче жардамга кол сунуп, биргеликте көптөгөн кайрымдуулук иштерин, ачылыштарды жасап келүүдөбүз. «Көп түкүрсө көл болот» деген кеп бар. Жардамга муктаж учурда бир сомубуз да чоӊ мааниге ээ болуп калат. Андайда эч ким эч нерсесин аябай чыгарып, салымын кошот.

«Алтын уя» балдар үйүндө

 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата демилгелүү жаштар Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына бир күндүк эс алуу уюштурушкан. Демилге “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан көтөрүлүп, балдарга майрамдык маанай тартуулашты.  Иш чаранын негизги максаты  ата-эне мээриминен ажыраган балдардын  аз болсо да көӊүлүн көтөрүү, ызасын теӊ бөлүшүп, алардын жалгыз эмес экенин сездирүү болгон. Жалпысынан өткөргөн саамалыкка 15ге жакын бала катышкан. Кайрымдуулук иш чарасында балдар атайын даярдалган программанын негизинде түрдүү жайларга барып, демилгечилер тарабынан уюштурулган оюн-зоокторго катышты.

«Элдияр, сен жалгыз эмессиӊ!»

- Баарыӊыздарга маалым болгондой, быйыл өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку упайды Жалал-Абаддагы “Курманбек баатыр” кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган.  Ал 238 упай топтогон. Элдиярдын бул ийгилик, кубанычына кайдыгер карабай сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, биз да кабар алып, бирикменин атынан ноутбук, кызыктуу жана пайдалуу китептерди тапшырдык. Элдиярга алдыӊкы окуу жайдын студенти, мыкты кесиптин ээси, көптөгөн ийгиликтерди багындырышына, өлкө үчүн кызмат кылган чыгаан мырзалардан болуусуна тилектеш экенибизди айтып, жалгыз эмес экенин эскертип кайттык. 

Элдиярдын бул кубанычын теӊ бөлүшүп башка ага-эжелерибиз да колдоп-кубаттайт деген үмүтүбүз чоӊ. Ал эми биз - "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси мындан ары да жыл сайын кайсы облустан болбосун жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдөн кабар алууну салтка айлантабыз.

«Кандай иш чара болбосун соӊунда кубаныч тартуулайт»

- Улуу рамазан айында Ош шаарынын борбордук аянтында «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан 500дөн ашуун адамга ооз ачар уюштурулуп берилди. Шаар тургундары активдүү катышып, тамактан кийин ак батасын беришти. Мындай саамалыктар жаштарыбызга стимул берет экен. Кандай иш чара болбосун соӊунда кубаныч тартуулайт. Чогулуп отуруп талкууга алабыз, ар бирибиздин артыкчылыктарыбызды айтып, колдоп турабыз. Мындан сырткары аз камсыз болгон 36 үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам көрсөтүлдү.

«Бул башталышы гана…»

- Бул жылы «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомунун мүчөлөрү Ош шаарынын тургундары жана коноктору үчүн Ош шаарынын борборунда кароосуз калган эс алуу паркын оӊдоп түзөөдөн өткөрүп ишке бердик.

Жогоруда аталган эс алуу паркына адамдар эс алып жүрүүгө ылайыкталып брусчатка төшөлүп, гүлдөр жана жашыл чөптөр эгилди, ошондой эле олтургучтар, шам чырактар орнотулду жана парктын ичинде эс алуучулар үчүн чакан китепкана уюштурулду. Жалпысынан 550 миӊ сом жумшалыптыр. Бирикмедеги ар бир мүчөнүн салымы чоӊ. Андан сырткары жеке ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

Сейил бактын ачылыш аземинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бул көрүнүш баарыбызды кубантты. Активдүү, жигердүү жаштарды бийлик өкүлдөрү колдоп, көмөк көрсөтүшү ишибизди алдыга гана жылдыра алды. Буюрса, мындай иштер башталышы гана. Алдыда Ош шаарына белек кылуучу жакшы иштерибиз көп. Кийинки мындай саамалык Чүй облустунда өтө тургандыгы белгиленип, коомдук бирикменин туусу аталган облуска өткөрүлүп берилди.

Коомдук бирикменин негизги максаты өсүп келе жаткан жаштарды кайдыгер болбой кайрымдуу болууга тарбиялоо болуп эсептелет.

Дастан Мурзалиев, бирикменин активдүү мүчөсү:

«Биз аткарган иштер кийинки муунга үлгү болсо дейбиз»

- Башыбыз бириккен жаштар бир жылдан бери бир топ алгылыктуу, ич жылытарлык иштерди аткарып келе жатышат. Максатыбыз - биз аткарган иштер кийинки муунга үлгү болсо экен дейбиз. Анткени, артыбызда өзүбүз сыяктуу жаштар чоӊоюп келе жатат. Алардын келечегин биз куруп беришибиз керек. Жакшы иштерибиз менен, элге кылган кызматыбыз менен үлгү болушубуз керек. Алар бизди көрүп тарбия алышат. Бирикмеге сен киришиӊ керек деп деле үгүттөбөйбүз. Ар кимдин өзүнүн тандоосу. Ар бир жаран эли үчүн, эч болбосо өзү жашаган айылы үчүн жакшы ишин калтырып кетиши керек. Биздин бирикме эли үчүн кызмат кылууга талпынган жаштар үчүн чоӊ мүмкүнчүлүк жаратып берет. Жалпысынан 100дөн ашуун мүчөбүз бар. Жумуштан кийин чогулуп ар кандай идеялардын үстүндө иштейбиз. Кандай нерсе болбосун ортого салып, чогуу иш алып барабыз. Чогулуп келген акчадан эле көп иштерибиз бүтүп келет.

Бирикменин бир жылдык отчету

- Түзүлгөнүбүзгө бир жыл болуптур. Мунун шылтоо кылып  1 жылдык отчеттук жыйыныбызды өткөрдүк. 24-март күнү Бишкек шаарында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өттү. Ага КРнын Президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеӊештин вице-спикери Аида Касымалиева, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов,  КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев, Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапар Ормонов жана 800дөн ашуун коноктор катышты. Бийлик өкүлдөрү тарабынан жылуу пикирлерди угуп стимул алдык. Эӊ негизгиси саясат үчүн эмес, эл үчүн кызмат көрсөтүп жатканыбызды көрсөтө алдык.

Алган сыйлыктары

- Отчеттук иш чарбыздын экинчи бөлүгүндө конокторго сөз берилип, жаштардын бул аракетин колдоп мамлекет тарабынан коомго салым кошуп келе жаткан жаштарды КРнын Президенттинин 7 энчилүү сааты, Жогорку Кеӊештин 9 энчилүү сааты жана министрлик, агенттиктердин 70ден ашуун ардак грамоталары менен сыйландык. Ошону менен катар биздин коомдун иш чараларына көмөк көрсөтүп келе жаткан инсандарга “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан “Мекен патриоту” төш белгилери менен сыйладык.

Бирикменин жаштары Наарын шаарында

- 2018-жылдын 30-мартында «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомунун Ош облусунда өткөн иш чарасынан кийин эстафета Нарын облусуна өткөрүлүп берилген. Мунун алкагында 5-май күнү жети дубандан келген «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомунун мүчөлөрү чогулуп Нарын шаарында конференция өткөрүштү. Анда жаштарды мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошууда кайдыгер болбоого үндөгөн докладдар окулду. Конференциянын жүрүшүндө «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомунун мүчөлөрү Нарын жана Ат-Башы райондорундагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө 10000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Андан кийин 6-май күнү Нарын жаштары менен биргеликте Нарын шаарындагы Жеӊиш паркына 600 түп алма жана Нарын районунун Ак-Талаа айылына 1400 түп алма, Эмгекчил айылына 140 түп терек отургузушту.

Нарын областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов жана Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, ошондой эле жергиликтүү тургундар бирикменин мүчөлөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти. Кийинки эстафета Жалал-Абад облусуна өткөрүлүп берилди.

"Кенбил" – төрт устун төгөрөктүн төрт бурчу

- Сөзүбүздүн башында айтып өткөндөй «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси бир эле облус же шаар менен чектелип калбастан, өлкөнүн жети облусунда жакшы иштерди аткарып келишүүдө. Алардын бири Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылынын кире беришине коюлган "Кенбил" стелласынын орнотулушу болду.  «Кенбил» -төрт устун төгөрөктүн төрт бурчу, алардын баштарынын биригүүсү ынтымак, түндүк-түштүк, батыш-чыгыш дебей бир болуунун белгиси. Учтуу болуп асман тирегени өнүгүүнүн символу. Ортодогу көөкөр көчмөн кыргыз калкынын турмуштук тиричилигиндеги ажырагыс тиричилик буюму. Стелланын курулушуна кеткен чыгымды бирикменин мүчөсү, мыкты жигит, элим деп күйгөн патриот уулдарыбыздын бири Бектур Абдыкадыр уулу тарабынан каржыланды. 

Курулуштун жалпы баасы 450 миӊ сомду түздү.

«Карылар үйүнө мончонун курулушу башталды»

-  19-октябрда "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесинин кезектеги жыйыны Чүй облусунда өттү. Алгач Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде болуп, карыяларга сый тамак уюштурулду. Андан соӊ коомдук бирикме тарабынан курулуучу мончонун пайдубалына капсула салынды. Буюрса, 2020-жылга бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.  Андан кийин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жаӊыдан пайдаланууга берилген "Ынтымак" сейил багына жаштарды, шаардын тургундарын, конокторун китеп окууга, билим алууга чакыруу максатында көчө китепканалары коюлуп, концерттик программа менен коштолду. Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги. Андыктан шаар жаштарын китеп окууга чакырабыз.

Коом эч кандай саясий максатты көздөбөйт!

Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Жарыяланган категория Макалалар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Богок – калкан безинин чоӊоюп, шишип кетүүсү

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:37
Богок – калкан безинин чоӊоюп, шишип кетүүсү

Калкан сымал без кекиртектин эки четинде көпөлөктүн формасында болот.  Богок оорусуна кабылган адамда калкан безинин иштөө функциясы начарлап, организмде гормоналдык бузулуу пайда болот. Бул оорунун себептери жана  белгилери тууралуу Ош облустук ооруканасынын эндокринологу, медицина илимдеринин кандидаты, эндокриногия бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Рысбекова айтып берет.

 Дүйнөдө эндомикалык зонада жайгашкан 110 өлкөдө 2 млрд. адам йод жетишсиздигинен, 800 жүз млн. адам богок оорусу бар же йод тартыштыгынан ооруп, 6 млн. адам тубаса майып болуп төрөлүп каттоодо турушат. Алардын түйүлдүктөгү кезинде жакшы көӊүл бурулбай, организмде йоддун төмөндүгү ушундай жыйынтыкка алып келген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 80 жыл жашаган адамга жарым чай кашык гана йод жетиштүү экендигин кошумчалаган дарыгер Кыргызстандагы богок оорусу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

«Деӊиздин жоктугунан йоддун жетишсиздиги жогору»

- Кыргызстан тоолуу өлкө болгондугуна байланыштуу эндомикалык зонага кирет. Жакыныраак аймакта деӊиз да жок, ошондуктан калк арасында йод жетишсиздиги жогору. Көбүнчө деӊизде йод көп болот. Жерде, сууда йод болбогондугунан өскөн өсүмдүктөрдө да йод болбойт. Мындай зонада жашаган адамдар йодду тамак-аш аркылуу гана ала алат. Дүйнө жүзүндө кайсы азык йод кошулууга ыӊгайлуу экендиги аныкталып, туз табылган. Туз дээрлик бардык азыкка кошулат. Улуу-кичүү дебей тузду колдонушат, бирок көп жей алышпайт. Йодду да ашыкча колдонуу зыян. Кээ бир өлкөлөр йодду сууга, нанга да кошушат.

Биздин организмибизге йод эмне үчүн керек?

- Йод биздин организмибиздеги жетишпестиктерди толуктайт. Биздин организмибиздеги калкан сымал безинде тиреиоддук гормондор иштеп чыгарылат, ошонун курамына йод кирет. Эгерде йод жетишпеген болсо, гормондор азайып, богок ооруусун жаратат. Тиреиоддук гормондор көбүнчө жаш балдарга таасир этет. Эненин ичинде түйүлдүк пайда болгондон үч жума өткөндөн тартып таасир бере баштайт. Наристенин мээсинин өсүп жетилүүсүндө йоддун ролу жогору. Борбордук нерв системага йод жетиштүү болсо, баланын аӊ сезими да толук кандуу өсүп жетилет. Йоддун жетишсиздиги алдын алынбаса баланын акыл- эси төмөн болот. Бир гана акыл- эстин калыптануусуна эмес, башка системаларга да терс таасирин тийгизет да, майып болуп төрөлүүсүнө алып келет. Төрөт жашындагы аялдардын арасында жыныстык жактан ооруларды, боюнан түшүү, тукумсуздук коркунучтарын пайда кылат. Ошондой эле эркектерге йод жетишсиздиги нерв системаларынын бузулушуна өз таасирин берет. Жалпысынан алганда йод эненин ичиндеги жана өспүрүм балдарга, 40 жашка чейинки аялдарга көбүрөөк талап кылынат. Себеби, балдардын толук кандуу дени сак болуп төрөлүп, өсүүсүнө йоддун салымы чоӊ.

Белгилери

- Негизи оорунун белгилери болбойт. Кээде жаш балдар начар окуп, вирустук инфекцияларга тез-тез чалдыгып, эс тутуму жакшы болбой , ал эми аялдарда менструалдык цикл бузулуп, бойго болбоо коркунучу байкалганда анализ тапшырышат. Бирок, көпчүлүк богок оорусу тууралуу эч ойлонушпайт. Анализдердин жыйынтыгы келип богок оорусуна такалат. Эгер богок чоӊоюп кетсе, жүрөк тез-тез согуп, тамак кысылышы башталып моюндун алды жагында шишик сыяктуу пайда болот. Калкан сымал бездеги богок чоӊоюп кетсе жутунганда сырттан көрүнө баштайт.  Калкан сымал без теринин астында эле жайгашкандыктан, чоӊойсо дароо эле көзгө урунат.

Богок оорусу төрт түрдүү болот

Биринчи түрү диффуздук богок – мында калкан сымал без өзү чоӊоюп кетет. Түйүндүү деген түрүндө калкан сымал безде түйүн пайда болот. Пайда болгон түйүн көзгө көрүнбөйт.  Түйүн организмде йоддун тартыштыгы эӊ жогорку чекке жеткенде жаралат.  Аны бир гана УЗИ менен көрүүгө болот. Көбүнчө көзгө көрүнүп шишип калганда адамдар барып, текшерүүдөн өтүшөт. Дарыгерлер  оорулуунун гормондорун текшеришет. Гормондор көтөрүлүп же түшүп турат. Анализде гормон нормада болуп, түйүн 1 сантиметрден чоӊ болсо, анда биопсия деп коет, богоктун клеткаларын алып текшерет.  Yчүнчүсү гипотиреоз - калкан сымал бездин функциясы төмөндөп кетет. Бул түрдүн белгилери билинбейт. Көп жылдан бери башка түрдүү ооруулар менен дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Тиреиоддук гормондор жетишпей калса аз кандуулук, ич катуу, ашказан оорулары, тукумсуздук, менструалдык циклдын бузулушу сыяктуу оорулар күчөйт. Бул ооруларды изилдеп көргөндө калкан сымал безинин бузулганы билинет. Төртүнчүсү - (токсический зоб) токсикалык богок түрүндө белгилери дароо байкалат. Оорулуу дарыгерлерге барбай жүрө берсе, анда ошол оору адамды алты ай ичинде келүүгө мажбур кылат. Себеби токсикалык богок пайда болгондо жүрөк бат-бат согуп, кан басымы көтөрүлүп адам арыктап кетет. Тамакты кадимкидей жей берет, бирок, семирбейт. Оорулуулардын 60 пайызында көзү чоӊоет. Көп тердеп, алы кетип, колдору титиреп, уйкусу бузулат да маанайы жок болуп агрессивдүү адамга айланып калышат.

Богок жаш балдарда

- Жаш балдарда көбүнчө эндемикалык богок болот. Анткени аларга йод жетишсиздигинен улам жаралат.  Негизи бардык оорулар йод жетишпестигинен болот. Кыргызстанда улуттук программа кабыл алынган. 2000-жылы улуттук программанын негизинде биз ооруну алдын алуу менен күрөшчүбүз. Мамлекеттен акча бөлүнүп, дарыгерлер тоолуу райондорго барып, кароодон өткөрүп келгенбиз. 2003-жылы биринчи программа аягына чыккан. Кийин экинчи программа башталып, 2007-жылы бүткөн. Көп акча лабораториялык изилдөөлөргө бөлүнгөн. Азыр үчүнчү программа жазылып берилген, бирок, мамлекет кабыл алган жок. Мамлекет «биз богок ооруларын жеӊип бүттүк, улуттук программа эми кереги жок» деп эсептейт. Ага карабастан, эндомикалык зонага кирген өлкөдө жашагандыктан йоддун жетишсиздиги дале болсо көп. Эл арасында курманы жесе пайдалуу экен, йод көп дешет. Курма Кыргызстанда өсүп чыкса, анда анын курамында йод болбойт. Башында айтып кеткендей эле биздин жерде йод жок. Ошондуктан дайыма йоддолгон тузду колдонууга чакырабыз.

«Богок оорусу көп, бирок, ачыкка чыкпайт»

- Мурун СССР убагында туздардын бардыгы йоддолуп, мектептерде жумасына бир жолу сөзсүз түрдө бир таблетка дары берчү эле. Мамлекет атайын акча бөлүп богоктун алдын алчу. Азыр эми советтер союзунан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн көбүндө улуттук программалар жок. Кыргызстанда акыркы жолу 2007-жылы изилдөө өткөрүлгөн. Акыркы изилдөөнүн негизинде кош бойлуу аялдарда йодго болгон талап жогору экени такталган. Кош бойлуу аялдардын өздөрүнө да, баласына да йод зарылдыгы чоӊ экендиги дүйнөдө да тастыкталган.  Учурда көпчүлүгүндү богок көп, изилдөө жүргүзүлбөй жаткандыгына байланыштуу ачыкка чыкпайт.

«Бака богокту соруп алат» деген туура эмес

Богокту  дарылоодо кээ бир бейтаптар элдик табыптарга барышат. Ал жактан “баканы коюп жок кылат экен”, “күйгүзөт экен” деген ыкмаларды колдонушат. Мындай жол менен богокту айыктыруу мүмкүн эмес. Себеби күйгүзгөндө, кескенде калкан сымал безинде тамырлар абдан көп болгондуктан кан көп жоготуу болушу мүмкүн.  Операция кылганда да кан көп кетет.  Бака коюу да эч кандай жардам бербейт. Ийне сайган учурлар да кездешет. Эӊ туура эмес кадам ушул. Ийнени сайып кайра сууруганда ал жердеги майда тамырлардан кан сыртка чыкпаганы менен теринин астына чыга берет. Көп адамдар ийне сайдырып, кийин шишип, ириӊдеп кеткен учурда келишет. Дарыгерлер ар бир адамга кенен убакыт бөлө албайт. Кезекте адамдар көп. Ал эми табыптар бир саат болсо да оорулууну кармап отура берет. Ошол себептен табыптарга барууну туура көрүшөт.

 Алдын алуу жолдорунун үч түрү бар:

1.     Массалык профилактика – мында республика боюнча тузду йоддош керек.

2.   Группалык профилактика – өспүрүм балдар менен кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдарга басым жасалат. Дени сак адамга 200мг бир таблетка йодомарин болсо, кош бойлууларга 250-300 мг төрөгөнгө чейин жана баласын эмчектен чыгарганга чейин берилет.

3.   Индивидуалдык – операция болуп, атайын көзөмөлдө турган адамдарга профилактика жасалат. Канча өлчөмдө дары ичет, аны дарыгер айтат.

Жарандар негизи сапаты жакшы туздарды сатып алса, аны туура колдоно билсе йод жетишсиздигин алдын алат. 2007-жылкы изилдөөдө да туздардын сапаты жакшы чыккан эмес. Бизге мурун Казакстандан, Россиядан келчү. Азыр Белорусиядан да ташылууда. Бирок ал туздардын курамында йод бар экени анык болгону менен, канча көлөмдө экенин билүү мүмкүн эмес. Йоддун көп болушу да зыян. Кыргызстанда да тузду йоддогон 14 цех бар. Тузду сатып алууда, сактоодо чоӊ көӊүл буруу зарыл. Сатып алып жатканда сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүнө көӊүл буруӊуздар. Сактоодо болсо, күндүн нуру тийбеген, кургак жерде, жабык идиште болуш керек. Ошондо йод тузда сакталат. Тамак бышып бүткөндөн кийин тузду кошкон туура. Ошондо гана туздун курамындагы йодду ала алабыз.

Эскерте кетчү нерсе: эч качан бири-бириӊиздерден кеӊеш алып даарыланбаӊыздар. Сиздин ооруӊуз башка түрү болуп, тескерисинче күчөтүп алышыӊыздар толук мүмкүн. Ошондуктан дарыгердин көзөмөлүсүз ооруну           жеӊүүнү ойлобоӊуздар. Бардык ооруну алдын алса болот.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Жарыяланган категория Макалалар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

КЕЛЕЧЕГИӉ КАНТЕТ, КЕСИПТИК КОШУН?

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:35
КЕЛЕЧЕГИӉ  КАНТЕТ, КЕСИПТИК КОШУН?

Союздун доорунда «Коммунизмдин мектеби» деп илгери урмат-сый менен аталып келген кесиптик кошундардын Кыргызстандагы уюмунун жетекчилиги эки жылдан бери убайымдуу абалга түшүп жатканы белгилүү.  Маселе акырында келип, кесиптик кошундар уюму жөнүндө жаӊы мыйзамды  кабыл алуу зарылдыгына чейин өсүп жеткени да маалым.

ЭӉ МАССАЛУУ УЮМДУН ЭЛ АРАЛЫК ТАРЫХЫНАН

Кесиптик кошундарды СССР маалында советтик идеологдор «Коммунизмдин мектеби» деп бекеринен аташкан эмес.  Кесиптик кошундар он тогузунчу кылымда эӊ алгач пролетариаттын, жалданма жумушчу табынын  капиталисттик эксплуатацияга каршы күрөшүү процессинде пайда болгону тарыхтан белгилүү. Мүчөлөрүнүн эӊ эле массалуулугу жагынан алып бакканда деле кесиптик кошундар бирикмелери коомдук формациялардын ал убакка чейинки белгилүүлөрүнүн арасынан коммунисттик түзүлүшкө башкалардан бир ата жакындай сезилгенин баамдоого мүмкүн.

Жумушчулар кошундарынын келип чыгуу, жаралуу мекени деп Англия эсептелет. Кесиптик кошундар англисче «трейд-юниондор», французча «синдикаттар» деп аталган. Кесиптик кошундар кыймылы башталышында жумушчулар кыймылы катарында кабыл алынгандыгын да белгилей кетүү керек.1868-жылы ошондон бери карай эле кесиптик кошундар кыймылдарын координациялоочу башкы орган катары эсептелип келе жаткан тред-юниондордун Конгресси уюштурулган.

1920-жылга карата алганда Улуу Британиянын кесиптик кошундарында бүткүл өлкөдөгү жумушчулардын дээрлик 60 пайызы мүчөлүктө турган. Кесиптик кошундар кыймылы ошол маалдардан тарта тез эле бүткүл дүйнөгө кенен жайылтыла баштаган. Мисалы, АКШдагы жумушчулардын алгачкы кошундары англиялык типте уюштурула баштаган. Кесиптик биринчи бирикме «Эмгек рыцарлары» деп аталган. Жыйырманчы кылымдын башталышына жетип аталган уюм кыйроо абалына тушукан. Анын ордун башкалардан алдыга суурулуп чыга келген «Америкалык эмгек федерациясы» (АФТ) ээледи.

1860-жылдарда Германияда жумушчулар кошундарынын социал-демократиялык, христиандык, эркин ой жүгүртүүчүлөр партиясы менен байланышкан Гирш-Дункердик деген сыяктуу бир канча типтери аракеттенген. Гирш-Дункердик кесиптик кошундар Германиядагы реформисттик уюмдардан болуп калышкан. Алар 1868-жылы  Германиядагы  прогрессивдүү буржуазиялык партиялардын ишмерлери М.Гирш жана Ф.Дункер тарабынан түзүлгөн. Эмгек жана капитал кызыкчылыктарын «гармониялаштыруу» жагын насаатташкан гирш-дункердик кесиптик кошундардын  уюштуруучулары кесиптик кошунга жумушчулар менен бирге капиталисттердин да кабыл алынуусуна жол берилет деп эсептешкен. Бирок, стачкалык (иш таштоо) күрөштүн максатка ылайыктуулугун таанышкан. Стачкаларга карата жасалган мындай терс мамиле гирш-дункерчилерди акыр-түбү штрейхбрекерлердин уюмуна айланып калуусуна алып келген (штрейхбрекер - иш таштоо учурунда иш таштабай, бош турган жумуш орундарын ээлөөгө  даяр турган адам  жумушчу табынын кызыкчылыктарынын чыккынчысы). Ишмердүүлүктөрүн өз ара жардам кассасын жана маданий-агартуу чараларын уюштуруучулук менен гана чектеген өкмөттүк органдардын  жана буржуазиянын кубаттуу колдоолоруна карабастан, германиялык жумушчу кыймылында олуттуу деле күч боло албаган гирш-дункердик кесиптик кошундардын оппортунисттик  ишмерлери  1933-жылдын майында фашисттик «Эмгек фронтуна» кирип кетип кутулушканы тарыхтан малым.

Францияда жумушчулардын кошундары өзүнүн эркин өнүгүүсүнө /чүнчү республиканын тушунда мүмкүнчүлүк алды. 1904-жылы өлкөдө 715 миӊ мүчөсү бар 4227 жумушчу синдикаттары аракетте болгон. Кесиптик кошундар кыймылынын өйдөлөгөн толкунунда 1906-жылы Амьен хартиясы кабыл алынып, хартия пролетариат жана буржуазия ортосундагы келишпес  күрөштү жарыялаган. Жумушчулардын башын бириктиргенге бирден-бир ыӊгайлуу форма деп кесиптик кошундар таанылган, кесиптик кошундардын саясий (парламенттик) күрөшкө катышуудан баш тартуусу деларацияланган, ал эми капиталисттик түзүлүштү кулатуунун бирден-бир жолу катары жалпы забастовка (иш таштоо) кабылданган.

КОШУНДАРДЫ САЯСАТКА КОШУУ

Он тогузунчу жана жыйырманчы кылымдардын чектеринде марксисттердин (социал-демократтардын) жана анархисттердин таасири астында кесиптик кошундардын саясатташуу процесси жүрдү. Эске сала кетүүчү нерсе, азыр майрамдалып эле  келе жаткан 1- май майрамы  жумушчулардын эл аралык тилектештигинин күнү катары дал ошол процесстин алкагында жарыяланган

Кесиптик кошундардын саясатташуусу бул кыймылдын эл аралык бирикмелеринин жана уюмдарынын түзүлүп баштоосуна таасир берген. 1905-жылы Чикагодо революциялык синдикализмдин таасири астында турган жана анархисттердин, социалисттердин жана радикалдык кесиптик кошундардын активисттеринин тиешелүү  бөлүктөрүнүн арасында түзүлгөн келишимдин жыйынтыгы менен  кесиптик кошундардын эл аралык бирикмеси –Дүйнөнүн Индустриалдык жумушчулары(ИРМ) пайда болду.

Дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндөгү анархисттердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйырманчы кылымдын башталышында улантылуусу  Берлин конгрессинде (1923-жылдын 2-январы)  анархо-синдикалисттик маанайдагы Эмгекчилердин эл аралык ассоциациясынынын (МАТ) түзүлүшүнө алып келген. Ассоциация ИРМ сыяктуу эле бүгүнкү күндө да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

АЗЫРКЫ АБАЛ АЛЫМСЫНДЫРАБЫ?

Кесиптик кошундардын  постсоветтик мейкиндиктеги өнүгүү тарыхы жана азыркы абалы деле Россияныкы менен тыгыз байланышта каралат. Россия Федерациясында 1990-жылдын 23-мартында ал кезде РСФСР аталган республиканын кесиптик кошундарынын учредителдик сьезди өтүп, анда марксизм-ленинизм идеяларынан баш тартылгандыгы жарыяланган. Союз кулагандан кийин 1991-жылы кесиптик кошундардын бүткүл союздук органы- ВЦСПС  кесиптик кошундардын Жалпы конфедерациясына, эл аралык бирикмеге айландырылган. Ага КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптик кошундардын баары кирет. Алардын арасында Кыргызстандын кесиптик кошундар федерациясы да бар. Республиканын кесиптик кошундарына мүчө деп эсептелгендердин саны азыркы убакта болжолдуу түрдө 700 миӊдин тегерегинде деп жүрүшөт. Албетте, бул көрсөткүч тактоону абдан талап кылып жатканын болжоо кыйын эмес.

Негизинен алганда, кесиптик кошундардын негизги миссиясынын аткарылуу көрсөткүчүнө так көз салуу жалпы дүйнө боюнча алганда деле кыйындап калгансыган кезге жеткенсийбиз. Буга кесиптик кошундарга мүчө болуучулуктун пайыздык көрсөткүчтөрүнүн бир кылка эмес өзгөрүүлөрү да кошумча болуп жатканын белгилешет. Алсак, АКШда кесиптик кошундарга мүчө болгондордун саны 1954-жылы максималдуу  (35 %) болсо, азыркы маалдарда кесиптик кошундарга мүчө болгон америкалыктардын саны жалпы калктын 11 гана пайызын (2014-ж.) түзөт.

2005-жылга карата алынган эсеп боюнча, Европада кесиптик кошундарда мүчөлүккө тургандардын пайыздык үлүштөрү кескин вариацияланат: Батыш Европада басымдуу көпчүлүк (Дания-80, 1%%), Швеция-74,7%,  алда канча төмөн Улуу Британия (25,4%) жана Франция (14,3%). Европанын постсоциалисттик өлкөлөрүндө  иштегендердин басымдуу көпчүлүгү кесиптик кошундарга мүчө эмес. Ушуну менен бирге кесиптик кошундарга мүчөлөрдүн сан жагынан кескин кыскарып бара жаткан тенденция бар экендигин белгилей кетүүгө тийишпиз. Алсак, Венгрия, Чехия жана Болгарияда акыркы сегиз жылда эле кесиптик кошундарга мүчөлөрдүн саны дээрлик 2-3 эсеге кыскарган.      

   АКШда кесиптик кошундардын саясий таасири айрыкча 2012-жылдан кийин кескин начарлап кеткени белгиленет. Бул бир чети кесиптик кошундардын сан жагынан азайып кеткени менен да түшүндүрүлөт. АКШдагы кесиптик кошундар көп учурда Демократиялык партияны колдоору белгилүү. Алсак, 2012-жылкы президенттик шайлоодо  кесиптик кошундар тарабынан президенттик кампанияга салынган каражаттын дээрлик 91 пайызы демократтар алышкан. 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүндө да америкалык кесиптик кошундардын эӊ ири борбору Хиллари Клинтонго маалыматтык жактан да, каржылык тараптан да ири колдоолорду көрсөткөнү маалым.

Өнүккөн өлкөлөрдө деле 1997-2005-жылдарда кесипти кошундарга мүчөлөрдүн үлүштүк пайыздары кыскарган, бирок алар алда канча аз пропорцияларды түзүшөт.Ал эми Япония, Канада, Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө бул жааттагы көрсөткүчтөрдүн өскөнү бар.

Кесиптик кошундардын швециялык системасы эмгек рыногун жөнгө салып туруу жана инспекциялоо үчүн чоӊ жоопкерчиликти моюнга алуу жагынан бир топ артыкчылыктарга ээ экендиги баса белгиленип жүрөт. Швецияда кызматкерлердин 90 пайызга жакыны жамааттык келишимдер менен корголгон. Жалпы иштегендердин 70 пайызга жакыны кесиптик кошундарга мүчө болуп саналышат. Эмгек рыногундагы социалдык өнөктөштөр жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, ар кандай талаш-тартыштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн бардык аракеттерин көрүшөт. Эмгек акыны коюу жана аны инспекциялоо иштери кесиптик кошундардын  компетенциясына кирет. Негизи, эмгек акы өлчөмү жана төлөө мөөнөттөрү эмгек рыногунун катышуучулары ортосунда жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөрдө белгиленет. Эгерде жамааттык келишим жок болсо, анда минималдык эмгек акы деген да жок. Жамааттык  эмгек келишими жалаӊ гана кесиптик кошундун мүчөлөрү үчүн  эле эмес, ошол жумуш ордунда иштеп жаткан бардык кызматкерлер үчүн жарактуу деп саналат.

 Абдираим Мамытов

 

Жарыяланган категория Саресеп
Теги
Add new comment
Подробнее ...

АРСТАН АЛАЙ: АПЕНДИ «ДОЛБООР» ЖАНА «ЖАӉЫ КУДАЙ»

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:33
АРСТАН АЛАЙ: АПЕНДИ «ДОЛБООР» ЖАНА «ЖАӉЫ КУДАЙ»

Арстанбек Абдылдаев  эки жумадай мурун  өзүнүн тарапкерлери менен кадимки эле «Аки пресс» маалымат агенттигинде  маалымат жыйынын өткөрүп, анда өзүнүн «Адамзатты сактоочусу» болгондугун, Жаӊы Кудай экендигин  эч кандай азил-тайпасы жок эле жарыя кылганы маалым.

Анысын тек гана «Жарымы жалган, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн деген кыязда эле  айтып салды окшойт» кыязында кабыл алууга даярданып турган учурубузда 14 -октябрь күнү анын жыйырмадай тидектештери аракеттеги президентти токтоосуз отставкага кетип,  бийлигин  Арстан Алайга өткөрүп берүүнү, «Кут» телеканалын ачып берүүнү талап кылган чакырыктар жазылган плакаттарды моюнга илип алышкан тейде Өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышкан. Андай акциянын өтөөрү алдын ала маалымдалбай, тиешелүү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу, тартип сакчылары аларды алеке заматта таркатууга үлгүрүштү. Анчейин деле каршылык көрсөтүшпөгөндөрүнө караганда алар Өкмөт үйүнүн жанында көпкө турууну пландашкан деле эместигин оӊой эле болжоого болот. Маалымат булактарында бул акция түрдүүчө талданууда.  Мисалы, «Президенттин өз ыйгарымын аткарууга киришкендигин ушинтип оригиналдуу жол менен белгилеп койгулары келишкендей» деп белгилениптир «Майдан» гезитинде. Андан ары  Арстан Алай менен анын тарапкерлеринин мындай жосунсуз жоруктары сырттан байкагандарга күлкү болгону менен, акыл-эстүү Кыргызстандыктарды  уят кылгыдай, намыстандыргыдай иш болгону, Арстан Алай баштагандар акыркы убактарда биротоло чектен чыгып баратышканы баса белгиленет.

Негизи, эл ичинен ар кандай адамдар чыга берет, ар нерсени айтып, ал турсун келжиреп-былжыраса да боло берет кыязында эле унчукпай кала берейин десеӊ,  Арстанбек Абдылдаев буга чейин Кыргыз Республикасынын президенттигине бир эмес эки ирет талапкер болуп калган да жайы бар экенин эстегенде чыдабай кетээриӊ бышык. Тактап айтканда, тээ 2011-жылы президенттик шайлоодо токсондон ашык кыргыздар өз талапкерлигин коюп, өзүнчө эле бир рекорд коюлганы эсибизде. Ал президенттик шайлоодо көптүн катардагы эле  бири катары Ат-Башыда дүкөнчү болуп иштеп жүрүп, бирин-экин мал күтүп, өзүн бизнесмен деп атаган Арстан Абдылдаев да катышканы, Абдылдаевдин «Зима не будет!» деген лакап атына ошондо азан  чакырылганы айтылат. Тагырак айтканда, 2012-жылдын жаз алдында бир аз күн жылып, анча-мынчалардын көбүн тоотпой коер кыргыздарга Арстан Алай туурадан чыга калып, « мындан ары кыш болбойт («Зима не будет!) деп көзү ачыктык кылып, «ашкан-арткан чөп-жарды жоготкула» деп жар салган. Бирок, ошол жылы жаз келээри менен катаал суук башталып, кыргызда болуп-көрбөгөндөй «жут» башталганы белгилүү. Мамлекет көмөк көрсөтүп, Чүйдөн, ал турсун Казакстандын аймактарынан да чөп тарттырып келип, бир топ малды аман сактап калганы элдин эсинде. Арстан Алайдын ошондогу «Зима не будет» деген сөзү Россиянын кыйырына да жеткендигин укканыбыз бар.

ЭМНЕ YЧYН «АЛАЙ»?

 Арстан Алай эмне үчүн Алайлыктардын атын булгап, «Алай» деген ат коюп алган жайын «Кабар-Инфо»мындайча баяндаптыр: «Ал 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Мунун мээси чайкалып калганын билишкен Алайдын жигиттери төбөгө чаап, жиндиликке ооп бараткан мээсин ого бетер «чайпап» ташташкан».Окуя чын эле ушундай болгонбу же жокпу, ким билет, бирок Арстан Алайдын оозунан чыгып жаткан «Мен жаӊы Кудаймын!» деген сөздөрүн угуп олтуруп, ошондой болгонуна чындап ишенгиӊ да келип кетет экен. Азиз- олуя, ашып эле баратса, пайгамбармын дебестен, «Кудайдын өзүмүн» деп жарыялоо үчүн акыл-сезим канчалык даражада ашык же кем болуу керектигин эсптеп чыгууну ар кимдин  өз абийирине койдук.

Азыр айрым аттуу-баштуу эле байкоочулар  Арстан Алайдын Кудайдан жөө качкандай сандырак сөздөрүнөн кыргыз коомчулугунун көӊүлүн «Муну  экспертизадан өткөрүүдөн башка маанилүүрөөк иш калбай калдыбы?» кыязында кайра бийлик органдарына асылуу жолу менен буруп кетүүнүн, алаксыта туруунун  амалын жасап жатканын оӊой эле аӊдап-багууга болот. Ошол эле учурда Арстан Алайдын теӊирден эки-үч эселеп тескери жасаган иши үчүн тымызын намыстанып-ариеттенип жаткан жандар да жок эмес экендигин сезгениӊди да жашырууга мүмкүн эмес.

ОРМОН ХАН ЖАНА ОРОЗО

«Азия ньюс» жумалыгына  Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Аакаев берген эксклюзивдик маек жарыяланып, анда Акаев «Учурда Кыргызстанга тоскоол жарата турган үч коркунучту көрүп  турам. Биринчиси- диний экстремизмдин, тактап айтсак, өлкөдөгү исламдашуунун акырындап жайылып баратышы. Бир топ ислам мамлекеттеринин мисалында  исламдык радикализм акыры эл аралык терроризмге алып бараарын көрүп жатабыз» деп  белгилептир. Албетте, академик менен талаш-тартышка түшкүм келбей турат, бирок ага кыргыздын менталитетине диний экстремизм көрүнүштөрү анчалык деле сыйбагыша бербегендигин кадыр-барктуу эле эксперттер башынан айтып келатышканын эскерте кетүү ашыкчалык кылбайт. Ал эми өзүн динден жана Кудайдан да жогорураак же ага теӊ  көргөндөрдөн Арстан Алай тарыхта жалгыз болбойт. Алсак,  кадимки эле Ормон хан өзү кайсыл бир жылдын мээ кайнаткан ысык күндөрүнө туш келип калган Орозону кармоо мөөнөтүн салкыныраак учурга жылдырып салганын улуулардан уккандар айтып калышат. Ал эми азыркылардан Теӊирчилерди мисалга тартуу да туура болоор эле. Жеке баамымда, Арстан Алайдын өзүн Кудай атап алышы жана тилектешеринин Өкмөт үйүнүн жанындагы ыймансыз жана мыйзамсыз талаптары теӊирчилерге жакпайт, а балким Арстан Алайдын өзү алардын  «долбоору» эмес деп эч ким айта албайт.

Арстан Алайдын акыркы апталарда ак уруп айтып жана жасап жаткан аракеттерине акыркы маалдарда акырындык менен жайылып бүтүп калган жакшы эмес адат- кыргыздын өзүн өзү өлтүрө мактап салуусу да белгилүү ролун ойноп, таасирин тийгизгендей сезилет. Ооба, кыргыз өзүн-өзү өлө мактагандан өмүрү тажай элек. Кыргызды Кудай Күндүн нурунан жараткан дегенге чейин жеттик. Негизи, Кудай таала нурдан  периштелерди жана жин-шайтандарды жарткандыгы динде айтылат. Мактануу кызыгына кылдай кирип кеткен кыргызга өзүн бул жагынан Шайтанга аргасыз теӊеп алганын таназар албай калуу кооптуулугу бар.  

КЕРЕКСИЗОВДУН СЫЙКЫРДУУ САНЫ КЕРЕКПИ?

Борбордук гезиттердин биринин өткөн жумадагы санына кыргызга аты меценаттыгы менен белгилүү болуп калган  Ташкул Керексизовдон «Биздин убакыт келди!» деген сөзү  аталыш катарында алынган маеги жарыяланыптыр. Ташкул аба маегин а дегенден эле кыргыздын жери менен элин эбине келтире мактоодон баштаптыр: «Миӊдеген жылдар бою улуу тоолордун койнунда жашап келген өзгөчө эл бар, ал кыргыз эли. Биз бир ууч калк болсок да, эл-журттун өзгөчөлүгү болгон  «Манас эпосун, түндүгүнөн нуру төгүлгөн боз үйүн, тумары болгон ак элечеги менен ак калпагын, арманы болгон күүлөрүн сактап келдик». Керексизовдун андан аркы маегинде өзү көптөн бери убада кылып келе жаткан Шам-Бала айылын куруунун айланасындагы аркы-берки максат-пландарын узун сабак кеп кылып айта олтурат. Маектин биз сөзсүз кызыгууга тийиш боло турган жайына капыл-тапыл келебиз. Тактап айтканда, «8888 санды атап өттүӊүз, чечмелеп бербейсизби? деген суроого Керексизов  «Ааламды башкарган күч-кубат –Манас! Жыйырма биринчи кылымдын алгачкы он жылдыгында ал энергия үч жолу үч өлкөдө колдонулду.  Биринчиси, 2008-жылы 8-айда, 8-күнү, кечки саат сегизден сегиз мүнөт өткөндө стадиондо светтер өчүрүлүп,  эки миӊ добулбас бир көз ирмемде  үн чыгарды. Бул- биздин убакыт келди, бизге көӊүл  бургула деген Кытай коммунисттик партиясынын жемиштүү чакырыгы эле.  Россиянын президенти Владимир Путин «Бизди ири держава катары эсептебей, регионалдык өлкө катары эсептеп атасыӊар» деп 2014-жылкы Кышкы олимпиаданы өткөрүп, орустар медаль жагынан  сандык, сапаттыгы  менен өмүрүндө албаган биринчи орунду алды. «Бизге терс караганды токтоткула, биз тирүүбүз. СССРдин күчү Россияда» деди. Yчүнчү  жолу Манас энергиясынын күч-кубатын колдонуп отурукташкан адамзатты суктануу менен кыргыз элинин улуу каада-салтын сыйлоо мамилеге өткөздү» деп жооп берген. Бирок, мен бул маектин кайсыл  жеринде эзотерика-мистикалык сырлар катылып, кайсыл өӊүтүнөн  кара жердеги эле кадимки реалдуулук калкып чыгып турганын таптакыр аӊдабай, түшүнбөй койдум! Сиздерчи?

Абдираим Мамытов

 

Жарыяланган категория Саресеп
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Жаа атуу өнөрүн жанданткан Роза Сатканкулова

Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:30
Жаа атуу өнөрүн жанданткан Роза Сатканкулова

Жаа – кол күчү менен атылуучу байыркы курал. Анын огу жебе деп аталат. Жааны дүйнөнүн бардык элдери мезолит дооруна чейин колдонушкан. Унуттка калып бара жаткан жаа атуу өнөрүн Ошто кайрадан жанданткан Роза Сатканкулава кызыккан жаштарга акысыз үйрөтүп келет. Каарманыбыздын окуучулар менен машыгып жаткан жеринен маектешип кайттык.

«Жаа атуу өнөрү Ысык-Көлдө кайрадан «төрөлгөн»

- Жаа атуу өнөрү мындан 15 жыл мурда Салбуруун федерациясынын президенти Алмазбек Акунов тарабынан жаӊыртылган. Ага чейин аталган өнөр такыр унутта калып кеткен эле. Учурда федерацияда өлкө боюнча 200дөн ашуун жаачы бар.  Негизи, жаа атуу өнөрү Ысык-Көл облусунан кайра «төрөлүп», жанданды десек да болот. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына барып калдым. Ал убакта Салбуруун федерациясы бар экенин деле билчү эмесмин. Ошол жерден жаачы кыздарды көрүп, жаага болгон кызыгуу пайда болду. Интернет булактарынан издеп, Алмазбек Акуновдун өзүнө барып кезиктим. «Жаа атууга кызыгып жүрөм, үйрөнөйүн дедим эле» десем украиналык Олег Куликов деген жаа жасаган устанын телефон номурун берди. Ал кишиге буюртма берип, биринчи жаа жасаткам. Ошол жаа менен федерациядагы жаачылардан жаа атуунун техникаларын, аралыктарын бүт үйрөндүм. Өзүм менен өзүм машыгып жүрүп, федерацияга мүчө болдум. Ар кандай мелдештерге катышып жүрдүм. 2018-жылы Көчмөндөр оюндарына тандоо турун өткөрүп калышты. Тандоодо Кыргызстан боюнча үчүнчү орунду алып, Көчмөндөр оюндарына жолдомо алгам.

«Түштүктө жаачылар саналуу гана экен»

- Көчмөндөр оюндарынан келгенден кийин кошо жаа атып машыгуу үчүн жаачы издеп, Түштүктөн такыр таппай койдум. Саналуу гана жаачылар бар экен, алар дагы аймактарда экен. Жаага менчелик кызыгып, дайыма машыгып жүргөн жаачылар жок экен. Мисалы, Ысык-Көлдө жаачылардын мелдеши тынымсыз өтүп турат. Жаратылыш койнуна чыгып, мыкты оюндар болот. Ошто дээрлик жок болуп чыкты. Ушундан улам жаачы өнөрүн өнүктүрүү максатында социалдык тармактарга «жаа атууну акысыз үйрөтөм, кызыккандар кайрылгыла» деп жарыя кыла баштадым. Учурда 10го жакын окуучум бар. Акысыз үйрөтөм, бир гана шарт – жаа атууну үйрөнөм деген адамдын өзүнүн жаасы болуш керек. Себеби, бир жааны бир эле адам кармап, өзгөчө аяр мамиле менен сакташы керек. Жаа алууда өзүм барып тандашам. Анткени, жаанын да фунтажы болот. Жаӊы үйрөнчүктөр эӊ төмөнкү фунтаждагы жаадан башташы керек.

«Жааны атууда сезимталдык талап кылынат»

- Улуттук спорттун жаа атуу түрү сезимталдыкты, өжөрлүктү талап кылат. Жааны, жебени сезип туруш керек. Бара-бара жаачы жебесин таанып калат. Бул да болсо жаачылыктын өзгөчөлүгү болсо керек. Күнүнө жок дегенде эки саат машыгуу болушу керек. Себеби, жааны тартып атууга күч талап кылынат. Эгер дене эс ала түшсө, күчтү жоготот да, кийинки машыгууда кыйынга туруп калат. Ошондуктан денени унуткарбаш үчүн машыгуу күнүгө болуп турушу зарыл. Ошондо гана жебени узактан сезе баштайт. Анан албетте, коопсуздук эрежелерин үйрөтөбүз. Машыгууда бута тарапта эч ким болбошу керек.

«Эӊ улуусу 60та болсо, кичүүсү 6 жашта»

- Окууга кабыл алууда жаш өзгөчөлүктү чектегеним жок. Окуучуларымдын эӊ улуусу 60 жашта болсо, эӊ кичүүсү 6 жашта. Кайсы убакта болсо да кабыл алам. Эӊ негизгиси адамда кызыгуу болуш керек. Негизи, Ошто кызыккан жаштар аябай көп. Себеби, бул өнөр кыргыздын канында бар эмеспи. Бирок, кымбат өнөр деп атоого болот. Себеби, машыгууну баштоодо форма, жаа, жебе, кол каптарды алуу үчүн орточо эсеп менен 100 миӊ сом акча каражаты керектелет. Чыгым бир аз көбүрөөк талап кылынат. Албетте, ушул чыгымга чыдап, уул-кызынын кызыгуусун сыйлап, шарт түзүп берген ата-энелерге рахмат айткым келет. Эки же үч жумада бутага атып үйрөнүп калышат. Алты ай менин колумда машыккан окуучу кызым Улуттук көчмөндөр оюндарында республика боюнча үчүнчү орунду алды. Өзүмдүн кесибим башка болгону менен буларга мугалим болдум да. Өзүм ички иштер органдарында атайын багыттагы «Шумкар» полкунда инспектор болуп 19 жылдан бери иштейм. Мугалимдик тажрыйбамдагы алгачкы ийгилигим ошол кыз болду. Аябай кубандым, көзүмө жаш алдым.

«Мэрияга кайрылып жер сурагам…»

- Азыркы окутуп жаткан окуучуларым керектүү тажрыйбага ээ болууда. Бирок, машыгууга шартыбыз жок. Мэр Таалайбек Насырбековичке машыгууга жай сурап киргенимде стадиондон жер бөлүп берүүнү убада кылган. Эгер ушул маселе оӊ тарапка чечилип калса жакшы болмок. Окуучуларым мен кайда барсам ээрчип алышат. Балык уулоого көп чыгам, унаама түшүп алышат «сиз кайда барсаӊыз биз да ошол жакка» дешип. Жок дей албайм, Ысык-Көлгө чейин чогуу барып машыгып келүүдөбүз. Буюрса, үмүттү актаган мыкты жаачылар чыгат деп ишенем. Эӊ негизгиси, балдарга туура багыт көрсөтүп, өнөрдүн баалуулугун үйрөтүүгө далаалат кылам. Анткени, өнөр баккан, балаган адам эч качан кор болбойт эмеспи. Бала жаштайынан өзүнүн каалаган, кызыккан нерсесин алып кеткени жакшы. Ошондуктан окуучуларыма карата өтө чоӊ жоопкерчилик желкемде экенин сезем

Акылбек Кушматов, окуучу:

«Улуттукөнөрлөргөкызыгам»

- Сулайман Тоодо окуучулардын машыгып жатканын көрүп кызыгуум пайда болду. Алгач жөн эле атып көрөйүн деп келгем. Бара-бара кызыгуу артып, биротоло киришкем. Ата-энем тандоомду колдоп, шарт түзүп беришет. Машыгууну баштаганыма бир айдан ашты. Кечээ Ош шаарынын 3019-жылдыгында ипподромдо республикалык мелдеш өтүп, анда үчүнчү орунга жетиштим. Бул менин бир ай ичинде алган машыгуумдун жыйынтыгы десем болот. Буюрса, алдыда пландар көп. Бул өнөрдү өмүр бою алып жүрүүгө аракет кылам. Өзүм улак чаап жүрөм. Негизи улуттук өнөрлөргө көп кызыгам. Өзүмдүн агаларым да мергенчи болушкан.

Айдай Азамат кызы:

«Машыгууда чарчоом жазылат»

- Кичинекей кезимден эле жаа атууга кызыкчумун. Атам оюнчук тирлерди алып берип, үйдө машыкчубуз. Кийин эжекени кезиктирип калдык. Окууга жазылып, машыгууну баштагам. Негизи, жаа атуу кыргыз улуттук оюндары болуп саналат. Күнүгө машыгып турам, чынында рахат алам. Бир күн келбей калсам, жаамды кармабай калсам курсагым тойбойт (күлүп). Жаа атууда бир гана жебе менен бутаны тиктөө керек. Оюмда эмне болсо чыгарып салып, көӊүлүмдү бүт жаага салам. Ошондо гана машыгуу чарчоомду жазат.

.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

 

Жарыяланган категория Макалалар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Ош шаарынын абасы тазабы?

Среда, 23 Октябрь 2019 10:37
Ош шаарынын абасы тазабы?

Ош шаарында өндүрүштүк саналуу гана заводдор, цехтер иштейт. Шаардык свалка шаардан 7 км. алыстыкта Ош-Ноокат жолунда жайгашкан. Бул жайга жыл сайын Ош шаарында 350000 м3 дан ашуун тиричилик таштандылары чыгып турат. Ушунун кесепетинен Жапалак айылынын жашоочуулары таштандыдан чыккан жагымсыз жыттан тажап келишүүдө. Ош шаарынын көчөлөрүндө күн сайын миӊдеген автоунаалар жүрөт. Алардын чыккан уулуу газ - шаардын абасын булгаган эӊ негизги булак. Дегеле бүгүнкү күндө Ош шаарынын жашоочулары кандай абадан дем алып жатышат? Ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

Ош шаарына келип жашаганына эки жума болуп калган Адиев Кадыр аттуу жаш жигитибиз Ош шаарынын абасы таза эместигинен ныксыратып, эрте менен туруп кетүүгө тоскоол болуп жатат деп баса белгилеп кетти.

«Менин айылым тоолуу аймак болгондуктан абасы таза, ал эми Ош шаарына келгенде айрыкча ДЭУ айылынан бери өткөндө аба таза эмес экендиги даана байкалат. Себеби адамдын организми акылдуу болот эмеспи, кайсыл жерге барганда адамдын дем алуусу басаӊдап, ал эми таза абага жайгашкан тоолуу амактарга барганда адамдын дем алуусу, жүрөктүн согушу да тезираак кыймылдап калат. Ошону менен биз айылда өсүп, таза аба менен дем алып, таза суу ичип чоӊойгонго Ош шаарына келгенде кыйла эле кыйынчылыктар болуп жатат. Быйылкы жыл эсебинде Ош шаарына келгениме 2 жума болсо, 2 жумадан бери жакшы уйку жок. Абанын таза эместигинен ныксыратып, эрте менен туруп кетүүгө тоскоол болуп жатат».

Ош шаарынын мамэкотехинспекциясынын бөлүм башчысы Асанбек Мамыраимов:

«Ошто өндүрүштүк ишканалардан чыккан уулу заттар тазаланбайт»   

-Биринчиден, уулуу заттан дагы бизде шаардын абасын булгоочу обьектилер биринчи орунда жылуулук электр борборунун (ЖЭБ), отказандын морунан чыккан түтүндөр кыш мезгилинде пайда болот. Мындан Бүгүнкү күндө буларды жылда текшерүү жүрүп турат. Мурдагы жылы ЖЭБке лимиттен атмосфера абага чыгарган зыяндуу заттардын ашыкча чыгарып койгондугу үчүн 40 миӊ сом доо коюп өндүрдүк. Ал эми үч литейний цех жана арматура чыгаруучу цехтерге фильтрлерди орноттурдук. Бирок булар кыш мезгилинде иштебейт. Жай мезгилинде иштейт. Андан кийин эӊ эле орчундуусу коомдук мончолордун көптүгү. Бул мончолор электр энергиясы менен жылытканга документи бар болсо, кээ бирки мончолор көмүргө өтүп алышкандар бар. Текшерүү учурунда документтик иш кагаздарда электр энергиясы деп көмүр менен иштеп жаткандар кездешти. Биз тилекке каршы, быйыл 2019-жылы көпчүлүгүн текшере албай калдык, себеби 2019-2020-жылдары ишкердүүлүктү текшерүүгө тыюу салуу боюнча мониторинг жарыялады. Бир гана арыз боюнча гана текшердик. /ч арыз боюнча текшерүү ишин жүргүзгөндө арматура чыгаруучу цехтин фильтри болсо дагы, кээде фильтрдин күчү жетпей иштебей калган учурлар кездешти. Ошондо 23 миӊ сомдон айып пул салынды. Быйыл дагы  арыз түшсө, мэрия менен биргеликте мончолор менен жылытуучу отказандарды текшерип чыгабыз. Бирок толук кандуу бүгүнкү күндө мынчасы абаны булгады дегенден алыспыз. Анан биздин шаардын Жапалак аймак жагында абаны булгоочу бир эле проблема свалка болуп жатат, себеби свалкада бүгүнкү күндө мэрияга бир айлык мөөнөт менен кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү бердик. Атмосфералык абаны жагымсыз жыттар, түтүндөр бузат. Күндүзү шамалдын багыты талаа жакты көздөсө, кечкиси шаарды көздөй багыт алат. Ошондо түнү жагымсыз жыттан, эл ыӊгайсыз абалда болууда. Бул боюнча да иш-чаралар жүрүп көрсөтмөлөрдү бердик.   

-       Ош шаарында канча өндүрүштүк ишкана бар?

-       Ош шаарында атмосфералык абага терс таасирин тийгизе турган өндүрүштүк ишканалардан бизге катталган он беши бар. Анын ичинде кирпич заводдор дайыма көзөмөлдө турат. Ал эми мончолор өндүрүшкө кирбейт. Литейний цехтер, пластик, мешок чыгаруучу, цемент даярдоочу ишканалар бар.

-       Алардын шаарда жайгашуусу талапка жооп береби?

-Жашырбай эле айтайын. Бардык ишканалардын иш-кагаздары так. Кандайдыр бир деӊгээлде СНиПке (курулуш нормалары жана эрежелери), СанПинге (санитардык-эпидемиологиялык эрежелер) туура келбеген жерлерди (обьектилерди) мурунку бийликтеги жетекчилер, мурунтан кандайдыр бир деӊгээлде иш кагаздарын алып алышкан. Анан бул жерде 75%сы обьектин айланасындагы калктын макулдугу менен курулуп кеткен. ГОС акты берип койгон жерлер бар. Ушундай фактылар бар, жок эмес. Ош шаарынын ХБК кичи району өнөр жай зонасы болгондуктан, ал жакта жеке үйлөр да курулуп кеткен жана өнөр жайлар да иштеп жатат. Бул проблема акырындык менен чечиле турган нерсе, бул боюнча сунуштарды берүүдөбүз. 2020-жылга текшерүүнүн моноториясы бүткүчө план менен иштейли деп жатабыз. Мен өзүм мэрияга, жогорку жакка жеке сунуш берем деп жатам. Ушундай өнөр жай зонада курулуп кеткен үйлөр турак жай зонасы деп аталсын же болбосо өнөр жай зона деп атасын. Себеби көпчүлүк убакта өнөр жай зонасы деп жерлерди кыркып берип коет да, алган адам  лакыйтып эки-үч кабат үйлөрдү салып жатышат. Ушундай фактылыр бар. Буга чейин укук коргоо органдары менен иш козголгон обьектилерда бар, ушуга биз көбүрөөк басым жасоодобуз.

Шаардын ичинен чыккан таштандылар шаардан 200, 300 метрден алыс болуш керек. Андай десек ХБКда ЖЭБ турат. Бүгүнкү күндө жашырбай эле айталы, ЖЭБдин жанында автоунанын тетиктери сатылуучу базар түшүп калды. Бири-бирине туура келбей калат. Жок дегенде ЖЭБдан 1км же 500 метр алыс болуш керек.

- Акыркы учурда Ош шаарында абанын булганышы кескин түрдө байкалып жатат. Таза аба менен дем алуу мүмкүн болбой калганын айтып жатышат. Сиз эмне деп ойлойсуз?

- Бүгүнкү күндө бак дарактардын кыйылуусу көп болуп атат. Жашыл зонанын азайышы, биздин зеленхоз көбүрөөк павилон деген дарактарды өстүрүп көбөйтөбүз деп жатат. Бирок, биринчи орунда дарактарды көп отургузса жакшы болот. Биз мурункуга салыштырмалуу бир топ өндүрүштүк ишканаларды фильтрлештирип койдук. Бирок бул жагынан фильтрлештиргени менен жанагы чыпкаларды орноштуруу талаптарын койгон менен ошончо көп өндүрүштүк обьектилер, курулуштар курулууда. Маселен бир эле мисал даараткана кагаздарын чыгаруучу бир топ 7-8 цехтер бар. Алар жылдан жылга көбөйүп барат. Негизи Ош шаарынын бул жанакы обьектилер толук кандуу талапка жооп бербейт. Себеби биздин шаарыбызды толук кандуу таза деп эсептебейм. Бизде атмосфералык аба кескин өзгөрүп турат. Ошончолук обьект көп, муну акырындык менен чечкенге болот.

- Автоунаалар абага кандай зыян келтирип жатат?

- Бүгүнкү күндө автоуналардын кыймылдаткычтарынан чыккан зыяндуу заттардын өлчөмүн текшерүү үчүн 2019-жылы лаборотория бөлүп бериш керек эле. Бирок тилекке каршы, бизде андай аппарат жок болгондуктан, биз быйыл автобустар менен дизелдик май менен жүргөн автоунааларды текшере баштадык. 2019-жылдын жыйынтыгы менен толук текшерип бүтөбүз. Бирок 2020-жылга карата жогорку жакка арыз берип жатабыз. Бензин менен жүргөн автоунаалардын кыймылдаткычтан чыккан зыяндуу заттардын мерчемин өлчөө үчүн аппарат лабораториялык прибор алсак, ошонун негизинде текшеребиз.                                                        

Автоунаалардын кыймылдаткычынан чыккан зыяндуу заттар өтө көп. Себеби авто тыгындарда экологиялык жактан толук кандуу талапка жооп бербейт. Мурун экология боюнча пост болчу эле. Бүгүнкү күндө тилекке каршы экологиялык пост жок болгондуктан, кайра ошону жандантып бергиле деп. Автоунаалардын көптүгүнөн биз ошону кайра жазып, жогорку жакка суранганга аракет кылып жатабыз.

- Өндүрүштөн чыккан түтүндөр эмнеге зыяндуу?

- Өндүрүштөн чыккан көбүнчө кирпич чыгаруучу заводдор алар көмүр менен иштетип аткандыктан сымап эле болбосо, бүгүнкү күндө көпчүлүгү пластик, жеӊил бут кийим, даарат кагаздарын чыгаруучу цехтерде сырьену анан өзүнчө бир химикатты колдонушат. Себеби эритүүчү цехтерде дагы темирдин түсүн өзгөртүүчү химикат сыяктуу порошокторду колдонушат. Андан сырткары мешок чыгарган жерде полэтилен жанакы целлофан сыяктуу жыты чыгып турат. Булар сырьену мусорда жаткан эски полэтилен мешокторду кайра иштетип чыгарат. Адамдын өмүрүнө тийгизген таасири бронхит менен жүрөк оорусуна алып келет. Андан сырткары бизде аллергиялык оорулар көп болгондуктан аллергия ооруларына терс таасирин тийгизип жатат. 

- Таштандылардан чыккан зыяндарды атап берсеӊиз?

- Турмуш тиричиликтен чыккан калдыктарды топтоонун аракетинде биз жогоруда айтып өткөндөй, Ош мэриясына талаптарды койдук. Ал жерде бир эле маселе турмуш тиричиликтен чыккан таштандылар үч бөлүккө бөлүп чыгарат. /ч бөлүктүн ортосу бир жарым, үч метрден айырмаланып туруш керек. Биринчиси турмуш тиричиликтен чыккан таштандылар, экинчиси колдонулуудан чыгып калган мобилдик телефондордун батерейкалары, кислота сыяктуу никель аралашкан лампочка, приборлордон чыккан йоддор, компьютердин тетиктеринен чыккан жараксыз таштандылар класстык коопсуздук боюнча бир бөлүм болуш керек. Мал жандыктардан баштап, иттердин жансыз абалындагы эт-сөөктөрү бөлүнүп туруш керек. Ал эми биздин турмушута үйдө колдонуудан чыгып калган батерейка, компьютердин тетиктерин жаш балдар ойной турган жерден алыс коюш керек же болбосо тийиштүү жерге тапшырып утилдештирүү зарыл. Бирок Ош шаарында утилдештирүү жок. Биз бул боюнча ОБСЕнин Орхус борбору менен биргеликте Ош шаарынын мэриясы менен талкууга койгонбуз. Компьютер, телевизор оӊдоочулар менен жолугушууларды уюштурганбыз.  Жолугушууда колдонуудан чыгып калган буюмдарды чогултуп тапшыруучу жайларды ачуу тууралуу сөз болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай жыйынтыкты көрө албадым. -Бүгүнкү күндө Ош шаарынын тургундары таза аба менен дем алып жатат деп ишенимдүү түрдө айта аласызбы?

- Чын-чынына келгенде башка шаарларга салыштырмалуу биздин шаар бир топ эле таза, мурункудан да таза болуп калды. Мен 100% таза аба менен жашайт деп айта албайм. Бирок бара-бара оӊолгонго аракеттер болуп жатат. Биринчи биздин планыбыз жогоруда айтылган автоунаалардан чыккан зыяндуу заттары менен чарба субьектилердеги фильтрлерди койдурсак, анда биз толук кандуу бир топ таза абада жашайбыз деп ишенебиз.

Жапалак айылы - экологиялык жактан алганда Ош шаарындагы эӊ көйгөйлүү аймак. Калаанын борборунан 5 чакырым аралыкта жайгашкан айылдык башкармалыкта төрт кыш завод, арматура цехи жана таштанды талаасы жайгашкан. Жергиликтүү эл бир нече жылдан бери бул ишканаларды жана полигонду жаап салууну талап кылып келишет. Жашоочулардын айтымында, таӊ эрте жана кечинде айылды кара түтүн каптайт, көптөрүндө көз оорулары жана өнөкөт жөтөл пайда болду.

«Аркы өйүздө кой кайтарып жүрүп, мусордун түтүнү туман болуп биздин үйдүн үстүнөн өткөнүн көрүп зээним кейиди. Бул жыттар башыбызды оорутат, оорутканда эмне кылмак элек, башка жакка көчүп кете албайт экенбиз. Кечкиси эшиктерди жаап, үйдүн ичинде жатабыз. Таштандынын жанында жашап ар кандай оорунун түрү жугуп калат деп кооптонуп жашайбыз. Айла жок ушул жерде жашап калганбыз, башка жакка көчүп кете албайбыз.                                                                                     

Бул үйдү алганыбызга 20 жылга жакындап калды, ошол 20 жыл мурун деле ушул жыт бар болчу. Жыттын айынан ошол кезде эшикке жата албачубуз. Кайсы бир жылы аябай чымындар көбөйүп кеткен, ошондо айтып чакырыш керек экен деп коӊшуларым чуркап жүргөн. Акыры келип тазалап жок кылып кетишкен.

Иче турган суунун үстүн дайыма жаап турабыз. Эгерде суунун үстү ачык калып кетсе, суунун бетине күйгүзүлгөн мусордун пыры кадимкедей кара ыш калкып калат. Суубуз ичүүгө жараксыз болуп калат», - дейт Жапалак айылынын тургунуСырга Кудайназарова.

«Жаш балдарыбыз менен жайдын күндөрү эшикке сейилдегени чыга албайбыз. Себеби ушул жыттардын, түтүндөрдүн кесепетинен. Кээде балдарыбыздын көздөрү, тамактары ооруп калат. Мен балдарым менен   апамдын үйүнө конокко келип турабыз. Балдарыбыз ооруп калбасын деп көп деле келе бербейбиз, келсек деле кайра кеткенге шашабыз.  Жыттардын айынан менден кийинки синдимдин жолдошу бул жакка балдарын такыр жөнөтпөйт», - дейт Келдикова Нурия.

Тургунбек Жумабеков Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иш алып баруучу адиси.

-         Биз дем алып жаткан абаны тазалоо багытында кандай иштерди жүргүздүӊүздөр. Мисал келтире аласызбы?

-         Орхус борбору көп жылдан бери ушул маселенин үчтүндө түз жана кыйыр түрүндө иш алып бара жатабыз. Мисалы, айтып кете турган болсок, Бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо багытында акция уюштурдук. Буга түштүк жергесиндеги Ош шаарынын ЖОЖдордун студенттери жана Ош шаарынын жаштар комитети менен биргеликте жүргүзүлдү. Дагы бир иш чара шаардын экотехинспекциясы менен от казандар боюнча жетекчилери менен чогулуп, алардын тазалыгы, күйгүзүлгөн түтүндөрдү тазалап  чыгаруу боюнча иш алып барылды. Алардын нормалары боюнча сүйлөшүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындайча айтканда семинар өткөрүлдү. Бизнес чөйрөсүндөгүлөр менен өндүрүштөн чыккан таштандыларды кайсыл жакка жайгаштуруу жагын кароо маселелери талкууланды. Андан сырткары курчап турган чөйрө боюнча мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Өткөн жылы Ош шаарындагы башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жалбырактарды өрттөөну токтотуу, алдын алуу, алардын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

-         Канткенде таза абаны сактап кала алабыз?

-         Таза абаны сактап калыш үчүн бизнес чөйрөсү менен такай иштеп, ошол жердеги транспорт, өндүрүштөн чыккан калдыктарды өзүнүн нормасында рекуалитация жасоо, мүмкүн болсо айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу, алдын алуу болуп эсептелинет. Биз бул жөнүндө шаардык бийлик, экотехинспециясы менен биргеликте такай иш алып бара жатабыз.      

Бөжөков Арзыбек, Ош шаарынын көрктөндүрүү чарба комбинатынын башкы агроному:

-       Шаарды жашылдандыруу багытында кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

-       Шаарды жашылдандыруу максатында биз жылына кыш мезгилинде план коебуз, пландын негизинде ийне жалбырактууларды жана жазгы жалбырактуу дарактарды олтургузабыз. Акыркы беш жылды карай турган болсок дарактардын саны көбөйтүүгө аракет кылдык. Миниципалдык баланстын территориясына 37 миӊ даана дарактар бар, анын ичинде 24 миӊ даана жазы жалбырактуу дарактар. Жазы жалбырактуу дарактарга: кастан, береза, дуб, клен кирет. Ал эми 13 миӊден ашуун ийне жалбырактуу дарактар, алардын 20 түрү келет. Андан сырткары жашылдандыруу максатында жашыл зонанын территориясын көбөйтүүнү колго алып жатабыз. Гүлзарлардын аянтын чоӊойтуп, гүлдөрдүн санын көбөйтүп атабыз. Мурда бир гектар жерге 10 миӊ метр квадрат чарчы жерде гүлүбүз болсо, азыркы мезгилде 25миӊ метр квадрат башкача айтканда, эки жарым гектар аянтта гүлзарыбыз бар.Ошол эле мезгилде мисалы мурда 35 350 миӊ квадрат жерде жашыл чөп (газон) аянт болсо, азыркы мезгилде жашыл чөп аянттарыбыз дагы 40миӊден ашып калды. Шаардыктарга жашыл зонаны көбөйтүү максатын колго алып жатабыз. Өзү негизинен эл аралык стандартта норма боюнча бир кишиге жашыл зоона 24миӊ метр квадрад туура келет.

-       Шаар чакан болгону менен техника көп, отургузулган бак-дарактар абаны тазалаганы жардам береби?

-       Көпчүлүк адамдар биздин отургузган дарактарга сын пикир айткандар көп. Алар айтышат «тоодо өскөн арчаларды отургузуп, ийне жалбырактуу дарактарга басымдуу кылып жатасыӊар» деп суроолорду беришет. Тоодогу өскөн арчаларга беш түрдүү арчалар өсөт. Ал арчалар биздин шаарга өстүрүүгө туура келбейт. Биз отургузган ийне жалбырактуу дарактар декоративдүү дарактар болуп эсептелинет. Булардын чыккан жыт фитонцидтер деп бир гектар аянттан 30 кг чейин фитонцидтерди бөлүп чыгарат. Фитонцидтик заттар абада учуп жүргөн ар кандай жугуштуу оорулардыгы бактерияларды өлтүрүүгө жөндөмдүү болгон микробтор болуп эсептелинет. Мисалы абада жүргөн туберкулез оорусунун микробторун  фитонцидтер өлтүрүүгө жөндөмдүү болот. Ушуну да эске алыбыз. Он дарак олтургузсак  ошонун 40% тин мүмкүн болсо ийне жалбырактуулар, ал эми 60%ы жазгы жалбырактууларга басымдуулук кылабыз. Сиз айтып жаткан шаардагы чаӊдарды, автоунаалардан чыккан уулу заттарды сиӊирүүчү «кастан» деген дарагын олтургузабыз. Бул дарак чаӊдарды, уулуу заттарды  сиӊиргени жөндөмдүү. Мисалы бир гектар кастан аянты суткасына 100тоннага чейинар кандай чаӊдардыкармак калууга жөндөмдүү. Ошондуктан биз балансты сакташ үчүн, жазгы жалбырактуулар абадагы чаӊды, автоунаалардан чыккан уулуу газдарды сиӊире турган болсо, ошол эле мезгилде ийне жалбырактуу дарактар абадагы бизге керектүү болгон заттарды бөлүп чыгарат. Дарактарды олтургузууда: эс алуу, шаарга көрк берүү, санитардык-гигеналык максаттарды эске алып, илимий негизде олтургузууга аракет кылабыз.

Чынара Абдиева            

 

 

 

 

Жарыяланган категория Макалалар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Ош шаары Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусу менен кызматташууну бекемдейт

Вторник, 22 Октябрь 2019 05:31
Ош шаары Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусу менен кызматташууну бекемдейт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеген делегация мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушууда ар түрдүү багыттар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, ишканаларды калыбына келтирүү, соода тармагын өнүктүрүү (эт, табигый бал экспорт) жана өз ара карым-катышты күчөтүү боюнча талкуу болду.

Шаар мэри ишкерлерди колдоо багытында долбоорлор сунуштала турганын айтып, тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Сыяр Кален уулу мырза Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаары аз убакыттын ичинде бир топ жакшы жагына өзгөргөнүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлер жана айыл чарба азык-түлүгүнүн соода мамилелерин өнүктүрүү, колдоо, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу өттү

Вторник, 22 Октябрь 2019 05:30
Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун залында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин Кубогу башталды. Мелдештин расмий ачылышына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, спорт комитеттин кызматкерлери, спортчулар жана машыктыруучулар катышты. Бул жылы тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу бешинчи жолу уюштурулду. Ага Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан  7 жаштан 70 жашка чейинки 200гө жакын спортчу катышты. Мелдеш 21-октябрь күнү жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Айта кетсек, ушул жылы Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын командасы 2-орунду камсыз кылган.

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Теги
Add new comment
Подробнее ...

Жаштар демилгелеген футбол аянтча ачылды

Вторник, 22 Октябрь 2019 05:29
Жаштар демилгелеген футбол аянтча ачылды

Н.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын аймагына «Кыргызстан жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесинин демилгеси менен  курулган футболдук аянтча ишке берилди. Ачылыш аземине Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Ж.Ормонов, коомдук бирикменин жетекчиси И.Аттокурович  жана мектеп мугалимдери катышышты.  Төрага шаарыбыздагы болуп жаткан иштер боюнча айтты. «Мамлекет башчыбыздын өлкөнү, аймактары өнүктүрүү үчүн жүргүзүп жаткан саясаты жакшы жолго түшкөндүктөн, жаштар мамлекет үчүн, анын ичинде Ош шаарынын өсүп-өнүгүшү үчүн өз салымын кошуп, жаштардын коомдогу ордун көргөзүп келе жатасыздар, ынтымак, биримдик менен өлкөбүздүн анын ичинде шаарыбыздын өсүп өнүгүшүнө дагы да көптөгөн салымыӊыздарды кошо бересиздер деген тереӊ ишенимдебиз, ушул курулган футболдук аянтчадан Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан, өлкө үчүн кызмат кылган жаштар көп чыксын»,- деп белгилеп, белектерин тапшырды. 

Жарыяланган категория Жаңылыктар
Теги
Add new comment
Подробнее ...
  • В начало
  • Назад
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • Вперёд
  • В конец
Страница 4 из 190

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved