Шаарыбызда түрдүү жаныбарларды багып, аларды көбөйтүү менен шугулданган адамдар арбын. «Мага кымбат баалуу унаанын, заңгыраган эки кабат үйдүн кереги жок. Эртең менен ушул канаттуулардын үнүн укканымдын өзү жетиштүү» деп сыймыктануу менен айтып берген Ибрагим аганын үйүндө болуп кайттык. Чынында эле керемет, канаттуулардын сайраган үндөрү, таң кала тиктеген коендор…
Ибрагим Эргашев кырк жылдан бери өз короосуна канаттууларды, жаныбарларды багуу менен алектенет. Тоту куштун 35, кадимки үй канаттуусунун 3 породасын, кептер, бөдөнө, коен жана маймыл багат. Жакында эле Ошто ачылган жаныбарлар паркына өзүнүн бир топ канаттуусун жана маймылдарын алып түшкөн. Биз барганыбызда каарманыбыз канаттууларга жылуу жай даярдап жаткан экен. Бул кишинин үйүнүн кирер менен эле куштардын сайраганы угулат. Андан ары сабиз жеп жаткан коендорду, сейрек кезикчү тооктун түрлөрүн көрүүгө болот. Канаттууларга атайын түзүлгөн графиктин негизинде тамак, суу берилет. Эң кызыктуусу, Ибрагим аганын жубайы тоокторго атайын салаттарды жасап берет экен. Капуста, эт, көк чөп кошулган салаттарды тооктордун алдынан өз көзүбүз менен көрдүк. Ибрагим Эргашевдин бир тууган ага-инилери да түрдүү жаныбарларды өз короосунда эле багышат.
«Атамдан калган мурас…»
- Атам жаныбарларга жакын болгон. Ошондонбу, биз да кичинекейибизден жаныбарларга жакын чоңойдук. Атамдын бизге калтырып кеткен мурасы, каныбызда бар десем да болот. Эл үчүн кылган кызматыбыз ушул. Мектеп окуучулары, бала бакчадан чыккан балдар кызыгып кирип көрүп кетишет. Тоту куштарды Украина, Өзбекстан, Чехиядан алып келем. Андан сырткары атамдын убагындагы кептерлер бар. Жаныбарлар паркын ачкандан бери ошол жактан кол бошобойт. Yйдөгү канаттуулар менен балдарым алектенет. Тоту куштар гүлдөрдү жакшы көрөт. Ошондуктан жубайым көп гүл өстүрөт.
«Ооруп калышса жандандыруучу бөлүмүбүз бар»
- Канаттуулар менен кырк жылдан бери иштей берип тилдерин деле түшүнүп калгам. Алардын үнүнөн ырахат алам. Азыр суук түшүп, жылуулап койгондо келдиңиздер. Жазында күн чыккандан баштап сайрай башташат. Балдарым, неберелерим баш болуп чыгып каралашып турушат. Ооруп же канатын, бутун сындырып алгандары болот. Аларды кароочу атайын «жандандыруу бөлүмүбүз» бар. Жылуу жерде тийиштүү дарыларды берип, жакшы болгуча карайбыз. Адам ооруганда кандай мамиле жасоо керек болсо, буларга да ошондой мамиле кылуу зарыл. Анткени булар да жандуу зат, бардык нерсени туюп-сезип турушат.
«Тооктун үч породасы…»
- Жаныбарга жакын болгонум үчүн канаттуу же башка деп бөлүп отурбайм. Кандай жаныбар болбосун карап, багып алам. Жер төлөнү бөдөнө багуучу жайга айлантып алгам. Ал эми үй канаттуусу - тооктун үч породасы бар. Жумурткаларына келген адамдардын саны көп. Көп ооруларга дары катары колдонушат.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Фото: Сыдык Токонов
Суу чечекти эл арасында ветрянка деп коюшат. Бул оору күз-кыш мезгилдеринде күчөйт. Аталган оору боюнча Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери Айсалкын Ражапова маалымат берет.
Суу чечек (ветрянка, ветряная оспа) балдардын жугуштуу ооруларына кирет. Аба аркылуу жугат. Ооруну вирус козгойт. Башка вирустар сыяктуу эле бул вируска да антибиотик таасир эте албайт. Бирок баланын иммундук системи бир нече күндөн кийин бул оору менен өзү күрөшүп айыгып кетет. Ар бир адам бул оору менен өмүрүндө бир жолу ооруйт жана ооруп айыккан балада туруктуу иммунитет пайда болот. Жаш балдар чоңдорго караганда бул ооруну жакшы көтөрөт. Чоңдордо бул оору катуу түрдө өтүп, оорунун кабылдоосуна алып келет. Ошондуктан бала канча эртерээк ооруса ошончолук жеңил өтөт.
Суу чечек менен көбүнчө 9 жашка чейинки балдар ооруйт. Ооруну оорулуу бала жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, жугузат. Оору башталганда бала ысытмалайт, алгач чачтын арасына, кулак түбүнө, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Көздүн, кулактын, ооздун ичине жана ички органдарга да бүдүрлөр чыгат. Денеге чыккан бүдүрлөр суюктукка толуп ыйлаакчага айланат, кычышат. 3-5 күндөн кийин жаңы ыйлаакча чыкпай калат, андан кийин ыйлаакчалар кургап, карттанып, 1-3 жума ичинде түшө баштайт. Кээде тактар узак убакытта кетиши мүмкүн. Бул оорунун өзгөчөлүгү -оору өзү башталып, өзү кайтып кетет жана бир ооруп айыккан бала бул оору тууралуу таптакыр «унутат». Болгону ата-энелер балага бул маалда өзгөчө кам көрүп, тамагына жакшылап көңүл буруу зарылдыгын билүүлөрү шарт. Башта айтып өткөндөй бир жолу ооруп айыккан балада бул ооруга каршы туруктуу иммунитет пайда болот да экинчи жолу оорубайт.
Суу чечектин жаш балдар арасында кабылдоосу сейрек кездешет. Көбүнчө бөйрөк, өпкө жана кулакка таасир этет. Ыйлаакча көздүн тунук кабыгына чыкса кератит, тамак көңдөйүнө чыкса ларингит болуусу мүмкүн. Кабылдоолор байкалса ооруканага жаткырууга туура келет. Бирок жаш балдарда кабылдоолор аз кездешет.
Балада суу чечектин алгачкы белгилери билинери менен дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарылоо үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Адатта вируска каршы препараттар колдонулбайт. Дарыгер оорунун симптомуна карап дарыларды жазып берет. Кокус кабылдоолор байкалса ооруканага жөнөтөт.
Оорулуу баланы жакшылап багуу керек. Ыйлаакчалардын пайда болушу адатта дене табынын көтөрүлүшү менен коштолот, андыктан аны төшөккө жаткырып, ич кийимин бат-бат алмаштыруу зарыл. Тырмактарын алып, колун тез-тез самындап жууп туруу керек, анткени денеси кычышканда кир колу менен тырмаса ыйлаакчаларга инфекция кирип кетиши мүмкүн. Кычышууну басаңдатуу үчүн ыйлаакчаларга бриллиант жашылын (зеленка) сыйпоо керек. Ыйлаакчаларды жарганга болбойт, себеби кийин так калып калат. Оорулуу баланы таза абага күнүгө алып чыгып, шамал тийбеген жерге, балдардан оолак кармоо зарыл. Баланын эти ысыбай, жаңы ыйлаакча пайда болбой, эски бүдүрлөр карттангандан кийин сыртка чыгарууга болот.
Мүнөздөп тамак ичирүү да маанилүү. Жаш бала эти ысыганда тамакка табити жоголот, оору күчөгөндө, өзгөчө кичинекей балдар кусуп, ичи өтөт. Бул учурда бат-бат суюктук берүү керек. Ал оозунун ичи ооругандан тамак иче албай кыйналса суюк тамак берүү керек (мисалы, жашылчалардан жасалган шорпо, сүт ботко). Туздалган, ышталган, кычкыл, майлуу тамактарды берүүгө болбойт. Жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, кайнатылган, чала куурулган тамактарды берсе болот. Жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштерин, тоок этин бербей эле турган оң.
Баланын ичи өтсө дарыгер келгенче тамак бербей, кайнаган суу, жылуу чай, шербет сыяктуу суюктуктарды көп ичирүү зарыл. Оорулуу бала жаткан бөлмөнү желдетип, таза кармоо керек.
Ноябрь айында биздин эмканада суу чечек менен 3 бала катталды. Бул оору сезондуу, көбүнчө күзүндө пайда болот. Бала бакча, мектеп сыяктуу балдар жыш болгон жерлерден жугат. Бирок суу чечек менен бир эле жаш балдар ооруйт деген да туура эмес. Чоңдор арасында да кездешет бул оору. Мисалы, бир жылы студенттер арасында жайылган. Адамдын кайсы курагында оорушу анын иммунитетине көз каранды. Биз оору катталган учурда санэпидстанцияга кабарлайбыз. Санэпидкөзөмөл кызматы оору чыккан жерлерди каттоого алып, 21 күн бою байкоо салып турушат.
Суу чечек денени кычыштырат. Андыктан баланы бешинчи күндөн баштап бир аз марганцовка кошулган сууга жуунта берсе болот. Самын колдонбой турган оң. Ич кийимдерин тез-тез алмаштырып, жууп үтүктөө зарыл. Улам чыккан бүдүргө жашыл бриллиант эритмесин (зеленка) сүйкөгөндөн башка суу чечекке каршы дары жок.
Варицелла-зостер вирусу, адамга аба аркылуу жугуп мурунга, ооз көңдөйүнө былжырлуу катмарды пайда кылат да ал жерде көбөйүп, топтолот. Бул - суу чечектин жашыруун өнүгүү мезгили болуп эсептелет жана 5-21 күнгө чейин уланат (орточо 7-14 күн).
Жетишерлик көлөмдө топтолгон соң вирус ал жердеги коргонуу тосмосун бузуп өтүп, канга кошулат. Бир суткадан кийин адамда оорунун алгачкы белгилери башталат:
• ысытмалайт;
• калтырап, титирейт;
• алсырап, табити качат, башы ооруйт;
• кусушу, ичи өтүшү мүмкүн;
• денеге майда бүдүрлөр чыга баштайт.
Кымбаттуу редакция, мен 60 жаштамын. Кызым 28 жашта, 2 баласы бар. Балдарга суу чечек чыкты дегенинен барсам, кызыма да жуккан экен. Неберелерим айыгып келатышат, кызым ооруп кыйналууда. Анын кичинесинде бул оору менен ооруганын жакшы эсимде жок. Өзүмө да чыккан-чыкпаганын билбейм. Мага да жукпайбы деп чочулап турам…
Кызыңызга да жукса, демек ал кичине кезинде оорубаган. Эгер ооруган болсо чыкмак эмес. Эки жолу чыгат деген туура эмес. Суу чечекти кээде скарлатина менен чаташтырып жаңылыш диагноз коюп коюшкан болушу мүмкүн. Суу чечек менен адам өмүрүндө бир гана жолу ооруйт.
Ал эми мага жугушу мүмкүнбү деген сурооңузга жооп: жашыңыз 60 ка барып калыптыр. Бул маалда оору катуу түрдө өтөт. Ошондуктан алдын алган оң. Бет чүмбөт тагынып, аны ар 3 саат сайын алмаштырып туруңуз. Бөлмөнү тез-тез желдетип, таза кармаңыз. Кызыңыздын, неберелериңиздин абалына көз салып, үй-бүлөлүк дарыгердин талаптарын аткарыңыз. Тамагын жакшы караңыз. Аларга жакшы кам көрүү менен кабылдоолордун алдын алган болосуз.
Масим Турсунбекова
Фото Сыдык Токонов
Ар бир адамдын өмүрү, адамзаттын узак мезгилиндеги өнүгүү алкагынан караганда, кыска бир үзүмдөй (аралыкты) убакытты түзөт. Ошол кыска бир үзүм өмүрүндө ар бир пенде өз артынан өлбөс-өчпөс из калтырууга үлгүрөт.
Биз макалабызды ар кандай мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, өтөгөн иши менен элдин алкышына ээ болгон Эркемурат Асановдун жаркын элесине арнайбыз.
Эркемурат Асанов эки коомдук түзүлүштө жашап, эки коомдун турмушуна активдүү катышкан инсан. Анын өмүрү жана ишмердиги коомдогу оош-кыйыштар күчөгөн мезгилге туш келди. Ал өз ишин жакшы билип, кызматтык милдеттерин так аткарган үчүн гана оош-кыйыш замандарда ар кандай жооптуу кызматтарда ийгиликтүү иштей алды.
Эркемурат совет мезгилинде комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштеп, жетекчилик кызматтарды аркаласа, эгемендик жылдарда жетекчи, депутат жана «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» түштүк бөлүмүнүн директору болуп эмгектенди. Эр жигитке мүнөздүү эң мыкты сапаттар: айкөлдүк, ак көңүлдүк, кишиден жакшылыгын аябоо Эркемуратка мүнөздүү эле. Алла Таала Эркемуратка көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту, киши менен тил табыша билген тил билгилик жөндөмдүүлүктү, турмушту туя билген зиректикти, сергектикти, билимдүүлүктү, элдин сый-урматын бериптир. Өзүнө тапшырылган ишке болгон жоопкерчилик сезиминин жогорулугу анын ар кандай жогорку кызматтарда иштешине өбөлгө түзгөн.
Өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоо СССРдин тарбиясын көргөндөрдүн өзгөчөлүгү эмес беле. Эркемурат да өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгы менен айырмаланчу. Ошондон улам Эркемурат кандай кызматтарда, кайсы тармактарда эмгектенбесин ал өзүнө жүктөлгөн ишти жоопкерчиликтүүлүк менен жогорку деңгээлде аткарып жүрүп гана чогуу иштеген коллегалары жана эл ичинде кадыр-барк тапты.
1952-жылдын 16-октябрында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин аймагында туулган. 1970-жылы Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы Н.Чернышевский атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек жолун ДЭУ-21 ишканасында жумушчу болуп баштап, андан кийин советтик армиянын катарында кызмат өтөп келип, Ош шаарындагы ЭТУС мекемесинде байланыш монтер кызматында 1974-жылга чейин эмгектенген. 1974-1978-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинен билим алды. 1978-1985-жылы Ош совхоз техникумунун комсомол комитетинин катчысы, андан кийин Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин катчысы, 1985-жылы коммунисттик партиянын Ош шаардык комитетинин инструктору, 1985-1992-жылдары Жапалак айылдык кеңешинин төрагасы, 1992-1995-жылдары Ош шаардык Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. 1995-2000-жылы Ош шаардык мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп эмгектенген. Ошондой эле 1997-2000-жылы Ош шаардык Кеңешинде жооптуу катчылык милдетин аткарган.
2000-2002-жылдары Ош облусунун эмгек боюнча мамлекеттик инспектору, Ош шаарындагы миграция кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси кызматтарын аркалаган. 2002-2003-жылы депутаттардын Ош облустук кеңешинин жетектөөчү адис кызматында эмгектенген. 2003-жылдан өмүрүнүн аягына чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмесинин Ош аймактык өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенген.
Жаштыктын жалындуу күндөрүндө Эркемурат ар түрдүү коомдук кызматтарда иштеп жүрүп чоң инсан жана жөндөмдүү жетекчи катары такшалды. Алгач Ош сельхоз техникумунда комсомолдун секретары болуп бир нече жыл иштеди. Жетекчилик иши да ушул жерден башталып, бүт өмүрү эл арасында уюштуруучулук иштер, элди жетектөө менен өттү.
Ал окуу жайдын комсомол секретары катары сельхоз техникумдун студенттери менен көптөгөн коомдук иштерди аткарып, ар кандай тарбиялык иштерди уюштуруп, жетекчи катары комсомолдук иште бышып жетилди.
Сельхоз техникумда иштеген жылдарда мен анын иш кабинетине көп барчумун. Ошондо анын студенттерге жана өз ишине жасаган мамилесин көп жолу байкагам. Айылдан шаарга жаңы келген окуучуларды шаарга көнүктүрүү, студенттердин жашоо-шарты менен такай кабардар болуп туруу, материалдык колдоого муктаж болгон студенттерге жардам көрсөтүү сыяктуу иштерди аткаруу ал үчүн кызматтык милдет эле. Группалардын старосталары менен такай иш жүргүзүп, жалпы студенттердин абалы, жашоо-турмушу менен кабардар болуп турчу жана кураторлордун студенттер менен иштөөсүн көзөмөлгө алчу. Бул айтылгандарга кошумча такай түрдө сабакка келбей жүргөн, начар окуган жана тарип бузган студенттер менен тарбиялык иштерди алып барчу. Сабакты көп калтырган, окуу жайда тартип бузган студенттерди «окуудан чыгарам, ата-энеңди чакырам, стипендияңды кырктырам» ж.б. сөздөрдү айтып коркутпай эле, жай гана ага жакын агасындай мамиле жасап, түшүндүрүү жолу менен гана күнөөкөр студентти уялтып, аны оңолууга багыттап, ага өзүнүн кеп-кеңешин берип узатчу. Мурда тартип бузуп, сабакка келбей жүрүп комсомолдун чогулушуна түшүп, Эркемураттан кеп-кеңеш уккан студенттердин атайын кабинетине келип андан кечирим сурап, окуудан айдап жибербей алып калганына жана туура кеп-кеңештерди бергенине ырахматын айтып чыгып кеткен учурларына көп жолу күбө болгом. Көрсө ошол жылдарда эле Эркемуратта жетекчилик сапаттар (адамды уга билүү, айтылган сөздү терең түшүнүү, кишинин көйгөйүн түшүнө алуу, кишинин маселесин чечүүгө умтулуу, иштин кызыкчылыгын жогору коюу, жардам сурап кайрылган кишиге жардам берүү ж.б.) калыптанып, жетекчилик жөндөмү көрүнө баштаган экен.
Анын жетекчилик жөндөмү Ош шаарындагы депутаттардын Жапалак айылдык кеңешине төрага болгон учурда, андан кийин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы болуп иштеген учурларда таасын көрүндү.
Ал сүйлөгөн сөзүнүн маанилүүлүгү, салмактуулугу, жан дүйнөсүнүн сабырдуулугу, адамдарга жасаган илбериңки мамилеси менен айырмаланып турчу. Анын баскан-турганы, сөзү аткарган кызмат ордуна бап келишип турар эле. Ал эч качан, эч кимге катуу айтпаган, сыпайы, маданияттуу чыныгы мырза болчу.
Э.Асанов Жапалак айыл өкмөтүндө депутаттардын кеңешинин төрагасы болуп иштеген жылдарда айыл өкмөткө караштуу айылдардагы көптөгөн социалдык обьектилерди ремонттон өткөрүүгө жана жаңыдан социалдык обьектилерди (мектеп, ФАП, маданий клубдар ж.б.) курдурууга жетишип, айылдын социалдык инфраструктурасынын жакшырышына чоң салым кошкон.
Ошондой эле замандын өзгөрүшүнөн улам жаралган ХХ кылымдын 90-жылдарындагы экономикалык каатчылыкта карапайым калк башынан өткөрүп жаткан оор турмуштук кырдаалды өз көзү менен көрүп, калктын жакыр турмушу жараткан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жетекчи катары туура чечимдерди кабыл алуу аркылуу өзүнүн инсандык насилин, адамдык жүзүн көрсөттү.
Ал жылдарда Э.Асанов айыл өкмөттүн депутаттарынын кеңешинин төрагасы катары ар түрдүү фонддор менен байланышып, элдин жакыр катмарына (кары-картаңдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бойлорго ж.б.) ар кандай жардамдарды уюштурууга жетишти.
Жапалак айыл өкмөтүндө депутаттардын кеңешинин төрагасы болуп турганда үй курууга элге участоктор берилип жаткан эле. Ошондон айыл өкмөттүн төрагасына жер сурап кайрылган кишилер көп болор эле. Э. Асанов жетектеген Жапалак айыл өкмөтүндө жер талашып чырдашкандар болгон жок. Анткени ал төрага катары эл менен тыгыз мамилелешип иштеше алып, өтө билгичтик менен жер бөлүштүрүүнү ишке ашырды. Ал жетекчи катары маселени терең түшүнгөндөн кийин өтүнүч менен келген кишинин маселесин тез чечүү, анын ишин бүтүрүүгө жардам берүү, кишинин ажатын ачуу ага адат болчу. Ошол сапаттарынан улам Эркемурат жер бөлүштүрүүдө ичи тардык кылбады, акча таап алайын деп жер бөлүштүрүүнү соодага айлантпады. Ал айрым үй-бүлөлөрдүн бүт эркек балдарына (бешиктеги балдарына да) жер тилкесин бергенин айтып калчу. «Жер бар. Алардын айылына бирөө барып жашамак беле, жер алардыкы, ошолор жашайт да» деп калчу. Ал “жок” деген сөздү билчү эмес.
Эркемурат эмгекти урматтаган үй-бүлөдө өсүп чоңойгонун, жаш кезинен эмгекчил өскөндүгүн айтып калчу. Ошондон ал эмгектин кадыр-баркын билген, эмгек кылган кишини урматтаган жан эле.
Атасы элдин алдыңкы сабында жүрүп өмүр өткөрүптүр. Алгач мугалим, кийин колхоздун башкармасы болуп, колхозду жетектеп, эл башкарып жүргөн киши болсо да партиялык кысымга карабай, жаш кезинен ыйман жолуна түшүп намаз окуп, такай элди ыйманга үндөп жүрүп, карыганда молдолук кылып, элди ыйман жолуна чакырган жайы да бар экен. Уул-кыздарына жакшы тарбия берүүгө бүт күч- аракетин жумшап, алардын ар биринин турмушта өз ордун таап, элдин ишине жарай турган инсандардан болушуна өбөлгө түзүптүр.
Эркемурат атасын эскергенде «балдарынын ар бири атамдын бир кесибин улантты» деп айтып калчу.
Эркемурат Асанов ой жүгүртүүсү бийик инсан эле. Анткени ал саясат, маданияттан спортко чейин кызыгып, такай ар кандай жаңылыктар менен кабардар болуп турчу. Ал орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөндүктөн, орус тилин мыкты билчү. Ошондон Эркемурат орусча сүйлөгөндө өтө так жана жагымдуу сүйлөчү, өзүнө жаккан орусча фразеологизмдерди орду менен колдонуп, сөзү таасирдүү жана элестүү болор эле. Жооптуу кызматтарда иштешине орус тилин мыкты билүүсү да өз салымын кошкон.
Эркемурат үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, үй-бүлөсүнө өзгөчө кам көрчү. Өмүрлүк жары Кайрынсага мээрим, сүйүү, урмат менен мамиле жасап, балдарына аталык мээримин төкчү. Жубайы Кайрынса экөө уул-кыздарынын жакшы адамдардан болуп өсүшүнө, жакшы тарбия алышына бүт өмүрүн арнашты.
Эркемурат жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, элге өтөгөн асыл эмгеги жана мыкты инсандык сапаттары менен элдин эсинде калды.
Мурзаев Маматали
28-ноябрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда англис тили адистиги боюнча 2004-2017-жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу кечеси болду. Анда “Англис тили жана аны окутуунун усулу” кафедрасынын алдында аталган бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлдү.
Иш чарада бүтүрүүчүлөр учурда окуп жаткан студенттерге өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүштү.
Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр менен окутуучулардын отуруму болду. Анда англис тилин үрөнүүдөгү жана үйрөтүүдөгү айрым маселелер талкууланып, учурда билим берүү тармагында практика жүзүндө көрүп жатышкан кесиптештер тарабынан бир топ ой-пикир, сунуштар айтылды. Отурумдун алкагында башта айтылган маселелерди биргеликте чечүү жана окуу жай менен бүтүрүүчүлөрдүн тыгыз иш алып баруусу үчүн ассоциациясы түзүлдү.
Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү келишимдин негизинде окуу жайдын эл аралык мамилелер факультетинин 7 студенти менен 1 окутуучусу Чехиянын Пльзень шаарындагы Батыш Чехия университетинде болуп, 5 жума билим алып келишти.
ОшМУнун студенттери Батыш Чех университети менен жакындан таанышып, бардык факультеттеринде болушту. Лекцияларга активдүү катышуу менен Кыргызстан, ОшМУ жөнүндө презентацияларды жасап, өздөрүнүн жогорку билим деңгээлин көрсөттү. Жыйынтыгында Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болушту.
29-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.
Конференцияга түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан келген студенттер, алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
Пленардык жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору И. Кенжаев, ЖОЖдордун өкүлдөрү сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.
Конференцияга 150дөн ашуун илимий макалалар түшүп, алар пленардык жыйында жана 9 секцияда талкууланды.
“2016-жылы өткөрүлгөн III аймактык студенттик илимий конференциянын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын чыгарылышында басылып, студенттерге таркатылып берилди. Бул конференциянын материлдарын да жакын арада жарыкка чыгарабыз”, -деди илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.
ОшМУдагы жаңы түзүлгөн “Бирдиктүү терезе” долбоору бүтүрүүчүлөрдүн диплом алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөсүнө шарт түзөт. Анткени буга чейин диплом алууга өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген бүтүрүүчүлөр 10 пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруу менен көп убактысын коротушса, айрым учурда бюрократиялык мамилелерге туш болгондуктары маалым болуп келген.
Бул көйгөйлөрдүн алдын-алуу үчүн университеттин жетекчилиги “Бирдиктүү терезе” долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын белгилеген. Долбоордун үстүндө 18 адамдан турган комиссия иш алып барды.
Буга чейин айланма баракчада 10 структура: келишимдик акы боюнча декандын орун басары, жатакананын коменданты, кадрлар башкармалыгы, ОшМУнун паспорт столу, китепти сактоо бөлүмү, факультеттин китепканасы, маркетолог, аудитор, карьера борбору, аскер комиссариаты камтылган. Ал эми долбоорго ылайык диплом алууга келген бүтүрүүчү “Бирдиктүү терезеге” өздүгүн тастыктаган документти көрсөтөт. Кызматкер бүтүрүүчүнүн документине ылайык университеттин AVN информациялык системасынын базасынан жана 1С программасынан анын карыз же карыз эместигин текшерүүдөн өткөрөт. Бул текшерүүлөр жүрүп жаткан учурда бүтүрүүчү карьера борборунун анкетасын (кайсы жерге окуусун улантуу үчүн кетип жатат же кайсыл жерге жумушка жайгашканын) толтурат. Эгер документ алып жаткан бүтүрүүчүнүн документтеринен көйгөйү жок жолуп чыкса дароо карызы жоктугун тастыктаган маалымат кагазына ээ болот. Ошентип маалымат кагазын алуу менен дипломун тез арада алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер документтеринен көйгөйлөр пайда болсо тиешелүү структурага жөнөтүлөт.
Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ашим Осмонов, шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси Саадат Маматалиева, бөлүм башчы Мыскал Шакирова ушул тапта Новосибирск шаарында тажрыйба алмашуу иш сапарында жүрүшөт.
«Биз Новосибирск шаардык думасынын төрагасы Д.В.Асанцев жана депутат Р.И.Сулейманов, социалдык комитетинин төрагасы С.В.Тямин, шаардын вице-мэри менен социалдык мекемелер менен жеринде таанышып, пикир алышып, тажрыйба алмашып жүрөбүз»,-деп билдирди А.Осмонов.
21-ноябрь күнү Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү. Ага Ош облусунун 7 районундагы 41 муниципалитеттен 80 ден ашуун өкүл катышып, айыл аймактагы элдик жыйындын үлгүлүү мисалына күбө болушту.
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары бул айыл аймагында өткөн жалпы чогулушка катышып, демилгелүү топтор аныктап чыккан көйгөйлөрдү жергиликтүү жамааттын биргеликте талкуулашына кызыгышты. Катышуучулардын көңүлүн бурган эң башка нерсе жашоочулардын активдүүлүгү жана артыкчылыктуу деп табылган көйгөйлөргө олуттуу мамиле жасап, аны биргелешип чечүүгө умтулгандыктары болду.
Жазы айыл аймагы райондун борборунан 8 км аралыкта жайгашкан. Аймактын ээлеген аянты - 9 миң чарчы метр гектар. Жашаган калктын саны -15 386. 4 айыл баш иет: Кара-Дыйкан, Жээренчи, Кызыл-Дыйкан жана Жазы айылы. Ушул 4 айылдагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн алгач 12 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына 6 айыл аймак адиси, 1 айылдык кеңештин депутаты, 5 жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү камтылган. Жумушчу топ жамаат муктаждыктарын биргеликте аныктоо иш чараларын өтүү графигин бекиткен соң ар бир айылга барышып, жыйын өткөрүшкөн. Ар бир айылдын орчундуу деп эсептелген көйгөйлөрүн аныкташкандан кийин баарын чогултушуп жазышып, айыл аймак боюнча жалпысы 10 артыкчылыктуу көйгөй бар экендигине токтолушкан. Бул жыйын мына ошол аныкталган 10 көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашып, чечүү пландарын түзүп, жергиликтүү бюджеттен бул максаттарга каражаттарды бөлүштүрүү туурасында өткөрүлдү.
Жазы айыл аймагынын башчысы Максат Ибраимов жыйында айыл тургундарына артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аракеттерге токтолуп, 2018-2019-жылдарга жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын Биргелешкен аракет пландын (БАП) долбоорун тааныштырды.
-Тазалык маселеси аймактагы эң орчундуу маселе. Таштандыларды өз убагында жыйып кетип айлананы таза кармоого канчалык аракет кылбайлы, бул көйгөй чечилбей жатат. Анын үстүнө жаңы конуштар да пайда болууда. Унаанын келишин күтпөстөн айрымдар тащтандыларын ар кайсы жерге таштап кетишүүдө. Атайын урналарды жасатып көчөлөргө коюп, аны убагында төгүп келүү маселесин чечишибиз зарыл. Мына ушуларды эске алып «Жазы-Тазалык» деген ишкана ачканы жатабыз. Бул маселени айылдык кеңештин сессиясына алып чыгабыз, буюрса,-деди М.Ибраимов.
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары элдин көйгөйлөрдү чечүүгө кызыккандыгын көрүп, айыл аймак башчысына бир нече суроолорду беришти. М.Ибраимов жыйынга элди кантип чакыруу керектигин айтып, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жамаатты тартуу, айыл турмушун көтөрүү, айылдагы жаштардын башын бириктирүү тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.
-Бир облустагы муниципалитеттер арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш чаралар катышуучуларга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын иш жүзүндө көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Катышуучулар бул айыл аймактын иш тажрыйбасын үйрөнүп, коомдук иш чараларды кантип уюштуруу жана өткөрүү керектиги тууралуу талкуулашты. Бул иш чарага бир гана биздин долбоордун өнөктөштөрү болгон айыл аймактар гана эмес, бардык каалоочу айыл аймактар да катышты. Алар чакырылгандарга караганда 4 эсе көп болду. Биздин долбоор бардыгы үчүн ачык. Максаттуу муниципалитеттердин тажрыйбасы өлкөдөгү бардык ЖӨБ органдары үчүн жеткиликтүү болгону биздин долбоор үчүн маанилүү,-деп айтты долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.
Бул тажрыйба алмашуу сапарын Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору уюштурду.
Масим Турсунбекова
Тойчу Алтыбаев атындагы №113 кесиптик лицейдин директору Гүлзада Эшалиева:
- ЖОЖдо окуп жаткан студенттердин көпчүлүгү ата-энеси тандаган же көп акча таба турган кесипте окуп жатышат. Алар окуу жайды бүтөрү менен эле иш менен камсыз кылынса жакшы нерсе деңизчи. Бирок биздин мамлекетте азырынча андай мүмкүнчүлүк жок. Дипломду эптеп алышса, анан чет өлкөгө барып кара жумушта иштеп калышат. Мен дайыма окуу жайлар абитуренттерди кабыл алууда план менен иштеши керек деген оюмду айтып келем. Маселен канча банкир, канча экономист, канча юрист керек, ошого жараша кадр даярдап чыгарса. Канчалаган ата-эненин акчасы жөн эле чачылып жатат: окууга кеткен контракт, жол кире акысы, тамак-аш, кийим кечесине. Төрт жылда канча деген акча сарпталат. Эгерде бала окуп, өз кесибинин мыкты адиси болсо башка кеп. Анда кубанабыз, тилекке каршы, андай эмес, жогоруда айтканымдай эптеп эле дипломду алуунун жолун издеп калышкан жаш достор. Ал эмес бизге Орусиядан чалып алышып акча менен бир сертификат бүтүрүп бере коюңуз дешет. Бул көрүнүш мамлекетибиздин келечеги үчүн чоң коркунуч десек болот. ЖОЖдо окууга каршы эмесмин. Бирок, «ашык дөөлөт баш жарбайт» дегендей, студенттер сабактан кийин ар кандай курстарга катышып экинчи бир кесип ээси болуп калууга умтулушса жакшы болмок. Айрымдардын чын эле акча каражаты жетишпейт. Ошондуктан окуу программасына киргизүүнү сунуштап келебиз.
Биздин окуу жайда ашпозчу, чачтарач, тигүүчүлүккө даярдалат. 1 айдан баштап 10 айга чейин окутабыз. 10 айлык окууга 30 жашка чейинкилерди кабыл алабыз. Ал эми 3 айлык менен 1 айлыкка жашы чектелбейт. 60, 50гө чыгып калган эже-агаларыбыз келип окуп кетишет. 10 айлык окуу курсубуз бюджеттик негизде болгону үчүн окууга кабыл алууда тест тапшырышат. Тестте окуучунун дүйнө таанымын, кыргыз тилин, маданиятын канчалык деңгээлде билерин текшеребиз. Тест ошого ылайыкталып түзүлөт. Ал эми 3 айлык окуу эки жол менен акысыз окутулат. Биринчиси, шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен иштешебиз. Аларга кайрылган жарандар «кесибимди өзгөртөм, кесибим боюнча жумуш жок экен» деген түрдүү себептер менен кайрылышат. Башкармалык бизге жолдомо берет, алар бизге келип башкармалыктын каржылоосунда акысыз окуй алышат. Башкармалыкка барган жарандардын шаарда каттоосу болуусу шарт. Экинчи жолу акыркы үч жылдан бери Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун утуп алып, ошол долбоордун негизинде акысыз окутабыз. Алар окуучунун практикасына кеткен материалдарды, ашпозчунун азык-түлүгүнөн бери алып беришет. Бир жума теория, бир жума практика жүзүндө окушат. Мен бул окуу жайдын директору катары бизге келечегин ойлогон, көрөгөч, мыкты жаштар келет деп ишеничтүү айта алам. Бир эмес эки кесиптин ээси болуп, өз келечегин ойлогон жаштар барган сайын көбөйүп бара жатат. Бул нерсеге кубанбай коюуга болбойт.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Ош шамы коомдук-саясий гезити
Толугу менен...