• Вт. Июн 9th, 2026

Популярные метки

Акын Бакытбек Орозбаев:  “ Ырым менен Күн болуп чыгып, ырым менен Күн болуп баткым келет

Автор:Osh Shamy

Июн 2, 2026

“Күч-кубатын калемдин сынайын деп,

Ал-жагдайын калкымдын сурайын деп.

Турам таңдан баарыңдын саамайыңан,

Жылуу-жумшак сөз менен сылайын деп” деген тилеги менен жазылган ырларын “Таңкы саптар” аттуу китепке чогултуп, окурманга сунуп отурган папандык акын Бакытбек Орозбаев мындан сырткары үч ырлар жыйнагынын автору. Чыгармачылыгына астейдил таза мамиле кылган акындын ырларын окусаңыз Папандын кооз табиятын сезинесиз. Ырын пириндей көргөн акындын сыясы кургай элек ырлары менен кошо маекти сунуштайбыз.

         — Арыбаңыз, агай! Алгач “Бакыт акын” деген ким? Кандай киши?   “Бакыт акын” деген деңгээлге жеткирген жол жөнүндө айтсаңыз.

        — Бакыт акын деген көпчүлүк адамдардын катарындагы карабашыл пенденин бири. Жашоодо өтө жөнөкөй киши. Мектепти бүтүрүп көпчүлүктүн шары менен жогорку окуу жайына, Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып мугалим болгум келчү. Максатыма жетип мугалимдик адистикке ээ болуп, ошол эле учурда журналистикага көбүрөөк ооп кеттим. Мугалимдик менен бирге ар кандай кат-кабарларды жазып жүрүп, 1989-жылы Кара-Суу райондук «Эмгек майданы» гезитине кабарчы болуп, ошол кезден баштап журналистикага баш отум менен кирип кеттим. Андан кийин Ош телерадио компаниясында радио журналист, облустук мугалимдердин «Билим булагы» гезитинде кабарчы, редактордун орун басары болуп эмгектендим.

“Ыр жазууга караганда кабар жазуу мага кызык эле”

  • Мугалимдикке кызыгуунун өзү чыгармачылыкка кадам болгон экен да, агай.  Журналистикадан ыр дүйнөгө кадам таштаган кезди айтып берсеңиз.
  • Ата-тегимде ыр жазып, өнөрдүн артынан түшкөндөр жок, бирок апам сөздү таптап, маани берип сүйлөгөн кереметтүү жан эле. Кабар жазуу менен биргеликте анча-мынча ыр жаза коюп, жазган ырымды чыгаруудан тартынып жүрдүм. Студент кезимде «Ушундайбы махабатка баш багуу?» деген ырымды белгилүү журналист Алишер Токсонбаев “Ош жаңырыгы” гезитине 1984-жылдары чыгарып жиберип, ошондон баштап ыр жазууну баштадым. Бирок, ыр жазганга караганда кабар жазуу мага кызык эле.
  • Алгач ырларыңызды окуганда “неге атак-даңк алып күпүлдөп жүрчү акындардын катарында эмес Папанда жүрдү экен” деп абдан таң калдым.
  • Ооба, мен чыгармачылыкка абдан кеч келдим. Албетте жазат десе эле жаза бергендерден эмесмин. Жазып алып, аны абдан ийлеп, кайра-кайра оңдоп анан чыгарган жанмын. Чыгармачылыгыма эми окурман өзү баа берсин. Жашым бир топко барып калса да дагы дале бышып жетилдим деп айта албайм. Атак-даңкка кызыкпадым, жупуну жашап, өмүр бою айылда күн өткөрүп келем. «Мага бер» деп деле эч кимден суранбадым.
  • Ушул жылы окурман колуна тийген “Таңкы саптар” деген китебиңиз жөнүндө айтсаңыз.
  • «Таңкы саптар» деген ырлар жыйнагыма  акыркы мезгилдерде жазган ырларым кирди. Баш сөзүн Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров жазып, өз  пикирин билдирди. Бул менин төртүнчү ырлар жыйнагым. Китепте негизинен 2023-2024-жылдары жазган ырларым басымдуулук кылат.
  • Ар акындын ар башкача өзгөчөлүгү болот эмеспи. Менин оюмча сиздин биринчи өзгөчөлүгүңүз ырларды таңда жазганыңыз болсо керек. Эмне үчүн ыр жазууга түн ыңгайлуу?
  • Мен негизи түнү иштегенди жакшы көрөм. Түнкүсүн тынч, ызы-чуу аз болот. Ден-соолугума байланыштуу абдан аз уктайм. Эрте мененки багымдат намазына чейин эле бир топ нерселерди чиймелегенге үлгүрөм. Эми ар кандай да. Жазганым көңүлүмө толсо, таң эртелеп ар кандай ватсап группаларга, интернет желелерине жүктөйм.
  • Поэзиянын жашооңуздагы орду кандай, канчалык?
  • Поэзиянын менин жашоомдогу орду абдан маанилүү. Анткени ыр бар жерде пыр болбойт, анан чыр болбойт. Мен ар бир ырымды аспиеттеп, аярлап мамиле кылган жанмын. Ырым менен Күн болуп чыгып, ырым менен Күн болуп баткым келет.
  • Поэзиядагы эң негизги максатыңыз кандай?
  • Поэзиядагы максатым кандайдыр бир атак-даңкка жетүү эмес, окурмандын жүрөгүнөн орун алуу. Мага окурмандын оюнан, пикиринен өткөн улуу нерсе жок.
  • Акындын көңүлүн эмне оорутуп, эмне айыктыра алат?
  • Акындын жүрөгүн коомдогу терс көрүнүштөр, ар кандай интригалар, фейк материалдар абдан оорутат. Анын жүрөгүн жакшы жазылган ырлар, жүрөктөн чыккан тилек-ниеттер, анан адеби сулуу адамдардын сөздөрү айыктырат.

“Улуу курактагы адам бул сезимдин баркын билет, терең түшүнөт. Ошондуктан “картайган кездин сүйүүсү — каймак” деп коем”

  • Сүйүү сезимдери жөнүндө жазган аксакал ага-эжелерди көрүп абдан суктанам. Бул эрдик го. Айтсаңыз, азыр да жаш кездегидей сүйүү болобу жана ошол сезимдерди жаш кездегидей эргип жазууга болобу? Сүйүү ырларын үй-бүлөңүз кандай кабыл алат?
  • Сүйүү бул — сезим! Ал сезимди бирөө тартып ала албайт, ага тыюу да сала албайт. Бул сезим тууралуу канчалаган чыгармалар жазылып, кино фильмдер тартылып, обондор  жаңырып жатпайбы!? Мен кээде “картайган кездин сүйүүсү каймак” деп койом. Анткени бул куракта адам улуу сезимдин баркын билет, баалайт, абдан терең түшүнөт. Жаш өйдөлөгөн кезде жашоонун маани-маңызын кастарлап, ага аяр мамиле жасап калат экенсиң. Жаш кездегидей сүйүү болбосо дагы андай ыйык, таза сезим жөнүндө эргип жазууга болот. Жубайым медицина кызматкери болсо да ар бир жазган ырымды “окуп берчи” деп турат. Ар кандай темадагы, ар кандай сезим менен жазылган ырларымды биринчи кезекте үй-бүлөлүк группага жүктөйм. Бул жагынан мен өзүмдү абдан эркин сеземин. Үй-бүлөм, балдар-кыздарым абдан түшүнүү менен кабыл алат жана ар дайым колдоп турушат. Анткени мен өз турмушума өтө таза мамиле кылган адаммын.
  • Айтсаңыз, бул өмүрдө эмне баарынан маанилүү? Эмне баарынан кымбат?
  • Бул өмүрдө көңүл анан убакыт кымбат. Анткени, көңүл бир сынса анын калыбына келиши кыйын. Ошол үчүн адамдын көңүлүн оорутпай абайлаш керек. Ал эми убакыт кеткенди билет, ал кайра келбейт.
  • Окурманыңызга эмне айткыңыз келет? Чын жүрөктөн чыккан сөз.
  • Окурмандарыма оомат, сабыр, аруулук, эң башкысы ден-соолук менен тынчтыкты каалайм!

Э Ч   К А Ч А Н

Сүрөтүңдү карап алып өпкүлөйм,

Амандыгың жараткандан көп тилейм.

Телефондон СМСти жазышып,

Күндөрүбүз күтүү менен өттү бейм.

Күтүү менен канча убакыт акты экен?

Сени  күтүп канча күнүм батты экен?

Күткөн жандан үмүт такыр үзүлбөйт,

Күтүү дале билген жанга жакшы экен.

Күндөр өтөт өчүп-жанып. Үмүт миң,

Жибин үзбөй жашап келем үмүттүн.

Көздөрүңдү сенин сулуу, татына

Көрөмүн деп күтүп эле жүрүпмүн.

Жакшы болбойт сага азыр жабышсам,

Ошон үчүн тартынамын барыштан.

Сүрөтүңдү көрөм анан сүйлөшөм,

Сүйүп жүрүп,жашап өтөм алыстан.

Сени ойлонуп уйкум качып,кеч жатам,

Сезимиңди жан-дүйнөмө бек катам.

Тек жеринен айтылбаптыр ушул сөз:

«Сүйүшкөндөр кошула албайт эч качан»!

      *    *    *

Ошондуктан нагыз сүйүү булганбайт,

Бирге болбойт сүйүшкөндөр эч качан!

УШУЛ МЕНИН ТҮГӨНБӨГӨН АРМАНЫМ

Ырдап, айтып бүтүрө албайт сени эч ким,

Сен жөнүндө жазып бүтө элекмин.

Жер үстүндө «Эң сулуу аял ким?» десе,

Ошол замат менин апам демекмин.

Алды-артымды айтып турган төлгөчүм,

Андайсың деп, мындайсың деп бөлбөсүм.

Мейкин аалам мерчеминен табылгыс,

Мээрим төккөн сендей жанды көрбөдүм.

Жоготконум бир өзүңдөн табылып,

Жомок укпай калсам сага таарынып.

Бала болуп барбалаңдап ыйласам,

«Палваным!» деп сооротчусуң кагылып.

Чикирттесем шамал болуп желпүүчүм,

Чуркаганда «жыгылат!» деп эрчүүчүм.

«Беш» алдым деп айтсам бүгүн сабактан,

Бекиткениң алып мага берчүсүң.

Билигиндей бүлбүл жанган жарыктын,

Бүгүн апа менден абдан алыссың.

Өзүм ата болсом деле сен үчүн,

Өмүр бою бала бойдон калыпмын.

Бул дүйнөнүн сездим эми жалганын,

Алыс сапар тарткан апам, ардагым!

Азыр деле тез-тез кирип түшүмө,

Аяп турат кыз-кыркынын, балдарын.

Ушул менин түгөнбөгөн арманым…

ГҮЛДӨГӨН ӨЛКӨ БОЛОТ КЫРГЫЗСТАН!

Тарыхта татаал жолду басып өлкөм,

Жүргүзгөн саясаты ачык өлкөм.

Азыркы ааламдашуу мезгилинде,

Акыйкат жолун табат жашыл өлкөм.

Түндүгүнө Ай конуп, жылдыз учкан,

Түбөлүк тур, эгемен Кыргызстан!

Сактап келген бабалар кыргыз жерин,

Баатыр мүнөз багынбас кыргыз элим.

Өлкөм болуп өзөгү көп улуттун,

Келе жатат өчүрбөй кыргыз демин.

Түндүгүнө Ай конуп, жылдыз учкан,

Түбөлүк тур, эгемен Кыргызстан!

Байыр алып ак илбирс аскасында,

Булбул таңшып ак таңда бакчасында.

Турарына ишенем Кыргызстандын

Өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында.

Түндүгүнө Ай конуп, жылдыз учкан,

Түбөлүк тур, эгемен Кыргызстан!

Көздөгөн максаты зор, жарык таңы,

«Уңгу жол – Улут деми» – багыт жаңы.

Күнүнө күмүш тагып, Кыргызстан

Гүлдөгөн өлкө болот тарыхтагы.

Түндүгүнө Ай конуп, жылдыз учкан,

Түбөлүк тур, эгемен Кыргызстан!

ЖҮДӨЙ БЕРЕМ

Жашап келем өзүң деп түз ой менен,

Сени көрсөм боюмду түзөй берем.

Кез келгенде чөмүлүп кара терге,

Карап койсоң жалтаңдап, жүдөй берем.

Булут баскан асмандай ачыла албай,

Буулуктурган сезимди жашыра албай.

Жалдыраймын тушалган тулпар болуп,

Жакын жандап барууга батына албай.

Күндө күчөп кыйнаган сезимдерим,

Кылыгыңа кыйналып эзилгемин.

Кырда турган кырчын кез артта калып,

Курчум кетип мокогон кезим менин.

Чымчык болдум чырылдап конуп-учкан,

Чындап коркуп турамын жолугуштан.

Чырагым ай, чын айтсам өзүң менен,

Чыдай албайт жүрөгүм жолугушсам…

Сөз айтуудан айбыгып жер караймын,

Сөгүш угуп чыккандай чогулуштан…

Дооран Токтошев

About The Author

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *