• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

«Акыркы коңгуроо»: Ошто 12 миңден ашуун окуучу мектеп менен коштошту

Автор:Osh Shamy

Июн 5, 2026

29-май күнү Ош шаарындагы бардык мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы №58 Ак-Буура мектебинде болуп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Шаар башчысы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү чоң турмуш жолуна кадам ташташы менен куттуктап, алардын арасынан келечектеги дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар жана мамлекет жетекчилери чыгарына ишеним билдирди. Ошондой эле ЖРТдан жогорку жыйынтык көрсөткөн окуучулар үчүн атайын сыйлыктар даярдалып жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарында жалпы 12 208 окуучу мектепти аяктап жатат. Анын ичинен 3146 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында төрт негизги маселе каралды

30-май күнү Ош шаардык мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өттү. Жыйынды шаар мэри Жанарбек Акаев алып барды.

Жыйындын күн тартибинде 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы жана кийинки жылытуу мезгилине даярдык көрүү, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, шаардагы видеобайкоо системаларын санариптештирүү жана шаардык бюджетке жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды.

Жыйындын жүрүшүндө «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында шаар боюнча 200 видеокамера орнотуу, милиция кызматкерлерин планшет жана боди-камералар менен камсыздоо, мектептерге видеокөзөмөл системаларын орнотуу боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле капиталдык курулуш башкармалыгы, муниципалдык менчик башкармалыгы жана «Ош-Тазалык» ишканасында аныкталган каржылык кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйын соңунда шаар башчысы окуучулардын коопсуздугун камсыздоого, жайкы эс алууну уюштурууга жана Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Ошто жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды

30-май күнү Ош шаарында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жарыяланган жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Үч айдын ичинде шаар боюнча 6150 куб метр таштанды чыгарылып, 133 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар жана каналдар тазаланды. Жалпысынан 90 716 түп көчөт жана 560 миңден ашуун гүл көчөттөрү отургузулду.

«Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбакомбинаты» тарабынан 104 түп ийне жалбырактуу, 5121 түп жазы жалбырактуу бак, 1090 түп бадал жана 50 миң түп роза гүлү отургузулду.

Мындан сырткары «Ош-Тазалык» ишканасы тарабынан көчөлөргө таштандыларды бөлүп таштоочу жаңы контейнерлер орнотулса, «Ош шаардык жолдор» ишканасы миңдеген чарчы метр тосмолорду сырдап, жол белгилерин жаңылады.

Шаар мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен рекультивацияланган сегиз көрүстөндүн орду жашыл аймакка айландырылып, 10 гектардан ашуун жерге миңдеген көчөттөр отургузулду. Учурда шаарда тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган 13 жаңы сквер жана сейил бактын курулушу жүрүп жатат.

Балдарды коргоо күнү шаар боюнча белгиленди

1-июнь күнү Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Т.Сатылганов атындагы сейил бакта өткөн борбордук майрамдык иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана миңдеген шаар тургундары катышты.

Майрамдын жүрүшүндө балдар үчүн оюн-зоок программалары, концерттик номерлер, спорттук мелдештер уюштурулуп, балдар үйүндө тарбияланып жаткан бөбөктөргө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына оюнчуктар, таттуулар, балмуздактар жана атайын сертификаттар тапшырылды.

Акжол Махмудовго 100 миң сомдук сертификат ыйгарылды

1-июнь күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилүү балбан, Олимпиада оюндарынын байге ээси Акжол Махмудовду жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.

Жолугушууда спортчунун акыркы жетишкендиктери белгиленип, алдыдагы эл аралык мелдештерге ийгилик кааланды. Жыйынтыгында Акжол Махмудовго 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 50 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Ошондой эле шаар бийлиги жакынкы айларда Акжол Махмудовдун катышуусунда ири спорттук иш-чара өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.

Ош коомдук транспортун жаңылоого киришүүдө

2-июнь күнү шаар мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоодон өткөн Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Оңдоо иштеринин алкагында кызматкерлер үчүн заманбап ашкана жана 28 орундуу жатакана уюштурулуп, эмгек шарттары жакшыртылган.

Шаар жетекчилиги жакынкы мезгилде Ош шаарына 46 заманбап электробус алып келүү пландалып жатканын маалымдады. Долбоордун алкагында автопаркты жаңылоо, жаңы троллейбус линиясын куруу жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоо каралган.

Ошто алгачкы муниципалдык Жаштар борбору ачылды

3-июнь күнү Ош шаарында биринчи муниципалдык Жаштар борбору пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты.

Үч кабаттуу борбордо тил үйрөтүү курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат, лидерлик боюнча окутуулар өткөрүлөт. Ошондой эле белгилүү «Арууке» бий ансамбли да ушул имаратка жайгаштырылды.

Ачылыш аземинде шаар мэри шаардагы жаңы курулуп жаткан 13 сквердин үчөөсүнүн долбоорун ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура жана дизайн багытындагы студенттерине иштеп чыгуу сунушун берди.

Эл аралык кызматташтык жана билим берүү тармагындагы жаңы кадамдар

3-июнь күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын мониторинг миссиясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, абанын булганышын азайтуу, суу ресурстарын коргоо, шаарды санариптештирүү, коопсуздукту камсыздоо жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Ошол эле күнү Жибек-Жолу муниципалдык аймагындагы №49 мектептин жаңы кошумча корпусу пайдаланууга берилди. 148 орундуу жаңы имараттын ачылышына шаар жетекчилиги, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы корпус менен мектептин жалпы сыйымдуулугу 630 окуучуга жетти. Билим берүү мекемесинде окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Учурда бул объект шаар боюнча курулуп жаткан 17 билим берүү мекемесинин бири болуп саналат.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *