• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Тилек Жолдубай уулу: «Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү туруксуз»

Автор:Osh Shamy

Июн 5, 2026

Ош шаарында электр энергиясына болгон суроо-талап жылдан-жылга өсүп жаткан шартта, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана калкты үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо маселеси өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул багытта Ош электр тармактары ишканасы тарабынан кеңири оңдоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, акылдуу эсептегичтерди орнотуу, көмөк чордондорду жаңылоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Тармактагы учурдагы абал жана алдыдагы пландар тууралуу Ош электр тармактары ишканасынын директору, Тилек Жолдубай уулу айтып берди.

— Ош шаарында электр энергиясы менен камсыздоо боюнча учурдагы абал кандай?

— Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы — Ош электр тармактары ишканасы тарабынан Ош облусунун жана ошол эле учурда Ош шаарынын тургундарын жана мекеме-ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо багытында системалуу жана туруктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын оңдоо, көмөк чордондорду тейлөө жана аба чубалгыларын жаңылоо иштери күчөтүлгөн тартипте аткарылууда. 2026-жылдын 5 айында эле 0,4-220 кВ электр тармактарында капиталдык жана утурумдук оңдоо иштерине жалпы 102 миллион 392 миң сомдон ашуун каражат жумшалды. Белгиленген иштердин физикалык көлөмү 100 пайыз аткарылып, бул биздин ишкананын  өз милдеттерин өз убагында жана сапаттуу аткарып жаткандыгын көрсөтөт. Мындан тышкары, көмөк чордондордо техникалык тейлөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, эскирген жабдуулар этап-этабы менен жаңыланып жатат. Негизги максат — калкты сапаттуу, туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат.

— Калктан эң көп түшкөн кайрылуулар кандай маселелерге байланыштуу?

— Калктан түшкөн кайрылуулардын негизги бөлүгү жаңы конуштарда электр энергиясына кошулуу, авариялык өчүрүүлөр жана эски электр зымдарын алмаштыруу маселелерине байланыштуу болуп калат. Айрыкча шаар калкынын саны өсүп, жаңы турак жайлар көбөйгөн сайын электр энергиясына болгон суроо-талап дагы көбөйүүдө. Ошого байланыштуу Ош электр тармактары ишканасы жаңы көмөк чордондорду орнотуу, кошумча аба чубалгыларын тартуу жана эски тармактарды реконструкциялоо иштерин жүргүзүп келет. Ар бир жарандардын кайрылуусу көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан өз убагында каралууда.

— Электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн негизги себептери эмнеде?

— Электр энергиясын өчүрүү деген учурда жок. Бирок пландаштырылган ремонт иштерине байланыштуу  убактылуу өчүүлөр болот. Бул — электр жабдууларынын узак жылдан берки эскириши жана жүктөмдүн жылдан-жылга көбөйүшү болуп саналат. Мындан тышкары, катуу шамал, жаан-чачын, сел, суу ташкындары жана бак-дарактардын электр чубалгыларына тийиши дагы авариялык өчүрүүлөргө алып келет. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы эле облуста жолдорду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул учурда дагы биздин жол боюндагы электр мамычаларын, аба чубалгыларды, трансформаторлорду жылдыруу иштери жасалып жатат.  Ошол себептен Ош электр тармактары ишканасы тарабынан алдын алуу жана коргоо иштери күчөтүлгөн. Мисалы, 2026-жылдын 5 айында сел жана суу ташкындарынан коргоо үчүн бир катар көмөк чордондордо жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында атайын иштер жүргүзүлүп, бул багытта 1 миллион 727 миң сомдон ашуун каражат жумшалды. Мындан тышкары, аба чубалгылары өткөн аймактардагы атайын жолдор тазаланып, авариялык кырдаалдардын алдын алуу чаралары көрүлүп келет.

— Ош шаарындагы электр тармактарынын канча пайызы жаңыланууга муктаж?

— Учурдагы электр тармактарынын бир бөлүгү мурда курулуп, бүгүнкү күндө модернизациялоону талап кылат. Биздин Энергетика министрлиги бул маселени этап-этабы менен чечүү үстүндө иш алып барууда. Бизжин ишкана тарабынан 2026-жылдын 5 айында эле 214 даана ТП/КТП капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. 99,5 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдолду. 1814 даана көмөк чордондо утурумдук тейлөө жүргүзүлүп,  3178,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Бул жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга чоң өбөлгө түзөт.

— Электр энергиясын мыйзамсыз пайдалануу учурлары көп кездешеби?

— Электр энергиясын мыйзамсыз пайдалануу фактылары азыр кездешпейт деле. Айрым абоненттер эсептегичтен тышкары кошулуу же электр энергиясын уруксатсыз пайдаланууга аракет кылуу жагдайлары гана болуп калышы мүмкүн.   Мындай мыйзам бузуулар электр тармактарына кошумча жүктөм жаратып, жалпы система үчүн терс таасирин тийгизет. Ошондуктан мекеме тарабынан рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, мыйзамсыз пайдалануу учурларын аныктоо иштери күчөтүлгөн. Ошондой эле эл арасында түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлүп, электр энергиясын үнөмдүү жана мыйзамдуу пайдалануу боюнча маалыматтар биздин официалдуу сайттан, соц.баракчалардан байма-бай берилет.

— Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери кандай жүрүп жатат?

Учурда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп жатат. Бул багыттагы иштер электр энергиясын так эсептөөгө, жоготууларды кыскартууга жана мыйзамсыз пайдаланууларды алдын алууга чоң жардам берет. Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтер аркылуу абоненттер өздөрүнүн электр энергиясын керектөөсүн көзөмөлдөп, төлөмдөрдү так жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул система энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет. Былтыркы жылы Ош облусу боюнча Өзгөн, Араван райондорунда жана Ош шаарында толугу менен орнотулуп бүткөн. Кара-Суу, Ноокат райондорунда айрым айыл аймактарга орнотулган. Жалпы облус боюнча 100850 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Быйыл  дагы “КУЭТ” ААК тарабынан берилген акылдуу электр эсептегичтер орнотулмакчы.

— Учурда электр энергиясынын тартыштыгы барбы?

— Бүгүнкү күндө Ош электр тармактары ишканасы тарабынан калкты электр энергиясы менен камсыздоо туруктуу жүргүзүлүүдө. Бирок күз-кыш мезгилинде электр энергиясына болгон жүктөм кескин көбөйгөндүктөн, тармактарга күч келери белгилүү. Ошол себептен мекеме тарабынан алдын ала даярдык иштери жүргүзүлүп, көмөк чордондор, трансформаторлор жана аба чубалгылары өз убагында оңдоодон өткөрүлүүдө. Негизги максат — күз-кыш мезгилин калк үчүн көйгөйсүз өткөрүү.  Баса белгилеп кетчүү нерсе, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү туруктуу болбой жатат. Суунун көлөмү жылдан жылга азайып баратат. Ошондуктан биздин абоненттерди, керектөөчүлөрдү, жалпы элибизди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып кетет элем. Керексиз учурда электр приборлорун өчүрүп, керектүү гана мезгилде колдонушса.

— Алдыдагы жылдарга карата мекеменин пландары кандай?

— Алдыдагы жылдарга карата Ош электр тармактары ишканасы тарабынан электр тармактарын модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду куруу, эски трансформаторлорду жаңылоо жана жаңы технологияларды киргизүү пландалууда. Мындан тышкары: акылдуу эсептегичтерди көбөйтүү; жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо; авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу; электр энергиясынын сапатын жогорулатуу; жоготууларды кыскартуу багытында иштер улантылат. Негизги максат — калкты сапаттуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу менен бирге энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *