Айтыш — элдик поэзияда өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар кеңири өнүккөн жанр. Айтыш жанырынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга маданий жана жан дүйнөгө кызмат кыла башташы менен тең чыккан. Мисалы; бадик айтуу, “Бекбекей” ж.б. Бадикте адамдар кезек-кезеги менен туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден “кубалашса”, “Бекбекейди” түнкүсүн короо кайтарганда алмак-салмак ырдашкан.
Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым айтыш, кыз-жигит айтыштарында кенен чагылдырылган. Кыргыз менен эчен кылымдарды бирге басып өткөн айтыш өнөрү азыркы заманда жаңы өңүттө өнүгүп, республикалык, эл аралык деңгээлде айтыштар өтүп, атайын айтыш концерттер уюшулуп жатат.

Айтыштагы саясат темасы
Саясат темасы айтыштагы эң актуалдуу темалардын бири. Эл дагы ар айтыш сайын акындардын бийлик, саясат тууралуу өздөрүнүн ой пикирлерин айтып, артыкчылык-кемчиликтерин айтканын уккусу келип, күтүшөт. Акындардын таамай айтылган сөздөрү айрым бийлик өкүлдөрүнүн кыжырын кайнатса, мындай айтыштар элдин кулагынын кычуусун кандырып, эл ичинде кенен жайылып кеткен учурлар да көп кездешет. Мисалга алсак, төкмө акын Элмирбек Иманалиев казак акыны Айбек Калиев менен болгон айтышында Токтогул Сатылгановдун беш каман жөнүндө ырдаганын азыркы замандын бийлик өкүлдөрүнө карата мынтип ырдаган:
Жамандар эркин бийлесе,
Жабыгып ичиң күйбөйбү.
Беш каман болсо бир кезде,
Пейили жаман бул кезде,
Беш короо каман жүрбөйбү.
***
Какшатып туруп эченин,
Ургандарын айтпасам,
Мен айныбаймынбы батамдан.
Айныбаймынбы Токомдой,
Акыйкат айткан атамдан.
Акын болбой ак койдум,
Аларды эгер айтпасам,
Калкым чийгиле мени катардан!..
Бул айтыш мындан он эки жыл мурда болсо дагы Элмирбек Иманалиевдин сөздөрү азыркы күндө деле актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча
“түбөлүк эч ким башчы эмес,
аны түшүнбөй коюу жакшы эмес” же болбосо “беш каман болсо бир кезде,
пейили жаман бул кезде,
беш короо каман жүрбөйбү” деген саптары элдин көңүлүнө жагып, азыркы күнгө чейин оозмо-ооз айтылып келе жатат. Бул саптар акындын бир эле жолку айтышынан мисал келтирилди. Буга окшогон айтыштардын дагы бир нечеси элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Муну менен биз акын Элмирбек Иманалиев өзүнүн акындык парзын мыкты деңгээлде аткарып, өз атын залкар акындардын катарына алтын тамгалар менен жазып кеткендигин көрсөк болот. Дал ушул саясат, бийлик темасында өзүнүн курч ойлорун айтып, топ акындардын арасынан суурулуп чыккан азыркы жаш акындар да жок эмес. Алыска айланып барбай эле Элмирбек Иманалиевдин тарбиялап кеткен шакирттерин мисалга айтсак болот. Эбелектей кезинен Элмирбек Иманалиевди ээрчип чоңойгон шакирти Темирбек Матыбаев азыркы контрактардын баасы асманды чапчып, жыл сайын көтөрүлүп жатканын айтыштарынын биринде:
«Азыр калкымда арбын маселе,
Аны чечиш кыйын бат эле.
Анткени ойлоп отурсаң,
Жүз миң сом болуп контракт,
Жүрөктөр турат калтырап.
Декабрь жетпей «төлө» деп,
Декандар турат камчылап.
Үстү-үстүнө кошууда,
Бизде үч жүз миң айлык барчылап.
Билгилер эске албаса,
Бир сому жок жандарды
Билими жок калтырат.
Жол билги эчен эрлердин
Жокчулук жоонун кайчылап,
Чет элде жүрсө айнек жууп,
Аргасыз жүрөк жанчылат.
Ата-энелер балдарын
Алышар бекен каржылап,
Эл башында тургандар
Контракты кайрадан
Карап чыкса экен талкуулап», — деп баса белгилеп айтат.
Улам кайталанып чыккан жуптар элди тажатабы же улам чыккан сайын улам элге кызыктуу болобу?
Кечке эле саясатты уга берсек да тажайбыз, жан дүйнөнү эс алдырып, эрке сезимдерди ойготуп, элдин көңүлүн ача турган айтыштын дагы бир түрү — кыз-жигит айтышы. Кыргыз төкмө акындарынын арасында акын айымдар аз болгонуна байланыштуу мындай кыз-жигит айтыштары өтө аз санда болуп келчү. Акыркы учурларда айтышка кызыккан айымдардын саны өсө баштады. Чүчүкулак тартканда дагы, мырзалардын өздөрүнүн айтуусу боюнча айымдар менен бир чыгууну ичтен тиленишет экен. Буга бир себеп, айымдар менен айтышканда айтыш кызыктуу болуп, эл көөнүнө жагып, алкоого ээ болушат. Мисалы, Нурсултан Малдыбаев Жамайка Токонова менен болгон айтышында:
“Кыз кишиге жуп болдуң деген кезде,
Кызарып, кубангандан эки бетим”, — деп өзүнүн кубанычын билдирип жатат. Дал ушундай кыз-жигит айтыштарынын айрымдары эл ичинде аябай тез тарап, бир жолку жуп болгон акындардын айтышы дароо эле бүтүп калбай улана берет. Маселен, Изат Айдаркулова менен Акматбек Султан уулунун, Нурайым Бактыяр кызы менен Арген Биймырза уулунун айтыштары, азыркы күнгө чейин өз актуалдуулугун жоготпой, дагы деле уланып келет. Буга мисал катары бир нече жолу элдин суранычы менен айтышып, элдин эсинде калган Акматбек Султан уулу менен Изат Айдаркулованын кайрадан кайталанган айтыштарын айтсак болот. Ошол арадан бир нече жылдар өткөндөн кийин эки акын мындай айтышкан:
Изат Айдаркулова:

“Устатым Элмирдин болуп шакирти,
Сен эл сүйүүсүнө татыдың.
Мурастап берген өнөрдү,
Сен муундан-муунга ташыгын.
Чалкыган өнөр көлүндө,
Чайпалдың, толдуң, ташыдың.
Ак жылдыз менен айтышсаң,
Ак сүйүү сенин баш ырың.
Отчёттук концерт кут болсун,
Менин айтыштагы ашыгым”, — деп Акматбек Султан уулуна өмүрдөгү эмес айтыштагы ашыгы экенин ырдаса,
Акматбек Султан уулу:

“Жалындап турат от денем,
Жүрөккө жаккан чок белең.
Баш тарткыс чындык турбайбы,
Сүйүүнүн көзү жок деген.
Оюмдан такыр чыкпайсың
Окутуп алган жок белең”, — деп айтышты тамашалуу улантып кеткен. Өмүрдө эки башка жолго кетишсе дагы, оюнан такыр чыкпаганынан:
“Өмүрдө бөлөк болсок да
Өнөрүмө шериксиң”, – деп өнөрдө жолдору бириккенин айтып улантат.
Бул эки акындын тамашалуу кыз-жигит айтышын эл сүйүп угат. Кээде эл ушундай көйгөйлүү темалардан алыстап, тамашалуу айтыштарды да уккусу келип калат турбайбы. Башкалардан айырмаланып бул эки акын ар дайым сүйүү темасында айтыш курушса дагы коомдун көйгөйлөрүн айта кеткен кайталангыс өзгөчө жуп.
Биздин коомдо жалаң эле жыргалчылык болуп жаткан жери жок. Эл кыйналып катаал турмуш кечирет, энесинен ажырап бала кор болот же алаканга салып багып өстүргөн баласы энесин кордойт, аярлап алган аялын азапка салган эркектер, элди алдап өз камын жеген саясатчы бийлик өкүлдөрү — ушунун баары эл башына түшкөн жамандыктардын бири. Бир тарабын карасаң жериңди бөлүп. Ойду-тоону сатып жеген саткындар, бир тарабында дилин саткандар, бир тарабында динин саткандар, заман өзгөрүп, жан дүйнө кыйналып турган опурталдуу мезгилде биз, кыргыздарга дабаа болуп бере алчу айтышыбыз бар экендиги кандай жакшы. Кыргыздарда өз оюн эркин жеткирүү, тике айтуу мына ушул акындарыбыздан улам калыптанып калса керек. Кубанычыбызды да, кайгыбыздыда ыр менен чыгарып салууга үйрөнгөн эл эмеспизби. Биздин айтыш азыр мына ушунтип өнүгүп жатат. Мындан ары да өз касиетин жоготпой, чынчылдык, тазалык, адилетүүлүктү туу тутуп, өнүгө берсе экен.
Жыйынтыктап айтканда, айтышты элдин коомдук-саясий, руханий жашоосунун күзгүсү катары баалап, чынчылдык, адилетүүлүк жана элдик мүдөөнү туу туткан өнөрдүн санарип доорунда да өз касиетин жоготпостон өнүгүшү максатка ылайык экенин белгилегибиз келет.
Таңчолпон Маматали кызы
