• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Керме-Тоо заман талабына шайкеш өнүгүүдө

Автор:Osh Shamy

Июн 11, 2026

Акыркы жылдары Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жүзөгө ашырылган ири долбоорлор аймактын өнүгүшүнө жаңы дем берди. Билим берүү мекемелеринин курулушу, жолдордун жаңыланышы, жаңы сейил бактардын ачылышы жана коммуналдык тармактардын жакшыртылышы тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Бул иштердин жыйынтыгы бүгүнкү күндө ар бир көчөдөн, ар бир социалдык объекттен көрүнүп турат. Аймакта аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу Ош шаарынын мэриясынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Абдымомун Багышов менен маектештик.

Билим берүү жана социалдык объектилер жаңы деңгээлге чыкты

Керме-Тоо аймагында билим берүү тармагын өнүктүрүү негизги багыттардын бири болуп калды. Акыркы мезгилде балдар бакчалары менен мектептерди куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча ири иштер аткарылды.

Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан №71 “Үмүт” бала бакчасы жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилди. 75 орунга ылайыкталган заманбап имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, ага 64 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Бул объект аймактагы мектепке чейинки билим берүү тармагындагы орун тартыштыгын жоюуга жардам берди.

Мындан тышкары, Төлөйкөн кичи районундагы “Мээрим” бала бакчасы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап көрүнүшкө ээ болду. Бакчанын имараты заман талабына ылайык жаңыланып, балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбия алуусуна шарт түзүлдү.

Билим берүү жаатындагы эң ири долбоорлордун бири — Байтемиров көчөсүндө жайгашкан В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңы окуу корпусу менен жатаканасынын курулушу бүткөрүлдү. 700 орундуу окуу имараты жана 500 орундуу жатакана пайдаланууга берилип, билим берүү мекемесинин мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди. Долбоордун жалпы сметалык баасы 308 миллион сомдон ашты.

Ошондой эле Төлөйкөн кичи районундагы №42 Керме-Тоо орто мектеби капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, спорт аянтчалары жаңыланып, айланасы толугу менен асфальтталды. Бул иштер окуучулар үчүн сапаттуу билим алуу жана дене тарбия менен машыгуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү.

Жолдор жаңыланып, транспорттук инфраструктура жакшырды

Керме-Тоо аймагында жүргүзүлгөн эң көрүнүктүү иштердин бири — жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо болду. Аймактагы көптөгөн көчөлөр жаңыланып, тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү.

Көп жылдан бери көйгөй болуп келген Көкүм-Бий көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, төрт тилкелүү заманбап жол пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы баасы 200 миллион сомду түзүп, көчөнүн өткөрүмдүүлүгү кыйла жогорулады.

Мындан сырткары, жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен ондогон көчөлөр асфальтталып, реконструкцияланды. Алардын катарында Р.Абдыкадыров, У.Жороев, Байтемиров, Г.Айтиев, И.Саидов, Р.Моминова жана Абай Кунанбаев көчөлөрү бар.

Жалпысынан, 2025-жылы гана Керме-Тоо аймагында 15,4 чакырым жол оңдолуп, бул иштерге дээрлик 900 миллион сом жумшалган. Аймак башчысы Абдымомун Багышовдун айтымында, жолдордун сапатын жакшыртуу шаар тургундарынын негизги талаптарынын бири болгондуктан, бул багыттагы иштер мындан ары да уланат.

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы ички жолдор, тротуарлар жана суу өткөрүүчү лотоктор жаңыланып, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Жаңы сейил бактар жана жашыл аймактар көбөйдү

Шаардын көркүн ачкан жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча да олуттуу иштер аткарылды. Б.Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабында мурда каралбай калган жерге заманбап сейил бак курулуп, пайдаланууга берилди. Бул объект эс алуу үчүн жагымдуу жайга айланып, аймак тургундарынын сүйүктүү жерлеринин бири болуп калды.

Ак-Тилек кичи районунда көп жылдар бою көңүл сыртында калган Ж.Мамытов атындагы аллея толугу менен оңдолуп, жаңыланды. Ал эми Абай Кунанбаев көчөсүндө улуу акындын эстелиги орнотулуп, анын айланасына көрктөндүрүлгөн сквер курулду.

Көкүм-Бий көчөсүндө да жаңы сквер курулуп, Көкүм-Бийдин эстелиги орнотулду. Айланасы гранит таштар менен жасалгаланып, шаар тургундары үчүн жаңы эс алуу жайы пайда болду.

Анар кичи районунда балдар үчүн воркаут зоналары жана эс алуу багы курулуп жатат. Ошондой эле аймак боюнча жети жаңы балдар ойноочу аянтчасы пайдаланууга берилди.

Жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, жүздөгөн дарак көчөттөрү жана миңдеген гүлдөр отургузулду. Г.Айтиев жана Б.Осмонов көчөлөрүндө ак кайың, туя жана павлония дарактары тигилип, гүлзарлар жаңыланды. Жалпысынан он миңдеген гүл көчөттөрү эгилип, аймактын көркү артты.

Коммуналдык кызматтар жаңыланып, жашоочуларга шарт түзүлдү

Аймактагы өзгөрүүлөр жол жана курулуштар менен гана чектелген жок. Коммуналдык кызматтарды жакшыртуу боюнча да бир катар маанилүү иштер аткарылды.

“Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан 450 жаңы таштанды контейнерлери орнотулуп, санитардык абалды жакшыртууга көмөк көрсөтүлдү.

“Ошсвет” муниципалдык ишканасы аймактагы көчөлөргө 220 жаңы түнкү чырак орнотуп, миңдеген метр жаңы электр линияларын тартты. Натыйжада көптөгөн көчөлөр жарыктандырылып, тургундардын коопсуздугу жогорулады.

Суу менен камсыздоо жаатында да ири иштер жүргүзүлдү. “Ошшаарсууканал” ишканасы тарабынан бир нече көчөлөрдө таза суу түтүктөрү толугу менен жаңыланып, эскилиги жеткен түтүктөр алмаштырылды. Бул өз кезегинде ичүүчү суунун сапатын жакшыртып, авариялык кырдаалдардын санын азайтууга өбөлгө түздү.

Жылуулук түтүктөрүн жаңылоо, электр тармактарын модернизациялоо жана газ түтүктөрүн көчүрүү иштери дагы ийгиликтүү ишке ашырылды. Айрыкча №218 кварталдын газдаштырылышы тургундар үчүн маанилүү жаңылык болду.

Көп кабаттуу үйлөрдү оңдоо багытында дагы бир катар иштер аткарылды. Жыйырма үйдүн сырты сырдалып, жети үйдүн кире бериштери капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Айрым көп кабаттуу үйлөргө жаңы домофондор орнотулуп, чатырлары жаңыланды.

Тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган иштер мындан ары да улантылат

Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Абдымомун Багышовдун белгилешинче, акыркы жылдары аткарылган иштер аймактын өнүгүшүнө жаңы дем берди.

— Биздин негизги максат — тургундар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү. Билим берүү, жол, коммуналдык тейлөө жана жашылдандыруу тармактарындагы долбоорлор дал ушул максатка кызмат кылууда. Алдыдагы жылдары дагы жаңы социалдык объектилерди куруу, жолдорду жаңылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз, — деди ал.

Бүгүнкү күндө Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы эң активдүү өнүгүп жаткан аймактардын бирине айланып бара жатат. Жаңы курулуштар, заманбап жолдор, жашыл бактар жана жакшыртылган коммуналдык кызматтар аймак тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган чоң иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Керме-Тоо аймагында жүргүзүлгөн бул иштердин бардыгы шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү ылдамдап, жашоочулардын күнүмдүк турмушундагы бир катар көйгөйлөр чечилүүдө. Жаңы объектилердин пайдаланууга берилиши, көчөлөрдүн жаңыланышы жана жашыл аймактардын көбөйүшү Керме-Тоонун заманбап жана жашоого ыңгайлуу аймак катары калыптанышына өбөлгө түзүүдө.

Айша Нуридинова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *