• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Ыр болуп жаралган сүйүү, мюзикл болуп жаңырды

Автор:Osh Shamy

Июн 22, 2026

Жолболду Алибаевдин сүйүү дастанынан жаралган мюзикл көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды

Кээде эң күчтүү чыгармалар ойдон чыгарылган окуялардан эмес, адамдын өз тагдырынан жаралат. Дал ушундай чыгармалардын катарына акыркы мезгилде маданий коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан «Чолпонум» мюзиклин кошууга болот.

Р. Абдыкадыров атындагы Ош облусттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан,  Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар дастанчы жана обончу Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине карата даярдалган бул мюзикл автордун өз өмүрүндөгү эң чоң сүйүүсүнүн тарыхын сахнага алып чыкты. Мюзикл — сүйүү, сагыныч, жоготуу жана адам тагдыры тууралуу терең ой калтырган окуясы менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, Ош шаарындагы алгачкы көрсөтүүлөрдөн тартып эле чоң кызыгуу жаратты.

Мюзиклдин премьерасы 18-19-май күндөрү өтүп, аншлаг менен коштолду. Көрүүчүлөрдүн көп сандаган суранычы менен мюзикл кайрадан Ош шаарында көрсөтүлүп, андан соң борбор калаа Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасына дагы жол тартты.

Чыныгы турмуштан жаралган чыгарма

«Чолпонум» мюзиклинин өзөгүндө Жолболду Алибаевдин жаштыгындагы сүйүүсү тууралуу баяны жатат. Чолпон аттуу кыз менен болгон сүйүү тарыхы, турмуштун оор сыноолору жана эки жаштын тагдыры көркөм долбоордун негизги өзөгүн түзөт.

Сахнадагы окуялар көрүүчүнү өткөн кылымдын 60-жылдарына алып барып, ошол мезгилдин атмосферасын,  жаштардын кыялдарын жана сүйүүсүн чагылдырат. Ошол эле учурда мюзикл бир гана сүйүү баяны эмес, кыргыз коомунун ошол мезгилдеги турмушун да көркөм сүрөттөй алган.

Жандуу музыка жана чоң чыгармачылык эмгек

Мюзиклдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — бардык музыкалык чыгармалардын жандуу оркестрдин коштоосунда аткарылышы. Артисттердин жандуу үнү менен айкалышкан музыкалык спектакль көрүүчүлөрдү окуянын ичине жетелеп, өзгөчө атмосфера жаратат.

Мюзиклди сахнага алып чыгуу үчүн Бишкектен режиссёр Назым Мендебаиров чакырылып, либреттосун акын жана драматург Нуркыз Рыскул кызы жазган.

«Улуу сезимди чыгармага айландыруу үчүн чоң жүрөк керек»

Мюзиклдин режиссёру Назым Мендебаировдун айтымында, мюзиклдин негизги максаты Жолболду Алибаевдин сүйүү баянын гана эмес, анын чыгармачыл инсан катары калыптанышына таасир эткен ички дүйнөсүн ачып берүү болгон.

«Ар бир чыгармачыл инсандын жашоосундагы драмалык окуялар же тагдыр бурулуштары сөзсүз түрдө чыгармага айланат. Биз Жолболду агайдын чыныгы чыгармачыл, сезимтал инсан экенин көрсөтүүгө аракет кылдык», — дейт режиссёр.

Башкы каармандарды тандоодо сырткы окшоштуктан мурда актердук мүмкүнчүлүккө жана сахнадагы органикага басым жасалган.

«Бул кино эмес да. Театрдын өзүнүн мыйзамдары бар. Ошондуктан биринчи кезекте артисттердин дараметине, образды алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурдук», — деп белгилейт ал.

Мюзиклдин музыкалык бөлүгү дагы өзгөчө даярдалган. Бул долбоордогу музыкалардын жарымы Жолболду Алибаевдин оркестрге ылайыкташтырылган ырларынан турса, калган бөлүгү атайын мюзикл үчүн жаңы жазылган.

«100 пайыз жаңы чыгармаларды жазууга деле болмок. Бирок анда Жолболду агайдын чыгармачылык дүйнөсүнө кайрылуунун зарылдыгы азайып калмак. Ошондуктан анын белгилүү чыгармаларын жаңыча үндөтүүгө аракет кылдык», — дейт режиссёр.

Анын пикиринде, мюзиклдин негизги идеясы сүйүү баянынан да тереңирээк маанини камтыйт.

«Биз көрүүчүгө чыгармачыл адамдын башынан өткөн драмалар, окуялар жаңы чыгармалардын жаралышына себеп болорун көрсөткүбүз келди. Улуу сезимди чыгармага айландыруу үчүн күчтүү сүрөткер жана чоң жүрөк керек», — дейт Назым Мендебаиров.

Режиссёр көрүүчүлөрдөн көптөгөн пикир укканын белгилеп, алардын ичинен өзгөчө бир сунуш эсинде калганын жылмайып айтып берди.

«Жолболду агайдын жубайы Бусайра эженин агай менен тагдыры кесилишкенге чейинки жашоосун “Чолпонумдун” экинчи бөлүгү катары койбойсуңарбы деген сунуштар да болду», — дейт ал күлүп.

 «Бул мюзикл менен сүйүүнүн аруулугун көрсөтүүнү кааладык»

Мюзиклдин либреттосунун автору Нуркыз Рыскул кызынын айтымында, ар бир чыгарманын жаралышына турмуштагы чыныгы окуялар түрткү болот. «Чолпонумдун» негизинде да Жолболду Алибаевдин өмүрүндөгү трагедиялуу окуя жатканын белгилейт.

«Жолболду агайдын баяндоосуна караганда, бул абдан оор тагдыр экен. Биз режиссёр менен биргеликте ошол окуяны театрдын мыйзамдарына ылайыктап иштеп чыктык. Айрым учурларда драманы күчөтсөк, кээ бир жерлеринде тескерисинче жеңилдетүүгө туура келди», — дейт ал.

Автордун айтымында, мюзиклдеги окуялар тарыхый чындыкка мүмкүн болушунча жакын берилген. Ошол эле учурда ошол доордун атмосферасын, адамдардын жашоо образын жана жаштардын дүйнө таанымын ачып берүү үчүн чоң изилдөө жүргүзүлгөн.

«Ошол мезгилди көргөн адамдар менен сүйлөштүк. Жаштар эмне менен жашап, эмне жөнүндө кыялданганын изилдедик. Максатыбыз көрүүчүнү толугу менен ошол доорго алып баруу болду», — дейт Нуркыз Рыскул кызы.

Анын пикиринде, бүгүнкү технология өнүккөн заманда адамдар арасындагы сезимдердин баалуулугу өзгөрүп баратат. Ошондуктан мюзикл аркылуу сүйүүнүн тунук жана аруу жүзүн көрсөтүү негизги максаттардын бири болгон.

«Мен сүйүүнү мүмкүн болушунча таза, аруу кылып жеткиргим келчү. Сөзсүз эле кучакташуу же ашыкча көрүнүштөр менен эмес, кат жазганда толкунданган, сезимин айтууга жүрөгү түпөйүл болгон жаштардын дүйнөсүн көрсөтүүнү каалагам. Ошол кыялым “Чолпонум” аркылуу ишке ашкандай болду», — дейт автор.

Нуркыз Рыскул кызы үчүн дагы бир маанилүү жагдай — чыгарманын башкы каарманы Жолболду Алибаевдин өзү бүгүнкү күндө көрүүчүлөр менен бирге мюзиклди көрүп жатканы.

«Ар бир көрсөтүүнүн алдында “чыгарманы жеткиликтүү бере алдыкпы?” деген суроо жаралат. Көрүүчүлөр кандай кабыл алат деп ар бир мюзиклдин коюусунда мен сынакка кирип жаткандай толкунданып жатам», — дейт ал.

Автордун белгилешинче, мюзикл эл арасындагы айрым жаңылыш түшүнүктөргө дагы жооп бере алды.

«Көпчүлүк арасында Жолболду агай сүйгөнүнө жетпей калгандыктан “Чолпонумду” жазган деген сөздөр айтылып келет. Биз бул мюзикл аркылуу ошол аңыз кептерге чекит койдук деп ойлойм. Алар сүйүүсүнө жеткен, үй-бүлө курган, балалуу болушкан. Тилекке каршы, тагдыр алардын балдарын алып кеткен», — дейт либреттонун автору.

Жолболду менен Чолпондун образдары

Мюзиклдин ийгилигинде башкы каармандардын ролун жараткан артисттердин эмгеги өзгөчө орунду ээлейт. Алар каармандардын сүйүүсүн, кубанычын жана трагедиясын көрүүчүгө жеткире алышкан.

Жолболдунун ролун аткарган Абдиназар Токтосунов

Мюзиклдеги башкы каармандардын бири — Жолболдунун образын жаратуу ал үчүн чоң жоопкерчилик болгонун айтат. Абдиназардын айтымында, бул роль анын чыгармачылык жолундагы өзгөчө эмгектердин бири болуп калды.

«Жолболду Алибаевдин образын жаратуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык болду. Ал кыргыз маданиятына, улуттук музыкага зор салым кошкон инсан. Анын өмүр жолун жана чыгармачылык дүйнөсүн сахна аркылуу ачып берүү мен үчүн өзгөчө мааниге ээ», — дейт ал.

Образдын үстүндө иштөө учурунда ал Жолболду Алибаевдин өмүр жолу менен чыгармачылык мурасын кеңири изилдеп чыккан. Өзү агайдын шакирти болгондуктан, агайы менен жакындан баарлашып, анын мүнөзүн жана дүйнө таанымын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Агайдын ырларын кайра-кайра угуп, аткаруу стилин, мүнөзүн жана ички дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылдым. Режиссёрдун кеңештери дагы образды ачууда чоң жардам берди», — дейт Абдиназар Токтосунов.

Анын белгилешинче, ролдогу эң татаал милдет залкардын ички дүйнөсүн жана махабат тарыхын көрүүчүгө ишенимдүү жеткирүү болгон.

«Анын кубанычын, кайгысын жана сүйүүсүн табигый, жасалмалуулукка жол бербей чагылдырууга аракет кылдым», — деп кошумчалайт ал.

Мюзиклдеги эң жакын эпизод тууралуу суроого Абдиназар бир гана көрүнүштү бөлүп көрсөтүү кыйын экенин айтат. Анткени мюзиклдеги ар бир эпизодду жүрөгүнөн өткөрүп аткарууга аракет кылган.

Ал эми көрүүчүлөрдүн колдоосу чыгармачыл топ үчүн эң чоң дем экенин белгилеп, мюзикл аркылуу улуттук маданиятты баалоо жана сүйүүнүн кадырын түшүнүү идеясын жеткирүүнү максат кылып жатканын баса белгилеп кетти.

Чолпондун образын жараткан Курманжан Эркинбек кызы

Мюзиклдеги Чолпондун образын жараткан Курманжан Эркинбек кызы башкы ролду аткаруу сунушун укканда абдан толкунданганын айтат.

«Аябай сүйүндүм. Кубанганымдан ишене алган жокмун. “Кантип эле мен башкы каарманды ойноп калайын?” деген ойлор келди», — дейт ал.

Артисттин айтымында, өзүнүн ачык-айрым, шайыр мүнөзү Чолпондун образына жакын болгон. Бирок каармандын ички дүйнөсүн жана башынан өткөргөн оор тагдырын көрүүчүгө жеткирүү оңой болгон эмес.

«Баласынан айрылган жерди жана ыйлап ырдаган эпизоддорду аткарууда өзгөчө толкунданам. Ал көрүнүштөрдү жүрөктөн өткөрүп ойноого туура келет», — дейт Курманжан.

Ал образды жаратууда режиссёрдун кеңештери чоң жардам бергенин белгилейт.

«Сөздү жөн гана айтуудан эмес, жүрөктөгү сезим менен жеткирүүнү үйрөттү. Ошол аркылуу каармандардын сүйүүсүн жана ички дүйнөсүн ачууга аракет кылдык», — дейт ал.

Премьерадагы көрүүчүлөрдүн кол чабуулары, күлкүсү жана көз жашы чыгармачыл топ үчүн эң чоң баа болгонун кошумчалады.

«Талантыма күндөн-күнгө көбүрөөк көрүүчүлөр күбө болуп жатканы мен үчүн чоң эшиктердин ачылышы», — дейт Курманжан Эркинбек кызы.

«Бул менин өмүрүмдүн бир бөлүгү»

Мюзиклдин башкы каарманы болгон окуянын ээси — Жолболду Алибаев өзү да чыгарманын жаралышына күбө болуп келет.

Анын өмүрүндөгү жеке тарыхтын сахналаштырылганын көрүүчүлөр үчүн гана эмес, залкардын өзү үчүн да өзгөчө белек болду.

Жолболду Алибаевдин айтымында, чыгарманы мюзикл катары сахналаштыруу сунушун алгач Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору Алишер Тоотаев менен көркөм жетекчиси Маруп уулу Калдарбек киргизишкен.

«Алгач “кандай болот экен?” деп ойлогом. Бирок алардын дараметине ишенип макул болгом. Бүгүн жыйынтыгын көрүп аябай кубанып отурам. Менин жашоомдогу, студент кездеги баштан өткөн тарыхты абдан жакшы сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулап жатышат», — дейт Жолболду Алибаев.

Ошондой эле ал мюзикл көркөм чыгарма болгондуктан айрым окуялар театрдын мыйзамдарына ылайык көркөмдөлүп берилгенин белгиледи.

«Албетте, айрым жерлеринде көркөмдөлгөн эпизоддор бар. Болбосо мындай чоң долбоор көрүүчүлөрдү өзүнө тарта алмак эмес. Мен режиссёрго, филармониянын жетекчилигине, дегеле жалпы чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.

«Менде кызганыч сезими болгон жок»

«Чолпонум» мюзиклинин айланасында көпчүлүктү кызыктырган суроолордун бири — Жолболду Алибаевдин жубайы бул мюзиклге кандай карайт деген суроо болду.

Анын айтымында, мюзиклди сахналаштыруу тууралуу сунуш түшкөнүн жолдошу алдын ала айтып келгенде эле ал кубануу менен кабыл алган.

«Бул ыр жаралган мезгил Жокенин чыгармачылыгынын эң күчтүү учуру болгон. Ошондуктан мюзикл коюлат дегенде аябай сүйүндүм», — дейт ал.

Ал мюзиклге жолдошунун жубайы катары эмес, жөнөкөй көрүүчү катары келгенин белгилейт.

«Мюзиклди көрүп отуруп кадимкидей таасирлендим. Эл ыйлаган жерде мен дагы ыйладым», — дейт ал.

Жолболду Алибаевдин жаштык сүйүүсүнүн баяндаган мюзиклге карата кызганыч сезими болгон-болбогону тууралуу суроого ал ачык жооп берди.

«Мен Жокенин башынан өткөн сүйүүсүн, сезимдерин сыйлайм. Эгер адамдын жүрөгүнө терең из калтырган окуя болсо, дал ошондой сезимдерден жакшы чыгармалар жараларын түшүнөм. Ошондуктан менде кызганыч сезими болбойт», — дейт ал.

Ал тургай чыгармачыл адамдарга дем берүү үчүн өзү дагы өзгөчө мамиле жасаарын жашырбайт.

«Кээде тойлордо сулуу кыздарды атайын чакырып, Жокемди бийге тартып койгулачы деп айтып калам. Анткени чыгармачыл адамдар сулуулуктан, жакшы маанайдан дем алып, жаңы чыгармалар жаралат деп ойлойм», — деп жылмайып кошумчалады.

Ал эми Чолпон тууралуу сөз кылып жатып, аны аялзатынын мыкты сапаттарын камтыган аял катары элестетерин белгиледи.

«Чолпон кандай адам болгонун билбейм. Бирок мындай улуу чыгармага каарман болгон аял жөнөкөй адам болбосо керек деп ойлойм. Мен аны аялзатынын эң жакшы сапаттарын өзүнө камтыган мыкты инсан катары элестетем», — дейт ал.

Көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган чыгарма

Кыска убакыттын ичинде «Чолпонум» мюзикли миңдеген көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун таап, кыргыз сахна өнөрүндөгү көрүнүктүү окуялардын бирине айланды.

Ош жана Бишкек шаарларындагы ийгиликтүү коюулардан кийин чыгармачыл топ мюзиклди өлкөнүн башка аймактарындагы көрүүчүлөргө да тартуулоону пландаштырууда. Демек, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган «Чолпонумдун» сахналык сапары дагы да уланат.

Гульнура Ормонова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *