• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

«Биримдик кербени»: Ошто Көчмөндөр оюндарына арналган Ак-Буура суусун узатуу аземи өттү

Автор:Osh Shamy

Июн 22, 2026

7-июнда Ошто VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Биримдик кербени» улуттук долбоорунун алкагында Ак-Буура дарыясынын суусун салтанаттуу түрдө тосуп алуу жана узатуу аземи өттү. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, коомчулук өкүлдөрү жана жаштар катышты. Бул чоң миссияны аткаруу үчүн Ош шаарынан атайын улуттук күрөш боюнча спорт чебери Акжол Токтомушов шаар баатыры катары, ошондой эле маданият, спорт жана медиа тармагынын 10 алдыңкы өкүлү элчи катары тандалып алынган. Салтанаттын жүрүшүндө шаар баатыры Ак-Буура дарыясынын башатынан тунук сууну атайын жасалган көөкөргө куюп, Chevrolet Kyrgyzstan унаа өнөктөштүгүнүн коштоосунда Бишкек шаарына карай жолго чыгышты. Делегация 31-августта Бишкек-Аренада өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Оштун ыйык суусун жалпы идишке куюу үчүн тапшырат. Бул иш-чара кыргыз элинин ынтымагын жана көчмөн маданиятынын улуулугун дүйнөгө даңазалоону көздөйт.

«Көч жолу» эл аралык автоэкспедициясы Оштон Алтайга жол тартты

10-июнда Ош шаарынан “Көч жолу” аттуу эл аралык автоэкспедиция Алтайга жөнөп кетти. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен сапарга 5 саякатчы жигит катышууда.

Алар Ош – Алматы – Талдыкоргон – Семей – Барнаул – Тоолуу Алтай – Монголия маршруту боюнча 30 күн жол жүрүшөт. Сапардын негизги максаты — Улуу Көч жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин ортосундагы достукту чыңдоо жана ички туризмди жайылтуу.

Саякатчылар жол бою кооз жерлерди, тарыхый эстеликтерди кыдырып, жергиликтүү элдин турмушу, каада-салты менен таанышмакчы. Экспедициянын жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып турат.

Ош шаарында бир убакта 10 жаңы сквер ачылды

10-июнь күнү шаар мэри Жанарбек Акаевдин кызматка келгендеги 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында калаанын ар кайсы аймактарында бир убакта 10 жаңы сквер пайдаланууга берилди. Буга чейин кароосуз калып, таштанды басып же иретсиз абалга келген жалпы көлөмү 2,57 гектарды түзгөн жер тилкелери кыска убакыттын ичинде заманбап эс алуу жайларына айланды. Бардык курулуш жана жашылдандыруу иштери «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы тарабынан жогорку деңгээлде аткарылган. Жаңы скверлер И. Раззаков (№38, №28 үйлөрдүн арты, №22 жана №24 үйлөрдүн ортосу), А. Шакиров (№271, №8 үйлөрдүн арты), Алымбек Датка (Атайын оорукананын жанындагы эки сквер), Шота Руставели – Р. Моминова көчөлөрүнүн кесилиши, Н. Байтемиров жана Н. Исанов көчөлөрүндө орун алган. Исанов көчөсүндөгү скверди курууга Улуттук Кызыл Ай коому да өз салымын кошкон. Ар бир скверде заманбап үлгүдөгү жөө адамдар басуучу тротуарлар төшөлүп, түнкү жарыктандыруу системалары орнотулган. Шаардыктардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу отургучтар жана таштанды урналары коюлуп, айрым көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасаддары да акталып-сырдалган. Мэр Жанарбек Акаев өз сөзүндө бул долбоор экологиялык абалды чыңдоого багытталганын жана алдыда дагы 10 скверди куруу боюнча чечим кабыл алынганын билдирип, шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырды.

Ошто туристтик сезонго карата укук коргоо органдарынын саптык кароосу өттү

12-июнь, борбордук аянтта коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерген салттуу гарнизондук саптык кароо өттү. Жайкы туристтик сезондо Ош шаарына келген чет элдик коноктордун жана жергиликтүү тургундардын тынчтыгын сактоо максатын көздөгөн бул иш-чарага Министрлер Кабинетинитеги жетекчилер жана Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков түз байланыш (онлайн) аркылуу катышты. Жеринде Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ИИБ башчысы Д. Исаков жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү курамдын даярдыгы менен таанышты. Калаа башчысы өз сөзүндө шаардык бийлик менен милициянын биргелешкен аракети туризмди өнүктүрүүнүн негизги өбөлгөсү экенин баса белгиледи. Иш-чара салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды.

Ош көчөсү кеңейтилип, Абакир уулу Төрөбек көчөсү ачылды

14-июнь күнү Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык реконструкциялоо иштери башталды. Атайын жумушчу топ жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштарды аныктап, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, бул көчө Ж. Раимбеков көчөсүнөн тартып Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды, ал эми кеңдиги 24 метрди түзөт. Бул жол келечекте Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу негизги кошумча альтернативалык жол катары кызмат кылып, шаардагы унаа тыгынын кыйла жеңилдетет. Жолдун эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр үчүн заманбап тротуарлар жана жашыл зоналар каралган.

15-июнда Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага калаа башчысы Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул көчөдө жол гана оңдолбостон, анын боюнда жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасаддары мэриянын кош каржылоо долбоорунун алкагында толугу менен жаңыланып, сырдалган. Ошондой эле жашоочулар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Эң негизгиси, көчөнү кесип өткөн Увам каналынын жээгиндеги көп жылдар бою чечилбей келген мыйзамсыз курулуштар тазаланып, каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлө баштады. Бул аймак келечекте толук кандуу жашыл зонага айланмакчы.

Ошто «Эне ден соолугу — өлкө ден соолугу» аттуу VIII республикалык чемпионат өттү

15-июнь күнү калаада «Эне ден соолугу — өлкө ден соолугу» аталышындагы VIII республикалык чемпионат өткөрүлдү. «Энелер лигасы» долбоорунун алкагында уюштурулган бул мелдешке өлкөнүн 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 17 команда катышты. Мелдеш 35+ жана 45+ жаш курактык категориялары боюнча өтүп, энелердин спортко болгон кызыгуусун арттырды. Иш-чарага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, активдүү спортчу энелерге мэриянын Ыраазычылык каттарын тапшырды. Ал эми жеңүүчүлөр Ош шаардык спорт комитети тарабынан атайын кубоктор, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Бий искусствосу – 2026” IV Эл аралык фестивалы

18-июнь күнү калаада «Бий искусствосу — 2026″фестивалынын ачылышы болду. Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай, Румыниядан келген жана жергиликтүү бий жамааттарынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, хореографтар жана искусство чеберлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышты. Ал өз куттуктоосун жолдоп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

“Бий искусствосу – 2026” фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн бий өнөрүн бир аянтчага бириктирип, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана улуттук маданий мурастарды жайылтууга багытталган. Анын алкагында катышуучулар концерттик программаларды тартуулашат.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *