• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXI СЕССИЯСЫ

Автор:Osh Shamy

Июн 22, 2026

Ош шаардык кеңешинин XXI сессиясында шаар үчүн маанилүү болгон бир катар маселелер каралды. Депутаттар жолдордун абалы, таза суу менен камсыздоо, транспорт тармагындагы көйгөйлөр, санариптештирүү жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынды.

Ош шаардык кеңешинин XXI сессиясы: жол, таза суу, транспорт жана санариптештирүү маселелери

17-июнда өткөн Ош шаардык кеңешинин XXI сессиясында шаар турмушуна байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйындын жүрүшүндө жол куруу, таза суу менен камсыздоо, транспорт тармагын өнүктүрүү, санариптештирүү, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кадрдык дайындоолор боюнча маселелер талкууланды. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, вице-мэрлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибине жалпысынан 20 маселе киргизилди.

Жолдордун абалы жана шаардык инфраструктура

Сессиянын алгачкы бөлүгүндө Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу маалымат угулду. «Бир Бол» фракциясынан депутат Арыпбек Айтбаев Ишматов көчөсүндөгү жол курулушуна байланыштуу тургундардын нааразычылыгын көтөрдү. «Ишматов көчөсүн чогуу көрдүк. Адамдар айтып жатат: “Кир жая албай калдык, чаң болуп жатат”, — дешти. Анан ошол жерге “Ош-Тазалык” ишканасынын суу чачышы 6 миң сом экен. Ал эки жолу эле чачканга жетет. Ошондуктан саатына бир жолу чачып турса жакшы болмок», — деди депутат. Бул маселе боюнча мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев сунуш эске алынарын билдирди. Ошондой эле депутат шаардагы балдардын эс алуусу боюнча маселени көтөрүп, мурда балдар «Дельфин» бассейнинде сүзүп жүрүшкөнүн, ал эми учурда анын ордуна курулган «Булак» комплекси көпчүлүк үчүн кымбат болуп калганын айтты. «Шумкар Маматшакирович, муниципалдык бассейн болушу керек да. Статистика боюнча шаарда 124 миң бала бар», — деди ал. Өз кезегинде шаар мэри Жанар Акаев «Булак» комплекси мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлордун бири экенин белгиледи. «Андай комплекс керек. Ал эми балдар үчүн пляж куруу боюнча Ак-Бууранын жээктеринен жер карап жатабыз», — деди мэр. Мындан тышкары депутат Айтбаев, Масалиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн лифтинин иштеши боюнча суроо берип, Шумкарбек Пайзиев лифт учурда иштеп жатканын маалымдады.

Бала бакчага алып баруучу жол жана рекультивация каражаттары

Депутат Нускат Акматов «Эгер-Бел» комплексинен бала бакчага кирүүчү көчөнүн абалы боюнча маселени көтөрдү. Шумкарбек Пайзиев Осмонов жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулушу аяктагандан кийин бала бакчага чейинки жол да кеңейтиле турганын билдирди. Ал эми депутат Бексултан Үсөнов Азия өнүктүрүү банкы тарабынан рекультивация иштерине бөлүнгөн каражат тууралуу суроо берди. «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги долбоорго жалпысынан 9,5 миллион евро каралганын маалымдады. Депутат болсо коомчулукта бул каражаттардын сарпталышы боюнча суроолор жаралып жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүү максатында атайын депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Озгур айылы үчүн таза суу маселеси

Сессиянын жүрүшүндө депутат Шайырбек Нуранов Озгур айылындагы таза суу көйгөйүн көтөрүп, шаар жетекчилигине кайрылды. «Жанар Кубанычович, командаңыз чарчадыбы же иштебей жатабы? Озгур айылына таза суу керек. 50 млн сом Капиталдык курулуш башкармалыгына бөлүп бериңизчи», — деди депутат. Шумкарбек Пайзиев учурда Озгур айылына таза суу жеткирүү боюнча 17 чакырымдык линиянын долбоору даярдалып жатканын билдирди. Ошондой эле депутат шаардагы LED-экрандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүчү видеороликтерин жайгаштыруу сунушун киргизди. Анын айтымында, акыркы убактарда балдардын сууга чөгүп каза болгон учурлары көбөйүп жатат.

«Ош шаары» тиркемеси ишке кирди

Сессиянын үчүнчү маселеси катары «Санарип Ош» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү каралды. Ишкананын жетекчиси Искендер Субанкулов учурда «Ош шаары» мобилдик тиркемеси даярдалып, Play Market жана App Store платформаларына жайгаштырылганын билдирди. «Былтыр президентибиздин буйругу чыккан. Бардык кагаз жүгүртүүлөргө тыюу салынган. Аталган тиркемеге мэрияга тиешелүү кызматтарды кошобуз. Экинчиден, “Санарип Базар” маалыматтык тиркемесин түзгөнбүз. Анда Ош шаарындагы бардык базарларга тиешелүү маалыматтарды жайгаштырсак болот. Канча каражат түшкөнү тууралуу маалыматтар да бар. Ошондой эле “Ош базар” мобилдик тиркемеси иштелип чыккан. Базарда иштегендер тиркеме аркылуу төлөмдөрүн жана карыздарын төлөй алышат», — деди ал.

Транспорт көйгөйлөрү жана троллейбус талашы

Төртүнчү маселе катары шаардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жана автотыгындарды азайтуу боюнча тиешелүү мекемелердин иштери каралды. Депутат Шахназар Бакир уулу айрым борбордук көчө кесилиштеринде жол тыгыны күчөп жатканын белгилеп, «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларын кайрадан талдап чыгууну сунуштады. «Айрым жерлерге массалык түрдө камералар коюлган. Ошону кайра карап чыгыш керек. Анткени ал жерлерге камералар керек беле же жок беле деген маселе бар», — деди депутат. Вице-мэр Эрнис Толтоев бул маселени кайгуул кызматындагы тиешелүү комиссия аркылуу кароого болорун билдирди. Ал эми депутат Гүлназ Исаева Бишкектен келген троллейбустардын абалы тууралуу маселе көтөрдү. Эрнис Толтоев Бишкектен жалпысынан 75 троллейбус келгенин, алардын айрымдарын кабыл алуудан баш тартуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. «Өзүбүздүн 25 троллейбус эки линия боюнча иштеп жатат», — деди ал. Депутат болсо эски троллейбустарды кабыл алуунун ордуна заманбап электробустарды алуу зарылдыгын белгиледи.

Шаардын бюджети 7 миллиард сомдон ашат

Сессиянын жүрүшүндө шаардык бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси да каралды. «Бир Бол» фракциясынан депутат Айгүл Салиев бюджетке кошумча түшүп жаткан каражаттардын булагына кызыкты. Вице-мэр Оморбек Торобаев бул боюнча кеңири маалымат берди. «Сизге кыскача айтсам, 498 млн сом — ТЭЦке берилүүчү субсидиялар. Бирдиктүү салыктан жана сатуудан түшкөн салыктан 817 млн сом чогулат деп турабыз. Пилоттук долбоор бир жылдык болгондуктан жана бул долбоор Ош шаары үчүн гана ишке ашырылып жаткандыктан, быйыл анын алты айлык жыйынтыгын гана эсептеп жатабыз. Ал эми 900 млн сом Турукташтыруу фондунан келет. Ошентип, бюджет 7 млрд сомдон ашык болот», — деди ал.

Ош шаарында Чоң-Алай көчөсү пайда болду

Күн тартибиндеги 10-маселе катары айрым географиялык объекттерге ат берүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көчөлөрдүн бирине Чоң-Алай деген ат берүү сунушу депутаттар тарабынан колдоого алынды.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайланды

Сессиянын соңунда кадрдык маселе каралып, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары шайланды. Бул кызматка «Бир Бол» фракциясынан Бексултан Үсөн уулу жана «Жаңы Кыргызстан» фракциясынан Улукбек Ыктыярбек уулу талапкер болуп көрсөтүлгөн.  Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Улукбек Ыктыярбек уулу 36 добуш алып жеңишке жетишти. Ал эми Бексултан Үсөн уулу 12 добушка ээ болду. Жалпысынан 49 бюллетень таратылып, алардын бири жараксыз деп табылды. Ошондой эле Дастан Наватов шаардык кеңештин төрагасынын коомдук башталгычтагы орун басары болуп шайланды.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *