Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы калк жыш жайгашкан аймактардын бири болуп саналат. Акыркы жылдары аймакта жаңы социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо, көп кабаттуу үйлөрдү жаңылоо, сейил бактарды көбөйтүү жана инженердик коммуникацияларды жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылып келет. Быйыл да бул багыттагы иштер улантылып, бир катар маанилүү объектилерде курулуш жана оңдоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) башчысы Назарбек Айдарбек уулу менен маектешип, 2026-жылы аймакта аткарылган жана учурда жүрүп жаткан иштер тууралуу кеп курдук.
— Саламатсызбы, Назарбек мырза! Алгач 2026-жылы Курманжан-Датка МАБында аткарылган негизги иштер тууралуу айтып берсеңиз?
— Саламатчылык. Быйыл биздин аймак үчүн бул жыл жемиштүү жылдардан болууда. Билим берүү тармагындагы курулуштардан тартып, жолдорду оңдоо, көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңыртуу, сейил бактарды куруу жана каналдардын жээктерин бекемдөө иштерине чейин бир топ долбоорлор ишке ашырылды. Бул иштердин негизги максаты – тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү.

-Азыркы учурда канча билим берүү объектиси курулуп жатат?
-Учурда аймактагы эң маанилүү долбоорлордун бири – С.Жигитов атындагы №2 мектептин жаңы имаратынын курулушу. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Курулуш иштерин “МИ Кыргыз курулуш” ишканасы жүргүзүп жатат. Жаңы мектеп имараты заманбап талаптарга ылайык салынып, окуучулар үчүн бардык шарттарды камсыздоого багытталган. Кошумча окуу бөлмөлөрү, кең класстар жана ыңгайлуу инфраструктура келечекте билим берүү сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле Н.Исанов көчөсүндөгү Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке кошумча окуу имаратын куруу иштери жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Бул объект пайдаланууга берилгенден кийин мектептеги орун тартыштыгы кыйла азаят деп күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө шаар калкынын саны өсүп жаткан шартта жаңы билим берүү объектилерин куруу эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан бул багыттагы иштер жергиликтүү тургундар тарабынан да жогору бааланууда.
—Эс алуу жайларын өнүктүрүү боюнча эмне иштер аткарылууда?
-Курманжан-Датка МАБында жашоочулардын эс алуусу үчүн жаңы коомдук жайларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир катар жаңы сейил бактар курулуп, пайдаланууга берилди. Абакир уулу Төрөбек көчөсүндөгү №102 маршруттук каттамдын акыркы аялдамасынын аймагында жаңы сейил бак уюштурулду. Бул аймак мурда каралбай келген жерлердин бири болсо, бүгүнкү күндө жашоочулар үчүн эс алуу жайына айланды. Н.Исанов көчөсүндөгү №27 көп кабаттуу үйдүн артындагы аймак дагы толук ирээтке келтирилип, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары А.Шакиров көчөсүндөгү №271 жана №8 көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жаңы эс алуу аянтчалары түзүлдү. Б.Нурматов көчөсүндө, Ак-Буура кафесинин жанындагы аймакта дагы көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Жаңы сейил бактардын курулушу менен балдар үчүн оюн аянтчалары орнотулуп, жаштар жана улгайган жарандар үчүн эс алуу бурчтары пайда болду. Ошондой эле жашыл көчөттөр отургузулуп, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга көңүл бурулду. Көрктөндүрүү иштеринин негизги максаты – жашоочулар үчүн жагымдуу шаардык чөйрө түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө жаңы сейил бактар аймак тургундарынын сүйүктүү жайларынын бирине айланып бара жатат.

—Инфраструктураны жакшыртуу боюнча кандай иштер жасалууда?
-Турак жай фондун жаңылоо боюнча да олуттуу иштер аткарылды. Айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана коммуналдык көйгөйлөрдү чечүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кош каржылоонун негизинде Н.Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары толугу менен жаңыланып бүттү. Жалпысынан аймактагы 11 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасады оңдолуп, заманбап түскө боёлду. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде чатыр толугу менен жаңыланып, жашоочуларды көп жылдан бери түйшөлткөн маселе чечилди. Ошондой эле эки көп кабаттуу үйдүн таза суу түтүктөрү толугу менен алмаштырылып, суу менен камсыздоо системасы жакшыртылды. Мындай иштер көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык абалын жакшыртып гана тим болбостон, шаардык чөйрөнүн жалпы көрүнүшүнө да оң таасирин тийгизүүдө. Жаңыланган фасаддар жана оңдолгон инфраструктура аймактын келбетин өзгөртүп, жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.
-Жолдорду оңдоо жана канал жээктерин бекемдөө иштери канчалык деңгээлде бүттү?
-Аймактагы маанилүү долбоорлордун дагы бири жол инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат. У.Мирсаатов көчөсүндө асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, көчөнүн абалы кыйла жакшырды. Бул долбоор кош каржылоонун негизинде ишке ашырылды. Жолдун бир бөлүгү шаардык бюджеттен каржыланса, экинчи бөлүгүнө жергиликтүү тургундар салым кошушту. Натыйжада көп жылдан бери чечилбей келген жол маселеси акырындап өз чечимин табууда. Мындан сырткары Ак-Буура дарыясынын жээгинде жана Жекелик каналында бекемдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги чоң аймакта коргоо жана тосмолоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Жекелик каналынын жээгинде дагы бекемдөө жана тосуу иштери аткарылып жатат. Өзгөчө Б.Нурматов көчөсүнүн аймагындагы кооптуу тилкелерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ошондой эле Увам жана Жекелик каналдарынын аймагынын 2,5 гектар жери тосулду. Жээктеринде тазалоо, бекемдөө жана тосмолорду орнотуу боюнча ири иштер жүргүзүлдү. Каналдардын айланасы таштандылардан тазаланып, жээктердин бузулушунун алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Бул иштердин натыйжасында санитардык абал жакшырып, суу объектилеринин коопсуздугу камсыздалууда. Ошол эле учурда жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана таза айлана-чөйрө түзүлүп жатат.Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан бул иштер аймактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда. Жаңы мектептердин курулушу, сейил бактардын көбөйүшү, көп кабаттуу үйлөрдүн жаңыланышы, жолдордун оңдолушу жана каналдардын жээктеринин бекемделиши жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Алдыдагы мезгилде дагы бир катар жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделип, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер улантылмакчы. Бүгүнкү күндө Курманжан-Датка МАБы шаардагы өнүгүп жаткан аймактардын бири катары жаңы өзгөрүүлөрдүн жолунда иш алып барууда.

— Аймакта көчөлөрдү жарыктандырууга көңүл бөлүнүп жатабы?
— Коопсуз жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү максатында көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине да көңүл бурулуп жатат. Быйыл бир катар ички көчөлөргө заманбап жарык берүүчү мамылар орнотулуп, эскилиги жеткен электр чубалгылары жаңыланды. Натыйжада кечки убакта тургундардын коопсуз жүрүп-туруусуна шарт түзүлүп, көчөлөрдүн көрүнүшү да жакшырды. Бул багыттагы иштер этап-этабы менен улантылат.
— Тургундардын кайрылуулары менен иш алып баруу кандай жолго коюлган?
— Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү биздин негизги милдеттерибиздин бири болуп саналат. Жыл башынан бери жарандар менен бир нече жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуш-пикирлери жана кайрылуулары кабыл алынды. Кайрылуулардын негизинде айрым көчөлөргө шагыл төшөө, санитардык тазалыкты жакшыртуу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча чечимдер кабыл алынып, тиешелүү иштер аткарылууда. Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турат.
Айша Нуридинова
