Баланын ден соолугу анын келечектеги жашоосунун сапатын аныктаган эң маанилүү факторлордун бири. Акыркы жылдары балдар арасында ортопедиялык көйгөйлөрдүн көбөйүшү жана кыймыл активдүүлүгүнүн азайышы адистерди тынчсыздандырууда. Ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо көптөгөн көйгөйлөрдү алдын алууга жардам берет. Бул багытта ортопеддер менен массажисттердин эмгеги өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу биз ортопедия жана сыныктар бөлүмүнүн башчысы Маматали Мамазаит уулу жана массажист Дарыя Медетбек кызы менен маектештик.
Маматали Мамазаит уулу, Ош областар аралык балдар клиникалык ооруканасынын ортопедия жана сыныктар бөлүмүнүн башчысы:

— Саламатсызбы! Бул тармакта канча жылдан бери эмгектенип келесиз?
— Саламатчылык. Мен бул тармакты аркалап келе жатканыма 34 жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Ушул жылдардын ичинде миңдеген бейтаптардын айыгып, бутуна туруп, толук кандуу жашоого кайтып жаткан учурларына күбө болдум. Дарыгер үчүн мындан өткөн бакыт жок деп ойлойм. Мен дайыма бир нерсени айтып келем: ден соолук — адамдын эң чоң байлыгы. Жаш кезде адам күчкө толуп, ооруну көп байкабайт. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегендей”- ден соолукка өз убагында кам көрбөсө, анын кесепети сөзсүз билинет. Ошондуктан ооруну күтүп отурбай, анын алдын алуу эң туура чечим.
— Ортопедия тармагы тууралуу айтып берсеңиз
— Ортопедия — балдардын жана өспүрүмдөрдүн сөөк, булчуң жана муун системаларынын ооруларын изилдеп, алдын алуу жана дарылоо менен алектенген медицина тармагы. Бизге төрөлгөндөн баштап 16 жашка чейинки балдар кайрылышат. Тубаса ортопедиялык оорулар ар түрдүү болот. Мисалы, кээ бир ымыркайлар кол же бут манжалары толук калыптанбай төрөлүшү мүмкүн (аномалия развития). Айрымдарында манжалар бири-бирине жабышып калган абал (синдактилия) кездешет. Ошондой эле ашыкча манжа менен төрөлгөн учурлар да (полидактилия) болот. Мындан тышкары, буттун ички же сырткы тарапка кыйшайып төрөлүшү (косолапость), эл ичинде «тойтук» деп аталган оору кездешет. Мындай бейтаптарга көбүнчө операциялык дарылоо жүргүзүлөт. Ошондой эле жамбаш муунунун тубаса чыгуусу көп кездешкен оорулардын бири. Эгер оору эрте аныкталса, атайын дарылоо жүргүзүлүп, сөөк өз ордуна салынып, гипс жана ортопедиялык шаймандар колдонулат. Моюн булчуңдарынын толук өнүкпөй калышынан пайда болгон кыйшык моюн, көкүрөк клеткасынын ичке же сыртка чыгып өсүшү, Д витамининин жетишсиздигинен улам бут сөөктөрүнүн О түрүндө же Х түрүндө кыйшайышы сыяктуу оорулар да кездешет. Бул ооруларды дарылоодо консервативдик жана хирургиялык ыкмалар колдонулат. Ошондой эле жалпак тамандуулук (плоскостопие) кеңири тараган көйгөйлөрдүн бири. Аны дарылоодо атайын ортопедиялык бут кийимдер, көнүгүүлөр жана физиотерапия колдонулат. Мындай оорулардын негизги себептеринин бири организмде Д витамининин жана кальцийдин жетишсиздиги.
— Кайсы белгилер пайда болгондо сөзсүз ортопедге кайрылуу керек?
— Көпчүлүк адамдар ооруну кадимки көрүнүш катары кабыл алып, чыдап жүрө беришет. Бирок организм бизге дайыма белги берип турат. Эгер бел, моюн же муундар бат-баттан ооруй баштаса, басканда же кыймылдаганда ыңгайсыздык жаралса, кол-буттар уйушуп калса, муну көз жаздымда калтырбоо керек. Айрыкча баланын басышы өзгөрүп, омурткасы кыйшайып жаткандай көрүнсө же дене түзүлүшүндө кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалса, сөзсүз адиске көрсөтүү зарыл. Ортопедиялык оорулар жылдан жылга көбөйүүдө. Мурда орто жана улуу курактагы адамдарда кездешсе, азыр жаштар да белинин, моюнунун оорушуна жана омуртканын кыйшайышына даттанып кайрылышууда. Мунун негизги себептеринин бири — жашоо образынын өзгөрүшү. Жаштардын көбү сааттап бир абалда отуруп, омурткага ашыкча күч келтиришет. Мындан тышкары, кыймыл-аракеттин аздыгы, туура эмес тамактануу, таза абада аз болуу жана ашыкча салмак дагы өз таасирин тийгизет. Бирок бул көйгөйлөрдү алдын алууга болот. Спорт менен машыгуу, туура отуруу, активдүү жашоо образын жүргүзүү жана пайдалуу азыктарды колдонуу абдан маанилүү.
— Сиздин иш тажрыйбаңыздагы эң эсте калган учур кайсы?
— Ар бир бейтаптын өзүнчө тарыхы бар. Жалал-Абад облусунан келген бир жигит менин эсимде өзгөчө калган. Менин көзөмөлүмдө үч-төрт жылдык үзгүлтүксүз дарылоонун натыйжасында ден соолугу толугу менен калыбына келип, айыгып кетти. Бул абдан чоң жетишкендик. Анткени айрым адамдар жети-сегиз жыл дарыланса да, мындай жакшы жыйынтыкка жете албай калышат. Бүгүнкү күндө ал жигит үй-бүлө куруп, балалуу болгон. Мени кубандырганы – ал азыр да балдарын алып келип, маал-маалы менен текшерүүдөн өткөрүп турат. Анын жашоосундагы оң өзгөрүүлөрдү көрүп, өз эмгегимдин жемишин сезем.
— Бул ооруну кантип алдын алуу керек?
— Биринчи кезекте баланын ден соолугуна төрөлгөн күндөн баштап көңүл буруу керек. Эне кош бойлуулук учурунда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, туура тамактанып, организмге керектүү витаминдерди жана минералдарды жетиштүү деңгээлде алышы зарыл. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин Д витаминин өз убагында берүү, кальцийге бай азыктар менен тамактандыруу жана таза абада көбүрөөк сейилдетүү маанилүү. Ошондой эле баланын басышына, отурушуна жана дене түзүлүшүнө көңүл буруп туруу керек. Эгер кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, убагында ортопедге кайрылуу оорунун күчөп кетишинин алдын алат. Эрте аныкталган көйгөйдү дарылоо ар дайым жеңилирээк жана натыйжалуураак болот.

— Жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?
— Жаштарга айтарым: ден соолукту жаш кезден сактагыла. Көпчүлүк адамдар жаш кезде оорубайм деп ойлоп, ден соолугуна жетиштүү көңүл бурбайт. Бирок бүгүнкү адаттар эртеңки ден соолукту аныктайт. Азыркы жаштар көп убактысын телефон менен компьютердин алдында өткөрүшөт. Бул омурткага жана муундарга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан көбүрөөк кыймылдап, спорт менен машыгууну сунуштайм. Ошондой эле дененин берген белгилерин көз жаздымда калтырбоо керек. Оору пайда болсо, аны чыдап жүрө бербей, өз убагында дарыгерге кайрылган туура. Ден соолук болсо, адам билим алып да, эмгектенип да, бардык максаттарына жете алат.
Массаж баланын физикалык гана эмес, психологиялык абалына (мисалы, уйку, маанай) кантип таасир этет деп ойлойсуз?
Дарыя Медетбек кызы, массажист:

— Бул тармакта иштегениме быйыл сегиз жылдын жузу болду. Жаш балдарга массаж жасап иштегениме өзүмдүн бир тууган агам түрткү болгон. Балдарга массаж жасоонун негизги максаты – алардын ден соолугун чыңдоо жана организмдин туура өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Массаж кан айланууну жакшыртып, булчуңдарды бекемдейт, нерв системасын тынчтандырат жана баланын уйкусунун жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, ал иммунитеттин көтөрүлүшүнө жардам берип, баланын жалпы абалынын жакшырышына оң таасирин тийгизет. Бул кесипте иштөө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Анткени ар бир баланын ден соолук абалы, мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү ар башка болот. Ошондуктан ар бир балага жекече мамиле жасоо зарыл. Иш учурунда ар кандай кыйынчылыктар кездешет. Айрым балдар массажга көнө албай ыйлап же бир орунда тынч отурбай калышы мүмкүн. Мындай учурларда көп убакыт, чыдамкайлык жана күч-аракет талап кылынат. Массаждын балдардын ден соолугун чыңдоодогу жана өсүп-өнүгүүсүндөгү мааниси абдан чоң. Анын натыйжасында кан айлануу жакшырып, булчуңдар чыңалат, уйкусу калыпка келип, табити ачылат. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн массаждын пайдасы өзгөчө зор. Мисалы, медицинада «гипертонус» жана «гипотонус» деген түшүнүктөр бар. Гипертонус – бул булчуңдардын өтө чыңалып турушу. Мындай учурда атайын массаж ыкмалары, анын ичинде сылап-сыйпалоо кыймылдары колдонулат. Натыйжада булчуңдар бошоп, баланын кыймыл-аракети жеңилдейт. Бул анын басып кетүүсүнө, өз алдынча кыймылдоосуна жана күнүмдүк иштерди аткаруусуна жардам берет. Эгерде баланын колу-бутунда булчуңдардын тонусу өтө жогору болсо, ал бир нерсени кармоодо же жөнөкөй кыймылдарды аткарууда кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан массаж мындай көйгөйлөрдү жеңилдетип, баланын жашоо сапатын жакшыртууга чоң салым кошот. Жыйынтыгында, массаж балдардын ден соолугун чыңдоодо гана эмес, алардын толук кандуу өсүп-өнүгүүсүндө, кыймыл-аракетинин жакшырышында жана жашоого болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинде маанилүү роль ойнойт.
Арстанбек кызы Жаңылай
