Мамлекеттик кызмат — бул сыртынан караганда өтө расмий, кагаз жана компьютер менен байланышкан, ар бир кадамы так жазылган жоопкерчиликтүү тармак. Ал эми спорт, өзгөчө Чыгыштын ушу-тайцзи искусствосу — жан дүйнөнүн эркиндиги, медитация жана ички гармония. Бул эки башка дүйнөнү бир калыпта айкалыштырып, үлгүлүү эне, ийгиликтүү адис жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болууга мүмкүнбү?
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси, Эл аралык ушу турнирлеринин алтын медаль ээси Эркайым Маматкарим кызы менен ачык-айрым маек курдук.
— Эркайым эже, саламатсызбы! Сиз менен маектешип жатканыма абдан кубанычтамын. Алгачкы эмгек жолуңузду билим берүү тармагынан баштаган экенсиз..
— Саламатчылык! Менин дагы сиз менен дидарлашып, ички сырларымды, басып өткөн жолумду бөлүшүп жатканыма кубанычтамын. Мен 1977-жылы 24-январда Чоң-Алай районунда туулгам. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, аталган окуу жайдан жогорку билимге ээ болдум. Эмгек жолумду №27 Партсъезд атындагы орто мектептен кыргыз тили жана адабияты мугалими катары баштадым. 2005-жылы республикалык деңгээлде өткөрүлгөн «Үлгүлүү кыргыз тили мугалими» деген чоң сынакка катышып, баш байгени — 1-орунду жеңип алгам. Бул мен үчүн педагогикадагы эң чоң стимул болгон. Андан соң Ош шаардык билим берүү башкармалыгына чакыртылгам. Бир жыл өтпөй Ош шаардык мэриясына тил адиси болуп дайындалдым.

— Тил адиси болуп иштегениңизге канча жыл болду?
— Ар бир нерсенин өз убагы болот окшойт. 2007-жылдан бери, мына дээрлик 19 жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгектенип келе жатам. Мамлекеттик кызмат — бул өтө жоопкерчиликтүү, ар бир сөзүң, ар бир жазган документиң үчүн коом алдында жооп бере турган олуттуу тармак. Ал эми менин милдетим — эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүү, иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө.
— Эми сиздин жашооңузду толугу менен өзгөрткөн, сизге жаңы дем берген спорт дүйнөсүнө өтөлү. Мамлекеттик кызматтын түйшүктүү жумушунан спортко кандайча келип калдыңыз? Негизги себеби эмне болду?
— Өзүңүз билгендей, мамлекеттик кызмат дайыма компьютер алдында, чыңалуу менен өтөт. Жылдар өткөн сайын бул нерсе ден соолукка таасирин тийгизбей койбойт экен. 2022-жылдан баштап ден соолугумда бир аз көйгөйлөр пайда боло баштады. Кан басымым көтөрүлүп, тез-тез чарчап, өзүмдү оор сезип жүрдүм. Ошол маалда ден соолугумду чыңдоо иретинде, ошону менен бирге жумуштан кийин бир аз болсо да алаксып, мээни эс алдыруу максатында Алтынбек Матаев деген агайга барып калдым. Ал киши бир эле убакта мыкты дарыгер жана спорттук машыктыруучу.

— Биринчи залга барганда эле чоң ийгиликтерди багындырам, мелдештерге катышам деген ой болду беле?
— Эч качан! (күлүп). Мен спортто мындай ийгиликтерге жетишем деп эч ойлогон эмесмин. Спорттук турнирлерге катышам деген такыр оюмда жок болчу. Менин жалгыз максатым — кан басымымды калыбына келтирип, жөн гана ден соолугума кам көрүү болчу. Бирок Алтынбек агай бизге ушунун, тайцзинин ар кандай түрлөрүн, сырларын абдан кызыктуу кылып үйрөтүп баштады. 2022-жылы машыгып баштаганыбызга аз эле болгондо, агай «Бишкекте КРнын чемпионаты түрүндөгү турнир болот экен, катышпайсыңарбы» деп сунуштап калды. Биз үчүн бул аябай жаңылык жана кызыктуу көрүндү. Ошол замат Кытайдан атайын спорттук формаларды буюртма менен алдырттык. Биздин максатыбыз жеңиш эмес, жөн гана барып, катышып көрүү, ошол атмосфераны сезүү гана болчу. Бирок эң кызыгы, ошол алгачкы мелдеште эле мен «24 форма» деп коюшат, ошол түрү боюнча катышып, 1-орунду алып алдым! Бул мага ушунчалык чоң стимул жана алдыга карай канат берди.

—Медитациянын сизге тийгизген таасири кандай?
— Бул укмуштуудай процесс! Жумуштан ушунчалык чарчап, эмоционалдык жактан чарчап чыгасың. Кээ бир адамдар эмоционалдык чарчоону чыгара албай, эртеси дагы ошол оор абал менен жумушка келишет. Ал эми биз залга барганда, агай машыгууну дароо эле оор көнүгүүлөрдөн баштабайт, биринчи медитациядан баштайт. Медитация учурунда эле менин бардык чарчоом тарап кетет. Ал жерде 1 саатпы же 2 саатпы машыккандан кийин, мен ушунчалык жеңилдеп, эс алып, кайра жаңы энергия алып чыгам. Машыгуудан кийин үйгө жөө басып кетем. Жөн эле баспай, кубаныч менен, жаратылышка суктанып, ырахаттанып кайтам. Физикалык жактан чарчоо адамга өзгөчө бир ырахат берет экен. Мурун кан басымым жогору болсо, спорттун арты менен ал толугу менен нормалдашты. Уйкум сонун болуп, түнү тынч уктап калдым. Көптөгөн терс энергияларды, стресстерди ошол залдан чыгарып кетем.
— Сиз кыска убакыттын ичинде бир топ өлкөлөрдү кыдырып, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын туусун желбиреттиңиз. Ошол сапарларыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Ооба, Бишкектеги биринчи жеңиштен кийин биз агайдан дагы башка татаал формаларды үйрөтүүсүн сурандык. Кылыч, веер менен иштөөнү кыска мөөнөттө өздөштүрдүк. Натыйжада 2023-жылы Грузиянын Батуми шаарына эл аралык турнирге бардык. Ал жерде Армения, Беларусия, Грузия, Иран, Израил, Казакстан, Кытай, Украина сыяктуу күчтүү мамлекеттердин спортчулары катышкан экен. Ошол чоң мелдеште мен 1-орунду алып, алтын медаль менен кайттым! Ал жерден алган шыктанууну, таасирленүүнү сөз менен айтып жеткире албайм. Бизди ушунчалык деңгээлге жеткирип, талбай эмгектенген устатыбыз Алтынбек Матаевге ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып терең ыраазычылык билдирем.
Ошол эле жылы Казакстанда дагы чоң мелдеш өттү, ал жактан 2-орунду багындырдым. Казакстанда ушу менен алектенгендер бизге караганда абдан көп экен. Ал жерден жаңы досторду таптым, азыркыга чейин байланышып турабыз.
Быйыл май айындагы майрам күндөрүнө туш келген Тажикстандын Кожент шаарында өткөн Борбор Азиянын 5-кубогуна барып калдык. Ал жерге Казакстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Тажикстандан 350дөн ашык катышуучу келип, ушу таолу жана ушу саньда боюнча күч сынашты. Мен «тайцзишань веер» (веер менен аткарылуучу түрү) боюнча катышып, 1-орунду — алтынды багындырып кайттым. Эки күн бою абдан кызуу таймаш өттү. Коңшу өлкөлөрдүн спортчулары менен таанышып, кечкисин шаарды айланып, абдан сонун эс алдык.

— Сиз мамлекеттик тил адиси катары чет өлкөлөргө чыкканда эң биринчи эмнеге көңүл бурасыз? Биздин өлкөдөн айырмасы бар бекен?
— Ооба, мен тил адиси болгондуктан, чет жерге барганда эң биринчи кезекте көчөлөрдөгү жазуулар, көрнөк-жарнактар, топонимдер кайсы тилде жазылганына маани берем. Бизде, Кыргызстанда, билесиз да, көрнөк-жарнактар кыргыз, орус, англис, кээде өзбек тилдеринде аралашып жазыла берет. Ал эми мен кыдырган көптөгөн чет өлкөлөрдө жазуулардын баары, эң биринчи кезекте, өзүнүн эне тилинде гана жазылат экен. Бул мени тил адиси катары абдан катуу ой толгоого салды.
— Жумуштагы кесиптештериңиз сиздин бул спорттук ийгиликтериңизди кандай кабыл алышат?
— Кудайга шүгүр, кесиптештерим менин спорт жаатындагы ийгиликтеримди ар дайым кубануу менен кабыл алышат. Дайыма мени көрүп: «Сиз абдан тез басасыз, мынчалык энергияны кайдан аласыз? Бизге дагы ушундай спорт керек» деп кызыгып сурап калышат. Мага спорт эмне берди? Эң биринчи — ден соолук, чексиз энергия, дайыма позитивде жүрүү жана кыймылдын тездигин берди. Ошол себептен жумушта кээ бирлери «Мынча тез кыймылдайсыз, мэриянын бүт ишин сиз эле кылып жаткандай» деп тамашалап калышат. Спорттон алган өжөрлүк жумуштагы оор маселелерди чечүүгө да жардам берет. Мен жумуштагы көп маселелеримдин чечимин дал ошол залда, медитация учурунда тынчтануу абалына келгенде табам.
— Сиз маанилүү мелдештерге, чемпионаттарга барганда жумушта иш токтоп калбайбы? Иш менен спортту кантип пландаштырасыз?
— Албетте, кээде маанилүү мелдештерге бара жатканымда кесиптештерим «бул жакта иш калып жатат» деп сарсанаа болгон учурлары болот. Бул табигый нерсе. Бирок мен жумушума тоскоолдук жаратпоого аракеттенем. Көбүнчө өзүмдүн мыйзамдуу эмгек өргүүмдү (отпуск) ушул чемпионаттардын убактысына тууралап алам же майрам күндөрүнө тууралайм. Ишимди алдын ала дыкат пландаштырам.
— Эркайым эже, убактыңызды бөлүп, ушундай шыктандыруучу, терең маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат! Спортто дагы, мамлекеттик кызматыңызда дагы ийгиликтерди багындырып, чеберчилигиңизди өркүндөтө беришиңизге тилектешмин!
— Сизге да чоң рахмат, ишиңизге ийгиликтер болсун! Каалоочулардын баарын спорт менен дос болууга чакырам.
Айнура Валижанова
