• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Архив кызматынын түзүлгөнүнө 100 жыл

Автор:Osh Shamy

Июн 23, 2026

Архив – бул өткөн менен бүгүнкү күндү байланыштырган тарых көпүрөсү. Мамлекеттин, мекемелердин жана жарандардын тарыхын тастыктаган баалуу документтер архивде сакталат. Быйыл Кыргыз архив кызматы өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ушул маанилүү датага байланыштуу Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин директору Бактыгүл Туйгунова менен архивдин тарыхы, бүгүнкү ишмердүүлүгү жана келечеги тууралуу маектештик.

– Бактыгүл Туйгунова, архив кызматынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз. Алгач ушул дата тууралуу айтып берсеңиз?

– Рахмат. Быйыл Кыргыз Республикасынын архив кызматы үчүн өзгөчө жыл. Архив тармагынын түптөлгөнүнө туура 100 жыл толуп жатат. Бул бир кылымдык тарых деген сөз. Ушул аралыкта архивдер мамлекетибиздин саясий, социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган баалуу документтерди сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдетин аркалап келди. Архив кызматкерлеринин эмгеги көп учурда көрүнбөгөнү менен мамлекет үчүн өтө маанилүү. Анткени биздин иш тарых менен түздөн-түз байланыштуу.

– Сиз жетектеген архивдин тарыхына токтолсоңуз?

– Биздин архивдин тарыхы дагы абдан бай. Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1937-жылдын 23-июлундагы токтому менен партиялык архив түзүлгөн. Андан кийин партиялык архивдердин ишин өнүктүрүү боюнча бир катар чаралар көрүлгөн.

Ош облусунун партиялык архиви 1941-жылдын август айынан тартып иштей баштаган. Кийин өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин архив тармагында дагы өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 9-декабрындагы №568 токтому менен Кыргыз Республикасынын Саясий документациясынын Борбордук мамлекеттик архиви түзүлгөн.

1997-жылы архив өз алдынча Ош облустук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви болуп уюшулган. Ал эми 2016-жылы кайрадан каттоодон өтүп, бүгүнкү күндө Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви деген аталышка ээ болгон.

Бул тарыхый жол архивдин өнүгүү этаптарын чагылдырып турат.

– Архивдин негизги милдеттери кандай?

– Биздин негизги милдет – мамлекеттик сактоодогу документтерди кабыл алуу, иретке келтирүү, сактоо жана пайдаланууну камсыз кылуу. Архив фонддорунда мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө байланышкан миңдеген документтер сакталат.

Мындан тышкары жарандардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарын аткарабыз. Мисалы, эмгек стажын тастыктоо, кызматтык ишмердүүлүккө байланыштуу маалыматтарды берүү, ар кандай тарыхый изилдөөлөр үчүн архивдик маалымкаттарды даярдоо сыяктуу кызматтарды көрсөтөбүз.

Архивдеги ар бир документ – тарыхтын бир бөлүгү. Ошондуктан аларды сактоодо өтө чоң жоопкерчилик талап кылынат.

– Учурда архивде канча кызматкер эмгектенет?

– Азыркы учурда архивде тогуз кызматкер иш алып барат. Алардын алтоосу жогорку билимдүү, үчөө орто билимдүү адистер. Кызматкерлерибиздин арасында архив кызматынын мыктылары бар. Алар көп жылдык тажрыйбасы менен архив ишинин өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет.

Бул кызматты аркалагандардын эмгеги сырттан караганда жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок ар бир документти иреттөө, сактоо, изилдөөчүлөргө жардам берүү чоң жоопкерчиликти жана тактыкты талап кылат.

– Архивдин тажрыйбалуу кызматкерлери тууралуу айтып берсеңиз?

– Бизде архив тармагына өмүрүн арнаган кызматкерлер көп.

Мисалы, Дильбар Абдурахманова архивде 2006-жылдан бери эмгектенип келет. Ал инженер-программист, жетектөөчү архивист, директордун орун басары кызматтарын аркалап, учурда башкы архивист болуп иштөөдө. Көптөгөн сыйлыктардын ээси жана “Архив кызматынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

Нурия Хасанова болсо архив тармагында 1992-жылдан бери эмгектенип келет. Ал архив документтеринин негизинде көптөгөн макалаларды жазып, изилдөөчүлөр менен тыгыз кызматташып келет. Архив фонддору боюнча жол көрсөтмөлөрдү даярдоодо дагы чоң эмгек сиңирген.

Эсенали Жолдошев дагы көп жылдан бери архив тармагында үзүрлүү иштеп келет. Ал жогорку окуу жайлардын студенттерине жана окутуучуларына архивдик практикаларды уюштурууда, илимий иштерге жардам берүүдө активдүү катышып жүрөт.

Мындан тышкары Зирегүл Эгешова жана Сүймөнкул Темирбаев сыяктуу жаш адистер дагы архив ишине жаңы дем берип жатышат.

Бул кесипти аркалоо үчүн кызматкерлерден кандай сапаттар талап кылынат?

– Биринчи кезекте жоопкерчилик керек. Архив кызматкери сактап жаткан документтер жүз жылдап жашашы мүмкүн. Ошондуктан ар бир кагазга кылдат мамиле жасоо зарыл.

Мындан сырткары сабырдуулук, тактык, тартип жана изилдөөчүлүк жөндөм дагы маанилүү. Айрым учурда бир документти табуу үчүн ондогон фонддорду карап чыгууга туура келет. Ошондуктан бул кесип чыдамкайлыкты талап кылат.

– Азыркы учурда архив тармагында кандай жаңылануулар болуп жатат?

– Бүгүнкү күндө архив тармагындагы эң чоң багыттардын бири – санариптештирүү. Биз архивдик документтерди электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

Бул бир нече артыкчылыктарды берет. Биринчиден, документтердин сакталышы жакшырат. Экинчиден, маалыматтарды издөө жеңилдейт. Үчүнчүдөн, келечекте архивдик кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Заманбап технологиялар архив ишинин сапатын жаңы деңгээлге көтөрүп жатат.

учурда изилдөөчүлөр жана жарандар архивге көп кайрылабы?

– Ооба, архивге кайрылгандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Тарыхчылар, журналисттер, студенттер, магистранттар жана окумуштуулар биздин архивдик материалдарды активдүү колдонушат.

Ошондой эле жарандар эмгек стажы, кызмат өтөгөндүгү же башка укуктук маселелер боюнча архивдик маалымкат алуу үчүн кайрылышат. Биз алардын суроо-талаптарын мыйзам чегинде жана өз убагында аткарууга аракет кылабыз.

– Архивде кандай баалуу документтер сакталат?

– Биздин архивде өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна байланышкан көптөгөн уникалдуу документтер бар. Алардын арасында партиялык органдардын чечимдери, коомдук уюмдардын материалдары, тарыхый маалыматтар жана башка баалуу документтер сакталат.

Ар бир документ өз доорунун күбөсү болуп эсептелет. Ошондуктан алардын тарыхый баалуулугу өтө чоң.

Сиздерге кайрылган жарандардын арасында өзгөчө эсиңизде калган окуялар болобу?

– Албетте, мындай учурлар көп кездешет. Биздин иш документтер менен байланыштуу болгону менен анын артында адамдардын тагдыры турат. Айрым жарандар көп жылдар бою таба албай жүргөн маалыматтарын архивден алышат. Маселен, пенсияга чыгууда эмгек стажын тастыктаган документтерди издеп келген адамдар болот. Айрымдары ата-энеси же чоң ата-чоң энелери тууралуу маалыматтарды издешет. Архивден керектүү документ табылып, алардын маселеси чечилген учурда адамдардын кубанганын көрүп, биздин эмгектин баалуулугун дагы бир жолу сезебиз.

Кээде чет мамлекеттерден дагы изилдөөчүлөр кайрылышат. Алар Кыргызстандын тарыхына, белгилүү инсандардын өмүр жолу боюнча маалыматтарга кызыгышат. Биз архивдик документтердин негизинде мүмкүн болушунча жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз. Мындай учурларда архив жөн гана документ сактоочу жай эмес, адамдар менен тарыхты байланыштырган борбор экенине ынанабыз.

– Архивдин келечегин кандай  элестетесиз?

– Мен архивдин келечегин заманбап технологиялар менен айкалышкан мекеме катары көрөм. Санарип архивдердин өнүгүшү, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана электрондук кызматтардын көбөйүшү биздин негизги багыттарыбыздын бири болуп саналат.

Ошол эле учурда архивдин башкы миссиясы өзгөрбөйт. Ал – тарыхый мурастарды сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү.

– Маегибиздин соңунда архив кызматкерлерине кандай каалоо-тилек айтасыз?

– Архив кызматкерлери өзгөчө кесиптин ээлери. Алар мамлекеттин тарыхын сактап жаткан адамдар. Ошондуктан бардык кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, кесиптик ийгиликтерди каалайм. Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, архив тармагы мындан ары дагы өнүгө берсин.

Архив кызматынын 100 жылдык мааракеси кут болсун!

Айша Нуридинова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *