• Ср. Июл 15th, 2026

Популярдуу темалар

Алименттик милдеттенмелерди аткарбаган жарандарга карата көрүлгөн прокурордук чаралар

Автор:Osh Shamy

Июн 23, 2026

Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылышына өзгөчө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы 187 сандуу «Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилип, сот актыларын жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлгөн.

Ошонун негизинде, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан алимент өндүрүү жөнүндө сот чечимдеринин аткарылышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, мыйзамдардын аткарылышы талданып келүүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, мыйзам бузуулар аныкталган учурларда прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилик маселеси каралууда.

Алсак, 2026-жылдын башынан бери Ош шаардык сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 16 сот аткаруучу ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан. Ал эми, ата-эненин балдарды багуудан качуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен 26 кылмыш иши козголуп, тиешелүү жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ар бир бала татыктуу жашоо шарттарына, тарбияга жана материалдык камсыздоого укуктуу. Алименттик милдеттенмелерди аткаруу — мыйзам талабы гана эмес, ата-эненин баласынын алдындагы моралдык жоопкерчилиги болуп саналат.

Балдардын укуктарын коргоо жана алардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да прокуратура органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болуп келет.

Ош шаарынын прокуратурасынын прокурорлордун соттук өндүрүшкө катышуусу жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Эркебай кызы Э.

2026-жылдын 3 айында козголгон оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө

Кара-Суу районунун прокуратурасы Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыш иштер боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарына жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп келет.

Алсак, 2026-жылдын 3 айында райондун аймагында 16 оор жана 3 өзгөчө оор кылмыштар катталган.

Өзгөчө оор кылмыштарды категорияга бөлүп караганда: адам өлтүрүү, ден соолукка оор залал келтирүү, зордуктоо болуп саналып, тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иштер соттук кароого жиберилген.

Ал эми, 16 оор  кылмыш иштердин ичинен 14 иш соттук кароого жиберилип, 2 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар коомго өтө чоң коркунуч келтирген, атайылап жасалган мыйзамсыз жосундар болуп, алардын өсүшү — адамдын адеп ахлагынын төмөндүгүнөн, үй-бүлөдөгү зомбулуктан, алкоголь жана баңгизаттарды колдонууга, элдин жеңил акча табууга кызыгып бара жаткандыгы жана башка негиздер менен байланыштуу.

Аталган категориядагы кылмыштарды жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин негизинде эркинен ажыратуу түрүндөгү жазалар колдонулат.

Райондун аймагында катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери райондук прокуратура тарабынан контролго алынып, кылмыштын бетин ачуу багыты боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн кечиктирилгис чаралардын негизинде райондун аймагында оперативдик абал көзөмөлгө алынып, стабилдүүлүктү сактоо үчүн талаптар күчөтүлүп, бул категорияда козголгон кылмыш иштер боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүлүп, бул багытта иштер улантыла бермекчи.

Кара-Суу районунун прокурорунун улук жардамчысы                                                 Ж.Малабаев

101-БИЛДИРЕТ

ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ

101 эскертет!!! Урматтуу Ош шаарынын жашоочулары жана коноктору бүгүнкү күндө шаарыбыздын аймагында турак жай секторунда, кафе ашканаларда, соода түйүндөрүндө жана башка обьектилерде өрт кырсыгы катталып жаткандыгы баарыбызга маалым, ошондой эле өрт кырсыгынан адамдардын ден соолугуна өмүрүнө терс таасирин тийгизген учурларда жок эмес.

Жай мезгилинде  айлана чөйрөнү ар кандай таштандылардан (желим бөтөлкө, жыгач отун жана ар кандай тез күйүүчү предметтерди) тазалоо жана аларды өрттөп жок кылуу аракеттери башталды.

Ошол себептен өрт кырсыктардын алдын алып, эрежелерин так сактоо менен өзүбүздүн үй бүлөө мүчөлөрүбүздүн жана жакындарыбызды, өмүр бою жыйнап келген үй жай, мал мүлкүбүздү бир заматта күлгө айландырган өрт кырсыгынан алыс болуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин аткарууну милдеттендиребиз.

Квартираларда, турак жай бөлмөлөрүндө жана мейманканаларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Балкондордо жана лоджияларда, тепкичтер жайгашкан аянтчаларда, цоколдук аянттарда, подвалдарда, үйдүн чатырларында тез тутанган жана күйө турган суюктуктарды, газ баллондорун сактоого;

 2) бөлмөдө тамеки чегүүгө;

3) тамекинин толук өчпөгөн калдыктарын балкондон же лоджиядан ыргытууга;

4) даярдалып жаткан тамакты плитага кароосуз калтырууга;

5) конок бөлмө менен ашкана бөлмөсү кошулган учурда газ түзүлүштөрүн (мештер, казандар, суу жылыткычтары) орнотууга.

Төмөнкү өрт коопсудук эрежелердин аткарууну эске алыңыз:

Жаш балдарды үйдө кароосуз калтырбаңыз, өз алдынча от жагууга, үй тиричилигинде колдонуучу электрдик плитка жана башка күйүүчү заттарды  колдонууга жол бербениз.

Ширенке, (зажигалка) ж.б от чыгуучу буюмдары менен ойноого болбостугун жана оюнчук эмес экендигин түшүдүрүңүз.

Таштандыларды иммараттардан, турак үйлөрдөн 50 м аралыкта өрттөп, дайыма          көзөмөлдөнүз.

Күйүүчү материалдарды, тоютка жыйылган чөптөрдү (отун, чөп, таштанды) имараттан, очок, тандырдан алыс сактаныз.

Ачык электр зымдарын тез арада оң абалга келтирүү;

Ачык электр зымдарын күйүүчү материалдардын үстүнөн өткөрүп тартпоо керек;

Үй тиричилигине  пайдалануучу газ, электр, мечтерди сайылуу абалда көзөмөлсүз калтырбоо;

Үйдүн чатырына күйүүчү материалдарды сактабоо;

Жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө;

Ар бир ата- эне күн сайын жаш балдарыбызга  ширенке жана башка күйүүчү зат менен ойноосу оюнчук эмес экендигин эскертип түшүндүрүп туруусу зарыл;

Тартылган тамекинин калдыгын атайын урнага таштоо;

Өрт кырсыгына каршы ар бир үйдө 200 литрден кем эмес идиште суу кармоо зарыл.

Электрдик эсептегичте заводдо жасалган электр предохранителин орнотуу зарыл. Сынган, оң абалда эмес электр күйгүзгүчтөр, розеткалар, патрондор өз убагында алмашылсын. Электр жылыткычтар, үтүк, электр чайнектерди күйбөөчү таканчыктарга коюңуз жана баардыгын бир убакытта иштетпеңиз.

КР  ӨКМдин    Ош  шаары  боюнча  башкармалыгынын                                                            ӨӨ ААжАКИБнүн офицери улук лейтенант Балтабаев Н.Б.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилерин убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү үчүн конкурс жарыялайт

Имараттын (мүлктүн) жайгашкан дарегиАянты (чарчы метр)Старттык баасы,  1 айга (сом)Пайдалануу багыты
 1.Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнүн № 243/1 дарегинде жайгашкан жеңил типтеги конструкциядан болгон заманбап инвесторлор тарабынан курулган гүл сатуучу павильонду, инвестициялык келишимдин негизинде, техникалык паспортуна ылайык ар бир бөлмөнү лотторго бөлүп берүү менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга        1.2 — лот 33,60  
1.3 — лот  16,54  
1.4 — лот  16,54  
1.5 — лот  16,54  
1.6 — лот  16,54  
1.7 — лот 16,54  
1.8 — лот 16,54  
1.9 — лот 33,60  
1.10 — лот 33,60  
1.11 — лот 16,54  
1.12 — лот 16,54  
1.13 — лот 16,54  
1.14 — лот 16,54  
1.15 — лот 16,54  
1.16 — лот 16,54  
1.17 — лот 16,54  
1.18 — лот 16,54  
1.19 — лот 16,54
9 996    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
9 996    
9 996    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921    
4 921
Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык     Коммерциялык    
 2.Ош шаарынын “Анар” кичи районунун № 17 “А” дарегиндеги көп кабаттуу турак үйүнүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмөнү убактылуу ижара шартында пайдаланууга24,885 225Тигүү цехи  
 3.Ош шаарынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгынын                   Сүрөттүү-Таш айылында жайгашкан муниципалдык менчик жер тилкесиндеги 1 (бир) кабаттуу имаратты убактылуу ижара шартында пайдаланууга 61,017 294Тигүү цехи, навайкана, соода түйүнү
4.Ош шаарынын “Анар” кичи районунун № 17 “А” дарегиндеги көп кабаттуу турак үйүнүн жарым жер-төлөсүндөгү бөлмөнү убактылуу ижара шартында пайдаланууга26,685 603Тигүү цехи  
5.        Ош шаарынын Халмирзаева көчөсүнүн № 75 дарегиндеги бир кабаттуу имараттын жер-төлөсүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга 165,046 200Спорттук        ден-соолукту чыңдоо 
6.        Ош шаарынын              48-көчөсүнүн    № 16 дарегиндеги 1 кабаттуу имаратты убактылуу ижара шартында пайдаланууга  200,0 (мындан 70,39 чарчы метр имарат, 129,61 чарчы метр жер тилкеси)20 734Коммерциялык  
7.Ош шаарынын У. Салиева көчөсүнүн № 48 “Б” дарегиндеги көп кабаттуу турак үйүнүн жарым жер-төлөсүндөгү (подвал) бөлмөнү убактылуу ижара шартында пайдаланууга38,752 712Кампа  
8.Ош шаарынын “Алымбек датка” МАБнын Ирригатор көчөсүндө жайгашкан социалдык дүкөндү убактылуу ижара шартында  пайдаланууга21,05 219Социалдык дүкөндүн ичинде эт, эт азыктарын жана сүт, сүт азыктарын сатууга
9.Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндөгү “Ак-Ниет” эс алуу багынын аймагындагы ажаткананы убактылуу ижара шартында пайдаланууга28,648 119Коомдук ажаткана
10.Ош шаарынын “Токтогул Сатылганов” атындагы эс алуу багынын аймагындагы ажаткананы убактылуу ижара шартында пайдаланууга42,011 907Коомдук ажаткана

Конкурска катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 8-каана).

1.  Физикалык жактар үчүн паспорт.

2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү, каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.

3. Башталгыч баадан 10 % өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5 % өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.

Конкурска катышуу тууралуу бекитилген формадагы лоттун номерин көрсөтүү менен арыз.

Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, ал же тигил объектини (мүлктү)  конкурс белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин конкурсту алып салууга укуктуу.

Ош токой чарбасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.04.2018-жылдагы № 192 токтомунун негизинде  токой фондусунун участокторуна тиешелүү жерлерди ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

Лот №»ТокойчулукУчастканын аталышыАянты(га)Токой пайдалануунун түрүЭскертме
1Кара-СууБеш-Конуш0,2Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдаланууКонкурска катышуу үчүн жарандар  арыздарын газетага жарыяланган күндөн баштап 30 күндүк календарлык күндүн ичинде тапшырылышы шарт. Кечиккен арыздар кабыл алынбайт. Конкурс Ош токой чарбасынын админстрациясында өтөт.Конкурс өтө турган күн боюнча маалымат, Ош токой чарбасынын админстрациясынан алынат.Конкурс өтүүчү жер Ош токой чарбасынын админстративдик имараты, дареги Ош шаары Озгур айылы, Арал  Байланыш тел: 0773222962
2АраванЧөгөм0,50Чөп чабынды
3Кара-СууБеш-Конуш0,06Токой ресурстарын кайра өндүрүү
4Кара-СууБеш-Конуш0,2Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу
5АраванТөө-Моюн6,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
6АраванТөө-Моюн5,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
7АраванТөө-Моюн6,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
8АраванТөө-Моюн6,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
9АраванТөө-Моюн7,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
10АраванТөө-Моюн5,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
11АраванТөө-Моюн5,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
12Кара-СууБеш-Конуш0,15Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
13Кара-СууБеш-Конуш0,15Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
14Кара-СууБеш-Конуш0,1Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
15Кара-СууБеш-Конуш0,15Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу
16АраванГулбаар, терекзар0,4Чөп чабынды
17АраванАгарт,Сары жаз1,25Токой  ресурстарын кайра өндүрүү
18АраванАгарт, кыргыя0,5Чөп чабынды  
19Кара-СууБеш-конуш0,30Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу 
20АраванКошчан0,40Чөп чабынды 
21АраванКошчан0,40Чөп чабынды 
22АраванКошчан0,20Чөп чабынды 
23АраванКошчан0,20Чөп чабынды 
24Кара-СууБеш-конуш10,0Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу 
25Кара-СууБеш-Конуш0,40Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу 
26АраванАгарт, Кыргыя0,80Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
27АраванАгарт, Кыргыя0,80Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
      
28АраванГулбаар0,1Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
29АраванТөө-Моюн5,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
30АраванТөө-Моюн5,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
31АраванГулбаар0,20Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
32АраванГулбаар0,20Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
33Ак-БуураЧаар айгыр1,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
34Ак-БуураШут0,25Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
35Ак-БуураШут0,20Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
36Ак-БуураШут0,3Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
37АраванБороон4,0Токой  ресурстарын кайра өндүрүү 
38Кара-СууОзгур0,15Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу 
39Кара-СууБеш-Конуш0,20Токой  ресурстарын кайра өндүрүү  
40Кара-СууБеш-Конуш0,50Токой  ресурстарын кайра өндүрүү  
41Кара-СууБеш-Конуш0,20Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу  
42Кара-СууБеш-Конуш0,30Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу  
43Кара-СууБеш-Конуш0,30Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреация жана туристик максаттарда пайдалануу  

Безгек оорусу

Безгек –бул анофелес чиркейинин чагуусу аркылуу оорулуу адамдан соо адамга жугуучу мите(паразитардык), дүйнөдөгү коркунучтуу оорулардын бири болуп эсептелет. Чиркейдин 150гө жакын туру бар, биздин республикада 7-8 түрү жашайт. Негизинен Ош,  Жалал-Абад, Баткен облустарында бул чиркейлердин бардык түрлөрү кездешет. Чиркейлер көбүнчө таза, тунук көлмөлөрдө, жай аккан дарыяларда жана сайларда саздак жерлерде жашашат. Анофелес чиркейинин өсүп-өрчүшү суу чөйрөсү менен тыгыз байланышта, себеби жумурткасы менен курттары (личинкалары, куколкалары) сууда өсүп жетилет. Жетилген чиркейлер адамдын айлана-чөйрөсүндө жашашат. Оору адамзаттын өмүрүнө, ден соолугуна чоң коркунуч туудурат жана мамлекеттин экономикасына олуттуу зыян алып келет. Алар күн жылыган сайын көбөйүп адамдын канын соро баштайт.  Андыктан чиркейлердин чагуусунан сактануу үчүн терезелерди майда тор менен бекитип , кечкисин жеңи, багалеги узун кийим кийип, жатаарда үйдүн ичин ысырыктап, дененин ачык жерлерине чиркейлерди жолотпоочу майларды сыйпоо керек. Ал эми үйдөн сырткары уктаганда пашаканаларды пайдалануу зарыл, көлмө көлчөктөрдү жоюу, арыктарды тазалоо, суунун агымын ылдамдатуу, үйлөрдүн, мекемелердин терезелерин тордоо, короо жайларды дезинфекциялоо керек. Ошондой эле безгекти алдын алууда безгекке кооптуу болгон аймактардан келген жарандар, туристер, студенттер, дене табы көтөрүлүп 3 кундон жогору болгон бейтаптар безгекке лабораториялык изилдөөдөн өтүүсү шарт.  

              Эгерде чиркей чаккан болсо, өзүңдү начар сезсең оорунун биринчи белгилерин билүү өтө зарыл. Алар төмөндөгүлөр: дененин ысышы (температура), баштын оорушу, шалдыроо, тердөө, чыйрыгуу ушул учурда медицина мекемелерине кайрылбай көпкө жүрүү туура эмес,өз алдынча дарылануу кандын азайышына, боордун, бөйрөктөрдүн мээнин жабыркашына, уйку безинин чоңоюшуна алып келет.

              Безгек оорусунун кайрадан кайталанышына жана таралышына жарандардын тышкы миграциясы, безгек кенири таралган өлкөлөрдөн келген эл аралык студенттердин үч эсеге көбөйүшү, туристик сапарлардын жылдан жылга өсүүсү,  безгек митесине каршы күрөшүүчү иш чаралардын солгундашы, калк арасында маалыматтын аздыгы өбөлгө түзөт. Азыркы учурда безгек оорусу Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактары үчүн да коркунуч туудурат, себеби облустун аймактарында ар кандай суу сактагычтар, көлдөр, булактар, сайлар саздак жерлер күрүч эгилген аянттар абдан көп.  Аба ырайынын жылуу болушу, көлмөлөрдүн көптүгү жана жер алдындагы суулардын бийик жайгашуусу, таштандылардын калк жашаган жерге жакын төгүлүшү чиркейлердин көбөйүшүнө шарт түзөт жана безгек оорусунун көбөйүшүнө жол ачат.

              Чиркейлер нымдуу, суулуу жерлерди жакшы көрөт жана ошол чөйрөдө жумурткалары тез чоңоет. Алар адамдын айлана- чөйрөсүндө жашашат, суусу жай аккан арыктарда, каналдарда, саздарда, көлчүктөрдө кездешет. Азыркы учурда чиркейлер учуп чыгып, безгекти жугузуу мезгили башталды, андыктан чиркейдин чагуусунан сактанууну унутбайлы!

                         Кене вирустуу энцефалит оорусу (КВЭ)           

              Кене вирустуу энцефалит – вирус, бактерия жана башка микроорганизимдер козгоочу, вирусту алып жургон иксоддук кенелердин чагуусунан жугуучу мээнин сезгенүү оорусу. Энцефалиттин вирусу  мээге кан аркылуу жетет, чагып алгандан 7-14 күндөн сон баш катуу ооруп, дененин температурасы 39-40 градуска чейин жогорулайт. Кене энцефалити курч вирустуу оору, ал баш жана жүлүн мээсине зыян келтирет. Өңдүн, көздүн моюн менен көкүрөк көөдөндүн кызарып чыгуусу, калтырап титирөө колу буттун кыймылдарынын, теринин сезүүсүнүн  бузулуусу, аң сезим жоголуп акыл эс жактан адашып жөөлүлөр, уйку басуу же качуу,  жүрөк кан тамыр жана ичеги карын системаларынын иштөөсүнүн бузулушу пайда болот. Арка бел, ийин, моюн булчуңдары ооруйт.  

          Ош шаарында жана облуста кене вирустук энцефалит (КВЭ) оорусунун эпидемиологиялык абалы туруктуу, көп жылдан бери катталбайт, бирок кененин чагуусунан жабыркаган жарандардын жыл сайын 20 га  жакын учуру катталууда.  Кене чакса кечиктирбестен туруп жакын жердеги медициналык мекемелерге кайрылуу зарыл. Эгерде талаада, токойдо, жайлоодо чакса кененин үстүнө май, спирт, иод (ар кандай) куюп койсо шишиги кайтып, тумчугуп денеден ажырайт. Аны акырындык менен байлап жип же учтуу пинцет менен алса болот жана кенени таштабастан Ош шаардык ОАА ж МСЭКБ на ооруну жугузуучу кене экендигин аныктоо үчүн паразитология бөлүмүнө алып келуусу зарыл. 

     Кененин чагуусунан коргонуу үчүн талаага, токойго, парктарга, жайлоого,  тоого сейилдөөгө чыкканда резина кийимдер,  кол кап, узун байпак, капишон кийип, репеленттерди (атайын майлар) сыйпануу зарыл.                     

          Кене чаккан учурда тез арада дарыгерге кайрылууну унутпагыла !  

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык козомолдоо борборунун паразитология бөлүмүнүн башчысы, дарыгер паразитолог   Жусупова Миргул Мураталиевна

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, усулчу кызматына тажрыйбалуу билим берүү адис керек. Байланыш телефону: +996777 230 286

Абдисалам кызы Адинага таандык ОшМУнун медициналык колледжинде 2012-жылы дарылоо иши боюнча “Фельдшер” адистигин аяктагандыгын тастыктоочу №СС120145030 номерлүү диплом жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.


Стамалиева Кенжебу Алишеровнага таандык ОшМУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинде 1996-жылы башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистиги боюнча “Башталгыч класстардын мугалими” адистигин аяктагандыгын тастыктоочу АВ№10698 номерлүү диплом жоголгондугуна байлыныштуу жараксыз деп табылсын.


Жумагулова Сыргабу Турусбековнага таандык Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда 1984-жылы улуттук мектептердеги орус тили жана адабияты багыты боюнча “Орус тили жана адабияты мугалими” адистигин аяктагандыгын тастыктоочу КВ№203506 номерлүү диплом жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.


Абдыкасымова Токтобүбү Орунбаевнага таандык ОшМУнун медициналык колледжинде 2006-жылы акушердик иш багыты боюнча «Акушер» адистигин аяктагандыгын тастыктоочу №СС060066259 номерлүү диплом жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.


Махмутова Гавхорай Расулжановнага таандык Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинде башталгыч класстарды окутуу багыты боюнча «Башталгыч класс мугалими» адистигин аяктагандыгын тастыктоочу UC№256131912 номерлүү диплом жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *