Урматтуу мекендештер, кадырман окурмандар жана Ош шаарынын тургундары!
Бүгүн мен сиздер менен «Ош шамы» гезитинин башкы редактору катары гана эмес, ушул басылманын ар бир тамгасына, ар бир санына жүрөгүн берген жамааттын атынан акыркы ирет жазып жатам. Шаарыбыздын коомдук, маданий жана руханий турмушунун күзгүсү болгон гезитибиз өзүнүн 35 жылдык тарыхый жолун аяктап, жабылуу алдында турат. Ош — Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясы бар, көп улуттун өкүлдөрү жашаган достуктун уясындагы, карт тарыхтуу калаа. Улуттардын достугун бекемдөө, ынтымакты чыңдоо менен бирге мамлекеттин саясатын калктын калың катмарына жеткирүү максатында 1991-жылы «Ош шамы», “Вечерний Ош», “Уш окшоми” түптөлгөн. 1-февралда эң алгачкы саны жарык көргөн. Гезитке таланттуу, чыгаандар А. Абдугафуров, А. Урбаев, Т. Моңолбаев, Т. Алдакулов, К. Калыкулов башкы редактор болуп түптөп, өнүктүрүп зор салым кошушкан. Устаттардан кийин башкы редакторлук шыбагасы мага тийген. Менин кесиптик эмгек жолумдун 12 жылы ушул куттуу гезитти башкаруу, анын жарыгын өчүрбөй чейрек кылымдык тарыхын улантуу менен өттү. Бул жылдар мен үчүн жөн гана жетекчилик кызмат эмес, чоң турмуш мектеби, жоопкерчиликтүү тагдыр болду. Бир кездерде ар кайсы жерде чачылып жаткан баалуу кагаздарды, документтерди ар бир бурчтан курап, тарыхты кайрадан топтогон оор убактарыбыз болду. Шаарыбызга улам жаңы калаа башчы алмашкан сайын алардын ар бири менен жеке таанышып, гезит жөн гана маалымат каражаты эмес, бул шаардын летописи экенин өжөрлүк менен түшүндүрүп, далилдеп келген күндөрүбүз өттү.
Биз ушул жылдар аралыгында коомубуздун ар бир катмарына аралашып, шаардын өнүгүшүнө салым кошкон муниципалдык кызматкерлерден тарта карапайым чарба кызматкерлерине чейинки каармандарыбыздын ак ниет мээнетин, ийгиликке жеткен инсандарыбызды, шаарыбыздын спорту менен маданиятын калыс баяндап келдик. Ал гана эмес, туулуп-өскөн мекенинен алыста, чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин, журтташтарыбыздын тагдырларын, алардын кубанычы менен түйшүгүн да эч качан унутта калтырбай, гезит беттерине үзгүлтүксүз жарыялап турдук. Коомдук-саясий гезит деген менен бардык тармакты бирдей чагылдырдык, бир гана Ош калаа менен чектелген жокпуз, кулачыбызды жети дубанга жайдык. Албетте, бул жол жеңил болгон жок, ар кыл кесиптик тоскоолдуктарды, цензуралык жана каржылык тартыштыктарды, оор сыноолорду башыбыздан өткөрдүк. Бирок, ар кандай саясий бороон-чапкындарда жана сыноолордо биз окурмандарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болушу үчүн кесиптик абийирибизди, калемибиздин тазалыгын бийик кармадык. Ар бир макаланы укуктук алкакта, калыстык менен жазып, шаардыктардын ишенимине кыянаттык кылган жокпуз. Адал мээнетибиз бааланып, гезитибиз көптөгөн республикалык, эл аралык деңгээлдеги укуктук жана кесиптик сыйлыктарга, мамлекеттик ардак грамоталарга татыктуу болду.
35 жылдык бул зор тарыхтын ичинде гезитибиз жөн гана чарбалык мекеме болгон жок. «Ош шамы» — убагында чечүүчү ролду ойногон, өзгөчө 1990-2010-жылдардагы тарыхый кырдаалдардан кийин аймактагы улуттар аралык ынтымакты, достукту чыңдоодо чоң укуктук жана моралдык көпүрө болгон басылма. Биз кыргыз тилинде гана эмес, шаарыбыздагы биримдиктин үнү катары өзбек, орус тилиндеги макалаларды да жарыялап, улуттар ортосундагы достуктун символу болуп келдик. Биз акыркы күнгө чейин өзүбүздүн укуктук жана кесиптик милдетибизди так аткардык. Жадакалса өзүбүздүн имаратыбыз жок калып, мурунку имаратыбыз бузулуп, гезитти камтыган баалуу архивдерибиз, мүлктөрүбүз коридорлордо убактылуу сакталып калган оор шарттарга да моюн сунган жокпуз. Бүгүнкү күндө мурда бир гана адам отура турган чакан кабинетте бүтүндөй бир жамаат катар тизилип гезитибиздин мына ушул тарыхый акыркы санын чыгардык.

Журналистикада иштөө, анын ичинде басма сөздө ар бир сөздүн салмагын сактап жазуу ар бир экинчи адамдын колунан келе бербеген кесип. Ушул тармакты окутуп жаткан окуу жайларга барып студенттер менен жолугушуп “бизге практикага келгиле, иштеп каласыңар” деп жолугушууларды өткөрдүк. Бири билсе, бири билбейт, бирок биз өтө аз айлык маянага иштедик. Мындан улам кадр тартыштыгы дайым жаралчу, бирок ошондо да жазууну сүйгөн, жазганды жактырган, кесипке байланган инсандар дайым табылды. Биздин гезитке Оштун эле эмес, өлкөнүн мыкты делген журналисттери, акын-жазуучулары макала жазып даярдады. Жаштарды “алгач жазганды үйрөнүп, тажрыйба топтоп алгыла, анан башка тармакта иштөөгө жеңил болот” деп жумушка тарттык. Айткандай, гезитте иштеп сабаттуу жазууну өздөштүрүп, эл менен аралашып, баарлашып тажрыйба топтоп башка жумушка которулган жаштар арбын болду. Аларга гезит трамплин болду десем жаңылышпайм. Мына акыркы айларда да жогорку окуу жайды жаңыдан бүткөн 3 кабарчыны жумушка алып, кесиптин нанын эми татып жаткан учуру эле, акыркы санды чыгарып жатып да аларга дем берип, баары жакшы болот, келечегиңер алдыда деп ак жол кааладык.
Биз заманбап технологиялар, интернет каптаган санариптик доордо да кагаз гезиттин касиетин жоготпой, апта сайын басылмабыздын жаңы санын күткөн, колуна алып гезиттин жытын жыттап окуган улуу муундагы кадырман окурмандарыбызга, аксакал аталарыбызга жана апаларыбызга өзгөчө таазим кылабыз. Сиздердин ишеничиңиздер бизге ар дайым дем берип келди. Биздин барактарда бир гана расмий жаңылыктар эмес, миңдеген мекендештерибиздин тагдырлары, кубанычтуу көз ирмемдери калды. Бүгүн «Ош шамынын» эски сандары шаардагы миңдеген үй-бүлөнүн куттуу архивинде катылып, тарых катары сакталып жатканы биз үчүн эң чоң сыймык.
Мен ушул жылдар аралыгында бизди колдоп, гезитибизди үзбөй окуп, ишеним арткан ар бир окурманга терең ыраазычылык билдирем. өзгөчө гезитибиздин маанилүүлүгүн укуктук деңгээлде колдоп келген Ош шаардык Кеңешине, депутаттарга, Ош шаарынын мэриясына, ошондой эле узак убакыттан бери гезитибизге үзгүлтүксүз жазылууну уюштуруп, бизди каржылык жана моралдык жактан чоң тирек болуп колдоп келген шаарыбыздагы жогорку окуу жайларга, ооруканаларга, медициналык мекемелерге жана бардык муниципалдык ишканаларга өзүмдүн жана жамаатымдын атынан өзгөчө терең ыраазычылык билдирем. Анан, албетте, менин калемдештериме, «Ош шамынын» эмгек жамаатына рахмат айтам. Силер эң оор күндөрдө да кесиптик деңгээлиңерди, адамдык сапатыңарды бийик кармадыңар. Заман өзгөрөт, жаңы технологиялар чыгат, бирок гезит кагазда сакталып кала берген тарых, өчпөс архив болуп калат. «Элүү жылда эл жаңы» дейт кыргызда, балким, дагы элүү жылдан кийин адамзат кайрадан кагаз-калемдин, нукура басылмалардын касиетине кайткан мезгил келер… Гезитибиздин кагаз түрүндөгү жарыгы өчкөнү менен сиздердин жүрөгүңүздөрдөгү билимге, маданиятка, китеп-кагазга жана чындыкка болгон умтулууңуздар эч качан өчпөсүн. Шаарыбыздын ар бир тургунун мындан ары да ар дайым өнүгүүгө, өз укуктарын сабаттуу коргоого жана тарыхыбызды кадырлоого чакырам. Гезит кагаз катары жабылышы мүмкүн, бирок анын 35 жыл ичинде жасаган эмгеги, шаар тарыхына кошкон салымы өчпөйт. Ал тарых барактарында жана Ош шаарынын эсинде түбөлүккө жашайт. Амандыкта калыңыздар, кадырман окурмандар! Тарыхыбыз таза, келечегибиз жарык болсун.
Урматтоо менен башкы редактор
Бурул Исмаилова