«Ош шамы» гезити 35 жылдык чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде жөн гана маалымат булагы болбостон, түштүк аймагындагы эң күчтүү журналистиканын, адабияттын жана маданияттын чыныгы ордосуна айланды. Гезиттин ар бир санынын артында калеми курч, сөзү өткүр, дизайны көзгө жагымдуу жана өз ишине берилген улуу инсандардын тагдыры жана эмгеги турду. Алардын ар бири Ош шаарынын тарыхын барактап, коомдун күзгүсү катары кызмат кылышты. Бүгүн биз «Ош шамынын» мектебинен такшалып, гезиттин атын тарыхка алтын тамгалар менен жазган инсандарыбызды сыймыктануу менен эске алабыз.
Башкы редакторлор
Абдыгани Абдугафуров

Гезиттин эң алгачкы башкы редактору болуп 1991-жылы А. Абдугафуров дайындалган. Ал кезде азыркы тил менен айтканда, Абдыгани агай вице-мэрлик кызматта отурган. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү драматург, сатирик жана коомдук ишмер Абдыгани Абдугафуров — «Ош шамынын» гана эмес, бүтүндөй Ош шаарынын интеллигенциясынын сыймыгы.
Абдирашит Урбаев

Абдирашит Урбаев 1991-жылы редактордун орун басары болуп иштеп, кийин башкы редактор болуп дайындалып, 1998-жылга чейин иштеген. Абдирашит Урбаевдин жетекчилиги астында гезит эгемендиктин алгачкы оор жылдарында өзүнүн туруктуу багытын таап, шаардын эң негизги жана ишенимдүү үнүнө айланган. Анын курч коомдук-саясий публицистикасы, калеминен чыккан поэтикалык чыгармалары жана уюштуруучулук таланты гезиттин алтын дооруна жол ачкан.
Талантбек Моңолбаев

«Ош шамы» гезитин 1998-жылдан баштап жетектеген жана бул кызматта туура 11 жыл бою үзгүлтүксүз эмгектенген. Талантбек Моңолбаев башкы редакторлукка келгенден кийин гезитти Оштогу жергиликтүү типографиядан басып чыгарууну жолго койгон. Анын тушунда гезит айына бир жолу чыгуудан жума сайын үзгүлтүксүз жарык көрүү форматына өткөн.
Тургунбай Алдакулов

Тургунбай Алдакулов башкы редактордук кызматын 2009-жылдан баштап 2014-жылга чейин аркалаган.
Гезиттин тарыхындагы маанилүү реформаторлордун бири. Ал «Ош шамынын» принципиалдуу жана эркин медиа катары калыптанышына салым кошкон жетекчи болгон. Алдакуловдун тушунда гезит борбордоргу басмаканадан 16 бетте түстүү чыга баштаган.
Керимбек Калыкулов

Керимбек Калыкулов «Ош шамы» гезитин 2014-жылдын январь-март айларында башкы редактор катары кыска, бирок маанилүү убакыт аралыгында жетектеген. Ал гезитке жаңы заманбап дем берип, басылманын коомдук-саясий кадыр-баркын жогору кармоого салым кошкон.
Бурул Исмаилова

Бурул Исмаилова гезитти 2014-жылдан тартып бүгүнкү күнгө — басылма расмий жабылып жаткан учурга чейин башкы редактор катары ишенимдүү жетектеп келди. «Ош шамы» гезитинин тарыхында алгачкы аял жетекчи. Анын жетекчилиги астында гезит коомдогу социалдык, маданий маселелерди өзгөчө тереңдик менен чагылдырып, окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Гезиттин тарыхындагы эң жоопкерчиликтүү — басылманы заманбап медиага айландыруу учуруна туш келип, бул миссияны ийгиликтүү аркалаган адис. Исмаилова «Ош шамынын» расмий сайтын, социалдык тармактардагы баракчаларын түзүүгө жана басылманы жаңы санариптик доорго ылайыктап өнүктүрүүгө зор эмгек сиңирген.
Ардактуу кесиптештер

Гезитке эмгеги сиңирген Абдирашид Урбаев, Талант Моңолбаев, Токтогул Кенжеев, Ширманай Байназарова арабызда жок. Ал эми алардын ысымдары биздин жүрөктө түбөлүк сакталат. Басылмага эмгеги сиңирген атактуу жазуучу, акын, журналисттерди өзгөчө белгилеп кетпесек болбос.
Белгилүү акын, жазуучу жана котормочу Зинакан Пасаңова «Ош шамы» гезитинин түптөлүшүнө жана калыптанышына салым кошкон инсандардын бири. Ал 1991–1997-жылдары гезитте кабарчы, кыргыз редакциянын бөлүмүн жетектеп, басылманын өзүнө гана тийиштүү интеллектуалдык, маданий жүзүн калыптандырган. Анын коомдогу курч маселелерди, аял тагдырын жана улуттук баалуулуктарды терең талдаган макалалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Белгилүү акын, жазуучу жана драматург Токтогул Кенжеев «Ош шамы» гезитинин тарыхында өзгөчө орду бар инсан. өзүнүн бай журналисттик өмүр жолунда Ош облустук телерадиосунда 21 жыл башкы редакторлук кызматты аркалаган залкар устат 1999-жылдан тарта «Ош шамы» гезитинин жамаатына кошулуп, узак жылдар бою үзгүлтүксүз эмгектенген. Анын гезит беттеринде жарык көргөн салмактуу публицистикалык макалалары, турмуштук очерктери жана жаш калемгерлерге көрсөткөн аталык насааттары басылманын интеллектуалдык деңгээлин арттырган.
Калия Карыбекова, Майрам Чыналиева, Алмаз Исманов сындуу калемгерлер гезиттин түйшүгүн кошо тартышкан.
Абдираим Мамытов медиа айдыңында өзүнүн туруктуу көз карашы, маалыматты так жана калыс жеткирүүдөгү өзгөчө табити менен айырмаланган публицист. Анын жарык көргөн таасын макалалары гезиттин коомдогу таасирин күчөтүп, жаш кадрларга кесиптик жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн.
Жусуп Макиев жамааттын тажрыйбалуу, аксакал калемгерлеринин бири. Ал өзүнүн макалаларында негизинен шаар тарыхы жана коомдук актуалдуу маселелерди көтөрүп, жаш журналисттерге жол көрсөткөн насаатчы катары таанымал.
Сыдык Токонов фотоаппараты аркылуу Ош шаарынын ар бир өзгөрүүсүн, тарыхый учурларын, карапайым элдин кубанычы менен кайгысын кадрга сактап калды. Бекмамат Айдаркулов да фотокабарчы катары шаардын не бир керемет элестерин тартты.
Салтанат Файзуллаева түрдүү тагдырларды, маданий жана шаардагы коомдук демилгелерди жазган позитивдүү маанайдагы калемгер.
Эркин Байназаров, Ширманай Байназарова гезиттин өзбек бөлүмүндө көп жыл эмгектенип, макалалар топтомун даярдап, ардактуу эс алууга узатылган.
Масимкан Турсунбекова маданий жана социалдык темаларды өзгөчө сезимталдык менен чагылдырган журналист.
Гезит жаштардын ордосу болду
Иликтөөчү Кубаныч Жолдошов коомдогу орчундуу, резонанстуу темаларды тайманбай жазып чыккан, журналисттик иликтөөнүн устаты катары таанылды.
Кайрат Жапаров маалымат айдыңында өзүнүн ыкчамдыгы жана маселенин чоо-жайын терең казып жазган стили менен айырмаланган.
Кылыч Мурзакматов гезитти басып чыгарууга даярдоодо, анын сапаттуу графикалык жасалгасын камсыз кылууда түнү-күнү эмгектенген кесипкөй адис.
Гезиттин мазмуну канчалык терең болбосун, аны окурманга жеткиликтүү жана кооз кылып сунуштаган бул дизайнердин эмгеги. Бекмурат Келдибаев «Ош шамынын» сырткы жүзүн, заманбап макетин жана эстетикалык дизайнын калыптандырган негизги адис.
Элира Чынтемирова менен Уулбү Каныбекова гезиттин ар бир бетинин өз убагында, сабаттуу жана кызыктуу чыгышын камсыз кылган, маалыматтык кабарларды так иштеп чыккан жоопкерчиликтүү кызматкер болду.
Бактыгүл Калдарбаева менен Жумагүл Кочкорбаева саясатты “чаккан” кабарчы катары таанылды.
Бүкалча Маматали кызы менен Айжылдыз Тойчиева маданият менен адабиятты жазган жаш акын, жазуучу катары сыйга татыктуу калемгерлер.
Мыкты менеджерлер Айтмат Азамжан уулу, Доорон Токтошевдин да көп жылдык эмгегин көңүл сыртында калтырууга болбос. Мекемелер менен иштешүүдө, жазылуу өнөктүгүн уюштурууда ушул жигиттердин салымы чоң. Башкы эсепчилер Алима Шарипова, Нуржамал Атамова, Самара Абдыкадырованын да эмгегин аттап өтө албайбыз. Жана да техникалык кызматкерлердин ар биринин салымы ат көтөргүс.

Мындан сырткары калеми менен элге таанылган чыгаан журналисттер: Гүлзат Газиева, Назгүл Бостонбаева, Виктор Зилинга, Лира Акматова, Сакчы Маматисаков, Назгүл Абдразакова, Бексултан Нуркамил уулу, Аксана Арипова, Батма Суранова, Алтынай Осмонова, Таңсулуу Сүйүнали кызы, Айнура Валижанова, Айша Нуридинова, Нурсултан Ашырбаев, Жаңылай Арстанбек кызынын ысымдарын сыймыктануу менен белгилей алабыз. Дагы башка аты аталбай калган кесиптештер болсо кечирим сурайбыз, бирок алардын жазган макалалары миңдеген адамдардын эсинде деп билебиз.
Бул ысымдар — «Ош шамы» мектебинин негизин түзгөн, шаардын басма сөз тарыхында өчпөс из калтырган инсандар. Гезит өз ишин токтотуп жатса да, бул жамааттын калеминен жаралган макалалар, жасалган дизайндык жасалгалар жана тартылган сүрөттөр Ош шаарынын архивдеринде түбөлүккө жашай берет.
«Ош шамы» ушундай алптарды тарбиялаганы жана бириктиргени менен сыймыктана алат!