• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Миссия аткарылды – “Ош шамы”тарыхка кетти

Автор:Osh Shamy

Сен 1, 2026

35 жылдык тарыхы бар «Ош шамы» өз миссиясын аткарып соңку барагын жабууда. Түштүк борбордун коомдук-саясий, маданий жана социалдык турмушун чагылдырууда өзгөчө орду бар, узак тарыхка ээ басылмалардын бири — «Ош шамы» гезити. Чейрек кылымдан ашык убакыт бою, тагыраагы 35 жыл шаардын жандуу жылнаамасы болгон гезит бүгүн өзүнүн акыркы санын жарыкка чыгарып, тарых барактарына кирүүдө.

Тарых барактарындагы из

«Ош шамы» түштүк борбордун жандуу жылнаамасы болуп келди. Бул жылдар аралыгында басылма жөн гана кургак маалымат таратпастан, окурмандардын руханий суроо-талабын канааттандырган, коомдун терең катмарларын козгогон макалалар топтомун өзүнүн жүздөгөн туруктуу рубрикалары аркылуу жарыкка чыгарып турду. Гезиттин акыркы саны жарык көрүп, өз миссиясын жыйынтыктап жаткан тарыхый учурда анын негизги өзөгүн түзгөн төмөнкүдөй рубрикалар топтому тарых барактарында өчпөс из болуп калат:
«Бейне», «Журтташтар» — бул рубрикаларда Ош шаарынын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон замандаштардын, өрнөктүү инсандардын портреттик очерктери жана дүйнө жүзүндө ийгилик жаратып жүргөн мекендештердин тагдырлары үзгүлтүксүз жарыяланып турду.
«Маданият айдыңында», «Орошон Ош таланттары» — түштүк борбордун маданий очогунда кайнаган өнөр адамдарынын чыгармачылыгына, театр искусствосуна, улуттук каада-салттарга жана адабиятка арналган макалалар топтому гезиттин руханий жүзүн көрсөтүп келди.
«Кесип» — түрдүү тармактарда: курулушта, медицинада, илимде, тазалык жана коммуналдык кызматтарда күнү-түнү талбай эмгектенген карапайым жумушчулардын, өз ишинин усталарынын түйшүктүү тагдырын коомчулукка тааныткан баалуу багыт болду.
«Билим берүү» — шаардагы билим берүү мекемелеринин турмушу, мугалимдердин ийгиликтери, алдыңкы окуучулардын, студенттердин жетишкендиктери жана агартуу тармагындагы жаңы реформалар тууралуу маанилүү талдоо материалдарына кенен орун берилди.
«Спорт жылдызы» — эл аралык жана республикалык мелдештердин жеңүүчүлөрүн, Оштон чыккан чемпиондорду даңазалап, шаар тургундары арасында сергек жашоо образын жайылтууга зор салым кошту.
Мындан сырткары, “Эл өкүлдөрүндө эмне кеп?”, “Бир квартал тарыхы”, “Кыргызстанда жасалган”, “Мэрге кат”, “Мэрмэн”, “Параллель дүйнө”, “Көпүрө”, “Жан дүйнө жаңырыгы”, “Тарбия, үй-бүлө”, “Укугуңуз -утугуңуз”, “Түрмөдөгү түрмөктөр”, “Ата журттун абасы”, “өнөрүм-жөлөгүм”, “Тасма талаасында” , “Геосаясат”, “Тарыхтагы издер” сыяктуу жүздөгөн рубрикалар астында макалалар топтому чыгарылды, дилбаяндар, ырлар, көркөм окуу сыяктуу атайын сынактар уюштурулду.
Үч тилде калыс маалымат таратып, 35 жыл бою шаар турмушунун таасын күзгүсү болгон «Ош шамынын» бул рубрикалардагы макалалар топтому — шаар тарыхынын алтын фондунда түбөлүккө сакталат.

Мыйзамдуулуктун кепилдиги

«Ош шамы» гезити коомдук-маалыматтык миссиядан сырткары, узак жылдар бою шаардагы мыйзамдуулуктун жана ачык-айкындуулуктун негизги кепилдиги катары кызмат кылды. Керек болсо айрым учурларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди коррупциялык айыптоолордон жана соттолуп кетүүдөн сактаган юридикалык курал болду десек жаңылышпайбыз. Мыйзамга ылайык, муниципалдык мүлктөрдү, жер тилкелерин ижарага берүүдө же сатууда, коомдук маанилүү тендерлерди жана конкурстарды өткөрүүдө расмий басылмага кулактандыруу жарыялоо милдеттүү шарт болуп саналат. «Ош шамы» дал ушул расмий билдирүүлөр, аукциондор жана токтомдор, конкурстар коомчулукка ачык жарыяланган башкы аянтча милдетин аткарды. Эгерде гезиттин беттерине бул маалыматтар өз убагында расмий басылып чыкпаганда, канчалаган муниципалдык келишимдер мыйзамсыз деп табылып, жүздөгөн аткаминерлер «мүлктү жашыруун сатып жиберген же өзүм билемдик кылган» деген айып менен кылмыш жоопкерчилигине тартылмак. Гезит өзүнүн барагы менен шаардагы ири мүлк маселелерин укуктук талаада кармап, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алып келди. Бүгүн гезит жабылып жаткан чакта анын ушул укуктук жана коргоочулук ролун да өзгөчө баалашыбыз керек.

Шаардык бийлик менен байланыш

Гезит 35 жылдык тарыхында Ош шаардык мэриясынан жана шаардык Кеңештен тартып түрдүү кызматкерлерди, жетекчилерди көрдү. Бул жылдар ичинде басылманын кубандырганы анын салмагын, маалыматтарынын тактыгын баалап, ар бир санын калтырбай окуп, өз ой-пикирлерин, сунуштарын ачык билдирип турган мамлекеттик кызматкерлердин арбын болгону. өзгөчө баса белгилей кетүүчү жагдай, гезитке жарык көргөн сын-макалалар, элдин үнү жана көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча дароо тиешелүү кызматтарга тапшырма берип, анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алган, реалдуу иш кылган жоопкерчиликтүү жетекчилер көп болду. Алар үчүн «Ош шамы» шаардын чыныгы абалын көрсөткөн жардамчы курал милдетин аткарды. Мындай жетекчилер гезиттин кадырын билип, ар бир чыгарылыштан кийин редакцияга байланышып: «Кийинки макала кандай болот? Качан жарык көрөт? Дагы кандай маселе, көйгөй бар экен?» деп кызыгып, сурап турушту. Бул гезит менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы дени сак, конструктивдүү жана шаардын кызыкчылыгына иштеген жандуу байланыштын үлгүсү болду.
Бүгүн басылмалар өз форматын өзгөртүп, жаңы доордун талаптарына ылайыкташып жаткан учурда коомдогу маанилүү бир жагдайга токтоло кетүү керек. Санариптешүү процесси бизге тездикти алып келгени менен, терең аналитикалык маалымат алуу, гезит-журнал, китеп окуу маданиятыбызды бир топ басаңдатып койгондой. Шаар турмушун жөнгө салып, жарандардын маселелерин чече турган муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, кесипкөйлүгү жана коомдук иштерге болгон жоопкерчилиги дайыма жогору деңгээлде болушу зарыл. Интеллектуалдык деңгээлди туруктуу өнүктүрүү замандын башкы талабы. Заманбап муундун виртуалдык мейкиндиктеги кыска, тез унутулуучу жаңылыктар менен гана чектелип калуу коркунучу бар. Бул узак мөөнөттүү пландарды куруу жана критикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө таасирин тийгизбей койбойт. Алдына келген маалыматты терең талдап, коомдун көйгөйлөрүн түшүнүүгө умтулбаган чөйрөдө туруктуу өнүгүүнү элестетүү кыйын. Келечек муундун руханий дүйнөсү бай болушу — өлкөнүн башкы пайдубалы.
Бирок, заман шартына карабай, «Ош шамы» гезити өзүнүн тарыхый миссиясын толугу менен аткарып кетти. Ал 35 жыл бою шаардын чыныгы күзгүсү, мыйзамдуулуктун тиреги жана маданияттын очогу болуп берди.

Бурул Исмаилова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *