• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Кымбаттуу Ош, мен сени эмнеге жакшы көрөм?!

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

“Ак-Буура, Сулайман тоо кош кут болуп,
Көрбөсөм жүрөк калар боштук болуп.
Биз жаштар туш тараптан келебиз да,
Калабыз сени сүйүп оштук болуп”,-деп оштук акын Улукбек Омокеев жазгандай айыл-аймактардан келип, Ошто окуп, жашап эмгектенип, Ошту сүйүп, оштук болуп калгандар Оштун теңин түзөт.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов:
“Ошту үч миң жылдан кийин да биздей сүйүшөт”

-Тарыхый шаар Ош Кыргызстандын тиреги. Кыргызстан үчүн орду аябай чоң. Ошол үчүн ордолуу Ош деп аталат. Мен консерватормун. Эскичиликти жактырам. Каада-салт, адеп-ахлак, нарк-насилибиз Ошто көп сакталган. Ошол үчүн мен Ошту жакшы көрөм. Азыр 3026 жыл болуп атса, мындан үч миң жылдан кийин дагы ушул береке, ыйман, салт сакталат. Ош ошонусу менен өзгөчө. Оштун адамдары да башкача. Ошто демилге көтөрсөң баары колдойт. Ош жакшыны жакшы деп айта алат. Оштун элинин пейили кең, жаштары амбициялуу, энергиялуу. Эң маанилүүсү Оштун жаштары патриоттуулук дух менен тарбияланат. Ата-бабаларыбыз ушул өрөөндө жашап, ушул жерди сүйгөн үчүн бул дух бүгүн ар бир оштуктун жүрөгүндө бар. үч миң жылдан кийин да Ош жөнүндө биздин урпактарыбыз ушул сөздөрдү айтат. Бизден мурунку иштеп кеткендер деле Ошту ушундай сүйүшкөн. Бизден кийинкилер деле бизден кем сүйбөйт. Оштун тузу оор болот деп коём. Бул сөздүн жакшы философиялык мааниси бар. Ошто жакшы иштесең эл өзү баалап алат. Ошту Ошто жашагандар да, Ошко конокко келгендер да жакшы көрөт. Бул калаанын табияты ушундай.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Акмарал Тентимишова:
“Ош менин башатым да,
келечегим”

-Ош менин тагдырым. Айылдан ата-энемдин койнунан чыгып чоң жашоого кадам таштаганымдын биринчи күбөсү. Ошто билим алып, эмгектенип, өз жумушумдун мыкты адиси, инсан болуп калыптандым. Ош шаары энелик бакытым, аялдык бакытым башталган жер. Балдарымдын күлкүсүнө, бактылуу мүнөттөрүнө күбө болгон шаар. Себеби, ушул шаарда бүлө күтүп, эне болдум. Ош шаарында илим менен алектендим. Илимий чөйрөдөн санаалаштарды, устаттарды таптым. Алардын аркасынан жакшы ийгиликтерге жетиштим. Абдан акжолтой, ар бир баштаган ишиме колдоо көрсөткөн шаар болду. Ата-энем, бир тууганым, жолдошум билбеген, алар күбө болбогон кубанычымдын, көз жашымдын, эмоционалдык абалымдын күбөсү ушул шаар болгон. Шаардын көчөлөрүндө басып баратып эч кимге айта албаган ички ойлоруму кеңешкен, өз-өзүмө ой бөлүшүп жеңилдеп алып андан ары жашоону улантып кеткен кездер болот. Саясий чөйрөгө аттанып, элге, өзүм сүйгөн шаарга кызмат кылып жаткан учурум. Кудай муну дагы жөндөн жөн бербесе керек. Эмоцияга алдырып толкунданып алдым. Мен эч качан “Ошту эмне үчүн жакшы көрөм” деген суроону өзүмө берип көрбөптүрмүн. Ош менин келечегим. Келечектеги ийгиликтериме, өзүм билбеген жакшылыктарыма, чоң энелик, кайненелик сезимдерериме күбө болчу шаар. Ушул шаардын көчөлөрүндө мен небере-чеберелеримди ойнотомун буюрса.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова:
“Ош менин көз мончогум,
көкүрөк тумарым”

-Ош менин жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү негизги тамырым. Ош менин көз мончогум, көкүрөк тумарым. Ош менин алтын бешигим. 22 жашымда Ошко келип, алгачкы эмгек жолумду баштап, бүгүнкү күнгө чейин касиеттүү Оштун койнунда жашап, өнүп-өсүп, жакшы күндөрдү көбүрөөк башыман өткөргөн ыйык мекеним. Ош жөнүндө 2-3 ыр, обон жаздым. 50 жылдан ашык тарыхы бар “Кыз Бурак” эстрадалык тобун Ошто негиздеп, элиме эбегейсиз салым кошо алдым. Обондорумдун ичинен эң жакшысы иргелип, элдин колдоосу менен бүгүнкү күндө Оштун гимни болуп ырдалып жатат. Мен бул үчүн чексиз чоң бакыттын ээсимин. 1990-жылы жазылган “Садагам Оштой жеримден” деген ырымды азырга чейин 6 аткаруучу, акыркы жолу чоң эстрадалык хор топтору ырдап аябай дүңгүрөтүштү. Учурунда кээ бир жетекчилер бул ыр жарабайт деп чийип салып, 2 миллион төлөп гран-при сыйлыгын берген ырлар бүгүн жок болуп кетти. Ошол чийилип, жарабайт деген менин ырым кудайга шүгүр элим, калыс журтум бар экен жашап, өмүрү узарып, көркү ачылып турган кези.
Оштун өзү баалуу. үч миң жылдан ашуун тарыхы бар, тогуз жолдун тоому, Жибек жолунун башкы чордону болгон Ош тарыхы, санжырасы менен ырыс-ынтымакта жашаган көп улуттуулугу, нукура таза жашоосу менен мага өтө кымбат. Меймандостугу, кичипейилдиги, ийилип ар дайым колу көкүрөктө турган Оштун улуу журту эң бийик, эң жакшы адамдар деп айта аламын. Даамдуу тамагы, ысык наны менен өзгөчө. Ош нукуралуулугу, байыркылыгы, эч нерсеге алмашкыс ички каада-салт, үрп-адаты менен, бүгүнкү жаштары менен, Сулайман тоосу, Ак-Буурасы, шайдоот жүргөн эли менен мен үчүн аябай баалуу. Мындай керемет эч жерде жок.

Теле журналист, коомдук ишмер Нуркыз Кадырбекова:
“Омүрүмдүн эң жашыл, эң жигердүү учуру өтүп жаткандыгы үчүн мен Ошту жакшы көрөм”

-Ош меймандостугу менен өзгөчөлөнгөн баалуу шаар. Берешендик менен достуктун символу. Эң байыркы жана күн санап жашарган шаар. Ош шаарында туруктуу жашап, бүлө күтүп, өнүп-өсүп, ийгиликтерди жаратып атканыма быйыл 30 жылдын жүзү болуптур. 30 жылдан берки мен үчүн тагдырлаш болгон Ош мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар шаар. Менин жаштыгымдын элестери, балдарымдын балалыгынын картинасы. Калкынын саны, өндүрүшү, окуу жайлардын жайгашуусу боюнча дагы эң алдыңкы, маанилүү орду бар шаар катары ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Ошту жакшы көрөм. Анкени, Ошто алгачкы ийгиликтеримди жараттым. Президенттик стипендиянын ээси болдум. Эң белдүү окуу жайды аяктап, 20 жылдан ашык иштедим. Мамлекеттик телеканалдын жүзү болдум. Далай энелердин өзүн табышына себепкер катары юридикалык билимди практикаладым. Депутат болуп социалдык тармактагы бир топ көйгөйлөрдү көтөрдүм. 30 жылдык өмүрүмдүн эң жашыл, эң кызыктуу, эң баалуу, эң жигердүү учуру өтүп жатканы үчүн мен Ошту жакшы көрөм.

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы:
“Ош — мен кайда барбайын кайтып келчү үйүм”

-Кыргызстандын ар бир облусу, району, ар бир айылы өзгөчө баалуулуктарга ээ. Анын катарында Ош шаары дегенде Кыргызстан эмес, дүйнө эли биринчи Сулайман тоону элестетет болуш керек. Анткени, канча элди кыдырсак дагы уникалдуу, шаардын ортосунда жайгашкан байыркы кенен тарыхка ээ тоолорду башка жактан байкаган эмесмин. Сулайман тоо шаардын так ортосунда жайгашканы менен өзгөчө, баалуу. Ош жүрөгүмө жылуу шаар. Мен Ошту кең пейилдүү эли үчүн, берекелүү жери үчүн, сылыктыгы, меймандостугу үчүн жакшы көрөм. Айылда чоңоюп, Ош шаарында студент болдук. Жашоомдогу көп урунттуу, маанилүү учурларым Ошто өткөн. Ош — мен кайда барбайын кайтып келчү үйүм. Ош — жаштыгым, сүйүүм.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *