• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

«Миң адам кезекте, даяр үй болсо 45 гана…»

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

Ош шаарында муниципалдык ипотека аркылуу турак жай алууну каалаган жарандардын саны миңден ашат. Ал эми учурда берилүүгө даярдалып жаткан батирлердин саны 45ти түзөт. Ипотекалык турак жайга талап күчтүү болгону менен, кезекке туруудан тартып үйдүн ачкычын алууга чейинки жол бир катар талаптарды жана этаптарды камтыйт. Ал эми үлүштүк курулушта турак жай жарандардын өз каражатынын эсебинен курулуп, төлөмдөр курулуштун жүрүшүнө жараша жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Исмаев Токтогул Жолонович айтып берди.

Биздин ишкана негизинен эки багытта иш алып барат: ипотекалык жана үлүштүк курулуш. Ипотекалык багытта жарандар даяр болгон үйгө кирип, жашап башташат да, белгиленген тартипте төлөмдөрүн төлөп турушат. Ал эми үлүштүк курулушка токтолсом, үй курулуп жаткан учурда жарандар акчасын төлөшөт. Төлөм толук аткарылып, үй даяр болгондон кийин батирлерин алышат. Башкача айтканда, үлүштүк курулушта үйлөр элдин өзүнүн каражатына курулат. Жарандар канчалык көп төлөм жүргүзсө, биз да ошого жараша ошончолук көп үй куруп бере алабыз. Ипотекалык багытта болсо белгиленген суммага жана каржылоого жараша гана курулуш жүргүзүлөт. Ошондуктан ипотека боюнча кезекте турган жарандардын саны аябай көп, ал эми курулуп жаткан үйлөрдүн саны бир кыйлага аз. үлүштүк курулушта болсо кенен. Себеби бул жерде курулуш түздөн-түз жарандардын төлөмдөрүнүн эсебинен жүрөт.

-Үй алуунун жол — жоболорун айтып берсеңиз, кандай документтер талап кылынат?

Негизги үч критерий бар. Жарандын Ош шаарында каттоодо турушу, анын атына кыймылсыз мүлктүн болбошу жана расмий киреше булагынын болушу. Биринчиден, жаран сөзсүз түрдө Ош шаарында үч жылдан кем эмес каттоодо турушу керек. Акыркы беш жыл ичинде жарандын өзүнүн атына кыймылсыз мүлк катталбаган болушу керек. Жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да мүлктүк абалы эске алынат. Алардын атына дагы кыймылсыз мүлк катталбашы керек. Ошондой эле жаран акыркы 12 айдагы расмий киреше булагын көрсөтүшү кажет. Бул жерде «расмий киреше» деген сөз сөзсүз түрдө мамлекеттик мекемеде иштөө дегенди билдирбейт. Кандай гана ишканада болбосун, эмгек акыдан тиешелүү салыктар жана социалдык фондго чегерүүлөр төлөнүп, айлык расмий түрдө берилсе, ал расмий киреше катары эсептелет. Талаптарга жооп берген жаран кезекке туруп, кезеги келген учурда комиссияга чакырылат. Айрым учурларда кезек күтүү эки-үч жыл болушу мүмкүн. үй берилүүгө жакындаганда жаранга алдын ала кабар берилип, бардык документтери кайрадан жаңыртылат. Ошол учурда анын атына дагы деле кыймылсыз мүлк катталбаганы текшерилип, кирешеси тууралуу маалыматтары кайрадан алынат. Андан кийин документтери комиссиянын кароосуна сунушталат. Комиссияга сунушталган учурда эксперттер тарабынан жарандын кирешеси жана чыгашалары эсептелет. Тактап айтканда, анын айлык кирешеси, тамак-ашка, кийим-кечеге, бала-чакасына, дары-дармекке жана башка керектөөлөргө кеткен чыгымдары аныкталат. Кирешеден бардык чыгымдар алынып салынгандан кийин калган каражаттын көлөмү эсептелип, ошол сумма менен жаран алган турак жайынын төлөмдөрүн жаба алабы деген маселеге байланыштуу финансылык корутунду чыгарылып, комиссиянын кароосуна берилет. Комиссиянын чечиминин негизинде жаранга турак жай бериле тургандыгы же берилбей тургандыгы аныкталат.

-Үлүштүк курулуштагы ипотеканын өзгөчөлүгү кандай?

-Үлүштүк курулуштун ипотекалык шартында негизги талап Кыргыз Республикасынын жараны болуусу жана өздүгүн тастыктаган ID-картасы. Анын Ысык-Көлдөн, Нарындан же Баткенден келгени маанилүү эмес. Бул багытта курулуп жаткан үйлөргө кезектүүлүк каралбайт. Баштапкы төлөм катары үйдүн баасынын 30%ы төлөнөт. Калган 70%ы үйдүн курулуш мөөнөтүнө жараша бөлүнүп төлөнөт. Бул төлөмгө пайыз кошулбайт жана башка кошумча төлөмдөр каралган эмес. үйдүн курулуш мөөнөтү башында 36 айга эсептелет. Мисалы, жаран курулуш башталгандан алты ай өткөндөн кийин келишим түзсө, калган 30 айга төлөмдөр бөлүнүп берилет. Башкача айтканда, төлөм мөөнөтү курулуштун калган убактысына жараша аныкталат. Максималдуу мөөнөт 36 ай. Ал эми ипотекалык келишимде өзүнчө белгиленген узак мөөнөт көрсөтүлбөйт.

Кезектүүлүк болжол менен канча убакыт болушу мүмкүн, мисалы, азыр келип турган адам канча убакыттан кийин үйлүү болот?

Аны так айтуу кыйын. Себеби кезекке тургандардын саны азыр миңден ашык. А биз болгону 45 батирибизди берүүнүн алдында турабыз. Азыркы учурда дагы 96 батирлүү бир үйүбүздү куруу иштери кызуу жүрүп, бирок бир аз убакытка токтоп калып, кайра улантуудабыз. Ушул 96 батирибиз буюрса, эки жылда бүтүп калса, балким ачкычтарын тапшырып калабыз деген ниеттебиз. Мындан тышкары, дагы бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Мисалы, жаңы курулушту баштоо үчүн тиешелүү документтерди даярдоо зарыл. Бул сырт көзгө көп байкала бербеген, бирок бир топ убакытты талап кылган иштер. Жер тилкелерин кароо жана тандоо, долбоорлорду карап чыгуу, курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу иштер азыр да уланууда. Буюрса, азыркы 96 батирден тышкары дагы башка объектилер каралып жатат. Жакын арада алардын айрымдарында курулуш иштерин баштоо пландалууда. Жыйырмага жакын объекттин ону сатылып бүтүп, дагы ону сатыкта. Алардын ичинен төртөөнү быйыл берүүнү пландап жатабыз. Эгер жаран бир объекттен батир алып, белгилүү бир убакыттан кийин башка объект пайда болуп, анын району же жайгашкан жери көбүрөөк жакса, башка батирге которулуу мүмкүнчүлүгү каралат. Бул учурда чыгымдардын төлөмү катары 2500 сом өлчөмүндө төлөм бекитилген. Жаран ошол төлөмдү төлөп, башка объекттеги батирге которула алат. Ошондой эле келишимди башка адамга өткөрүп берүү же дарегин өзгөртүп, башка объектке которуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул учурда 2500 сом тиешелүү чыгымдарды жабууга жумшалат. Эгер жаран, мисалы, бир жыл бою төлөмдөрүн жүргүзүп келип, кандайдыр бир себептен улам мындан ары төлөй албай калса, келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, буга чейин төлөгөн акчасын толук кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Келишимде көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөттүн ичинде ишкана төлөнгөн каражатты жаранга кайтарып берет.

Бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү, үч бөлмөлүү батирлердин наркынын баасы канча?

Батирлердин аянты негизинен 45 чарчы метрден 100 чарчы метрге чейин болот. Андан да чоң батирлер болушу мүмкүн. Аянты боюнча 45 чарчы метрден башталып, эки бөлмөлүү батирлер 60, 64, 70, 74 чарчы метрге чейин жетет. Ал эми 80 чарчы метрден жогору батирлер үч бөлмөлүү болуп эсептелет. Батирлердин баасы да объектке жараша ар кандай болот. Учурда минималдуу баа 63 миң сомдон башталып, 81 500 сомго чейин жетет. Мурда 56 миң сомдон сатылган батирлер да болгон, бирок андай баада эки-үч гана батир калган болчу, алар да түгөнүп калган болушу мүмкүн. Ар бир объекттин жайгашкан жери, батирлеринин аянты жана бөлмөлөрүнүн саны ар башка болгондуктан, бааны бир өлчөмдө белгилөө кыйын. Кардар алгач өзүнө ылайыктуу локацияны, башкача айтканда, районду тандайт. Андан кийин өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша бир, эки же үч бөлмөлүү батирди тандайт. Ошого жараша баасын аныктайбыз. Ошондуктан бардык батирлерге бирдей баа коюу мүмкүн эмес. Эң төмөнкү бааны мисал катары айтсак, жаңы базар тарапта, эл арасында Ишкаван деп аталган аймакта курулуп жаткан 45 батирлүү үйүбүз бар. Бул объектте баштапкы төлөм болжол менен 800 миң сомдон башталат. Мындан мурда батирлердин чарчы метри 55–60 миң сомдун тегерегинде болсо, азыр болжол менен 65 миң сомго чейин көтөрүлдү. Мөөнөт кыскарган сайын ай сайын төлөнүүчү сумма да көбөйөт.

Жарандар сиздерге түз келип кайрыла алышабы?

Ооба, жарандар түз эле биздин мекемеге келип кайрылышат. Биздин бөлүмдө эки багыт боюнча иш алып барылат: ипотека жана үлүштүк курулуш. Биз отурган бөлүк ипотекалык багыт боюнча иш алып барса, башка бөлүк үлүштүк курулуш маселелери менен алектенет. Эки багыт боюнча тең жарандарга кеңеш берилип, тиешелүү кызмат көрсөтүлөт.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *