23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү майрамдалды. Бул күндүн урматына ОшМУнун кыргыз тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кошуева Майниса Жумаевна менен кыргыз тили тууралуу кеп кылабыз.

Кыргыз тили түрк тилдеринин кайсы тилдик тобуна кирет жана анын негизги фонетикалык өзгөчөлүктөрү кайсылар?
-Кыргыз тили түрк тилдеринин ичинен кыпчак тобуна (кыпчак-кыргыз) тобуна кирет, албетте казак, каракалпак, ногой ж.б. түрк тилдери менен бирге ушул топту түзөт. Кыргыз тили түрк тилдеринин улуу тобуна кирет жана анын тарыхы бай, көп кырдуу. Кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгү катары тыбыштардын үндөштүгүнүн (сингармонизм) күчтүүлүгүн белгилөөгө болот. Мисалы, “өтүкчүлөрдүкүндөгүлөрдөнсүздөрбү” десек, уңгуга карап уланган мүчөлөр да жалаң эрин үндүүлөргө өттү, лабиализация күчтүү. Ал эми “кернейчилердикиндегилерденсиздерби” десек, жалаң гана ичке үндүүлөрдөн турду. Булар албетте, уңгудагы жоон-ичке үндүүлөрдүн катышына карай үндөшө берери белгилүү. Мындан үнсүз тыбыштар жумшарат, үндүү-үнсүз тыбыштардын шайкештигин байкоого болот. Бул өзгөчөлүк кыргыз тилин башка түрк тилдеринен айырмалап турат.
-Тилибиздин калыптануу жана өнүгүү тарыхында кайсы негизги тарыхый этаптарды белгилөөгө болот?
-Улуттук тилибиздин, кыргыз тилинин, өнүгүү тарыхы 4 этапта каралат:
Байыркы кыргыз тилинин этабы (V–X кылымдар);
Орто кылымдардагы кыргыз тилинин этабы (XI–XVIII кылымдар);
Жаңы мезгилдеги кыргыз тили (XIX кылым — XX кылымдын башы);
Азыркы кыргыз адабий тилинин этабы (1924-жылдан ушул күнгө чейин).
1-этап кыргыз тилинин калыптануу этабы катары эсептелинет, мында өзүнүн руникалык жазуулары же Орхон-Энисей жазуулары болгон. Аны эстеликтердеги жазуулардан билебиз, анда кыргыз тилинин лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү сакталып калгандыгын окумуштуулар белгилеп келишет. 2-этабы кыргыздардын Ала-Тоого ооп, жер которуусу. Тилиндеги кескин өсүүлөрү же дин таратуучулардын таасири, араб тилинин таасири, лексикалык корунун байышы сыяктуу маселелерди белгилөөгө болот. 3-этабында эне тилибиздин оозеки адабий формасы гүлдөп, жазма тилге өтүүгө даярдык көрүлгөн учуру катары эсептелинет. Ошондой эле сабаттуу инсандардын эне тилибиздин өнүгүүсүнө кошкон салымы, илим-билимдин өнүгүшүн белгилесек болот. 4-этабын кыргыз тилинин мамлекеттик, расмий жана толук кандуу жазма адабий тил катары калыптануу мезгили катары эсептейбиз. Бул этапта тил илимдин, билим берүүнүн, саясаттын жана маданияттын бардык тармактарын тейлөөгө жөндөмдүү өнүккөн тилге айланды. Натыйжада, кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болду. Бул өтө жогорку өнүгүү, жогорку жетишкендик, себеби бизден санынын көптүгү менен бир топ айырмаланган элдердин мындай макамга жетпегендиги белгилүү эмеспи.
-Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамы Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий жана укуктук системасында кандай мааниге ээ?
-Мамлекеттин эгемендиги, эркиндиги, тактап айтканда, көз карандысыздыгы – эне тилинин улуттук тил деңгээлине жетиши менен чектелбеши керек. Улуттук тили мамлекеттик макам алганда гана мамлекети эгемендүү болот! Мамлекеттик тил макамы Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий жана укуктук системасында өлкөнүн суверендүүлүгүнүн, улуттук биримдигинин жана мамлекеттүүлүгүнүн негизги пайдубалы катары өтө жогору мааниге ээ. Бул макам жөн гана маданий баалуулук эмес, өлкөнүн башкы мыйзамдары менен корголгон укуктук жана саясий курал болуп саналат. Мамлекеттик тил макам алганда гана ошол мамлекеттин коомдук кызматын ар тараптан тейлөө укугуна ээ болот. Ал коомдук кызматтары билим берүү (бардык баскычтарында), документ жүргүзүү, мыйзам чыгаруу, саясатта, кадр маселесинде, маалымат-массалык каражаттарында керектелиши жана пикир алмашуу болуп эсептелет. Ошондой эле улуттук биримдик жана идентификация маселеси, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ж.б. өз милдеттерин аткарууда кыргыз тилин колдонуусун милдеттендире алат. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамы болбосо, бул маселелердин ишке ашуусу негизсиз болуп, мамлекеттин бүтүндүгүн алсыратууга алып келет, доо кетет.
-Кыргыз адабий тили, диалектилери маселелеринин улуттук тилибиздин өнүгүшүнө болгон таасири?
-Конкреттүү тилди уруулук же элдик тилдин деңгээлинен жалпы улуттук адабий тилдин деңгээлине алып чыгууда ал өзүнө чейинки ар кандай баскычтардан өтөт. Жөнөкөй тил менен түшүндүрө турган болсок: уруулук тил, элдик тил, улуттук тил, адабий тил, мамлекеттик тил сыяктуу баскычтарды белгилесек болот. Буларды чечмелөөнүн зарылдыгы жок, деңгээлдик өзгөчөлүгү аталыштарынан эле белгилүү болуп турат. Адабий тил – улуттук тилдин жышаанынын башкы формасы катары илимий негизде белгилүү бир нормага салынган ошол тилде сүйлөгөн жалпы элдин улуттук зарылчылыгы. Ал эми диалектилер адабий тилди байытуучу эң чоң ички булак. Анткени диалектилерде кыргыз тилинин байыркы (архаикалык) элементтери абдан көп сакталып калган. Адабий тил менен диалектилердин ортосундагы туура балансты сактоо – улуттун ички интеграциясына шарт түзөт.
-Кыргыз тилинин лексикалык курамынын калыптанышына башка тилдер менен болгон тарыхый байланыштар кандай таасир тийгизген?
-Дүйнөдө жалаң гана өзүнүн улуттук тилинен турган бир да тил жок. Анткени элдин жашоо жагдайы саясий, маданий, соода-экономикалык жана башка тарыхый байланыштардын натыйжасында тилинде өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Ошол сыңары жогорудагыдай түрдүү байланыштардын натыйжасында кыргыз тилине да кылымдар бою ар кыл тилдерден сөздөр кирип, анын сөздүк корун байыткан. Ушул маселеде окумуштуулар кыргыз тилинин лексикасына эң терең таасир эткен тилдерди жана тарыхый катмарларды төмөнкүдөй 4 топко бөлүштүрүп карайт:
- Араб жана фарс (тажик) тилдери;
- Монгол тили;
- Орус тили;
- Башка түрк тилдери (өзбек, казак, уйгур).
Тарыхый байланыштар кыргыз тилинин сөздүк курамын гана байытпастан, анын сөздүк корун кеңейтип, ойду тагыраак жана көркөмдүү туюндурууга шарт түзгөн. Ошол эле учурда сырттан кирген сөздөрдүн көбү кыргыз тилинин өзүнүн мыйзамдарына (мисалы, сингармонизмге) ылайыкташып, өздөштүрүлүлгөн.
-Кыргыз тилиндеги терминологиянын өнүгүшүнүн негизги принциптери кандай, жаңы терминдерди кабыл алууда кандай талаптар сакталууга тийиш?
-Терминология – улуттук колорит. Кыргыз тилиндеги терминологиянын өнүгүшү тилдин табигый мыйзамдарына, улуттук өзгөчөлүгүнө жана эл аралык стандарттарга негизделет. Бул процесс илимдин, техниканын жана коомдун өнүгүшү менен тыгыз байланыштуу.
Албетте, термин түзүүдө принциптер жана талаптар коюлат. Ал принциптер, талаптардын негизинде термин түзүлүп жаткан конкреттүү тилдин улуттук тилинин өнүгүшүнө салым кошулат. Термин түзүүдө, жаңы түшүнүктү атоодо ошол тилдин ички булактарындагы сөз пайдаланылат, интернационалдык сөздөр тилдин ички мыйзамына баш ийдирилет, чет тилдик терминдер которулганда калькаланат. Демек, сырттан кирген сөздөр тилдин ички мыйзамдарына каршы келбеши керек.
Термин түзүүдөгү талаптары катары терминдик сөздүн тактыгы, ал сөздүн маңыз-маанисин ачып берүүсү, дал келүүсү, бир маанилүүлүгү, системалуулугу, кыскалуулугу, колдонууга ыңгайлуулугу, боектуулукка (коннотацияга) ээ болбошу сыяктуу маселелери биринчи орунга коюлат.
-Санариптик технологиялардын жана социалдык медианын кыргыз тилинин өнүгүшүнө тийгизген оң-терс таасирлерин кандай баалоого болот?
-Терс жактары да жок эмес, алсак жеке сабаттуулукка доо кетүүдө, жогорудагы даяр нерсеге көнүп, сабаттуулуктун төмөндөшүнө шарт түзүлүп жатат десек болот. Кыргыз тилинин ө,ү, ң сыяктуу тыбыштарынын колдонулушу көйгөй жаратууда, мындан тилдин визуалдык жана маанилик деңгээлин төмөндөтүүдө. Тилдин тазалыгы сакталбай аралаш сөздөр (орус, англис) колдонулуп жатат. Кээ бир терминдик сөздөр сөзмө-сөз которулуп, кептин стилистикалык мааниси келип чыкпай калууда.
-Мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык тармактарында натыйжалуу колдонууга тоскоол болгон негизги факторлор кайсылар?
Интернетте, мобилдик тиркемелерде жана заманбап программалык камсыздоолордо кыргыз тилиндеги сапаттуу маалыматтардын, илимий-техникалык адабияттардын өтө аздыгы. Жасалма интеллект жана автоматтык котормо куралдарында кыргыз тилинин дагы деле деталдуу жана так иштелип чыга электиги. Коомдо, өзгөчө шаар жергесинде жана жаштар арасында, орус же англис тилдеринде сүйлөө «билимдүүлүктүн» же «престиждүүлүктүн» белгиси катары кабыл алынган стереотиптин сакталып калышы. Кыргыздардын өз ара эне тилинде сүйлөшүүгө умтулбагандыгы жана тил тазалыгына (орус сөздөрүн аралаштырып сүйлөө) маани бербегендиги. Мектептерде жана жогорку окуу жайларында кыргыз тилин «чет тили» катары же заманбап, кызыктуу методика менен үйрөтүүчү программалардын аздыгы сыяктуу маселелерди камтууга болот.
-Кыргыз тилинин келечектеги өнүгүүсүндө жасалма интеллект, автоматтык котормо жана тилдик санариптик ресурстардын ролу кандай болушу мүмкүн?
-Санариптешүү мейкиндиги кеңейип, жогоруда биз белгилеп өткөн маселелер жолго коюлат. Анткени келечек ошону талап кылууда. Келечек муун туулгандан эле ошого ыңгайлашып жатат. Санариптик, маалыматтык технологияларды өздөштүрүүнү бат кабыл алып жатышат. Бул альфа, бетта муундарынын жашоосун санариптик технологияларсыз элестетүү кыйын го. Анткени альфа мууну толугу менен санариптик доордо, планшет, смартфон жана жасалма интеллект менен чогуу өсүп жаткан алгачкы муун экен. Алардын улуулары азыр өспүрүм куракка жетип калышты деп айтылууда. Бетта муунун 2025–2039 аралыкка кийиришүүдө. Бул муундун өкүлдөрү жаңы эле төрөлүп жатыптыр. Алар жасалма интеллект жана алдыңкы технологиялар турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калган дүйнөдө чоңоюшат экен. Жашоо мындай болгон соң кыргыз тилинин келечектеги өнүгүүсүндө жасалма интеллект, автоматтык котормо жана тилдик санариптик ресурстарынын ролу чоң!
-Кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдө билим берүү системасы, ЖМК жана үй-бүлөнүн өз ара жоопкерчилиги кандай болушу керек?
-Билим берүү системасы, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жана үй-бүлөнүн биргелешкен, өз ара тыгыз байланышкан жоопкерчилиги биргеликте иш алып баруусу зарыл. Бул үч тарап бири-бирин толуктап турганда гана тилдин келечеги ишенимдүү болот. Бала дүйнөнү алгач эне тилинде тааныгандыктан, үй-бүлө — бул баланын тилдик жана маданий өзгөчөлүгү калыптанган алгачкы очогу болуп саналат. Билим берүү мекемелери тилди системалуу, илимий жана заманбап деңгээлде өнүктүрүү керек. Анткени кыргыз тили бир гана турмуш-тиричиликтин тили эмес, IT, бизнес, медицина жана укук тармагынын тили болуп эсептелет. Бул үч институт өз алдынча иштесе натыйжа аз болот, булар байланыш чынжырын түзүү керек, ар ким өз милдеттерин так аткаруусу зарыл. Алсак, ата-энелер баланын мектепте кыргыз тилин терең үйрөнүшүн талап кылып, колдоосу шарт.
Мектептер ЖМК түзгөн сапаттуу контентти (мультфильм, подкаст, даректүү тасма) окуу куралы катары колдонот. ЖМК үй-бүлөлөр үчүн жагымдуу кыргыз тилдүү чөйрө (бөлүшө турган видеолор, үй-бүлөлүк берүүлөр) жаратат. Ата-энелер балдарына орус же англис тилиндеги контенттин ордуна кыргызча сапаттуу медианы тандап беришет. Демек, ата-эне – мектеп – ЖМК формуласы түзүлүшү зарыл шарттардын бири деп эсептейм.
Мамырова Махабат Каримовна, филология илимдеринин кандидаты