• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

“Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар!”

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

“Кыргыз жери сопсонун,
Кыйласынан Ош сонун.
Алың-алың деп турат,
Ала допу досторум”, -деп акын Байдылда Сарногоев жазгандай байыркы Ош меймандостугу менен өзгөчө. Ош шаарынын 3026 жылдыгына карата Ош жөнүндө жазылган обондуу ырларды тизмектедик.
“Кыз бурак” тобу — «Мажүрүм тал Оштун символу», “Садагам Оштой жеримден”, Керим Турапов — «Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар», Түмөнбай Колдошов — «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?», Абдыманап Төрөбеков — «Бир келип кетчи Ош жакка», Жолболду Алибаев — “Ошко келип кеткиле оштуктарым”, Майрамбек Осмонов – “Ош”, Венера Назаралиева — «Ош» аттуу ырларды белек кылышса, Айнура Салахидинованын «Ош түнү», Гүлжигит Сатыбековдун «Оштук кыз», Кубаныч Сатаевдин «Түштүк кызы», Лутфилла Бусурманкул уулунун «Сулайман тоо», «Жоролор» тобунун «Ош сонун», Тотомидин Жолдошовдун «Ошко» аттуу ырлары да уккан кишини кайдыгер калтырбайт. Ош тууралуу ырдалган ар бир ыр Ошту, Ошто калган жаштыгыңызды, арзууңузду эске саларынан күмөндөнбөйбүз. Биз алардын айрымдарынын гана тарыхына токтолдук.

“Бажырайган жаздын гүлүндөй
Баргансызбы Ошко бир жолу?”

КРнын Эл артисти, “Кыз бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова:
“Сактасын суук көздөрдөн садагам Оштой жеримди”

-1990-жылы сөзү Мая Осмонкуловага таандык “Садагам Оштой жеримден” деген ырга обон жаздым. Бул ыр кыргыз-өзбектин арасынан кара мышык аралап кеткенде жазылган. Биринчи Гүлмира Эргешова, “Кыз бурак” тобу ырдап чыккан. Андан кийин Батма Султанова деген кыз ырдаган. Рыскелди Осмонкулов, андан кийин кайрадан “Кыз бурак” тобу ырдады. “Кыз бурак” тобунан кийин Мирбек Атабеков ырдап чыкты. Бүгүнкү күндө ар кандай муун жакшы көрүп ырдап жүргөн ырлардын бири.
“Мажүрүм тал Оштун символу” деген ырды дагы издеп жүрүп авторун таап обон жазганмын. Автору аксылык Мырзаболот деген акын жигит эле. Толук аты-жөнүн унутуп атам. Ырды “Кыз бурак” тобу ырдап чыккандан кийин Ош базарында автор менен жолугуп калып, бир сааттай бакылдашып сүйлөшүп турганбыз. Аябай ыраазычылыгын билдирди эле. Ырды толуктоо максатында акыркы куплетин автордун уруксаты менен өзүм кошуп койгонмун. Бул ырды “Кыз бурак” тобу ырдагандан кийин эч ким даап ырдай элек.


“Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар,
Кыргызымдын жүрөгүндө оту бар”

КРнын Эл артисти Керим Турапов:
“Ош жөнүндө ырдасам деп көп ойлончумун”

-Оштун кулуну катары Ош жөнүндө ырдасам деп көп ойлончумун. Бирок көп жылдар купулума толгон, мага жаккан ыр кезиктире алган жокмун. Ыр жазылган сөзүнө байланыштуу болот. Бул ырдын кайырмалары көңүлгө келип, өзүмчө ырдап калчумун. Анан Оштун сыймыктуу уулу Султан Раевге түшүндүрүп, ал дагы мен ойлогондой кылып текст жазып берген. Обонун өзүм жазганмын. Ырды атайын шаңдуу, салтанаттуу кылып жазганбыз. Андай болгону менен салмактуу, бир аз татаал дагы, оор дагы ыр. Кайсыл жерде ырдабайын угармандар жакшы кабыл алганын байкайм. Көбүнчө түштүк жергесиндеги салтанаттуу иш-чараларда ырдап берүүмдү суранышат. Бул да өзүнчө жетишкендик болсо керек. Ош – пайгамбарлар түнөп өткөн, пайгамбарлардын назары түшкөн ыйык жер. Оштуктар эле эмес, Ош менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанат. Сырттан келгендин баарын кучагын жайып тосуп алган элибиз бар. Мен Ошту оштук болгонум үчүн эмес, Оштун касиетине суктанган адам катары жакшы көрөм, сүйөм.

“Байырлап өзүңө келгенимде,
Бактысын ачкансың далайлардын”

Ырчы, обончу Майрамбек Осмонов:
“Бул ыр менен Ош элинин көңүлүн алганга жетиштим”

-Ошто Ибрагим деген өзбек аяш атам бар эле. Кичинекейибизде чөп маалында Токтогулга бир ЗИЛ толо дарбыз ала келип үйгө түшүрүп коюп, биздин чөптү ташып берип кетер эле. Азыр Ошко барган сайын Ибрагим деген аяш атам бар эле деп сурай берем. Атам аяш атамдын үйүн дөң жерде болчу эле деп айтып калчу. Ош дегенде ошол аяш атамдын адамгерчилиги жөнүндө айта алам. Ош – бир кадам артка кайрылсаң, кайра Сулайман тоосун көздөй буруп сагындырган ыйык жер. Оштун казаны кенен, курсагың тоёт. Ошто тоюнан кийин катташып, мүнөзүбүздү жатташып калган, тилегибиз балга окшоп батташып калган агайларыбыз, ага-тууган болуп калган сонун катнаштарыбыз, чыгармачылыкта тапкан агаларым бар. Ошолорду сагынабыз кадимкидей. Ошко ким губернатор, мэр болуп барбасын Ошту өзгөртө албайт. Тескерисинче, Ош адамдарды жакшы жагына өзгөртөт. Ошол адамды бөпөлөйт, жөлөп-таяйт. Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлаганды үйрөтөт. Сый-урматты билбеген адамды да Ош тарбиялап коёт. Кээде тоюм жок болсо деле, ал жакка бара турган оюм жок болсо деле нары жакка бир, бери жакка бир самолётко билет алып атайын барып келем. Барып көрүп, футбол ойноп, чыгармачыл адамдар менен жолугушуп, сагынычымды таркатып кайра келем. Анан чыгармачылык менен иштейм.
“Ош” аттуу ырыбыз да мына ушул сезимдердин күчөп, толгон кезинде “Ош, кандай сонун! Ош!” деп кыңылдап жүрүп, улам бир-эки саптан кошулуп отуруп, сөзү да, обону да бир пайда болуп калган чыгарма. Айпери Кулбаева, Венера Назаралиева үчөөбүз ырдаганбыз. Ырлар деле адамдар сыяктуу. Деңгээли өтө жогору классикалык ырлар, ортозаар, жүдөп-какаган ырлар болот. Той-пойго ээрчитпей турган ырлар болот дегендей. Бул ырды гениалдуу классика деп эсептебейм. Менин дараметиме жараша жазылган жүрөгүмдүн кубанычы гана. Ошко болгон сүйүүм, арзуум, сагынычым ошонун ичинде. Ырдын баары эле “Ак булуттар”, “Издейм сени”, “Жамгыр төктүдөй” элдин жан дүйнөсүн ээлей албайт да. Ошентсе да кыргыз эли бөлүнүп-жарылбаган, кайсыл жерге ким барбасын ошол жерди өзүнүкүндөй жакшы көрө билгендигинин далили деп ойлойм. Бул ыр менен эң ириде Ош элинин көңүлүн алганга жетиштим.

“Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?”
Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов:
“Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?”

-Бул ырдын сөзүн белгилүү журналист Токтогул Кенжеев жазган. Ал кайсыл жылдары жазганы менин эсимде жок. 2015-жылы акын Тазагүл Закированын поэзия кечесин ОшМУда өткөргөнбүз. Ошол кечени уюштуруп атсак, залга Токтогул Кенжеев дайымкыдай шляпасын кийип, таягын таянып келип калды. Анан: “Түмөнбай, мен сенин ырларыңды көз алдымда карап жүрөмүн. Жакшы иштеп атасың. Мен сага жакшы бир ыр берейин. Сага “Аманат дүйнө” деген китебимди алып келдим. Ошонун кырк канчанчы бетинде аталар жөнүндө, паланчанчы бетинде апалар жөнүндө ыр бар. Ошол жердеги ырларды бир карап көрсөң. Сага ылайык келсе керек деп ойлоймун”- деп калды. Китепти алдым. Анан: “Аба, мен сизге убада бере албаймын обон жазам деп” десем, “сенден ким убада сурап атат. Карап көр. Туура келсе жазасың, болбосо жок”-деп айтты. Бир топ убакыт өттү. Бир жумадан кийин колум бошоп калып, китепти барактап агай айткан беттерди карасам, ал ырлар согуш темасына арналган ырлар экен. Анан көп ойлондум дагы аксакал киши айтса кантип обон жаза албадым деп айтар экенмин деп барактап, ырларын четинен окуп баратсам, бир жеринде “Сен сагынбай жүрөсүң” деген ыр туруптур. Окуп эле ыр мага жакты. Обон жазганга дилгирленип калдым. Обон деле мени кыйнап узак мөөнөткө созулган жок. Кыска убакытта эле обонду жаздым. Обон жазылып бүткөндөн кийин акын Улукбек Омокеев экөөбүз ээрчишип алып, Токтогул Кенжеевдин үйүнө барсак ооруп жаткан экен. Бизди кабыл алды. Сүйлөшүп отуруп: “мен сиз айткан ырларга обон жаза албадым. Бирок башка ырыңызга обон жаздым” деп ырдап бердим. Агай жакшы кабыл алды. Улукбек экөөбүзгө калпак кийгизип, ыраазычылыгын билдирди. Анан 3-куплетте “Биз окуган Сулайман тоо, Ак-Буура, Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң” деп бүтөт экен. Ошол жеринде: “мен негизи акындардын текстин оңдой албайм. Уруксаты менен өздөрүнө оңдотом. Ушул жерди биз окуган дегенде “биз окуган ОшМУ, биз окуган ОГПИ” болуш керек эле. Маанисине караганда “Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура” десек туура болгудай” десем, “балам, сен кандай кылып оңдоп ырдасаң ырдай бер. Мен сага уруксат бердим” деп айтты. Бул ыр ошентип элге таралды. Жакшы угармандарды тапты. Клибинде болсо авторлордун туулган жерине кайрылуу иретинде жигитти Ала-Буканын, кызды Алайкуунун кызы кылып тартып койгонбуз. Себеби, Токтогул Кенжеев кадимки Сооронбай Жусуевдин жээни болчу. өңү, баскан-турганы, сүйлөгөндөрү да окшош эле. Алайкуудан чыккан акын эле. Бул киши өзү: “менин өмүрүмдүн көп жылдары журналистика менен кетти. Менин тең-туштарым Кармышак Ташбаев, Төлөгөн Мамеев болчу. Эгер мен дагы чыгармачылык менен астейдил отурганда алар сыяктуу эл акыны болмокмун. Азыр 2-3 чоң дептерде ырларым бар. Ошолорду китеп кылып чыгарып койсом жакшы болот эле”- деп жүрдү. Бирок ошол максат-тилектери ишке ашпай калды.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *