• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Токойчу: “Карышкырлар менен бетме-бет келет элек…”

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

Тоолорду бойлой созулган токойлор, кылымдарды карыткан арчалар жана жапайы жаныбарлардын мекени болгон Ош токой чарбасы 103 976 гектар аянтты ээлейт. Бул кеў аймакты коргоо жана сактоо — токойчулардан чоў жоопкерчиликти жана тынымсыз эмгекти талап кылат. Токойду коргоо, жаўы кєчєттєрдї єстїрїї жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу Ош токой чарбасынын башкы токойчусу Игамбердиев Талантбек Акимович айтып берди. Баса, каарманыбыздын атасы да, чоў атасы да токойчу. Демек, атадан балага єткєн кесип кєпчїлїгїнє эле кызык болсо керек.

Талантбек мырза, сиздерге караштуу токой чарбачылыгынын жалпы аянты канча?

Бизге караштуу Ош токой чарбасынын жалпы аянты 103 976 гектар. Анын ичинен 26 853,2 гектар жерди токой каптап турат. Ал эми 72 921,4 гектар аянт токой каптабаган жерлерге кирет. Мындан тышкары, 4 201,4 гектарга жакын аймакты мөңгүлөр, аска-зоолор жана башка табигый жер тилкелери түзөт. Ош токой чарбасынын аймагы деңиз деңгээлинен 800 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Негизги бөлүгүн арчалуу токойлор ээлейт. Арча токойлору биздин аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени алар тоолордун экологиялык тең салмактуулугун сактоого, топуракты бекемдөөгө жана жаратылышты коргоого чоң салымын кошот деп айта алам.

Айтыңызчы, сиздин негизги милдетиңизге эмнелер кирет?

Токой чарба кызматкерлеринин негизги милдети, албетте, токойду коргоо, сактоо жана аны өнүктүрүү. Бул бир эле бак-дарактарды карап коюу менен чектелбейт. Токойдун абалын көзөмөлдөп, мыйзамсыз кыйылууларга жол бербөө, өрттөн жана башка коркунучтардан сактоо. өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жана жалпы жаратылышты коргоого да өзгөчө көңүл бурабыз. Ар бир кызматкер өзүнө бекитилген аймакка жоопкерчилик менен мамиле кылып, токойдун бүгүнкү абалын гана эмес, анын келечегин да ойлоп иштеши керек. Анткени токой — жаратылыштын маанилүү бөлүгү. Аны сактоо бир гана бүгүнкү күн үчүн эмес, келечек муундар үчүн да чоң жоопкерчилик. Ошондуктан биздин негизги максат — токойду көздүн карегиндей сактап, анын байлыгын көбөйтүп, кийинки муундарга жеткирүү. Токой чарбасынын дагы бир негизги милдеттеринин бири — экме токойлорду өстүрүү. Башкача айтканда, токойду табигый жол менен сактоо менен бирге жаңы көчөттөрдү отургузуп, токой аянттарын көбөйтүү боюнча да иштерди жүргүзөбүз. Белгиленген планга ылайык, 2026-жылы мамлекеттик токой фондунун жерлерине жалпы 45 гектар аянтка ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Көчөттөр отургузулган аймактардын айланасы толугу менен тосмолонуп, аларды мал-жандыктардан жана башка сырттан келүүчү таасирлерден коргоого шарт түзүлдү. Мындан тышкары, биздин көчөтканаларда токой дарактарынын 12ден ашык түрү өстүрүлөт. Алар атайын эгилме жана себилме аянтчаларында багылып, белгилүү бир өлчөмгө жеткенден кийин токой аянттарына отургузууга даярдалат.

Сиздердин аймакта кандай жаныбарлар кездешет?

Токой чарбанын аймагы негизинен бийик тоолуу жерлерде жайгашкандыктан, бул жерде жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын ар кандай түрлөрүн кездештирип калабыз. Алардын арасында карышкыр, түлкү, суур, кашкулак, жапайы доңуз жана чөө сыяктуу жаныбарлар бар. Ал эми канаттуулардан кекилик, чил, улар сыяктуу тоолуу аймактарга мүнөздүү куштар кездешет.

Өзгөчө корголууга тийиш болгон кайсы дарактарды кыюуга болбойт?

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө корголуучу дарактарга арча, жаңгак, мисте жана бадам дарактары кирет жана бул дарактарды кыюуга таптакыр уруксат берилбейт. Азыркы учурда жарандарга токойду коргоо жана сактоо боюнча токой чарба кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгендиктен, жарандар деле табиятка түшүнүү менен аяр мамиле жасап калганына күбө болуп эле келе жатабыз. Эгерде токойдогу дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы катталса, мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү иш кагаздары толтурулат. Андан кийин бардык материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Биздин негизги максатыбыз токойду мыйзамсыз кыюудан коргоо жана жаратылышка зыян келтирген мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Токойлорго кандай коркунучтар көбүрөөк жаралат?

Токойлорго эң көп коркунуч жай мезгилинде жаралат. Анткени аба ырайы ысып, температура жогорулаганда өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Ошондуктан жай мезгилинде токойлорду өрттөн сактоого өзгөчө көңүл буруп, алдын алуу иштерин жүргүзөбүз.

Атадан балага өткөн кесипти аркалайт экенсиз, чоң атаңыз, атаңыз да токойчу экен. Алар айтып берген кесипке байланыштуу кандай окуяны эстейсиз?

Ооба, токойчулук биздин үй-бүлөдө муундан-муунга уланып келе жаткан кесип. Чоң атам да, атам да өз өмүрлөрүн ушул тармакка арнап, токой чарбасында үзүрлүү эмгектенип келишкен. Азыркы учурда атам дагы токой чарба кызматкери болуп иштеп жатат. Ал көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, иштин майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтүп, ар дайым өзүнүн акыл-насаатын айтып келет. Ошондуктан мен үчүн токойчулук жөн гана кесип эмес, үй-бүлөбүздүн эмгек жолу менен байланышкан өзгөчө кадырлуу кесип.
Атамдын айтып берген окуяларынын ичинен бир окуя өзгөчө эсимде калган. Жаз мезгилинде экме токойлорду отургузуу иштери кызуу жүргөн учурда токойчулар талаада чатыр тигип алып, жумушту бүтүрүү үчүн бир нече жума ошол жерде жашап, эмгектенишчү экен. Тоо арасында, токой ичинде иштеп жүрүп кээде карышкыр же жапайы доңузга бетме-бет келип калган учурлар да болгон. Андайда коркуп турса да өзүн жоготпой, ар кандай амалдарды колдонуп, кээде үнүн бийик чыгарып жаныбарларды үркүтүп, коопсуз жерге чыгууга аракет кылышканын айтып калчу. Ушундай окуяларды укканда токойчунун эмгеги сырттан көрүнгөндөй эле жөнөкөй эмес экенин түшүнөсүң. Токойдо иштөө чыдамкайлыкты, кайраттуулукту жана өз кесибиңе болгон сүйүүнү талап кылат. Канчалык түйшүктүү жана татаал болсо да адам өз ишин сүйүп аткарса, бардык кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө болот деп эсептейм.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *