• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Таштандыдан тазалыкка, башаламандыктан бакчага

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

Ош шаарында 2026-жылы болуп көрбөгөндөй масштабдуу жашылдандыруу долбоору ишке ашууда — калаа аймагында дароо 30 жаңы чакан эс алуу бурчун ачуу пландалган. Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Азамат Советбек уулунун айтымында, ишкана өз ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу бюджеттик каражаттарды миллиондогон сомго үнөмдөп, сапаттуу эс алуу жайларын нөлдөн баштап курууга жетишти. Мындай кадам шаардын экологиялык абалын чыңдоо менен бирге, шаардыктарга ыңгайлуу эс алууга өбөлгө түзүүдө.

Соңку жылдары Ош шаарынын архитектуралык келбетин да, социалдык инфраструктурасын да түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган демилгелер жигердүү ишке ашууда. Мурда калаанын борбордук көчөлөрүнө гана басым жасалып келген болсо, азыркы тапта чектеш кичи райондорду жана калк жыш жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жөнөкөй сандардын артында шаар тургундарынын күнүмдүк турмушун жайлуу кылууга багытталган чоң эмгек, муниципалдык башкаруунун жаңыча мамилеси жана ресурстарды туура бөлүштүрүү тажрыйбасы турат.

Түп-тамырынан өзгөргөн короолор жана алгачкы 10 сквердин ачылышы

-Мурда кароосуз калып, таштандыга же иретсиз автоунаа токтотуучу жайга айланып бараткан көп кабаттуу үйлөрдүн алдын, жол бойлорун бүгүн таптакыр башкача кылып өзгөрттүк. Мурдагы башаламан аймактардан таштандылар толугу менен чыгарылып, нөлдөн баштап курулган 10–15 сотых аянтты ээлеген чакан парктар азыр тургундардын эң сүйүктүү эс алуу жайына айланды. Ар бир аймакты кылдат изилдеп, балдар жана улуу муун үчүн бирдей ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

10 сквер ачылып,пайдаланууга берилди

-Жаңы ачылган эс алуу бурчтарынын сапаттык деңгээлин шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана эң башкысы – калаа тургундары абдан жогору баалашты. Курулуш иштеринин кыска мөөнөттө жана жогорку сапатта аткарылышы жергиликтүү бийликке болгон ишенимди бир топ чыңдады.

20 миллиондун ордуна 16,5 миллион сом сарпталды

-Муниципалдык каржыны туура, сарамжалдуу бөлүштүрүүгө басым жасадык. Алгач шаардык бюджеттен 10 скверди курууга 20 миллион сом каралып, ар бир объектке болжолдуу 2–2,5 миллион сом сарптоо пландалган болчу. Бирок комбинат ички ресурстарын туура пайдалануунун жана жумуш процессин атайын оптималдаштыруунун аркасында бул сумманы бир топ азайттык.
Ишкана атайын оор техникаларды же кошумча жумушчуларды сырттан кымбат баада ижарага албай, өзүнүн техникалык жана туруктуу адистерин пайдаланды. Парктарды жашылдандырууга керектелген кооз гүлдөр, газондор жана бак-дарак көчөттөрү өзүбүздүн питомникте өстүрүлгөндүктөн, өздүк наркы кыйла арзанга түштү. Алгачкы жумуштар сапаттуу, ошол эле учурда арзан аткарылышы үчүн так эсептелген чакан тендерлер өткөрүлүп, ар бир сомдун сарпталышы көзөмөлгө алынды. Натыйжада, алгачкы 10 сквер 20 миллион эмес, болгону 16,5 миллион сомго толугу менен бүткөрүлдү. үнөмдөлгөн каражат жана аткарылган жумуштун натыйжалуулугу калаа башчысы тарабынан жогору бааланып, аталган демилгени андан ары кеңейтүү үчүн кошумча 20 миллион сом каражат бөлүп берди. Ушул колдоонун эсебинен 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 скверди пайдаланууга беребиз.

Демөөрчүлөрдүн кошкон салымы

-Шаарды өнүктүрүү жана жашылдандыруу аракеттери жеке бизнес өкүлдөрүн да кайдыгер калтырган жок. Жалпы белгиленген 30 сквердин ичинен экөө жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен салынды. Бул мамлекеттик мекемелер менен жеке сектордун ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын айкын үлгүсү болуп калды.

  1. «Он-Адыр» аймагындагы чакан сквер:
    Аймакты көрктөндүрүү алкагында «Партнер Нефть» компаниясы 3 миллион сом каражат бөлүп берген. Атайын өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында комбинат жумушту оптималдаштырып, бөлүнгөн каражатты 2,6 миллион сомго жеткирбестен, чакан скверди куруп, пайдаланууга берди. Калган каражат калыбына келтирүү иштерине сакталды.
  2. О. Акимбаев көчөсү
    «Шоро» компаниясы 10,5 миллион сомдук эс алуу жайын салып берди. Компания өз каражатына баштан-аяк заманбап эс алуу паркын курду. Бул эс алуу жайынын башкы өзгөчөлүгү — балдар ойноочу заманбап аянтчанын жана атайын шахмат бурчунун бардыгында. өз кезегинде комбинат кошумча 1 миллион сом бөлүү менен, сквердин айланасындагы жерге төшөлүүчү таманташтарды толугу менен жаңылап берди.
    Калган 8-9 сквер Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан каржыланып, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык параллелдүү түрдө жүргүзүлүүдө.

100% автоматташтыруу жана декаративдүү көчөттөр

-Быйылкы курулган эс алуу жайларынын дагы бир башкы өзгөчөлүгү — алардын инфраструктурасына заманбап технологиялардын киргизилишинде болуп саналат. Бул жашыл аймактардын узак мөөнөткө сакталышын камсыз кылат.

Автоматташтырылган сугаруу системасы

-Мурда отургузулган бак-дарактар жана газондор өз убагында сугат суунун жетишсиздигинен куурап калган учурлар тез-тез кездешчү. Бул өнөкөт көйгөйдү биротоло чечүү үчүн жаңы салынган парктардын баарында сугаруу системасы 100% автоматташтырылды. Эми өсүмдүктөр белгиленген убакта керектүү өлчөмдө суу менен камсыз болуп турат.

Сырттан алынган экзотикалык көчөттөр

-Ландшафттык дизайнды жаңыртуу жана шаардын эстетикалык сулуулугун жогорулатуу максатында сырттан атайын декоративдүү сейрек көчөттөр алынып келинип отургузулду. Комбинат адистеринин туура кароосунун жана жер кыртышын туура даярдашынын аркасында бул өсүмдүктөрдүн 90%дан ашыгы жергиликтүү климатка ийгиликтүү көнүп, көктөп кетти.

Жаңы ачылган жана курулуп жаткан скиверлерлин даректери

Калаа аймагында тургундардын эс алуусу үчүн заманбап шартта курулган жана пайдаланууга берилип жаткан скверлердин даректери төмөндөгүчө:

  1. Абакир уулу Төрөбек көчөсү;
  2. А. Шакиров көчөсү (болжол: Карл Маркс);
  3. А. Шакиров көчөсү (болжол: «Нооруз» рестораны);
  4. И. Раззаков көчөсү (болжол: «Дадабай» кафесинин тушу);
  5. И. Раззаков көчөсү (болжол: «Айыл Банктын» тушу);
  6. И. Раззаков көчөсү (болжол: Кадастр, МПАнын тушу);
  7. Черемушки кичи району («Киргизиянын» тушу);
  8. Черемушки кичи району (В. Терешкова көчөсүнүн тушу);
  9. Алымбек Датка көчөсү (Резиденциянын жанында);
  10. Алымбек Датка көчөсү (Атайын оорукананын жанында).
  11. Раззаков көчөсү;
  12. А. Масалиев көчөсү;
  13. Ишкаван айылы;
  14. Айни жана Геодезия көчөлөрүнүн кесилиши;
  15. Курманжан Датка көчөсү (болжол: Ош шаардык мэриясы);
  16. Достук көчөсү;
  17. БУУнун (ООН) сквери;
  18. Алымбек Датка көчөсү;
  19. Санкт-Петербург көчөсү;
  20. өзгөн көчөсү.

Бул парктардын толук жоопкерчилиги кимде болот?

Салынган скверлердин баары мыйзам түрүндө атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын балансына өткөрүлүп берилет. Ар бир объектинин аянты, наркы жана инфраструктуралык абалы так документтештирилип кабыл алынат. Мындан аркы тазалык, жашыл аймакты сактоо жана сугаруу иштерине комбинат өзү толук жоопкерчиликти алат. Буга жакында атайын штаттар ачылып, 50 жумушчу алуу дагы каралууда.

Айша Нуридинова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *