• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ниязбек Нурбаев: “Атам бизге билим менен тарбияны мурастады”

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

Бүгүнкү маектешибиз балалык чагын китеп дүйнөсүндө, көп бир туугандын мээриминде өткөрүп, ата өрнөгүн өмүрлүк ураан кылып алган инсан. өмүр жолунда юристтин тактыгын, ишкердин чечкиндүүлүгүн жана эл өкүлүнүн жоопкерчилигин айкалыштырган Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев менен атадан калган улуу мурас, билимдин күчү жана өмүр бурулуштары тууралуу маек курдук.

– Ниязбек Мамадрасулович, сиз көп бир туугандын арасында чоңоюпсуз. Көпчүлүктүн тилин табуу, сабырдуулук жана лидерлик сапаттар сизге балалыктан, үй-бүлөдөн берилген тарбия болсо керек?

– Туура айттыңыз, мен чоң үй-бүлөдө чоңойгом. үй-бүлөдө 5 уул, 4 кыз. Атама, агаларыма карап түздөнүп, алардын берген тарбиясынын уландысы катары ушул деңгээлге жеттим деп ойлойм. Атам сөзсүз билимдүү болушуңар керек деп айтар эле. үйдө, талаада жумуш үйүлүп турса да, бизди сабактан калтырчу эмес. «Мектептен калба, университеттен калба, сабагыңды окуп келип, анан калган жумушту бүтүрөсүң» дечү. Биздин убакта үйдө гезитке жазылуу салты бар эле. «Комсомольская правда», «Известия», «Труд», «Советтик Кыргызстан», «Ала-Тоо», «Ленинчил жаш» жана «Пионер», «Байчечекей» сыяктуу балдарга ылайыктуу басылмалардын баарына жазылат эле. Атам айыл чарба тармагында иштегендиктен, жайында талаада жумуш кылчубуз. Кышында болсо жумуш аз убакта китеп окуу менен убактыбыз өтчү. Атамдын көз айнекчен гезит окуганы дале эсимде. Мен да жанында отуруп журналдарды окуйт элем. Бир туугандарымдын баары жогорку билимдүү, элге кызмат кылган инсандар болду. Чоң агам Абдыманап бажы тармагында иштеп, пенсияга чыкты. Экинчи агам Абдыаким — механик. үчүнчүсү Абдывахаб Жогорку Кеңештин депутаты болгон, төртүнчү агам Таалай — Ош шаардык милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары. Улуу эжем бухгалтер, экөө мугалим, бирөө медицина кызматкери, мен кенжесимин.

-Кыргызда «ата көргөн ок жоноор» деген жакшы сөз бар. Сиз атаңыздан алган сабакты өз балдарыңызга өткөрүп бере алдыңызбы?

-Атам айыл чарба тармагында агроном болуп иштеген. Бирок пенсияга чыгып, 90-жылдардан кийин Аксакалдар сотунда эмгектенди. Кийин Гүлбаар -Төлөйкөн айылдарында айыл башчы болуп иштеди. Дин жолунда жүрүп, беш убак намазын каза кылбаган киши эле. Мен үчүн атам менен апамдын батасы эң чоң дем-күч болду. Эр ортону элүү жашка келсем да, төрүбүздө отурган 91 жаштагы апамдын жанында өзүмдү жаш баладай сезем. Кээде жумуштан кеч калсам, баягыдай эле кыжаалат болуп урушуп калат. Мамлекеттик жумушту түшүндүрсөм апам «балам, кеч калсаң кыжаалат болом да» дейт. Атам пенсияга чыккандан кийин 10 жыл бою баргысы келген жерлерине ташып жүрдүм. Мүнөзү абдан катуу, чечкиндүү киши эле. Бүгүнкү ийгиликтеримдин баары -ата-энемдин мага болгон ишеними жана ак батасы деп билем. Атамдын бизге калтырган эң чоң мурасы бул билим менен тарбиясы болду. Менин 3 уул, 2 кызым бар. Балдарыма да ата-энемден алган тарбияны үйрөтүп келем. Улуу балам Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуп жүрүп учурда АКШнын Сиэтл шаарында окуп жатат. Кызым лингвистика багытын тандады. Быйыл Кытайга магистратурага бюджетке тапшырды. Уул-кызым өз контракттарын өздөрү төлөп окугандыктан, агаларым «сен студент окутпадың» деп тамашалап калышат. Башка балдарым да өз жолун табууда: экинчи уулум курулуш тармакта, үчүнчүм 11-класста, бизнес багытына барам дейт. Ал эми кенжебиз 3-класстын окуучусу. Келинчегим бала бакчада тарбиячы.

— Жакында эле Жапалактагы №48 мектепке атаңыздын ысымы ыйгарылды…

-Атам эл менен көп иштешти. Айыл аксакалы болгондуктан, жашоочулар өздөрүнүн ар кандай көйгөйлөрү менен үйгө көп кайрылышар эле. Жапалак айылына чогулушуп, эки мектепти куруу демилгесин башташкан. Аректеги жана Озгурдагы мектептерди элден акча жыйып, атам кирпич берип башташкан. 1960-жылы курулган имарат алгач айыл өкмөтүнүн конторасы, кийинчерээк бала бакча болгон. 2008-жылдагы жер титирөөдөн улам дубалдары жарылып, ишин толугу менен токтоткон. Атам чуркап жүрүп, 350 орундуу жаңы мектептин курулуш долбоорун баштаткан. Мектеп 2009-жылы пайдаланууга берилет. Орусча айтканда, «святое место пусто не бывает» деп коёт эмеспи, «мектеп курулуп бүткөндөн кийин башка бир ат коёлу» деген сунуштар чыкканда аксакалдар: «Бул мектепке эч кимдин акысы жок, бул жерде Мамадрасул абабыздын мээнети, маңдай тери бар» деп каршы болушат. Мектепти 20 жылга жакын убакыт бою жөн гана №48 орто мектеби деп атап келишкен. Атам 2019-жылы 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Мыйзамда «социалдык объекттерге адамдын аты ал дүйнөдөн өткөн соң 5 жылдан кийин гана ыйгарылат» деген атайын жери бар. Быйыл окуу жылынын башында атамдын ысымын мектепке ыйгардык. Мектепке атайын окуу залы кылып жасап, аны китептер менен толуктап бердик. Негизи атамдын атын мектепке коюу — биз үчүн чоң сыймык, ошол эле убакта бул бизге чоң жоопкерчилик. Биз мектептин директору менен «биз сизге билим берүүнү өркүндөтүүгө жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жардам беребиз» деп келиштик. Бир туугандар жана атамдын неберелери болуп «Нурбаев» фондун түзгөнбүз. Ошол фонддун эсебинен окуу залына 500дөй жаңы китеп жана керектүү эмеректерди алып бердик. Буга чейин Абдывахаб акем мектепке такай жардам берип, колдоп жүргөн. Акыркы 2-3 жылдан бери физика- математика предметтери боюнча окуучулар арасында атайын олимпиадаларды өткөрүп берүүдөбүз. Ата-энелердин арасында китеп окуу конкурсун уюштурам. үй-бүлө менен мектептин ортосундагы байланыш жана анын балага болгон таасири боюнча семинарларды такай өткөрүп келебиз. Ошондой эле 2013-жылдан бери «Призма» окуу борборунун филиалын ачканбыз. Анда мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоо боюнча иш алып барабыз. Ар бир мектептен 4-5тен баланы тандап алабыз. Сабак берген мугалимдердин айлыгын толугу менен өзүбүздүн эсебибизден төлөп, балдарды ЖРТга даярдайбыз. Анда негизи 30-40тай бала окуйт. Бул курста окуган балдардын жыйынтыгы эң жогорку балл алгандары 235ке чейин жетсе, төмөнкү 165 балл болду. Окуучулар ЖОЖдорго бюджеттик негизде окууга өтүштү. Көп жерлерге жолугушууларга барсам, биз окуткан окуучулар учурашып калышат. “Агай, мен «Призмада» окуганмын, азыр Ала-Тоо университетинде окуйм» деп айтканда сыймыктанам. Ошолорду көргөндө кылган ишим эл үчүн, жаштар үчүн болгонуна жана анын реалдуу пайдасы тийип жатканына абдан кубанам.

– Айылдан чыккан баланын бүгүнкү ийгилиги бул чоң эмгектин натыйжасыбы?

–Жогорку окуу жайды бүткөн жылы агам курулуш тармагында өзүнүн жеке ишкерлигин баштап жаткан убак эле. «Мага жардам бербейсиңби» дегенинен, макул болуп чогуу иштешип калдык. Ал жерде10 жылдай иштеген соң өзүмдү башка тармакта сынап көрөйүн деп 2-3 жерге резюмемди тапшыргам, мени ишке чакырышты. Документтеримди даярдап жатсам, акем мага карап: «Ушул жерде иштегениң жакшы эле го, же менден тажадыңбы?» дегенинен, башка жумуштардан баш тартып койгом. Бул менин жашоомдогу эң чоң бурулуштардын бири болду. Башында жумушту жөнөкөй эле документ иштери менен баштап, кийинчерээк объекттерге жөнөттү, убакыт өтүп жетекчинин орун басары болдум. Кийинчерээк бул тармакта толук такшалып, чоң тажрыйба топтогон соң өзүм жеке фирма ачып, курулуш тармагында өз алдынча иштеп келдим. Бул багытта баш-аягы 22 жыл бою эмгектендим. “Сен депутат болбосоң деле элдин көйгөйүн ичинен аралашып, чечип чуркап жүрөсүң. Шайлоодо депутаттыкка талапкерлигиңди койсоң толугу менен колдойбуз» деп эл өзү мени сунуштап чыкты. Ошентип, шайлоодо талапкерлигимди коюп, партиялык система менен өткөн шайлоодо элдин татыктуу добушун алып келдим. Мына эки жылдан бери элдин айткан ишеничин, сунуштарын аткаралы деп болгон аракетибизди жумшап иштеп жатабыз. Элдин көтөргөн маселелерин аткаруу бийлигине — мэрияга түз жеткирип, билим берүү, курулуш, медицина тармагы болобу, айтор, көйгөйдү чечкенге укуктук алкакта болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

– Өмүр баяныңызда үч чоң багыт бар экен: юриспруденция, курулуш бизнеси жана саясат. Сиз өзүңүздү ичиңизден көбүрөөк ким деп сезесиз?

–ОшМУнун юридика факультетин, ОшТУнун инженер-курулушчу адистигин бүтүргөм. Мен өзүмдү курулушчу деп эсептейм. Себеби 22 жыл ушул тармакта иштедим. Юридика тармагын кошо алып кеттим, документ иштерин бүт өзүм аткарчумун. Айылдагылар деле “сен юрист эмессиңби муну кандай кылса кандай болот?” деп кагазын көтөрүп келе беришчү, жеке кабинет ачпасам да алымын жетишинче жардам берер элем. Адамзаты жашап турганда керектүү кесиптин бири бул курулуш тармагы болуп кала берет. Юристтин тактыгы менен курулушчу-ишкердин ыкчамдыгы мага элдин көйгөйүн чечүүдө, коомдун оор жүгүн көтөрүүдө чоң көмөк көрсөтүп жатат. Андыктан мен өзүмдү бул үч тармактын тең айкалышы катары сезем жана алардын ар бири эл үчүн жасап жаткан иштериме өбөлгө түзүп келет. Саясатчы катары киришкениме аз эле убакыт болду, өзүмдү саясатчымын деп толук эсептебейм. Бирок эл өкүлү болгондон кийин элдин маселесин талаптарын аткаруу керек.

– Жапалактан шайланган эл өкүлү катары аймактагы кайсы орчундуу маселелерди чече алдыңыз?

Биринчи кезекте газдаштыруу 2007-жылдан бери чечилбей келген. Убагында чоң долбоор башталып, бирок ортодо 1 чакырым 700 метр аралыкка газ түтүктөрү тартылбай калган. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, кийин калаа башчысы Жанар Кубанычович менен биргеликте чечтик. Муну менен борбордук трасса боюнча газдаштыруу 100 пайызга чечилет. Экинчиден, биз шайлоочуларга билим берүү тармагын артыкчылыктуу багыт катары убада кылганбыз. Бул боюнча Тээке айылында 120 орундуу мектеп быйыл шаар күнүнө карата пайдаланууга берилет. Татар айылына бала бакча куруу маселесин Финансы министрлиги жана депутат Алтынбек мырзанын колдоосу менен чечтик. Кийинки жылы жайында бүтсө, Жапалакта бала бакча көйгөйү толугу менен жоюлат. Негизинен дээрлик бардык мектептерге кошумча корпустар курулуп, маселе чечилген. Бирок №48 мектепте көйгөй бар. Анда 1200 бала 3 смен менен окуп жатат. Бул мектептин аймагы тар болгондуктан, норма боюнча кошумча корпус курууда кыйынчылыктар жаралган. Учурда 390 балага ылайыкталган кошумча курулуштун долбоору чийилип жатат. Кудай буюрса, 2027-жылга чейин жаңы корпус курулуп, бул маселе да чекит коюлат.

Бурул Исмаилова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *