• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Окуучулардын өлүмү – кооптуу коңгуроо

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышы Жалал-Абад облусунда эки бирдей мектеп окуучусунун өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуяга туш келди. Бул трагедиянын артында өспүрүмдөр арасындагы кадимки эле мушташ, тагыраагы, тамыр жайган мектеп рэкети турат. Тилекке каршы, акыркы жылдары өлкөбүздө үй-бүлөлүк зомбулуктан ажал тапкан аялдардын жана өз ара мушташтан каза болгон окуучулардын саны өсүп, катталган кылмыштардын үрөйдү учурган статистикасын түзүүдө. Бул коомдогу агрессиянын жана зордук-зомбулуктун деңгээли критикалык чекке жеткенинен кабар берген өтө кооптуу коңгуроо. Бул боюнча ата-энелер, мугалимдер эмнени билиши керек, кененирээк макалада токтолобуз.

Тамыр жайган ташбоордук

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда 17-18-сентябрда эки бирдей өспүрүмдүн ур-токмоктон каза болушу бүтүндөй өлкөнү титиретти.
Сузактагы окуя 17-сентябрга караган түнү саат 23:30 чамасында Багыш айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылында, №25 Тажибаев атындагы мектептин аймагынан сырткары жерде болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы 9-классты аяктап, учурда эч жерде окубаган эки өспүрүм жигит 10-11-класстын окуучуларын чогултуп, «дедовщина» уюштурушкан. Чыр учурунда 10-класстын окуучусу көкүрөк тушка сокку жеп, эс-учун жоготкон. Ал Октябрь аймактык ооруканасына бара жаткан жолдо каза болгон. Факты Сузак РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү», өлүмгө алып келген) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми Чаткалдагы окуя 18-сентябрь күнү Курулуш айылында болгон. 11-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларын мектептин дааратканасында сабашкан. Алган жаракаттарынан улам 2011-жылы туулган 9-класстын окуучусу (Д.Р.) Чаткал аймактык ооруканасына жетпей жолдо көз жумган. Ошондой эле дагы бир окуучунун колу сынганы маалымдалган. Бул факт боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен иш козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Милиция шектүү катары 2009-жылы туулган төрт өспүрүмдү 11-класстын окуучуларын кармаган. Ала-Бука райондук сотунун чечими менен 4 окуучу тең 2 айга камакка алынды.
Бул трагедиялар жөн эле кокустук эмес, бул мектептерде тамыр жайып кеткен зордук-зомбулуктун, таш боордуктун жана кодулоонун ачуу кесепети. Бүгүн биз ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук балдарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн коңгуроо кагышыбыз керек. Бул кылмыштардын башатында көбүнчө «буллинг» деп аталган коркунучтуу көрүнүш жатат.

Буллинг деген эмне?

Буллинг (мектептеги коркутуп-үркүтүү, басмырлоо) бул – бир же бир нече окуучу тарабынан башка бир окуучуга карата системалуу түрдө көрсөтүлгөн физикалык, психологиялык же моралдык кысым. Анын негизги максаты — курмандыкты коркутуу, басынтуу жана өзүнө көз каранды кылуу. Мектепте анын төмөнкүдөй түрлөрү көп кездешет: физикалык: уруу, түртүү, сабап акча талап кылуу (рэкетчилик), жеке буюмдарын тартып алуу. Вербалдык (оозеки): лакап аттарды коюу, шылдыңдоо, коркутуу, кемсинтүү. Психологиялык (социалдык): бала тууралуу ушактарды таратуу, аны классташтарынан бөлүп таштоо, бойкот жарыялоо.

Кибербуллинг

Интернетте, социалдык тармактарда же мессенджерлерде баланы мазактоо, уят кылуучу сүрөттөрүн жайылтуу.
Акыркы 5 жылдын ачуу
сандары: 27 бала каза тапкан
Расмий статистика жакаңды карматат. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жана укук коргоо органдарынын акыркы беш жылдагы расмий маалыматтары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун кооптуу деңгээлге жеткенин көрсөтөт. өлкө боюнча өспүрүмдөр катышкан кылмыш ишинин саны бир жылда эле 11%га өскөн. Кылмыштардын басымдуу бөлүгүн уурулук (35,1%) жана талап-тоноо (18,4%) түзөт, бул мектеп рэкетинин түздөн-түз кесепети. Бир эле жарым жылдык көрсөткүчтө кылмыштан жабыркаган балдардын саны 599га жеткен. Алардын ичинен эң аянычтуусу — ар кандай кагылышуулардан, сабап кетүүдөн жана рэкетчиликтин айынан 27 бала каза болуп, 130 өспүрүм оор жаракаттарды алган. ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө катталган расмий мектеп рэкетинин теңинен көбү, тактап айтканда 50%дан ашыгы да Жалал-Абад облусуна туура келет. Мектепте кодулоого-буллингге туш болгон өспүрүмдөрдүн 58% жардам сурап чоңдорго такыр кайрылышпайт. Алар зомбулукту ичине катып жүрүп, акыры өз өмүрүнө кол салууга суицидге чейин барышат.

«Зомбулук – баланын ички агрессиясынын сыртка чыгышы»

Балдар психологу Айчүрөк Калматованын айтымында зомбулук бул баланын ички агрессиясынын сыртка чыгышы.
-өспүрүм курак адамдын психикасынын эң аялуу учуру. Бул маалда балдар өзүн коомго далилдөөгө, лидер болууга умтулушат. Тилекке каршы, кээ бирлери муну алсыздарды басынтуу же күч колдонуу аркылуу ишке ашырууга аракет кылышат. Мен 19 жылдан бери педагог-психолог катары балдар менен иштешип жүрүп айрым ата-энелердин кайдыгерлигине кейийм да. Ата-энелерге айтарым, бала үйгө келгенде «бүгүн кандай баа алдың?» деп гана сурабастан, «бүгүн маанайың кандай, сени капа кылган эч нерсе болгон жокпу?» деп анын ички сезимдери менен кызыгып, сураңыз. Бала мектептеги көйгөйүн айтканда, үйдөн тил угуудан же шылдың болуудан коркпошу керек. Эгер балаңыз үйдөн жаныбарларды кыйнаса, ини-сиңдилерине кол көтөрсө же тез ачууланса бул анын ичинде чоң агрессия же коркуу бар экенинен кабар берет. үй-бүлөдөгү дайыма уруш-талаш, зомбулук баланы мектепте башкалардан өч алууга түртөт.
Балаңыздын жардамга муктаж экенин кантип билсе болот?Көбүнчө балдар коркконунан же уят болгонунан улам мектептеги кысым тууралуу үйдө айтышпайт. Эгерде балаңыздан кандайдыр бир белгилерди байкасаңыз, дароо аракетти баштаңыз. Мектепке баруудан баш тартат же ар кандай шылтоолорду (башым, кардым ооруп жатат деп) табат. Окуусу күтүүсүздөн начарлап кетет.үйгө кийимдери айрылып, буюмдары жоголуп же сынып келет, бирок муну түшүндүрүп бере албайт. Денесинде көк ала, чийилген тактар пайда болот. Кээде бала окуяны жашырып, «жыгылып кеттим» деп калп айтышы мүмкүн. Чөнтөк чыгымдары үчүн үйдөн тез-тез же көп акча сурай баштайт, бул рэкетчиликтин түз белгиси. Ошондуктан урматтуу ата-энелер, балаңызды байкап, сырдашыңыз, бардык нерсенин алдын алса болот, окуя курчуп кетпеши үчүн алдын алуу эң туура жол деп айтар элем.

Айгүл Чотбаева, социалдык
педагог, тилчи:

“Үч тараптуу байланыш гана натыйжа берет”

-Мен өзү тилчимин, бирок бир учурда мектепте социалдык педагог болуп иштедим, ошондогу тажрыйбага таянып буларды айтар элем. Биздин коомдо ушундай терс окуя менен коштолуп кеткен учурда коомчулук айыпты кимге коерун билбей, айыпкерди издеп калышат. Мектептеги тартипти сактоо жана рэкетчиликти жоюу бул бир гана мугалимдин иши эмес. Бул жерде үч тараптуу, тагыраагы: мектеп, үй-бүлө, укук коргоо органдары менен бекем байланыш болууга тийиш. Кээ бир убакта мугалимдер “эми окуучуларга кароол болобузбу” дешсе, ата-энелер “силер карашыңар керек, силер байкашыңар керек” деген убактар болот. Окуучулар арасында «арыздануу бул саткындык эмес, бул өзүн жана досун кылмыштан сактап калуу» деген түшүнүктү калыптандыруубуз керек. Жарым жылда бир эмес, ай сайын класстарда жашыруун сурамжылоо (анонимдүү анкета) жүргүзүп туруу кажет. «Сенден акча талап кылгандар барбы? Мектепте кимден коркосуң?» деген суроолор аркылуу рэкетчиликти эрте аныктоого болот. Эң башкысы кайдыгерликти жоюу зарыл. Тыныгуу учурунда мугалимдердин коридордо, өзгөчө дааратканалардын жанында жана мектептин арткы короосунда нөөмөттө туруусун катуу көзөмөлгө алуу шарт. Себеби коомчулукта орун алган бул окуялар кылмыштардын көбү дал ушул көзөмөлсүз калган «караңгы бурчтарда» болуп жатканын маалымдалып жатат. Заман өнүккөн убакта видеокамераларды коюу кажет.

Мыйзамдын каары кандай?

Мектептеги зордук-зомбулук жана рэкетчилик кайгылуу өлүм менен аяктаган учурда коомчулукта дароо «жашы жете элек кылмышкерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби?» деген кооптонуулар жаралат. Бул багытта ата-энелер жана мугалимдер өлкөнүн мыйзамдарын жана дүйнөлүк тажрыйбаны билүүсү шарт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, негизги кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан башталат. Бирок өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу курагы 14 жашка чейин түшүрүлгөн. Адам өлтүрүү (122-берене) жана ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене) боюнча өспүрүмдөр 14 жашынан баштап түз эле кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Сузак жана Чаткалдагы окуялар дал ушул беренелер менен козголгондуктан, шектүү окуучулардын жашы 14төн ашкан болсо, алар кадимкидей мыйзам алдында жооп беришет. Мыйзам боюнча18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө эң оор кылмыш жасаган учурда да чоңдор сыяктуу өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилбейт. Жашы жете электер үчүн эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтү 10 жылдан ашпайт.

Башка өлкөлөрдөгү тажрыйба

Коңшу Казакстан акыркы жылдары мектептеги кодулоого каршы КМШ аймагында эң катаал мыйзамдарды кабыл алды. Казакстанда Кодекске атайын «Баланы буллинг (кодулоо) кылуу» деген өзүнчө берене киргизилген. Эгер өспүрүм башка баланы кордоп, акча талап кылса же шылдыңдаса, анын ата-энесине ири өлчөмдө айып пул салынат же өспүрүм өзү каттоого алынып, ата-энесинин укуктарын чектөөгө чейин чара көрүлөт.
Францияда 2019-жылы кабыл алынган «Ишеним мектеби» мыйзамынын негизинде «мектеп рэкети» үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Мектепте башка окуучуну системалуу түрдө басмырлап, анын өлүмүнө же суицидге барышына себепкер болгон өспүрүмдөр (жашына карабай) атайын жабык типтеги тарбиялоо колонияларына узак мөөнөткө кесилет жана ири суммадагы айып пул төлөшөт. АКШнын көпчүлүк штаттарында «Зордук-зомбулукка нөлдүк толеранттуулук» (Zero Tolerance) саясаты иштейт. Мектепте рэкетчилик же курал колдонуу менен мушташуу катталса, окуучу эч кандай эскертүүсүз дароо мектептен айдалат жана анын иши сотко өткөрүлөт. Ошондой эле баласынын бейбаштыгын билип туруп чара көрбөгөн ата-энелер да сот жообуна тартылат. Германия жана Финляндияда укуктук жазадан сырткары, рэкетчилик кылган баланы башка мектепке мажбурлап которуу жана анын үй-бүлөсүн психологиялык реабилитациядан өтүүгө мажбурлоо мыйзамдаштырылган. Эгер баш тартышса, мамлекет тарабынан берилүүчү бардык социалдык жардамдар, жөлөк пулдар токтотулат.

Жылдыз Султан

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *