• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

“Ак нике” — жалгызды жуп кылган агенттик

Автор:Osh Shamy

Сен 28, 2026

«Качан үйлөнөсүң?», «күйөөгө качан тиесиң?» деген сөздөр ар бир бойдок үчүн эң тажатма суроо экени талашсыз. Туугандардын кысымынан тажап, бирок тагдырлаш адамын жолуктура албай жүргөндөр үчүн Оштогу «Ак нике» агенттиги чыныгы куткаруучуга айланды. Бул жөн гана таанышуу борбору эмес, үй-бүлө курууга олуттуу караган жаштар менен улуулардын тилегин орундаткан заманбап аянтча. Беш жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келаткан бул агенттик 100дөн ашык бойдокту үй-бүлөлүү кылууга ортомчу болгон. Оштун чок ортосунда бойдокторду табыштырып, ак никеге жол көрсөткөн агенттиктин жетекчиси Айжаркын Жакыпова менен маектештик.

«Ишибизди визитка таркатуудан баштаганбыз»

Мен өзүм 42 жаштамын, 5 баланын энесимин, кудайга шүгүр, үлгүлүү үй-бүлөм бар. 5 жыл мурун «Ыйман бакыт» диний коомунун жетекчиси Жамийла эжеге сунуш менен кайрылдым. «Эже, азыр заман өнүгүп, адамдар тиричилик менен алек болуп, кыз издегенге же күйөөгө тийгенге убакыт таппай калышты. Илгери кыз-жигитти жеңелер, апалар же кошуналар табыштырчу эле. Ушуну заманбап кылсак болобу?» дедим. Көрсө ошол мезгилде коомдо бул маселе абдан курч экен. Диний уюм болгондуктан, «жакшы кыз болсо үйлөнөт элем», «түзүк жигит болсо турмушка чыгат элем» деп кайрылгандар абдан көп болуптур. Башында диний коомдун алкагында катталып, июль айында расмий ачылдык. Офисте отуруп да, 3 жыл бою онлайн форматта да иштедик. Бул аралыкта Жараткан100дөй инсандын бактысына бизди себепкер кылды. Катталгандар бир гана Оштон эмес, Кыргызстандын бардык аймактарынан болду. Контентибиз түндүк тарапка көп тарагандыктан, табышкандардын 70 пайызы ошол аймактардан. Ал эми өткөн жылдын сентябрь айында жеке өзүм расмий кеңсе ачып, ишибизди кеңейттик.

«Кыздарга акысыз, мырзаларга акылуу”

Бизге 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар кайрыла алышат. «Мунун динден кабары бар, мунуку жок» деп бөлүүгө акыбыз жок. Баарыбыз мусулманбыз, баарыбыздын жүрөгүбүздө ыйман бар. «Сөзсүз намаз окуш керекпи?» деп көп сурашат. Ар бир пенде үй-бүлө куруп, бактылуу болууга акылуу. Негизги талап — анкета толтуруп, сүрөт жиберүү керек. Бизде кыздарга каттоо толугу менен акысыз. Себеби кыргыздын менталитети бар, «кызга кырк үйдөн тыюу» дейт, кыздарыбыз уялышат, тартынышат. Негизи динде деле аял киши өзү жактырган мырзага түз барып, ниеттин түзүн айтса уят эмес. Бирок 5 жылдык тажрыйбамда 2-3 эле кыз «мага ушул мырза жакты, номерин берсеңиздер өзүм сүйлөшөм» деп эрктүүлүк кылды. Бизде баары анонимдүү жана аманат түрүндө болот. Анткени диний негизде ачылгандыктан, сүннөткө ылайык иш кылабыз. үчүнчү адамга маалымат таркатылбайт. Кардардын анкетасын базага киргизип, талаптарына ылайык талапкер сунуштайбыз. Көп учурда жигиттерге биринчи көрсөтөбүз. Кыз балага бир жигиттин сүрөтүн көрсөтүп, бала тууралуу толук маалымат берип, анан эки адамды табыштырабыз. Эгер жигит тарап «табитиме туура келбеди» десе, аны кыздарга билдирбейбиз, анткени кыздарга оор тийип «эже, менин кайсы жерим жакпады?» деп капа болушат. Ал эми мырзалар үчүн атайын кызмат акысы бар. Кардар катталып, бир айда жыйынтык чыкпай калса, кийинки айга акысыз узартып беребиз. Биз бир аз тыйын алып эле, тайпаларга кошуп коюп, ары жагын карабай койгондордон эмеспиз. Ар бир адамга жекече мамиле кылабыз.

“Анда шишкебектин акчасын өзүң төлө!..”

-Анкетада «бойдоксуңбу, ажырашкансыңбы же жесирсиңби?» деген графа бар. Бойдокторду бойдоктор менен, ал эми турмуштан ийгиликсиз болгондорду өзүнө окшош тагдырлар менен табыштырабыз. Арасында «карьера курам» деп жүрүп кечиккен кыздар, «эки балам бар, багып алам» деген мырзалар бар. Биз аркылуу баш кошкондордун алды 2-3 балалуу болуп калышты. Кыргызстандын бардык аймактарында «неберелерибиз» бар деп тамашалап калам.
Кызыктуу окуялар абдан көп. Бир жолу жашы өтүп калган байке менен бир эжени тааныштырдык. Экөө кафеге барып, шишкебек жеп отурушуптур. Сүйлөшүп отуруп, тиги эже: «ачыгын эле айтайын, сиз мага жакпай калдыңыз» десе, байке да дароо: «анда шишкебектин акчасын өзүңүз төлөңүз» дептир (күлүп). Ушундай окуялар да болот. Дагы бир кара-балталык байке катталган эле, эсептесек ага 60тай аялдын анкетасын көрсөтүптүрбүз. Сунуштаган эжелердин үчөө менен олуттуу сүйлөшүп, «үйлөнөм» деп атып эле, үч жолу тең той болбой калды. Баары бир гана биздин аракеттен эмес, Аллахтын каалоосунан болот. Жаңы ачылганда 7 ай бою эч кандай жыйынтык болбой, кыйналдык. Устаздар да «карындашым, эмне болду, той жок го?» деп сурап жатышты. Кийин «Адам ниет кылып, аракетин кылса, натыйжасын берүүчү — Алла» деген макаланы окуп калып, чын жүрөктөн дуба кыла баштадым. Соопчулук ишибиздин акыбети кайтты окшойт, андан кийин тойлордун артынан той болуп, үлгүрбөй да калдык.

«Биз мыйзамдуу жана расмий иштейбиз»

Башка агенттиктер бар деп угам, бирок мен аларды териштирбейм. Социалдык тармактарда мыйзамсыз, көмүскө тайпалар абдан көп. Биз болсо расмий катталган, жумушун адал алып барган агенттикпиз. Бизде кардардын анкетасы, сүрөтү бөтөн бирөөлөрдүн колуна түшпөйт, бекем сакталат. Арасында жаман ниети барлар да кездешет. Мисалы, үй-бүлөсү бар туруп, анкетага «бойдокмун» деп жазып алгандар болот. Сураштыра келгенде калпы чыгат. «Сизде жалаң эле жакшы кыздар же жакшы балдарбы?» деп сурашат. Айтор, түрдүү суроолор келет. Кээде энелер, жеңелер келишип, «балам 40тан ашып кетти, бала-чакасын көрсөм арманым жок эле» деп ыйлаган учурлар болот. Тилекке каршы, коомдо «агенттиктен да аял же күйөө издемек беле» деген терс пикирлер дагы деле бар. Ушул сөздөн коркуп, биз аркылуу табышып, бирок үйлөнгөнүн жашырып, тымызын жашап кеткендер да бар. Биз аларды түшүнүү менен кабыл алабыз жана баарына бакыт каалайбыз.

“Өз бактыңызды табыңыз”

Учурдан пайдаланып, бойдокторго агенттиктин номерлерин берейин, байланышкыла, балким бактыңар араңарда эле жүргөндүр дегим келет. Анонимдүү. Сүннөт боюнча үйлөнүү. Инстаграмда Ak-nike баракчасы аркылуу, телефондору: 0880820084, 0880747484.

Дүйнө элдеринде жубайларды кантип табыштырышат?

Биздин коомдо таанышуу агенттиктерине бир аз кооптонуу же тартынуу менен карашса, өнүккөн өлкөлөрдө бул тармак эчак эле миллиарддаган долларлык расмий индустрияга айланган. Заманбап технологиялар өнүккөн доордо деле адамдардын жалгыздык маселеси чечилбей, тескерисинче, жубай издөө кызматтарына болгон муктаждык күч. Ар кайсы мамлекеттерде бойдоктордун башын кошуунун өзүнө тиешелүү кызыктуу жана өзгөчө ыкмалары бар.

Түштүк Кореяда жубай издөө — спортко теңелген заман

Бул өлкөдө үйлөнүү агенттиктерине жазылуу кадимки эле фитнес клубка абонемент сатып алгандай кабыл алынат. Мындай борборлор кардардын билимин, кирешесин, бой-келбетин жана ата-энесинин социалдык абалын атайын компьютердик базага киргизип, математикалык тактык менен идеалдуу түгөйдү таап беришет. Кызмат акысы абдан кымбат, бир канча миң долларды түзөт, бирок кореялык жаштар убактысын коротпой, кепилдиги бар никеге туруу үчүн бул каражатты аяшпайт. Анткени алар үчүн бул келечекке болгон олуттуу инвестиция.

Японияда мамлекет өзү «жуучу»

Японияда акыркы жылдары демографиялык кризис курчуп, жаштардын үй-бүлө курууга болгон кызыгуусу төмөндөгөн. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү үчүн өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары өздөрү ортомчу боло башташты. Бүгүнкү күндө Япониянын көптөгөн аймактарында жасалма интеллект менен иштеген тутумдар ишке киргизилген. Робот-жуучулар бойдоктордун психологиялык тесттеринин жыйынтыгын карап, мүнөзү төп келген түгөйлөрдү таап, жолугушууларды уюштуруп турат. Ошондой эле байыркы салттуу жуучулук ыкмалары да заманбап бизнес форматына өткөн.

Кытайдагы ата-энелердин
«Махабат базарлары»

Кытайда өзгөчө бир көрүнүш бар, аны «Нике бурчтары» же ата-энелердин базары деп аташат. Дем алыш күндөрү шаардык сейил бактарга миңдеген ата-энелер чогулушуп, уул-кыздарынын сүрөттөрүн, жашын, билимин, батири же унаасы бар-жогун жазган кулактандырууларды кол чатырларга чаптап тизип коюшат. Алар өздөрү эле бири-бири менен сүйлөшүп, балдарын таанышууга мажбурлашат. Муну менен катар эле карьера кууп, убактысы жок жаштар үчүн ири агенттиктер иштейт.

Элиталык купуялуулук

АКШ жана Европа өлкөлөрүндө жөнөкөй адамдар мобилдик тиркемелерди колдонушса, ийгиликтүү бизнесмендер, саясатчылар жана атактуулар элиталык купуя агенттиктердин кызматтарына кайрылышат. Бул борборлор толук жашыруундуулукту убадалап, кардардын талабына ылайык дүйнө жүзү боюнча идеалдуу түгөй издешет. Алардын ишинде жөн гана тааныштыруу эмес, психологдордун, стилисттердин жана имиджмейкерлердин кеңештери кошо камтылат. Көрүнүп тургандай, дүйнө канчалык өзгөрбөсүн, адам баласынын сүйүүгө, үй-бүлөлүк жылуулукка болгон муктаждыгы өзгөрбөйт. Ар бир эл муну өз менталитетине жана заманына ылайыктап чечип келет.

Жылдыз Султан

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *