58 спектакль, 33 театралдык эл аралык фестиваль, 15 гран-при, 11 жолу эң мыкты режиссура жана 30 жаш! Жакында Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган режиссёр, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев менен маектешип жатып Элмирбек Иманалиевдин “Жакшы менен өткөргөн жарым саат, жамандын өтүп кеткен өмүрүндөй” деген саптары эсиме келе берди. Башка сөз ашыкча болор.

“Мен оштукмун”
-Мен жетекчи болгон театрларды “биздин театр” деп атайм. Бир кездери Казакстанда башкы режиссёр болуп иштедим. Ысык-Көл театрында чакырылган режиссёр болдум. “Күн кармаган бала” мага Күн алып келди. “Мамлекеттик жаштар сыйлыгына” татыдым. “Күн кармаган бала” чыккан кезде эл козголуп аткан экен. Ошол спектаклдин артынан эл театрга кызыга баштады. Бүгүн театрга көрүүчүлөр толуп жатат. Ар бир театр аябай иштеп жаткан кези. Андан кийин тагдыр-насип экен, касиеттүү, берекелүү Ош жерине келип калдым. Бүгүн мен өзүмдү кайда барбайын “оштукмун” деп айтам. Себеби, мен Оштун нанын жеп, Оштун суусун ичип, үй-бүлөмдү Оштун маянасын алып багып, Оштун көрүүчүсү үчүн иштеп аткан кезим. Оштун көрүүчүсү таптакыр башкача. Түндүктө ачык-айкын айта алсаң, түштүктө аны айта албайт экенсиң. Түштүктө кээ бир учурда жараны жашырганга, унчукпаганга аракет кылышат экен. Балким, театр жараны ырбатпай кесип салып коомго көрсөтүп коюшу керектир.
“Спектаклден таасирленген жаштарыбыз болсо дейм”
-Театрдын тили жумшак курал. Элдин көз карашын, табитин, ой жүгүртүүсүн театр алмаштыра алат. Ошто биринчи башкы режиссёр катары Ч. Айтматов атындагы жаштар театрын түптөөгө салымым бар деп айта алам. Бактым бар экен, Ош улуттук драма театрын ачкан биринчи карлыгачтардын көбү менен жаш режиссёр катары Бишкекте, Ошто иштешип келатам. Жаштык курак тез эле өтүп кетчү нерсе да. Оштун жаштары өзүнүн тез өтчү жаштыгын көчөдөн эмес, парктардан эмес, театрдан өткөрүп кетсе деген тилек бар. Жазуучу Абдыкерим Муратов студент кезинде “Курманбек” спектаклин көрүп, уулу төрөлгөндө атын Курманбек деп койгон экен. Ушундай көрүүчүлөрүбүз бүгүн да болсо дейм. 7 жыл мурун бизге спектакль койгула деп акча бөлүнчү эмес. Азыр болсо спектакль коюу үчүн чоң акчалар бөлүнүп, элдин табитин, рухун, духун көтөргүлө деп бизге ишеним артылып жатат.

“55-театралдык сезон – чыгармаларын коюу эмес, аларды эскерүү…”
-55-театралдык сезонубузду ачтык. Бул сезон театрыбызды түптөгөн Адылбек Дыйканбаев, Искендер Рыскулов, Бектен Абдылдаев деген режиссёрлорго жана кыргыз эл жазуучусу Мырза Гапаровго арналат. Ушул сезондо алар жөнүндө сөз болот, ойлор айтылат. Бул алардын чыгармаларын коюу эмес, алар жөнүндө эскерүү. Абдыкерим Муратов “биз Ошто туруп алып, Шекспирди, Чеховду, Горькийди көрүп отурдук” деп айтып атпайбы. Оштун маданий борбору театр болуу үчүн биз эмгектенишибиз керек. Бүгүн бизде күч, бардык жактан колдоо бар. Иштешибиз керек. Жаштардын бара турган, топтоло турган жери театр болушу үчүн бизде чоң жоопкерчилик турат.
“Бүгүн макталсаң, эртең миң эселик жоопкерчилик менен нөлдөн баштайсың”
-Так илимдерде бир формула таап, өмүр бою эч нерсе кылбасаң деле болот. А биз ар бир жараткан чыгармабыз менен экзамен тапшырабыз. Мисалы, айдын 8-күнү макталдым, тогузунда кайрадан миң эселик жоопкерчилик менен нөлдөн баштайсың. Мени адам катары, режиссёр катары калыптандырган, жолумда кездешкен бардык адамдарга, чыгармачылыкты, театрды, маданиятты көтөрүп жаткан өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичке ыраазычылыгымды билдирем. Бүгүн элдин табитин, рухун, духун көтөрүүгө маданият чоң каражаттарды сарптап жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну маданият менен спорттун бирикмеси. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бизди дүйнөгө чыгарды. Албетте, мунун башында илим-билим турат.
“Сыйлык – жыйынтык эмес, башаты”
-Өнө турган кезде берилген наам чоң шык берет экен. Мен өндүм деп айта албайм, өстүм деп да айта албайм. өнөйүн деп турганда ишеним артып, президентибиздин сыйлык бергени Каныкейдин Тайторуну чапканындай, Манас атанын руху пайда болгондой эле болду мен үчүн. Мен Тайтору болсом мени сөзү менен президентибиз сыйлык тапшырып, дагы мыкты иштерге сүрөп койду. Бул чоң жоопкерчилик, аванс деп билем. Бул жыйынтык деп айта албайм. Бул башаты. Мен бүгүнкү жаңы Кыргызстанды куруп жаткан кезде анын катышуучусу болгонума сыймыктанам.
“Апам сыртта эркек, үйдө аял болуп жалгыз тарбиялады”
-Мен Бишкекте Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Карыпбай Керимбаевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн. Атам менен апам ажырашып кетип таятамдын үйүндө чоңойдум. Апам сыртта эркек, үйдө аял болуп жалгыз тарбиялады. Атасыз өстүм. Таята-таенемдин, апамдын мээримине бөлөнүп чоңойдум. Келинчегим да чыгармачылыктын өкүлү. Режиссёрлук жолумда дипломдук спектаклим “Жамийла” чыгармасы жолумду да, багымды да ачкан. Спектаклдин артынан казак көрүүчүсү, казак театры мени таанып-билди. Бул чыгарма мага акжолтой болду. Чыңгыз агабыз үчүн да акжолтой болгон. Кызыбыздын өмүрү да акжолтой болсун деп атын Жамийла койгонмун.

“Марат Алышпаев “ооруп калыпсың” деди. Көрсө, театр менен ооруган экенмин”
-Таятам менен таенем менин дипломат болуумду каалады. Дипломатияга көбүрөөк маани берип, тилдерди, сүйлөө маданиятын үйрөнө баштадым. Чыгармачылыгым 14 жыл мурда “Туңгуч” жаштар театрынан башталган. Бүтүрүүчү классымда театрга дипломат болуу үчүн барганмын. Андан кийин бир жолу Кыргыз улуттук драма театрынын жанынан өтүп баратсам усталар иштеп жатыптыр. Театрдын үстүнкү кабатына чыксам “Курманжан датка” спектаклинин репетициясы болуп аткан экен, көрүп отуруп уктап калыпмын. Бир киши ойготуп эле “жүр” деп кабинетине алып барды. Карасам эшигинин сыртында “Театрдын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев” деп жазылып туруптур. “Ай, бала, сен ооруп калган турбайсыңбы” деди. “Жок, агай, ооруган жокмун, жакшы элемин” дедим шашып. Анан визиттик кагазына “бүт спектаклдерди бекер көрүүгө уруксат берем” деп жазып, кол коюп, мөөр (печать) басып берди. “Театрга кирип атканда ушуну көрсөтүп кире бер” деди. Мектепте окуйм, студияга барам, ар күнү театрга барам. Англис тилине, немис тилине, волонтёрлук мектепке барам. үй-бүлөм мектеп кезинен түнгө чейин жүргөнүмө көнүп калган. Мен өзүмө иш таппай калган кездерде карылар үйүнө барып концерт берчүмүн. Баары ушундай тынымсыз аракеттердин аркасынан келет экен. Көрсө, мен театр деген ажайып дүйнө менен ооруп калып, эч жерге батпай жүргөн экенмин. Бул вирус. Театрдын тузу оор. Сахна артында канча түйшүк жатат. Бирок театрдын түйшүгү дагы керемет.

“Орусияда 5 жыл окудум”
-Жамал Сейдакматованын студиясы “Туңгучта”, өзүм окуган Г.Гмайнер мектебинде, 4-мектепте драмалык кружокторго катышканмын. Кыргыз тил сабагын окуткан мугалимдериме рахмат. Ошол кезден мени театр дүйнөсүнө даярдашкан. Мени окуткан бардык мугалимдериме рахмат. Жогорку окуу жайга тапшырган кезде таята-таенеме “фамилиямды туура эмес жазып коюптур, барып өзгөртүшүм керек” деп алдап Москвага барып экзамен тапшырып режиссёрлукка эмес, актёрлукка өтүп калдым. Кайра “акча жибергиле” деп поезд менен өмүрүмдө биринчи жолу өзүм жалгыз Санкт-Петербургга бардым. Эжемдин тааныштары үй-бүлөсү менен тосуп алып, бир ай экзамен тапшырып жүрүп Санкт-Петербург театралдык академиясына, Геннадий Тростянецкий өнөрканасына кабыл алындым. 200 жыл мурун Пушкин, Достоевский, Лев Толстой жүргөн көчөлөрдөн басып, 5 жыл ошол жердин абасын жутуп, шык анан билим алып өз мекениме кайттым.
“Маданияттын дипломатиясын жүргүзүп, кыялымды орундаттым”
-Бүгүнкү күндө 7 мамлекетте 58 спектакль коюптурбуз. Кээде өмүр бою иштесең дагы адамдын өмүрүндө 50гө жакын спектакль коюлбай калат. 58 спектакль үчүн Кудайга миң мертебе тообо дейм. “Кудай, бергениңе жүз жолу рахмат, бербегениңе миң жолу рахмат” деп айтам. Ар кандай сыноолор болуп калышы мүмкүн. Ошолордун баарынан Кудай сактаганына шүгүр деп жашаган пенделердин биримин. 58 спектакль, 33 театралдык эл аралык фестиваль, 15 гран-при, 11 жолу эң мыкты режиссура. Япония, Корея, Америка, КМШ чөлкөмүндө Украинадан башка бардык өлкөлөрдө болдук. Театр менен, ушул кесибим менен кыргыз театрын даңазалап жатып дүйнөнү кыдырдык. Ошентип бала кезимдеги “дипломат болуу” кыялым ишке ашты. Башында таята-таенем таарынып жүрдү. Анткени алар менден дипломат, саясатчыны көрүшкөн да. Бирок бүгүнкү күндө алар сыймыктанышат. Себеби, мен алардын да кыялын ишке ашырдым деп ойлойм. Башкырт жазуучусу Мустай Каримди Казакстанда, Кыргызстанда койдум. Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду Башкыртстанда койдум. Татар жазуучусу Аяз Гилязовду Кыргызстанда койдум, кыргыз жазуучусу Ч. Айтматов менен Казат Акматовду Татарстанда койдум. өзбек жазуучусу Саид Ахмадды Казакстанда, Башкортостанда койдум. Мукагали Макатаевди кыргыз сахнасында койсом, Чыңгыз Айтматовду казак сахнасында коюп жатам. Бул маданияттын дипломатиясы күчтүү курал экен. Маданият аркылуу достук, дипломатия бекемдөө, мындан өткөн бакыт жок!
Бүкалча Маматали кызы