• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаардык Кеңешинин бир катар депутаттарына сыйлыктар тапшырылды

Автор:Osh Shamy

Сен 29, 2026

Ош шаардык Кеңешинин бүгүнкү сессиясында депутаттарга Жогоку Кеңештин жана КРнын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун сыйлыктары тапшырылды. КРнын Жогоку Кеңешинин тескемесине ылайык, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Ош шаардык Кеңешинин депутаты Тогузакова Айжан КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
КРнын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун буйругуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Толубаев Замирбек, Маматов Мирбек, Тургунбаев Азамат төш белгиси менен сыйланышты.
Жемиштүү жана натыйжалуу иши үчүн, КРнын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ардак грамотасы менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Шакир уулу Нурсултан сыйланды.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *