• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаарында заманбап «Акылман» президенттик лицейи курулат

Автор:Osh Shamy

Сен 29, 2026

29-сентябрда, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын жүрүшүндө калаа башчысы Жанарбек Акаев шаарда жаңы инновациялык билим берүү мекемеси куруларын расмий түрдө жарыялады.
Мэрдин берген маалыматына ылайык, учурда зээндүү жана таланттуу балдарга багытталган «Акылман» лицейинин имаратына капсула салууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров заманбап үлгүдөгү мындай президенттик лицейлердин филиалдарын республиканын ар бир облусунда ачуу пландалып жатканын билдирген. Жаңы курула турган мекеме түштүк борборундагы жаш таланттардын тереңдетилген билим алуусуна жана инженердик-техникалык багыттарды өздөштүрүүсүнө чоң шарт түзмөкчү.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *