• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Шакиранын Бишкектеги концертине алгачкы күнү эле 22 өлкөдөн билет сатып алышты

Автор:Osh Shamy

Окт 2, 2026

Дүйнөлүк поп-жылдыз Шакиранын Бишкекте 18-октябрда “Бишкек-Аренада” өтө турган тарыхый концертине билеттер сатыкка чыккан биринчи күнү эле өзгөчө аншлаг жаратты. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, алгачкы 24 сааттын ичинде эле дүйнөнүн 22 өлкөсүнүн жарандары билет сатып алууга жетишкен

Бул Борбор Азия үчүн болуп көрбөгөндөй масштабдагы маданий иш-чара болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, учурда сатуунун алгачкы жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй кызыктуу фактылар белгилүү болду. Сатыкка чыккан алгачкы күнү эле 13 миңден ашык билет сатылып кеткен, бул жалпы орундардын 30%ын түзөт. Эң арзан (12 000 сомдук) жана люкс категориясындагы Skybox орундары алгачкы сааттарда эле толугу менен түгөнгөн. Сатылган билеттердин 77,32%ын Кыргызстандын тургундары алса, калган 22,68%ы чет өлкөлүк күйөрмандарга таандык. Чет элдик сатып алуучулардын сап башында Казакстан (чет өлкөлүк сатуунун 80%ы), Орусия (13,08%) жана Өзбекстан (3,80%) турат. Мындан сырткары, АКШ, БАЭ, Германия, Түркия жана Улуу Британия өңдүү алыскы мамлекеттерден да буйрутмалар катталган.

Эске салсак, Шакира өзүнүн Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турунун алкагында 2026-жылдын 18-октябрында «Бишкек Арена» стадионунда өнөр көрсөтөт. Бул анын Борбор Азиядагы эң алгачкы жана жалгыз концерти болмокчу. Билеттерди сатуу расмий түрдө GovTicket платформасында уланууда.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *