Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын жокко чыгарууну талап кылган петицияга 5 миңге жакын адам кол койду.
Буга депутаттын сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тууралуу сунушу себеп болгон.
Бул билдирүү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, депутат катуу сынга кабылды.
Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кийинчерээк түшүндүрмө берип, депутаттын сунушу жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыш жасагандарга жазаны жеңилдетүүгө багытталбаганын билдирди.
Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү — «Зордуктоо» жана 157-берене — «Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» тууралуу болуп жатат.
Эске салсак, Айсаракан Абдиева Жогорку Кеңешке №15 көп мандаттуу шайлоо округунан 3 миң 988 добуш алып шайланган.