• Чт. Ноя 12th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаарында заманбап медициналык клиника ачылды

Аватар

Автор:Osh Shamy

Окт 5, 2026

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен «Клиника Ош» заманбап медициналык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Шаардын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана фонд жетекчилиги катышкан иш-чарада бул долбоор эки өлкөнүн достук мамилесинин үлгүсү экени жана түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медицинанын жеткиликтүүлүгүн кеңейтери белгиленди. Жаңы борбор бир убакта 110 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган жана мында 120 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бейтапкана кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо иштерин жүргүзөт. Бул заманбап борбордун ишке кириши Ош шаарынын жана жалпы түштүк аймагынын тургундарына татаал ооруларды жеринде дарылоого шарт түзүп, жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылчылыгын кыйла азайтат.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *