Версия для печати
Вторник, 06 Апрель 2021 05:52

Чек ара: эки тараптын макулдашуусу менен маселелер чечилет

Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси кѳпчʏлʏктʏн кѳңʏл чордонунда. Эки ѳлкѳдѳ тең талаштуу талкуу 26-мартта башталган. Анда такталбай, талаш жаратып келген жерлер такталып, келишимдерге кол коюлган. УКМКнын тѳрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында аталган ѳлкѳ ортосунда чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин билдирген. Бирок, “тарыхый катачылык болду”, “биз утулдук” деген пикирлерди айткандар эки ѳлкѳдѳ тең токтой элек.

“Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди”

Кыргыз Республикасынын кыргыз-ѳзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ѳкмѳттʏк делегация Ѳзбекстанга барып сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп келди. Делегациянын башында турган Камчыбек Ташиев маалымат жыйын уюштуруп, сʏйлѳшʏʏлѳрдʏн жыйынтыгы тууралуу айтып, билдирʏʏ жасады. Жыйында эки ѳлкѳ ортосундагы чек ара маселесинде талаштуу жагдай калбаганын айтты.

“Кыргыз-ѳзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Ѳтѳ оор маселелер каралды. Мамлекеттик эки тараптуу маселелерди чечʏʏдѳ эч качан бир мамлекеттин утушу, экинчисинин утулушу тууралуу каралбайт. Бул жерде эки тараптын тең макулдашуусу менен маселелер чечилет” деп билдирген ал.

Ошондой эле кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жʏргѳн жерлер кайра такталып жазылган:

-Кѳк-Серек айылы – 105 га

-Баястан айылы – 212 га

-Ак-Таш (Кара-Суу району) – 100 га

-Ункар-Тоо – 35 га

-Кара-Белес участогу – 25 га

“Гавасай деген Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды. Ал жерде 5-6 кыргыз айылдары, жайлоолору бар. Мурда ал жерде бир нече жолу ок чыгып, ызы-чуу болгон. Эми жер толугу менен Кыргызстанга ѳттʏ. Ѳзбек тарапка Шахрихан-Сайдан 50 га жер бердик, бирок, ошол эле 50 га жерди Ѳзгѳндʏн баш жагынан кайра ала турган болдук. Жер менен алмаштык” деди Ташиев.

“Кыргыз жери кыргыздыкы боюнча калуу керек”

Ал эми кѳпчʏлʏктʏн нааразычылыгын жараткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим болду. Анда суу сактагычтын плотинасы Ѳзбекстанга берилип, сууну эки эл ортодон колдоно тургандыгы макулдашылган. Ошондой эле эми суу форс-мажордук кырдаалдардан тышкары 900 горизанталдан кѳтѳрʏлбѳсʏ айтылат. Бирок, буга каршы экендигин билдирген жарандар эки тарапта тең кѳп болду. Алардын бири профессор Садык Алахан кѳл бузулуп чѳл болгон учурда жери жок калбасак экен деген пикирде.

“Асман тиреген плотинага келип тосулган суу кѳл болуп, жогору жактагы кыргыз жерин чайпай толду. Канчалаган кв.км. жерибиз суу сактагычтын алдында калды. Баарынан да кейиштʏʏсʏ суу сактагычтын жогорку чеги Ѳзгѳн шаарын тим алкымдап келип бʏтѳт. Ал жакты кѳрбѳгѳндѳр элестете да албайт.

Эртең суу сактагыч тартылганда эмес, мелт-калт этип толгондо (оголе кѳп жерди ээлеп толгондо) "суу сактагычтын территориясы биздики деп чечилген" деп ѳзбектер келип тосот. (Алардын психологиясын аралаш чоңойгон биздей эч кимиңер билбейсиңер). Ошондо чек арабыз (тикен зымдар) ТИМ ѲЗГѲНДʏН АЛКЫМЫНАН тосулат.

Ѳзбектер "кол коюлган документ боюнча биздики" деп тикенек зымды тосуп жаткандагы кайран кыргызымдын реакциясын тʏк элестете албайм. (Бизди кечирбеген кийинки муун "Канжыгага баш байлабайт" деп ким кепилдик бере алат?!) Ошол учурдан кудай сактасын.

Улуу эпосубузда айтылгандай,

Тоо бузулуп кѳл болор,

Кѳл бузулуп чѳл болор.

Кѳл бузулуп ошо чѳл болгондо суу астындагы кыргыз жери кыргыздыкы боюнча калуу керек деген ой уктатпайт ушул кʏндѳрʏ...”

Ѳзбек коомчулугунда да “Бизге бийлик ачык маалымат берсин. Эмнеге 8 миң га жерди берип койдук?” деген сыяктуу пикирлер айтылууда. 

Ошондой эле ѳзбек-кыргыз чек арасы боюнча тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумали Адилбаев компенсацияланган жерлер тууралуу тѳмѳндѳгʏдѳй пикирин билдирди:

“Коңшу ѳлкѳлѳр менен талаштуу маселелер сууга байланыштуу”

-Азыр жер алмашуу деген жок. Жер алмашуу эми болот. Себеби  учурда мурдагы талаш жерлер гана чечилди. Чындыгында ѳтѳ тʏйʏндʏʏ маселе эле. Ѳзбек-кыргыз чек арасы жалпысынан алганда 1378 километрди тʏзѳт. Ал боюнча 1999-2000-жылдары сʏйлѳшʏʏлѳр башталган. 2017-жылы да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чек аранын 85 пайызын чечкенин айткан. Жок, иш жʏзʏндѳ 85 пайыз чек ара ага чейин эле чечилген болчу. Болгону эки президент келишим иретинде кол коюшкан. Андан бери чек ара маселеси боюнча иштеген делегация, мурдагы президент Жээнбеков сʏйлѳшʏʏлѳрдʏ жʏргʏзʏп жатып, 10 пайызын чечʏʏгѳ жакындатып коюшту. Калган 5 пайыз оңой чечилбей турган жерлер эле. Анын ичинде эң орчундуусу сууга байланышкан маселелер. Мисалы, газ, мунай сыяктуу ресурстар, кен байлыктар бир кʏнʏ тʏгѳнѳт. А суу тʏбѳлʏктʏʏ да. Башка ресурстардын ордуна бир нерсе иштеп чыгып тапса болот. бирок, сууну алмаштырчу ресурсту таба албайсың. Биздин коңшу ѳлкѳлѳр менен болгон талаштуу маселелердин баары сууга байланыштуу.

1924-1927-жж. мурдагы Тʏркистан АССРин улуттук мамлекеттерге бѳлѳ баштаганда эле кыйынчылыктар башталган. Анда чек араларды улуттук кылып ѳткѳрʏʏдѳ тѳрт принципти карманалы дешкен. Принциптердин бирѳѳсʏ сугат сууларынын агым бузбоо болгон. Эң татаал маселе суунун бойлорун кимдер ээлеп калган? Кыргыздар кѳчмѳн эл болгон. Кыштын кʏнʏ кыштоодо, жайдын кʏнʏ жайлоодо болгон. Дыйканчылыктан алыс болгону ʏчʏн сугат жерлерди тажик, ѳзбек эли пайдаланган. Алар ѳздѳрʏ эле келип сугат жерлерди ээлешкен эмес, кыргыздар жерлерин ѳздѳрʏ иштеткиле деп беришкен. Адамдардын жашоо образы кѳчмѳн болгондуктан, суу системасына негизинен коңшу элдердин жайгашып калуусуна алып келген. Буга мисал, Орто-Токой суу сактагычы. Ал жерге суу келет, бирок, дээрлик 100 пайызын коңшулар пайдаланат. Андан кийин кечээ эле пайда болгон Кемпир-Абад. ʏч дарыянын кошулган жерине 1965-жылы курулган документте кѳрсѳтʏлгѳндѳй Анжиян суу сактагычы. Мунун 85 пайызын ѳзбек тарап, 15 пайызын кыргыз тарап колдонууга укуктуу. Кемпир-Абадга оң жак канал курулуп Сузакка, сол жак канал курулуп Кадамжайга жогорудагы 15 пайыз суу кетиши керек эле. Аны Ѳзбекстан куруп бермек. Анткен менен келишим аткарылбай, оң канал эптеп курулуп, ѳзʏбʏз кошумчалап атып Сузакка азыр суу барат. Бирок, сол каналды куруп беришкен жок. Негизинен алганда суу сактагычтын жери биздики, суусу Ѳзбекстандыкы болуп эсептелет. Суунун толгондогу кѳлѳмʏ 1 млрд. 850 куб метр, тосмонун бийиктиги 110 метр, узундугу 1180 метр. Суу сактагыч курулгандан кийин Ѳзгѳн районунун 5731 га жери суунун астында калды. Анын 2465 га айыл чарбасына жарактуу жер, 63 га бак, 1 га чѳп-чабынды, 70 га жайыт жана башка жерлер тʏзѳт. Кемпир-Абад ʏчʏн ушундай жерлерди Кыргызстан берди. Алар компенсация катарында 4129 га жер бизге берген.  Бирок, ар кайсы аймактан берилген. Биринчиден, жерлерди чачып беришти. Экинчиден, кѳпчʏлʏгʏ таштак, сугатка ыңгайсыз жерлер экен. Аны эч ким пайдаланган жок, ага мʏмкʏнчʏлʏк да жок. Менимче, кечээги сʏйлѳшʏʏлѳрдѳ бул маселе каралган. Эки ѳлкѳ ортосунда мамиле жакшырууда. Кыргызстан утулду, жерлерин берди дегенден алысмын. Жетекчилик да мындай кадамдарга барбайт. Менде ушундай ишеним бар.

Окулду 807 жолу